Операциялык систе́ма, кыск. ОС (англ. operating system, OS) — компьютердин ресурстарын башкарууга жана колдонуучу менен өз ара аракеттешүүнү уюштурууга арналган бири-бирине байланыштуу программалардын комплекси.

Кадимки эсептөө системасынын логикалык түзүмүндө операциалык система бир жагынан — микроархитектурасы, машина тили жана балким, өзүнүн (жекече өзү менен кошо берилген) микропрограммалары (драйверлери) бар жабдуулардын, экинчи жагынан — тиркелүүчү программалардын ортосундагы орунду ээлейт.

Программалык камсыздоону иштеп чыгуучуларга операциалык система керектүү функциялардын болушунча аз гана жыйындысын берип, жабдуулардын иш-аракеттеринин жана иш жүзүнө ашыруунун майда-чүйдөлөрүнөн арылтууга жол берет ([тиркемелерди программалоо интерфейсин караңыз).