1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын адилеттиги аркылуу баалуу ишенимди биз сыяктуу эле кабыл алгандарга Ыйса Машайактын кулу жана элчиси Шымон Петирден салам!

2 Кудайды жана Теңирибиз Ыйсаны таанып билүү аркылуу Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Такыбаа жашоого чакыруу

3 Бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудайдын кудайлык күчү бизге жашоо, такыбаа жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билүү аркылуу ээ болдук.

4 Силер бул дүйнөдө үстөмдүк кылган жаман кумарлардан алыстап, Кудайдыкындай табиятка ээ болушуңар үчүн, Анын даңкы жана жеткилеңдиги аркылуу бизге кымбат баалуу жана улуу убадалар берилген.

5 Ошондуктан силер да бүт аракетиңерди жумшап, ишенимиңерде жакшылык кылуучулукту, жакшылык кылууда эстүүлүктү,

6 эстүүлүктө өзүн өзү токтото билүүнү, өзүн өзү токтото билүүдө чыдамкайлыкты, чыдамкайлыкта такыбаалыкты,

7 такыбаалыкта бир туугандык сүйүүнү, бир туугандык сүйүүдө (бардык адамдарга болгон) сүйүүнү көрсөткүлө.

8 Эгерде бул сапаттар силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда силер биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты таанып билүү жолунда ийгиликсиз жана жемишсиз калбайсыңар.

9 Ал эми бул сапаттар кимде жок болсо, ал сокур, көзүн жуумп алган, өзүнүн мурунку күнөөлөрүнөн тазаланганын унутуп койгон.

10 Мына ошондуктан, бир туугандар, чакырылганыңарды жана тандалгандыгыңарды уламдан-улам бекемдөөгө аракеттенгиле. Анткени ушундай кылсаңар, эч качан мүдүрүлбөйсүңөр.

11 Ошентип, силерге биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын түбөлүк падышачылыгынын эшиги кенен ачылат.

12 Силер муну билсеңер да, чыныгы чындык менен бекемделсеңер да, бул жөнүндө силердин эсиңерге салып турууну эч качан токтотпойм.

13 Көзүм тирүү турганда, эсиңерге салуу менен силерди ойготуп турууну туура таптым.

14 Анткени жакында көз жумарымды билем, Теңирибиз Ыйса Машайак муну мага Өзү билдирген.

15 Силер муну менин көзүм өтүп кеткенден кийин да, эсиңерден чыгарбашыңар үчүн аракет кыламын.

Машайактын даңкы жана пайгамбарчылык

16 Анткени Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү жана Анын келиши жөнүндө силерге куулук менен ойдон чыгарылган тамсилдерге негизденип айткан эмеспиз, биз Анын улуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз.

17 Себеби Машайак даңктуу улуу Кудайдын «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үнүн укканда, Кудай Ата Аны урмат-сыйга жана даңкка бөлөгөн.

18 Асмандан келген ошол үндү биз да укканбыз, анткени ыйык тоодо Аны менен бирге болгонбуз.

19 Андан сырткары, бизде эң туура айтылган пайгамбарчылык бар. Таң агарып, таңкы жылдыз жүрөгүңөрдө чыкканга чейин, караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар.

20 Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек.

21 Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.

2-БӨЛҮМ

Жалган пайгамбарлар жана жалган окутуучулар

1 Элдин арасында жалган пайгамбарлар болгондой эле, силердин араңарда да жалган окутуучулар болот. Алар өздөрүн куткарган Эгедерден баш тартышып, кыйратуучу жалган окутууларды жайылтышып, өздөрүнө эрте өлүм тилеп алышат.

2 Көп адамдар алардын бузуктук жолу менен кетишет, ошолордун айынан чындык жолу жаманатты болот.

3 Алар өздөрүнүн ач көздүгүнөн улам, кошомат сөздөрү менен силерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат. Алар үчүн небак эле сот чечими даяр, алардын өлүмү кечикпейт.

4 Эгерде Кудай күнөө кетирген периштелерди аябастан, аларды сот боло турган убакка чейин өлгөндөр жаткан жайдын караңгы туңгуюгуна түшүрүп, чынжырлап койсо,

5 эгерде Кудай байыркы дүйнөнү аябаса, сегиз адамды – адилдикти жар салган Нухту үй-бүлөсү менен сактап, дүйнөдөгү кудайсыздарды топон суу менен жок кылса,

6 эгерде Кудай келечектеги кудайсыздарга сабак болсун деп, Содом жана Амор шаарларын кыйратууга өкүм чыгарып, күлгө айлантып салса,

7-8 ал эми мыйзамсыздардын арасында жашап, алардын бузулган жашоосун, мыйзамсыз иштерин угуп-көрүп, күн сайын жаны кыйналган адил Лотту куткарып калса,

9 анда Теңир такыбааларды азгырыктардан кантип куткарууну, ал эми адилетсиздерди,

10 айрыкча ыпылас кумарларына жетеленген, бийликтегилерди тоотпогон, кара өзгөй, ээнбаш, жогоркуларды жамандагандан коркпогон адамдарды, сот боло турган күнгө чейин сактап турууну билет.

11 Алардан күчү жана кубаты жагынан жогору турган периштелер да Теңирдин алдында аларды жамандап, тил тийгизишпейт.

12 Өздөрү түшүнбөгөн нерсени жамандашкан алар тузакка түшүп өлүмгө дуушар болушу үчүн жаратылган, тилсиз, аң-сезимсиз жаныбарлар сыяктуу жок болушат.

13 Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштерине жараша жаза алышат, анткени ырахатты күнүмдүк жыргал турмушта деп эсептешет. Уятсыз жана ыйык нерсени булгоочу алар силер менен бирге тойлоп, өздөрүнүн куулуктары менен сайран куруп жатышат.

14 Алардын аял жандуу экени, күнөө кылууга тойбостугу көздөрүнөн эле көрүнүп турат. Алар бекемделе электерди азгырышат. Ач көздүк алардын жүрөгүнөн бекем орун алган. Алар – каргыш уулдары.

15 Түз жолдон чыккан алар арам акчаны жакшы көргөн Босордун уулу Биламдын жолуна түшүп, адашып калышты.

16 Бирок анын мыйзамсыздыгы ашкереленген. Тилсиз эшек адамча сүйлөп, акылсыздык кылып жаткан пайгамбарды токтоткон.

17 Булар – соолгон булактар, шамал айдаган булуттар. Аларга түбөлүк караңгылык даярдалган.

18 Себеби алар ооз көптүрүп сүйлөп, туура эмес жолдон араң кайткандарды дене кумарларынын жана бузуктуктун торуна түшүрүшөт.

19 Өздөрү жок болуунун кулдары болуп туруп, аларга эркиндикти убада кылышат. Анткени ким эмнеден жеңилсе, ал – ошонун кулу.

20 Себеби алар Теңир жана Куткаруучу Ыйса Машайакты таанып билүү аркылуу бул дүйнөнүн ыпыластыктарынан качып кутулгандан кийин, кайрадан аларга тутулуп, жеңилип калышса, анда алардын кийинки абалы мурунку абалынан да жаман болот.

21 Чындык жолун таанып билип туруп, өздөрүнө берилген ыйык осуяттан баш тарткандан көрө, алар үчүн бул чындык жолун таанып билбей эле койгон жакшы болмок.

22 «Ит өзүнүн кусундусун кайра жей берет. Чочкону канча тазалаба, ал кайра эле балчыкка оонайт» деген макал аларга туура келет.

3-БӨЛҮМ

Машайактын экинчи ирет келери жөнүндө

1 Сүйүктүү бир туугандар, силерге мен экинчи катымды жазып жатамын. Эки катымдагы эскертүүлөрүм менен силерди туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылдым.

2 Ыйык пайгамбарлар аркылуу буга чейин айтылып келген сөздөрдү, Теңирдин жана Куткаруучунун элчилер аркылуу берген осуяттарын унутпооңорду каалайм.

3 Баарынан мурда акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула.

4 Алар: «Анын келем деген убадасы кана? Ата-бабаларыбыздын деле көзү өтүп кетти, башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон», – деп айтышат.

5 Анткени ошондой ойлогондор асман менен жердин башында эле Кудай сөзү аркылуу суудан жана суу аркылуу жаратылганын билгилери келишпейт.

6 Бирок байыркы дүйнө топон суу аркылуу жок болгон.

7 Ал эми ошол эле Кудай Сөзү аркылуу сакталып турган азыркы асман менен жер от үчүн сакталып турат. Сот боло турган күнгө, кудайсыздар жок боло турган күнгө чейин сакталат.

8 Бирок, сүйүктүү бир туугандар, Теңир алдында бир күн миң жылдай, миң жыл бир күндөй экени силерге белгилүү болсун.

9 «Кечигип жатат», – деп, кээ бирөөлөр ойлошсо да, Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт.

10 Теңирдин күнү болсо ууру сыяктуу келет. Ошол күнү асман чарт-чурт этип жок болот, табият элементтеринин баары кыйрап жок болот, жер жана жер үстүндөгүлөрдүн баары өрттөнүп кетет.

11 Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек.

12 Ошол күнү асман өрттөнүп жок болот, табият элементтеринин баары жалындаган отто эрийт.

13 Бирок биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз.

Акыркы акыл-насаат

14 Сүйүктүү бир туугандар, ошону күтүп жаткандыктан, Анын алдына таза жана кемчиликсиз болуп, тынчтык менен келүүгө аракеттенгиле.

15 Биздин сүйүктүү бир тууганыбыз Пабыл да өзүнө берилген акылмандуулук менен силерге жазып жибергендей, биздин Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылууңар катары эсептегиле.

16 Пабыл бул жөнүндө бардык каттарында айтат. Ошол каттарындагы кээ бир нерселерди түшүнүү кыйын, аларды түркөй, бекемделе элек адамдар башка жазууларды бурмалагандай эле, өздөрүн өздөрү жок кылуу үчүн бурмалашат.

17 Демек, сүйүктүү бир туугандар, ушуну алдын ала билгендиктен, мыйзамсыздардын азгырыгына жетеленүүдөн, өзүңөр бекемделген негизден четтеп кетүүдөн сак болгула.

18 Кудайдын ырайымы астында өскүлө, биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакты таанып билүүңөр өсө берсин. Даңк азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.