РИМДИКТЕРГЕ ЖАЗЫЛГАН КАТЫ

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Ыйса Машайактын кулу, элчи болууга чакырылган, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу үчүн тандалып алынган Пабылдан салам!

2 Кудай бул Жакшы Кабарды мурда эле Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу Ыйык Жазууларда убада кылган болчу.

3 Бул Жакшы Кабарда дене жагынан Дөөттүн тукумунан чыккан Кудай Уулу жөнүндө,

4 өлгөндөрдүн арасынан тирилүүсү аркылуу, ыйыктоочу Рух боюнча Кудайдын Уулу болуп Өзүнүн күч-кубаты менен ачылган Теңирибиз Ыйса Машайак жөнүндө айтылат.

5 Ыйса Машайактын ысымынын урматына бүт элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайым көрсөттү жана элчилик кызматты ыйгарды.

6 Ошол элдердин арасында Ыйса Машайак аркылуу чакырылган силер да барсыңар.

7 Кудайдын Римдеги бардык сүйүктүүлөрү, ыйык болууга чакырылгандар, силерге Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Элчинин Римге барсам деген каалоосу

8 Силердин ишенимиңер жөнүндө бүт дүйнөгө жарыяланып жатат. Ошондуктан мен баарынан мурда бүт бардыгыңар үчүн Кудайыма Ыйса Машайак аркылуу ыраазычылык билдиремин.

9 Уулу жөнүндө Жакшы Кабар таратып, жан-дилим менен кызмат кылып жүргөн Кудай Өзү силерди дайыма эстеп сыйынып жатканыма,

10 ошондой эле Кудайдын эрки болсо, силерге баруума жол ачылса экен деп, дайыма сыйынып, суранып жатканыма күбө.

11 Силерди көрүүгө куштармын, анткени силердин бекемделишиңер үчүн, мен кээ бир рухий жөндөмдүүлүктөр менен бөлүшсөм,

12 башкача айтканда, силердин жана менин – баарыбыздын ишенимибиз аркылуу кайраттансак дейм.

13 Бир туугандарым, силерге көп жолу келгим келгенин, бирок ушул учурга чейин тоскоолдуктарга учураганымды, башка элдерден көргөнүмдөй эле, силерден да эмгегимдин кандайдыр бир жемишин көргүм келгенин билишиңерди каалайм.

14 Мен эллиндерге да, варварларга да, акылдууларга да, акылсыздарга да кызмат кылууга милдеттүүмүн.

15 Ошондуктан мен колумдан келишинче Римде турган силерге да Жакшы Кабар таратууга даярмын.

Жакшы Кабардын күчү

16 Себеби мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар – бардык ишенгендерди: алгач жүйүттөрдү, андан кийин эллиндерди да куткара турган Кудайдын күчү.

17 Ыйык Жазууда: «Адил адам ишеними менен тирүү болот», – деп жазылгандай, Жакшы Кабарда Кудайдын адилеттиги ишеним аркылуу ачылып, ишенимге жеткирет.

Адамзаттын күнөөкөрдүгү

18 Анткени чындыкты адилетсиздик менен басып турган адамдардын кудайсыздык менен кылган бардык иштерине жана адилетсиздигине каршы асмандан Кудайдын каары төгүлөт.

19 Себеби Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген.

20 Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт.

21 Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын эч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгыланды.

22 Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты.

23 Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнелерине алмаштырышты.

24 Ошондуктан Кудай алардын өз жүрөктөрүндөгү кумардуу каалоолору менен бузуктукка батуусуна жол берди. Ошентип, алар өз денелерин өздөрү булгашты.

25 Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышты, кызмат кылышты. Ал эми Кудай түбөлүккө даңкталууга татыктуу! Оомийин.

26 Ошондуктан Кудай алардын ыпылас кумарга батуусуна жол берип койду, анткени алардын аялдары да табигый жыныстык байланышты табигый эмес байланышка алмаштырышты.

27 Ошондой эле эркектер да аялдар менен болгон табигый жыныстык байланышты таштап, бири-бирине кумарын арттырышты. Эркектер бири-бири менен ыпылас ишке барышты. Адашкандыктары үчүн алардын денеси жазаланды.

28 Алар Кудайды таанып билүүнүн кажети жок дешкендиктен, ыпылас иштерди жасаган аларды Кудай ыпылас ойлорунун жетегине таштап койду.

29 Ошондуктан алардын жүрөгү ар кандай адилетсиздикке, бузуктукка, арамзалыкка, ач көздүккө, ачууга, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, чатакташууга, алдамчылыкка, терс кыялдарга толгон.

30 Алар – тили заар, жалаа жабуучу, Кудайды жек көрүүчү, таарынтуучу, мактанчаак, текебер, жамандык ойлоп чыгаруучу, ата-энесине тил албас,

31 акылсыз, сөзүнө турбаган, мээримсиз, элдешпес, ырайымсыз адамдар.

32 Алар Кудайдын адилет сотун, ушундай кылуучулар өлүмгө татыктуу экенин билип туруп, ушуларды жасашат. Жасап эле тим болбостон, ушундай кылгандарды кубатташат.

2-БӨЛҮМ

Кудайдын адилет соту

1 Ошондуктан сен, башканы соттогон адам, ким болсоң да, сага кечирим жок. Себеби сен башканы соттоо менен, өзүңдү айыптап жатасың. Анткени сен башканы соттоп жатып, өзүң деле ошол иштерди кылып жатасың.

2 Ал эми биз мындай иш кылгандарга Кудайдын адилет соту жүргүзүлөрүн билебиз.

3 Ушундай иш кылгандарды соттоп жатып, ошол эле иштерди жасаган адам, сен Кудайдын сотунан качып кутулам деп ойлоп турасыңбы?

4 Же Кудай Өз айкөлдүгү менен сени тобо кылууга жетелерин билбей, Анын айкөлдүгүн, сабырдуулугун жана чыдамдуулугун барк албай жатасыңбы?

5 Бирок сен өзүңдүкүн бербегендигиң менен, өкүнбөгөндүгүң менен, Кудайдын каары төгүлө турган жана адилет соту боло турган күнгө, өзүңө өзүң каар чогултуп жатасың.

6 Кудай ар бир адамга иштерине жараша тиешесин берет:

7 даңкты, урмат-сыйды жана өлбөстүктү туруктуулук менен жакшылык кылуу аркылуу издегендерге түбөлүк өмүр берет,

8 ал эми өзүнүкүн бербей, чындыкка баш ийбей, адилетсиздикке багынгандарга каарын жана ачуусун төгөт.

9 Жамандык кылган ар бир адамдын, алгач жүйүттөрдүн, андан кийин эллиндердин башына кайгы жана кыйынчылык түшөт.

10 Тескерисинче, жакшылык кылган ар бир адам, алгач жүйүттөр, андан кийин эллиндер даңкка, урмат-сыйга жана тынчтыкка бөлөнөт.

11 Анткени Кудайда бет карамалык жок.

Мыйзам менен сүннөт куткарбайт

12 Мыйзамды билбей күнөө кетиргендер мыйзамсыз эле жок болушат. Ал эми мыйзамды билип туруп күнөө кетиргендер ошол мыйзам боюнча соттолушат.

13 (Анткени Кудайдын алдында мыйзамды уккандар акталышпайт, мыйзамды аткаргандар акталышат.

14 Анткени мыйзамды билбеген бутпарастар табиятынан эле мыйзам буйруганды аткарып жатышса, анда алар мыйзамды билишпегенине карабастан, өздөрүнө өздөрү мыйзам.

15 Ошентип, алар мыйзам талабынын жүрөктөрүндө жазылганын көрсөтүп жатышат. Бул жөнүндө алардын абийири жана бирде айыптаган, бирде актаган ойлору күбөлөндүрүп жатат).

16 Мен таратып жаткан Жакшы Кабар боюнча, Кудай Ыйса Машайак аркылуу адамдардын жашыруун иштерин соттогон күнү бул айкын болот.

17 Мына, сен өзүңдү жүйүтмүн деп, мыйзамга таянып, Кудай менен мактанасың.

18 Анын каалоосун билесиң. Кайсы ишти жасаса жакшы экенин сен мыйзамдан үйрөнгөнсүң.

19-20 Мыйзамдан билим алып, чындыкты билгендиктен, сен өзүңдүн сокурларга жол көрсөтүүчү, караңгыда жүргөндөргө жарык, акылсыздарга насаатчы, балдарга окутуучу экениңе толук ишенесиң.

21 Сен башкаларды үйрөтүп, өзүң эмнеге үйрөнбөйсүң?

22 Сен башкаларга: «Уурдаба», – деп насаат айтып, өзүң эмнеге уурдайсың? «Нике бузба», – деп айтып, өзүң эмнеге нике бузасың? Буркандардан жийиркенесиң да, анан эмнеге алардын бутканаларын талап-тонойсуң?

23 Мыйзам менен мактанасың да, анан эмнеге мыйзамды бузуп, Кудайга сөз тийгизесиң?

24 Анткени Ыйык Жазууда жазылгандай, «силердин айыңардан бутпарастардын арасында Кудайдын ысымына тил тийип жатат».

25 Эгерде сен мыйзамды аткарсаң, анда сүннөттүн пайдасы бар. Эгерде сен мыйзамды бузсаң, анда сенин сүннөтүң сүннөт эмес.

26 Демек, сүннөтү жок адам мыйзамдын буйруктарын аткарса, анын сүннөтсүздүгү сүннөт катары эсептелбейби?

27 Ыйык Жазууну билген, сүннөткө отургузулган, бирок мыйзамды бузуп жаткан сени сүннөткө отургузулбаган, бирок мыйзамды аткарган адам соттобойбу?

28 Анткени көрүнүшү жүйүт болсо эле жүйүт эмес, сүннөткө отургузулса эле сүннөттүү эмес.

29 Тескерисинче, жүрөгү жүйүт болгон адам – жүйүт. Жүрөктүн сүннөтү да тамганын негизинде эмес, Рух боюнча болот. Ошондой адамга адамдардан эмес, Кудайдан мактоо айтылат.

3-БӨЛҮМ

Кудайдын ишенимдүүлүгү жана адилеттүүлүгү

1 Анда жүйүт болуунун кандай артыкчылыгы бар? Же сүннөттүн кандай пайдасы бар?

2 Бардык жагынан көп артыкчылыгы бар. Баарынан мурда Кудайдын Сөзү жүйүттөргө ишенип тапшырылган.

3 Эгерде алардын кээ бирөөлөрү ишенимсиз болушса, эмне экен? Алардын ишенимсиздиги Кудайдын ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы?

4 Албетте, жок! Ыйык Жазууда: «Сенин Сөздөрүң адилет, соттошкондо Сен жеңесиң», – деп жазылгандай, Кудай ишенимдүү, ал эми ар бир адам калпычы.

5 Эгерде биздин адилетсиздигибиз Кудайдын адилеттүүлүгүн айкын кылып жатса, анда эмне демекчибиз? Каарын төгүп жатканда, Кудайды адилетсиз дегенге болобу? Мен адамдык ой менен айтып жатам.

6 Албетте, андай эмес! Андай болсо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?

7 Бирок менин адилетсиздигим аркылуу Кудайдын адилеттүүлүгү артыгы менен далилденип, Кудай даңкталып жатса, анда мен дагы эмне үчүн күнөөкөр катары соттолушум керек?

8 Кээ бирөөлөр бизди жамандап: «Булар: “Жакшылык болуш үчүн жамандык кылалы”, – дешет», – деп, кантип айтып жатышат? Мындайлардын соттолгону туура.

Бардык адамдар күнөөкөр

9 Анда эмне, биз артыкчылыкка ээбизби? Жок, ээ эмеспиз. Анткени биз жогоруда далилдегендей, жүйүттөр сыяктуу эле эллиндер да, бардыгы күнөөнүн бийлиги астында.

10 Ыйык Жазууда жазылгандай: «Бир да адил адам жок.

11 Түшүнгөн бир да адам жок, эч ким Кудайды издебейт.

12 Бардыгы жолдон чыгышты, бирөө да жарактуу эмес. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок».

13 «Алардын кекиртеги – ачык мүрзө. Алар тилдери менен жалган сүйлөшөт. Алардын эриндеринде жыландын уусу бар».

14 «Алардын оозунан каргыш жана ачуу сөз гана чыгат».

15 «Алардын буттары кан төгүүгө чуркап турат.

16 Алар жүргөн жерде кыйроо жана кайгы гана болот.

17 Алар тынчтык жолун билишпейт».

18 «Алардын көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң».

19 Бирок мыйзамда эмне айтылса да, ошонун баары мыйзамдын бийлиги астындагыларга айтыларын билебиз. Ошондуктан бардыгынын оозу жабылат, бүт дүйнө Кудай алдында айыптуу болот.

20 Анткени мыйзамды аткаруу менен Анын алдында бир да адам акталбайт. Себеби күнөөнүн күнөө экендиги мыйзам аркылуу билинет.

Ишеним аркылуу акталуу

21 Бирок азыр мыйзамга көз карандысыз эле Кудайдын адилеттигине ээ болууга жол ачылды. Бул жөнүндө «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринде күбөлөндүрүлөт.

22 Кудайдын бул адилеттиги – бардык ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик. Анткени эч айырма жок.

23 Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан.

24 Бирок бардыгы Анын ырайымы менен, Машайак Ыйсанын кун төлөп куткаруусу аркылуу бекер акталышты.

25 Кудай Өзүнүн чыдамдуулугу убагында мурунку кылынган күнөөлөрдү кечирүү аркылуу Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн, Машайактын төгүлгөн канын ырайым курмандыгы катары ишеним аркылуу сунуш кылды.

26 Азыркы учурда Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөтүү үчүн ушундай кылды. Ал Ыйсага ишенген адамга адилеттүү жана актоочу катары таанылсын.

27 Анда биздин мактана турган нерсебиз кайда калды? Ал биротоло жок болду. Кайсы мыйзам менен? Иштерди талап кылган мыйзам мененби? Жок, ишенимди талап кылган мыйзам менен.

28 Анткени биз мындай деп эсептейбиз: адам мыйзамды аткаруу менен эмес, ишеним менен акталат.

29 Же Кудай жүйүттөрдүн эле Кудайы бекен? Бутпарастардын да Кудайы эмеспи? Албетте, бутпарастардын да Кудайы.

30 Анткени Кудай бирөө, Ал сүннөткө отургузулгандарды ишениминин негизинде, сүннөткө отургузулбагандарды да ишеним аркылуу актайт.

31 Анда эмне, биз мыйзамды ишеним аркылуу жокко чыгарабызбы? Албетте, жок! Биз мыйзамды бекемдейбиз.

4-БӨЛҮМ

Ыбрайым ишеним менен акталган

1 Анда атабыз Ыбрайым жөнүндө эмне демекчибиз? Жердеги жашоосунда ал эмнеге ээ болду?

2 Эгерде Ыбрайым иштери аркылуу акталса, ал мактоого ээ, бирок Кудай алдында эмес.

3 Ыйык Жазууда эмне деп жазылган? «Ыбрайым Кудайга ишенди, ошол ишеними ага адилдик катары эсептелинди», – деп жазылган.

4 Иш кылган адамга эмгек акы ырайым катары эмес, тийиштүү эмгек акы катары берилет.

5 Ал эми иш кылбаган, бирок мыйзамсыз адамды актай турган Кудайга ишенген адамдын ишеними ага адилеттик катары эсептелинет.

6 Кудай иштерине карабастан адил деп эсептеген адамдын бактылуу экендиги жөнүндө Дөөт пайгамбар мындай деп айткан:

7 «Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу.

8 Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган адам бактылуу».

9 Бул бакыт сүннөткө отургузулгандарга тиешелүүбү же сүннөткө отургузулбагандарга тиешелүүбү? Анткени биз: «Ыбрайымга ишеними адилдик катары эсептелинди», – деп айтып жатабыз.

10 Ал качан адил деп эсептелинген? Сүннөткө отургузулгандан кийинби же ага чейин элеби? Сүннөткө отургузулгандан кийин эмес, сүннөткө отургузулганга чейин.

11 Сүннөт белгисин ал ишеними аркылуу адилдиктин мөөрү катары алган. Анын бул ишеними сүннөткө отургузула элегинде эле бар болчу. Ошентип, ал сүннөткө отургузулбаган ишенгендердин атасы болуп калды. Ошондуктан алар да адил болуп эсептелинишет.

12 Ал – сүннөткө отургузулгандардын атасы, бирок сүннөткө отургузулуу менен эле чектелгендердин эмес, атабыз Ыбрайымдын сүннөткө отургузула элегинде эле ээ болгон ишениминин жолу менен бара жаткандардын да атасы.

13 Анткени Кудай Ыбрайымга жана анын тукумуна: «Мен силерге бүт дүйнөнү мураска берем», – деп убада кылган. Бул убада ага мыйзамды аткарганы үчүн эмес, ишениминин негизинде акталгандыгы үчүн берилген.

14 Эгерде мыйзамды аткаргандар мурасчы болушса, анда ишенимдин пайдасы жок, убаданын күчү жок.

15 Себеби мыйзам каарды келтирет. Ал эми мыйзам жок жерде мыйзамды бузуу да жок.

16 Ошентип, убада ишенимдин негизинде, ырайым боюнча берилет. Ошондуктан ал мыйзамдын бийлиги астында жашагандарга гана эмес, баарыбыздын атабыз болгон Ыбрайымдын ишеним менен жашаган тукумуна да тиешелүү.

17 Ыбрайым жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылып койдум». Ал өлгөндөрдү тирилтүүчү, жок нерсени бар нерсе катары айткан Кудайга ишенген.

18 Ыбрайым үмүттөнгүдөй эч нерсеси жок болгон учурда да, «Сенин тукумуң ушунча көп болот» деп айтылган сөзгө үмүт менен ишенгендиктен, көптөгөн элдердин атасы болуп калды.

19 Жүз жашка жакындап калган Ыбрайым балалуу болуу курагынан өтүп кеткенин жана Сааранын бала төрөө курагынан өтүп кеткенин көрсө да, ишениминен тайыган эмес.

20 Ишенбестик кылып Кудайдын убадасынан шектенген эмес, тескерисинче, бекем ишенип, Кудайды даңктаган.

21 Кудайдын Өз убадасын аткарууга кудурети жетерине толук ишенген.

22 Ошондуктан ал ишеними аркылуу адил деп эсептелинген.

23 «Адил деп эсептелинди» деген сөз бир эле ал үчүн эмес,

24 Теңирибиз Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайга ишенген биз үчүн да жазылган жана бизге да тиешелүү.

25 Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүмгө кыйылган жана акталышыбыз үчүн тирилген.

5-БӨЛҮМ

Кудай менен болгон тынчтык

1 Ошентип, биз ишеним аркылуу акталып, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудай менен тынчтыкка ээбиз.

2 Ыйсага ишенүү аркылуу бизге бул ырайымга жол ачылды. Ошол ырайымга бөлөнүп, Кудайдын даңкына үмүттөнүү менен мактанып жатабыз.

3 Бул нерсе менен гана эмес, кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык,

4 чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз.

5 Ал эми үмүт уят кылбайт, анткени Кудайдын сүйүүсү бизге берилген Ыйык Рух аркылуу жүрөгүбүзгө төгүлгөн.

6 Анткени биз алсыз кезде эле, белгиленген убакта Машайак кудайсыздар үчүн өлгөн.

7 Адил адам үчүн ким өлсүн? Жакшы адам үчүн кимдир бирөө өз жанын кыйса кыяр.

8 Машайак болсо биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү. Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди.

9 Машайактын каны аркылуу акталгандыктан, Кудайдын каарынан Ал аркылуу куткарыларыбыз да анык.

10 Анткени биз Кудайдын душманы болуп туруп, Уулунун өлүмү аркылуу Аны менен элдешип жатсак, анда элдешкенден кийин, Уулунун өмүрү аркылуу куткарыларыбыз да анык.

11 Муну менен гана эмес, бизди Кудай менен элдештирген Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайдын Өзү менен да мактанабыз.

Адам жана Машайак

12 Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти.

13 Анткени мыйзам берилгенге чейин эле дүйнөдө күнөө бар болчу, бирок мыйзам жок болсо, күнөө эсептелинбейт.

14 Бирок өлүм Адам атадан Мусага чейин жашаган адамдардын үстүнөн жана келе турган Кишинин бейнеси болгон Адам атаныкындай күнөө кетирбегендердин үстүнөн бийлик жүргүзүп келген.

15 Бирок ырайымдын белегин күнөөнүн жазасына салыштыруу мүмкүн эмес. Бир адамдын күнөөсүнүн айынан көптөр өлүмгө дуушар болушса, Кудайдын ырайымы жана бир Адамдын – Ыйса Машайактын ырайым белеги көп адамдарга артыгы менен берилип жаткандыгы анык.

16 Ырайымдын белеги бир адамдын күнөөсүнүн натыйжасы сыяктуу эмес. Анткени бир күнөө үчүн болгон сот айыпталууга, ал эми ырайымдын белеги көп күнөөлөрдөн акталууга алып келет.

17 Анткени өлүм бир адамдын күнөөсүнүн айынан ошол адам аркылуу бийлик жүргүзсө, анда молдук менен көрсөтүлгөн ырайымды жана белек кылынган адилдикти кабыл алгандар бир Ыйса Машайак аркылуу өмүргө бийлик жүргүзүшөрү да анык.

18 Ошондуктан бир адамдын күнөөсүнүн айынан бардык адамдар сотко тартылгандай эле, бир Адамдын адилдиги аркылуу да бардык адамдар өмүргө ээ болуу үчүн акталышат.

19 Анткени бир адамдын тил албастыгынын айынан көп адамдар күнөөкөр болгондой эле, бир Адамдын тил алчаактыгы аркылуу көп адамдар адил болушат.

20 Мыйзам болсо кийин келди, ошондо күнөө көбөйдү. Бирок күнөө көбөйгөндө, ырайым андан да мол болду.

21 Күнөө бийлик жүргүзүп, өлүмгө дуушар кылгандай эле, ырайым да адилеттик аркылуу бийлик жүргүзүп, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу түбөлүк өмүргө ээ кылат.

6-БӨЛҮМ

Жаңы өмүргө чөмүлдүрүлүү

1 Буга эмне демекчибиз? Кудайдын ырайымы көбөйүш үчүн, биз күнөө кыла беришибиз керекпи? Албетте, жок!

2 Биз күнөө үчүн өлгөнбүз, кантип дагы эле күнөө кылып жашай бермек элек?

3 Же силер Машайак Ыйсага чөмүлдүрүлгөн биз – баарыбыз Анын өлүмүнө чөмүлдүрүлгөнүбүздү билбейсиңерби?

4 Машайак Атасынын даңкы менен өлгөндөрдүн арасынан кандай тирилтилсе, биз да жаңыча жашашыбыз үчүн, өлүмгө чөмүлдүрүлүүбүз аркылуу Аны менен бирге көмүлгөнбүз.

5 Аныкындай өлүм аркылуу Аны менен бириксек, анда Аныкындай тирилүү аркылуу Аны менен биригебиз.

6 Анткени күнөөкөр табиятыбыз жок болушу үчүн, мындан ары күнөөнүн кулдары болбошубуз үчүн, эски табиятыбыз Машайак менен бирге айкаш жыгачка керилгенин билебиз.

7 Анткени өлгөн адам күнөөнүн бийлигинен бошотулган.

8 Эгерде биз Машайак менен бирге өлсөк, анда Аны менен бирге жашарыбызга да ишенебиз.

9 Себеби өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машайак кайра өлбөй турганын, эми өлүм Анын үстүнөн бийлик жүргүзбөй турганын билебиз.

10 Анткени Ал өлгөндө, күнөө үчүн бир жолу өлдү. Эми жашаганда, Кудай үчүн жашайт.

11 Ошондой эле силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүкпүз, Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу Кудай үчүн тирүүбүз деп эсептегиле.

12 Ошентип, дененин күнөөлүү кумарларына баш ийбешиңер үчүн, күнөө силердин жок боло турган денеңерге бийлик жүргүзбөсүн.

13 Дене мүчөлөрүңөрдү күнөөгө адилетсиздиктин куралы катары бербегиле, тескерисинче, өлгөндөрдүн арасынан тирилгендер катары өзүңөрдү жана дене мүчөлөрүңөрдү Кудайга адилеттиктин куралы катары бергиле.

14 Күнөө силердин үстүңөрдөн бийлик жүргүзө албайт. Анткени силер мыйзамдын бийлиги астында эмес, Кудайдын ырайымынын астындасыңар.

Адилеттиктин кулдары

15 Эмне кылабыз? Биз мыйзамдын бийлиги астында эмеспиз, ырайымдын астындабыз деп, күнөө кыла берелиби? Албетте, жок!

16 Өзүңөрдү тил алчаак кулдар катары кимге тапшырып берсеңер, кимге баш ийсеңер, ошонун кулдары болоруңарды билбейсиңерби? Ошол сыяктуу эле силер өлүмгө дуушар кыла турган күнөөнүн же адилдикке жеткире турган тил алчаактыктын кулдары болоруңарды билбейсиңерби?

17 Бирок Кудайга ыраазымын, силер мурун күнөөнүн кулу болсоңор да, эми өзүңөр кабыл алган окутууга чын жүрөктөн баш ийип калдыңар.

18 Ошентип, силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, адилеттиктин кулу болуп калдыңар.

19 Мен силердин күнөөкөр табиятыңардын алсыз экендигин эске алып, адамдык ой жүгүртүү менен айтып жатамын. Силер мурун мыйзамсыз иштерди жасоо үчүн, дене мүчөлөрүңөрдү ыпыластыктын жана мыйзамсыздыктын кулу кылгансыңар. Азыр болсо ыйыкталышыңар үчүн, дене мүчөлөрүңөрдү адилеттиктин кулу кылгыла.

20 Анткени силер күнөөнүн кулу болуп жүргөн убагыңарда адилеттикке баш ийчү эмессиңер.

21 Ошол убакта силерде кандай жемиш бар эле? Азыр өзүңөр уялып жаткан иштер эле. Анткени алардын натыйжасы – өлүм.

22 Азыр болсо силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар. Силер бере турган жемиш – ыйыктык, анын аягы – түбөлүк өмүр.

23 Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр.

7-БӨЛҮМ

Мыйзамдын бийлигинен бошотулуу

1 Же силер, бир туугандар, (анткени мыйзамды билгендерге айтып жатамын) өлгөнгө чейин адамдын үстүнөн мыйзам бийлик жүргүзөрүн билбейсиңерби?

2 Анткени күйөөсү бар аял күйөөсү тирүү кезинде ага мыйзам менен байланган. Эгерде күйөөсү өлүп калса, күйөөсүнө байлаган мыйзамдын бийлигинен бош болот.

3 Ошондуктан аял күйөөсү тирүү кезинде башка күйөөгө тийип кетсе, анда ал нике бузуучу болуп эсептелет. Эгерде күйөөсү өлүп калса, ал мыйзамдын бийлигинен бошотулат; башка күйөөгө тийсе, ал нике бузуучу болуп эсептелбейт.

4 Ошол сыяктуу эле силер да, менин бир туугандарым, Кудайга жемиш алып келүү үчүн, Башкага, өлгөндөрдүн арасынан Тирилгенге, тиешелүү болуу үчүн, Машайактын денеси аркылуу мыйзам үчүн өлгөнсүңөр.

5 Анткени биз эски табиятыбыздын жетегинде жашап жүргөнүбүздө, мыйзам аркылуу белгилүү болгон күнөөлүү кумарлар биздин дене мүчөлөрүбүздө өлүмгө дуушар кыла турган жемиш берүү үчүн бийлик жүргүзүшчү.

6 Бизди байлап турган мыйзам үчүн өлүп, байыркы тамганын негизинде эмес, жаңыланган рух менен Кудайга кызмат кылыш үчүн, биз азыр мыйзамдын бийлигинен бошотулганбыз.

Мыйзамдын бийлиги астындагы жашоо

7 Анда эмне демекчибиз? Мыйзамдын өзү күнөөбү? Албетте, жок! Бирок мыйзам болбогондо, мен күнөө эмне экенин таанып билмек эмесмин. Эгерде мыйзамда: «Бирөөнүкүнө көз артпа», – деп айтылбаса, мен көз артуу деген эмне экенин түшүнбөйт болчумун.

8 Бирок күнөө осуятты шылтоо кылып, менин ичимде ар кандай көз артууну пайда кылды. Себеби мыйзам жок болсо, күнөө өлүк болот.

9 Мен бир кезде мыйзамсыз эле жашачумун, бирок осуят келгенде, күнөө тирилди, мен болсо өлдүм.

10 Өмүргө ээ болуум үчүн берилген бул осуят мени өлүмгө дуушар кылды.

11 Себеби күнөө осуятты себеп кылып, мени алдап, осуят аркылуу өлтүрдү.

12 Ошондуктан мыйзам ыйык, осуят да ыйык, адилет жана жакшы.

13 Демек, жакшы нерсе мени өлүмгө дуушар кылдыбы? Албетте, жок! Бирок күнөө жакшы нерсенин жардамы менен мени өлүмгө дуушар кылып, күнөө катары таанылды. Ошентип, ал осуят аркылуу жогорку чектеги күнөө катары таанылат.

14 Анткени биз мыйзамдын рухий нерсе экенин билебиз. Мен болсо күнөөгө сатылган адаммын.

15 Мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды түшүнбөйм. Анткени мен өзүм каалаганды эмес, өзүм жек көргөндү кылып жатам.

16 Эгерде мен өзүм жек көргөндү кылып жатсам, анда мен мыйзамдын жакшы экенине кошулам.

17 Анда аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.

18 Анткени менин ичимде, тактап айтканда, менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок экендигин билем. Себеби жакшылык жасагым келсе да, жакшылык жасай албайм.

19 Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам.

20 Эгерде мен өзүм каалабаганды жасап жатсам, анда азыр аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.

21 Ошентип, мен мындан мындай мыйзамды көрүп жатам: мен жакшылык жасайын дегенде, жамандык жабыша калат.

22 Анткени рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам.

23 Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат.

24 Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат?

25 Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем. Ошентип, мен акылым менен Кудайдын мыйзамына, ал эми күнөөкөр табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылып жатам.

8-БӨЛҮМ

Рух боюнча жашоо

1 Ошентип, азыр Машайак Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт.

2 Анткени Машайак Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан бошотту.

3 Анткени мыйзам күнөөкөр табияттын айынан күчсүз болуп калгандыктан, Кудай Өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдын денесиндей дене менен күнөө үчүн чалынуучу курмандык катары жиберип, денеде жашаган күнөөнү соттоду.

4 Ал күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашаган бизде мыйзам талап кылган адилдик болушу үчүн ушундай кылды.

5 Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө, ал эми Рухтун каалоосу боюнча жашагандар Рухтун каалоосу жөнүндө ойлошот.

6 Күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо өлүмгө дуушар кылат, Рухтун каалоосу жөнүндө ойлоо өмүр жана тынчтык берет.

7 Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо – Кудайга каршы кастык, себеби ал Кудайдын мыйзамына баш ийбейт, баш ие да албайт.

8 Ошондуктан күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар Кудайга жага алышпайт.

9 Эгерде силердин ичиңерде, чын эле, Кудайдын Руху жашап жатса, анда силер күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашап жатасыңар. Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес.

10 Эгерде Машайак силердин ичиңерде болсо, анда денеңер күнөө үчүн өлүк, бирок рухуңар адилдик үчүн тирүү.

11 Эгерде Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашап жатса, анда Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай силердин ичиңерде жашаган Өз Руху менен силердин өлүк денеңерди да тирилтет.

12 Ошондуктан, бир туугандар, күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча жашагыдай, күнөөкөр табиятыбызга карыздар эмеспиз.

13 Анткени күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча жашасаңар, анда өлөсүңөр. Ал эми күнөөкөр табияттын иштерин Рухтун жардамы менен өлтүрсөңөр, анда тирүү болосуңар.

14 Анткени Кудайдын Рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары – Кудайдын балдары.

15 Себеби силер кайрадан коркунуч менен жашоо үчүн кулдуктун рухун кабыл алган жоксуңар, тескерисинче, Кудайдын баласы кылган Рухту кабыл алдыңар. Ошол Рух аркылуу: «“Абба!”, Ата!» – деп чакырабыз.

16 Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат.

17 Эгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз.

Келечектеги даңк

18 Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм.

19 Анткени жаратылгандын бардыгы Кудайдын балдарынын айкын болуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

20 Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен.

21 Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз деген үмүтү бар.

22 Анткени жаратылгандын бардыгы ушул убакка чейин чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатканын билебиз.

23 Жаратылгандын бардыгы эле эмес, биз да Рухтун баштапкы жемишине ээ болгонубуз менен, ичибизден онтоп, Кудайдын бала кылып алуусун жана күнөөкөр табиятыбыздан куткарылууну күтүп жатабыз.

24 Анткени биз үмүт менен куткарылдык. Бирок үмүттөнгөн нерсебизди көрүп турсак, үмүтүбүз үмүт болуудан калат. Үмүттөнгөн нерсесин көргөн адам эмнеге үмүттөнмөк эле?

25 Эгерде биз көрүнбөгөн нерсеге үмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтөбүз.

26 Анын үстүнө, Рух да алсыз болгон кезибизде бизге күч берип турат. Анткени биз эмне жөнүндө жана кантип сыйынышыбыз керектигин билбейбиз, бирок Рух Өзү тил жеткис улутунуулары менен биз үчүн арачылык кылат.

27 Ошондо адамдардын жүрөгүн сынаган Кудай Рухтун ою кандай экенин билет. Анткени Рух ыйыктар үчүн Кудайга жаккандай арачылык кылат.

28 Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз.

29 Анткени Кудай мурунтадан билген адамдарын Өзүнүн Уулуна окшош кылууну алдын ала белгилеп койгон. Анткени Ал бир туугандарынын туну болушу керек.

30 Кудай кимдерди алдын ала белгилесе, ошолорду чакырды, чакыргандарын актады, актагандарын даңктады.

Кудайдын сүйүүсү

31 Бул жөнүндө эмне демекчибиз? Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?

32 Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?

33 Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Өзү актайт.

34 Аларды ким соттойт? Өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машайак Ыйса биз үчүн арачылык кылат.

35 Бизди Машайактын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы?

36 Ыйык Жазууда жазылгандай: «Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз».

37 Бирок мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз.

38 Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да,

39 бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин.

9-БӨЛҮМ

Пабылдын ысрайылдыктар үчүн кайгыруусу

1 Мен Машайактын ичинде болуу менен, чындыкты айтып жатам, калп айтпаганымды Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган абийирим да күбөлөндүрүп жатат.

2 Менин кайгым чоң, жүрөгүм сыздап турат.

3 Анткени бир туугандарым, кандаштарым үчүн жалгыз мен каргышка калып, Машайактан ажыратылууну каалар элем.

4 Алар – Ысрайылдын урпактары. Кудай аларды бала кылып алды, даңкка бөлөдү, алар менен келишимдерди түздү, аларга мыйзам да, Кудайга табынуу кызматын да, убадаларды да берди.

5 Түпкү ата-бабалар да алардыкы, Машайак да алардан чыккан. Ал – бардыгынын үстүнөн башкарып турган Кудай. Ага түбөлүк даңк таандык! Оомийин.

Кудайдын убадалары чыныгы ысрайылдыктарга тиешелүү

6 Кудайдын Сөзү өз күчүн жоготту деп айтпаймын. Бирок Ысрайылдан чыккандардын бардыгы эле ысрайылдыктар эмес.

7 Ыбрайымдын тукумунан чыккандардын баары эле анын балдары дегенди билдирбейт. Бирок Ыйык Жазууда: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт», – деп жазылган.

8 Башкача айтканда, табигый жол менен төрөлгөн балдардын баары эле Кудайдын балдары эмес, Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн балдар гана чыныгы тукум болуп эсептелет.

9 Ал убада болсо мындай: «Мен кийинки жылы ушул убакта кайра келем, ошондо Саара уулдуу болот».

10 Саарага гана эмес, Ребекага да убада берилген. Ал атабыз Ыскактан кош бойлуу болуп,

11-12 эгиздерди төрөй элегинде эле, алар жаман же жакшы иш кыла элегинде эле, Кудай ага: «Улуусу кичүүсүнө кул болот», – деп айткан. Кудайдын алдын ала белгилеген максаты жакшы иштердин негизинде эмес, Чакыргандын Өз эрки боюнча ишке ашышы үчүн ушундай болгон.

13 Бул жөнүндө Ыйык Жазууда: «Мен Жакыпты жакшы көрүп калдым, Эйсапты болсо жаман көрүп калдым», – деп жазылган.

Кудайдын ырайымы

14 Буга эмне дейбиз? Кудай да адилетсизби? Албетте, жок!

15 Анткени Ал Муса пайгамбарга: «Ырайым кылгым келгенине ырайым кылам, аягым келгенин аяйм», – деген.

16 Демек, Кудайдын ырайым кылуусу адамдын каалоосуна, аракетине байланыштуу эмес, ырайым кылчу Кудайдын Өзүнө байланыштуу.

17 Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай деп айткан сөзү жазылган: «Сага күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүткүл жер жүзүндө жар салынышы үчүн, Мен сени падыша кылып койдум».

18 Демек, Ал каалаган адамына ырайым кылат, каалаган адамынын жүрөгүн катуулантат.

19 Эми сен мага: «Андай болсо Кудай эмне үчүн адамдарды айыптайт? Анын эркине ким каршы чыга алат?» – дээрсиң.

20 Эй, адам, Кудай менен талашып-тартышкыдай, сен кимсиң? Жасалган нерсе өзүн жасаганга: «Мени эмне үчүн мындай кылып жасадың?» – деп айтабы?

21 Же карапачынын бир эле ылайдан сыйга урунула турган да, күндө урунула турган да идиш жасоого укугу жокпу?

22 Эгерде Кудай Өзүнүн каарын төгүүнү жана Өзүнүн күчүн көрсөтүүнү каалап, кыйратылууга даяр турган, каар төгүлө турган идиштерди ушунчалык чыдамдуулук менен сактаган болсо, эмне дей алабыз?

23 Эгерде Өзүнүн даңкынын байлыгын көрсөтүш үчүн, Өзү даңкка бөлөө үчүн даярдаган, боорукерлик көрсөтүлө турган идиштер үчүн ушундай кылган болсо,

24 жүйүттөрдүн арасынан эле эмес, бутпарастардын арасынан да чакырылып алынган ошол идиштер биз болсок, эмне дей алабыз?

25 Анткени Кудай Ошуя пайгамбар аркылуу мындай деген: «Менин элим болбогон элди Менин элим дейм, Менин сүйүктүүм болбогон элди Менин сүйүктүүм дейм».

26 Аларга: «Силер Менин элим эмессиңер», – деп айтылган жерде алар тирүү Кудайдын уулдары деп аталышат.

27 Ал эми Ышайа пайгамбар Ысрайыл эли жөнүндө: «Ысрайыл уулдарынын саны деңиздин кумундай көп болсо да, калдыгы гана куткарылат.

28 Анткени Кудай жер үстүндө Өз ишин акыйкаттык менен аягына чейин чыгарат, кечиктирбей аткарат», – деп жар салган.

29 Ышайа пайгамбар алдын ала айткандай: «Эгерде Себайот Теңир биздин тукумубузду калтырбаганда, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз».

Мыйзам аркылуу жана ишеним аркылуу акталуу

30 Анда эмне демекчибиз? Адилдикке умтулбаган бутпарастар ишеним аркылуу адилдикке жетишти.

31 Ал эми адилдиктин мыйзамына умтулган ысрайылдыктар адилдиктин мыйзамына жетишкен жок.

32 Эмне үчүн? Анткени алар адилдикти ишеним аркылуу издебей, жакшы иштер аркылуу издешти. Алар мүдүрүлтө турган ташка мүдүрүлүштү.

33 Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго мүдүрүлтө турган таш жана азгырык боло турган аска коёмун, бирок Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.

10-БӨЛҮМ

Ыйсага ишенип, Аны Теңир деп чакырган адам куткарылат

1 Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы.

2 Анткени мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн.

3 Анткени алар Кудайдын адилдигин түшүнбөй, өздөрүнүн адилдигин орнотууга аракеттенип, Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок.

4 Анткени Машайак – мыйзамдын аягы, Ага ишенген адам адилдикке жетет.

5 Анткени Муса пайгамбар мыйзамды аткаруу аркылуу келген адилдик жөнүндө: «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот», – деп жазган.

6 Ишеним аркылуу келген адилдик болсо мындай дейт: «Өз ичиңден: “Машайакты жерге түшүрүш үчүн, асманга ким чыгат?”

7 же “Машайакты өлгөндөрдүн арасынан алып чыгуу үчүн, түпсүз туңгуюкка ким түшөт?” – деп айтпа».

8 А Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Ал сөз сага жакын, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө», – деп айтылат. Ал сөз – биз жар салып жаткан ишеним жөнүндөгү сөз.

9 Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың.

10 Себеби адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат.

11 Ыйык Жазууда болсо: «Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп айтылат.

12 Жүйүт менен эллиндин ортосунда эч кандай айырма жок, анткени бардыгынын Теңири бир, Ал Өзүнүн ысымын чакыргандардын бардыгы үчүн бай.

13 Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат.

14 Бирок Ага ишенбей туруп, Аны кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпай туруп, Ага кантип ишенишет? Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?

15 Жакшы Кабарды таратуу үчүн жиберилишпесе, кантип таратышат? Анткени Ыйык Жазууда: «Тынчтык тууралуу Жакшы Кабарды таратуучулардын буттары кандай сонун!» – деп жазылган эмеспи.

16 Бирок Жакшы Кабарга бардыгы эле кулак салган жок. Бул жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңир, биз айткан кабарга ким ишенди?» – дейт.

17 Демек, ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз – Кудайдын сөзү.

18 Бирок мен: «Эмне, алар угушкан жокпу?» – деп сурагым келет. Тескерисинче, алардын үнү бүт жер жүзүнө, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетти.

19 Мен дагы сурагым келет: «Эмне, Ысрайыл эли билчү эмес беле?» Алгач Муса пайгамбар: «Эл катары эсептелбегендер аркылуу Мен силерди кызгандырамын, акылсыз эл аркылуу силерди ачууландырамын», – дейт.

20 Ышайа пайгамбар болсо тайманбастан: «Мени издебегендер Мени табышты, Мени сурабагандарга Өзүм ачылдым», – дейт.

21 Ысрайыл эли жөнүндө болсо мындай дейт: «Мен тил албас, кежир элге бир күн бою колумду сунуп турдум».

11-БӨЛҮМ

Ысрайыл элинин калдыгы

1 Анда эмне, Кудай Өз элин четке кактыбы? Албетте, жок! Анткени Ыбрайымдын тукумунан, Бенжемин тукумунан чыккан мен да ысрайылдыкмын.

2 Кудай мурунтадан эле билген Өз элин четке каккан жок. Же силер Ыйык Жазууда Илияс пайгамбар жөнүндө эмне деп айтылганын билбейсиңерби? Ал Ысрайыл элине каршы:

3 «Теңир, Сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү. Сенин курмандык чалынуучу жайларыңды талкалашты. Жалгыз мен калдым, мени да өлтүргөнү жатышат», – деп, Кудайга арызданган.

4 Бирок Кудайдын жообу кандай болду? «Мен жети миң эркекти Өзүм үчүн сактап койдум, алар Баалдын алдында тизе бүгүшкөн жок».

5 Ошол сыяктуу эле азыркы учурда да Кудайдын ырайымы менен тандалган калдык бар.

6 Бул иштердин негизинде эмес, ырайымдын негизинде ишке ашкан. Болбосо ырайым ырайым болмок эмес.

7 Анда эмне дейбиз? Ысрайыл эли издегенине жеткен жок, тандалгандар болсо жетишти, ал эми калгандарынын жүрөктөрү таш болуп калды.

8 Бул жөнүндө Ыйык Жазууда: «Кудай аларга туйбастык рухун, көрбөгөн көз, укпаган кулак берди, ушул күнгө чейин ушундай», – деп жазылган.

9 Дөөт пайгамбар да: «Алардын дасторкону өздөрүнө тор, тузак, сыйыртмак жана жаза болсун.

10 Алардын көздөрү көрбөш үчүн тунарсын, белдери да биротоло бүкүрөйүп калсын», – дейт.

Бутпарастардын куткарылуусу

11 «Алар, эмне, турбас болуп жыгылыштыбы?» – деп сурагым келет. Албетте, жок! Бирок алардын жыгылуусу аркылуу бутпарастар куткарылды. Бул Ысрайыл элинин кызганычын ойготуу үчүн болду.

12 Эгерде алардын жыгылуусу дүйнө үчүн байлык болсо, алардын азаюусу бутпарастар үчүн байлык болсо, анда алардын көбөйүүсү да байлык алып келери анык.

13 Бутпарастар, силерге айтамын: мен бутпарастардын элчисимин, ушул кызматымды жогору баалайм.

14 Өз кандаштарымдын кызганычын ойгото алар бекем, алардын кээ бирөөлөрүн куткарып калар бекем?

15 Анткени алардын кабыл албай коюусу дүйнөнү Кудай менен элдештирсе, анда алардын кабыл алуусу өлүмдөн өмүргө өтүү эмей эмне?

16 Ачыткы ыйык болсо, камыр да ыйык болот. Тамыр ыйык болсо, бутактар да ыйык болот.

17 Эгерде сен, жапайы зайтун дарагы, зайтун дарагынын сындырылып ташталган кээ бир бутактарынын ордуна кыйыштырылып, ошол зайтун дарагынын ширелүү тамырына кошулуп калган болсоң,

18 анда сен бутактардын арасында мактанба. Эгерде мактанып жатсаң, анда билип койгун: сен тамырды эмес, тамыр сени кармап турат.

19 Мүмкүн, сен: «Бутактар мен кыйыштырылышым үчүн сындырылды», – деп айтып жаткандырсың.

20 Туура. Алар ишенбестиги үчүн сындырылышты, сен болсо ишеним менен бекем турасың. Бирок текеберденип кетпе, андан көрө корк!

21 Анткени Кудай табигый бутактарды аябаса, сени аямак беле?!

22 Ошондуктан Кудайдын ырайымдуулугун жана катаалдыгын билип койгун: Ал жыгылгандарга катаал. Эгерде Анын ырайымы менен жашасаң, сага ырайымын көрсөтөт. Антпесең, сени да кесип таштайт.

23 Эгерде алар ишенбестик менен жашай беришпесе, кайрадан кыйыштырылат. Анткени аларды кайрадан кыйыштырууга Кудайдын кудурети жетет.

24 Анткени сен жапайы зайтун дарагынан кесилип алынып, баалуу зайтун дарагына табияттын мыйзамына каршы кыйыштырылсаң, анда анын өз бутактары да кыйыштырылары анык.

Ысрайыл элинин куткарылуусу

25 Бир туугандар, мактанбашыңар үчүн, бул жашыруун сырды силерге ачып бергим келет: Ысрайыл элинин өжөрлөнүүсү куткарыла турган бутпарастардын саны толук болгон күнгө чейин созулат.

26 Ошентип, бүт Ысрайыл эли куткарылат. Анткени Ыйык Жазууда: «Сиондон Куткаруучу келет. Ал Жакыптын тукумун кудайсыздыктан куткарат.

27 Менин алардын күнөөлөрүн кечиргеним – бул Менин алар менен түзгөн келишимим», – деп жазылган.

28 Бир жагынан, алар Жакшы Кабарды кабыл албай, силердин пайдаңар үчүн Кудайдын душманы болуп калышты. Бирок, экинчи жагынан, алар – Кудайдын сүйүктүүлөрү, анткени Кудай алардын аталарын тандап алган.

29 Анткени Кудай берген белектерин кайра алып албайт, чакыруу чечимин өзгөртпөйт.

30 Бир кезде силер да Кудайга тил алчу эмессиңер, азыр болсо алардын тил албастыгынан улам ырайым таптыңар.

31 Силерге ырайым көрсөтүлгөн сыяктуу эле, аларга да ырайым көрсөтүлүшү үчүн, азыр алар тил албас болуп калышты.

32 Анткени Кудай бардыгына ырайым көрсөтүү үчүн, бардыгын тил албас кылып койду.

Кудайды кереметтүү жолдору үчүн даңктоо

33 Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис!

34 Теңирдин акылын түшүнгөн адам барбы? Же Ага кеңешчи болгон адам барбы?

35 Же Теңир кайра бериши үчүн, ким Ага алдын ала бир нерсе берди?

36 Анткени бардыгы Андан, Ал аркылуу жана Ал үчүн. Ал түбөлүк даңкталсын! Оомийин.

12-БӨЛҮМ

Кудайга кызмат кылуу

1 Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн: Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле. Бул силердин рухий кызматыңар болот.

2 Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө.

Кудайдын ырайымы менен берилген жөндөмдүүлүктөр

3 Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө.

4 Анткени денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, бардык мүчөлөрдүн кызматы бирдей болбогон сыяктуу эле,

5 биз да көп болгонубузга карабастан, Машайактын ичинде бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге мүчөбүз.

6 Кудайдын бизге көрсөткөн ырайымынын негизинде ар кандай рухий жөндөмдүүлүктөргө ээбиз. Кимде пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда ал ишенимге ылайык пайгамбарчылык кылсын.

7 Кимде кызмат кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кызмат кылсын. Кимде окутуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал окутсун.

8 Кимде насаат айтуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал насаат айтсын. Кимде таратуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал берешендик менен таратсын. Кимде башкаруу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал бүт аракети менен башкарсын. Кимде кайрымдуулук кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кубаныч менен кайрымдуулук кылсын.

Бир туугандык мамиле

9 Сүйүүңөр жалган болбосун: жамандыктан баш тартып, жакшылык кылууга умтулгула.

10 Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн сүйгүлө; бири-бириңерди озунуп урматтагыла.

11 Аракетиңерден жазбагыла, рухуңарды жалындаткыла, Теңирге кызмат кылгыла.

12 Үмүт менен кубангыла, кыйынчылыкка туруштук бергиле, туруктуулук менен сыйынгыла.

13 Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам бергиле, меймандос болууга аракеттенгиле.

14 Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле. Бата бергиле, каргабагыла.

15 Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла.

16 Өз ара бир ойдо болгула. Өзүңөр жөнүндө жогору ойлобогула, тескерисинче, момундардын жолун жолдогула. Өзүңөрдү акылдуу эсептебегиле.

17 Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле.

18 Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула.

19 Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: «Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем», – деп жазылган.

20 Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң.

21 Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең.

13-БӨЛҮМ

Бийликке баш ийүү

1 Ар бир адам жогорку бийликтегилерге баш ийсин. Анткени Кудайдан болбогон бийлик жок, бийликтин баарын Кудай орноткон.

2 Мына ошондуктан бийликке каршы чыккан адам Кудайдын тартибине каршы чыккан болот. Каршы чыккандар болсо өздөрүн өздөрү жазага дуушар кылышат.

3 Анткени башчылардан жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушат. Бийликтен корккуң келбесе, жакшы иштерди кыл. Ошондо андан мактоо угасың.

4 Анткени башчы – Кудайдын кулу, ал сага жакшы болуш үчүн коюлган. Эгерде жаман иш кылып жатсаң, корк. Себеби ал бекеринен кылыч алып жүрбөйт. Ал – Кудайдын кулу, жаман иш кылгандарды жазалоо үчүн коюлган.

5 Ошондуктан жазадан корккондуктан эле эмес, абийириңердин таза болушу үчүн да баш ийишиңер керек.

6 Ошон үчүн салык да төлөп жатасыңар. Анткени алар – Кудайдын кызматчылары, ар дайым ошол иш менен алек болушат.

7 Ар кимге өз тиешесин бергиле: кимге салык төлөө керек болсо, салык төлөгүлө; кимге бажы акысын берүү керек болсо, бажы акысын бергиле; кимден коркуу керек болсо, корккула; кимге урмат көрсөтүү керек болсо, урмат көрсөткүлө.

Бир туугандык сүйүү

8 Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе менен карыз болбогула. Анткени жакынын сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот.

9 Анткени «Ойноштук кылба», «Киши өлтүрбө», «Уурулук кылба», «Башка бирөөнүкүнө көз артпа» деген жана башка осуяттардын бардыгы «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген сөз менен жыйынтыкталат.

10 Сүйүү жакынына жамандык кылбайт. Демек, сүйүү – мыйзамдын аткарылышы.

Ыйса Машайактын келишин күтүп жашоо

11 Уйкудан ойгоно турган убакыт келгенин билишиңер керек. Анткени биз ишенип калган убакка караганда, азыр бизге куткарылуу жакын.

12 Түн өтүп баратат, күн жакындап калды, ошондуктан караңгылыктын иштеринен баш тартып, жарыктын куралдарын асыналы.

13 Шапар тебүүнү жана ичкиликти, аял (эркек) жандуулукту жана бузуктукту, уруш-талашты жана көрө албастыкты калтырып, күндүз жүргөн сыяктуу, өзүбүздү жакшы алып жүрөлү.

14 Теңирибиз Ыйса Машайак менен тыгыз байланышта болгула. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла.

14-БӨЛҮМ

Бири-бириңерди соттобогула

1 Ишеними алсыз адамды кабыл алгыла, анын көз караштары жөнүндө талашып-тартышпагыла.

2 Бир адам баарын жей берсе болот деп ишенет, ал эми алсыз адам жашылчаларды гана жейт.

3 Баарын жеген адам жебеген адамды басынтпасын. Кээ бир нерселерди жебеген адам жеген адамды соттобосун, анткени аны Кудай кабыл алган.

4 Бирөөнүн кулун соттогудай, сен кимсиң? Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюнунун көзөмөлү астында. Ал кайрадан тургузулат, анткени аны тургузууга Кудайдын кудурети жетет.

5 Бир адам бир күндү бир күндөн айырмалайт, башка бир адам болсо бардык күндөрдү бирдей көрөт. Ар бир адам өзүнүн көз карашына бекем болсун.

6 Күндөрдү айырмалаган адам Теңир үчүн айырмалайт, күндөрдү айырмалабаган адам Теңир үчүн айырмалабайт. Баарын жеген адам Теңир үчүн жейт, анткени Кудайга ыраазычылык билдирет. Кээ бир нерселерди жебеген адам Теңир үчүн жебейт жана Кудайга ыраазычылык билдирет.

7 Анткени эч кимибиз өзүбүз үчүн жашабайбыз жана эч кимибиз өзүбүз үчүн өлбөйбүз.

8 Жашасак, Теңир үчүн жашайбыз. Өлсөк, Теңир үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да Теңирдикибиз.

9 Машайак өлгөндөрдүн да, тирүүлөрдүн да Теңири болуш үчүн, өлүп кайра тирилген.

10 Эмне үчүн сен өзүңдүн бир тууганыңды соттоп жатасың? А сен эмне үчүн бир тууганыңды басынтып жатасың? Баарыбыз Кудайдын сотуна келебиз.

11 Анткени Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Мен тирүүмүн, – дейт Теңир, – Менин алдымда ар бир адам тизе бүгөт, ар бир тил Кудай экенимди ачык тааныйт».

12 Демек, Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз.

13 Ошондуктан бири-бирибизди соттобойлу, андан көрө бир тууганыбыздын жыгылуусуна же азгырылуусуна түрткү болбоо жөнүндө ойлонолу.

14 Мен Теңир Ыйсага ишенген адам катары муну билемин: өзүнөн өзү арам нерсе жок. Бирок арам деп эсептеген адам үчүн ал нерсе арам болот.

15 Эгерде бир тууганың сенин жеп жаткан тамагың үчүн кыйналып жатса, анда сен ага сүйүү менен мамиле кылып жаткан жоксуң. Сен аны жеген тамагың менен өлтүрбө, анткени Машайак ал үчүн да өлгөн.

16 Силердин жакшы нерселериңерге тил тийбесин.

17 Анткени Кудайдын Падышачылыгы тамак же суусундук эмес, тескерисинче, Ыйык Рух берген адилеттик, тынчтык жана кубаныч.

18 Машайакка ушундай кызмат кылган адам Кудайга жагат, аны адамдар да кадырлайт.

19 Ошондуктан тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы.

20 Тамак үчүн Кудайдын ишин бузба! Тамактын баары таза, бирок жеген тамагы менен башка бирөөнүн азгырылуусуна түрткү болгон адамга жаман.

21 Эт жеп, шарап ичүү же башка бир нерселер бир тууганыңдын мүдүрүлүүсүнө, азгырылуусуна, рухий жактан алсыроосуна түрткү болсо, андай нерселерди кылбай эле койгонуң жакшы.

22 Ушул нерсе боюнча ишенимиң бар болсо, анда аны Кудай алдында, өз ичиңде сакта! Өзү туура көргөн нерсе үчүн абийири айыптабаган адам бактылуу.

23 Ал эми күмөн саноо менен жеген адам айыпталынат, анткени ал ишеним менен жеген жок. Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе – күнөө.

Кудайды даңктоо

24 Мен тараткан Жакшы Кабар боюнча жана Ыйса Машайактын сөзү боюнча, байыркы замандан бери айтылбай келе жаткан жашыруун сырдын ачылышы боюнча силерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет.

25 Бул сыр азыр айкын болду жана түбөлүктүү Кудайдын буйругу боюнча пайгамбарчылык жазуулар аркылуу бардык элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн жарыя кылынган.

26 Жалгыз акылман Кудай Ыйса Машайак аркылуу түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

15-БӨЛҮМ

1 Биз, ишеними күчтүүлөр, алсыздардын алсыз жагын көтөрүшүбүз керек. Өзүбүзгө жакканды эле ойлобой,

2 ар бирибиз жакыныбызга жакканды ойлойлу. Ал үчүн жакшы болуусун, анын ишениминин өсүүсүн көздөйлү.

3 Анткени Ыйык Жазууда: «Сага тил тийгизгендердин суук тили Мага тийип жатат», – деп жазылгандай, Машайак да Өзүнө эмес, Атасына жакканды кылган.

4 Ал эми буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз.

5 Силер бир ой менен, бир ооздон Теңирибиз Машайак Ыйсанын Кудайын жана Атасын даңкташыңар үчүн,

6 чыдамдуулук жана кайраттуулук берүүчү Кудай Өзү Ыйса Машайактын үйрөтүүсү боюнча силерге өз ара бир ой берсин.

7 Кудай даңкталышы үчүн, Машайак силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла.

8 Силерге айтамын: Машайак сүннөттүүлөргө Кудайдын ата-бабаларыбызга берген убадасын аткарыш үчүн, Кудайдын чындыгын далилдөө үчүн кызматчы болду.

9 Ал эми бутпарастарга Кудайды даңкташсын үчүн, Кудайдын аларга көрсөткөн ырайымы үчүн кызматчы болду. Ыйык Жазууда: «Теңир, Сени бутпарастардын арасында даңктаймын, Сенин ысымыңды даңктап ырдаймын», – деп жазылган.

10 Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Бутпарастар, Анын эли менен бирге кубангыла», – деп жазылган.

11 Ошондой эле: «Бардык бутпарастар, Теңирди мактагыла, бардык элдер, Аны даңктагыла», – деп да жазылган.

12 Ышайа пайгамбар да: «Жышайдын тукумунан Бирөө чыгат, Ал бардык элдердин үстүнөн бийлик жүргүзөт. Ага бутпарастар үмүттөнүшөт», – деп айткан.

13 Ыйык Рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бөлөсүн.

Элчинин кызматы

14 Бир туугандарым, силер өзүңөр деле ар кандай жакшы нерселерге жана билимге байсыңар, ошондой эле бири-бириңерге акыл-насаат айта аласыңар деп ишенем.

15 Ошого карабастан, силердин эсиңерге салуу үчүн, мен кээ бир нерселерди кайраттуулук менен жаздым.

16 Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы боюнча Ыйса Машайактын кызматчысы болгон мен бутпарастарды Кудайдын алдына Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган, жагымдуу тартуу катары алып келиш үчүн, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу ишин ыйык кызмат катары аткарып жатам.

17 Ошентип, мен Кудай алдында Ыйса Машайак аркылуу мактана алам.

18 Анткени Машайактын мен аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батына албайм. Ал мен аркылуу сөз менен, иш менен, жышаандар жана ажайыптар менен, Ыйык Рухтун күчү менен бутпарастарды ишенимге баш ийдирди.

19 Мен Иерусалимден баштап Илирикке чейинки аймактарга Машайактын Жакшы Кабарын толугу менен тараттым.

20 Башка бирөө тургузган пайдубалдын үстүнө курбаш үчүн, мен Жакшы Кабарды Машайактын ысымы белгисиз болгон жерлерге таратууга аракеттендим.

21 Анткени Ыйык Жазууда: «Ал жөнүндө кабары жоктор көрүшөт, укпагандар түшүнүшөт», – деп жазылган.

22 Мына ошондуктан көп тоскоолдуктарга учурап, силерге бара албай жаттым.

23 Азыр болсо бул өлкөлөрдө Жакшы Кабар таратылбаган жер калбагандыктан жана көп жылдан бери силерге аябай баргым келгендиктен,

24 Испанияга бара жатканда, силерге тие кетем. Бара жатып, силерге жолугам деп үмүттөнөм. Силер менен бир аз болсо да баарлашып, кубаныч алганымдан кийин, мени узатып коёрсуңар.

25 Азыр болсо мен ыйыктарга кызмат кылуу үчүн, Иерусалимге бара жатам.

26 Анткени македониядагылар менен ахаядагылар Иерусалимдеги ыйыктардын арасындагы жакырларга жардам топтоп берүүнү чечишти.

27 Ооба, ошондой чечишти, чынында, алар жүйүттөргө карыздар. Анткени бутпарастар рухий жагынан алар менен үлүштөш болуп калышкандыктан, аларга тиричилик жагынан кызмат көрсөтүүлөрү керек.

28 Топтолгон жардамды аларга толугу менен жеткирип берип, бул ишти аягына чыгаргандан кийин, силерге барам да, андан ары Испанияга кетем.

29 Мен силерге Машайактын толук батасы менен барарымды билем.

30 Бир туугандарым, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу, Рухтун сүйүүсү аркылуу силерден өтүнөмүн: мен үчүн Кудайга сыйынып, мени менен чогуу күрөшкүлө.

31 Жүйүт аймагындагы ишенбегендерден кутулушум үчүн, Иерусалим элине кылган кызматым ыйыктарга жагыш үчүн,

32 Кудайдын эрки болсо, силерге кубаныч менен келип, силер менен бирге кубанышым үчүн сыйынып тургула.

33 Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңар менен болсун! Оомийин.

16-БӨЛҮМ

Элчинин саламы

1 Кенхирея Жыйынында диакондук кызматты аткарган Пойбе карындашыбызды силерге тааныштырамын.

2 Ыйыктарга ылайык келгендей, аны Теңир үчүн кабыл алгыла. Силердин араңарда жүргөндө, ал эмнеге муктаж болсо, жардам бергиле. Анткени ал көптөгөн адамдарга, ошондой эле мага да жардам берди.

3 Машайак Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Прискила менен Акилага салам айтып койгула.

4 Алар менин өмүрүм үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан. Аларга бир эле мен эмес, бутпарастардан түзүлгөн Жыйындардын баары ыраазы. Алардын үйүнө чогулган Жыйынга да салам айтып койгула.

5 Ахаяда Машайакка биринчи болуп ишенген менин сүйүктүүм Эпейнетке салам айтып койгула.

6 Силер үчүн көп кызмат кылган Мариямга салам айтып койгула.

7 Мени менен бирге түрмөдө отурган бир туугандарым Андроникке жана Унияга салам айтып койгула. Машайакка менден мурун ишенип калган алар элчилердин арасында кадыр-баркка ээ.

8 Теңир жолунда жүргөн менин сүйүктүүм Ампилийге салам айтып койгула.

9 Машайакка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана менин сүйүктүүм Стахиске салам айтып койгула.

10 Машайак жолунда сыноодон өткөн Апелеске салам айтып койгула. Аристобулдун үйүндөгүлөрүнүн ишенгендерине да салам айтып койгула.

11 Менин тууганым Иродийонго жана Наркистин үйүндөгүлөрүнүн Теңирге ишенгендерине салам айтып койгула.

12 Теңирге кызмат кылган Трифайнага жана Трипосага салам айтып койгула. Теңир үчүн көп кызмат кылган менин сүйүктүүм Персидага салам айтып койгула.

13 Теңир тандап алган Рутка жана мага да эне сыяктуу болуп калган анын энесине салам айтып койгула.

14 Асинкиритке, Пилегонтко, Эрмаска, Патропко, Эрмеске жана алардын жанындагы бир туугандарга салам айтып койгула.

15 Филолог менен Улияга, Нерейге жана анын карындашына, Олимпанга жана алардын жанындагы ыйыктардын баарына салам айтып койгула.

16 Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Силерге Машайактын бардык Жыйындары салам айтып жатышат.

Жалган окутуулардан сак болуу

17 Бир туугандар, силерди бул нерсеге чакырамын: ортого жик салуучулардан жана өзүңөр үйрөнгөн окутууга каршы азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула.

18 Анткени андай адамдар Теңирибиз Ыйса Машайакка эмес, өздөрүнүн курсагына кызмат кылышат. Ишенчээк адамдарды кулакка жагымдуу сөздөр менен, чечендик менен азгырышат.

19 Силердин тил алчаактыгыңар баарына белгилүү. Ошондуктан мен силер үчүн кубанамын. Бирок мен силердин жакшы иштерди акылмандык менен кылышыңарды, жаман иштер менен булганбашыңарды каалаймын.

20 Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында силердин бутуңардын астында шайтанды тебелеп салат. Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.

Кызматташтарга салам айтуу

21 Менин кызматташым Тиметей жана туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатыр силерге салам айтып жатышат.

22 Бул катты жазган мен – Тертий да Теңир жолунда жүргөн силерге салам айтамын.

23 Мага жана бүт Жыйынга меймандостугун көрсөтүп жаткан Гай силерге салам айтып жатат. Шаардын казына башчысы Эраст жана бир тууганыбыз Куарт силерге салам айтып жатышат.

24 Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин!