1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудайдын каалоосу менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан Эфестеги ыйыктарга – Машайак Ыйсага ишенгендерге салам!

2 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.

Машайак аркылуу берилген рухий баталар

3 Бизге Машайак аркылуу асмандагы ар кандай рухий баталарды берген Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы макталсын!

4 Биз Кудайдын алдында сүйүүдө ыйык жана кемчиликсиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машайак аркылуу тандап алып,

5 Өз каалоосу жана жакшы тилеги боюнча Ыйса Машайак аркылуу Өзүнө бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон.

6 Кудай Өз ырайымынын даңкы чыгышы үчүн, сүйүктүү Уулу аркылуу бизге мол ырайым көрсөттү.

7 Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди.

8 Кудай бизге бул мол ырайымды Өзүнүн даанышмандыгы жана акылмандыгы менен көрсөттү.

9 Кудай бизге Машайак аркылуу алдын ала белгилеп койгон Өзүнүн жакшы тилеги боюнча Өз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди.

10 Ал өз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет.

11-12 Машайакка башынан үмүт кылып жүргөн биз аркылуу Анын даңкы чыгышы үчүн, бардыгын Өз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча, Машайак аркылуу биз да мурасчылар болуп калдык.

13 Чындык сөзүн – куткарылууңар жөнүндөгү Жакшы Кабарды угуп, Машайакка ишенгениңерде, силер да Ал аркылуу убадаланган Ыйык Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.

14 Анын даңкы макталыш үчүн, Анын энчисине алынгандар куткарылышы үчүн, Ыйык Рух – биз ээ боло турган мурастын аманаты.

Пабылдын сыйынуусу

15 Ошондуктан мен да силердин Теңир Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө уккандан бери,

16 сыйынган сайын силерди эстеп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирип жатам.

17 Теңирибиз Машайактын Кудайы, даңктуу Ата Аны таанып билишиңер үчүн силерге акылмандык берүүчү жана түшүндүрүүчү Рухун берсин деп;

18 Ал чакырып алганда ээ болгон үмүтүңөр эмне экендигин жана Анын ыйыктарга бере турган даңктуу мурасынын молдугу кандай экендигин,

19 ошондой эле Анын бийлиги бар күчүнүн таасири астында ишенген биздин ичибизде аракеттенип жаткан Анын кудурети канчалык ченемсиз экендигин таанып билишиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн көздөрүн ачсын деп сыйынып жатам.

20 Кудай Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтип, асманда Өзүнүн оң жагына отургузганда, ошол эле күч Машайактын ичинде аракеттенген;

21 Аны бардык башчылыктан, бийликтен, күчтөн жана үстөмдүктөн, ошондой эле азыркы мезгилде гана эмес, келечекте да атала турган бардык ысымдардан жогору койгон;

22 бардыгын Анын бут алдына багындырган жана Аны бардыгынын үстүнөн, Жыйындын Башчысы кылып койгон.

23 Жыйын – Анын Денеси, бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугу.

2-БӨЛҮМ

Ырайымдын негизинде берилген жаңы өмүр

1 Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер

2 бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуңар.

3 Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз,

4 бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен

5 кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машайак менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар),

6 бизди Машайак менен бирге тирилтип, Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузду.

7 Кудай муну Машайак Ыйса аркылуу бизге көрсөткөн жакшылыгын жана Өз ырайымынын ченемсиз молдугун келечек кылымдарда көрсөтүш үчүн жасады.

8 Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги.

9 Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес.

10 Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз.

Машайак бутпарастар менен жүйүттөрдү бириктирет

11 Ошондуктан эстегилечи, бутпарас болуп төрөлгөн силер бир кезде кол менен сүннөткө отургузулгандар тарабынан «сүннөтсүздөр» деп аталчусуңар.

12 Ошол мезгилде силер Машайаксыз элеңер, Ысрайыл коомчулугунан четтетилгендер элеңер, келишимдердин негизинде берилген убадаларга чоочун элеңер, бул дүйнөдө үмүтсүз жана кудайсыз элеңер.

13 Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар.

14 Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады,

15 душмандыкты Өз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экөөнөн Өзүнө бир жаңы адамды жаратыш үчүн,

16 душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экөөнү бир Денеде Кудай менен элдештириш үчүн кылды.

17 Ошентип, Ал келип, алыс болгон силерге жана жакын болгон аларга тынчтыкты жар салды.

18 Анткени Ал аркылуу биз – алыс жана жакын болгондор бир Рух менен Атага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз.

19 Демек, силер эми чоочундар жана келгиндер эмессиңер, ыйыктардын мекендештерисиңер жана Кудайдын Өз элисиңер,

20 силер элчилер менен пайгамбарлардын пайдубалынын үстүнө курулгандарсыңар, ал эми бурчка коюлуучу негизги таш – Ыйса Машайак Өзү.

21 Ошол Таштын үстүнө кыналып курулуп жаткан бүт имарат Теңирдин ыйык ийбадатканасы болуу үчүн бийиктеп келе жатат.

22 Кудайдын турак жайы болуу үчүн, силер да Рух аркылуу ошол Таштын үстүнө курулуп жатасыңар.

3-БӨЛҮМ

Пабылдын бутпарастарга кызмат кылуусу

1 Ошондуктан мен, Пабыл, силер – бутпарастар үчүн Машайак Ыйсанын туткуну болдум.

2-3 Мага ачылган жашыруун сыр жөнүндө, атап айтканда, Кудайдын ырайымы жөнүндө силерге жарыялоо кызматы мага тапшырылгандыгын уккансыңар. Бул жөнүндө жогоруда кыскача жаздым.

4 Силер бул катты окуганда, Машайактын жашыруун сырын кандай түшүнөрүмдү байкай аласыңар.

5 Азыркы күндө Анын ыйык элчилерине жана пайгамбарларына Рух аркылуу белгилүү болгон бул сыр мурунку муундун адамдарына белгилүү болгон эмес.

6 Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мүчөлөрү болушат, ошондой эле Жакшы Кабардын негизинде Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелүү.

7 Кудайдын күчү менен берилген Кудайдын ырайым белегинин негизинде мен Жакшы Кабар тарата турган кызматчы болуп калдым.

8 Ыйыктардын эң кичинеси болгон мага берилген ырайым бул: Кудайдын ырайымы менен Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу,

9 ошондой эле Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугу асмандагы башкаруучуларга жана бийликтегилерге Жыйын аркылуу азыркы учурда белгилүү болушу үчүн,

10 бардыгын жараткан Кудайдын Өзүндө эзелтеден бери жашыруун болуп келген сырдын мааниси кандай экендигин бардык адамдарга ачып берүү.

11 Бул сыр Анын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу жүзөгө ашырылган эзелтеден берки максатына негизделген.

12 Машайак аркылуу жана Машайакка болгон ишенимибиз аркылуу Кудайга кайраттуулук менен, ишенимдүү түрдө кайрылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

13 Ошондуктан силер үчүн азап тартып жатканыма кайгырбооңорду өтүнөм, анткени менин азап тартуум – силердин даңкыңар.

Пабылдын Жыйын тууралуу сыйынуусу

14-15 Ошол себептен мен Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасынын – жердеги жана асмандагы бардык үй-бүлө Ким аркылуу аталса, Ошонун алдында тизе бүгүп,

16 Ал Өз даңкынын молдугу боюнча Руху аркылуу ички адамыңарды бекемдесин деп;

17 ишеним аркылуу Машайак силердин жүрөгүңөрдөн орун алсын деп;

18 ошондой эле сүйүүгө тамырланышсын жана негизделишсин, бардык ыйыктар менен бирге Машайактын сүйүүсүнүн кеңдиги менен узундугу, тереңдиги менен бийиктиги эмне экенин түшүнө алышсын деп;

19 акыл жеткис ошол сүйүүнү таанып билишсин, Кудайдын толуктугуна толушсун деп сыйынам.

20 Биздин ичибизде күчү менен аракеттенип жаткан, сураганыбыздан да же ойлогонубуздан да артык кыла ала турган Кудай

21 Жыйында Машайак Ыйса аркылуу муундан муунга, кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин!

4-БӨЛҮМ

Машайактын Денеси болуп эсептелген Жыйындын биримдиги

1 Ошентип, Теңир үчүн туткун болгон мен силерден өтүнөмүн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыңарга ылайык жашагыла,

2 бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула, бири-бириңерге сүйүү менен мамиле кылып, көтөрүмдүү болгула.

3 Рух биримдигин тынчтык байланышы аркылуу сактоого аракеттенгиле.

4 Дене бирөө, Рух бирөө, чакырылып алынганыңарда, бир үмүткө чакырылгансыңар.

5 Теңир бирөө, ишеним бирөө, чөмүлдүрүү бирөө,

6 бардыгынын үстүндө, бардыгы аркылуу жана бардыгынын ичинде болгон, бардыгынын Кудайы жана Атасы бирөө.

7 Машайактын чени менен ар бирибизге ырайым берилген.

8 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга белектерди берди», – деп айтылган.

9 Ал эми «чыкты» деген сөздүн мааниси Машайак адегенде жердин түпкүрүнө түштү дегенди билдирбейби?

10 Төмөн түшкөн да, бардыгын толтуруш үчүн, асмандан жогору көтөрүлгөн да – Ал.

11 Бардыгыбыздын ишенимибиз жана Кудай Уулун таанып билүүбүз бирдей деңгээлге жеткенге чейин,

12 жеткилең адамдын, Машайактын деңгээлине жеткенге чейин, Машайактын Денесин түзүүдө ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу үчүн,

13 Ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү Жакшы Кабар таратуучу, бирөөлөрдү Жыйын башчысы жана окутуучу кылып дайындады.

14 Ал буларды адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбой,

15 тескерисинче, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп өсүшүбүз үчүн дайындады.

16 Анын башчылыгы астында өз ара бириккен бардык муундардын жардамы менен бириктирилген жана түзүлгөн дене өзүн сүйүү менен бекемдеп, ар бир мүчөнүн өз алдынча кылган аракетине жараша өсөт.

Эски жана жаңы жашоо

17 Ошондуктан Теңирдин атынан айтып эскертемин: мындан ары силер бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабагыла.

18 Алардын акылы караңгылангандыктан, түркөйлүктөрүнүн жана жүрөктөрүнүн катууланганынын айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышкан.

19 Ыйманынан ажырап калган алар ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип кетишкен.

20 Бирок силер Машайакты мындай таанып билген эмессиңер,

21 силер Ал жөнүндө уккансыңар жана Андан үйрөнгөнсүңөр, анткени чындык Ыйсада.

22 Силер Андан алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендигин,

23 акыл-оюңарды жаңыртып турушуңар керек экендигин,

24 чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин үйрөнгөнсүңөр.

Жаңы жашоо үчүн берилген көрсөтмөлөр

25 Мына ошондуктан жалгандан баш тартып, ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мүчөбүз.

26 Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла,

27 шайтанга орун бербегиле.

28 Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш үчүн, өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын.

29 Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө.

30 Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла. Куткарылуу күнү ошол Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.

31 Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла.

32 Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле.

5-БӨЛҮМ

1 Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла,

2 Машайак бизди сүйгөндүктөн, биз үчүн Өзүн Кудайга жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө.

3 Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт.

4 Ошондой эле уятсыз, маңызсыз жана маскаралаган сөздөрдү сүйлөбөгүлө, мындай кылуу жарабайт, анын ордуна ыраазычылык билдиргиле.

5 Билип койгула: ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дүнүйөкор, башкача айтканда, бутка табынуучу Машайактын жана Кудайдын Падышачылыгында мураска ээ болбойт.

6 Эч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.

7 Ошондуктан аларга шерик болбогула.

Жарыкта жүргүлө

8 Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла.

9 Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык.

10 Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле.

11 Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла,

12 анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт.

13 Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.

14 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат», – деп айтылган.

15 Ошентип, кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла.

16 Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман.

17 Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле.

18 Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула:

19 бири-бириңерге забурларды, даңктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Теңирди чын жүрөгүңөр менен даңктап ырдагыла;

20 Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле;

21 Кудайдан коркуу менен бири-бириңерге баш ийгиле.

Үй-бүлөлүк жашоонун эрежелери

22 Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле,

23 анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы.

24 Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин.

25 Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген.

26 Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн;

27 тагы, кемчилиги же ушул сыяктуу бир нерсеси жок, ыйык жана кемчиликсиз кылып, Өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн Өзүн берген.

28 Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт.

29 Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат,

30 анткени биз Анын дене мүчөлөрүбүз. Анын этинен жана сөөгүнөн жаратылганбыз.

31 «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот».

32 Бул сыр аябай терең, менин айтканым Машайакка жана Жыйынга тиешелүү.

33 Силерге тиешелүүсү болсо бул: күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын.

6-БӨЛҮМ

Балдар жана ата-энелер

1 Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле, бул Теңирге жагат, анткени ушундай кылганыңар туура.

2 «Ата-энеңди сыйла» деген осуят – убадалуу осуяттардын биринчиси:

3 «Сага жакшы болушу үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болушу үчүн, ата-энеңди сыйла».

4 Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла.

Кулдар жана кожоюндар

5 Кулдар, кожоюнуңарга Машайакка баш ийгендей, чын жүрөктөн, коркунуч жана титирөө менен баш ийгиле.

6 Бирок адамдарга жагынуучуларга окшоп көзгө көрүнүш үчүн баш ийбегиле, тескерисинче, Машайактын кулдары катары Кудайдын эркин чын жүрөктөн аткарып,

7 адамдарга эмес, Теңирге кызмат кылгандай, тырышчаактык менен кызмат кылып баш ийгиле.

8 Анткени кул болобу, эркин адам болобу, ар ким өзүнүн кылган жакшы ишине жараша Теңирден тиешесин аларын билесиңер.

9 Кожоюндар, силер да кулдарыңарга катаал мамиле жасабагыла, анткени алардын да, силердин да үстүңөрдө, асманда Кожоюнуңар бар экендигин, Анда бет карамалык жок экенин билесиңер.

Рухий курал-жарак

10 Акырында айтарым, Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алгыла.

11 Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле,

12 анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз.

13 Ошондуктан кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла.

14 Ошентип, чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип,

15 бут кийимиңерди кийип, тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга даяр тургула.

16 Баарынан мурун амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди калкан кылып алгыла.

17 Ошондой эле куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзүн – рухий кылычты алгыла.

18 Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда Рухтун жетеги менен сыйынгыла. Дайыма сергек болуп, туруктуулук менен сыйынгыла, бардык ыйыктар үчүн,

19 ошондой эле мен үчүн сыйынгыла: мага керектүү сөз берилсин, Жакшы Кабардын сырын кайраттуулук менен ачык жарыялагыдай болоюн.

20 Жакшы Кабар үчүн мен элчилик кызматты кишенде жүрүп аткарып жатам. Ошондуктан Жакшы Кабарды кайраттуулук менен, кандай таратышым керек болсо, ошондой таратышым үчүн сыйынып тургула.

Акыркы сөз

21 Менин абалым, иштерим кандай экендигин силер да билишиңер үчүн, Теңирдин ишенимдүү кызматчысы, сүйүктүү бир тууганыбыз Тихик силерге бүт баарын айтып берет.

22 Мен аны силерге ушул максат менен жиберип жатам, ал силерге биздин абалыбыз жөнүндө билдирип, силерди сооротот.

23 Кудай Атадан жана Теңир Ыйса Машайактан бир туугандарга тынчтык, ишеним жана сүйүү тилейм.

24 Теңирибиз Ыйса Машайакты өзгөрүлбөс сүйүү менен сүйгөндөрдүн бардыгына Кудай ырайымын төгө берсин! Оомийин.