1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Машайак Ыйса аркылуу бериле турган өмүр жөнүндөгү убаданын негизинде, Кудайдын эрки менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан

2 сүйүктүү уулум Тиметейге салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Машайак Ыйса сага ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

3 Ата-бабаларым сыяктуу эле, өзүм да таза абийир менен кызмат кылып жаткан Кудайга ыраазычылык билдирем. Күнү-түнү сыйынганымда, ар дайым сени эстейм.

4 Сени ушунчалык көргүм келет, көрсөм, кубанычым артар эле. Коштошкондогу көз жашың эсимде.

5 Сенин чыныгы ишенимиңди эсиме түшүрөм, мындай ишеним адегенде сенин таенең Лойис менен апаң Ойникеде бар эле, сенде да бар деп ишенем.

Жакшы Кабар таратуу ишинде ишенимдүү болуу

6 Ошондуктан сага эскерте кетейин: менин кол коюп сыйынуум аркылуу Кудайдан берилген жөндөмдүүлүгүңдү жалындат.

7 Анткени Кудай бизге коркунучту эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген.

8 Ошондуктан сен Теңирибиз Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүдөн жана Ал үчүн туткунга алынган менден уялбагын. Тескерисинче, Жакшы Кабар үчүн башыңа түшкөн кыйынчылыктарга Кудайдын күчү менен чыда.

9 Ал бизди иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн каалоосунун жана ырайымынын негизинде куткарды, ыйык чакыруусу менен чакырып алды. Бул ырайым бизге кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун Машайак Ыйса аркылуу көрсөтүлгөн.

10 Бирок бул ырайым азыр Куткаруучубуз Ыйса Машайактын келүүсү аркылуу ачыкка чыкты. Ал өлүмдү жеңип, Жакшы Кабар аркылуу өмүрдү жана өлбөстүктү жарыкка алып чыкты.

11 Мен ошол Жакшы Кабардын таратылышы үчүн насаатчы, элчи жана бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам.

12 Ошол себептен мен ушундай азап тартып жатам, бирок уялган жокмун. Анткени мен Кимге ишенип калганымды билем жана Ал Өзүнүн мага ишенип тапшырганын ошол Күнгө чейин сактарына ишенем.

13 Менден уккандарыңды туура сөздүн үлгүсү катары ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен сакта.

14 Сага ишенип тапшырылганды ичибизде жашаган Ыйык Рухтун жардамы менен сакта.

15 Асиялыктардын баары мени таштап кетишкенин сен билесиң. Алардын арасында Пигел менен Эрмоген да бар.

16 Теңир Онесепордун үй-бүлөсүнө ырайым кылсын, анткени ал мени көп жолу сооротту, менин кишенимден уялган жок.

17 Римде жүргөндө, ал бүт аракетин жумшап, мени издеп тапты.

18 Теңир ага ошол Күнү Теңирден ырайым таптырсын. Анын Эфесте кандай кызмат кылганын сен жакшы билесиң.

2-БӨЛҮМ

Ыйса үчүн азап чегүү

1 Ошентип, уулум, Машайак Ыйсадагы ырайым аркылуу күч алгын.

2 Көп күбөлөрдүн көзүнчө менден укканыңды башкаларды да үйрөтө ала турган, ишенимдүү адамдарга айт.

3 Ыйса Машайактын жакшы жоокериндей болуп кыйынчылыктарга чыда.

4 Эч бир жоокер өзүнүн аскер башчысына жагуу үчүн, тиричилик иштерине байланбайт.

5 Мелдешке чыккан адам мелдештин эрежелерин бузса, таажы албайт.

6 Эмгектенген дыйкан алган түшүмүнөн өзү биринчи ооз тийиши керек.

7 Менин айткандарым жөнүндө ойлон, Теңир болсо сага бардыгын түшүнүүгө жардам берет.

8 Дөөттүн тукумунан чыккан, өлүп кайра тирилген Ыйса Машайакты ар дайым эсиңде сакта. Мен тараткан Жакшы Кабарда Ал жөнүндө ушундай айтылат.

9 Мен ошол Жакшы Кабар үчүн азап тартып жатам, атүгүл, кылмышкер сыяктуу кишенделдим, бирок Кудайдын сөзү кишенделбейт.

10 Ошондуктан мен тандалгандар үчүн, алар да Машайак Ыйса аркылуу куткарылышсын деп, бардыгына чыдап жатам. Бул куткарылуу түбөлүк даңк менен коштолот.

11 Бул сөздөр чындык: эгерде биз Аны менен кошо өлгөн болсок, анда Аны менен кошо тирилебиз;

12 эгерде чыдасак, анда Аны менен бирге падышачылык кылабыз; эгерде Андан баш тартсак, Ал да бизден баш тартат;

13 эгерде биз ишенимсиз болсок, Ал ишенимдүү бойдон кала берет, анткени Ал Өзүнө Өзү каршы чыга албайт.

Кудайдын ишенимдүү кызматчысы

14 Ушуну бардыгынын эсине сал. Теңирдин алдында эскерт: сөз үчүн талашып-тартышышпасын. Анткени сөз үчүн талашып-тартышуу эч кандай пайда алып келбейт, тескерисинче, угуп тургандардын башын маң кылат.

15 Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгин.

16 Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач, анткени куру сөз менен алек болгондор адилетсиздик жолунда илгерилешет.

17 Алардын сөзү денеге тараган рак оорусу сыяктуу тарайт. Именей менен Пилет ошондойлордон.

18 Алар кайра тирилүү болуп өттү деп, чындыктан четтеп кетишти жана кээ бирөөлөрдү ишенимден тайытып жатышат.

19 Бирок Кудайдын бекем негизи бек турат, анын төмөнкүдөй мөөрү бар: «Теңир Өзүнө тиешелүүлөрдү билет» жана «Теңирдин ысымын оозуна алган ар бир адам адилетсиздиктен четтесин».

20 Бир чоң үйдө алтын жана күмүш идиштер гана эмес, жыгачтан жана чоподон жасалган идиштер да бар. Бирөөлөрү сыйга урунулат, бирөөлөрү күндө урунулат.

21 Ошондуктан ким өзүн ушулардан тазаласа, ал сыйга урунула турган, ыйыкталган, Кожоюндун керегине жарай турган жана бардык жакшы иштерге даярдалган идиш болот.

22 Жаштыктын кумарларынан кач, Теңирди чын жүрөктөн чакыруучулар менен бирге адилеттикти, ишенимди, сүйүүнү жана тынчтыкты сактоого умтул.

23 Акылсыз, маанисиз талаш-тартыштардан кач, себеби алар уруш-талашты туудурарын билесиң.

24 Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу, үйрөтүүгө жөндөмдүү жана сабырдуу болуусу зарыл.

25 Каршы чыккандарга момундук менен насаат айтышы керек. Чындыкты таанып билиши үчүн, Кудай аларды тобо кылдырар,

26 алар өзүнүн эркине баш ийдирүү үчүн туткундап алган шайтандын торунан бошонушар.

3-БӨЛҮМ

Акыркы убактагы адамдардын адеп-ахлагынын бузулушу

1 Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил.

2 Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, кудайсыз, таш боор,

3 элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн,

4 чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда ыракатты сүйгөн,

5 такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат. Ошондойлордон алыс бол.

6 Андай адамдарга үйлөргө уурданып кирип, күнөөнүн сазына баткан, ар түрдүү кумарларга жетеленген,

7 дайыма үйрөнгөнү менен, эч качан чындыкты таанып биле албаган аялдарды азгырган адамдар кирет.

8 Жанес менен Жамбирес Мусага каршы чыгышкандай эле, алар да чындыкка каршы чыгышат. Алар – акылы бузулган, ишеними сыноодон өтпөгөн адамдар.

9 Бирок алар алыска узашпайт, анткени тигилердин акылсыздыгы бардыгына белгилүү болгондой эле, алардын акылсыздыгы да бардыгына белгилүү болот.

Тирүү ишеним сөзсүз куугунтукка алынат

10 Сен болсо менин окутуумдан, жашоомдон, максатымдан, ишенимимден, чыдамкайлыгымдан, сүйүүмдөн, көтөрүмдүүлүгүмдөн,

11 Антийохеяда, Иконияда жана Листрада башымдан өткөргөн куугунтуктарымдан жана кыйынчылыктарымдан үлгү алдың. Мен кандай гана куугунтуктарды башымдан өткөрбөдүм! Бирок алардын бардыгынан мени Теңир куткарды.

12 Деги эле, Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат.

13 Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка барышат.

Ыйык Жазуунун маанилүүлүгү

14 Сен болсо эмнени үйрөнсөң, сага эмне ишенип тапшырылса, ошону сактагын, анткени кимден үйрөнгөнүңдү билесиң.

15 Анын үстүнө, Машайак Ыйсага болгон ишеним аркылуу куткарылууга боло тургандыгын түшүндүрүүчү Ыйык Жазууну сен бала чагыңдан эле билесиң.

16 Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу.

17 Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот.

4-БӨЛҮМ

Акырына чейин ишенимдүү болуу

1 Ошондуктан Кудайдын алдында жана Өзүнүн падышачылык бийлиги менен кайтып келип, тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттой турган Ыйса Машайактын алдында мен сага буйрук кыламын:

2 Кудайдын сөзүн айт, аны ыңгайы келсе да, ыңгайы келбесе да айтууга даяр бол, ашкереле, тыюу сал, акыл-насаат айт, чыдамдуулук менен үйрөт.

3 Анткени адамдар туура окутууну кабыл албай, кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандап кала турган убак келет.

4 Чындыкты уккулары келбей, тамсилдерге кулак төшөп калышат.

5 Бирок сен бардык нерседе кыраакы бол, кыйынчылыктарга чыда, Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар, өз кызматыңды аягына чыгар.

6 Анткени мен курмандыкка чалынуунун алдында турам, менин бул дүйнө менен коштошор убактым келди.

7 Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым.

8 Азыр болсо мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат. Адилет Сот – Теңир аны мага ошол Күнү берет, мага эле эмес, Анын келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баарына берет.

Пабылдын жеке өтүнүчтөрү

9 Мага тезирээк келүүгө аракет кыл.

10 Анткени Демас бул дүйнөнү сүйүп, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Кирескес Галатияга, Тит Далматияга кетти. Бир гана Лука мени менен калды.

11 Маркты өзүң менен кошо ала кел, анткени кызмат кылышы үчүн, ал мага керек.

12 Тихикти Эфеске жибердим.

13 Келериңде Троастагы Карпостукуна калтырып кеткен чапанымды жана китептеримди, айрыкча булгаары китептеримди ала кел.

14 Жез иштетүүчү уста Искендер мага көп жамандык кылды. Теңир ага иштерине жараша тиешесин берсин!

15 Андан сен да сак бол, анткени ал биздин айткан сөздөрүбүзгө аябай каршы чыгып жатат.

16 Мен биринчи жолу сот алдында коргонуу сөзүн сүйлөп жатканымда, эч ким жанымда болгон жок, мени бардыгы таштап кетишти. Кудай муну аларга күнөө катары эсептебесин!

17 Бирок Жакшы Кабар мен аркылуу таратылып, бардык бутпарастар угушу үчүн, Теңир жанымда болуп, мага күч берди. Ошентип, мен арстандын азуусунан куткарылдым.

18 Теңир мени ар кандай жамандыктан куткарып, Өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт. Ал түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

Саламдар

19 Прискила менен Акилага, Онесепордун үй-бүлөсүнө салам айтып кой.

20 Эраст Корунтта калды. Ал эми ооруп калган Трофимди Милетке калтырдым.

21 Кышка чейин келүүгө аракет кыл. Эйбул менен Пуд, Линос менен Клавдия жана бардык бир туугандар сага салам айтып жатышат.

22 Теңир Ыйса Машайак сенин рухуң менен бирге болсун. Теңир силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.