1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Ыйса Машайак үчүн туткунга алынган мен, Пабылдан, бир тууганыбыз Тиметейден сүйүктүү бир тууганыбыз жана кызматташыбыз Филемон, сага,

2 сенин үйүндө чогулган Жыйынга, сүйүктүү бир тууганыбыз Апияга, биз менен бирге күрөшкөн Архипке салам!

3 Атабыз Кудай жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Филемондун сүйүүсү жана ишеними

4 Сенин Теңир Ыйсага болгон ишенимиң жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүң жөнүндө угуп,

5 сыйынган сайын сени эстеп, Кудайыма дайыма ыраазычылык билдирип жатам.

6 Машайак Ыйсадагы байлыгыбызды таанып билишиң үчүн, сенин ишеним жолундагы жашооң таасирлүү болсун деп сыйынам.

7 Анткени сенин сүйүүң мени абдан кубантты жана сооротту. Себеби, бир тууганым, сен аркылуу ыйыктардын көңүлү көтөрүлдү.

Онесим үчүн арачылык кылуу

8 Ошондуктан сага эмне кылууну буйруганга Машайак жолунда зор кайраттуулугум бар болсо да,

9 мен, Пабыл, карыя катары да, азыр Ыйса Машайак үчүн туткунга алынган адам катары да сенден сүйүү менен өтүнүүнү туура көрдүм.

10 Мен түрмөдө отурганда, уулум болуп калган Онесим тууралуу сенден өтүнөмүн.

11 Ал бир кезде сен үчүн «пайдасыз» болчу, бирок азыр сага да, мага да «пайдалуу».

12 Мен аны кайра сага жөнөтүп жатам, аны менин жан боорум катары кабыл ал.

13 Мен Жакшы Кабар үчүн түрмөдө отурганда, ал мага сенин ордуңа кызмат кылышы үчүн, аны жаныма алып калууну каалагам.

14 Бирок сенин макулдугуңсуз эч нерсе кылгым келген жок. Анткени жакшы ишиңди аргасыздан эмес, өз ыктыярың менен кылышыңды кааладым.

15 Онесимдин убактылуу кетип калышы, мүмкүн,

16 мындан ары сен аны кул катары эмес, кулдан жогору сүйүктүү бир тууган катары түбөлүккө кабыл алышың үчүн болгондур. Ал мен үчүн кымбат, ал эми сен үчүн адам катары да, Теңир жолундагы бир тууган катары да андан бетер кымбат.

17 Эгерде сен менин досум болсоң, анда аны мени кабыл алгандай кабыл ал.

18 Эгерде ал сага зыян келтирген болсо же сага карыздар болсо, менин мойнумда болсун.

19 Мен, Пабыл, муну өз колум менен жазып жатам: мен төлөп берем. Сен өзүң да мага карыз экениңди айткым келбейт.

20 Ооба, бир тууганым, Теңир жолунда сенин пайдаңды көргүм келет, Машайак жолунда менин көңүлүмдү тынчтандыр.

21 Сени тил алат деп ишенем, айтканымдан да көптү кыларыңды билем, ошондуктан жазып жатам.

22 Ошондой эле мен үчүн орун даярдап кой, анткени силердин сыйынууңар боюнча Кудай мени силерге белек кылат деп үмүттөнөм.

Саламдар

23 Машайак Ыйса үчүн мени менен бирге туткунга алынган Эпафрас, менин кызматташтарым Марк, Аристарх, Демас жана Лука сага салам айтып жатышат.

24 Теңир Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, рухуңар менен болсун! Оомийин.