1-БӨЛҮМ

1 Ыйса Машайактын элчиси Петирден Понтко, Галатияга, Кападокияга, Асияга жана Битинияга тараган, ошол жерлерде келгин болуп жашап жаткан,

2 Кудай Атанын алдын ала билүүсү боюнча, Рухтун ыйыктоосу менен, тил алуу үчүн жана Ыйса Машайактын каны аркылуу тазалануу үчүн тандалгандарга салам! Кудай силерге мындан ары да ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Ыйсага ишенгендердин үмүтү

3 Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы даңкталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берүү үчүн,

4 асманда сакталган чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылуу үчүн, бизди Өзүнүн улуу ырайымы менен кайрадан төрөлттү.

5 Акыркы убакта айкын көрүнүүгө даяр турган куткарылууга ээ болууңар үчүн, силер ишенимиңер аркылуу Кудайдын күчү менен корголуп турасыңар.

6 Мына ошондуктан азыр ар кандай сыноолордон бир аз кыйналышыңар керек болсо да, ошол үмүт менен кубангыла.

7 Анткени сыналган ишенимиңер от менен тазаланса да, жок болуп кетчү алтындан баалуу. Ыйса Машайак келгенде, сыналган ошол ишенимиңер силерди мактоого, урмат-сыйга, атак-даңкка ээ кылат.

8 Силер Аны көрбөсөңөр да, сүйөсүңөр. Азыр да Ага көрбөй туруп ишенип, сөз менен жеткире алгыс, улуу кубаныч менен кубанып жатасыңар.

9 Анткени ишенимиңердин максатына – жаныңардын куткарылышына жетесиңер.

10 Силерге ырайым көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар ушул куткарылууну ынталуулук менен изилдешкен.

11 Машайактын тарта турган азаптарын жана алардан кийин даңк коштоору жөнүндө өздөрүндөгү Машайактын Руху алдын ала күбөлөндүрткөндө, кайсы жана кандай убакытты көрсөткөндүгүн алар изилдешкен.

12 Асмандан жиберилген Ыйык Рухтун күчү менен Жакшы Кабар таратуучулар аркылуу азыр силерге жар салынып жаткан Жакшы Кабар алардын өздөрүнө эмес, бизге тиешелүү экендиги аларга белгилүү болгон. Муну периштелер да өз көздөрү менен көргүлөрү келген.

Ыйса Машайактын каны менен ыйыкталуу

13 Ошондуктан, бир туугандар, акыл-оюңар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула. Ыйса Машайак келгенде, силерге көрсөтүлө турган ырайымга толук үмүттөнгүлө.

14 Билбестиктен баткан мурунку кумарларыңарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу үчүн тандалган балдар катары

15 бардык жүрүш-турушуңар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык.

16 Себеби Ыйык Жазууда: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп жазылган.

17 Ар бир адамды ишине жараша бет карамалык кылбастан соттоочу Кудайды Ата деп жатсаңар, анда келгин катары жашап жаткан убактыңарды коркунуч менен өткөргүлө.

18 Анткени муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес,

19 кемчиликсиз, таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер.

20 Ал дүйнө жаратыла электен мурун эле дайындалган, бирок силер үчүн убакыттын акырында келди.

21 Силер Ал аркылуу Кудайга ишенип жатасыңар. Кудайга ишенип, Андан үмүттөнүшүңөр үчүн, Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтип даңктады.

22 Бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныңарды тазалап, бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө.

23 Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр.

24 Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт.

25 Ал эми Теңирдин сөзү түбөлүк калат. Бул сөз болсо – силерге жарыяланган сөз.

2-БӨЛҮМ

Рухий жактан өсүү

1 Ошондуктан ачууланууну, алдамчылыкты, эки жүздүүлүктү, көрө албастыкты жана ушакчылыкты таштап,

2 жаңы төрөлгөн балдар катары рухий таза сүттү сүйгүлө. Ал аркылуу өсүп, куткарылууга жеткиле.

3 Анткени силер Теңирдин жакшы экенин татып калдыңар.

Кудайдын тандалган эли

4 Адамдар жаратпай койгон, бирок Кудай тандап алган кымбат баалуу тирүү ташка – Машайакка жакындагыла.

5 Өзүңөр да тирүү таштар катары өзүңөрдөн рухий үй тургузгула. Ыйса Машайак аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандыктарды алып келүү үчүн, ыйык кызмат кылуучу болгула.

6 Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго тандалган, кымбат баалуу, негизги таш коём. Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.

7 Демек, ишенгендер, силер үчүн Ал – кенч. Ал эми ишенбегендер үчүн Ал – куруучулар жаратпай койгон, бирок бурчтун башкы ташы болуп коюлган, ошондой эле мүдүрүлтүүчү, азгыруучу таш.

8 Алар Кудай Сөзүнө баш ийишпегендиктен, ошол ташка мүдүрүлүшөт, анткени аларга ошол нерсе белгиленген.

9 Ал эми силер тандалган уруусуңар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыңар, ыйык элсиңер, Кудай энчилеп алган элсиңер. Силерди караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш үчүн тандалгансыңар.

10 Бир кезде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер. Бир кезде силерге ырайым кылынган эмес, азыр силерге ырайым кылынды.

Бул дүйнөдө кандай жашаш керек

11 Сүйүктүү бир туугандар, силер бул дүйнөдө жолоочу жана келгинсиңер, ошондуктан силерден өтүнөрүм, жаныңарга каршы күрөшкөн дене кумарларынан качкыла.

12 Бутпарастардын арасында таза жашагыла. Алар силерди жаман иштерди кылуучулар деп жамандашса да, жакшы иштериңерди көрүп, Кудай өздөрүнө келген күнү Аны даңкташсын.

13 Ошентип, жогорку бийликте турган падышага болобу, күнөөкөрлөрдү жазалоо үчүн, жакшы иш кылгандарды сыйлоо үчүн, падыша тарабынан коюлган башкаруучуларга болобу,

14 мамлекеттик бардык бийликке Теңир үчүн баш ийгиле.

15 Анткени Кудайдын каалоосу мындай: силер эркин адамдар катары, бирок эркиндик менен жаман иштерди жаап-жашыруучулар катары эмес,

16 Кудайдын кулдары катары жакшы иштерди жасап, акылсыз жана адепсиз адамдардын оозун жабышыңар керек.

17 Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыңарды сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышаны урматтагыла.

Кулдарга айтылган акыл-насаат

18 Кулдар, өзүңөрдүн кожоюндарыңардын жакшы жана момундарына гана эмес, катаалдарына да урмат көрсөтүү менен баш ийгиле.

19 Анткени ким адилетсиз эле жерден азап тартып жатса, бирок ошол азапты Теңир үчүн көтөрө билсе, бул Кудайга жагат.

20 Эгерде силер кылмыш кылып, ошон үчүн сабаганга чыдап жатсаңар, мунун эмнеси мактарлык? Бирок силер жакшы иш кылып жатып азап чегип жатсаңар жана ошого чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат.

21 Анткени силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен:

22 Ал эч кандай күнөө кылган эмес, Анын оозунан бир да кошомат сөз чыккан эмес.

23 Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган.

24 Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар.

25 Анткени силер адашып жүргөн койлордой болчусуңар, азыр болсо жаныңарды Кайтаруучуга жана Коргоочуга кайтып келдиңер.

3-БӨЛҮМ

Жубайларга айтылган сөз

1 Ошондой эле, силер, аялдар күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе,

2 ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, cилердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун.

3 Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес,

4 Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун.

5 Качандыр бир убакта Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан.

6 Ошолордун бири Саара Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген. Эгерде силер жакшы иш кылып жатсаңар жана эч бир коркунучтан коркпосоңор, Сааранын кыздарысыңар.

7 Ошондой эле, силер, күйөөлөр, аялзатынын алсызыраак экенин эске алып, аялыңарга туура мамиле кылгыла. Сыйынууңарга тоскоолдук болбошу үчүн, аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору.

Жыйынга айтылган акыл-насаат

8 Ошентип, баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула.

9 Жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батаңарды бергиле. Анткени ушуга – Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыңар.

10 Себеби ким жашоону сүйсө жана жакшы жашагысы келсе, ал өзүнүн тилин жаман сөздөрдү айтуудан, оозун жалган кептерди сүйлөөдөн сактасын.

11 Жамандыктан четтеп, жакшы иштерди жасасын. Тынчтыкты издеп, ошого умтулсун.

12 Анткени Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак төшөйт, ал эми жамандык жасагандардан Теңир Өз жүзүн бурат.

13 Эгерде жакшы иштерди кылууга тырышып жатсаңар, анда силерге ким жамандык кыла алат?

14 Эгерде чындык үчүн азап тартып жатсаңар, анда силер бактылуусуңар. Алардын коркутканынан коркпогула, кысынбагыла.

15 Машайакты жүрөгүңөрдө Теңир катары ыйык туткула. Силердин үмүтүңөр жөнүндө айтып берүүңөрдү сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч менен жооп берүүгө дайым даяр болгула.

16 Абийириңерди таза сактагыла, Машайак жолундагы таза жашооңор үчүн силерди жамандык кылуучулар катары жамандагандар уялгандай болушсун.

17 Анткени Кудайдын эрки болсо, жамандык кылып азап тарткандан көрө, жакшылык кылып азап тарткан жакшы.

Машайактын бийлиги

18 Себеби Машайак да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты. Анын денеси өлтүрүлдү, бирок руху тирилтилди.

19 Ал ошол руху менен зындандагы рухтарга барып жар салды.

20 Алар качандыр бир убакта, Нухтун убагында, кеме курулуп бүткүчөктү Кудай чыдап күтсө да, баш ийбей койгондор эле. Ошол кемеде аз эле адам, тактап айтканда, сегиз гана жан суу аркылуу аман калган.

21 Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чөмүлдүрүү Ыйса Машайактын тирилүүсү аркылуу куткарып жатат. Сууга чөмүлдүрүү – дененин кирин жууп кетирүү эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берүү.

22 Асманга көтөрүлүп кеткен Машайак Теңирдин оң жагында отурат. Ага периштелер да, күчтөр да, бийликтер да багындырылган.

4-БӨЛҮМ

Кудайга жаккандай жашоо

1 Машайак биз үчүн денеси менен азап тарткандыктан, силер да ошол ой менен куралдангыла. Анткени денеси менен азап тарткан адам күнөө кылганын коёт.

2 Эми мындан аркы жашооңорду адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен жашагыла.

3 Анткени буга чейин бутпарастык жашоо менен, бузуктук кылып, кумарларга, (бачабаздыкка, мал менен жанашуучулукка, арам ойлуулукка), аракечтикке, тамаксоолукка жана жийиркеничтүү бутка табынуучулукка берилүү менен жашап келгениңер жетишет.

4 Бутпарастар менен кошо бузуктук кылбай калганыңарга таң калып, алар силерди жамандап жатышат.

5 Алар өлгөндөрдү жана тирүүлөрдү соттоого даяр турган Сот алдында жооп беришет.

6 Адам баласы сыяктуу денеси менен соттолуп, Кудай сыяктуу руху менен жашашы үчүн, өлгөндөргө да Жакшы Кабар таратылган болчу.

7 Бирок бардык нерсенин аягы жакын. Ошондуктан акылдуу болгула жана сыйынуу үчүн сергек болгула.

8 Баарынан мурда бири-бириңерди ынталуулук менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт.

9 Бири-бириңерге күңкүлдөөсүз меймандостук көрсөткүлө.

10 Ар бириңер Кудайдан алган жөндөмдүүлүгүңөр менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген көп түрдүү жөндөмдүүлүктөрдү жакшы үй башкаруучулар катары колдонгула.

11 Ким сүйлөсө, Кудайдын сөзүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн. Ким кызмат кылса, Кудай берген күчүнө жараша кызмат кылсын. Ошентип, Кудай бардык нерседе Ыйса Машайак аркылуу даңкталсын. Даңк жана бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.

Машайак үчүн азап чегүү

12 Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөбөгүлө.

13 Тескерисинче, Машайак тарткан азапка ортоктош болуп жаткандыгыңар үчүн кубангыла, анткени Анын даңкы көрүнгөндө, кубанычка жана шаттыкка бөлөнөсүңөр.

14 Эгерде Машайактын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңк Руху – Кудайдын Руху силерде. Алар аркылуу Ага акарат келтирилет, ал эми силер аркылуу Ал даңкталат.

15 Бирок силердин араңардан эч ким киши өлтүрүп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын.

16 Эгерде машайакчы болгону үчүн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы үчүн Кудайды даңктасын.

17 Анткени сот Кудайдын Жыйынынан баштала турган убакыт келди. Эгерде сот биринчи бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин акыры эмне болот?

18 Эгерде адил адам араң куткарылып жатса, анда кудайсыз, күнөөкөр адам кайсы жерде болот?

19 Ошондуктан Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар жакшы иш кылуу менен, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратуучуга тапшырышсын.

5-БӨЛҮМ

Жыйын башчыларына жана Жыйынга акыл-насаат

1 Жыйын башчыларынын бири, Машайактын азап тартканына күбө болгон, айкын көрүнө турган даңкка ортоктош боло турган мен силердин Жыйын башчыларыңардан өтүнөмүн:

2 Кудайдын силерге тапшырган үйүрүн кайтаргыла. Аны аргасыздан эмес, чын көңүлдөн, Кудайга жаккандай, өзүңөрдүн керт башыңардын кызыкчылыгы үчүн эмес, ынталуулук менен,

3 энчиңердин үстүнөн үстөмдүк кылуу менен эмес, үйүргө үлгү болуу менен кайтаргыла.

4 Жыйын башчыларынын Башчысы келгенде, силер даңктын соолубас таажысын аласыңар.

5 Ошондой эле, жаштар, Жыйын башчыларына баш ийгиле. Бардыгыңар бири-бириңерге баш ийип, момун болгула. Анткени Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат.

6 Демек, Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула.

7 Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.

8 Эстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт.

9 Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула, дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыңар да силер сыяктуу эле азап тартып жатышканын билгиле.

Элчинин бата берүүсү жана саламы

10 Бизди Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкына чакырып алган жана ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыңардан кийин, силерди Өзү жеткилең, бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат.

11 Бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы! Оомийин.

12 Силерге жазган ушул кыска катымды мен ишенимдүү бир тууган деп эсептеген Сыласка жаздырдым. Бул катты силерге кайрат берүү үчүн, Кудайдын ырайымынын чындык экендигин күбөлөндүрүү үчүн жаздым. Силер ошол ырайым менен жашап жатасыңар.

13 Бабылдагы силер сыяктуу эле тандалган Жыйын жана уулум Марк силерге салам айтып жатышат.

14 Бири-бириңер менен өбүшүп саламдашкыла. Машайак Ыйсага ишенгендердин бардыгына тынчтык болсун. Оомийин.