1-БӨЛҮМ

Ысрайылды биринчи жолу санап чыгуу

1 Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнүндө Синай чөлүндө, жыйын чатырында Теңир Мусага мындай деди:

2 «Арун экөөңөр Ысрайылдын бүткүл жамаатындагы ар бир урууну, ар бир үй-бүлөнү санап чыккыла. Эркек аттууларынын бирин да калтырбай, аттарын атап санап чыккыла.

3 Ысрайыл элинин жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларынын баарын кошуундары боюнча санап чыккыла.

4 Ар бир уруунун уруу башчысы силерге жардам берсин.

5 Силерге жардамдаша турган эркектердин аттары мындай: Рубейин уруусунан Шедейурдун уулу Элитсур,

6 Шымон уруусунан Суришадайдын уулу Шелумиел,

7 Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон,

8 Исахар уруусунан Суардын уулу Натанаел,

9 Забулун уруусунан Хейлондун уулу Элийап,

10 Жусуптун уулдарынан: Эпрайым уруусунан Амийуттун уулу Элишама, Менаше уруусунан Пыдатсурдун уулу Гамлиел,

11 Бенжемин уруусунан Гидонинин уулу Абидан,

12 Дан уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер,

13 Ашыр уруусунан Охрандын уулу Пагиел,

14 Гат уруусунан Ребуелдин уулу Элийасап,

15 Напталы уруусунан Эйнандын уулу Акира.

16 Булар – жамааттын тандалган уулдары, өз-өз урууларынын уруу башчылары, Ысрайыл миң башылары».

17 Муса менен Арун аттары аталган ушул эркектерди алып жөнөштү.

18 Алар экинчи айдын биринчи күнү бүткүл жамаатты жыйнашты. Ошондо алар жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын бирин калтырбай, уруусу, үй-бүлөсү боюнча аттарын атап санап чыгышты.

19 Муса Теңирдин айтканындай кылып, аларды Синай чөлүндө санап чыкты.

20 Ошондо Ысрайылдын тун уулу Рубейинден тараган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бири калбай, уруусу, тукуму, үй-бүлөсү боюнча аттары аталды.

21 Рубейин уруусундагы эркектердин саны кырк алты миң беш жүз болду.

22 Шымондун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

23 Шымон уруусундагы эркектердин саны элүү тогуз миң үч жүз болду.

24 Гаттын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

25 Гат уруусундагы эркектердин саны кырк беш миң алты жүз элүү болду.

26 Жүйүттүн уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

27 Жүйүт уруусундагы эркектердин саны жетимиш төрт миң алты жүз болду.

28 Исахардын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

29 Исахар уруусундагы эркектердин саны элүү төрт миң төрт жүз болду.

30 Забулундун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

31 Забулун уруусундагы эркектердин саны элүү жети миң төрт жүз болду.

32 Жусуптун уулу Эпрайымдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

33 Эпрайым уруусундагы эркектердин саны кырк миң беш жүз болду.

34 Жусуптун уулу Менашенин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

35 Менаше уруусундагы эркектердин саны отуз эки миң эки жүз болду.

36 Бенжеминдин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

37 Бенжемин уруусундагы эркектердин саны отуз беш миң төрт жүз болду.

38 Дандын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

39 Дан уруусундагы эркектердин саны алтымыш эки миң жети жүз болду.

40 Ашырдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

41 Ашыр уруусундагы эркектердин саны кырк бир миң беш жүз болду.

42 Напталынын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.

43 Напталы уруусундагы эркектердин саны элүү үч миң төрт жүз болду.

44 Санакка киргендер мына ушулар. Аларды Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары – он эки уруу башчы санап чыгышты.

45 Алар Ысрайыл уулдарынын согушка жарактуу жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттууларынын баарын үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

46 Алардын жалпы саны алты жүз үч миң беш жүз элүү болду.

47 Леби уруусу алар менен кошо санакка кирген жок.

48 Анткени Теңир Мусага мындай деп айткан:

49 «Леби уруусун гана тизмеге киргизбе, Ысрайыл уулдарындай кылып аларды санаба.

50 Лебилерге жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди тапшырып бер. Алар жыйын чатырын жана ага тиешелүү нерселердин баарын көтөрүп жүрүшсүн, ошол жерде кызмат кылышсын жана анын тегерегине өздөрүнүн станын жайгаштырышсын.

51 Жыйын чатырын көчүргөндө, лебилер жыйнаштырсын; жыйын чатырын орноткондо, лебилер орнотсун. Эгерде бул ишке лебилерден бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын.

52 Ысрайыл уулдары өз станынын, өз туусунун жанында турушсун.

53 Теңирдин каары Ысрайыл уулдарына төгүлбөш үчүн, лебилер өз стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын. Лебилер жыйын чатырынын жанында күзөттө турушсун».

54 Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

2-БӨЛҮМ

Уруулардын кошуун-кошуун болуп бөлүнүшү

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдары өз станын өз туусунун жанына, уруу белгилеринин жанына жайгаштырышсын. Стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын.

3 Жыйын чатырынын күн чыгыш тарабында Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен алдыңкы катарда турсун. Жүйүт уруусунун башчысы – Аминадаптын уулу Нахшон,

4 анын санакка кирген жоокерлери – жетимиш төрт миң алты жүз.

5 Анын жанына Исахар уруусунун станы жайгашсын. Исахар уруусунун башчысы – Суардын уулу Натанаел,

6 анын санакка кирген жоокерлери – элүү төрт миң төрт жүз.

7 Анын жанына Забулун уруусунун станы жайгашсын. Забулун уруусунун башчысы – Хейлондун уулу Элийап,

8 анын санакка кирген жоокерлери – элүү жети миң төрт жүз.

9 Жүйүт станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сексен алты миң төрт жүз. Алар биринчи жөнөшсүн.

10 Жыйын чатырынын түштүк тарабында Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Рубейин уруусунун башчысы – Шедейурдун уулу Элитсур,

11 анын санакка кирген жоокерлери – кырк алты миң беш жүз.

12 Анын жанына Шымон уруусунун станы жайгашсын. Шымон уруусунун башчысы – Суришадай уулу Шелумиел,

13 анын санакка кирген жоокерлери – элүү тогуз миң үч жүз.

14 Андан кийин кошуунун Гат уруусу жайгаштырсын. Гат уруусунун башчысы – Ребуелдин уулу Элийасап,

15 анын санакка кирген жоокерлери – кырк беш миң алты жүз элүү.

16 Рубейин станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү бир миң төрт жүз элүү. Алар экинчи жөнөшү керек.

17 Жыйын чатырын алып жөнөгөндө, лебилердин станы стандардын ортосунда болсун. Ар бир стан туусун көтөрүп, өз-өз катары менен, кандай жайгашса, ошол бойдон жөнөшү керек.

18 Жыйын чатырынын батыш тарабында Эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Эпрайым уруусунун башчысы – Амийуттун уулу Элишама,

19 анын санакка кирген жоокерлери – кырк миң беш жүз.

20 Анын жанына Менаше уруусу жайгашсын. Менаше уруусунун башчысы – Пыдатсур уулу Гамлиел,

21 анын санакка кирген жоокерлери – отуз эки миң эки жүз.

22 Андан кийин Бенжемин уруусу жайгашсын. Бенжемин уруусунун башчысы – Гидонинин уулу Абидан,

23 анын санакка кирген жоокерлери – отуз беш миң төрт жүз.

24 Эпрайым станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сегиз миң бир жүз. Алар үчүнчү жөнөшү керек.

25 Жыйын чатырынын түндүк тарабында Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Дан уруусунун башчысы – Амишадайдын уулу Ахиезер,

26 анын санакка кирген жоокерлери – алтымыш эки миң жети жүз.

27 Анын жанына Ашыр уруусунун станы жайгашсын. Ашыр уруусунун башчысы – Охран уулу Пагиел,

28 анын санакка кирген жоокерлери – кырк бир миң беш жүз.

29 Андан кийин Напталы уруусу жайгашсын. Напталы уруусунун башчысы – Эйнандын уулу Акира,

30 анын санакка кирген жоокерлери – элүү үч миң төрт жүз.

31 Дан станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү жети миң алты жүз. Алар тууларын көтөрүп, акыркы болуп жөнөшү керек».

32 Ысрайыл уулдарынын үй-бүлөлөрү боюнча санакка киргендери ушулар. Стандардагы кошуун-кошуун боюнча санакка киргендердин жалпы саны – алты жүз үч миң беш жүз элүү.

33 Ошентип, Теңир Мусага буйругандай, лебилер Ысрайыл уулдары менен кошо санакка кирген жок.

34 Ысрайыл уулдары Теңирдин Мусага буйругандарынын бардыгын аткарышты. Алар тууларын көтөрүп, стандары менен ушундай турушту, алар уруулары, үй-бүлөлөрү менен ушундай жол жүрүштү.

3-БӨЛҮМ

Арундун уулдары

1 Теңир Муса менен Синай тоосунда сүйлөшкөн убактагы Арун менен Мусанын санжырасы.

2 Арундун уулдарынын аттары: туну Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.

3 Арундун ыйык кызматка майланган, Муса дайындаган ыйык кызмат кылуучу уулдары ушулар.

4 Бирок Надап менен Абыйут Синай чөлүндө Теңирдин алдына башка от алып келип, Теңирдин алдында өлүшкөн, алардан бала калган эмес. Элазар менен Итамар атасы Арундун жанында ыйык кызмат кылуучу болуп калды.

Леби уруусу

5 Теңир Мусага мындай деди:

6 «Ыйык кызмат кылуучу Арундун алдына Леби уруусун алып кел. Алар Арунга кызмат кылышсын.

7 Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – Арунга жана жыйын чатырынын алдындагы бүт жамаатка кызмат кылуу.

8 Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – жыйын чатырынын бардык буюмдарын сактоо, Ысрайыл уулдарына кызмат кылуу.

9 Лебилерди Арундун жана анын уулдарынын карамагына бер. Алар Ысрайыл уулдарынын ичинен Арундун жана анын уулдарынын карамагына берилсин.

10 Арунду жана анын уулдарын өздөрүнүн ыйык кызмат кылуучулук милдетин аткарууга дайында. Эгерде ыйык кызматка алардан бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын».

11 Теңир Мусага дагы мындай деди:

12 «Мен Ысрайыл уулдарынын жатынды жарып чыккан тундарынын ордуна лебилерди алдым. Лебилер Меники.

13 Анткени бардык тунгучтар Меники. Мен Мисир жеринде тунгучтардын баарын өлтүргөн күнү Ысрайылдын бардык тун уулдарын, малдарынын биринчи төлүн Өзүмө бөлүп алгам, алар Меники болсун, Мен Теңирмин».

Лебилерди уруулары боюнча санап чыгуу

14 Теңир Синай чөлүндө Мусага мындай деди:

15 «Леби уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык. Бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин баарын санап чык».

16 Теңир кандай буйруса, Муса ошондой кылып санап чыкты.

17 «Леби уулдарынын аттары мындай: Гейиршон, Каат жана Мерари.

18 Гейиршондун уулдарынан тараган уруулардын аттары: Либни жана Шимей.

19 Кааттын уулдарынан тараган уруулардын аттары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел.

20 Мераринин уулдарынан тараган уруулардын аттары: Махли жана Муши. Булар – Леби тукумунан тараган уруулар.

21 Гейиршондон Либни жана Шимей уруулары тараган. Булар – Гейиршон уруулары.

22 Гейиршон урууларындагы бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектердин саны жети миң беш жүз болду.

23 Гейиршон урууларынын станы жыйын чатырынын артына, батыш тарабына жайгашсын.

24 Гейиршон урууларынын башчысы –Лаелдин уулу Элийасап.

25 Гейиршон уулдарына жыйын чатырын, анын жабууларын, анын кире беришиндеги көшөгөсүн,

26 короонун жабууларын, жыйын чатырынын жана курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, анын жиптерин, аларга тиешелүү бардык нерселерди сактоо тапшырылсын.

27 Кааттан Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел уруулары тараган. Булар – Каат уруулары.

28 Бир айлык жана андан жогорку жаштагы, жыйын чатырын кайтарган Каат урууларындагы бардык эркектердин саны – сегиз миң алты жүз.

29 Каат уулдарынын станы жыйын чатырынын түштүк тарабына жайгашсын.

30 Каат урууларынын башчысы – Узиелдин уулу Элсапан.

31 Алар келишим сандыгын, үстөлдү, чырактанды, курмандык чалынуучу жайларды, кызматка колдонула турган ыйык идиштерди, ыйык жайдын жабуусун жана ага тиешелүү бардык нерселерди сакташсын.

32 Лебилердин башчыларынын башчысы – ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазар. Ал ыйык жайды кайтаргандарды көзөмөлдөсүн.

33 Мерари уруусунан Махли жана Муши уруулары тараган. Булар – Мерари уруулары.

34 Мерари урууларындагы бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектердин саны – алты миң эки жүз.

35 Мерари урууларынын башчысы – Абыкайылдын уулу Суриел. Алардын станы жыйын чатырынын түндүк тарабына жайгашсын.

36 Мерари уулдарына жыйын чатырынын устундарын, шыргыйларын, мамыларын, таканычтарын, аларга тиешелүү нерселерди,

37 короонун бардык тарабындагы мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын сактоо тапшырылсын.

38 Муса, Арун жана анын уулдарынын станы жыйын чатырынын чыгыш тарабына, жыйын чатырынын алдына жайгашсын. Ысрайыл уулдарын сактоо үчүн, аларга ыйык жайды кайтаруу тапшырылсын. Эгерде ыйык жайга алардан бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын».

39 Муса менен Арун Теңирдин буйругу боюнча санап чыккан леби урууларынын бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркектеринин саны – жыйырма эки миң.

Тун балдарды лебилерге алмаштыруу

40 Теңир Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бир айлык жана андан жогорку жаштагы тун эркек балдарынын аттарын атап санап чык.

41 Мен үчүн (Мен Теңирмин) Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми Ысрайыл уулдарынын бардык малынын биринчи төлүнүн ордуна лебилердин малын ал».

42 Теңир буйругандай, Муса Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарын санап чыкты.

43 Бир айлык жана андан жогорку жаштагы тун эркек балдарынын аттарын атап санап чыкканда, алардын саны жыйырма эки миң эки жүз жетимиш үч болду.

44 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

45 «Ысрайыл уулдарынын тун уулдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми алардын малынын ордуна лебилердин малын ал. Лебилер Меники болсун, Мен Теңирмин.

46 Ысрайылдын тун эркек балдарынын лебилердин санынан ашып кеткен эки жүз жетимиш үч адамы үчүн кун төлөнсүн.

47 Киши башына ыйык шекелден беш шекел ал, бир шекелде жыйырма гер бар.

48 Алардын санынан ашып кеткендердин куну үчүн төлөнүүчү күмүштү Арунга жана анын уулдарына бер».

49 Муса лебилерге айырбашталган тун балдардын куну үчүн төлөнгөн күмүштү алды.

50 Ал Ысрайылдын тун уулдары үчүн ыйык шекелден бир миң үч жүз алтымыш беш шекел күмүш алды.

51 Муса Теңирдин айтканындай кылып, кун үчүн алган күмүштү Арунга жана анын уулдарына берди.

4-БӨЛҮМ

Каат уулдарынын кызматы

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

2 «Лебиден тараган Каат уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.

3 Жыйын чатырындагы жумуштарды кылыш үчүн, кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.

4 Каат уулдарынын жыйын чатырында кылган кызматы – ыйыктын ыйыгын көтөрүп жүрүү.

5 Стан жолго чыгарда, Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирип, көшөгөнү чечип алып, аны менен келишим сандыгын жабышсын.

6 Анан анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жабышсын, анын үстүнө ачык көк жүндөн токулган жабуу жабышсын, анан шыргыйларын киргизишсин.

7 Нан тартуусу коюлуучу үстөлгө ачык көк жүндөн жасалган жабуу жабышсын, анын үстүнө идиштерди, табактарды, кумгандарды жана куюлуучу курмандыкка арналган чөйчөктөрдү коюшсун, анын үстүндө дайыма турчу нан да болсун.

8 Анан ушулардын үстүнө кочкул кызыл түстөгү жабуу жабышсын, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жабышсын, анан шыргыйларын киргизишсин.

9 Ачык көк жүндөн жасалган жабуу менен чырактанды жана анын чырактарын, кычкачтарын, чырак өчүргүчтөрүн жана зайтун майы куюлган идиштерин жабышсын.

10 Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, замбилдерге салышсын.

11 Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын үстүнө ачык көк жүндөн жасалган жабуу жаап, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, шыргыйларын киргизишсин.

12 Ыйык жайда кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды ачык көк жүндөн жасалган жабууга ороп, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, замбилдерге салышсын.

13 Анан курмандык чалынуучу жайдын күлүн чыгарып, анын үстүнө ачык кызыл түстөгү жабуу жабышсын.

14 Анын үстүнө кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды: чок салгычтарды, айрыларды, калактарды, чараларды, курмандык чалынуучу жайдын бардык идиштерин салып, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, шыргыйларын киргизишсин.

15 Стан жолго чыгарда, Арун менен анын уулдары ыйык жайды жана анын бардык буюмдарын жаап бүткөндөн кийин, Кааттын уулдары аларды алып жөнөш үчүн келишсин, бирок ыйык жайга колдорун тийгизишпесин, болбосо өлүп калышат. Жыйын чатырынын бул буюмдарын Кааттын уулдары көтөрүп жүрүшсүн.

16 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга чырактанга куюлуучу зайтун майы, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу зат, күндө алып келинүүчү нан курмандыгы, жыйын чатырына тиешелүү бардык нерселер тапшырылсын».

17 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

18 «Лебилердин ичинен Каат уруусун тукум курут болуудан сактагыла.

19 Алар ыйыктын ыйыгына жакын келгенде өлүп калбаш үчүн, мындай кылгыла: Арун менен анын уулдары келип, алардын кимиси эмнени көтөрөрүн көрсөтүп беришсин.

20 Бирок Арун жана анын уулдары ыйык жайды жаап жатышканда, алар өлүп калбаш үчүн, жакын келип карашпасын».

Гейиршон уулдарынын кызматы

21 Теңир Мусага мындай деди:

22 «Гейиршон уулдарын да уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.

23 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.

24 Алардын кылар кызматы жана көтөрөр жүгү бул:

25 алар жыйын чатырынын жабууларын, жыйын чатырын, анын жабуусун, алардын үстүндөгү деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана жыйын чатырынын эшигиндеги көшөгөнү,

26 жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги жабууларды, короонун эшигиндеги көшөгөнү, алардын аркандарын, аларга тиешелүү бардык буюмдарын көтөрүп жүрүшсүн жана ушул буюмдарга тиешелүү жумуштарды аткарышсын.

27 Гейиршон уулдарынын көтөрө турган жүгү, аткара турган жумушу Арундун жана анын уулдарынын буйругу боюнча болсун. Аларга көтөрүп жүргөн буюмдарын сактоону тапшыргыла.

28 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар көзөмөлдүк кылган Гейиршон уулдарынын жыйын чатырында кылар кызматы жана сактап жүрүүчү буюмдары мына ушулар.

Мерари уулдарынын кызматы

29 Мерари уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.

30 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.

31 Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы мындай: жыйын чатырынын устундарын, мамыларын, шыргыйларын, таканычтарын,

32 короонун мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын жана ага тиешелүү бардык нерселерин көтөрүп жүрүшсүн. Алар көтөрүп жүрүүгө милдеттүү болгон буюмдардын аттарын атап санап чыккыла.

33 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар көзөмөлдүк кылган Мерари уулдарынын жыйын чатырындагы кылар кызматы ушул».

Лебилердин саны

34 Анан Муса менен Арун жана Ысрайыл уулдарынын башчылары Каат уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

35 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.

36 Аларды уруулары боюнча санап чыкканда, эки миң жети жүз элүү болду.

37 Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Каат урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.

38 Анан Гейиршон уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

39 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.

40 Аларды уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыкканда, эки миң алты жүз отуз болду.

41 Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Гейиршон урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.

42 Анан Мерари уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

43 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.

44 Аларды уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыкканда, үч миң эки жүз болду.

45 Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Мерари урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.

46 Ошентип, Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары лебилерди уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

47 Алар жыйын чатырында кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки жүк көтөрө турган эркектерди санап чыгышты.

48 Аларды санап чыкканда, сегиз миң беш жүз сексен болду.

49 Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын ар бирине кыла турган жумушун, көтөрө турган жүгүн дайындады жана Теңир буйругандай санап чыкты.

5-БӨЛҮМ

Кошуунду булгагандар жөнүндө

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Өздөрү жашап жаткан станды булгабашы үчүн, алар бардык пес оорулууларды, жыныстык мүчөсүнөн ириң аккандарды, өлүккө тийип булгангандарды,

3 эркек болобу, аял болобу, стандын сыртына чыгарып салышсын, алардын арасында Мен жашап жатам».

4 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты, аларды стандын сыртына чыгарып салышты. Теңир Мусага кандай айтса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

Күнөө үчүн кун төлөө

5 Теңир Мусага мындай деди:

6 «Ысрайыл уулдарына айт: “Эркек болобу, аял болобу, адамга каршы кандайдыр бир күнөө кылса, анда ал Кудайга каршы кылмыш кылган болот, ал адам күнөөлүү.

7 Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурасын, кандай зыян келтирсе, ошону толугу менен төлөп берсин. Кимге каршы күнөө кылса, ошол адамдын кунунун үстүнө кунунун бештен бир бөлүгүн кошуп төлөп берсин.

8 Эгерде ал адамдын кунун ала турган мураскору жок болсо, анда анын кунун Теңирге берсин. Анын кунун күнөөсү үчүн чалынуучу кочкор менен кошо ыйык кызмат кылуучуга берсин.

9 Ысрайыл уулдарынын алып келген ыйык курмандыктарынын ичинен өйдө көтөрүп алып келген тартууларынын баары ыйык кызмат кылуучуга таандык.

10 Кимдир бирөө тарабынан арналган нерсе ыйык кызмат кылуучуга таандык. Ким ага эмне алып келсе, ошонун баары ага таандык”».

Кызганыч жөнүндө мыйзам

11 Теңир Мусага дагы мындай деди:

12 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Кимдин аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, бейопалык кылса,

13 ким ал аял менен жатып, эрендигин агызса, бирок муну күйөөсү билбесе, аялы муну жашыруун кылса, үстүнөн чыккан күбөлөр болбосо, бети ачылбаса,

14 бирок ал аялдын күйөөсү шектенип кызганса, же аялы бузулса-бузулбаса да шектенип кызганса,

15 анда ал аялын ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Аялы үчүн курмандыкка эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк арпа унунан алып келсин, бирок ага зайтун майын куйбасын, ладан салбасын, анткени бул – мыйзамсыздыкты эске салган, кызганыч үчүн алып келинген курмандык.

16 Ыйык кызмат кылуучу ал аялды, Теңирдин алдына алып келсин да,

17 чопо идишке ыйык суудан куюп, жыйын чатырынын жеринен топурак алып, сууга салсын.

18 Анан ыйык кызмат кылуучу ал аялды Теңирдин алдына алып келип, жылаңбаштап, мыйзамсыздыкты эске салган, кызганыч үчүн алып келинген курмандыкты колуна берсин, ыйык кызмат кылуучунун колунда каргышка калтыра турган ачуу суу болсун.

19 Ыйык кызмат кылуучу аялга: “Эгерде эч ким менен жатпасаң жана булганбасаң, күйөөңдүн көзүнө чөп салбасаң, анда каргышка калтыра турган мына бул ачуу суудан эч кандай зыян тартпайсың.

20 Эгерде күйөөңдүн көзүнө чөп салсаң, булгансаң, күйөөңдөн бөлөк бирөө менен жатсаң,

21 анда сага Теңирдин каргышы тийсин, элиңдин да каргышы тийсин, жатының куурап, ичиң шишип кетсин.

22 Каргышка калтыра турган мына бул суу ичиңди аралап өтсүн, ичиң шишип, жатының куурап калсын”, – деп каргыш айтып, ант ичирсин. Аял болсо “Оомийин, оомийин” десин.

23 Анан ыйык кызмат кылуучу кагазга ошол каргыш сөздөрдү жазып, аны ачуу сууга жууп салсын.

24 Анан каргышка калтыра турган сууну аялга ичирсин, ошондо каргышка калтыра турган суу аялдын ичине кирип, ага зыян келтирет.

25 Анан ыйык кызмат кылуучу аялдын колунан кызганыч үчүн алып келинген нан курмандыгын алып, Теңирдин алдында өйдө көтөрүп, курмандык чалынуучу жайга алып барсын.

26 Анан ыйык кызмат кылуучу мыйзамсыздыкты эске салган нан курмандыгынан бир ууч алып, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, андан кийин аялга жанагы сууну ичирсин.

27 Сууну ичиргенден кийин, эгерде аял таза эмес болсо, күйөөсүнө каршы кылмыш кылса, каргышка калтыра турган ачуу суу ичине кирип, зыян келтирип, ичин шишитип, жатынын кургатат, ал аял эл ичинде жек көрүндү болот.

28 Эгерде аял булганбаган болсо, таза болсо, анда ал эч кандай зыян тартпайт, бала төрөй алат.

29 Кызганыч жөнүндөгү мыйзам ушул. Аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып булганса,

30 же күйөөсү аялынан шектенип кызганса, анда ал аялын Теңирдин алдына алып келсин, ошондо ыйык кызмат кылуучу ушул мыйзамды аткарсын.

31 Ошондо күйөөсү күнөөдөн таза болот да, аялы өз күнөөсүн өзү көтөрөт».

6-БӨЛҮМ

Назир болууга убада берген адам жөнүндө мыйзам

1 Теңир Мусага дагы мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Эркек же аял Теңирдин назири болууга өзүн арнаш үчүн, назир болуу убадасын берүүгө чечим чыгарса,

3 анда ал шараптан, ичимдиктен баш тартсын. Ал ачуу шараптын сиркесин, күчтүү ичимдиктин сиркесин, жүзүмдөн жасалган эч бир суусундукту ичпесин, жүзүмдүн өзүн да, кургатылганын да жебесин.

4 Назир болуп турган убагында жүзүмдүн данегин да, кабыгын да, жүзүмдөн жасалган эч бир нерсени жебесин.

5 Назир болууга убада берген күндөрүндө анын башына устара тийбесин, өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрү бүткөнгө чейин, ал ыйык болуп эсептелет. Чачын өстүрсүн.

6 Өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрү өлүккө жакындабасын.

7 Эгерде атасы же энеси, агасы же иниси, эжеси же карындашы өлсө, алардын өлүгүнө жакындап булганбасын, анткени анын өзүн Кудайга арнаган белгиси өзүнүн башында.

8 Өзүн назирликке арнаган күндөрү ал Теңирдин ыйыгы болуп эсептелет.

9 Эгерде анын жанында бирөө кокустан өлүп, назир экенин билдирген башын булгап алса, анда ал күнөөдөн тазалана турган жетинчи күнү чачын алдырсын.

10 Сегизинчи күнү эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып келип, жыйын чатырынын алдындагы ыйык кызмат кылуучуга берсин.

11 Ыйык кызмат кылуучу эки канаттуунун бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалып, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалсын. Өлүккө тийип булганган аны ошентип тазалап, ошол күнү анын башын ыйыктасын.

12 Анан Теңирдин назири болууга арнаган күндөрүн кайрадан улантыш үчүн, айып үчүн чалынуучу курмандыкка бир жылдык козу алып келсин, анткени анын назирлиги бузулуп, мурдагы күндөрү эсептелбей калды.

13 Назир жөнүндөгү мыйзам мындай: анын назирлик күндөрү бүткөндөн кийин, аны жыйын чатырынын алдына алып келиш керек,

14 ал Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козу, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козу, тынчтык курмандыгына кемчилиги жок бир кочкор,

15 бир себетке буудай унунан жасалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулуп бышырылган нан жана зайтун майы сыйпалган ачыткысыз токоч, бул нан курмандыгы менен бирге куюлуучу курмандык алып келсин.

16 Ыйык кызмат кылуучу ушулардын баарын Теңирдин алдына алып келсин. Анан анын күнөөсү үчүн алып келген курмандыгын, бүтүндөй өрттөө үчүн алып келген курмандыгын чалсын.

17 Анан Теңирге арнап тынчтык курмандыгына кочкор, аны менен кошо бир себет ачыткысыз нан алып келсин, ыйык кызмат кылуучу анын нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыгын да Теңирдин алдына алып келсин.

18 Назир болгон адам жыйын чатырынын алдына келип, назирлигин билдирген чачын алып, өрттөлүп жаткан тынчтык курмандыгынын астындагы отко салсын.

19 Назир өзүнүн назирлигин билдирген чачын алгандан кийин, ыйык кызмат кылуучу кочкордун бышкан санын, себеттеги ачыткысыз нандан бирди, ачыткысыз токочтон бирди алып, анын колуна берсин.

20 Анан ыйык кызмат кылуучу аларды Теңирдин алдында силкилдетсин. Силкилдетиле турган төш менен өйдө көтөрүлө турган сандан тышкары бул ыйык курмандык да ыйык кызмат кылуучуга таандык. Назир болгон адам ушундан кийин гана шарап ичсе болот.

21 Назир болууга сөз берген адам жөнүндөгү, назирлиги үчүн алып келе турган курмандыгы жөнүндөгү, андан сырткары мүмкүнчүлүгүнө жараша алып келе турган курмандыгы жөнүндөгү мыйзам ушул. Ал назирлик жөнүндөгү мыйзамда жазылгандан сырткары кандай убада берсе, ошону аткарсын”».

Ыйык кызмат кылуучулардын батасы

22 Теңир Мусага дагы мындай деди:

23 «Арунга жана анын уулдарына айт, алар Ысрайыл уулдарына мындай деп бата беришсин:

24 “Теңир сага батасын берсин, сени сактасын!

25 Теңир сени мээримдүү жүзү менен карасын, сага ырайым кылсын!

26 Теңир сага назарын салсын, сага тынчтык берсин!”

27 Алар Менин атымдан Ысрайыл уулдарына ушинтип бата беришсин, ошондо Мен аларга батамды берем».

7-БӨЛҮМ

Уруу башчыларынын курмандыктары

1 Муса жыйын чатырын орноткондон кийин, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлоочу май менен ыйыктады. Анан курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап ыйыктады.

2 Анан Ысрайыл урууларын санап чыккан уруу башчылары келишти. Алар – Ысрайылдын он эки уруусунун башчылары.

3 Алар Теңирдин алдына курмандыкка он эки өгүзгө чегилген чүмкөмө алты майдан араба алып келип, жыйын чатырынын алдына коюшту. Алардын ар бири бирден өгүз чыгарды, ал эми эки башчы биригип бирден майдан араба чыгарды.

4 Анан Теңир Мусага мындай деди:

5 «Алардын курмандыктарын ал, алар жыйын чатырынын жумуштарына керек, аларды лебилерге кызматына жараша бөлүштүрүп бер».

6 Муса майдан арабалар менен өгүздөрдү алып, лебилерге берди.

7 Гейиршондун уулдарына кызматына жараша эки майдан араба менен төрт өгүздү берди.

8 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын көзөмөлү астындагы Мераринин уулдарына кызматына жараша төрт майдан араба менен сегиз өгүздү берди.

9 Ал эми Кааттын уулдарына берген жок, анткени алардын кызматы – ыйыктын ыйыгын ийиндерине көтөрүп жүрүү, алар ыйыктын ыйыгын ийиндерине көтөрүп жүрүшү керек.

10 Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлай турган күнү уруу башчылары курмандыктарын алып келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына коюшту.

11 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Курмандык чалынуучу жайды ыйыкташ үчүн, күнүнө бирден уруу башчы өз курмандыктарын алып келсин».

12 Биринчи күнү Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон өз курмандыктарын алып келди.

13 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

14 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

15 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

16 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

17 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Аминадаптын уулу Нахшондун курмандыктары.

18 Экинчи күнү Исахар уруусунун башчысы Суардын уулу Натанаел өз курмандыктарын алып келди.

19 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

20 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

21 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

22 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

23 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Суардын уулу Натанаелдин курмандыктары.

24 Yчүнчү күнү Забулун уруусунун башчысы Хейлондун уулу Элийап өз курмандыктарын алып келди.

25 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

26 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

27 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

28 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

29 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Хейлондун уулу Элийаптын курмандыктары.

30 Төртүнчү күнү Рубейин уруусунун башчысы Шедейурдун уулу Элитсур өз курмандыктарын алып келди.

31 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

32 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

33 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир, букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

34 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

35 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Шедейурдун уулу Элитсурдун курмандыктары.

36 Бешинчи күнү Шымон уруусунун башчысы Суришадайдын уулу Шелумиел курмандыктарын алып келди.

36 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

38 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

39 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

40 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

41 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Суришадайдын уулу Шелумиелдин курмандыктары.

42 Алтынчы күнү Гат уруусунун башчысы Ребуелдин уулу Элийасап өз курмандыктарын алып келди.

43 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

44 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

45 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

46 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

47 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Ребуелдин уулу Элийасаптын курмандыктары.

48 Жетинчи күнү Эпрайым уруусунун башчысы Амийуттун уулу Элишама өз курмандыктарын алып келди.

49 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

50 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

51 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

52 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

53 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Амийуттун уулу Элишаманын курмандыктары.

54 Сегизинчи күнү Менаше уруусунун башчысы Пыдатсурдун уулу Гамлиел өз курмандыктарын алып келди.

55 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

56 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

57 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

58 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

59 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Пыдатсурдун уулу Гамлиелдин курмандыктары.

60 Тогузунчу күнү Бенжемин уруусунун башчысы Гидонинин уулу Абидан өз курмандыктарын алып келди.

61 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

62 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

63 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

64 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

65 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Гидонинин уулу Абидандын курмандыктары.

66 Онунчу күнү Дан уруусунун башчысы Амишадайдын уулу Ахиезер өз курмандыктарын алып келди.

67 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

68 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

69 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

70 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

71 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Амишадайдын уулу Ахиезердин курмандыктары.

72 Он биринчи күнү Ашыр уруусунун башчысы Охрандын уулу Пагиел өз курмандыктарын алып келди.

73 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

74 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

75 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

76 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

77 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Охрандын уулу Пагиелдин курмандыктары.

78 Он экинчи күнү Напталы уруусунун башчысы Эйнандын уулу Акира өз курмандыктарын алып келди.

79 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

80 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

81 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

82 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

83 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Эйнандын уулу Акиранын курмандыктары.

84 Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлаган күнү Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларынын алып келген курмандыктары мына булар: он эки күмүш чара, он эки күмүш табак, он эки алтын идиш.

85 Ар бир чаранын салмагы жүз отуз күмүш шекел, ар бир табактын салмагы жетимиш күмүш шекел. Ошентип, ыйык шекел менен эсептегенде, бул идиштердин жалпы салмагы эки миң төрт жүз күмүш шекел болду.

86 Түтөтүлүүчү заттар салынган он эки алтын идиштин ар биринин салмагы, ыйык шекел менен эсептегенде, он шекел болду. Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштердин алтынынын жалпы салмагы жүз жыйырма шекел болду.

87 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан он эки букачар, он эки кочкор, бир жылдык он эки козу, ошондой эле нан курмандыгына жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка он эки теке,

88 тынчтык курмандыгына бодо малдан бардыгы болуп жыйырма төрт букачар, алтымыш кочкор, алтымыш теке, бир жылдык алтымыш козу алып келишти. Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлагандан кийин алып келинген курмандыктар ушулар.

89 Муса Теңир менен сүйлөшүү үчүн жыйын чатырына киргенде, келишим сандыгынын капкагынын үстүндөгү эки керуптун ортосунан өзүнө сүйлөгөн Теңирдин үнүн угуп, Аны менен сүйлөштү.

8-БӨЛҮМ

Чырактар жөнүндө

1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

2 «Арунга мындай деп айт: “Ал чырактандын үстүндөгү жети чыракты күйгүзгөндө, чырак чырактандын алды жагына жарык берип тургудай болсун”».

3 Теңир Мусага кандай буйруса, Арун ошондой кылды: чырактандын үстүндөгү жети чыракты чырактандын алды жагына жарык берип тургудай кылып күйгүздү.

4 Чырактан өзөгүнөн баштап гүлдөрүнө чейин алтындан чегилип жасалган. Ал чырактанды Теңирдин Мусага көрсөткөн үлгүсү боюнча жасаган.

Лебилерди ыйык кызматка дайындоо

5 Теңир Мусага дагы мындай деди:

6 «Ысрайыл уулдарынын арасынан лебилерди бөлүп алып, аларды ыйыкта.

7 Аларды мындай кылып ыйыкта: аларга ыйыктоочу суудан чач. Алар денесиндеги түктөрүн устара менен кырып, кийимдерин жуушсун, ошондо таза болушат.

8 Анан бир букачар, буудай унунан зайтун майы кошулуп жасалган нан курмандыгын, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка дагы бир букачар алып келишсин.

9 Анан лебилерди жыйын чатырынын алдына алып келип, Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын чогулт.

10 Анан лебилерди Теңирдин алдына алып кел, Ысрайыл уулдары колдорун лебилердин башына коюшсун.

11 Арун болсо Ысрайыл уулдарынын арасынан бөлүнүп алынган лебилерди Теңирдин алдында кызмат кылуу үчүн, Теңирге арнасын.

12 Лебилер болсо колдорун букачарлардын башына коюшсун. Анан букачарлардын бирин күнөө үчүн курмандыкка чал, лебилерди күнөөсүнөн тазалоо үчүн, экинчисин Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал.

13 Анан лебилерди Арундун алдына, анын уулдарынын алдына коюп, аларды Теңирге арна.

14 Ошентип, лебилер Меники болушу үчүн, лебилерди Ысрайылдан бөлүп ал.

15 Сен аларды ыйыктап, Мага арнагандан кийин гана алар жыйын чатырына кызмат кылуу үчүн киришет. Анткени Ысрайыл уулдарынын ичинен алар Мага берилген.

16 Мен аларды Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна Өзүмө алдым.

17 Анткени Ысрайыл уулдарынын тун уулдары, малдарынын биринчи төлү Меники. Мисир жериндеги бардык тунгучтарды өлтүргөн күнү Мен аларды Өзүмө бөлүп алгам.

18 Ошондо Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна лебилерди алгам.

19 Мен Ысрайыл уулдарынын ичинен лебилерди Арундун жана анын уулдарынын карамагына бердим. Аларды Ысрайыл уулдары үчүн жыйын чатырында кызмат кылууга жана Ысрайыл уулдары жыйын чатырына кирип өлүп калбашы үчүн, Ысрайыл уулдарын кайтарып турууга дайындадым».

20 Муса менен Арун жана Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты лебилерди дал ошондой кылышты. Теңир Мусага лебилер тууралуу кандай буйруса, Ысрайыл уулдары лебилерди ошондой кылышты.

21 Ошентип, лебилер тазаланышты, кийимдерин жуушту. Алар таза болушу үчүн, Арун аларды тазалады. Арун аларды Теңирге арнады.

22 Ошондон кийин гана лебилер Арундун жана анын уулдарынын алдында жыйын чатырында кызмат кылуу үчүн киришти. Теңир лебилер тууралуу Мусага кандай буйруса, алар так ошондой кылышты.

23 Теңир Мусага дагы мындай деди:

24 «Лебилер тууралуу мыйзам мындай: жыйырма беш жана андан жогорку жаштагы леби жыйын чатырында кызмат кылсын.

25 Ал эми элүү жашка чыкканда, кызмат кылуусун токтотсун, андан ары иштебесин.

26 Андан ары алар жыйын чатырын кайтарып, бир туугандарына жардам беришсин, бирок иштешпесин. Лебилер ушундай кылышсын».

9-БӨЛҮМ

Экинчи Пасах

1 Теңир Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккандан кийин, экинчи жылдын биринчи айында, Синай чөлүндө Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдары Пасах майрамын өзүнүн белгиленген убагында өткөрүшсүн.

3 Пасах майрамын ушул айдын он төртүнчү күнү кечинде, өзүнүн белгиленген убагында өткөргүлө. Аны бардык мыйзамы, тартиби боюнча өткөргүлө».

4 Анан Муса Ысрайыл уулдарына: «Пасахты өткөргүлө», – деди.

5 Ошондо алар биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Синай чөлүндө Пасах өткөрүштү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып өткөрүштү.

6 Ошол күнү өлгөн адамдын денесине кол тийгизип, таза эмес болгон адамдар да болду, ошондуктан алар Пасахты өткөрө алышкан жок. Ошол күнү алар Муса менен Арунга келип, мындай дешти:

7 «Биз өлгөн адамдын денесине кол тийгизип, таза эмес болуп калдык. Эмне үчүн бизди Ысрайыл уулдары менен бирге Теңирге белгиленген убакта курмандык алып келүү укугунан ажыратып жатышат?»

8 Ошондо Муса аларга: «Токтогула, силер тууралуу Теңир кандай буйрук берерин угайын», – деди.

9 Анан Теңир Мусага мындай деди:

10 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Эгерде силердин араңардан же силердин тукумуңардын ичинен кимдир бирөө өлгөн адамдын денесине тийип, таза эмес болуп калса, же болбосо алыскы сапарда жүрсө, ошондо да ал Теңирдин Пасахын өткөрүүгө тийиш.

11 Андай адамдар экинчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Пасахты ачыткысыз нан, ачуу чөп жеп өткөрүшсүн.

12 Пасахтын тамагынан эртең мененкиге калтырышпасын, анын сөөктөрүн сындырышпасын, Пасахты өзүнүн бардык эрежеси менен өткөрүшсүн.

13 Таза адам же сапарда жүрбөгөн адам Пасахты өткөрбөй койсо, ал эл арасынан жок кылынсын, анткени белгиленген убакта ал Теңирге курмандык алып келген жок, өз күнөөсүн өзү көтөрсүн.

14 Эгерде силердин араңарда келгин жашаса, ал да Теңирдин Пасахын өткөрүүгө тийиш. Ал аны бардык мыйзамы, тартиби менен өткөрүүгө тийиш. Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бирдей мыйзам болсун».

Багыт берүүчү булут

15 Жыйын чатырын орноткон күнү жыйын чатырын булут каптап, ал жыйын чатырынын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин от сыяктуу болуп турду.

16 Дайыма ушундай болуп турду. Ал күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы болуп турду.

17 Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу, булут токтогон жерге Ысрайыл уулдарынын станы токточу.

18 Ысрайыл уулдары Теңирдин буйругу боюнча жолго чыгышчу, Теңирдин буйругу боюнча токтошчу. Булут жыйын чатырынын үстүндө канча турса, алар да ошончо турушчу.

19 Эгерде булут жыйын чатырынын үстүндө узак убакытка туруп калса, анда Ысрайыл уулдары Теңирдин ушул буйругу боюнча токтоп турушчу.

20 Кээде булут жыйын чатырынын үстүндө аз эле убакыт турчу, ошондо алар Теңирдин буйругу боюнча токтошчу, Теңирдин буйругу боюнча жолго чыгышчу.

21 Кээде булут жыйын чатырынын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин туруп, таң атканда көтөрүлчү, ошондо алар жолго чыгышчу же булут бир күн, бир түн туруп көтөрүлгөндө, алар жолго чыгышчу.

22 Булут жыйын чатырынын үстүндө эки күн, же бир ай, же бир нече күн турганда, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу эмес, ал көтөрүлгөн кезде гана алар жолго чыгышчу.

23 Алар Теңирдин көрсөтмөсү боюнча токтошчу, Теңирдин көрсөтмөсү боюнча жолго чыгышчу. Алар Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча Теңирдин көрсөтмөсүн аткарышчу.

10-БӨЛҮМ

Күмүш сурнайлар

1 Теңир Мусага дагы мындай деди:

2 «Күмүштөн эки сурнай жаса, аларды чегип жаса. Сурнайларды сен жамаатты чакырыш үчүн, станды ордунан жылдырыш үчүн колдон.

3 Сурнайлар тартылганда, бүткүл жамаат жыйын чатырынын алдына чогулат.

4 Бир сурнай тартылганда, төрөлөр менен Ысрайылдын миң башылары чогулат.

5 Сурнайды үзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын чыгыш тарабында турган стандар козголот.

6 Сурнайды экинчи ирет үзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын түштүк тарабында турган стандар козголот. Стан жолго чыгарда, сурнайларды үзүп-үзүп тартышсын.

7 Элди жыйынга чакырарда, сурнайларды үзбөй тарткыла.

8 Сурнайларды Арундун уулдары – ыйык кызмат кылуучулар гана тартышсын. Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.

9 Жериңерге кол салган душмандарыңар менен согушарда, сурнайларыңарды үзүп-үзүп тарткыла, ошондо Кудай-Теңириңер силерди эстеп, душмандарыңардан куткарат.

10 Көңүл ачкан күндөрүңөрдө, майрамдарыңарда, ай жаңырганда, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалганыңарда, сурнайларыңарды тарткыла. Бул сурнай силерди Кудайыңар эсине алышы үчүн тартылат. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

Ысрайылдыктардын жол жүрүү тартиби

11 Экинчи жылдын экинчи айынын жыйырманчы күнү жыйын чатырынын үстүнөн булут көтөрүлдү.

12 Ошондо Ысрайыл уулдары станы менен Синай чөлүнөн чыгышты. Булут болсо Паран чөлүнө келип токтоду.

13 Ошентип, алар биринчи жолу Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча жолго чыгышты.

14 Биринчи болуп Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Аминадаптын уулу Нахшон турду.

15 Исахар уруусунун кошуун башында Суардын уулу Натанаел турду.

16 Забулун уулдарынын кошуун башында Хейлондун уулу Элийап турду.

17 Жыйын чатыры чечилгенден кийин, аны Гейиршон уулдары менен Мерари уулдары көтөрүп жөнөштү.

18 Анан Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Шедейурдун уулу Элитсур турду.

19 Шымон уулдарынын кошуун башында Суришадайдын уулу Шелумиел турду.

20 Гат уулдарынын кошуун башында Ребуелдин уулу Элийасап турду.

21 Андан кийин ыйык жайды көтөргөн Кааттын уулдары жөнөштү. Жыйын чатырын болсо алар келгиче орнотуп коюшчу.

22 Анан Эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амийуттун уулу Элишама турду.

23 Менаше уулдарынын кошуун башында Пыдатсурдун уулу Гамлиел турду.

24 Бенжемин уулдарынын кошуун башында Гидонинин уулу Абидан турду.

25 Акыркы болуп Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амишадайдын уулу Ахиезер турду.

26 Ашыр уулдарынын кошуун башында Охрандын уулу Пагиел турду.

27 Напталы уулдарынын кошуун башында Эйнандын уулу Акира турду.

28 Ысрайыл уулдарынын кошуундары ушундай тартип менен жолго чыгышты.

29 Ошондо Муса мидиандык тууганы Ребуелдин уулу Хобапка мындай деди: «Биз азыр Теңир берем деп убада кылган жерге жөнөйбүз. Биз менен жүр, биз сага жакшылык кылабыз, анткени Теңир Ысрайылга жакшылык убада кылган».

30 Бирок ал: «Барбайм, мен өз жериме, өз мекениме барам», – деди.

31 Ошондо Муса ага мындай деди: «Бизди таштаба, анткени сен станыбызды чөлдө кантип жайгаштырып жатканыбызды билесиң, бизге жол көрсөтүүчү бол.

32 Эгерде биз менен барсаң, Теңирдин бизге кыла турган жакшылыгына үлүштөш болосуң».

33 Анан алар Теңирдин тоосунан жолго чыгып, үч күн жол жүрүштү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр кошуун токтой турган жерди табыш үчүн, үч күн бою алдыда жол жүрүштү.

34 Алар жолго чыкканда, күндүз Теңирдин булуту аларга жол көрсөтүп турду.

35 Келишим сандыгын көтөргөндөр жолго чыкканда, Муса мындай дечү: «Теңир, ордуңан тур! Сен ордуңан турганда, Сенин душмандарың чачырап кетсин, Сени жек көргөндөр Сенин жүзүңдөн качсын!»

36 Келишим сандыгын көтөргөндөр токтогондо, Муса мындай дечү: «Теңир, миңдеген, түмөндөгөн Ысрайыл уулдарына кайрылып кел!»

11-БӨЛҮМ

Табейрадагы Теңирдин оту

1 Эл Теңирге наалый баштады. Теңир алардын наалыганын угуп, каарданды. Теңирдин оту түшүп, станды четинен жок кыла баштады.

2 Ошондо эл Мусаны жардамга чакырды. Муса Теңирге сыйынды, от өчтү.

3 Ушул жерде аларга Теңирдин оту түшкөндүктөн, ал жерди Табейра деп аташты.

Жетимиш аксакал

4 Алардын арасындагы бөтөн элдер тамакты эңсей башташты. Аларга кошулуп Ысрайыл уулдары да отуруп алып, мындай деп ыйлай башташты: «Бизди ким этке тойгузат?

5 Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, коон, пияз, көк пияз, сарымсак эсибизден кетпейт.

6 Азыр болсо алыбыз кетип баратат, маннадан башка жегенге эч нерсе жок».

7 Маннанын сырткы көрүнүшү кориандр дарагынын уругуна, түсү жыпар жыттуу чайырдыкына окшош эле.

8 Эл аны терип алып, жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, казанга салып, токоч жасачу, анын даамы зайтун майы кошулган токочтун даамындай эле.

9 Стан жайгашкан жерге түнкүсүн шүүдүрүм түшкөндө, манна да түшчү.

10 Муса ар бир үй-бүлөнүн өз чатырынын алдында ыйлап отурганын укту. Ошондо Теңир катуу каарданды, Муса да буга кайгырды.

11 Анан Муса Теңирге мындай деди: «Эмне үчүн Өз кулуңду кыйнап жатасың? Эмне үчүн мен Сенин алдыңда ырайым таппадым? Эмне үчүн бүт элдин түйшүгүн мага жүктөп жатасың?

12 Сен бул элдин ата-бабаларына берем деп, ант менен убада кылган жерге мени бала багуучу аял сыяктуу бул элди колуңа көтөрүп алып бар дегидей, бул элди курсагыма мен көтөрүп, мен төрөдүм беле?

13 Бул элдин баарына жеткидей этти кайдан табам? Анткени булар мага: “Бизге эт бер”, – деп ыйлап жатышат.

14 Мен бүт элди жалгыз көтөрүп жүрө албайм, бул мен үчүн оор.

15 Мага ушундай кылганыңдан көрө, мени өлтүрүп салганың артык. Эгер мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, азап тартпайын».

16 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мага Ысрайыл аксакалдарынын ичинен жетимиш киши чогултуп кел. Алар сен билген уруу аксакалдары менен көзөмөлдөөчүлөрү болсун. Алар сени менен кошо жыйын чатырынын алдында турушсун.

17 Ошондо Мен келип, сени менен сүйлөшөм. Элдин түйшүгүн сен жалгыз көтөрбөй, сени менен бирге алар да көтөрүшү үчүн, сенин үстүңдөгү Рухтан алып, аларга салам.

18 Элге болсо мындай де: “Эртеңки күнгө даярдангыла, эртең эт жейсиңер. Анткени силер Теңирге: «Бизди ким этке тойгузат? Бизге Мисирде жакшы болчу», – деп ыйлагансыңар. Эми Теңир силерге эт берет, силер эми эт жейсиңер.

19 Силер эми этти бир эле күн эмес, эки күн эмес, беш күн эмес, он күн эмес, жыйырма күн эмес,

20 толук бир ай жейсиңер. Силердин араңарда турган Теңирди жек көрүп: «Мисирден эмнеге чыктык экен?» – деп, Анын алдында ыйлаганыңар үчүн, этти кекиртегиңерден чыккыча, көңүлүңөр калгыча жейсиңер”».

21 Ошондо Муса мындай деди: «Бул элдин саны алты жүз миң, алардын арасында мен да бармын. Сен болсо: “Мен буларга эт берем, бир ай бою эт жешет”, – дейсиң.

22 Койлор менен өгүздөрдүн баарын сойсок да, буларга жетмек беле? Деңиздеги балыктардын баарын кармап келсек да, буларга жетмек беле?»

23 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Теңирдин колу кыска эмес. Менин сага айткан сөзүм аткарылабы, жокпу, азыр көрөсүң».

24 Муса чыгып, Теңирдин сөзүн элге айтып берди. Анан эл аксакалдарынын ичинен жетимиш кишини чогултуп алып, жыйын чатырынын жанына койду.

25 Ошондо Теңир булут ичинде келип, Муса менен сүйлөшүп, анын үстүндөгү Рухтан алып, жетимиш аксакалга салды. Алардын үстүнө Рух түшөр замат пайгамбарчылык кыла башташты, анан кайра токтоп калышты.

26 Элдат жана Мейдад деген эки аксакал станда калып калышкан. Бирок аларга да Рух түштү, алар да станда пайгамбарчылык кылып жатышты.

27 Ошондо бир улан чуркап келип, Мусага: «Элдат менен Мейдад станда пайгамбарчылык кылып жатышат», – деди.

28 Мусанын тандалган кызматчыларынын бири Нундун уулу Жашыя Мусага: «Муса мырзам! Аларды токтот», – деди.

29 Бирок Муса ага мындай деди: «Мен үчүн кызганып жатасыңбы? О, Теңиримдин бардык эли пайгамбар болуп калса кана! Теңирим аларга Өз Рухун берсе кана!»

30 Анан Муса Ысрайылдын бардык аксакалдары менен станга кайтты.

Бөдөнөлөр жана жара

31 Теңир шамал жиберип, деңиз тараптан бөдөнөлөрдү айдап, алардын стандарынын жанына таштады. Бөдөнөлөр стандын бир тарабынан бир күндүк жолго чейин, экинчи тарабынан да бир күндүк жолго чейин, эки чыканак бийиктикте каптап калды.

32 Эл ошол күнү кечке, ошол түнү жана эртеси күнү кечке бөдөнө жыйнады. Аз жыйнады дегени он хомерден жыйнады. Алар бөдөнөлөрдү кошуундун тегерегине жыйып алышты.

33 Эл этти чайнап жута электе, Теңирдин каары кайнап, өтө катуу оору жиберип, элди кыйратты.

34 Ал жерди Киброт-Атаап деп аташты, анткени ал жерде кесирлүү элди көмүштү.

35 Эл Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко келип, ошол жерде токтоп калды.

12-БӨЛҮМ

Мириямдын жазаланышы

1 Муса эфиопиялыктардан аял алды. Эфиопиялыктардан аял алганы үчүн, Мириям менен Арун аны жемеледи.

2 Алар мындай деп айтышты: «Теңир Мусага эле сүйлөдү беле? Ал бизге деле сүйлөбөдү беле?» Ошондо бул сөздү Теңир укту.

3 Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон.

4 Теңир күтүлбөгөн жерден Мусага да, Арунга да, Мириямга да мындай деди: «Yчөөңөр тең жыйын чатырына келгиле». Үчөө тең жыйын чатырына келди.

5 Теңир булут мамынын ичинде келип, жыйын чатырынын алдына туруп калды да, Арун менен Мириямды чакырды. Алар келишти.

6 Ошондо Теңир мындай деди: «Менин сөзүмө кулак салгыла. Эгерде силердин араңарда Теңирдин пайгамбары бар болсо, анда Мен ага көрүнүштөрдө ачылып, аны менен түштөрүндө сүйлөшөм.

7 Бирок Өзүмдүн кулум Мусага андай кылбайм, анткени ал – Менин бүт элимдин ичинен ишенимдүү киши.

8 Мен аны менен табышмактатпай, оозмо-ооз, ачык сүйлөшөм, ал Теңирдин бейнесин да көрүп турат. Силер Менин кулум Мусаны жемелегенден кантип корккон жоксуңар?»

9 Теңир аларга каарданып, кетип калды.

10 Булут мамысы жыйын чатырынан алыстап кетти. Ошондо Мириямды кардай ак пес оорусу каптап калды. Арун Мириямды караса, ал пес оорулуу болуп калыптыр.

11 Ошондо Арун Мусага мындай деди: «Муса мырзам! Биздин күнөөбүздү кечир, биз акылсыздыктан күнөө кылдык.

12 Аны энесинин ичинен чыга электе эле денесинин жарымы чирип, өлүү төрөлгөн баладай кылба».

13 Ошондо Муса Теңирге: «О Кудай, аны айыктыра көр!» – деп жалынып жиберди.

14 Теңир Мусага мындай деди: «Эгерде атасы анын бетине түкүрсө, анда ал жети күн уялып жүрмөк. Ошондуктан ал стандын сыртында жети күн камалып, анан кайтып келсин».

15 Мириям стандын сыртында жети күн камалды. Мириям кайрылып келгиче, эл жолго чыкпай, ордунда турду.

13-БӨЛҮМ

Чалгынчылар

1 Ошондон кийин эл Хатсейроттон чыгып, Паран чөлүнө келип токтоду.

2 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

3 «Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан Канаан жерин көрүп келүүгө киши жибер. Ар бир уруудан бирден киши жибер, алар уруу башчыларынан болсун».

4 Муса аларды Теңирдин буйругу боюнча Паран чөлүнөн жөнөттү, алардын баары Ысрайыл уулдарынын башчылары эле.

5 Алардын аттары мындай: Рубейин уруусунан Закурдун уулу Шамуя,

6 Шымон уруусунан Хоринин уулу Шапат,

7 Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,

8 Исахар уруусунан Жусуптун уулу Игал,

9 Эпрайым уруусунан Нундун уулу Ошуя,

10 Бенжемин уруусунан Рапанын уулу Палтий,

11 Забулун уруусунан Содинин уулу Гадиел,

12 Жусуптан тараган Менаше уруусунан Сусинин уулу Гади,

13 Дан уруусунан Гемалинин уулу Амиел,

14 Ашыр уруусунан Михаелдин уулу Сетур,

15 Напталы уруусунан Бопсинин уулу Нахбий,

16 Гат уруусунан Махинин уулу Гуел.

17 Муса жерди көрүп келүүгө жиберген адамдардын аттары ушулар. Ошондо Муса Нундун уулу Ошуяга Жашыя деген ат койду.

18 Муса аларды Канаан жерин көрүп келүүгө жөнөтүп жатып, мындай деди: «Түштүк тараптагы ошол өлкөгө барып, тоосуна чыгып,

19 жерин карап көргүлө. Анда жашаган эл күчтүүбү же алсызбы, көппү же азбы, билип келгиле.

20 Ал эл жашаган жер жакшыбы же жаманбы, жашаган шаарлары кандай, ал эл чатырларда жашайбы же чептүү жердеби, билип келгиле.

21 Ал жердин топурагы семизби, арыкпы, бак-дарак өсөбү же жокпу, билип келгиле. Кайраттуу болгула, ал жердин мөмө-жемиштеринен ала келгиле». Бул убак жүзүм бышкан маал эле.

22 Ошентип, алар жолго чыгып, Син чөлүнөн Хаматтын жанындагы Рехопко чейинки жерлерди карап чыгышты.

23 Анан түштүктү карай бет алып, Анактын тукумдары Акиман, Шейшай, Талмай жашаган Хебронго чейин барышты. Хеброн болсо Мисирдеги Соан шаарынан жети жыл мурда курулган эле.

24 Анан Эшкол өрөөнүнө барып, бир шиңгил жүзүмдү кыйып алып, шыргыйга илип, эки киши көтөрдү. Алар анар, анжыр мөмөлөрүн да алышты.

25 Ысрайыл уулдары ошол жерден жүзүм шиңгилин кыйып алгандыктан, ал өрөөндү Эшкол деп аташты.

26 Ошентип, алар жерди карап чыгып, кырк күндөн кийин кайтып келишти.

27 Алар Паран чөлүнө, Кадешке, Муса менен Арунга жана Ысрайыл уулдарынын жамаатына келип, аларга көргөндөрүн айтып беришти жана ал жердин жемиштерин көрсөтүштү.

28 Алар Мусага мындай деп айтып беришти: «Сен бизди жиберген жерге барып келдик, чын эле, ал жер сүт менен бал аккан жер экен, ал жердин жемиштери мына.

29 Бирок ал жерде жашаган эл күчтүү экен, шаарлары да өтө чоң, чеп менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын тукумун да көрдүк.

30 Ал жердин түштүк жагында амалыктыктар, тоолорунда хеттиктер, жебустуктар жана аморлуктар, деңиз жээги менен Иордан боюнда канаандыктар жашашат экен».

31 Бирок Калеп Мусанын алдында турган элди тынчтандырып: «Жүргүлө, ал жерди ээлеп алалы, анткени биз ал жерди оңой эле басып ала алабыз», – деди.

32 Аны менен барып келгендер болсо: «Жок, биз ал жердин элдерине каршы бара албайбыз, анткени алар бизден алда канча күчтүү экен», – дешти.

33 Ошентип, алар карап келген жерлери жөнүндө Ысрайыл уулдарынын арасына мындай жаман сөз таратышты: «Биз карап чыккан жерлер кызыл кыргын, кара сүргүн кетпеген жерлер экен, биз көргөн кишилердин бардыгы алп кишилер экен.

34 Ал жерден биз Анактын алп тукумунан чыккан алптарды көрдүк, алардын жанында биз өзүбүздү чегирткедей сездик, алардын көзүнө да чегирткедей көрүндүк».

14-БӨЛҮМ

Ысрайыл элинин наалышы

1 Ошондо бүт жамаат боздоп жиберди, эл ошол түнү ыйлап чыкты.

2 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Муса менен Арунга мындай деп наалыды: «О, ушундан көрө Мисир жеринде же ушул чөлдө эле өлүп калсак эмне.

3 Теңир бизди ал жерге кылычтан өлсүн деп алып бара жатабы? Эми аялдарыбыз менен балдарыбыз душманга олжо болот. Андан көрө Мисирге кайтканыбыз оң эмеспи?»

4 Анан алар бири-бирине: «Өзүбүзгө башчы шайлап алып, Мисирге кайра кетели», – дешти.

5 Ошондо Муса менен Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатынын алдында жүзтөмөндөп жыгылышты.

6 Ал жерди көрүп келгендердин ичинен Нундун уулу Жашыя менен Жепундун уулу Калеп да кийимдерин айрып жиберишип,

7 Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай дешти: «Биз көрүп келген жер абдан сонун жер экен.

8 Эгерде Теңир бизге ырайым кыла турган болсо, анда бизди ал жерге Өзү алып барат. Сүт менен бал аккан ошол жерди бизге берет.

9 Болгону, Теңирге каршы чыкпагыла, ал жердин элинен коркпогула, биз ал элди жеңип алабыз, анткени алардын коргоочусу жок. Ал эми биз менен Теңир бара жатат, ошондуктан алардан коркпогула».

10 Ошондо бүт жамаат: «Буларды таш бараңга алыш керек!» – деп кыйкырды. Бирок Теңирдин даңкы жыйын чатырынын үстүнө келип, бүт Ысрайыл уулдарына көрүндү.

Мусанын эл үчүн арачылык кылуусу

11 Ошондо Теңир Мусага: «Бул эл Мени качанкыга чейин каардантат? Мен аларга кереметтерди көрсөткөндөн кийин да, Мага ишенбей жүрө беришеби?

12 Мен аларды жугуштуу оору каптатып жок кылам да, сенден алардан көбүрөөк, күчтүүрөөк эл жаратам», – деди.

13 Бирок Муса Теңирге мындай деди: «Бул элди Өз кубатың менен өздөрүнүн арасынан алып чыккан Сен экениңди билген мисирликтер бул жөнүндө угуп,

14 бул жердин тургундарына айтышат. Алар Сенин Теңир экениңди, бул элдин арасында жүргөнүңдү, Өзүңдүн жүзүңдү аларга көрсөткөнүңдү, алардын үстүндө Сенин булутуң турганын жана Сен алардын алдында күндүз булут мамынын ичинде, түнкүсүн от мамынын ичинде баратканыңды уккан ошол жердин элине айтышат.

15 Эгерде Сен бул элди бир кишини жок кылгандай кырып салсаң, анда Сенин даңкыңды угушкан ошол элдер:

16 “Теңир бул элди Өзү ант менен убада кылган жерге алып бара албай, чөлдө кырып салды”, – деп айтышат.

17 Ошондуктан Теңирдин күчүнүн даңкы чыксын, анткени Сен минтип айткансың:

18 “Теңир чыдамдуу, абдан боорукер, мыйзамсыздыкты да, кылмышты да кечирет, жазасыз да калтырбайт, ата-бабаларынын мыйзамсыздыгы үчүн балдарын үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалайт”.

19 Сен бул элдин күнөөсүн Мисирден чыккандан баштап ушул күнгө чейин улуу ырайымың менен кечирип келе жатканыңдай, эми да кечир».

20 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сенин сөзүң боюнча кечирейин.

21 Мен тирүүмүн, ошондуктан бүт жер жүзү Теңирдин даңкына толуп турат.

22 Менин Мисирде жана чөлдө көрсөткөн даңкым менен кереметтеримди көргөндөрдүн бардыгы Мени он жолу сынашты, Менин үнүмдү укпай коюшту.

23 Алардын ата-бабаларына берем деп, ант менен убада кылган жерди алар көрүшпөйт. Мени каарданткандардын бардыгы ал жерди көрбөйт.

24 Бирок Менин кулум Калепте башка рух болгондуктан, ал Мага толук баш ийгендиктен, Мен аны өзү барып келген жерге алып барам, анын тукуму да ал жерди мурастайт.

25 Амалыктыктар менен канаандыктар өрөөндө жашашат. Эртең артка кайтып, Кызыл деңизге барчу жол менен чөлгө кеткиле».

Наалыган элдин жазаланышы

26 Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

27 «Бул ниети жаман эл Мага качанкыга чейин наалыйт? Ысрайыл уулдарынын Мага наалыганын угуп жатам.

28 Аларга мындай деп айтып кой: “Мен тирүүмүн, – дейт Теңир, – Мага кандай айтсаңар, так ошондой кылам.

29 Өлүгүңөр ушул чөлдө калат, Мага наалыганыңар үчүн эсепке кирген жыйырма жана андан жогорку жаштагыларыңардын баары өлүп, ушул чөлдө каласыңар.

30 Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башкаңар Мен колумду көтөрүп, алып барам деп ант берген жерге кирбейсиңер.

31 Душмандын колуна түшүп олжо болот деген балдарыңарды Мен ошол жерге алып барам, алар силер жек көргөн жерди көрүшөт.

32 Ал эми силердин өлүгүңөр ушул чөлдө калат.

33 Балдарыңар чөлдө кырк жыл көчүп-конуп жүрүшөт. Баарыңар чөлдө өлүп бүткөнгө чейин, алар силердин ишенимсиздигиңер үчүн азап тартышат.

34 Силер жерди кырк күн карап чыктыңар. Өзүңөрдүн күнөөлөрүңөр үчүн ошол күндөрдүн санына жараша кырк жыл жазаланасыңар, бир күн үчүн бир жыл. Мен таштап койгондо кандай болорун ошондо билесиңер.

35 Мен, Теңир, Мага каршы чыккан ушул ниети жаман элге айтканымды аткарам: алардын бардыгы мына ушул чөлдө кырылып жок болушат”».

36 Муса жерди карап келгени жиберген адамдар кайра кайтып келип, бүт жамаатты Мусага каршы тукуруп, жер жөнүндө жаман сөз таратышты.

37 Жер жөнүндө жаман сөз тараткан бул адамдар Теңирдин алдында жазаланып өлүштү.

38 Жерди карап келгендердин ичинен Нундун уулу Жашыя менен Жепундун уулу Калеп гана тирүү калды.

Убада кылынган жерди басып алууга аракет кылуу

39 Анан Муса ушул сөздөрдү Ысрайыл уулдарына айтып берди. Ошондо эл кайгыга батты.

40 Анан эртең менен эрте туруп, тоонун башына чыгып, мындай деп айтышты: «Эми биз Теңир айткан жерге барабыз, биз, чын эле, күнөөгө баттык».

41 Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эмне үчүн силер Кудайдын буйругун укпай жатасыңар? Мунуңар ийгилик алып келбейт.

42 Барбагыла, анткени араңарда Теңир жок, душманыңардан жеңилип каласыңар.

43 Ал жерден силерге амалыктыктар менен канаандыктар каршы чыгышат, алардын кылычынан өлөсүңөр, анткени силер Теңирди таштап койдуңар, ошондуктан Теңир силер менен болбойт».

44 Бирок алар болбой эле тоого чыга башташты. Ал эми Теңирдин келишим сандыгы менен Муса станда калды.

45 Ошондо ошол тоодо жашаган амалыктыктар менен канаандыктар аларды талкалап, Хормага чейин кууп барышты.

15-БӨЛҮМ

Курмандыктар жөнүндө мыйзам

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Силер Мен берип жаткан жерге киргениңерде,

3 Теңирге жыты жаккан курмандык алып келүү үчүн, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, же убада боюнча, же өз каалоосу боюнча чалынуучу курмандыкка, же майрамдарда чалынуучу курмандыкка бодо жана майда малдан чаласыңар.

4 Ошондо Теңирге арнап курмандык чалуучу адам нан курмандыгына гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келиши керек.

5 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка же башка курмандыктарга чалынуучу козуларды алып келгенде, ар бир козу менен кошо куюлуучу курмандыкка гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

6 Курмандыкка чалынуучу кочкор менен кошо нан курмандыгына гиндин үчтөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун алып кел.

7 Жыты Теңирге жаккан куюлуучу курмандыкка гиндин үчтөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

8 Эгерде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, же убада боюнча чалынуучу курмандыкка, же тынчтык курмандыгына жаш өгүз алып келе турган болсоң,

9 анда өгүз менен бирге нан курмандыгына жарым гин зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун,

10 ошондой эле жыты Теңирге жаккан куюлуучу курмандыкка жарым гин шарап алып кел.

11 Өгүз, кочкор, козу же улак алып келген сайын ушундай кыл.

12 Алып келген ар бир курмандыгыңардын санына жараша ушундай өлчөмдөгү курмандыктарды кошуп алып келгиле.

13 Жыты Теңирге жаккан курмандык алып келген Ысрайыл элинин ар бир тургуну мына ушундай кылсын.

14 Эгерде силердин араңарда жашаган келгин же силердин урууңарда жашаган ким болбосун, жыты Теңирге жаккан курмандык алып келе турган болсо, ал да силер кылганды кылсын.

15 Теңирдин жамааты болгон силер үчүн да, силердин араңарда жашаган келгин үчүн да бирдей мыйзам, бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Силер Теңирдин алдында кандай болсоңор, келгиндер да ошондой.

16 Силерге да, силердин араңарда жашаган келгинге да мыйзам менен укук бирдей”».

17 Теңир Мусага мындай деди:

18 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен силерди алып бара жаткан жерге барганыңарда,

19 ал жердин нанын жегениңерде, Теңирге арнап курмандык алып келгиле.

20 Биринчи камырыңардан жасалган токочту өйдө көтөрүлүүчү курмандыкка алып келгиле. Аны кырмандан алып келген курмандык сыяктуу өйдө көтөргүлө.

21 Биринчи камырыңардан жасалган токочту Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келгиле. Укум-тукумуңар да ушундай кылсын.

22 Эгерде Теңирдин Мусага айткан осуяттарынын баарын билбестиктен бузсаңар,

23 Теңирдин Муса аркылуу осуяттаган күнүнөн тартып, Теңирдин осуяттарынын баарын аткарбасаңар, кийинки тукумуңар аткарбаса,

24 эгерде жамааттын байкабастыгынан жаңылыштык кеткен болсо, анда бүт жамаат жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жаш өгүз, аны менен кошо белгиленген санда нан курмандыгын жана куюлуучу курмандык алып келсин, ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келсин.

25 Анан ыйык кызмат кылуучу Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын күнөөдөн тазаласын, ошондо аларга кечирим болот, анткени алар муну жаңылыштык менен кылышкан, ошондуктан алар өздөрүнүн күнөөсү үчүн, жаңылыштыгы үчүн Теңирге арнап, Теңирдин алдына курмандык алып келишсин.

26 Ошондо Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына жана алардын арасында жашаган келгиндерге кечирим болот, анткени муну жалпы эл жаңылыштык менен кылган.

27 Эгерде бир адам билбестиктен күнөө кылса, анда ал күнөөсү үчүн бир жылдык эчкини курмандыкка чалсын.

28 Билбестиктен күнөө кылган адамды ыйык кызмат кылуучу Теңирдин алдында тазаласын, ошондо ал тазаланат жана ага кечирим болот.

29 Билбестиктен күнөө кылган адам Ысрайыл уулдарынын жергиликтүү тургуну болобу, алардын арасында жашап жаткан келгин болобу, силерде бир мыйзам болсун.

30 Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, билип туруп күнөө кылса, анда ал Теңирге акарат келтирген болот. Ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын.

31 Анткени ал Теңирдин сөзүн жек көрүп, Анын осуятын бузду. Ал адам жок кылынсын, өз күнөөсү өз мойнунда”».

Ишембини бузуучу

32 Ысрайыл уулдары чөлдө жүргөндө, ишемби күнү отун терип жүргөн кишини көрүп калышты.

33 Көрүп калгандар отун терип жүргөн кишини Муса менен Арунга жана бүт жамаат алдына алып келип,

34 аны каматып коюшту, анткени аны эмне кылуу керек экени али аныктала элек болчу.

35 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Бул адам өлүм жазасына тартылсын. Аны стандын сыртына алып чыгып, бүт жамаат таш бараңга алсын».

36 Теңир Мусага буйругандай, бүт жамаат аны стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.

Чачылар жөнүндөгү эрежелер

37 Теңир Мусага мындай деди:

38 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Алар укумдан-тукумга кийимдеринин этегине чачыларды жасашсын, кийимдеринин этегиндеги ошол чачыларга көк жүндөн жасалган жип кошушсун.

39 Чачылардагы көк жип, силер аны көргөндө Теңирдин бардык осуяттарын эстеп, аткарышыңар үчүн, силерди бузуктукка түрткөн жүрөгүңөр менен көзүңөрдүн каалоосун аткарбашыңар үчүн,

40 Менин бардык осуяттарымды аткарышыңар үчүн, Кудайыңардын алдында ыйык болушуңар үчүн кошулат.

41 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин. Силердин Кудай-Теңириңер Менмин».

16-БӨЛҮМ

Корактын, Датандын жана Оондун жазаланышы

1 Лебинин, Кааттын, Итсардын уулу Корак, Рубейин уулдарынан Элийаптын уулдары Датан менен Абырам, Пелеттин уулу Оон Мусага каршы чыгышты.

2 Алар менен кошо Ысрайыл уулдарынын ичинен жыйынга чакырылган атактуу жамаат башчылары болгон эки жүз элүү адам каршы чыкты.

3 Алар чогулуп келип, Муса менен Арунга каршы мындай дешти: «Силердики жетишет, бүт жамаат ыйык, бардыгы ыйык, Теңир алардын арасында! Эмне үчүн силер өзүңөрдү Теңирдин элинен жогору коёсуңар?»

4 Муса муну укканда, жүзтөмөндөп жыгылды.

5 Анан ал Коракка жана анын таламдаштарына мындай деди: «Эртең Теңир ким Өзүнүкү экенин, ким ыйык экенин көрсөтөт, ошону Ал Өзүнө жакындатат. Өзү кимди тандаса, ошону Өзүнө жакындатат.

6 Мындай кылгыла: Корак жана анын таламдаштары, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алгыла.

7 Эртең ага от салып, анын үстүнө Теңир алдында түтөтүлүүчү заттарды салгыла. Ошондо Теңир кимди тандаса, ошол ыйык болот. Леби уулдары, силердики жетишет!»

8 Муса Коракка дагы мындай деди: «Леби уулдары, кулак салгыла.

9 Кудай силерди Ысрайыл жамаатынан бөлүп алып, Теңирдин жыйын чатырында жамаатка кызмат кылып турушуңар үчүн Өзүнө жакындатканы силерге аздык кылып жатабы?

10 Ал сени жана сени менен кошо бардык бир туугандарыңды, Леби уулдарын, Өзүнө жакындатты. Силер болсо ыйык кызмат кылуучулукка да умтулуп жатасыңар.

11 Ошон үчүн сен жамаатың менен Теңирге каршы чыгып жатасың. Арунга наалыгыдай, ал ким эле?»

12 Анан Муса Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды чакырганы киши жиберди. Бирок алар: «Барбайбыз!

13 Бизди чөлдө өлтүрүш үчүн, сүт менен бал аккан жерден алып чыкканың аздык кылабы? Эми сен бизге үстөмдүк кылгың барбы?

14 Сен бизди сүт менен бал аккан жерге жеткирген жоксуң. Жүзүмзарлар менен эгин талааларын энчибизге берген жоксуң. Сен бул элди алдагың барбы? Барбайбыз!» – дешти.

15 Ошондо Муса абдан капаланып, Теңирге кайрылды: «Булардын алып келген курмандыктарына көңүл бурба, мен булардан бир да эшек алган эмесмин, булардын эч бирине жамандык кылган эмесмин».

16 Анан Муса Коракка мындай деди: «Эртең сен бүт таламдаштарың менен Теңирдин алдында бол, сени менен кошо таламдаштарың жана Арун болсун.

17 Ар бириңер жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алып, ага түтөтүлүүчү зат салып, Теңирдин алдына алып келгиле, бардыгы эки жүз элүү идиш болсун. Арун экөөңөр да өз идишиңерди алып келгиле».

18 Ошондо ар бири өз идишин алып, чок салып, жыпар жыттуу зат салып, жыйын чатырынын алдында турушту. Муса менен Арун да турду.

19 Анан Корак аларга каршы бүт жамаатты жыйын чатырынын алдына чогултту. Ошондо бүт жамаатка Кудайдын даңкы келди.

20 Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

21 «Бул жамааттан бөлүнгүлө, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам».

22 Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, бардык адамдардын рухтарынын Кудайы! Бир киши күнөө кылса, бүткүл жамаатка каарданасыңбы?» – дешти.

23 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

24 «Жамаатка: Корактын, Датандын жана Абырамдын чатырларынан алыс тургула», – деп айт.

25 Муса ордунан туруп, Датан менен Абырамга барды, анын артынан Ысрайыл аксакалдары да барышты.

26 Анан Муса жамаатка мындай деди: «Бул мыйзамсыз адамдардын чатырларынан алыс тургула, буларга тийиштүү нерселердин эч бирине тийбегиле, болбосо булардын күнөөсү үчүн силер да өлүп каласыңар».

27 Ошондо алар Корактын, Датандын, Абырамдын чатырларынан алыс турушту. Датан менен Абырам аялдарын, уулдарын, кичинекей балдарын алып, чатырларынан чыгып, эшиктеринин алдында турушту.

28 Анан Муса мындай деди: «Бул иштердин баарын мен өз эрким менен эмес, Теңир жибергендиктен жасап жатканымды мындан билесиңер:

29 эгерде булар бардык адамдар өлгөн сыяктуу эле өлүшсө, бардык адамдардай эле жазаланышса, анда мени Теңир жиберген эмес болот.

30 Эгерде Теңир адаттан тыш нерсе кылып, жер араанын ачып, буларды жана булардын бардык нерселерин жутуп жиберсе, булар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй кирсе, анда бул адамдардын Кудайга акарат келтиргенин билесиңер».

31 Ушул сөздөрдү айтар замат алардын астындагы жер ачылды.

32 Жер араанын ачып, аларды үй-жайы менен, Корактын бардык кишилерин мал-мүлкү менен кошо жутту.

33 Ошентип, алар бардык мал-мүлкү менен өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй киришти, аларды жер басып калды. Ошентип, алар жамаат арасынан жок болушту.

34 Аларды тегеректеп турган бүт ысрайылдыктар алардын боздогон үнүн угуп: «Бизди да жер жутпасын», – деп качып жөнөштү.

35 Анан Кудайдан от түшүп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди алып келген эки жүз элүү эркекти жалмап кетти.

Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштер жөнүндө

36 Анан Теңир Мусага мындай деди:

37 «Арундун уулуна, ыйык кызмат кылуучу Элазарга, айт, ал өрттөнүп кеткендердин жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин чогултуп алып, ичиндеги чогун сыртка төгүп салсын, анткени алар ыйык болуп калды.

38 Бул күнөөкөрлөрдүн жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салгыла. Анткени алар жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди Теңирдин алдына алып келишкендиктен, идиштер ыйыкталып калды. Бул Ысрайыл уулдарына эскертүү болсун».

39 Теңир Элазарга Муса аркылуу айткандай, ыйык кызмат кылуучу Элазар өрттөнүп кеткендердин жез идиштерин алды да, курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салды.

40 Теңирдин алдына Арундун тукумунан башка бирөө жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиш алып келбеш үчүн, Ысрайыл уулдары да Корак менен анын таламдаштарындай болбош үчүн, аларды Ысрайыл уулдарына эскертүү кылыш үчүн ошентти.

Арундун элди куткарып калышы

41 Эртеси Ысрайыл уулдарынын бүткүл жамааты Муса менен Арунга: «Силер Теңирдин элин өлтүрдүңөр», – деп нааразы болду.

42 Муса менен Арунга каршы бүт жамаат чогулганда, алар жыйын чатырын карашса, жыйын чатырын булут каптап, Кудайдын даңкы келиптир.

43 Ошондо Муса менен Арун жыйын чатырына келди.

44 Теңир Мусага мындай деди:

45 «Бул жамааттан алыс тургула, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам». Бирок алар жүзтөмөндөп жыгылышты.

46 Ошондо Муса Арунга мындай деди: «Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишти алып, ичине курмандык чалынуучу жайдын чогунан салып, үстүнө түтөтүлүүчү зат салып, тезирээк жамаатка барып, аларды куткарып кал, анткени Теңирдин каары төгүлүп, алар кыйрай башташты».

47 Муса айткандай, Арун жамааттын ортосуна чуркап барса, эл кыйрай баштаган экен. Ошондо ал идишке түтөтүлүүчү зат салып, элди куткарып калды.

48 Ал өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосуна туруп калды, ошондо кыйроо токтоду.

49 Ошентип, Корактын иши боюнча өлгөндөрдөн сырткары кыйроодон он төрт миң жети жүз киши өлдү.

50 Кыйроо токтогондон кийин, Арун жыйын чатырынын алдына, Мусага кайтып келди.

17-БӨЛҮМ

Арундун таягынын гүлдөшү

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдары менен сүйлөшүп, ар бир уруунун уруу башчысынан бирден таяк ал. Ошол он эки таяктын ар бирине бирден уруунун атын жазып кой.

3 Арундун атын Леби уруусунун таягына жаз, анткени ар бир уруу башчысы бирден таяк берүүгө тийиш.

4 Аларды жыйын чатырынын ичиндеги Мен силер менен сүйлөшүп турган келишим сандыгынын алдына кой.

5 Мен кимди тандап алсам, анын таягы гүлдөп калат. Ысрайыл уулдарынын силерге наалыганын Мен ошентип токтотом».

6 Анан Муса Ысрайыл уулдары менен сүйлөштү. Ошондо алардын уруу башчылары бирден, жалпы он эки таяк беришти, алардын таягынын арасында Арундун таягы да бар эле.

7 Муса таяктарды жыйын чатырынын ичине, Теңирдин алдына алып барып койду.

8 Эртеси күнү Муса жыйын чатырына келип караса, Леби уруусундагы Арундун таягы бүчүр байлап, гүлдөп, бадам байлап калыптыр.

9 Анан Муса Теңирдин алдынан бардык таяктарды Ысрайыл уулдарына алып келди. Алар таяктарды карап көрүп, ар кимиси өз таягын алды.

10 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Баш ийбегендерге эскертүү белгиси болушу үчүн, Арундун таягын келишим сандыгынын алдына сактап кой, алардын Мага наалыганы токтосун, алар өлүп калышпасын».

11 Муса ошондой кылды, Теңир ага кандай буйруса, так ошондой кылды.

12 Ысрайыл уулдары Мусага мындай деп айтышты: «Мына, биз өлүп бара жатабыз, баарыбыз кыйрап бара жатабыз!

13 Теңирдин жыйын чатырына жакындагандар өлүп жатышат. Баарыбыз ушинтип кырылып калабызбы?»

18-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин милдеттери

1 Теңир Арунга мындай деди: «Сен жана уулдарың, укум-тукумуң ыйык жайга шалаакы мамиле кылгандардын күнөөсү үчүн жооп бересиңер. Сен жана уулдарың ыйык кызматыңарды туура эмес аткаргандыгыңар үчүн жооп бересиңер.

2 Ошондой эле Леби уруусундагы бир туугандарыңды, атаңдын уруусун өзүңө кошуп ал. Алар сенин кол алдыңда болуп, сага кызмат кылышсын, сен болсо уулдарың менен бирге жыйын чатырынын алдында бол.

3 Алар сага жана жыйын чатырында кызмат кылышсын, бирок алар ыйык жайдын буюмдарына жана курмандык чалынуучу жайга жакындашпасын, болбосо алар да, силер да өлүп каласыңар.

4 Алар сенин кол алдыңда болуп, жыйын чатырында кызмат кылышсын, жыйын чатырындагы бардык жумуштар алардын мойнунда, башка бирөө силерге жакын жолобосун.

5 Мындан ары Ысрайыл уулдарына Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, ыйык жайда жана курмандык чалынуучу жайда ушундай кызмат аткаргыла.

6 Анткени силердин бир туугандарыңар болгон лебилерди Мен Ысрайыл уулдарынын арасынан бөлүп алгам жана жыйын чатырында кызмат кылсын деп, аларды Теңирге тартуу катары силерге бергем.

7 Сен жана уулдарың көшөгөнүн ички жагында жана курмандык чалынуучу жайда ыйык кызматыңарды аткаргыла. Мен силерге ыйык кызмат кылуучулук кызматты тартуу катарында бердим. Ал кызматты башка бирөө аткарса, ал өлүм жазасына тартылсын».

Ыйык кызмат кылуучулардын үлүшү

8 Теңир Арунга дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын Мага арнап алып келген курмандыктарына көз салууну Мен сага тапшырдым. Аларды Мен сага жана сенин уулдарыңа ыйык кызматыңар үчүн үлүш кылып бердим. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын.

9 Өрттөлүүчү эң ыйык курмандыктардын ичинен сага тиешелүү курмандыктар булар: алардын Мага алып келген нан курмандыктары, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктары, айып үчүн чалынуучу курмандыктары. Бул – сен үчүн жана сенин уулдарың үчүн эң ыйык курмандык.

10 Аларды эң ыйык жерде жегиле, аларды бардык эркектер жесе болот. Бул сен үчүн ыйык нерсе болсун.

11 Ысрайыл уулдарынын өйдө көтөрө турган курмандыктарынын баары сага тиешелүү. Аларды Мен сага, сенин уулдарыңа, сенин кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Аларды сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы жесе болот.

12 Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген зайтун майынын, жүзүмү менен нанынын эң жакшысын, биринчи түшүмдөрүн Мен сага бердим.

13 Алардын Теңирге алып келген биринчи түшүмү сеники болсун. Сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы алардан жесе болот.

14 Ысрайыл жериндеги Теңирге арналгандын бардыгы сеники болсун.

15 Теңирге алып келинген тунгучтардын бардыгы: адам болобу, мал болобу, сеники болсун. Бирок адамдын тун баласы менен арам малдын биринчи төлүнүн куну төлөнсүн.

16 Алар үчүн төлөнө турган кунга: бир айдан жогоркулардан баштап өзүңдүн бааң боюнча беш күмүш шекел ал. Ыйык шекел менен алганда, бир шекел жыйырма герге барабар.

17 Бирок өгүздүн, койдун, эчкинин биринчи төлү үчүн кун алба, анткени алар ыйык. Алардын канын курмандык чалынуучу жайга чач, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттө.

18 Төш менен оң сан сыяктуу эле, өйдө көтөрүлө турган курмандыктын бардыгы сага тиешелүү.

19 Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келген курмандыктарынын бардыгын сага жана өзүң менен жашаган уулдарың менен кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Бул – сага жана сенин укум-тукумуңа Теңир алдында берилген түбөлүктүү туз келишими».

20 Теңир Арунга дагы мындай деди: «Алардын жеринде өз энчиң болбойт, алардын арасында өз үлүшүң да болбойт. Ысрайыл уулдарынын ичинен сенин үлүшүң да, энчиң да Менмин.

Лебилердин үлүшү

21 Бирок Мен Леби уулдарына алардын кызматы үчүн, жыйын чатырында кызмат кылганы үчүн, Ысрайылдын бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн үлүш кылып бердим.

22 Ысрайыл уулдары күнөөгө батып өлүп калбашы үчүн, мындан ары жыйын чатырына жакындашпасын.

23 Лебилер жыйын чатырында кызмат кылышсын, алардын күнөөсүн көтөрүшсүн. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт,

24 себеби Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ондуктарынын баарын Мен лебилерге үлүш катары бердим. Ошондуктан Мен аларга: “Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт”, – деп айткам».

25 Анан Теңир Мусага мындай деди:

Лебилердин ондугу

26 «Лебилерге мындай деп айт: “Мен силерге Ысрайыл уулдарынын ондуктарын үлүш кылып бердим, ошол ондуктардын ондугун Теңирге тартуулагыла.

27 Ошондо ширени жүзүмдүктөн, данды кырмандан силер алып келген болуп эсептелинесиңер.

28 Ысрайыл уулдарынан алган бардык ондугуңардан силер да Теңирге арнап алып келгиле, алардан алган ондуктун ондон бир бөлүгүн ыйык кызмат кылуучу Арунга бергиле.

29 Силерге тартуулаган бардык нерселердин ичинен эң жакшысын, ыйыгын Теңирге тартуулагыла”.

30 Анан аларга мындай де: “Силер эң жакшысын алып келгенде, ширени жүзүмдүктөн, данды кырмандан лебилер алып келген болуп эсептелинет.

31 Буларды силер үй-бүлөңөр менен каалаган жериңерде жесеңер болот, анткени бул – силердин жыйын чатырында кылган кызматыңардын акысы.

32 Алардын эң жакшысын алып келгиле, ошондо күнөөлүү болбойсуңар. Ысрайыл уулдарынын тартууларын булгабагыла, ошондо өлбөйсүңөр”».

19-БӨЛҮМ

Күрөң кунажын жөнүндө

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

2 «Теңирдин осуят кылган мыйзамы бул: “Ысрайыл уулдарына айт, алар сага кемчиликсиз, майып эмес, моюнтурук салынбаган күрөң кунажын алып келишсин.

3 Анан аны стандын сыртына алып чыгып, Элазардын көз алдында союшсун.

4 Анан ыйык кызмат кылуучу Элазар анын канына сөөмөйүн малып, жыйын чатырынын алдына жети жолу чачсын.

5 Анан кунажынды анын көз алдында өрттөшсүн: терисин да, этин да, канын да, кан-жинин да өрттөшсүн.

6 Анан ыйык кызмат кылуучу кедр жыгачын, иссоп жана кочкул кызыл жүндөн жасалган жип алып, күйүп жаткан кунажындын үстүнө таштасын.

7 Анан ыйык кызмат кылуучу кийимин жана денесин сууга жууп, станга келсин. Ал кечке чейин таза эмес болот.

8 Аны өрттөгөн адам кийимдерин, денесин сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

9 Анан таза адам өрттөлгөн кунажындын күлүн чогултуп, стандын сыртындагы таза жерге койсун. Ал Ысрайыл уулдарынын жамааты үчүн, тазартуучу суу үчүн сакталсын. Бул – күнөө үчүн чалынган курмандык.

10 Анан кунажындын күлүн чогулткан киши кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Бул Ысрайыл уулдары үчүн жана алар менен жашаган келгиндер үчүн түбөлүк мыйзам болсун.

Өлүккө тийген киши жөнүндө

11 Ким өлгөн кишинин денесине тийсе, ал жети күн таза эмес болот.

12 Бул суу менен ал өзүн үчүнчү жана жетинчи күнү тазаласын, ошондо таза болот. Эгерде ал үчүнчү күнү жана жетинчи күнү тазаланбаса, таза болбойт.

13 Өлгөн кишинин денесине колун тийгизип, бирок өзүн тазалабаган адам Теңирдин ыйык жайын булгаган болот, ал Ысрайыл элинин арасынан жок кылынсын, анткени ага тазартуучу суу чачылган эмес, ал таза эмес, анын таза эместиги өзүндө калды.

14 Мыйзам мындай: Эгерде адам чатырда өлсө, анда чатырга киргендин баары жана чатырдагылардын баары жети күн бою таза эмес болот.

15 Оозу байланбаган жана үстү жабылбаган ачык идиштердин баары таза эмес болот.

16 Талаада кылычтан өлгөн адамга же өлгөн адамга, же өлгөн адамдын сөөгүнө, же мүрзөсүнө тийген адам жети күн таза эмес болот.

17 Таза эмес адамды тазалаш үчүн, күнөө үчүн өрттөлгөн жанагы курмандыктын күлүн алып, идишке салып, үстүнө агын суудан куйсун.

18 Анан таза адам иссоптон бир тутам алып, аны сууга малып, чатырга жана чатырдын ичиндеги идиштерге, кишилерге, өлгөн адамдын сөөгүнө, же өлтүрүлгөн адамга, же өлгөн адамга, же табытка тийген адамга чачсын.

19 Таза адам таза эмес адамга үчүнчү жана жетинчи күнү ошентип чачсын, жетинчи күнү аны тазартсын. Анан ал кийимин, денесин суу менен жуусун, ал кечинде таза болот.

20 Ким таза эмес болуп туруп өзүн тазартпаса, ал эл ичинен жок кылынсын, анткени ал Теңирдин ыйык жайын булгады, ага тазартуучу суу чачылган эмес, ал таза эмес.

21 Бул алар үчүн түбөлүктүү мыйзам болсун. Тазартуучу суу чачкан адам да кийимин жуусун. Тазартуучу сууга тийген адам кечке чейин таза эмес болот.

22 Таза эмес адам эмнеге тийсе, ошонун баары таза эмес болот. Таза эмес адамга тийген адам да кечке чейин таза эмес болот”».

20-БӨЛҮМ

Кадеште болгон окуялар

1 Ысрайыл уулдары, бүт жамаат, биринчи айда Син чөлүнө келип, Кадешке токтоду. Ошол жерде Мириям каза болуп, ошол жерге коюлду.

Чөлдө суунун жоктугу

2 Жамааттын ичер суусу жок болгондуктан, алар Муса менен Арунга каршы чогулушту.

3 Эл Мусага мындай деп наалыды: «О, биз ошондо эле, Теңирдин алдында бир туугандарыбыз өлгөндө эле өлүп калсак эмне?

4 Эмне үчүн силер Теңирдин элин бул чөлгө алып келдиңер? Бул жерде бизди малыбыз менен кошо кырылып калсын дедиңерби?

5 Эмне үчүн силер бизди Мисирден эгин эккенге болбогон, анжыр, жүзүм, анар өспөгөн, атүгүл, иче турган суусу жок бул жаман жерге алып келдиңер?»

6 Муса менен Арун элден бөлүнүп, жыйын чатырына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты, ошондо аларга Кудайдын даңкы келди.

7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

8 «Таякты колуңа алып, бүт жамаатты чогултуп, бир тууганың Арун менен алардын көз алдында аскага айт, ошондо ал өзүнөн суу чыгарып берет. Ошентип, сен аскадан суу чыгарып, жамаатка да, анын малдарына да суу ичиресиң».

9 Муса Теңирдин буйругу боюнча Теңирдин алдындагы таягын алды.

10 Анан Муса менен Арун элди асканын жанына чогултушту. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Кулак салгыла, баш ийбес эл, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?»

11 Анан Муса колун көтөрүп, таягы менен асканы эки чапты эле, шаркырап суу агып чыкты. Ошондо жамаат да, алардын малы да суу ичти.

12 Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мага ишенбей, Ысрайыл уулдарынын көз алдында Менин ыйыктыгымды көрсөтпөгөндүгүңөр үчүн, Мен берип жаткан жерге бул элди силер алып кирбейсиңер».

13 Бул – Мериба суусу. Бул суунун жанында Ысрайыл уулдары Теңир менен араздашып кеткен. Ошондо Теңир аларга Өзүнүн ыйыктыгын көрсөткөн.

Эдомдун күнөөсү

14 Муса Кадештен Эдом падышасына мындай деп айттырганы элчилерди жиберди: «Сенин бир тууганың Ысрайыл мындай дейт: “Сен биздин башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарын билесиң.

15 Биздин ата-бабаларыбыз Мисир жерине көчүп барышкан, ошондуктан биз ал жерде көп убакыт жашадык. Мисирликтер бизге жана биздин ата-бабаларыбызга жаман мамиле кылышты.

16 Ошондо биз Теңирди чакырдык. Ал үнүбүздү угуп, периштесин жиберип, бизди Мисирден алып чыкты. Азыр биз сенин чек араңда жайгашкан Кадеш деген шаарда турабыз.

17 Бизге сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт, биз айдоолор менен жүзүмзарларды аралап өтпөйбүз, сенин кудуктарыңан да суу ичпейбиз, падышанын жолу менен өтөбүз, сенин чек араңдан өтүп кеткенче, оңго да, солго да кыйшайбайбыз».

18 Бирок Эдом ага мындай деди: «Менин жерим аркылуу өтпө, болбосо мен сага каршы кылыч менен чыгам».

19 Ошондо Ысрайыл уулдары ага мындай дешти: «Биз чоң жол менен өтөбүз, эгерде сенин кудугуңдан суу ичсек же малыбыз ичсе, акысын төлөп беребиз, жериңди бутубуз менен гана басып өтөбүз, ал эч нерсеге турбайт».

20 Бирок ал: «Өтпөйсүңөр!» – деди. Анан Эдом Ысрайылга көп сандаган эли менен, күч-кубаттуу колу менен каршы чыкты.

21 Ошентип, Эдом Ысрайыл элине өз жеринен өткөнгө макул болбой койду, Ысрайыл эли болсо андан четтеп кетти.

22 Ысрайыл уулдары Кадештен чыгышты. Бүт жамаат Ор тоосуна келди.

Арундун көз жумушу

23 Ор тоосунда, Эдом жеринин чек арасында, Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

24 «Арун өз элине барып кошулсун, Мериба суусунун жанында Менин буйруктарыма баш ийбей койгонуңар үчүн, Мен Ысрайыл уулдарына берген жерге ал кирбейт.

25 Арунду уулу Элазар менен кошо Ор тоосуна алып чык.

26 Анан Арундун кийимин чечип, уулу Элазарга кийгиз. Анан Арун четке чыгып, ошол жерде көз жумсун».

27 Муса Теңир буйругандай кылды. Алар бүт жамааттын көз алдында Ор тоосуна чыгышты.

28 Муса Арундун кийимин чечип, аны уулу Элазарга кийгизди. Арун Ор тоосунун чокусунда көз жумду. Муса менен Элазар болсо тоодон түшүп келишти.

29 Арундун көз жумганын бүт жамаат билди. Бүткүл Ысрайыл эли Арунду жоктоп, отуз күн ыйлады.

21-БӨЛҮМ

Канаандыктарды жеңип алуу

1 Түштүк тарапта жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл элинин Атаримге барчу жол менен келатканын угуп, аларга каршы согуш ачып, алардын бир нече кишисин туткунга алды.

2 Ошондо Ысрайыл эли Теңирге мындай деп убада берди: «Эгерде бул элди менин колума салып берсең, анда булардын шаарларын талкалайм».

3 Теңир Ысрайыл элинин үнүн угуп, канаандыктарды анын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды шаарлары менен кошо талкалап жок кылышты. Ошондуктан ал жерди Хорма деп аташты.

Жез жылан

4 Эдом жерин айланып өтүш үчүн, алар Ор тоосунан Кызыл деңизге карай кеткен жол менен жөнөштү. Жолдо элдин чыдамы кете баштады.

5 Алар Кудайга каршы, Мусага каршы мындай деп наалышты: «Бизди Мисир жеринен чөлдө өлсүн деп алып чыктыңар беле? Анткени бул жерде нан да, суу да жок, бул жарыбаган тамак көңүлүбүзгө тийди».

6 Ошондо Теңир элге уулуу жыландарды жиберди. Алар Ысрайыл уулдарын чагышты, ошондо алардын бир тобу өлдү.

7 Анан эл Мусага келип, мындай деди: «Биз Теңирге жана сага каршы сүйлөп, күнөөгө баттык. Теңирге сыйынчы, Ал жыландарды жоготсун». Ошондо Муса эл үчүн сыйынды.

8 Теңир Мусага мындай деди: «Жезден жылан жасап, шыргыйга кадап кой, жылан чаккан киши аны бир караса эле, тирүү калат».

9 Муса жезден жылан жасап, шыргыйга кадап койду. Жылан чаккан киши жез жыланды карап, тирүү калып жатты.

Чөл кезүү

10 Ысрайыл уулдары жолго чыгып, Оботко келип токтошту.

11 Оботтон чыгып, Жей-Абаримге келип токтошту, ал күн чыгышта, Мааптын каршысындагы чөлдө жайгашкан.

12 Ал жерден чыгып, Зерет өрөөнүнө келип токтошту.

13 Ал жерден чыгып, Арнон суусунун аморлуктардын чек арасына кирбеген жагындагы чөлгө келип токтошту, анткени Арнон суусу Маап менен аморлуктардын ортосунда жаткан Мааптын чек арасы болчу.

14 Ошондуктан Теңирдин согуштары китебинде мындай деп айтылган:

15 «Кызыл деңиздеги Байеп жана Арнон суулары, алардын Шебет-Арга түшкөн жогорку башаттары Маап менен чектешип турат».

16 Ал жерден Бейирге бет алышты. Теңир Мусага «Элиңди чогулт, Мен аларга суу берем» деп айткан кудук ушул.

17 Ошондо Ысрайыл мындай деп ырдады: «Тол, тол кудук! Ал жөнүндө ырдагыла!

18 Бул – төрөлөр жана эл башчылар өздөрүнүн мыйзам таяктары менен казган кудук». Бул чөлдөн чыгып, Матанга бет алышты.

19 Матандан Нахалиелге, Нахалиелден Бамотко жөнөштү.

20 Бамоттон чыгып, Маап жериндеги Пизги тоосунун чокусундагы чөлдү караган Айга жөнөштү.

Сихон менен Огду жеңип алуу

21 Ысрайыл аморлуктардын падышасы Сихонго мындай деп айттырганы элчилерин жиберди:

22 «Мага сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт. Эгин талааларың менен жүзүмзарларыңды аралап өтпөйбүз, кудуктарыңдан да суу ичпейбиз. Жериңден падышанын жолу менен гана өтүп кетебиз».

23 Бирок Сихон Ысрайыл уулдарына өз жери аркылуу өтүүгө уруксат бербей койду. Ал өзүнүн элин чогултуп, чөлдө Ысрайыл элине каршы чыгып, Жааска чейин келип, Ысрайыл эли менен салгылашты.

24 Ысрайыл аны кылычы менен кыйратып, Арнондон Жабокко чейинки, анын амондуктардын чек арасына чейинки жерлерин басып алды, анткени амондуктардын чек арасы бекем болчу.

25 Ошентип, Ысрайыл ушул шаарлардын баарын ээлеп алды. Ысрайыл аморлуктардын бардык шаарларында, Кешпондо жана ага караштуу бардык шаарларда жашап турду.

26 Анткени Кешпон аморлуктардын падышасы Сихондун шаары эле. Ал мааптыктардын мурунку падышасы менен согушуп, анын Арнонго чейинки жеринин баарын тартып алган.

27 Ошондуктан ырчылар мындай деп ырдашат: «Кешпонго келгиле, Сихондун шаарын кайрадан кургула, тегерете бекемдегиле.

28 Анткени Кешпондон чыккан от, Сихондун шаарынан чыккан жалын Ар-Маапты жана Арнондун бийиктиктерин ээлеп жаткандарды жалмады.

29 Маап, сага кайгы! Кемош эли, кыйрадың! Уулдарың качып жөнөштү, кыздарың болсо Амор падышасы Сихондун туткуну болуп калышты.

30 Биз аларды жебе менен кыйраттык. Кешпон Дибонго чейин кыйрады, биз аларды Мейдебанын жанындагы Нопахка чейин кыйраттык».

31 Ошентип, Ысрайыл аморлуктардын жеринде жашап турду.

32 Муса Жазерди көрүп келүүгө киши жиберди. Анан алар ага караштуу айыл-кыштактарды басып алышты, ал жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.

33 Анан артка кайрылып, Башанды көздөй жөнөштү. Ошондо Башан падышасы Ог бүт эли менен аларга каршы чыгып, Эдрейдин жанында салгылашты.

34 Ошондо Теңир Мусага: «Сен андан коркпо, анткени Мен анын өзүн, бүт элин, бүт жерин сенин колуңа салып берем. Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, муну да так ошондой кыласың», – деди.

35 Ошентип, ысрайылдыктар анын өзүн, уулдарын, бүт элин бирин калтырбай кыйратышты, анын жерлерин ээлеп алышты.

22-БӨЛҮМ

Балактын Биламды чакыртышы

1 Ысрайыл уулдары жолго чыгышып, Жерихонун каршысындагы Иордан суусунун боюна, Маап түздүгүнө келип токтошту.

2 Сипордун уулу Балак Ысрайыл элинин аморлуктарга эмне кылганын көрдү.

3 Маап эли бул элден абдан коркту, себеби элдин саны көп эле. Маап эли Ысрайыл уулдарынан абдан коркту.

4 Ошондо мааптыктар Мидиан аксакалдарына мындай дешти: «Өгүз талаадагы чөптү кандай кайсаса, эми бул эл да биздин айланабызды ошондой кайсайт». Ошол убакта Сипордун уулу Балак Маап элинин падышасы болчу.

5 Ал Эфрат дарыясынын боюндагы Пытордо, өзүнүн элинин жеринде жашаган Бейордун уулу Биламды чакыртып мындай деп айттырыш үчүн элчилерди жиберди: «Мисир жеринен бир эл келип, жердин бетин каптап, менин жанымда жашап калды.

6 Келип, ушул элди каргап бер, анткени бул эл менден алда канча күчтүү. Балким, бул элди кыйратып, жеримден кууп чыкканга ошондо күчүм жетер. Сен кимге бата берсең, ал бата аларын, кимди каргасаң, ал каргышка каларын мен билем».

7 Анан Маап аксакалдары менен Мидиан аксакалдары сыйкырчылык кылдырыш үчүн, белектерин көтөрүп, Биламга келишип, Балактын айткан сөздөрүн ага айтып беришти.

8 Ошондо Билам аларга мындай деди: «Ушул жерге түнөп калгыла. Теңир мага кандай айтса, силерге ошондой жооп берем». Маап аксакалдары Биламдыкында түнөп калышты.

9 Кудай Биламга келип, мындай деп сурады: «Сеникинде түнөп калган кайсы кишилер?»

10 Билам Кудайга мындай деп жооп берди: «Буларды мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балак мындай деп айттырыш үчүн мага жибериптир:

11 “Мисир жеринен бир эл келип, жер бетин каптап калды. Келип, бул элди каргап бер. Балким, мен ошондо булар менен согушууга жарап, жеримден кууп чыгармын”».

12 Ошондо Кудай Биламга мындай деди: «Булар менен барба, ал элди каргаба, анткени ал эл – бата алган эл».

13 Билам эртең менен туруп, Балактын төрөлөрүнө мындай деди: «Жериңерге кете бергиле, анткени Теңир менин силер менен барышымды каалаган жок».

14 Маап төрөлөрү ордуларынан туруп, Балакка келип, мындай дешти: «Билам биз менен келүүгө макул болбой койду».

15 Балак алардан да атактуу, кадыр-барктуу төрөлөрдү жиберди.

16 Алар Биламга келип, мындай дешти: «Сипордун уулу Балак: “Мага келбей койбо.

17 Сага чоң сый көрсөтөм, сен мага эмне айтсаң, ошонун бардыгын жасайм. Келип, бул элди каргап бер”, – деп жатат».

18 Балактын кулдарына Билам мындай деп жооп берди: «Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Кудай-Теңиримдин буйругун аттап, чоң да, кичине да иш кыла албайм.

19 Ошентсе да, мында түнөп калгыла. Теңир мага дагы эмне дээр экен, ошону билейин».

20 Кудай түн ичинде Биламга келип, мындай деди: «Бул кишилер сени чакырып келсе, ордуңан туруп, булар менен жөнө, бирок Мен айтканды гана кыл».

21 Билам эртеси эртең менен туруп, эшегин токуп, Маап төрөлөрү менен жөнөдү.

Биламдын эшеги

22 Анын кеткенине Кудай каарданды. Ошондо ага тоскоолдук кылыш үчүн, Теңирдин периштеси алдынан чыкты. Билам өзүнүн ургаачы эшегин минип бараткан, жанында эки малайы бар эле.

23 Ошондо эшеги колуна кылыч кармап жолунда турган Теңирдин периштесин көрүп, жолдон бурулуп, талаага салды. Билам болсо эшегин жолго кайрыш үчүн сабап кирди.

24 Теңирдин периштеси жүзүмзарлардын ортосундагы кууш жолдо туруп калды. Жолдун эки тарабы тең дубал эле.

25 Эшек Теңирдин периштесин көргөндө, дубал жакка ыктап, Биламдын бутун кысып салды. Билам дагы сабап кирди.

26 Теңирдин периштеси болсо ал жерден жылып, оңго да, солго да бурула алгыс тар жерге туруп алды.

27 Билам минип турган эшек Теңирдин периштесин көрүп, жата калды. Биламдын каары кайнап, эшекти таяк менен сабап кирди.

28 Ошондо Теңир эшекке тил киргизди. Эшек Биламга мындай деди: «Мени үчүнчү ирет сабап жатасың, мен сага эмне кылдым?»

29 Билам эшекке: «Мени келеке кылганың үчүн сабадым. Эгерде колумда кылыч болсо, башыңды азыр эле кыя чапмакмын», – деди.

30 Эшек болсо Биламга: «Ушул күнгө чейин өзүң минип жүргөн алдыңдагы эшегиң мен эмес белем, сага ушинте турган өнөкөтүм бар беле?» – деди. Билам: «Жок!» – деди.

31 Теңир Биламдын көзүн ачты. Ал колуна жалаңдаган кылыч кармап жолдо турган Теңирдин периштесин көрдү. Ошондо ал ага таазим кылып, жүзтөмөндөп жыгылды.

32 Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Эмне үчүн эшегиңди үч жолу сабадың? Бараткан жолуң Менин алдымда туура болбогондуктан, Мен сага тоскоолдук кылыш үчүн чыктым.

33 Эшегиң Мени көрүп, үч ирет жолдон бурулду. Бурулуп кетпегенде, Мен аны тирүү калтырып, сени өлтүрүп коймокмун».

34 Билам Теңирдин периштесине мындай деди: «Мен күнөө кылдым, анткени мен Сенин мага каршы чыгып, жолумда турганыңды билген эмесмин. Бул Сага жакпаса, анда мен кайра тартайын».

35 Ошондо Теңирдин периштеси Биламга мындай деди: «Бул кишилер менен бара бер, бирок Мен сага эмне десем, ошону гана сүйлөйсүң». Ошентип, Билам Балактын төрөлөрү менен жөнөп кетти.

Балак менен Билам

36 Балак Биламдын келе жатканын угуп, аны Арнондун жанындагы чек арада жайгашкан мааптыктардын шаарынан тосуп чыкты.

37 Балак Биламга мындай деди: «Мен сени чакыртканы киши жибербедим беле. Эмне үчүн келбей койдуң? Мен сени кантип эле сыйлай албай калайын?»

38 Билам Балакка мындай деди: «Мына, мен сага келдим, бирок мен өзүм бирдеме айта алар бекем? Кудай оозума эмнени салса, мен ошону гана айтам».

39 Анан Билам Балак менен кетти. Алар Кирийат-Хутсотко келишти.

40 Балак өгүздөрдү, койлорду союп, Биламга жана аны менен бирге келген төрөлөргө берип жиберди.

Биламдын биринчи пайгамбарчылыгы

41 Балак эртеси эртең менен Биламды Баал бийиктиктерине чыгарып, ошол жерден Ысрайыл элинин бир бөлүгүн көрсөттү.

23-БӨЛҮМ

1 Ошондо Билам Балакка: «Мага бул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.

2 Балак Билам айткандай кылды. Ар бир курмандык чалынуучу жайда Балак менен Билам бирден букачар, бирден кочкор чалышты.

3 Анан Билам Балакка: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен барып келейин. Балким, Теңир мага жолугар. Ал мага эмнени айтса, ошону сага айтам», – деп айтып, бийик жерге чыгып кетти.

4 Ошондо Кудай Биламга жолукту. Билам Кудайга: «Мен жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалдым», – деди.

5 Ошондо Теңир Биламдын айтчу сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.

6 Билам Балакка кайтып келсе, ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур.

7 Ошондо Билам мындай деди: «Маап падышасы Балак мени Месопотамиядан, чыгыш тоолорунан алдырып алып: “Кел, Жакыпты каргап бер, кел, Ысрайыл элин каргап бер”, – деди.

8 Кудай аны каргабаса, мен аны кантип каргайын? Теңир ага жамандык кылбаса, мен ага кантип жамандык кылайын?

9 Мен аны аскалардын чокусунан көрүп турам, адырлардын башынан карап турам: бул өзүнчө жашаган, эсепке кирбеген эл экен.

10 Кумдай сансыз Жакыпты ким санап чыгат да, Ысрайылдын төрттөн бир бөлүгүн ким эсептеп чыгат? Ошол адил адамдар өлгөн сыяктуу өлсөм экен, күнүм ошолордуку сыяктуу эле бүтсө экен!»

11 Ошондо Балак Биламга: «Бул эмне кылганың? Мен сени кас душмандарымды каргап берсин деп алдырбадым беле, сен болсо бата берип жатасың!» – деди.

12 Билам болсо: «Теңир оозума эмнени салса, мен так ошону айтышым керек эмеспи», – деп жооп берди.

Биламдын экинчи пайгамбарчылыгы

13 Балак ага: «Жүр мени менен башка жерге, сен ал элди ошол жерден көрөсүң, бирок бүт бойдон көрбөйсүң, бир бөлүгүн гана көрөсүң, ошол жерден каргап бер», – деди.

14 Анан аны Пизги тоосунун чокусундагы сакчылар турган жерге алып келип, жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.

15 Ошондо Билам Балакка: «Ушул жерде, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен болсо тигил жакка Кудай менен жолукканы барып келейин», – деди.

16 Теңир Биламга жолугуп, айтар сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.

17 Ал кайра келсе, Балак өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур. Ошондо Балак андан: «Теңир эмне деп айтты?» – деп сурады.

18 Ал мындай сөздөрдү айтты: «Тур, Балак, мени ук, Сипор уулу, сөзүмө кулак сал.

19 Калп айткыдай, Кудай адам эмес, өзгөрүлүп кеткидей, Кудай адам баласы эмес. Ал айтканын аткарбай коймок беле? Ал дегенин кылбай коймок беле?

20 Мына, мен бата бере баштадым, анткени Ал Өзү бата берип жатат, ошондуктан мен муну өзгөртө албайм.

21 Жакыптын башына мүшкүл түшөрү көрүнбөйт, Ысрайылдын башына бактысыздык келери билинбейт. Кудай, анын Теңири, аны менен, Ысрайылдан падыша сурнайынын үнү чыгат.

22 Аларды Мисирден Кудай алып чыккан, алардын күчү буйволдун күчүндөй.

23 Жакыпка эч кандай көз байлоочулук таасир этпейт, Ысрайылга сыйкыр таасир этпейт. Өз учурунда Жакып тууралуу, Ысрайыл тууралуу: “Карагылачы, Кудай кандай укмуштарды жаратты!” – деп айтышат.

24 Бул эл ургаачы арстандай комдонуп, эркек арстандай турду. Эми ал олжосун басып жемейинче, жайлаганынын канына канмайынча жатпайт».

25 Балак Биламга мындай деди: «Аны каргабасаң каргабай эле кой, бата бербесең бербей эле кой».

26 Билам Балакка мындай деп жооп берди: «Теңир мага эмнени айтса, ошону аткарам деп, мен сага айтпадым беле?»

Биламдын үчүнчү пайгамбарчылыгы

27 Ошондо Балак Биламга: «Жүр, мен сени башка жерге алып барайын, балким, бул Кудайга жагар, ошол жактан элди каргап берерсиң», – деди.

28 Анан Балак Биламды чөлдү караган Пейор тоосунун чокусуна алып чыкты.

29 Билам Балакка: «Мага ушул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.

30 Балак Билам айткандай кылып, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.

24-БӨЛҮМ

1 Билам Ысрайыл элине бата берүү Теңирге жагарын көрүп, мурдагыдай сыйкырчылык кылбай, бурулуп, чөлдү карап туруп калды.

2 Анан Билам көз чаптырып, өз-өз уруусу менен турган Ысрайыл элин көрдү. Ошондо анын үстүнө Кудайдын Руху түштү.

3 Ошондо ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат,

4 Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат:

5 Жакып, чатырларың, Ысрайыл, үйлөрүң кандай сонун!

6 Алар дарыя боюндагы бактардай, Теңир отургузган алой дарактарындай, суу боюндагы кедр дарактарындай, өрөөндөй созулуп жатат.

7 Анын чакаларынан суу ашып-ташып төгүлүп турат, анын укум-тукуму чоң суулардай жайылат. Анын падышасы Агактан да өтүп, падышачылыгынын зоболосу артат.

8 Аны Мисирден Кудай алып чыккан. Анын күчү буйволдун күчүндөй, ал өзүнө каршы чыккан элди жеп салат, сөөктөрүн талкалап, жебеси менен жексен кылат.

9 Ал тизе бүктү, эркек арстандай, ургаачы арстандай жатат, аны ким тургуза алат? Сага бата берген бата алат, сени каргаган каргышка калат!»

10 Ошондо Балактын Биламга каары кайнап, колун серпип, ага мындай деди: «Мен сени душманымды каргасын деп чакыргам, бирок сен аларга үч жолу бата бердиң.

11 Өз жолуңа түш, мен сени сыйлайын дедим эле, бирок Теңир сени сыйдан ажыратып жатат».

12 Ошондо Билам Балакка мындай деди: «Мен сенин мага жиберген элчилериңе:

13 “Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Теңирдин буйругун буза албайм, өз эрким менен жакшылык же жамандык кыла албайм. Теңир эмнени айтса, мен ошону айтам”, – деп айтпадым беле.

Биламдын акыркы пайгамбарчылыктары

14 Мен өз элиме кетип бара жатам. Жүр мени менен, мен сага келечекте бул эл сенин элиңди эмне кыларын айтып берем».

15 Анан ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат.

16 Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Бардыгынан Жогору Тургандан акылмандуулук алган, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат.

17 Аны көрүп турам, бирок ал азырынча жок. Аны көрүп турам, бирок али ал жакын эмес. Жакыптан жылдыз чыгат, Ысрайылдын бийлик таягы көтөрүлөт, ал Мааптын төрөлөрүнө сокку урат, Шет уулдарынын бардыгын кыйратат.

18 Эдом бийлик астында болот, Сеир өз душмандарынын бийлиги астында болот, Ысрайыл болсо өз күчүн көрсөтөт.

19 Жакыптын тукуму калган шаарларды басып алып талкалайт».

20 Анан ал амалыктыктарды көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Амалык – байыркы элдердин бири, бирок ал акырында кыйрап жок болот».

21 Анан ал кейниликтерди көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Сенин турагың бекем, сенин уяң аскага салыныптыр.

22 Бирок Ашур сени колго түшүрүп, туткундап кетерине аз калганда, Кабыл бүлгүнгө учурайт».

23 Анан ал дагы мындай сөздөрдү айтты: «О, кандай кайгы, Кудай муну кылганда ким тирүү калат!

24 Китимден кемелер келип, Ашурду багынтып алат, Эйберди да багынтып алат, бирок алар да ойрон болушат!»

25 Анан Билам ордунан туруп, келген жагына, өз жерине кетти, Балак да өз жолу менен кетти.

25-БӨЛҮМ

Ысрайыл элинин Шитимде жалган кудайларга табынышы

1 Ысрайыл Шитимде жашап турду. Ошондо Ысрайыл эли Маап кыздары менен ойноштук кылып бузула баштады.

2 Алар Ысрайыл элин өз кудайларына курмандык чалганда чакырып турушту. Эл алардын курмандыгынан жеп, алардын кудайларына табына баштады.

3 Ошентип, Ысрайыл Баал-Пейор деген жасалма кудайга табына баштады. Ошондо Теңир Ысрайылга каарданды.

4 Теңир Мусага мындай деди: «Бардык эл башчыларды алып, күн астында, Теңирдин алдында асып сал, ошондо Теңирдин Ысрайылга болгон жалындаган каары кайтат».

5 Муса Ысрайыл башкаруучуларына: «Ар бириңер Баал-Пейорго жабышкан адамдарыңарды өлтүргүлө», – деди.

6 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты жыйын чатырынын алдында ыйлап жатканда, Ысрайыл уулдарынан бирөө Мусанын жана жамааттын көз алдында бир мидиандык кызды өз бир туугандарына алып келди.

7 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу, Элазардын уулу Пинехас муну көрүп, жамааттын ортосунан тура калып, найзасын колуна алып,

8 жанагы ысрайылдыктын артынан кирди да, экөө жаткан жеринен ысрайылдыкты да, аялды да ичке сайды. Ошондон кийин Ысрайыл уулдарынын кырылганы токтоду.

9 Кырылган ысрайылдыктардын саны жыйырма төрт миң эле.

10 Теңир Мусага мындай деди:

11 «Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу, Элазардын уулу Пинехас Ысрайыл уулдарынын арасында Мага болгон кызганычын көрсөтүп, Менин аларга болгон каарымды кайттырды, ошондуктан Мен кызганычым менен аларды толук жок кылып салган жокмун.

12 Ошондуктан ага мындай деп айт: “Мына, Мен ага Өзүмдүн тынчтык келишимимди берип жатам.

13 Ал келишим ага жана анын укум-тукумуна ыйык кызмат кылуучулукту түбөлүккө калтыруу келишими болот, анткени ал өз Кудайына болгон кызганычын көрсөтүп, Ысрайыл уулдарын куткарып калды”».

14 Мидиандык аял менен бирге өлтүрүлгөн ысрайылдыктын аты Шымон уруусунун башчысы Саланын уулу Зимри болчу.

15 Ал эми өлтүрүлгөн мидиандык аялдын аты Козби эле. Ал Мидиандагы Омот уруусунун башчысы Сурдун кызы болчу.

16 Теңир Мусага дагы мындай деди:

17 «Мидиандыктарга каршы согуш ачып, аларды талкалагыла.

18 Анткени алар силерге жаман ой менен кастык кылып, силерди Пейор менен, мидиандык башчынын кызы – өздөрүнүн бир тууган карындашы Козби менен азгырды. Козби Пейор үчүн кыргын болгон күнү өлтүрүлдү».

26-БӨЛҮМ

Ысрайылды экинчи жолу санап чыгуу

1 Ошол кыйроодон кийин Теңир Мусага жана ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатындагы жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларын уруусу боюнча санап чыккыла».

3 Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар аларга мындай дешти:

4 «Теңир Мусага буйругандай, Мисир жеринен чыккан Ысрайыл уулдарынын жыйырма жана андан жогорку жаштагыларынын бардыгын санап чыккыла.

5 Ысрайылдын туну – Рубейин. Рубейиндин уулдарынан тараган уруулар: Ханохтон тараган Ханох уруусу, Палудан тараган Палу уруусу,

6 Хесрондон тараган Хесрон уруусу, Кармиден тараган Карми уруусу.

7 Мына ушулар – Рубейиндин уруулары. Булардын саны кырк үч миң жети жүз отуз болду.

8 Палунун уулу – Элийап.

9 Элийаптын уулдары: Немуел, Датан жана Абырам. Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарына кошулуп, Муса менен Арунга каршы чыккан Датан менен Абырам ушул.

10 Ошондо жер араанын ачып, аларды жана Коракты жутуп алган. От эки жүз элүү кишини өрттөп кеткенде, алар менен бирге таламдаштары да өлүшкөн. Бул аларга эскертүү болуп калган.

11 Бирок Корактын уулдары өлгөн эмес.

12 Шымондун уулдарынан тараган уруулар: Немуелден тараган Немуел уруусу, Жаминден тараган Жамин уруусу, Жахинден тараган Жахин уруусу,

13 Зерактан тараган Зерак уруусу, Шабулдан тараган Шабул уруусу.

14 Мына ушулар – Шымондун уруулары, алардын саны – жыйырма эки миң эки жүз.

15 Гат уулдарынан тараган уруулар: Сепондон тараган Сепон уруусу, Хагиден тараган Хаги уруусу, Шуниден тараган Шуни уруусу,

16 Озниден тараган Озни уруусу, Эйриден тараган Эйри уруусу,

17 Ароттон тараган Арот уруусу, Арейлиден тараган Арейли уруусу.

18 Мына ушулар – Гат уруулары, алардын саны – кырк миң беш жүз.

19 Жүйүттүн уулдары: Эйир жана Онан. Бирок Эйир менен Онан Канаан жеринде өлүшкөн.

20 Жүйүттүн уулдарынан тараган уруулар: Шейладан тараган Шейла уруусу, Перестен тараган Перес уруусу, Зерактан тараган Зерак уруусу.

21 Перестин уруулары: Кесрондон тараган Кесрон уруусу, Хамулдан тараган Хамул уруусу.

22 Мына ушулар – Жүйүт уруулары, алардын саны – жетимиш алты миң беш жүз.

23 Исахар уулдарынан тараган уруулар: Толадан тараган Тола уруусу, Пубадан тараган Пуба уруусу,

24 Жашуптан тараган Жашуп уруусу, Шимрондон тараган Шимрон уруусу.

25 Мына ушулар – Исахар уруулары, алардын саны – алтымыш төрт миң үч жүз.

26 Забулун уулдарынан тараган уруулар: Сереттен тараган Серет уруусу, Эйлондон тараган Эйлон уруусу, Жахлиелден тараган Жахлиел уруусу.

27 Мына ушулар – Забулун уруулары, алардын саны – алтымыш миң беш жүз.

28 Жусуптун уулдарынан тараган уруулар: Менаше менен Эпрайым.

29 Менашенин уулдары: Махирден тараган Махир уруусу. Махирден Гилат туулган, Гилаттан Гилат уруусу тараган.

30 Гилаттын уулдары булар: Жезерден тараган Жезер уруусу, Хейлектен тараган Хейлек уруусу,

31 Асриелден тараган Асриел уруусу, Шехемден тараган Шехем уруусу,

32 Шемиттен тараган Шемит уруусу, Хейперден тараган Хейпер уруусу.

33 Хейпер уулу Салапаттын эркек балдары болгон эмес, кыздары гана болгон. Салапаттын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.

34 Мына ушулар – Менаше уруулары, алардын саны – элүү эки миң жети жүз.

35 Эпрайымдын уулдарынан тараган уруулар: Шутелахтан тараган Шутелах уруусу, Бехерден тараган Бехер уруусу, Тахандан тараган Тахан уруусу.

36 Шутелахтын уулдары булар: Эйрондон тараган Эйрон уруусу.

37 Мына ушулар – Эпрайым уулдарынан тараган уруулар, алардын саны – отуз эки миң беш жүз. Өз-өз уруулары боюнча Жусуптун уулдары ушулар.

38 Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар мына булар: Беладан тараган Бела уруусу, Ашбелден тараган Ашбел уруусу, Акирамдан тараган Акирам уруусу,

39 Шепупамдан тараган Шепупам уруусу, Хупамдан тараган Хупам уруусу.

40 Беланын уулдары: Арт менен Нааман. Арттан Арт уруусу, Наамандан Нааман уруусу тараган.

41 Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар ушулар, алардын саны – кырк беш миң алты жүз.

42 Дандын уулдарынан тараган уруулар мына булар: Шухамдан тараган Шухам уруусу. Дандын уулдарынан тараган уруулар ушулар.

43 Шухамдын урууларын санап чыкканда, алтымыш төрт миң төрт жүз болду.

44 Ашырдын уулдарынан тараган уруулар булар: Имнадан тараган Имна уруусу, Ишпадан тараган Ишпа уруусу, Бириядан тараган Бирия уруусу.

45 Бириянын уулдары: Хеберден тараган Хебер уруусу, Малкиелден тараган Малкиел уруусу.

46 Ашырдын кызынын аты Сара эле.

47 Ашырдын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, элүү үч миң төрт жүз болду.

48 Напталынын уулдарынан тараган уруулар булар: Жахсиелден тараган Жахсиел уруусу, Гуниден тараган Гуни уруусу,

49 Жетсерден тараган Жетсер уруусу, Шилемден тараган Шилем уруусу.

50 Напталынын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, кырк беш миң төрт жүз болду.

51 Ысрайыл уулдарынын жалпы саны алты жүз бир миң жети жүз отуз болду.

52 Анан Теңир Мусага мындай деди:

53 «Жер адам санына жараша бөлүнсүн.

54 Кайсы уруунун саны көп болсо, ага көбүрөөк жер бер. Кайсы уруунун саны азыраак болсо, ага азыраак жер бер. Жерди ар бир уруунун санына жараша бөлүштүр.

55 Жер өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн, алар ата-бабаларынын урууларынын аттарына жараша үлүш алышсын.

56 Жер саны көп урууга да, саны аз урууга да өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн».

57 Өз-өз уруулары боюнча эсепке кирген Леби уруулары булар: Гейиршондон тараган Гейиршон уруусу, Кааттан тараган Каат уруусу, Мерариден тараган Мерари уруусу.

58 Лебиден тараган уруулар булар: Либни уруусу, Хеброн уруусу, Махли уруусу, Муши уруусу, Корак уруусу. Кааттан Амрам төрөлгөн.

59 Амрамдын аялынын аты – Жохебет, ал – Лебинин кызы. Аны Лебинин аялы Мисирде төрөгөн. Ал Амрамга Арун менен Мусаны жана алардын карындашы Мириямды төрөп берген.

60 Арундан Надап менен Абыйут, Элазар менен Итамар төрөлгөн.

61 Бирок Надап менен Абыйут Теңирдин алдына башка от алып келгени үчүн өлүшкөн.

62 Ошентип, бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын саны жыйырма үч миң болду. Алар Ысрайыл уулдары менен чогуу эсептелген жок, анткени Ысрайыл уулдарынын арасынан аларга жер бөлүнгөн эмес.

63 Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар санап чыккан Ысрайыл уулдарынын эсепке киргендери ушулар.

64 Булардын эсебине Муса менен ыйык кызмат кылуучу Арун Синай чөлүндө санап чыккан Ысрайыл уулдарынан бир да киши кирген жок.

65 Анткени Теңир алар жөнүндө: «Алар чөлдө өлүшөт», – деп айткан. Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башка алардан эч ким калган жок.

27-БӨЛҮМ

Салапаттын кыздары

1 Ошондо Салапаттын кыздары келишти. Салапат Хейпердин, Хейпер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин, Менаше Жусуптун уулу. Салапаттын кыздарынын аттары Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса эле.

2 Алар Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазардын, төрөлөр менен бардык жамааттын алдына келип, жыйын чатырынын оозунда туруп, мындай дешти:

3 «Биздин атабыз чөлдө өлгөн, ал Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарынын арасында болгон эмес, ал өз күнөөсү үчүн өлгөн, анын эркек балдары болгон эмес.

4 Эркек баласы жок болсо эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калышы керекпи? Атабыздын бир туугандарынын арасынан бизге да жер бергиле».

5 Муса бул ишти Теңирдин алдына койду.

6 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

7 «Салапаттын кыздары туура айтып жатат, аларга атасынын бир туугандарынын арасынан мураска жер бер, аларга атасынын үлүшүн бер.

8 Анан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким эркек бала көрбөй өлсө, анда анын энчисин кыздарына өткөрүп бергиле.

9 Эгерде кыздары жок болсо, анда анын энчисин бир туугандарына бергиле.

10 Эгерде бир туугандары жок болсо, анда анын үлүшүн атасынын бир туугандарына бергиле.

11 Эгерде атасынын бир туугандары жок болсо, анда анын үлүшүн мураска калтыруу үчүн, өз уруусундагы жакын туугандарынын бирине бергиле. Теңир Мусага буйругандай, бул мыйзам Ысрайыл уулдарына түбөлүккө калсын”».

Нундун уулу Жашыя – Мусанын орун басары

12 Теңир Мусага дагы мындай деди: «Мына бул Абарым тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди кара.

13 Ал жерди карап чыккандан кийин, бир тууганың Арун өз элине кошулгандай, сен да өз элиңе кошул.

14 Анткени силер Син чөлүндө Менин буйругумду аткарбай койгонсуңар, бүт жамаат наалып жатканда, Мериба суусунун боюнда аларга Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер».

15 Муса Теңирге мындай деди:

16 «Теңир, бардык адамдардын рухунун Кудайы, ушул жамаатты башкара турган адамды дайындап койсо экен.

17 Теңирдин жамааты кайтаруучусу жок койлордой болбошу үчүн, алардын алдында кирип-чыга турган, аларды алып чыгып, алып кире турган адам болсо экен».

18 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Ичинде Рух бар Нундун уулу Жашыяны өзүңө чакырып, башына колуңду кой,

19 аны ыйык кызмат кылуучу Элазардын алдына, бүт жамааттын алдына тургузуп, алардын көз алдында ага акыл-насаат айт.

20 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты ага баш ийиши үчүн, өз даңкыңдан бер.

21 Ал ыйык кызмат кылуучу Элазарга кайрылып турсун. Элазар болсо Теңирдин чечимин урим аркылуу сурасын. Ысрайылдын бардык уулдары менен бүткүл жамааты аны менен бирге болуп, анын айтканы боюнча кирип-чыгып турууга тийиш».

22 Теңир буйругандай, Муса Жашыяны чакырып, ыйык кызмат кылуучу Элазардын жана бүт жамааттын алдына койду.

23 Анан ал Жашыянын башына колун коюп, Теңир кандай айтса, ошондой кылып, ага акыл-насаат айтты.

28-БӨЛҮМ

Курмандыктарды алып келүү тартиби

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Алар Мага курмандыктарын, нан курмандыктарын жыты Мага жаккан курмандыктар катары өз убагында алып келип турушсун.

3 Аларга дагы мындай де: Теңирге мындай курмандыктарды алып келишсин: дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир жылдык эки козу алып келишсин.

4 Бир козуну эртең менен, экинчи козуну кечинде алып келишсин.

5 Нан курмандыгына сыгылган зайтун майынан гиндин төрттөн бир бөлүгүндөй өлчөмдө кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келишсин.

6 Бул – жыты Теңирге жаккан, Ага арналган дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык. Синай тоосунда ушундай курмандык чалынган.

7 Ар бир козу менен кошо гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк куюлуучу курмандык алып келишсин. Куюлуучу курмандыкка алып келген шарапты Теңирге арнап ыйык жайда куй.

8 Жыты Теңирге жаккан курмандыкка экинчи козуну кечинде алып кел, аны эртең мененки козуну алып келгендей, нан курмандыктары менен, куюлуучу курмандыктары менен алып кел.

Ишемби күнү алып келинүүчү курмандык

9 Ишемби күнү болсо эч кемчилиги жок бир жылдык эки козу алып келгиле, аны менен кошо зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун жана куюлуучу курмандык алып келгиле.

10 Бул курмандык – дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен куюлуучу курмандыктан тышкары ар бир ишемби сайын чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

Ай жаңырганда алып келинүүчү курмандыктар

11 Ай жаңырганда да Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңарды алып келгиле. Бодо малдан эки букачар, кемчилиги жок бир кочкор жана бир жылдык жети козу,

12 ар бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

13 ар бир козу менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле. Бул курмандык – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

14 Бир букачар менен кошо куюлуучу курмандыкка жарым гин шарап, бир кочкор менен кошо үчтөн бир гин шарап, ар бир козу менен кошо төрттөн бир гин шарап алып келгиле. Бул курмандык – жылдын бардык айларында ай жаңырган сайын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

15 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан тышкары күнөөңөр үчүн чалынуучу курмандыкка Теңирге арнап бир текени куюлуучу курмандык менен кошо алып келгиле.

Пасах майрамында алып келинүүчү курмандыктар

16 Биринчи айдын он төртүнчү күнү – Теңирдин Пасах майрамы.

17 Ошол айдын он бешинчи күнү – майрам. Жети күн ачыткысыз нан жегиле.

18 Биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла.

19 Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла. Алар эч кемчилиги жок болсун.

20 Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

21 Ал эми жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

22 Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке жетелеп келгиле.

23 Буларды дайыма эртең менен чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан тышкары алып келгиле.

24 Жети күн бою так ушундай кылып алып келгиле. Бул нан курмандыгы – жыты Теңирге жаккан курмандык. Бул курмандыкты дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен куюлуучу курмандыктан тышкары алып келиш керек.

25 Жетинчи күнү да ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла.

Биринчи түшүм жыйнаган күнү алып келинүүчү курмандыктар

26 Биринчи түшүм жыйнаган күнү, Теңирге жаңы дандан нан курмандыгын алып келгениңерде, Жумалар майрамыңарда ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла.

27 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эки букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу,

28 ар бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

29 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

30 Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

31 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары бул курмандыктарды куюлуучу курмандык менен кошо Мага алып келгиле. Алардын эч кемчилиги жок болсун.

29-БӨЛҮМ

Сурнай тартылчу күнү алып келинүүчү курмандыктар

1 Жетинчи айдын биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Эч кандай жумуш кылбагыла. Бул күн силерде сурнай тартчу күн болсун.

2 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла.

3 Букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

4 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

5 Тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

6 Бул курмандыктарды ай жаңырганда чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары жана дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары, алар үчүн белгиленген куюлуучу курмандыктардан тышкары жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

Тазалануу күнүндө алып келинүүчү курмандыктар

7 Ушул жетинчи айдын онунчу күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Ошол күнү өзүңөрдү орозо менен жоошуткула, эч кандай жумуш кылбагыла.

8 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.

9 Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

10 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

11 Күнөөдөн тазаланчу күнү чалынган курмандыктан тышкары, дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан жана нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

Алачыктар майрамында алып келинүүчү курмандыктар

12 Жетинчи айдын он бешинчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла. Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла.

13 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка он үч букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу алып келгиле. Алардын кемчилиги жок болсун.

14 Он үч букачардын ар бири менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, эки кочкордун ар бири менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

15 он төрт козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

16 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

17 Экинчи күнү кемчилиги жок он эки букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

18 алар менен бирге букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

19 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

20 Yчүнчү күнү кемчилиги жок он бир букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

21 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

22 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

23 Төртүнчү күнү кемчилиги жок он букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

24 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

25 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

26 Бешинчи күнү кемчилиги жок тогуз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

27 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

28 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

29 Алтынчы күнү кемчилиги жок сегиз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

30 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

31 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

32 Жетинчи күнү кемчилиги жок жети букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

33 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

34 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

35 Сегизинчи күн силер үчүн майрамдын акыркы күнү болсун, эч кандай жумуш кылбагыла.

36 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.

37 Алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

38 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

39 Бул курмандыктарды убада боюнча же өз каалооңор боюнча алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңардан, нан курмандыктарыңардан, куюлуучу курмандыктарыңардан жана тынчтык курмандыктарыңардан тышкары майрамдарыңарда Теңирге арнап алып келгиле».

30-БӨЛҮМ

Убадалар жөнүндө мыйзам

1 Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Муса Ысрайыл уулдарына айтып берди.

2 Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына Муса мындай деди: «Теңир мындай буйрук берди:

3 “Ким Теңирге убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берип карганса, анда ал айткан сөздөрүн бузбасын, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын.

4 Эгерде Теңирге аял убада берсе же жаш чагында, атасынын төрүндө жүргөндө өзүн өзү тыюуга сөз берсе,

5 атасы кызынын убадасын же өзүн өзү тыюуга сөз бергенин угуп, макул болсо, анда кызы бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.

6 Эгерде атасы аны угуп, бирок тыйып койсо, анда кызы убадасын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарбай эле койсун, Теңир кызды кечирет, анткени аны атасы тыйып койгон.

7 Эгерде ал кыз күйөөгө чыгып кетип, анын мойнунда өзүн байлаган убадасы же оозунан чыккан сөзү калса,

8 аны күйөөсү билип, макул болсо, анда аял убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.

9 Эгерде күйөөсү билип, ага тыюу салса, анда анын мойнундагы убадасын же өзүн байлаган оозунан чыккан сөзүн жокко чыгарган болот. Ошондо аялды Теңир кечирет.

10 Жесир аял же күйөөсү менен ажырашып кеткен аял кандай гана убада бербесин, өзүн өзү тыюуга кандай гана сөз бербесин, бардыгын аткарсын.

11 Эгерде аял күйөөсүнүн үйүндө убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берсе,

12 аны күйөөсү угуп, макул болуп, тыюу салбаса, анда аял бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүнүн баарын аткарсын.

13 Эгерде күйөөсү угуп, аларды жокко чыгарса, анда аял оозунан чыккан бардык убадаларын жана өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүн аткарбай эле койсо болот. Аны күйөөсү жокко чыгаргандыктан, Теңир аны кечирет.

14 Бардык убаданы жана өзүн өзү тыюуга берген бардык сөздү аялдын күйөөсү беките алат жана жокко чыгара алат.

15 Эгерде күйөөсү ал тууралуу уккандан кийин көп күн өтсө да унчукпай койсо, анда ошонусу менен аялынын убадасын жана анын мойнундагы өзүн өзү тыюуга берген сөзүн бекиткен болот, анткени ал тууралуу уккандан кийин да унчуккан жок.

16 Эгерде аларды уккандан кийин жокко чыгарса, анда ал аялынын күнөөсүн өз мойнуна алган болот”».

17 Күйөөсү менен аялынын ортосундагы, жаш чагында атасынын үйүндө жүргөн кыз менен атасынын ортосундагы мамиле тууралуу Теңирлин Мусага осуяттаган мыйзамы ушундай.

31-БӨЛҮМ

Мидиандыктарды жазалоо

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдары үчүн мидиандыктардан өч ал, ошондон кийин өз элиңе кошуласың».

3 Ошондо Муса элге кайрылып, мындай деди: «Мидиандыктардан Теңирдин өчүн алыш үчүн, мидиандыктарга каршы чыгууга өзүңөрдүн араңардан адамдарды куралдандырып, согушка камдагыла.

4 Ысрайыл урууларынын ар биринен миңден киши чыгарып, согушка жөнөткүлө».

5 Ошондо миңдеген Ысрайыл элинин ар бир уруусунан миңден – он эки миң куралдуу жоокер согушка бөлүндү.

6 Муса ар бир уруудан миңден алып, аларды согушка жөнөттү, алар менен кошо ыйык кызмат кылуучу Элазардын уулу Пинехасты да согушка жөнөттү. Анын колунда ыйык идиштер жана белги берүүчү сурнай бар эле.

7 Ошентип, Теңир Мусага буйругандай, алар мидиандыктарга каршы согуш ачып, алардын бардык эркек аттууларын кырып салышты.

8 Өлтүрүлгөндөр менен кошо Мидиандын беш падышасын: Эби, Рекем, Сур, Хур, Ребаны кошо өлтүрүштү, Бейордун уулу Биламды да кылыч менен өлтүрүштү.

9 Ал эми мидиандыктардын аялдары менен балдарын Ысрайыл уулдары туткундап алышты, алардын бодо малын, короо-короо койлорун, мүлкүн олжолоп алышты.

10 Алардын карамагындагы шаарларды, айыл-кыштактарды өрттөп жиберишти.

11 Тартып алгандарынын баарын: бүт олжону, малды, туткундап алган адамдарды алып кетишти.

12 Алар туткундарын, олжолорун, тартып алгандарын Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө жайгашкан Ысрайыл уулдарынын жамаатына жана Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жеткиришти.

Туткундардын тагдыры жана тазалануу

13 Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар, жамааттын бүт төрөлөрү алардын алдынан тосуп чыгышты.

14 Ошондо согуштан кайткан аскер башчыларына, миң башыларына, жүз башыларына Мусанын ачуусу келип, мындай деди:

15 «Аялдарын эмне үчүн тирүү калтырдыңар?

16 Биламдын кеңеши менен Пейорго жагынып, Ысрайыл уулдарынын Теңирден баш тартуусуна себепкер болгондор ушулар. Ошон үчүн Теңирдин жамааты кыйраган.

17 Ошондуктан бардык эркек балдарын, эркек менен жаткан аялдарын өлтүргүлө.

18 Ал эми эркек көрө элек кыздарын өзүңөр үчүн тирүү калтыргыла.

19 Ошондон кийин жети күн стандын сыртында туруп тургула. Киши өлтүргөн же өлүккө тийген адамдарыңардын баары, туткундарыңар да үчүнчү жана жетинчи күнү тазалангыла.

20 Бүт кийимиңерди, бүт булгаары буюмдарыңарды, эчкинин жүнүнөн жасалган бүт нерселериңерди, бүт жыгач идиштериңерди тазалап чыккыла».

21 Ыйык кызмат кылуучу Элазар согушка барып келген жоокерлерге мындай деди: «Теңирдин Мусага осуяттаган мыйзамы мындай:

22 “Алтынды, күмүштү, жезди, темирди, калайды жана коргошунду,

23 отко салына тургандардын бардыгын тазалаш үчүн отко салгыла, андан кийин тазартуучу сууга салгыла, ошондо таза болот, ал эми отко салынбай тургандардын бардыгын сууга салгыла.

24 Кийимиңерди болсо жетинчи күнү жуугула, ошондо таза болосуңар, ошондон кийин гана станга кирсеңер болот”».

Олжону бөлүштүрүү

25 Теңир Мусага мындай деди:

26 «Ыйык кызмат кылуучу Элазар жана жамааттын уруу башчылары менен олжого түшкөн адамдарды, малды санап чык.

27 Анан олжону согушка барып келген жоокерлерге жана бүт жамаатка тең бөлүп бер.

28 Согушка барып келген ар бир жоокерден Теңир үчүн алым ал, адамдардан да, бодо малдан да, эшектерден да, майда малдан да ал: беш жүз баштан бир баш ал.

29 Аларга тийген олжонун жарымынан алым ал. Муну өйдө көтөрүп Теңирге алып келген курмандык катары ыйык кызмат кылуучу Элазарга бер.

30 Ысрайыл уулдарына тийген олжонун жарымынан Теңирдин жыйын чатырында кызмат кылган лебилерге бер. Адамдардан да, бодо малдан да, эшектерден да, майда малдан да ал: элүү баштан бир баш ал».

31 Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар Теңирдин Мусага айтканындай кылышты.

32 Согушка барып келген жоокерлер тартып алган олжонун саны: алты жүз жетимиш беш миң майда мал,

33 жетимиш эки миң бодо мал,

34 алтымыш бир миң эшек,

35 отуз эки миң эркек көрө элек кыз.

36 Согушка катышкандардын жарым үлүшүн эсептегенде, үч жүз отуз жети миң беш жүз майда мал болду.

37 Теңир үчүн алынган алымдын саны алты жүз жетимиш беш майда мал болду.

38 Бодо малдын саны – отуз алты миң, анын жетимиш экиси – Теңир үчүн алынган алым.

39 Эшектин саны – отуз миң беш жүз, анын алтымыш бири – Теңир үчүн алынган алым.

40 Адамдардын саны – он алты миң, анын отуз экиси – Теңир үчүн алынган алым.

41 Муса Теңир үчүн алынган алымды, Теңир буйругандай, ыйык кызмат кылуучу Элазарга тапшырды.

42 Муса согушка катышкандар алып келген олжонун жарымын Ысрайыл уулдарына бөлүп берди.

43 Жамааттын энчисине тийген олжонун жарымы мынча: үч жүз отуз жети миң беш жүз майда мал,

44 отуз алты миң бодо мал,

45 отуз миң беш жүз эшек,

46 он алты миң адам.

47 Ысрайыл уулдарына тийген жарым олжонун: адамдардын, малдын элүүдөн бир бөлүгүн Муса алып, Теңир буйругандай, Теңирдин жыйын чатырында кызмат кылган лебилерге берди.

48 Мусага миңдеген жоокерлердин аскер башчылары, миң башылары, жүз башылары келип, мындай дешти:

49 «Кулдарың өздөрүнө тапшырылган жоокерлерди санап чыгышты, алардын бири да кемибептир.

50 Мына, Теңирдин алдында тазаланышыбыз үчүн, ар кимибиз өзүбүз тапкан алтындан жасалган буюмдарды: моюнга тагылчу чынжырларды, билериктерди, шакектерди, сөйкөлөрдү, чачпактарды Теңирге арнап алып келдик».

51 Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар алтындан жасалган ушул буюмдарды алардан алышты.

52 Миң башылар менен жүз башылардын Теңирге арнап алып келген алтын буюмдарынын салмагы он алты миң жети жүз элүү шекел болду.

53 Жоокерлердин ар бири өзү үчүн талап-тоногон.

54 Ошентип, Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар миң башылар менен жүз башылардан алтындарды алып, Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн, жыйын чатырына алып келишти.

32-БӨЛҮМ

Эки жарым урууну Иордандын аркы өйүзүнө жайгаштыруу

1 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын малы өтө көп эле. Алар Жазер жеринде да, Гилат жеринде да малга ылайыктуу жерлер бар экенин көрүштү.

2 Анан Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жана жамааттын төрөлөрүнө келип, мындай деп айтышты:

3 «Атарот, Дибон, Жазер, Нимра, Кешпон, Элалей, Сыбам, Небо жана Быйон жерлерин

4 Теңир Ысрайыл жамаатынын алдында кыйратып салган. Бул жерлер – малдын жайытына ылайыктуу жерлер. Кулдарыңдын болсо малы көп.

5 Эгерде биз сенин алдыңда ырайым тапкан болсок, бул жерлерди өз кулдарыңдын карамагына бер. Бизди Иордан суусунан ары өткөрбө».

6 Ошондо Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына мындай деди: «Бир туугандарыңар согушка бара жатышса, силер бул жерде каласыңарбы?

7 Эмне үчүн силер Ысрайыл уулдарын Теңир берип жаткан жерге өткөрбөй айнытып жатасыңар?

8 Мен силердин ата-бабаларыңарды жерди көрүп келиш үчүн Кадеш-Барнейиден жөнөткөндө, алар да ушундай кылышкан.

9 Алар Эшкол өрөөнүнө чейин барып, ошол жерди көрүп келишкенден кийин, Теңир берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары барбашы үчүн, аларды айнытышкан.

10 Ошол күнү Теңирдин каары кайнап, мындай деп ант берген:

11 “Мисирден чыккан бул элдин жыйырма жана андан жогорку жаштагылары Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерди көрүшпөйт, себеби алар Мага баш ийбей коюшту.

12 Ал жерди Кеназдык Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыя гана көрөт, анткени булар Теңирге баш ийишкен”.

13 Ысрайылга Теңирдин каары кайнап, аларды чөлдө кырк жыл алып жүрдү. Алар Теңирдин алдында күнөө кылган бүт уруусу өлүп жок болгуча тентишти.

14 Мына азыр да, силер, күнөөкөрлөрдүн тукуму, ата-бабаңарга окшоп көтөрүлүп чыгып, Ысрайылга Теңирдин каарын дагы кайнаттыңар.

15 Эгерде силер Теңирден баш тартсаңар, анда Ал элди дагы чөлгө калтырат, силер бул элди ушинтип курутасыңар».

16 Ошондо алар Мусага келип, мындай дешти: «Биз бул жерге малыбызга короо-сарайларды салабыз, балдарыбызга шаар курабыз.

17 Өзүбүз болсо биринчи болуп куралданып алып, Ысрайыл уулдарын өз жерине жеткирмейинче, алардын алдында барабыз. Ал жердин тургундары балдарыбызга коркунуч туудурбашы үчүн, аларды чептүү шаарларда калтырабыз.

18 Ысрайыл уулдарынын ар бири өз үлүшүн алмайынча, биз үйүбүзгө кайтып келбейбиз.

19 Эгерде бизге Иордандын берки өйүзүнөн, чыгыш тараптан үлүш тийсе, анда биз Иордандын аркы өйүзүнөн жана андан аркы жерлерден алар менен бирге үлүш албайбыз».

20 Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эгерде силер мындай кылсаңар, эгерде Теңирдин алдында куралданып чыксаңар,

21 силердин куралданган ар бир жоокериңер, Теңир Өзүнүн алдындагы душмандарын жок кылып бүтмөйүнчө, Теңирдин алдында Иордандын аркы өйүзүнө өтсө,

22 Теңирдин алдында жер багынып берсе, ошондон кийин кайрылып келсеңер, анда Теңирдин жана Ысрайыл элинин алдында күнөөлүү болбойсуңар, ошондо бул жер Теңирдин алдында силердин энчиңер болот.

23 Эгерде мындай кылбасаңар, анда Теңирдин алдында күнөөгө баткан болосуңар, бул күнөөңөр үчүн жазаланасыңар.

24 Балдарыңарга шаар, койлоруңарга короо-жай кургула, оозуңардан эмне чыкса, ошону жасагыла».

25 Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Мусага мындай дешти: «Мырзабыз кандай буйруса, кулдарың ошондой кылышат.

26 Балдарыбыз, аялдарыбыз, бардык малыбыз ушул жерде, Гилат шаарларында калат.

27 Кулдарың болсо, мырзабыз айткандай, жоокерлердей куралданып, Теңирдин алдында согушка барат».

28 Ошондо Муса алар тууралуу ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына мындай деп буйрук берди:

29 «Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарынын бардыгы куралданып, Теңирдин алдында силер менен бирге Иордандын аркы өйүзүнө өтсө, силердин алдыңарда жер багынып берсе, анда Гилат жерин алардын карамагына бергиле.

30 Эгерде алар силер менен бирге куралданып барышпаса, анда силер менен бирге Канаан жеринен үлүш алышат».

31 Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары мындай деп жооп беришти: «Теңир сенин кулдарыңа кандай айтса, так ошондой кылабыз.

32 Биз Теңирдин алдында куралданып, Канаан жерине барабыз, биздин үлүшүбүз Иордандын бул өйүзү болсун».

33 Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына, Жусуптун уулу Менашенин жарым уруусуна Амор падышасы Сихон падышачылык кылып турган жерлерди, Башан падышасы Ог падышачылык кылып турган жерлерди шаарлары менен, чет жакаларындагы айыл-кыштактары менен берди.

34 Гаттын уулдары Дибон, Атарот, Аройер,

35 Атрот-Шопан, Жазер, Жокпея,

36 Бейт-Нимра, Бейт-Аран деген бекем коргондуу шаарларды, койлорго короо-сарайларды курушту.

37 Рубейиндин уулдары Кешпон, Элалей, Кирийатайим деген шаарларды курушту.

38 Аттары өзгөртүлгөн Небо менен Баал-Мейонду, ошондой эле Сыбманы курушту. Алар өздөрү курган шаарларга ат коюшту.

39 Менашенин уулу Махирдин уулдары Гилатка барып, аны басып алып, ал жерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.

40 Муса Менашенин уулу Махирге Гилатты берди, ал ошол шаарга отурукташты.

41 Менашенин уулу Жайыр барып, айыл-кыштактарын басып алып, аларды Жайырдын айыл-кыштактары деп атады.

42 Нобах да барып, Кенатты жана ага караштуу шаарларды басып алып, аларды өз атынан Нобах деп атады.

33-БӨЛҮМ

Мисирден Иорданга чейин жол жүрүү жөнүндө кыскача кайталоо

1 Муса менен Арундун башчылыгы астында Мисир жеринен стандары менен чыккан Ысрайыл уулдары мындай жол жүрүштү:

2 Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын стандары менен жол жүргөнүн жазып чыкты. Алар басып өткөн жерлер булар:

3 Алар биринчи айдын он бешинчи күнү Раамсестен чыгышкан. Ысрайыл уулдары Пасахтын эртеси бүткүл Мисир элинин көз алдында күчтүү колдун астында чыгышты.

4 Ошол убакта мисирликтер Теңир өлтүргөн бардык тун уулдарын көмүп жатышкан. Теңир алардын кудайларына өкүм чыгарды.

5 Ошентип, Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жайгашышты.

6 Сукоттон чыгып, Эйтамга жайгашышты, ал чөлдүн четиндеги жер эле.

7 Эйтамдан чыгып, Баал-Сыпондун жанындагы Пи-Ахиротко жөнөп, Мигдолдун жанына жайгашышты.

8 Пи-Акироттон чыгып, деңиздин ортосу менен чөлгө өтүштү. Эйтам чөлүндө үч күн бою жол жүрүштү, анан Марага жайгашышты.

9 Марадан чыгып, Эйлимге келишти. Эйлимде болсо он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле, алар ошол жерге жайгашышты.

10 Эйлимден чыгып, Кызыл деңиздин жанына жайгашышты.

11 Кызыл деңизден чыгып, Син чөлүнө жайгашышты.

12 Син чөлүнөн чыгып, Допкага жайгашышты.

13 Допкадан чыгып, Алушка жайгашышты.

14 Алуштан чыгып, Репидимге жайгашышты, бирок ал жерде эл ичкенге суу жок эле.

15 Репидимден чыгып, Синай чөлүнө жайгашышты.

16 Синай чөлүнөн чыгып, Киброт-Атаапка жайгашышты.

17 Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко жайгашышты.

18 Хатсейроттон чыгып, Ритмага жайгашышты.

19 Ритмадан чыгып, Римон-Переске жайгашышты.

20 Римон-Перестен чыгып, Либнага жайгашышты.

21 Либнадан чыгып, Рисага жайгашышты.

22 Рисадан чыгып, Кейлатка жайгашышты.

23 Кейлаттан чыгып, Шепер тоосуна жайгашышты.

24 Шепер тоосунан чыгып, Харатка жайгашышты.

25 Хараттан чыгып, Макейлотко жайгашышты.

26 Макейлоттон чыгып, Тахатка жайгашышты.

27 Тахаттан чыгып, Тарахка жайгашышты.

28 Тарахтан чыгып, Миткага жайгашышты.

29 Миткадан чыгып, Хашмонго жайгашышты.

30 Хашмондон чыгып, Мосейротко жайгашышты.

31 Мосейроттон чыгып, Беней-Жааканга жайгашышты.

32 Беней-Жаакандан чыгып, Хор-Агидгатка жайгашышты.

33 Хор-Агидгаттан чыгып, Жотпатка жайгашышты.

34 Жотпаттан чыгып, Абронго жайгашышты.

35 Аброндон чыгып, Этсион-Геберге жайгашышты.

36 Этсион-Геберден чыгып, Син чөлүнүн Кадеш деген жерине жайгашышты.

37 Кадештен чыгып, Эдом менен чектешкен Ор тоосуна жайгашышты.

38 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Арун Теңирдин буйругу боюнча Ор тоосуна чыгып, Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына кырк жыл болгондо, бешинчи айдын биринчи күнү көз жумду.

39 Арун жүз жыйырма үч жашка чыгып, Ор тоосунда көз жумду.

40 Канаан жеринин түштүгүндө жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл уулдарынын келе жатканын укту.

41 Алар Ор тоосунан чыгып, Салмонго жайгашышты.

42 Салмондон чыгып, Пунонго жайгашышты.

43 Пунондон чыгып, Оботко жайгашышты.

44 Оботтон чыгып, Маап менен чектешкен жердеги Жей-Абаримге жайгашышты.

45 Ийимден (Жей-Абаримден) чыгып, Дибон-Гатка жайгашышты.

46 Дибон-Гаттан чыгып, Алман-Дыблатайымга жайгашышты.

47 Алман-Дыблатайымдан чыгып, Ныбонун жанындагы Абарым тоолоруна жайгашышты.

48 Абарым тоолорунан чыгып, Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюна, Маап түздүгүнө жайгашышты.

49 Алар Иордандын жанындагы Бейт-Айешимоттон Абел-Шитимге чейин созулуп жаткан Маап түздүгүнө жайгашышты.

Иордан суусунан өтөрдүн алдында берилген көрсөтмө

50 Теңир Мусага Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:

51 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Канаан жерине Иордан суусу аркылуу өткөнүңөрдө,

52 ал жерде жашагандардын бардыгын кууп чыгып, жасалма кудайларынын сүрөттөрүн, куюлган жасалма кудайларын, бутканаларын талкалагыла.

53 Ошол жерди ээлеп, ошол жерге отурукташкыла, анткени ошол жерди Мен силерге мураска бердим.

54 Жерди урууларыңарга өкчөмө таш ыргытып бөлүштүргүлө. Саны көп урууларга көбүрөөк үлүш, саны аз урууларга азыраак үлүш бергиле. Өкчөмө таш боюнча кимге кандай жер тийсе, ал ошол жерди алсын. Ар ким өз уруусу менен үлүш алсын.

55 Эгерде силер ал жерде жашагандарды кууп чыкпасаңар, анда алардан калып калгандар көзүңөргө кирген, капталыңарга сайылган тикенек болот, силер жашай турган жерде силерди кысымга ала башташат.

56 Мына ошондо Мен аларга кылайын дегенимди силерге кылам”».

34-БӨЛҮМ

Убадаланган жердин чек аралары

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: “Канаан жерине киргениңерде, силердин энчиңерге тие турган Канаан жери жана анын чек аралары бул:

3 силердин түштүк чек араңар Эдомдун жанындагы Син чөлү болот, түштүк чек араңар чыгыш тараптагы Туздуу деңиздин аягынан башталат.

4 Чек араңар түштүк тараптагы Акрабым дөңсөөсүнө бурулуп, Син чөлүнөн өтөт, анан Кадеш-Барнейинин түштүгүнө келип такалат, андан Гатсар-Адарга жетип, Асмон аркылуу өтөт.

5 Чек ара Асмондон Мисир суусуна бурулуп, деңизге барып такалат.

6 Ал эми батыштагы чек араңар улуу деңиз болот. Бул силердин батыш тарабыңардагы чек араңар.

7 Түндүк тарабыңардагы чек араңар улуу деңизден Ор тоосуна чейин созулат.

8 Ор тоосунан Хаматка жетет да, андан ары Седатка барып такалат.

9 Андан ары Зиброндон Хатсар-Эйнанга чейин кетет. Бул силердин түндүк чек араңар.

10 Чыгыш чек араңар Хатсар-Эйнандан Шепамга чейин болсун.

11 Шепамдан чек ара Айындын чыгыш тарабы менен Риблага жетет, анан Кинерет деңизинин чыгыш жээктерине тийип өтөт.

12 Чек ара Иорданга жетип, Туздуу деңизге такалат. Бул силердин бардык тарабынан чек ара менен чектелген жериңер болот”».

13 Анан Муса Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук берди: «Мынакей, өкчөмө таш ыргытып бөлүп алчу жериңер ушул, ушул жерди Теңир тогуз урууңарга жана жарым урууңарга берүүгө буйруду.

14 Анткени Рубейин уулдарынын уруулары, Гат уулдарынын уруулары жана Менаше уулдарынын жарым уруусу өз энчилерине тийген үлүштөрүн алышкан.

15 Иордандын аркы өйүзүндөгү, чыгыш жактагы, Жерихонун маңдайындагы жерди ушул эки уруу менен жарым уруу бөлүп алышкан».

Жер бөлүп берүүгө жоопкерчиликтүү адамдарды дайындоо

16 Теңир Мусага мындай деди:

17 «Силерге жер бөлүп бере турган адамдар булар: ыйык кызмат кылуучу Элазар жана Нундун уулу Жашыя.

18 Жер бөлүштүргөнгө ар бир уруудан бирден төрө алгыла.

19 Ал төрөлөр булар: Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,

20 Шымон уруусунан Амийуттун уулу Шемуел,

21 Бенжемин уруусунан Кислондун уулу Элидат,

22 Дан уруусунан мырза Жогланын уулу Буки төрө,

23 Жусуптун уулдарынан Менашенин уруусунан Эйпоттун уулу Ханиел төрө,

24 Эпрайым уруусунан Шиптандын уулу Кемуел төрө,

25 Забулун уруусунан Парнактын уулу Элитсапан төрө,

26 Исахар уруусунан Азандын уулу Палтиел төрө,

27 Ашыр уруусунан Шеломинин уулу Акийут төрө,

28 Напталы уруусунан Амийуттун уулу Педаел төрө».

29 Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын энчисине Канаан жерин бөлүштүрө тургандар ушулар.

35-БӨЛҮМ

Лебилерге арналган шаарлар жөнүндө

1 Теңир Мусага Жерихонун каршысындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына буйрук бер, алар өздөрүнүн үлүштөрүнөн лебилерге жашай турган шаарларды беришсин. Шаарлардын тегерегиндеги жерлерди да лебилерге бергиле.

3 Шаарлар алар үчүн жашай турган жай болот, талаалар болсо алардын малы үчүн жайыт, мал-мүлкү үчүн короо-жай, күндөлүк керектөөлөрү үчүн жер болот.

4 Лебилерге бере турган шаарлардын тегерегиндеги талаалар шаардын дубалдарынан эки миң чыканак ары болушу керек.

5 Шаардын сыртынан чыгышты карай эки миң чыканак, түштүккө карай эки миң чыканак, батышка карай эки миң чыканак, түндүккө карай эки миң чыканак ченегиле, ортосунда шаар турат: алардын шаардын сыртындагы талаалары ушундай болот.

6 Лебилерге бере турган шаарларыңардын ичинен алты шаарды баш калкалоо үчүн бергиле. Ал шаарларга киши өлтүргөн адам качып барат. Мындан тышкары кырк эки шаар бергиле.

7 Лебилерге талаалары менен кырк сегиз шаар бергиле.

8 Ысрайыл уулдарынын үлүштөрүнөн шаарларды бере баштаганыңарда, саны көп уруудан көбүрөөк үлүш, саны аз уруудан азыраак үлүш бергиле. Ар бир уруу алган үлүшүнө жараша өз шаарларынан лебилерге берүүгө тийиш».

Баш калкалай турган шаарлар

9 Теңир Мусага дагы мындай деди:

10 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Силер Иордан аркылуу Канаан жерине өткөнүңөрдө,

11 өзүңөргө баш калкалай турган шаарларды тандап алгыла. Ал шаарга кокусунан киши өлтүрүп алган адам качып кете алгыдай болсун.

12 Силердин ушул шаарларыңар киши өлтүргөн адам жамааттын алдына сотко келгенге чейин өч алуучунун колунан өлүп калбаш үчүн баш калкалай турган шаарлар болот.

13 Баш калкалоо үчүн алты шаар бергиле.

14 Yч шаарды Иордан суусунун берки өйүзүнөн, үч шаарды Канаан жеринен бергиле. Ал шаарлар баш калкалай турган шаарлар болсун.

15 Ысрайыл уулдары үчүн да, келгиндер үчүн да, силердин араңарга жер которуп келгендер үчүн да ушул алты шаар баш калкалай турган шаар болот, кокусунан киши өлтүрүп алган адам ошол шаарларга качып кетсин.

16 Ким кимдир бирөөнү темир курал менен уруп өлтүрсө, анда ал киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

17 Ким кимдир бирөөнү таш менен уруп өлтүрсө, анда ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

18 Же жыгач курал менен уруп өлтүрсө, ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

19 Кан кууган адам киши өлтүргөн адамды өлтүрүп салса болот. Аны жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.

20 Ким кимдир бирөөнү жек көрүп түртүп жиберип же ага атайы эле бирдеме ыргытып өлтүрсө,

21 же болбосо кастык кылып кол менен уруп өлтүрсө, анда урган адам өлүм жазасына тартылсын, анткени ал – киши өлтүргөн адам. Кан кууган адам киши өлтүргөн адамды жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.

22 Эгерде ал аны кастыгы жок эле түртүп алып, же ага эч бир арам ою жок эле бирдеме ыргытып жиберип,

23 же ага тийсе өлтүрө турган ташты көрбөй ыргытып жиберип кокусунан өлтүрүп алса, бирок ал анын душманы болбосо, ага жамандык каалабаган болсо,

24 анда жамаат киши өлтүргөн адам менен кан кууган адамдын ортосундагы ишти бул мыйзам боюнча карап чыксын:

25 Жамаат кокустан киши өлтүрүп алган адамды кан кууган адамдан куткарып алып, аны баш калкалай турган шаарга кайра жөнөтүшү керек. Ал адам майлоочу май менен майланган башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, ошол жерде жашап турсун.

26 Эгерде киши өлтүргөн адам качып барып баш калкалап турган шаардын сыртына чыкса,

27 кан кууган адам аны баш калкалай турган шаардын сыртынан кармап алып, кан үчүн өлтүрүп салса, анда ал кан төккөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт.

28 Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, баш калкалай турган шаарда жашап турушу керек эле. Киши өлтүргөн адам өзүнүн жерине башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөндөн кийин кайтышы керек болчу.

29 Бул силерге, силердин укум-тукумуңарга силер жашаган бардык жерлерде түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

30 Ким киши өлтүрсө, анда киши өлтүргөн адамды күбөлөрдүн сөздөрү боюнча өлтүрүш керек, бирок өлүмгө өкүм кылыш үчүн, бир күбө жетишсиз.

31 Киши өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла, ал өлүм жазасына тартылсын.

32 Баш калкалай турган шаарга качып кеткен кишиден өз жерине кайра кетиши үчүн кун төлөтүп албагыла. Башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, ал ошол жерде жашап турсун.

33 Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, анткени жерди кан булгайт, кан төккөн кишинин каны төгүлмөйүнчө, жер төгүлгөн кандан тазаланбайт.

34 Өзүңөр жашап жаткан жерди булгабашыңар керек, анткени Мен силердин араңарда жашап жатам. Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан Теңир Менмин”».

36-БӨЛҮМ

Салапаттын кыздарынын үлүшү жөнүндө

1 Гилаттын уулдарынан тараган уруулардын башчылары (Гилат Махирдин, Махир Менашенин уулу. Бул уруу – Жусуптун уулдарынан тараган уруулардын бири.) Мусанын жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчылары болгон төрөлөрдүн алдына келип, мындай дешти:

2 «Теңир Ысрайыл уулдарына өкчөмө таш ыргытып жер бөлүштүрүп берүүнү биздин мырзабызга буйруган. Теңир биздин бир тууганыбыз Салапаттын үлүшүн анын кыздарына берүүнү да биздин мырзабызга буйрук кылган.

3 Эгерде алар Ысрайыл уулдарынын башка уруусундагы уулдарынын аялдары болуп калса, анда алардын үлүшү биздин ата-бабалардын үлүшүнөн алынып, алар келин болуп барган урууга кошулуп берилет, өкчөмө таш боюнча алган үлүшүбүз да аларга берилет.

4 Атүгүл, Ысрайыл уулдары юбилей жылын өткөргөндө да, алардын үлүшү алар келин болуп барган урууга кошулуп, ата-бабаларыбыздын урууларынын үлүшүнөн алардын үлүшү бөлүнүп алынат».

5 Ошондо Муса Ысрайыл уулдарына Теңирдин сөзү боюнча мындай деп буйрук берди: «Жусуптун уулдарынан тараган уруулар туура айтып жатышат.

6 Теңир Салапаттын кыздары жөнүндө мындай осуят кылат: Алар өздөрүнө жаккан адамга күйөөгө чыгышсын. Бирок алар өз атасынын уруусундагыларга гана чыгышсын.

7 Анткени Ысрайыл уулдарынын үлүшү уруудан урууга өтпөшү керек. Ысрайылдын ар бир уруусу өз ата-бабасынын урууларынын үлүшүнө гана байлануу болушу керек.

8 Ысрайыл уулдарынын урууларынын үлүштөрүн мурастай турган кыз өз атасынын уруусундагы адамга турмушка чыксын, анткени Ысрайыл уулдары өз ата-бабаларынын үлүштөрүн мурастап калышы керек.

9 Yлүш бир уруудан экинчи урууга өтпөсүн, анткени Ысрайыл уулдарынын ар бир уруусу өз үлүштөрүнө байлануу болушу керек».

10 Теңир Мусага кандай буйруган болсо, Салапаттын кыздары так ошондой кылышты.

11 Салапаттын кыздары Махла, Тирса, Хогла, Милка жана Ноя атасынын бир туугандарынын уулдарына күйөөгө чыгышты.

12 Алар Жусуптун уулу Менашеден тараган уруунун уулдарына турмушка чыгышты. Ошентип, алардын үлүшү аталарынын уруусунда калды.

13 Теңир Муса аркылуу Ысрайыл уулдарына Жерихонун каршысындагы Иордан боюндагы Маап түздүгүндө берген осуяттары менен көрсөтмөлөрү ушулар.