1-БӨЛҮМ

Мисирликтердин ысрайылдыктарга таш боордук менен мамиле кылышы

1 Жакып менен бирге өз-өз үй-бүлөсү менен Мисирге келген Ысрайыл уулдары булар:

2 Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт,

3 Исахар, Забулун, Бенжемин,

4 Дан, Напталы, Гат жана Ашыр.

5 Жакыптын тукуму жетимиш адам эле, Жусуп Мисирде болчу.

6 Кийин Жусуп да, анын бир туугандары да, ошол муундун адамдары да көз жумушту.

7 Бирок Ысрайыл уулдары укумдап-тукумдап көбөйүп, күч алып, Мисир жерине толушту.

8 Мисирде Жусупту билбеген жаңы падыша такка отурду.

9 Ал өз элине мындай деди: «Ысрайыл эли бизден алда канча көп жана күчтүү болуп кетти.

10 Көбөйүп кетпеши үчүн, аларды алдайлы, антпесек согуш болсо, алар душмандарыбызга кошулуп, бизге каршы чыгып, жерибизден чыгып кетишет».

11 Ошентип, фараон оор жумушка салып эзиш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды койду. Азык-түлүк сактоо үчүн, алар фараонго Питом жана Раамсес деген шаарларды курушту.

12 Аларды канчалык эзген сайын, алар ошончолук көбөйүштү. Алар канчалык көбөйгөн сайын, мисирликтер алардан ошончолук кооптоно башташты.

13 Ошондуктан мисирликтер Ысрайыл уулдарын ырайымсыздык менен зордоп жумушка салышты.

14 Аларды ылай менен кышка салып, ар кандай талаа жумуштарына ырайымсыздык менен зордоп иштетип, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишти.

15 Мисир падышасы Шипра жана Пуя деген аначы эврей кемпирлерге мындай деп буйрук кылды:

16 «Силер эврей аялдарды төрөтүп жатканда, карагыла. Эгерде эркек төрөлсө, аны өлтүрүп салгыла. Эгерде кыз төрөлсө, жашай берсин».

17 Бирок аначы кемпирлер Кудайдан коркушчу. Ошондуктан Мисир падышасынын айтканын кылбай, балдарды тирүү калтырып жатышты.

18 Мисир падышасы аначы кемпирлерди чакырып алып: «Эмне үчүн мындай кылып жатасыңар, эмнеге балдарды тирүү калтырып жатасыңар?» – деп сурады.

19 Аначы кемпирлер фараонго: «Эврей аялдар мисирлик аялдардай эмес экен. Алардын ден соолугу чың экен, ошондуктан алар аначы кемпирлер келгиче эле төрөп коюп жатышат», – деп жооп беришти.

20 Бул үчүн Кудай аначы кемпирлерге жакшылык кылды. Эл болсо көбөйгөндөн көбөйүп, абдан күч алды.

21 Аначы кемпирлер Кудайдан корккондуктан, Кудай алардын үй-бүлөсүнө батасын берди.

22 Ошондо фараон өз элине мындай деп буйрук берди: «Эврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарын дарыяга ыргыткыла. Ал эми кыздарын тирүү калтыргыла».

2-БӨЛҮМ

Мусанын төрөлүшү

1 Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды.

2 Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү.

3 Бирок ал андан ары жашыра албай калгандыктан, камыштан жасалган кол себет алып, аны илээшме ылай жана чайыр менен каптады да, баланы себетке салып, дарыянын жээгиндеги камыштын арасына коюп койду.

4 Эмне болор экен деп, баланын эжеси алыстан карап турду.

5 Ошол убакта фараондун кызы сууга түшкөнү дарыяга келди. Анын нөкөр кыздары дарыя жээктеп жүрүшкөн эле. Фараондун кызы камыштын арасындагы себетти көрүп, аны алып келүүгө күңүн жиберди.

6 Ал себетти ачып, баланы көрүп: «Бул эврей балдарынан экен», – деди. Бала ыйлап жаткандыктан, ага боору ооруду.

7 Баланын эжеси фараондун кызына: «Мен барып, эврей аялдарынан баланы эмизип багып бере турган аялды чакырып келейинби?» – деди.

8 Фараондун кызы ага: «Барып кел», – деди. Кыз барып, баланын энесин чакырып келди.

9 Фараондун кызы ага: «Бул баланы алып, мага багып бер. Акысын төлөп берем», – деди. Аял баланы алып, бага баштады.

10 Бала чоңойгондо, аял аны фараондун кызына алып келди. Ал аны бала кылып алды. «Мен аны суудан чыгарып алгам», – деп, баланын атын Муса койду.

Мусанын Мидиан жерине качып кетиши

11 Арадан көп убакыт өтүп, Муса чоңоюп эр жеткенден кийин, өз бир туугандарына (Ысрайыл уулдарына) барып, алардын жумушу оор экенин көрдү. Бир эврей бир тууганын мисирлик бир адам сабап жатканын көрүп калды.

12 Эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп, кум менен көөмп салды.

13 Эртеси күнү эки эврейдин чатакташып жатканын көрүп, кордоп жатканына: «Эмне үчүн бир тууганыңды уруп жатасың?» – деди.

14 Ал болсо: «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» – деди. Ошондо Муса: «Чын эле, бул жөнүндө билип калышкан турбайбы», – деп, коркуп кетти.

15 Фараон бул жөнүндө укканда, Мусаны өлтүргүсү келди. Бирок Муса фараондон Мидиан жерине качып барып, кудуктун жанына отурду.

16 Мидиандык буткана кызматчысынын жети кызы бар эле. Алар атасынын койлорун сугарыш үчүн, кудукка келип, суу сузуп алып, аштоолорго суу толтуруп жатышкан.

17 Аңгыча койчулар келип, аларды кууп жиберишти. Ошондо Муса тура калып, кыздарды коргоп, койлорун сугарып берди.

18 Кыздары атасы Ребуелге келишкенде, атасы алардан: «Бүгүн эмне эрте келдиңер?» – деп сурады.

19 Алар ага: «Мисирлик бир киши бизди койчулардан коргоп калды. Атүгүл, кудуктан суу сузуп, койлорубузду сугарып берди», – дешти.

20 Ошондо ал кыздарына: «Ал кайда? Эмне үчүн аны таштап келдиңер? Барып, чакырып келгиле, тамак ичсин», – деди.

21 Мусага ал кишинин үйүндө жашоо жагып калды. Ал киши Мусага Сипор деген кызын берди.

22 Сипор уул төрөдү. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса ага Гейиршом деген ат койду.

23 Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, Мисир падышасы өлдү. Ысрайыл уулдары оор жумуштан кыйналып, боздоп ыйлап жатышты, алардын боздогон үнү Кудайга жетти.

24 Кудай алардын ыйын угуп, Өзүнүн Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишимин эстеди.

25 Кудай Ысрайыл уулдарын көрүп, аларга назарын салды.

3-БӨЛҮМ

Мусанын чакырылышы

1 Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорду алыс жактагы чөлгө айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди.

2 Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү.

3 «Эмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту көрүп келейинчи», – деди ал.

4 Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

5 Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.

6 Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту.

7 Теңир мындай деди: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем.

8 Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу үчүн келдим.

9 Ысрайыл уулдарынын боздогон үнү Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын көрүп турам.

10 Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык».

11 Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди.

12 Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар», – деди.

13 Муса Кудайга: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: “Силердин ата-бабаңардын Кудайы мени силерге жиберди”, – десем, алар менден: “Анын аты ким?” – деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» – деди.

14 Кудай Мусага: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын). Ысрайыл уулдарына: Мени силерге Бар Болуп Туруучу Өзү жиберди деп айт», – деди.

15 Кудай Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди”. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым.

16 Барып, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, аларга мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мага келип, мындай деди: «Мен силерге келип, Мисирде силерди эмне кылып жатышканын көрдүм.

17 Мен силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарып, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине, сүт менен бал аккан жерге алып барам»”.

18 Ошондо алар сени угушат. Сен болсо Ысрайыл аксакалдары менен бирге Мисир падышасына барып, ага мындай деп айтасың: “Теңир, эврейлердин Кудайы, бизди чакырып жатат, ошондуктан бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы”.

19 Мисир падышасын зор күч менен мажбурлабаса, силерге уруксат бербестигин билем.

20 Мен Өзүмдүн күчүмдү колдонуп, Мисирди кереметтерим менен кыйратам. Ал силерди ошондон кийин гана коё берет.

21 Мен бул элге мисирликтердин көз алдында ырайым кылам. Силер кетип бара жатканда, куру кол кетпейсиңер.

22 Ар бир эврей аял мисирлик коңшусунан жана үйүндө жашаган мисирлик аялдардан алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды уул-кыздарыңарга кийгизесиңер, ошентип, мисирликтерди тоноп аласыңар».

4-БӨЛҮМ

Кудайдын Мусага керемет көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн бериши

1 Муса мындай деп жооп берди: «Эгерде алар мага ишенбей, менин үнүмдү укпай: “Теңир сага келген жок”, – дешсечи?»

2 Теңир андан: «Колуңдагы эмне?» – деп сурады. Ал: «Таяк», – деп жооп берди.

3 Теңир ага: «Аны жерге ташта», – деди. Ал аны жерге таштаганда, таяк жыланга айланды. Муса андан качты.

4 Теңир Мусага: «Колуңду сунуп, аны куйругунан карма», – деди. Ал колун сунуп, жыланды кармады. Ошондо ал анын колунда кайрадан таяк болуп калды.

5 Ошондо Теңир ага: «Бул жышаан аларга өздөрүнүн ата-бабаларынын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы сага келгендигине ишениши үчүн көрсөтүлсүн», – деди.

6 Теңир ага дагы мындай деди: «Колуңду койнуңа сал». Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу пес оорусунан кардай агарып калды.

7 Теңир дагы: «Колуңду кайрадан койнуңа сал», – деди. Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, мурунку калыбына келди.

8 Ошондо Теңир ага дагы мындай деди: «Эгерде алар сага, биринчи жышаанга ишенбей коюшса, анда экинчи жышаанга ишенишет.

9 Эгерде алар бул эки жышаанга да ишенбей, сени укпай коюшса, анда дарыядан суу сузуп алып, жерге төк. Жерге төгүлгөн суу канга айланат».

10 Ошондо Муса Теңирге: «О, Теңир! Мен мурун эле сөзгө чечен эмес болчумун. Сен Өзүңдүн кулуң – мени менен сүйлөшүп жаткан учурда да, мен ошондой элемин. Мен кыйналып сүйлөйм, мен кекечмин», – деди.

11 Теңир ага: «Адамга ооз берген ким? Аны дудук же дүлөй, көздүү же сокур кылган ким? Ошенткен Теңир Мен эмесминби?

12 Демек, баргын. Мен сага айтып турам, эмнени айтууну үйрөтүп турам», – деди.

13 Муса мындай деди: «Теңир, менден башканы жибер».

14 Ошондо Теңир Мусага каарданып, мындай деди: «Леби уруусундагы Арун деген бир тууганыңчы? Мен анын сүйлөй аларын билем. Азыр ал сенин алдыңдан чыгат, сени көргөндө, сүйүнүп кетет.

15 Сен ага айтып турасың, эмнени айтууну үйрөтүп турасың. Мен болсо сага да, ага да эмне деш керек экениңерди айтып турам, эмне кылууну үйрөтүп турам.

16 Ал сенин ордуңа элге чыгып сүйлөйт. Ошондуктан ал сенин оозуң болот, сен болсо ал үчүн Кудай ордуна болосуң.

17 Бул таякты да колуңа ал, муну менен керемет көрсөтөсүң».

Мусанын Мисирге кайра келиши

18 Муса ал жерден кетти. Анан ал кайнатасы Итрого келип, мындай деди: «Мен кетейин, Мисирдеги бир туугандарыма кайра барайын, алар тирүү бекен, көрүп келейин». Итро Мусага: «Тынчтык менен бара бер», – деди.

19 Мидиан жеринде Теңир Мусага: «Жөнө, Мисирге кайра бар, анткени сени өлтүрүүнү каалагандардын баары өлүшкөн», – деди.

20 Ошондо Муса аялы менен уулдарын эшекке мингизип, Мисир жерине жөнөп кетти. Муса Кудайдын таягын да колуна алды.

21 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жерине кайра барганыңда, байкагын, Мен сага айткан кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөт. Мен болсо анын жүрөгүн катуулантып коём, ошондо ал элди коё бербейт.

22 Фараонго мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Ысрайыл Менин уулум, тун уулум.

23 Мен сага айтып жатам: Менин уулумду коё бер, ал Мага ийбадат кылсын. Эгерде коё бербесең, анда Мен сенин уулуңду, тун уулуңду өлтүрөм”».

24 Жолдо түнөгөн жерде Теңир Мусага жолугуп, аны өлтүргүсү келди.

25 Ошондо Сипор таш бычакты алып, уулунун сүннөтүн кесип, Мусанын бут алдына таштады да: «Эми сен менин кан күйөөмсүң», – деди.

26 Ошондо Теңир андан кетти. Сипор ага: «Сүннөткө отургузуу аркылуу сен менин кан күйөөмсүң», – деди.

27 Теңир Арунга: «Чөлгө барып, Мусаны тосуп ал», – деди. Ал жолго чыгып, Кудайдын тоосунун жанынан Мусага жолугуп, аны бетинен өптү.

28 Муса Арунга өзүн жиберген Теңирдин бардык сөздөрүн, Ал осуят кылган бардык кереметтер жөнүндө айтып берди.

29 Анан Муса Арун менен барып, Ысрайыл уулдарынын бардык аксакалдарын чогултту.

30 Арун аларга Теңирдин Мусага айткан сөздөрүнүн баарын айтып берди. Муса болсо элдин көз алдында кереметтерди көрсөттү.

31 Ошондо эл ишенди. Алар Теңирдин Ысрайыл уулдарына келгенин, алардын тарткан азабын көргөнүн угушканда, тизе бүгүп таазим этишти.

5-БӨЛҮМ

Муса менен Арун фараондун алдында

1 Ошондон кийин Муса менен Арун фараонго келип, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, алар чөлдө Мага арнап майрам өткөрүшсүн”».

2 Бирок фараон: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир ким экен? Мен Теңирди билбейм, Ысрайылды да коё бербейм», – деди.

3 Алар ага: «Эврейлердин Кудайы бизди чакырып жатат. Бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы, болбосо Ал бизге жугуштуу оору жиберет же кылыч менен жок кылат», – дешти.

4 Ошондо Мисир падышасы аларга: «Муса менен Арун, силер эмне үчүн элди жумушунан алагды кылып жатасыңар? Өз жумушуңарга жөнөгүлө.

5 Бул жерде эл көп, силер аларды иштеринен алагды кылып жатасыңар», – деди.

6 Фараон ошол эле күнү башкаруучуларга жана көзөмөлдөөчүлөргө мындай деп буйрук берди:

7 «Мындан ары бул элге кыш куюу үчүн мурункудай саман бербегиле. Алар саманды өздөрү барып чогултуп алышсын.

8 Бирок кышты буга чейин куюп келгендегидей эле санда куюшсун, санын азайтпагыла. Алар жалкоо, ошондуктан: “Барып, Кудайыбызга курмандык чалабыз”, – деп кыйкырып жатышат.

9 Аларга жумушту көп бергиле, иштешсин, куру сөз менен алек болушпасын».

10 Ошондо башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөр элге кайрылып: «Фараон: “Силерге саман бербейм.

11 Саманды өзүңөр таап алгыла. Бирок жумушуңарды азайтпайм”, – деп айтып жатат», – дешти.

12 Ошондо эл саман ордуна пая издеп, Мисир жерине тарап кетти.

13 Башкаруучулар болсо: «Кышты саман бар кездегидей эле, күн сайын мурунку белгиленген санда куйгула», – деп мажбурлап жатышты.

14 Ал эми фараондун башкаруучулары Ысрайыл уулдарынын ичинен өздөрү дайындаган көзөмөлдөөчүлөрдү: «Эмне үчүн кышты мурунку белгиленген санда куйбай жатасыңар?» – деп уруп-сабашты.

15 Ошондо Ысрайыл уулдарынын көзөмөлдөөчүлөрү фараонго ыйлап келип: «Эмнеге кулдарыңа ушундай мамиле кылып жатасың?

16 Кулдарыңа саман бербей жатышат, бирок кыш куйгула деп, кулдарыңды сабап жатышат. Элиң күнөө кылып жатат», – дешти.

17 Бирок фараон аларга: «Жалкоосуңар силер, жалкоосуңар, ошондуктан “Теңирге курмандык чалабыз” деп жатасыңар.

18 Баргыла, иштегиле. Силерге саман берилбейт, бирок тиешелүү сандагы кышты толук бергиле», – деди.

19 Ысрайыл уулдарынан коюлган көзөмөлдөөчүлөр «Ар бир күнгө белгиленген кыштын санын кемитпегиле» деген буйруктан улам баштарына мүшкүл түшкөнүн түшүнүштү.

20 Алар фараондон чыкканда, өздөрүн күтүп турган Муса менен Арунга жолугушту.

21 Аларга: «Теңир силерди көрсө экен, бизди фараонго жана анын кулдарына жек көрүндү кылганыңар үчүн, бизди өлтүртүү үчүн алардын колуна кылыч карматканыңар үчүн жазаласа экен», – дешти.

Мусанын Теңирге арыздануусу

22 Ошондо Муса Теңирге кайрылып: «Теңир! Эмне үчүн бул элди ушундай азапка салдың, эмне үчүн мени жибердиң?

23 Мен келип, фараонго Сенин атыңдан сүйлөй баштагандан тартып, ал бул элге мурункудан да жаман мамиле кыла баштады. Сен болсо Өз элиңди куткарган жоксуң», – деди.

6-БӨЛҮМ

Теңирдин жообу

1 Ошондо Теңир Мусага: «Эми сен Менин фараонго эмне кыларымды көрөсүң. Фараон аларды күчтүү колдун кийлигишүүсү менен коё берет. Атүгүл, күчтүү колдун кийлигишүүсү менен аларды өз жеринен кууп чыгат», – деди.

2 Кудай Мусага мындай деди: «Мен Теңирмин.

3 Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Кудай, Кудуреттүү” деген ысым менен келгем, бирок аларга “Теңир (Жахаба)” деген ысымым менен ачылган эмесмин.

4 Өздөрү келгин болуп жашашкан Канаан жерин берем деп, Мен алар менен келишим түзгөм.

5 Мен мисирликтердин эзүүсүнөн кыйналган Ысрайыл уулдарынын онтогонун угуп, Өзүмдүн келишимимди эстедим.

6 Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен Теңирмин, силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуреттүү күчүм менен, чоң жазалар менен куткарам.

7 Силерди Өзүмө эл кылып алам да, силердин Кудайыңар болом, ошондо силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер.

8 Мен колумду көтөрүп, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деген жерге силерди алып барам да, аны силерге мураска берем. Мен Теңирмин”.

9 Муса муну Ысрайыл уулдарына айтып берди, бирок алар жүрөкзаада болуп калышкандыктан, жумуштун оордугунан Мусага кулак салышкан жок.

10 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

11 «Мисир падышасы фараонго кирип айт, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берсин».

12 Муса Теңирдин алдында мындай деди: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатышса, фараон кантип уксун? Мен болсо сөзгө жокмун».

13 Бирок Теңир Муса менен Арунга сүйлөдү. Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгууга буйрук берип, аларды Ысрайыл уулдарына жана Миcир падышасы фараонго жиберди.

Муса менен Арундун санжырасы

14 Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми. Бул – Рубейин уруусу.

15 Шымондун уулдары: Жемуел жана Жамин, Ойат жана Жахин, Сохар жана канаандык аялдын уулу Шабул. Бул – Шымон уруусу.

16 Лебинин уулдары, уруу башчылары булар: Гейиршон, Каат жана Мерари. Леби болсо жүз отуз жети жыл жашаган.

17 Гейиршондун уулдары, уруу башчылары: Либни жана Шимей.

18 Кааттын уулдары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел. Каат болсо жүз отуз үч жыл жашаган.

19 Мераринин уулдары: Махли жана Муши. Булар – Лебинин уруу башчылары.

20 Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган. Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген. Амрам болсо жүз отуз жети жыл жашаган.

21 Итсардын уулдары: Корак, Непек жана Зихри.

22 Узиелдин уулдары: Мишаел, Элсапан жана Ситри.

23 Арун Нахшондун карындашы, Аминадаптын кызы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надап менен Абыйутту, Элазар менен Итамарды төрөп берген.

24 Корактын уулдары: Асир, Элкана жана Абыйасап. Булар – Корак уруусу.

25 Арундун уулу Элазар Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты төрөп берген. Булар – Лебинин уруу башчылары.

26 Арун менен Муса – Теңирден «Мисир жеринен Ысрайыл уулдарын кошуундары менен алып чыккыла» деген буйрук алган кишилер.

27 Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгуу үчүн, Мисир падышасы фараон менен сүйлөшкөн кишилер – ушул Арун менен Муса.

Теңирдин Муса менен Арунга берген буйругу

28 Теңир Мисир жеринде Мусага сүйлөгөндө:

29 «Мен Теңирмин! Мен сага айткандын баарын Мисир падышасы фараонго айт», – деди.

30 Муса болсо Теңирдин алдында мындай деди: «Мен сөзгө жокмун, фараон мени кантип уксун?»

7-БӨЛҮМ

1 Бирок Теңир Мусага мындай деди: «Билип кой, Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот.

2 Сен ага Мен буйругандын баарын айтасың. Бир тууганың Арун болсо фараонго: “Ысрайыл уулдарын өз жериңен коё бер”, – деп айтат.

3 Бирок Мен фараондун жүрөгүн катуулантып коём да, Мисир жеринде Өзүмдүн көптөгөн жышаандарымды, кереметтеримди көрсөтөм.

4 Фараон силерди укпайт, ошондо Мен Мисирге күч колдонуп, аны катуу жазалап, Өзүмдүн кошуунумду – Өз элим Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыгам.

5 Мен Мисирди катуу жазалап, алардын арасынан Ысрайыл уулдарын алып чыкканда, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет».

6 Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты.

7 Фараон менен сүйлөшкөн убакта Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле.

Арундун таягы

8 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

9 «Эгерде фараон силерге: “Керемет көрсөткүлө”, – десе, сен Арунга: “Таягыңды алып, фараондун алдына ташта”, – деп айт. Ал жыланга айланат».

10 Муса менен Арун фараонго келип, Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кулдарынын алдына таштаганда, ал жыланга айланды.

11 Ошондо фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды. Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты.

12 Ар бири өз таягын таштаганда, алар да жыланга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп алды.

13 Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.

Мисирди кыйраткан жазалар. Биринчи жаза: суунун канга айланышы

14 Ошондо Теңир Мусага: «Фараондун жүрөгү таштай катыды, ал элди коё бергиси келбей жатат.

15 Эртең менен фараонго бар, ал сууга чыгат, сен аны дарыянын жээгинен тосуп тур. Жыланга айланган таягыңды колуңа алып ал.

16 Анан ага мындай де: “Эврейлердин Кудай-Теңири мени сага мындай деп айттыруу үчүн жиберди: «Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, Мага ийбадат кылышсын». Бирок сен ушул күнгө чейин укпай келдиң.

17 Теңир мындай дейт: «Менин Теңир экенимди сен мындан билесиң». Мен азыр колумдагы мына бул таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.

18 Дарыядагы балыктар кырылат, дарыя сасыйт, мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат”».

19 Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды алып, колуңду Мисирдин сууларына: дарыяларына, агын сууларына, көлдөрүнө, суу сактагычтарына сун, ошондо алар канга айланат. Бүткүл Мисир жери кан болот, жыгач, таш идиштеринин ичиндеги суулар да канга айланат”».

20 Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын көз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу канга айланды.

21 Ошондо дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып кеткендиктен, мисирликтер дарыядан суу иче албай калышты. Ошентип, бүткүл Мисир жери кан болду.

22 Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты. Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.

23 Фараон бурулуп, үйүнө кетип калды. Ага бул да таасир эткен жок.

24 Ичкенге суу табыш үчүн, бүт мисирликтер дарыянын тегерегин каза башташты, анткени алар дарыядагы суудан иче албай калышкан эле.

25 Теңир дарыяны канга айланткандан кийин, жети күн өттү.

8-БӨЛҮМ

Экинчи жаза: курбака

1 Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып айт: Теңир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

2 Эгерде сен аларды коё бергенге макул болбосоң, анда Мен сенин бардык жериңе курбака каптатам.

3 Ошондо дарыяда курбакалар быкылдап, андан чыгып, үйүңө да, уктоочу бөлмөңө да, төшөгүңө да, кулдарың менен элиңдин үйлөрүнө да, мешиңдин ичине да, камыр ачыткан челегиңе да кирет.

4 Курбакалар сенин, элиңдин жана кулдарыңдын үстүнө чыгат”».

5 Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Колуңдагы таягыңды дарыяларга, агын сууларга жана көлдөргө сунуп, Мисир жерине курбака каптат”».

6 Арун колун Мисир жериндеги сууларга сунганда, курбакалар чыгып, Мисир жерин каптады.

7 Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен ушундай кылып, Мисир жерине курбака каптатышты.

8 Фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Теңирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден, менин элимден жок кылсын. Ошондо мен Ысрайыл элин Теңирге курмандык чалууга коё берем», – деди.

9 Муса фараонго мындай деди: «Сенин жериңдеги, үйлөрүңдөгү курбакалар жок болуп, дарыяларда гана калсын деп, сен үчүн, кулдарың үчүн, элиң үчүн сыйынар убакытты мага өзүң белгиле».

10 Ал: «Эртең», – деди. Муса ага: «Сен айткандай болсун, ошондо биздин Кудай-Теңирибиздей эч ким жок экенин билесиң.

11 Курбакалар сенден, үйлөрүңдөн, кулдарыңдан жана элиңден жок болуп, дарыяларда гана калат».

12 Муса менен Арун фараондон чыгышты. Фараондун жерине каптаткан курбакалардан арылтуусун сурап, Муса Теңирге сыйынды.

13 Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылды. Yйлөрдөгү, короолордогу жана талаадагы курбакалар кырылып калды.

14 Аларды үймөк-үймөк кылып жыйып коюшту. Ошондо жер сасып кетти.

15 Фараон жеңилдик болгонун көргөндө, жүрөгүн катуулантып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.

Үчүнчү жаза: майда чиркей

16 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды көтөрүп, жердеги топуракты чап, ошондо топурак майда чиркейге айланып, бүткүл Мисир жерине толуп кетет”».

17 Алар ошондой кылышты. Арун колундагы таягын көтөрүп, топуракты чапканда, адамдарга да, малга да майда чиркейлер жабышты. Бүткүл Мисир жериндеги топурактын баары майда чиркейге айланды.

18 Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен майда чиркей чыгарууга аракет кылышты, бирок чыгара алышкан жок. Ошентип, майда чиркейлер адамдарга да, малга да жабышты.

19 Ошондо сыйкырчылар фараонго: «Бул – Кудайдын колу», – дешти. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.

Төртүнчү жаза: көгөөн

20 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Эртең менен эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга чыгат, ошондо сен ага мындай де: Теңир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

21 Эгерде элимди коё бербесең, анда Мен сага, сенин кулдарыңа, элиңе, үйлөрүңө көгөөн каптатам, ошондо мисирликтердин үйлөрү, алар жашаган жер көгөөнгө толот.

22 Бирок ошол күнү Менин элим жашаган Гошен жерин бөлүп коём, ал жерде көгөөн болбойт, ошондо жер үстүндөгү Теңир Мен экенимди билесиң.

23 Менин элим менен сенин элиңдин ортосун бөлүп коём. Эртең ушул жышаан болот”».

24 Теңир так ошондой кылды: фараондун үйүн, анын кулдарынын үйлөрүн жана бүт Мисир жерин көгөөн каптады. Жер көгөөндөн кыйрап жатты.

25 Ошондо фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Баргыла, Кудайыңарга ушул жерде курмандык чалгыла», – деди.

26 Бирок Муса ага: «Андай кылууга болбойт, анткени Кудай-Теңирибизге арнап чалган курмандыгыбыз мисирликтер үчүн жийиркеничтүү. Эгерде мисирликтер үчүн жийиркеничтүү болгон курмандыкты алардын көз алдында чалсак, алар бизди таш бараңга алышпайбы?

27 Биз үч күн жол жүрүп, чөлгө барып, Кудай-Теңирибизге Өзү айткандай кылып курмандык чалабыз», – деди.

28 Ошондо фараон: «Мен силерге өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге курмандык чалыш үчүн, чөлгө барууңарга уруксат берем, бирок алыс кетпегиле. Мен үчүн да сыйынып койгула», – деди.

29 Муса ага мындай деди: «Мен азыр сенден чыгып, Теңирге сыйынам, ошондо көгөөндөр сенден, сенин кулдарыңдан, сенин элиңден эртең эле жок болот, бирок сен элди Теңирге курмандык чалууга коё бербей алдаганыңды койгун».

30 Анан Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.

31 Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылып, фараондон, анын кулдарынан, анын элинен көгөөндөрдү жок кылды. Бир да көгөөн калган жок.

32 Бирок фараон бул жолу да жүрөгүн катуулантып, элди коё бербей койду.

9-БӨЛҮМ

Бешинчи жаза: жугуштуу жара

1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып, эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт де: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

2 Эгерде сен аны коё бергиң келбей, дагы кармай турган болсоң,

3 анда Теңир Өз колун талаадагы бардык малыңа, жылкыларыңа, эшектериңе, төөлөрүңө, өгүздөрүңө жана койлоруңа каршы сунат: аларга өтө оор жугуштуу оору жиберет.

4 Бирок Теңир Ысрайылдын малын Мисирдин малынан бөлүп коёт. Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлбөйт”».

5 Теңир убакытты белгилеп: «Муну Теңир эртең ушул жерде жасайт», – деди.

6 Теңир муну эртеси күнү жасады, ошондо Мисирдин бардык малы кырылып калды, бирок Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлгөн жок.

7 Фараон билип келгенге киши жиберсе, ысрайылдыктардын малынан бирөө да өлбөптүр. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, элди коё бербей койду.

Алтынчы жаза: күл

8 Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мештен бир уучтан күл алгыла. Муса аны фараондун көз алдында асманга чачсын.

9 Ошондо бүткүл Мисир жерин чаң каптап, бүткүл Мисир жериндеги адамдар менен малга ириңдүү жара чыгат».

10 Алар мештен күл уучтап алып, фараондун алдына келишти. Муса аны асманга чачты, ошондо адамдар менен малга ириңдүү жара чыкты.

11 Сыйкырчылар жарадан улам Мусанын алдында туруштук бере алышпады, анткени жара сыйкырчыларга жана бүт мисирликтерге чыккан эле.

12 Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, Теңир Мусага айткандай эле, фараон аларды уккан жок.

Жетинчи жаза: мөндүр

13 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Эртең эрте туруп, фараондун алдына барып, ага мындай де: Эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

14 Анткени бул жолу Мен сени, кулдарыңды жана элиңди катуу жазалайм, ошондо сен бүт жер үстүндө Мага теңдеш эч ким жок экенин билесиң.

15 Эгерде Мен колумду сунсам, анда сен элиң менен кошо жугуштуу оорудан кырылмаксың, жер бетинен жок болмоксуң.

16 Бирок сага Өзүмдүн күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүт жер жүзүндө белгилүү болуш үчүн, Мен сага тийген жокмун.

17 Сен Менин элимди коё бергиң келбей, дагы эле каршы болуп жатасың.

18 Мен эртең так ушул убакта Мисир негизделген күндөн тартып азыркыга чейин болуп көрбөгөн өтө катуу мөндүр жаадырам.

19 Ошондуктан малыңды жана талаада эмнең болсо, ошонун баарын чогултканы киши жибер, ал эми үйгө келбей, талаада калган адамдарың да, малың да мөндүрдөн кырылат”».

20 Фараондун кулдарынын ичинен Теңирдин сөзүнөн корккондору шашылыш барып, талаадагы кулдары менен малын үйлөрүнө алып келишти.

21 Ал эми Теңирдин сөзүнө көңүл бурбагандары кулдары менен малын талаага калтырышты.

22 Ошондо Теңир Мусага: «Колуңду асманга көтөр, бүткүл Мисир жерине, элине, малына жана Мисир жериндеги бардык өсүмдүктөргө мөндүр түшөт», – деди.

23 Муса таягын асманга көтөрдү. Ошондо Теңир күн күркүрөтүп, мөндүр жаадырды, жер бетин от каптады. Ошентип, Теңир Мисир жерине мөндүр жаадырды.

24 Мөндүр менен кошо от да жаады, мөндүр абдан катуу болду. Мисирде эл отурукташкандан бери мындай болгон эмес.

25 Ошентип, мөндүр бүткүл Мисир жерин талкалады, талаада эмне болсо, ошонун баарын: адамдарды, малдарды кырып, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды талкалап кетти.

26 Ысрайыл уулдары жашаган Гошен жерине гана мөндүр жааган жок.

27 Ошондо фараон Муса менен Арунду киши жиберип чакыртып алып: «Бул жолу мен күнөө кылдым, Теңир адилеттүү, мен жана менин элим болсо айыптуу.

28 Теңирге сыйынгылачы, Кудайдын күн күркүрөөсү менен мөндүрү басылсын. Ошондо мен силерди коё берем, мындан ары кармабайм», – деди.

29 Муса ага: «Мен шаардан чыгарым менен Теңирге колумду сунам. Күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да басылат, ошондо сен жер Теңирдики экенин билесиң.

30 Бирок мен сен да, кулдарың да дагы эле Кудай-Теңирден коркпоруңарды билем», – деди.

31 Зыгыр менен арпаны да мөндүр талкалап кетти, анткени арпа баш алып, зыгыр гүлдөп калган эле.

32 Ал эми буудай менен кайрак буудайды мөндүр талкалаган жок, анткени алар кеч себилген эле.

33 Муса фараондон чыгып, шаардан узагандан кийин, Теңирге колун сунду. Ошондо күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да, жерге куйган жамгыр да басылды.

34 Фараон жамгырдын да, мөндүрдүн да, күндүн күркүрөгөнү да басылганын көргөндө, күнөө кылганын улантты, ал өзү да, анын кулдары да жүрөктөрүн катуулантышты.

35 Теңир Муса аркылуу айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.

10-БӨЛҮМ

Сегизинчи жаза: чегиртке

1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго кир, аларга Өзүмдүн ушул кереметтеримди көрсөтүш үчүн,

2 Мисирде эмне кылганымды, ал жерде көрсөткөн кереметтерим жөнүндө уулуңа, уулуңдун уулуна айтып беришиң үчүн, Менин Теңир экенимди билишиңер үчүн, Мен фараондун жана анын кулдарынын жүрөгүн катуулантып койдум».

3 Муса менен Арун фараонго келип, мындай деп айтышты: «Эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: “Качанкыга чейин сен Мага моюн сунбайсың? Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

4 Эгерде сен Менин элимди коё бербесең, анда эртең Мен сенин жериңе чегиртке каптатам.

5 Алар жер бетин көрүнгүс кылып каптайт да, мөндүрдөн калгандын баарын жеп, талаадагы бак-дарактардын баарын курутат.

6 Сенин үйүңө, кулдарыңдын үйлөрүнө жана бардык мисирликтердин үйлөрүнө толот, мындайды сенин ата-бабаларың да, ата-бабаларыңдын ата-бабалары да жер бетинде жашагандан ушул күнгө чейин көргөн эмес”». Муса бурулуп, фараондон чыгып кетти.

7 Ошондо фараондун кулдары: «Бул бизди качанкыга чейин кыйнайт? Бул элди коё бер, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине ийбадат кылышсын. Мисирдин кыйрап бара жатканын дагы эле көрбөй турасыңбы?» – дешти.

8 Анан Муса менен Арунду фараонго кайра алып келишти. Ошондо фараон аларга: «Баргыла, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ийбадат кыла бергиле. Бирок кимиңер барасыңар?» – деди.

9 Муса мындай деди: «Биз жаш балдарыбыз, кары-картаңдарыбыз, уул-кыздарыбыз менен, майда жана бодо малыбыз менен барабыз, анткени Теңирге арнап майрам өткөрөбүз».

10 Фараон аларга: «Мейли, ушундай болсун, Теңир силер менен! Мен силерди коё берүүгө даярмын, бирок эмнеге балдарыңарды кошо алып барганы жатасыңар? Көрдүңөрбү, силердин ниетиңер жаман.

11 Болбойт, Теңириңерге эркектериңер гана ийбадат кылышсын, анткени силер ошону сурагансыңар», – деди. Анан аларды фараондон кууп чыгышты.

12 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Колуңду Мисир жерине сун, Мисир жерин чегиртке каптап, жердеги өсүмдүк-чөптүн баарын, мөндүрдөн аман калгандын баарын жесин».

13 Муса таягын Мисир жерине сунду. Ошондо Теңир бул жерге чыгыштан шамал жиберди. Ал шамал бир күн, бир түн болду. Чыгыштан соккон шамал эртең менен чегиртке каптатты.

14 Чегиртке бүт Мисир жерин каптады, алар өтө көп болгондуктан, бүт Мисир өлкөсүн басып калды. Буга чейин мынчалык көп чегиртке болгон эмес, мындан кийин да болбойт.

15 Чегиртке бүт жер бетин каптап калгандыктан, жер көрүнбөй калды. Чегирткелер жердеги бардык өсүмдүктөрдү, мөндүрдөн аман калган дарактардын мөмөлөрүн бүт жеп коюшту. Мисир жериндеги бак-дарактардан, талаадагы өсүмдүктөрдөн эч нерсе калган жок.

16 Ошондо фараон Муса менен Арунду шашылыш чакыртып, мындай деди: «Мен силердин Кудай-Теңириңердин алдында, силердин алдыңарда күнөө кылдым.

17 Эми менин күнөөмдү дагы бир жолу кечиргиле да, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге сыйынгыла, Ал менден бул өлүмдү кайт кылсын».

18 Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.

19 Ошондо Теңир батыштан чыгышка карай катуу шамал соктурду, ал шамал чегирткелерди Кызыл деңизге сүрүп таштады. Мисир жеринде бир да чегиртке калган жок.

20 Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.

Тогузунчу жаза: караңгылык

21 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Колуңду асманга сун, ошондо Мисир жерине көзгө сайса көрүнгүс караңгылык түшөт».

22 Муса колун асманга сунду, ошондо бүткүл Мисир жерин үч күн бою көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап турду.

23 Бири-бирин көрбөй, үч күн бою эч ким ордунан жылган жок. Ысрайыл уулдарынын үйлөрүндө болсо жарык болуп турду.

24 Ошондо фараон Мусаны чакыртып, мындай деди: «Баргыла, Теңириңерге ийбадат кыла бергиле, бирок майда жана бодо малыңарды калтыргыла, балдарыңар болсо силер менен бара беришсин».

25 Бирок Муса мындай деди: «Кудай-Теңирибизге курмандык чалышыбыз үчүн, бизге курмандыктарды да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды да беришиң керек.

26 Малыбызды да ала барабыз, бир да туяк калбайт, анткени биз Кудай-Теңирибизге чала турган курмандыкты алардын арасынан алабыз. Бирок биз ал жерге жетмейинче, курмандыкка эмнени чаларыбызды билбейбиз».

27 Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал элди коё бергиси келген жок.

28 Фараон Мусага: «Жогол бул жерден! Менин алдыма кайра келем деп ойлобо. Анткени менин жүзүмдү көргөн күнү өлөсүң», – деди.

29 Муса ага: «Сен айткандай болот. Мындан ары жүзүңдү көрбөйм», – деди.

11-БӨЛҮМ

Акыркы жаза

1 Теңир Мусага мындай деди: «Мен фараонду жана мисирликтерди дагы бир жолу жазалайм. Ошондон кийин гана ал силерди бул жерден коё берет. Коё бергенде да, силерди бул жерден шашылыш кууп чыгат.

2 Элиңе айтып кой, ар бир эркек, ар бир аял өз кошунасынан алтын-күмүш буюм сурап алсын».

3 Теңир Өз элине мисирликтердин көз алдында ырайым кылды. Муса да Мисир жеринде, фараондун кулдарынын алдында, элдин алдында эң улуу адам болду.

4 Муса мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Түн ортосунда Мен Мисир жерин аралап өтөм.

5 Ошондо Мисир жериндеги тун балдардын баары, тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап, жаргылчак тартып отурган күңдүн тун баласына чейин өлөт, малдын биринчи төлүнүн баары кырылат.

6 Ошондо бүткүл Мисир жери боздоп ыйлайт. Мындай ый мурун да болгон эмес, кийин да болбойт”.

7 Ал эми Ысрайыл уулдары жана алардын малы эч кандай зыян тартпайт. Ошондо Теңир мисирликтер менен ысрайылдыктардын ортосуна кандай айырма койгонун көрөсүңөр.

8 Сенин кулдарыңдын баары менин алдыма келип тизе бүгүп: “Жетектеп жүргөн элиң менен кошо чыгып кет”, – дешет. Мен ошондон кийин гана чыгып кетем». Анан Муса фараондон каарданып чыгып кетти.

9 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жеринде кереметтеримди көрсөтө беришим үчүн, фараон силерди укпай койду».

10 Муса менен Арун ушул кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөтүштү. Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берген жок.

12-БӨЛҮМ

Пасах

1 Теңир Мисир жеринде Муса менен Арунга мындай деди:

2 «Ушул ай силер үчүн айлардын башталышы болсун. Ушул ай жыл ичиндеги айлардын биринчиси болсун.

3 Ысрайыл жамаатына мындай дегиле: Ушул айдын онунчу күнү ар ким өз үй-бүлөсүнө бирден козу камдасын, ар бир түтүн бирден козу даярдасын.

4 Эгерде үй-бүлөдөгү кишинин саны аз болуп, бир козуну жеп түгөтө албай турган болсо, анда ал үй-бүлө өзүнө жакын жашаган коңшусунун үй-бүлөсү менен бирге, кишинин санына жараша камдасын. Бир козуну канча киши жеп түгөтө алса, ошончо киши чогулсун.

5 Ал кемчилиги жок бир жылдык эркек мал болушу керек. Аны койдун же эчкинин арасынан тандап алгыла.

6 Силер аны ошол айдын он төртүнө чейин сактап тургула. Аны Ысрайыл жамааты кеч кирери менен сойсун.

7 Эт жей турган үйдүн эшигинин эки кашегине, эшиктин маңдайчасына анын канынан сыйпап коюшсун.

8 Этин отко кактап бышырып, ачыткысыз нан жана ачуу чөптөр менен ошол түнү жеп түгөтүшсүн.

9 Этти чала бышырып же сууга бышырып жебегиле, баш-шыйрагын, ичеги-карынын кошуп, отко кактап бышырып жегиле.

10 Андан эртең мененкиге калтырбагыла. Эртең мененкиге калганын өрттөп жибергиле.

11 Аны белиңерди курчап, бут кийимиңерди кийип, таягыңарды колуңарга алып, шашылыш түрдө жегиле. Бул – Теңирдин Пасахы.

12 Мен дал ошол түнү Мисир жерин аралап, Мисир жеринде жашаган адамдардын тунун, малдарынын биринчи төлүн жок кылам. Мисирдин бардык кудайларына сот жүргүзөм. Мен Теңирмин!

13 Силер отурган үйлөрдөгү ошол кан силердин белгиңер болот, канды көрүп, силерден кыя өтүп кетем. Мисир жерин кыйратып жатканымда, силердин башыңарга алаамат түшпөйт.

14 Ошол күн силердин эсиңерде калсын, ошол күндү түбөлүккө белгиленген майрам катары Теңирге арнап, укумдан-тукумга майрамдагыла.

Ачыткысыз нан майрамы

15 Жети күн ачыткысыз нан жегиле. Биринчи күндөн тартып үйүңөрдөгү ачыткы кошулган тамактарды жок кылгыла. Ким биринчи күндөн жетинчи күнгө чейин ачыткы кошулган нерсе жесе, ал Ысрайыл элинин арасынан жок кылынат.

16 Биринчи күнү да, жетинчи күнү да ыйык чогулуш өткөргүлө. Бул күндөрү эч кандай жумуш кылынбасын, ичип-жей турган гана тамагыңарды жасасаңар болот.

17 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тургула, анткени дал ошол күнү Мен силердин кошуундарыңарды Мисир жеринен алып чыккам. Ошол күндү түбөлүккө белгиленген күн катары укумдан-тукумга белгилеп тургула.

18 Биринчи айдын он төртүнчү күнүнүн кечинен баштап ошол эле айдын жыйырма биринчи күнүнүн кечине чейин ачыткысыз нан жегиле.

19 Жети күн бою силердин үйүңөрдө ачыткы кошулган тамак болбошу керек, себеби ким ачыткы кошулган тамак жесе, ал келгин болобу, ошол жердин жергиликтүү тургуну болобу, Ысрайыл жамаатынан жок кылынат.

20 Ачыткы кошулган эч нерсе жебегиле, кайсы жерде болсоңор да, ачыткысыз нан жегиле».

21 Муса Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып, аларга мындай деди: «Yй-бүлөңөрдөгү кишинин санына жараша мал тандап, Пасахка арнап сойгула.

22 Бир тутам иссоп алып, идиштеги канга малып, эшиктин маңдайчасы менен эки каптал кашегине сыйпагыла. Өзүңөр болсо таңга чейин үйүңөрдөн чыкпагыла.

23 Теңир Мисирди кыйратуу үчүн бара жатканда, эшигиңердин маңдайчасы менен эки кашегиндеги канды көрүп, кыя өтүп кетет, кыйратуу үчүн келе жаткан кыйратуучуну силердин үйүңөргө киргизбейт.

24 Муну силер өзүңөр үчүн да, балдарыңар үчүн да түбөлүк мыйзам катары сактагыла.

25 Теңир берген жерге киргениңерде, Ал Өзү айткандай, ушул ийбадатты сактагыла.

26 Балдарыңар силерден: “Бул эмне деген ийбадат?” – деп сурашса,

27 “Бул – Теңирге арналган Пасах курмандыгы. Ал мисирликтерди кыйратып жатканда, Мисирдеги Ысрайыл уулдарынын үйлөрүнөн кыя өтүп кеткен, биздин үйлөрүбүздү куткарып калган”, – дегиле». Ошондо калың эл тизе бүгүп таазим кылды.

28 Анан Ысрайыл уулдары тарап кетишти. Теңир Муса менен Арунга кандай буйруса, алар так ошондой кылышты.

29 Түн ортосунда Теңир Мисир жериндеги бардык тун балдарды: тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап зынданда жаткан туткундун тун баласына чейин өлтүрдү. Ошондой эле малдын биринчи төлүнүн баарын кырып салды.

30 Ошондо фараон өзү, бүт кулдары, бүткүл Мисир эли түн ичинде орундарынан турушту. Мисир жеринен катуу өкүрүк чыкты, анткени өлүк чыкпаган үй болгон жок.

31 Фараон түн ичинде Муса менен Арунду чакыртып алып: «Тургула, Ысрайыл уулдары, менин элимдин арасынан кеткиле, өзүңөр айткандай, Теңириңерге ийбадат кылганы кеткиле.

32 Өзүңөр айткандай, майда жана бодо малыңарды ала кеткиле. Мага да батаңарды бергиле», – деди.

33 Ошентип, мисирликтер: «Кетпесеңер, баарыбыз өлүп калабыз», – дешип, аларды ал жерден тезирээк чыгып кетүүгө мажбурлашты.

34 Ошондо Ысрайыл уулдары ачыткы кошулбаган камырын челеги менен кошо кийимдерине байлап, ийиндерине көтөрүп алып жөнөштү.

35 Ысрайыл уулдары Мусанын айтканындай кылып, мисирликтердин алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алышты.

36 Теңир болсо мисирликтердин көз алдында Өз элине ырайым кылды. Мисирликтер алардын сураганын беришти. Ошентип, алар мисирликтерди тоноп алышты.

Мисирден чыгуу

37 Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жөнөштү. Балдарды эсептебегенде, алардын саны алты жүз миң жөө эркек эле.

38 Алар менен бирге ар кайсы уруудан көп сандаган адамдар да чыгышты. Алар көп сандаган майда жана бодо малы менен чыгышты.

39 Мисирден ала чыгышкан ачыткысыз камырдан токоч жасашты, Мисирден шашылыш түрдө куулуп чыккандыктан, жолго тамак-аш да камдай албай калышкан эле.

40 Ысрайыл уулдары Мисирде төрт жүз отуз жыл жашашты.

41 Туура төрт жүз отуз жыл болгон күнү түн ичинде Теңирдин бүткүл кошууну Мисир жеринен чыкты.

42 Бул түн – өздөрүн Мисирден алып чыккандыгы үчүн уктабай өткөрө турган, Теңирге арналган түн. Бул түндү Ысрайыл уулдары укумдан-тукумга сакташы керек.

Пасах курмандыгы жөнүндө мыйзам

43 Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Пасах курмандыгынын мыйзамы мындай: аны башка уруунун бир да кишиси жебесин.

44 Аны күмүшкө сатылып алынган ар бир кул сүннөткө отургузулгандан кийин жесе болот.

45 Аны келгин киши менен жалданма киши жебесин.

46 Аны бир үйдө отуруп жегиле, этин сыртка алып чыкпагыла, сөөктөрүн сындырбагыла.

47 Муну Ысрайылдын бүткүл жамааты аткарсын.

48 Эгерде сенин жаныңа көчүп келген келгин Теңирдин Пасахын өткөргүсү келсе, анда анын бардык эркек аттуулары сүннөткө отургузулсун. Ошондон кийин өткөрө берсин. Ошондо ал ошол жердин жергиликтүү тургуну болуп калат. Сүннөткө отургузулбаган адам аны жебесин.

49 Жергиликтүү тургунга да, силердин араңарга көчүп келген келгинге да бирдей мыйзам болсун».

50 Теңир Муса менен Арунга кандай буйруса, Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты.

51 Дал ошол күнү Теңир Ысрайыл уулдарын Мисирден кошуундары менен алып чыкты.

13-БӨЛҮМ

Тун балдардын Кудайга арналышы. Ачыткысыз нан майрамы жөнүндө

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Мага ысрайылдыктардын тундарын арна, адамдын туну болобу, малдын биринчи төлү болобу, алар Мага тиешелүү».

3 Муса элге кайрылып, мындай деди: «Силер Мисирден чыккан, кулчулуктан бошонгон ушул күндү эсиңерден чыгарбагыла, анткени Теңир силерди ал жерден күчтүү колу менен алып чыккан. Ачыткы кошулган тамак-аш жебегиле.

4 Силер бүгүн, Абыт айында чыгып жатасыңар.

5 Теңир сени ата-бабаларыңа берем деп убада кылган сүт менен бал аккан жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, ушул айда Теңирге ушул ийбадатты кыл.

6 Жети күн ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган майрам.

7 Ачыткысыз нанды жети күн же. Сенде ачыткы кошулган нан болбосун, сенин жериңде ачыткы кошулган тамак-аш болбосун.

8 Ошол күнү өз уулуңа мындай деп айт: “Мен бул майрамды Теңир мени Мисирден алып чыккандыгы үчүн майрамдап жатам”.

9 Теңирдин мыйзамы оозуңдан түшпөшү үчүн, бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир сени Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан.

10 Ушул мыйзамды жыл сайын өз убагында аткар.

Тун балдар жөнүндө мыйзам

11 Теңир сага жана сенин ата-бабаларыңа берем деп убада кылган Канаан жерине сени алып барганда, ал жерди сага бергенде,

12 тундарыңды Теңирге бөлүп кой. Малыңдын биринчи төлүнүн эркегин Теңирге арна.

13 Эшегиңдин биринчи төлүн козуга айырбашта. Эгерде айырбаштабасаң, кунун төлө. Тун эркек балдарыңардын да кунун төлөгүлө.

14 Кийин уулуң сенден: “Эмнеге мындай кылып жатасың?” – деп сураса: “Теңир бизди күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан, кулчулуктан бошоткон.

15 Фараон бизди коё бербей жатканда, Теңир Мисир жериндеги бардык тунгучтарды: тун балдарды, малдын биринчи төлүн жок кылган. Ошондуктан мен малымдын биринчи төлүнүн эркектеринин бардыгын Теңирге арнап курмандыкка чалып жатам, ал эми тун уулдарымдын кунун төлөп жатам”, – деп жооп бер.

16 Бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир бизди Өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан».

Булут мамы жана от мамы

17 Фараон элди коё бергенден кийин, кыска жол болгонуна карабастан, Кудай аларды Пелишти жерине барчу жол менен алып өткөн жок. Анткени Кудай: «Эл согушту көргөндө өкүнүп, Мисирге кайтып кетпесин», – деди.

18 Ошондуктан Кудай элди Кызыл деңизге чөл аркылуу алып барды. Ысрайыл уулдары Мисир жеринен куралданып чыгышты.

19 Муса Жусуптун сөөгүн ала чыкты, анткени Жусуп Ысрайыл уулдарынан: «Кудай силерге сөзсүз келет, ошондо сөөгүмдү бул жерден ала чыккыла», – деп убада алган.

20 Ошентип, Ысрайыл уулдары Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги Эйтамга келип, станы менен жайланышты.

21 Күнү-түнү жол жүрсүн деп, Теңир күндүз аларга булут мамынын ичинде жол көрсөтүп, ал эми түн ичинде от мамынын ичинде жарык болуп, алардын алдында бара жатты.

22 Күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жок.

14-БӨЛҮМ

Кызыл деңизден өтүү

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына айт, алар артка кайрылып, Баал-Сыпондун маңдайына, Мигдол менен деңиздин ортосуна, Пи-Ахиротко барып, станы менен жайланышсын. Баал-Сыпондун каршысына, деңиз жээгине жайланышкыла.

3 Фараон Ысрайыл уулдары жөнүндө: “Алар бул жерде адашып, чөлгө камалып калышты”, – деп ойлойт.

4 Мен болсо фараондун жүрөгүн катуулантып коём, ошондо ал силердин артыңардан кууп жөнөйт. Мен Өз даңкымды фараон аркылуу, анын аскери аркылуу көрсөтөм. Ошондо мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет». Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

5 Мисир падышасына «Ысрайыл эли качып кетти» деген кабар берилди. Ошондо фараондун жана анын кулдарынын ойлору өзгөрүп: «Бул эмне кылганыбыз, эмне үчүн ысрайылдыктарды өзүбүзгө иштетпей коё бердик?» – деп өкүнүштү.

6 Ошондо фараон майдан арабасын чегип, эли менен,

7 тандалган алты жүз майдан арабасы менен, Мисирдин бардык майдан арабалары менен, майдан араба башчылары менен чыкты.

8 Теңир Мисир падышасы фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарынын артынан кууп жөнөдү. Ысрайыл уулдары болсо күчтүү колдун астында бара жатышты.

9 Ошентип, мисирликтер алардын артынан кууп жөнөштү. Фараондун майдан арабаларын тарткан аттар, атчан аскерлер, бүт аскерлер аларды деңиздин жанындагы, Баал-Сыпондун маңдайындагы Пи-Ахироттун жанына жайланышкан жеринде кууп жетишти.

10 Фараон жакындап калганда, Ысрайыл уулдары артын карашса, мисирликтер кууп келе жатышыптыр. Ошондо алар аябай коркуп кетип, Теңирге боздоп кайрылышты.

11 Анан Мусага: «Сен бизди чөлдө өлтүргөнү алып келдиң беле? Мисирде бизге көрүстөн жокпу? Бизди Мисирден алып чыгып, кыларың ушул беле?

12 Биз сага Мисирде жүргөндө эле: “Бизди жайыбызга кой, мисирликтерге иштей берели”, – деп айткан жок белек? Чөлдө өлгөнчө, мисирликтерге кул болгонубуз жакшы эмес беле?» – дешти.

13 Ошондо Муса элге кайрылып: «Коркпогула, чыдап турсаңар, Теңир бүгүн силерди кандай куткарып аларын өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Бүгүн силер көрүп турган мисирликтерди мындан кийин түбөлүккө көрбөйсүңөр.

14 Силер үчүн Теңир күрөшөт, силер болсо тынчсызданбагыла», – деди.

15 Теңир Мусага: «Эмне үчүн Мага боздоп жатасың? Ысрайыл уулдарына айт, жолун уланта беришсин.

16 Сен болсо таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сунуп, деңизди экиге бөл. Ошондо Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүшөт.

17 Мен болсо мисирликтердин жүрөгүн катуулантып коём, алар элдин артынан кууп жөнөшөт. Ошондо Мен Өз даңкымды фараон аркылуу, анын аскерлери, майдан арабалары менен атчан аскерлери аркылуу көрсөтөм.

18 Мен Өз даңкымды фараон аркылуу, анын майдан арабалары, атчан аскерлери аркылуу көрсөткөндө, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет», – деди.

19 Ошондо Ысрайыл кошуунунун алдында жүргөн Кудайдын периштеси ордунан жылып, алардын артына келип турду. Алардын алдындагы булут мамы да ордунан жылып, алардын артына келип,

20 Мисир кошууну менен Ысрайыл кошуунунун ортосуна туруп калды. Булут мамы түнкүсүн бирине караңгылык каптатып, экинчисине жарык берип турду, ошондуктан мисирликтер түнү бою ысрайылдыктарга жакын келе алышкан жок.

21 Муса колун деңизге сунганда, Теңир түнү бою чыгыштан катуу шамал соктурду. Ошондо суулар эки жакка тартылып, деңиздин ортосу кургап калды.

22 Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен жөнөштү. Суу болсо алардын оң жагы менен сол жагында дубалдай болуп көтөрүлүп турду.

23 Мисирликтер кууп жөнөштү. Фараондун аттары, майдан арабалары жана атчан аскерлери алардын артынан деңиздин ортосуна киришти.

24 Таңга маал Теңир булут мамы менен от мамыдан мисирликтердин кошуунун карап, аларга дүрбөлөң салды.

25 Алардын майдан арабаларынын дөңгөлөктөрүн чыгарып салды, алар майдан арабаларын араңдан зорго сүйрөп бара жатышты. Ошондо алар мындай дешти: «Ысрайылдыктардан качпасак болбойт, анткени Теңир алар үчүн мисирликтер менен күрөшүп жатат».

26 Теңир Мусага: «Колуңду деңизге сун, ошондо суу мисирликтерди майдан арабалары, атчан аскерлери менен кошо басып калат», – деди.

27 Муса колун деңизге сунду, таңга маал суу өз ордуна келди. Мисирликтер суудан качышты. Ошентип, Теңир мисирликтерди деңиздин ортосуна чөктүрдү.

28 Ордуна келген суу ысрайылдыктардын артынан деңизге кирген фараондун аскерлеринин майдан арабаларын жана атчан аскерлерин басып калды. Алардан бирөө да тирүү калган жок.

29 Ысрайыл уулдары болсо деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти. Суу алардын оң жагы менен сол жагында дубалдай болуп көтөрүлүп турду.

30 Ошентип, ошол күнү Теңир ысрайылдыктарды мисирликтердин колунан куткарып алды. Ошондо ысрайылдыктар мисирликтердин деңиз жээгинде өлүп жатканын көрүштү.

31 Ысрайылдыктар Теңирдин мисирликтерге көрсөткөн улуу күчүн көрүп, Теңирден коркуп калышты. Алар Теңирге да, Анын кулу Мусага да ишенип калышты.

15-БӨЛҮМ

Мусанын ыры

1 Ошондо Муса менен Ысрайыл уулдары Теңирди мактап, мына бул ырды ырдашты: «Теңирге ырдаймын, анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү.

2 Теңир менин сепилим, мактоо ырым, Ал мени куткарды. Ал менин Кудайым, Аны даңктаймын. Ал – атамдын Кудайы, Аны даңазалаймын.

3 Теңир – майдан жоокери, Жахаба – Анын ысымы.

4 Фараондун майдан арабаларын, аскерин деңизге чөктүрдү, тандалган аскер башчылары Кызыл деңизге чөгүп өлүштү.

5 Аларды суу басып калды, алар суунун түбүнө таш чөккөндөй чөгүштү.

6 Теңир, Сенин оң колуң даңкталды. Сенин оң колуң душманды талкалады.

7 Өзүңө каршы чыккандарды Өзүңдүн даңкыңдын улуулугу менен кыйраттың. Сенин каарың аларды саман сыяктуу өрттөп жиберди.

8 Теңир, Сенин демиңен деңиз эки жакка тартылды, суу көтөрүлүп, дубалдай болуп калды, айлампалар деңиздин ортосунда токтоп калды.

9 Душман: “Сая кууп жетем, олжону бөлүп алам, олжого тунам, кылычымды кынынан сууруп алып, аларды өз колум менен кырам”, – деди.

10 Сен үйлөгөндө, аларды деңиз басып калды, коргошун сууга чөккөндөй, алар чоң сууга чөгүп өлүштү.

11 Теңир, кудайлардын ичинде Сендей ким бар? Ыйыктыгы менен улуу, мактоого татыктуу, кереметтерди жаратуучу Сендей ким бар?

12 Сен Өзүңдүн оң колуңду сунганда, аларды жер жутуп кетти.

13 Сен Өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен жетелеп баратасың. Ыйык жайыңа Өзүңдүн күчүң менен коштоп баратасың.

14 Элдер угуп, титиреп жатышат: Пелиштинин тургундарын коркунуч басты.

15 Эдом төрөлөрү дүрбөлөңгө түшүштү, Мааптын жол башчылары калтырап коркушту, Канаандын бүт тургундарынын көңүлү чөктү.

16 Аларды чоң коркунуч бассын. Теңир, Өз элиң, Өзүң жараткан элиң өтүп кеткенче, алар Сенин улуу күчүңдөн таштай катып калышсын.

17 Теңирим, Сен Өз элиңди Өзүңдүн улуу тооңо, Сен Өзүң турак жай кылып алган жерге, Эгедерим, Өзүң жасаган ыйык жерге алып барып жайгаштыр!

18 Теңир кылымдан кылымга, түбөлүккө падышачылык кылат!

19 Фараондун аттары менен майдан арабалары жана атчан аскерлери деңизге киргенде, Теңир аларды карай деңиз суусун бурду, ал эми Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти».

Мириямдын ыры

20 Арундун карындашы, пайгамбар аял Мириям, колуна дап алды. Бүт аялдар дап кагып, шаттанып, анын артынан чыгышты.

21 Ошондо Мириям алардын алдында: «Теңирге ырдагыла. Анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү», – деп ырдады.

Ачуу суу

22 Муса ысрайылдыктарды Кызыл деңизден алып чыкты. Алар Шур чөлүнө келишти. Чөлдө үч күн жол жүрүштү, ичкенге суу таппай коюшту.

23 Анан Марага келишти, бирок ал жердин суусун иче албай коюшту, анткени ал суу ачуу болчу. Ошондуктан ал жер Мара деп аталып калган.

24 Ошондо эл Мусага: «Эмне ичебиз?» – деп наалыды.

25 Муса Теңирге боздоп кайрылды, ошондо Теңир ага бир жыгачты көрсөттү. Муса аны сууга ыргытканда, суу таттуу болуп калды. Ошол жерде Кудай элге мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн берип, ошол жерде элдин ишенимин сынады.

26 Теңир аларга мындай деди: «Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, Анын алдында Ага жаккан иштерди жасасаң, Анын осуяттары менен мыйзамдарын аткарсаң, анда Мен Мисирдин башына салган илдеттердин бирин да сага жолотпойм, анткени Мен сени айыктыруучу Теңирмин».

27 Анан Ысрайыл уулдары Эйлим деген жерге келишти. Ал жерде он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле. Алар суулардын боюна станы менен жайланышты.

16-БӨЛҮМ

Манна жана бөдөнө

1 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Эйлим жеринен чыгышты. Алар Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи айдын он бешинчи күнү Эйлим менен Синайдын ортосундагы Син чөлүнө келишти.

2 Ысрайыл уулдарынын жамааты чөлдө Муса менен Арунга кайрадан наалый баштады.

3 Ысрайыл уулдары аларга: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Теңирдин колунан өлүп калсак эмне! Силер бизди чөлгө ачкадан өлтүргөнү алып келген турбайсыңарбы», – деп наалышты.

4 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мен силерге асмандан нан жаадырам. Эл күн сайын сыртка чыгып, бир күнгө жеткидей нан жыйнап алсын. Ушул аркылуу Мен элди Менин мыйзамымды аткарабы, жокпу, сынап көрөм.

5 Алтынчы күнү болсо алып келгендерин даярдашсын, ошондо ал күн сайын жыйнагандарынан эки эсе көп болот».

6 Муса менен Арун Ысрайыл элине мындай деди: «Силерди Мисир жеринен Теңир алып чыкканын кечинде билесиңер.

7 Эртең менен Теңирдин даңкын көрөсүңөр, анткени Ал силердин Теңирге наалыганыңарды укту. Бизге наалыганыңардай, биз ким элек?»

8 Муса мындай деди: «Теңир силерге кечинде эт, эртең менен тоё жегидей нан берет, анткени Теңир силердин Өзүнө нааразы болуп, наалыганыңарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Теңирге наалып жатасыңар».

9 Анан Муса Арунга мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деп айт: “Теңирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин наалыганыңарды укту”».

10 Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына кайрылганда, алар чөлгө бурулушту. Ошондо Теңирдин даңкы булуттан көрүндү.

11 Теңир Мусага мындай деди:

12 «Мен Ысрайыл уулдарынын наалыганын уктум. Аларга мындай деп айт: “Кечинде эт жейсиңер, эртең менен нанга тоёсуңар, Менин силердин Кудай-Теңириңер экенимди ошондо билесиңер”».

13 Кечинде бөдөнөлөр учуп келип, станды каптады, ал эми эртең менен стандын тегерегине шүүдүрүм түштү.

14 Шүүдүрүм бууланып кетери менен, жердин бетин кыроо каптагансып, чөлдө данга окшогон майда нерселер калды.

15 Ысрайыл уулдары аны көргөндө, бири-биринен: «Бул эмне?» – деп сурашты. Анткени алар анын эмне экенин билишчү эмес. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Бул – Теңирдин силерге жегенге берген наны.

16 Теңир силерге мындай буйрук берди: “Ар кимиңер жешиңерче жыйнагыла. Ар ким өз чатырында жашаган кишинин санына жараша, киши башына бир гомордон жыйнасын”».

17 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты: бири көп, бири аз жыйнады.

18 Жыйнагандарын гомор менен ченешти. Көп жыйнагандыкы ашып калган жок, аз жыйнагандыкы жетпей калган жок. Ар ким жешине жараша жыйнады.

19 Муса аларга: «Эртең мененкиге калтырбагыла», – деди.

20 Бирок алар Мусанын айтканын угушкан жок. Кээ бирөөлөрү жыйнагандарынан эртең мененкиге калтырып коюшту, бирок анысы курттап, сасып кетти. Ошондо аларга Мусанын ачуусу келди.

21 Алар күндө эртең менен өздөрүнө жеткидей жыйнашчу. Күн ысыганда, ал эрип кетчү.

22 Алтынчы күнү алар нанды эки эсе көп, киши башына эки гомордон жыйнашты. Муну жамаат башчылары Мусага айтып келишти.

23 Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деди: “Эртең дем алыш, Теңирдин ыйык ишембиси. Отко бышыра турганыңарды бүгүн бышырып, кайната турганыңарды бүгүн кайнатып алгыла, артып калганын алып коюп, эртең мененкиге чейин сактагыла”».

24 Алар Муса айткандай кылып, артып калгандарын эртең мененкиге калтырып коюшту, ал сасыган да жок, курттаган да жок.

25 Муса аларга: «Муну бүгүн жегиле, анткени бүгүн Кудайдын ишембиси. Бүгүн муну талаадан таппайсыңар.

26 Аны алты күн жыйнагыла. Ал эми жетинчи күн – ишемби. Бул күнү манна болбойт», – деди.

27 Кээ бирөөлөр жетинчи күнү жыйнаганы чыгышты, бирок эч нерсе таба алышкан жок.

28 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Качанкыга чейин Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаруудан баш тартасыңар?

29 Эсиңерден чыкпасын, ишембини силерге Теңир берди, ошон үчүн Ал силерге алтынчы күнү эки күндүк нан берип жатат. Ишемби күнү ар ким өз үйүндө болсун, эч ким өз үйүнөн чыкпасын».

30 Ошентип, эл жетинчи күнү эс алды.

31 Ысрайыл эли бул нанды «манна» деп атады. Ал нандын өңү кориандрдын уругундай аппак, даамы бал кошулган нандай эле.

32 Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деп буйруду: “Укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, бир идишке бир гомор манна толтургула, силерди Мисирден алып чыккандан кийин, Мен силерди чөлдө кандай нан менен азыктандырганымды алар көрүшсүн”».

33 Анан Муса Арунга мындай деди: «Бир идиш алып, ага бир гомор манна толтур да, укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, аны Теңирдин алдына коюп кой».

34 Теңир Мусага буйругандай, Арун аны сактап коюу үчүн, келишим сандыгынын алдына алып барып койду.

35 Ысрайыл уулдары өздөрү жашай турган жерге жеткиче, маннаны кырк жыл жешти. Алар Канаан жеринин чек арасына келгенге чейин манна жешти.

36 Гомор болсо эйфанын ондон бир бөлүгү.

17-БӨЛҮМ

Аскадан чыккан суу

1 Ошентип, Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Син чөлүнөн чыгып, Репидимге келип, станы менен жайланышты. Ал жерде ичерге суу жок эле.

2 Ошондо эл Мусаны: «Бизге ичкенге суу бергиле», – деп жемеледи. Муса аларга: «Силер эмне мени жемелеп жатасыңар? Эмнеге Теңирди сынап жатасыңар?» – деди.

3 Ошол жерде эл сууга зар болуп, Мусага мындай деп наалыды: «Сен бизди Мисирден эмнеге алып чыктың? Бизди балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чаңкатып өлтүрөйүн дедиңби?»

4 Ошондо Муса Теңирге мындай деп боздоп жиберди: «Бул элди мен эмне кылам? Алар мени таш бараңга алып өлтүрүүгө даяр».

5 Теңир Мусага мындай деди: «Элдин алдына өтүп, Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин жана сууну чапкан таягыңды алып, жөнө.

6 Мен сенин алдыңда, Хорептеги асканын үстүндө турам. Сен асканы чапканда, андан суу чыгып, эл суу ичет». Муса Ысрайыл аксакалдарынын көз алдында ошондой кылды.

7 Ысрайыл уулдарынын жемелегенине байланыштуу ал жерге Маса жана Мериба деген ат койду, анткени алар Теңирди: «Биздин арабызда Теңир барбы же жокпу?» – деп сынашты.

Амалыктыктардын жеңилиши

8 Ошондо амалыктыктар Репидимге келип, ысрайылдыктар менен согушушту.

9 Муса Жашыяга: «Эркектерди тандап алып, амалыктыктар менен согуш. Эртең мен дөбөнүн башында турам, Кудайдын таягы менин колумда болот», – деди.

10 Жашыя Мусанын айтканындай кылып, амалыктыктар менен согушканы жөнөдү. Ал эми Муса, Арун жана Хур дөбөнүн башына чыгышты.

11 Муса колдорун көтөргөндө, Ысрайыл жеңип, колдорун түшүргөндө, амалыктыктар жеңип жатты.

12 Бирок Мусанын колдору талыды, ошондо Мусанын астына таш коюп беришти, ал таштын үстүнө отурду. Арун менен Хур болсо, бири бир жагынан, экинчиси экинчи жагынан Мусанын колдорун сүйөп турушту. Ошентип, анын колдору күн батканча көтөрүлүп турду.

13 Жашыя амалыктыктарды кылыч мизине алып кыйратты.

14 Ошондо Теңир Мусага: «Ушуну эстелик үчүн китепке жазып кой. Амалыктыктарды жер үстүнөн таптакыр жок кыларымды Жашыянын кулагына куй», – деди.

15 Муса Кудайга курмандык чалынуучу жай куруп, аны Жахаба-Ниси деп атады.

16 Анткени ал: «Колум Теңирдин тактысында. Теңирдин амалыктыктарга каршы согушу укумдан-тукумга уланат», – деди.

18-БӨЛҮМ

Муса менен Итро

1 Мидиандык буткана кызматчысы, Мусанын кайнатасы Итро Кудайдын Мусага жана Өз элине эмне кылганынын баарын, Теңирдин Ысрайылды Мисирден кантип алып чыкканын укту.

2 Мусанын кайнатасы Итро ошондон мурунураак келген Мусанын аялы Сипорду,

3 анын эки уулун алып, Мусага келди. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса биринчи уулуна Гейиршом деген ат койгон эле.

4 «Атамдын Кудайы мага жардам берип, мени фараондун кылычынан куткарды», – деп, экинчи уулуна Элиезер деген ат койгон эле.

5 Мусанын кайнатасы Итро анын уулдары менен аялын алып, чөлгө, Мусага келди. Муса Кудайдын тоосунун жанына станы менен жайланышкан эле.

6 Ал Мусага: «Мен, кайнатаң Итро, аялың менен эки уулуңду алып, сага бара жатам», – деп кабар жиберди.

7 Муса кайнатасын тосуп чыгып, жүгүнүп, аны өптү. Экөө учурашкандан кийин, чатырга киришти.

8 Ошондо Муса кайнатасына Теңирдин Ысрайыл үчүн фараон менен мисирликтерге эмне кылганын, жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болгонун, Теңир аларды кантип куткарганын бүт айтып берди.

9 Итро Теңирдин Ысрайылды мисирликтердин колунан куткарганда көрсөткөн бардык жакшылыгын угуп кубанды.

10 Ошондо Итро: «Силерди мисирликтердин жана фараондун колунан куткарган, бул элди Мисирдин бийлигинен бошоткон Теңирге даңк!

11 Теңирдин бардык кудайлардан улуу экенин эми билдим, анткени алар ысрайылдыктарга кыйынсынышканда, Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн көрсөттү», – деди.

12 Анан Мусанын кайнатасы Итро Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды алып келди. Ошондо Арун Ысрайылдын бүт аксакалдарын ээрчитип, Мусанын кайнатасы менен бирге Кудайдын алдында тамак жегени келди.

Итронун кеңештери

13 Эртеси күнү Муса элге сот жүргүзүү үчүн отурду. Эл болсо эртеден кечке Мусанын алдында турду.

14 Ошондо Мусанын кайнатасы анын элге сот жүргүзүп жатканын көрүп, мындай деди: «Элди эмне кылып жатасың? Эмне үчүн сен жалгыз отурасың? Эмне үчүн бүт эл эртеден кечке алдыңда турат?»

15 Муса кайнатасына мындай деп жооп берди: «Эл мага Кудайдын эркин суроо үчүн келип жатат.

16 Алардын кандайдыр бир талашы болсо, мага келишет, мен аларга сот жүргүзөм, Кудайдын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын айтам».

17 Ошондо Мусанын кайнатасы ага мындай деди: «Сенин мындай кылганың жакшы эмес.

18 Сен өзүңдү да, алдыңдагы элди да кыйнап жатасың, анткени бул иш сага оордук кылат. Сен муну жалгыз аткара албайсың.

19 Ошондуктан менин айтканымды ук. Мен сага акыл айтайын, Кудай сени менен болот. Сен болсо эл үчүн Кудайдын алдында арачы болуп, элдин иштерин Кудайга жеткирип тур.

20 Аларга Кудайдын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын үйрөтүп, алар жүрө турган Кудайдын жолун жана алар кыла турган иштерди көрсөт.

21 Эл ичинен жөндөмдүү, Кудайдан корккон, ач көздүктү жек көргөн, адилет адамдарды тандап алып, аларды элге миң башы, жүз башы, элүү башы жана он башы кылып дайында.

22 Ошолор элге ар убак сот жүргүзүшсүн, маанилүү иштерди сага билдирип турушсун, ал эми майда иштерди өздөрү чечишсин, ошондо сага жеңилирээк болот, алар оор жүктү сени менен бирге көтөрүшсүн.

23 Эгерде сен ушундай кылсаң, Кудай сага эмне кылыш керек экенин айтып турат. Ошондо сен бекем тура аласың, эл да өз ордуна тынчтык менен тарап кетет».

24 Муса кайнатасынын сөзүнө макул болуп, ал айткандын баарын кылды.

25 Муса ысрайылдыктардын ичинен жөндөмдүү адамдарды тандап алып, аларды миң башы, жүз башы, элүү башы жана он башы кылып, элди башкарууга дайындады.

26 Алар ар убак элге сот жүргүзүштү. Оор иштерди Мусага айтып, ал эми майда иштерди өздөрү чечип турушту.

27 Анан Муса кайнатасын узатып жиберди. Ал өз жерине кетти.

19-БӨЛҮМ

Ысрайыл Синай тоосунун этегинде

1 Мисир жеринен чыгышкандан кийин, үчүнчү айдын биринчи күнү, ай жаңырган күнү Ысрайыл уулдары Синай чөлүнө келишти.

2 Алар Репидимден чыгып, Синай чөлүнө келип, станы менен жайланышышты. Ысрайыл эли ошол жердеги тоонун бет маңдайына станы менен жайланышты.

3 Муса Кудай менен сүйлөшүү үчүн, тоого чыкты. Тоодон Теңир ага мындай деп кайрылды: «Жакыптын элине, Ысрайыл уулдарына мындай дегин:

4 “Менин мисирликтерге эмне кылганымды көрдүңөр, Мен силерди бүркүт балапанын канатына көтөргөндөй көтөрүп жүрүп, Өзүмө алып келдим.

5 Ошондуктан силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники.

6 Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңар”. Сенин Ысрайыл уулдарына айта турган сөзүң ушул».

7 Муса келип, эл аксакалдарын чакырды да, Теңир осуяттаган ушул сөздөрдү айтты.

8 Ошондо бүт эл бир добуштан: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз», – деп жооп берди. Муса элдин айткан сөзүн Теңирге жеткирди.

9 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сени менен сүйлөшкөнүмдү эл угушу үчүн жана сага дайыма ишениши үчүн, Мен сага калың булуттун ичинде келем». Муса элдин айткан сөздөрүн Теңирге айтып берди.

10 Ошондо Теңир Мусага: «Элге барып, аларды бүгүн да, эртең да ыйыкта. Алар кийимдерин жууп тазалашсын.

11 Yчүнчү күнгө даяр болушсун, анткени үчүнчү күнү Теңир бүт элдин көз алдында Синай тоосуна түшүп келет.

12 Эл турган жерди тегерете сызып кой. Анан аларга мындай де: “Сак болгула, тоого чыкпагыла, тоонун этегине да жакындабагыла. Ким тоого жакындаса, ал өлүүгө тийиш.

13 Ал адамга эч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алышсын же жаа менен атышсын, мал болобу, адам болобу, тирүү калбасын”. Сурнай үнү чыкканда гана тоого чыкса болот», – деди.

14 Муса тоодон түшүп келип, элди ыйыктады. Алар өз кийимдерин жууп тазалашты.

15 Ошондо Муса элге: «Yчүнчү күнгө даяр болгула. Аялыңарга жакындабагыла», – деди.

16 Yчүнчү күнү таң атары менен күн күркүрөдү, чагылган чартылдады, калың булут тоонун башына келди, анан сурнай үнү катуу жаңырды. Ошондо стандагы эл абдан коркуп кетти.

17 Муса элди стандан Кудай менен жолугушуу үчүн алып чыкты. Алар тоонун этегинде турушту.

18 Теңир от ичинде түшкөндүктөн, Синай тоосу түтөп жатты. Түтүн тоодон мештен чыккан түтүндөй болуп чыгып жатты, тоо катуу солкулдап турду.

19 Сурнай үнү барган сайын катуулай берди. Муса сүйлөп жатты, Кудай болсо катуу үн менен жооп берип жатты.

20 Анан Теңир Синай тоосуна түшүп келип, тоонун башынан Мусаны чакырды, Муса тоонун башына чыкты.

21 Ошондо Теңир Мусага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Теңирди көрөм деп жулунбасын, ошентем деп, көпчүлүгү өлүп калбасын.

22 Теңирге жакындай турган ыйык кызмат кылуучулар болсо, Теңир аларды өлтүрүп салбашы үчүн, өздөрүн ыйыкташсын», – деди.

23 Ошондо Муса Теңирге: «Эл Синай тоосуна чыга албайт, анткени Сен бизге: “Тоону тегерете сызып, аны «ыйык» деп жарыяла деп эскерткенсиң”», – деди.

24 Теңир ага: «Ылдый түшүп кел. Кайра өйдө чыгып келе жатканыңда, Арунду ала кел, бирок ыйык кызмат кылуучулар менен эл тоого чыгып, Теңирге барам деп жулунбасын, Теңир аларды кырып салат», – деди.

25 Муса түшүп келип, элге ушунун баарын айты.

20-БӨЛҮМ

Он осуят

1 Ошондо Теңир мына бул сөздөрдү айтты:

2 «Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.

3 Менден башка кудайларың болбосун.

4 Өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба.

5 Аларга табынба, кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң Менмин. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган кызганчаак Кудаймын.

6 Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды сактагандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.

7 Кудай-Теңириңдин атын курулай эле айта бербе, анткени Анын атын курулай эле айта бергендерди Теңир жазасыз калтырбайт.

8 Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба.

9 Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл.

10 Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, малың да, үйүңдө жүргөн келгин да эч кандай жумуш кылбасын.

11 Анткени алты күндө Теңир асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын жаратып бүткөн, ал эми жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан Теңир ишемби күнгө батасын берип, аны ыйыктап койгон.

12 Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла.

13 Киши өлтүрбө.

14 Ойноштук кылба.

15 Уурдаба.

16 Жакыныңа жалаа жаппа.

17 Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа».

Ысрайылдыктардын коркушу

18 Бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, сурнай үнүн угуп, жалынды, түтөгөн тоону көрүп турду. Муну көргөн эл артка кетенчиктеп, алыс барып турду.

19 Анан алар Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угалы, биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз», – дешти.

20 Муса элге кайрылып: «Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди», – деди.

21 Эл алыста турду. Муса болсо Кудай турган караңгы булутка кирди.

Курмандык чалынуучу жай жөнүндө мыйзам

22 Ошондо Теңир Мусага: «Ысрайыл уулдарына айт: “Менин силерге асмандан кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр.

23 Менин алдымда өзүңөргө күмүштөн же алтындан кудай жасабагыла”.

24 Мага курмандык чалынуучу жайды топурактан жаса. Анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңды, тынчтык курмандыктарыңды, койлоруңду, өгүздөрүңдү курмандыкка чал. Ошондо Мен Менин ысымымды эстетип турган жерге келип, сага батамды берем.

25 Эгерде Мага курмандык чалынуучу жайды таштан жасай турган болсоң, анда аны жылмаланган таштан жасаба. Анткени сүргүч тийгизер замат, аны булгап койгон болосуң.

26 Жылаңач этиң көрүнүп калбашы үчүн, Мен үчүн курган курмандык чалынуучу жайга тепкич менен чыкпа.

21-БӨЛҮМ

Кулдар жөнүндө мыйзамдар

1 Сен аларга бере турган мыйзамдар мындай:

2 Эгерде эврей кул сатып алсаң, ал алты жыл иштесин. Ал эми жетинчи жылы эркиндикке бекер чыксын.

3 Эгерде ал жалгыз келсе, жалгыз чыксын. Эгерде анын аялы бар болсо, аялы менен чыксын.

4 Эгерде кулдун кожоюну ага аял алып берсе, аялы ага уул же кыз төрөп берсе, анда аялы менен балдары кожоюнунда калып, ал өзү жалгыз чыксын.

5 Эгерде кулу: “Мен кожоюнумду да, аялымды да, балдарымды да жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм”, – десе,

6 анда кожоюну аны башкаруучулардын алдына алып келип, эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешсин, ошондо ал ага өмүр бою кул болуп калат.

7 Эгерде кимдир бирөө кызын күңдүккө сатса, анда анын кызы башка кулдардай болуп эркиндикке чыга албайт.

8 Эгерде күң өз кожоюнуна жакпаса, кожоюну аны албаса, анда күңдүн кунун төлөп алууга башкага уруксат берсин. Бирок ал өзү андан баш тарткандыктан, аны бөтөн элге сатууга акысы жок.

9 Эгерде аны өз уулуна никелеп койсо, анда өз кызындай көрсүн.

10 Эгерде уулуна башка аял алып берсе, анда ал күң тамактан, кийимден жана жубайлык укугунан ажырабашы керек.

11 Эгерде кожоюн ал күң үчүн ушул үч шартты аткарбаса, анда ал эркиндикке кунсуз, бекер чыксын.

Кордук көрсөткөндөр жөнүндө мыйзам

12 Кимдир бирөө бирөөнү уруп жибергенде, ал өлүп калса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.

13 Бирок ал атайылап өлтүрбөсө, анын өлүмүнө Кудай жол берген болсо, анда өлтүргөн киши качып кете турган жерди сага Өзүм көрсөтөм.

14 Ал эми кимдир бирөө жакынын атайылап өлтүрсө, анда аны Менин курмандык чалынуучу жайымдан алып кетип, өлүм жазасына тарт.

15 Ким атасын же энесин урса, ал өлүм жазасына тартылсын.

16 Ким киши уурдап сатса же ал анын колунан табылса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.

17 Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын.

Денеге зыян келтиргендер жөнүндө мыйзам

18 Эки адам чатакташа кетип, бири экинчисин таш менен же муштум менен урса, ал тирүү калып, бирок төшөккө жатып калса,

19 ордунан туруп, таяк таянып үйдөн чыгууга жараса, урган киши өлүм жазасына тартылбайт, бирок анын токтоп калган жумушу үчүн жана дарылануусу үчүн төлөп берсин.

20 Ким өз кулун же күңүн таяк менен уруп, ал анын колунан өлүп калса, анда ал жазалансын.

21 Эгерде ал бир-эки күндөн кийин туруп кетсе, ал жазаланбасын, анткени алар анын күмүшүнө келген.

22 Эки адам мушташа кетип, бири кош бойлуу аялды уруп жиберип, аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян тартпаса, анда ал аялдын күйөөсү салган салыкты төлөп берсин, ал салыкты соттордун көзөмөлү астында төлөп берсин.

23 Эгерде аялдын денеси зыян тарткан болсо, анда жанга жан,

24 көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут,

25 күйүккө күйүк, жараатка жараат, көгөргөн жер үчүн көгөргөн жер.

26 Ким кулун же күңүн көзгө уруп, көзүнө зыян келтирсе, анда көзү үчүн аларды эркиндикке чыгарсын.

27 Ким кулунун же күңүнүн тишин ыргыта урса, анда тиши үчүн да аларды эркиндикке чыгарсын.

28 Эгерде эркек кишини же аял кишини бука сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, бирок этин жебегиле, ал эми буканын ээси күнөөлүү эмес.

29 Эгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин ээси билип туруп карабаса, ал эркекти же аялды сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, ээси да өлүм жазасына тартылсын.

30 Эгерде андан кун талап кылышса, өз жаны үчүн ошол кунду төлөп берсин.

31 Бирөөнүн уулун сүзсө да, кызын сүзсө да, ага ушул эле мыйзам колдонулсун.

32 Эгерде бука кулду же күңдү сүзсө, анда алардын кожоюнуна буканын ээси отуз күмүш шекел төлөсүн, ал эми бука таш бараңга алынсын.

33 Эгерде кимдир бирөө жабык чуңкурду ачып же чуңкур казып, үстүн жаппай койсо, ага бука же эшек түшүп кетсе,

34 анда чуңкурдун ээси мал ээсине күмүш төлөп берсин, ал эми өлгөн мал аныкы болот.

35 Эгерде кимдир бирөөнүн букасы коңшусунун букасын сүзүп өлтүрсө, анда өлтүргөн буканы сатып, акчасын тең бөлүп алышсын. Ошондой эле өлгөн буканы да тең бөлүп алышсын.

36 Эгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин билип туруп, ээси аны карабаса, анда ал буканын ордуна бука төлөп берсин, ал эми өлгөн бука аныкы болот.

22-БӨЛҮМ

Чыгаша келтиргендер жөнүндө мыйзам

1 Эгерде кимдир бирөө өгүз же кой уурдап союп алса же сатса, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөйт.

2 Эгерде кимдир бирөө түнкүсүн уурунун үстүнөн чыгып, аны уруп өлтүрүп салса, анын каны үчүн жооп бербейт.

3 Эгерде күндүз уурунун үстүнөн чыгып өлтүрүп салса, анда анын каны үчүн жооп берет. Уурдаган киши төлөш керек. Эгерде төлөй албаса, анда уурдалгандын ордуна өзү сатылсын.

4 Эгерде уурдалган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу, уурунун колунан тирүү табылса, анда эки эселеп төлөсүн.

5 Эгерде кимдир бирөө малын коё берип, бирөөнүн талаасын же жүзүмзарын тепсетип талкаласа, анда ал ага өзүнүн талаасынын же жүзүмзарынын түшүмүнүн эң жакшысын берсин.

6 Эгерде өрт чыгып, тикендүү жыгачты каптап, бирөөнүн чөмөлөсү, же эгини, же талаасы күйүп кетсе, анда өрт чыгарган адам аны төлөп берсин.

7 Эгерде кимдир бирөө жакынына күмүшүн же буюмдарын сактап турууга берсе, алар анын үйүнөн уурдалып кетсе, бирок ууру табылса, ал эки эселеп төлөп берсин.

8 Эгерде ууру табылбаса, анда үйдүн ээси соттордун алдына келип, жакынынын менчигине тийбегендигин айтып каргансын.

9 Эгерде кимдир бирөө талаш-тартыштуу бир нерсесин: өгүзүн, же эшегин, же коюн, же кийимин, же жоготкон нерсесин жакын адамынан таап алып, “меники” десе, анда экөө тең сотко келсин. Сот кимди күнөөлүү деп тапса, ал жакынына эки эселеп төлөп берсин.

10 Ким өз жакынына эшегин, же өгүзүн, же коюн, же башка бир малын багып берүүгө берсе, анан ал өлүп калса, же майып болсо, же уурдалып кетсе, бирок эч ким көрбөсө,

11 анда ал жакынынын менчигине тийбегендигин айтып, Кудайдын алдында каргансын. Мал ээси анын карганганына ишенсин, ошондо жакыны эч нерсе төлөбөйт.

12 Эгерде уурдалып кетсе, анда ал мал ээсине төлөп берсин.

13 Эгерде жырткыч жара тартып кетсе, анда далил үчүн жара тартылган өлүктү көрсөтсүн. Жырткыч жара тартып кеткен малды ал төлөбөйт.

14 Эгерде кимдир бирөө өз жакынынын малын пайдаланганга алса, ал мал ээси жокто майып болсо же өлүп калса, анда ал төлөп берсин.

15 Эгерде малдын ээси жанында болсо, анда ал төлөбөйт. Эгерде малды акысын берип жалдап алса, анда ошол акы жалданган малдын ордуна эсептелсин.

Жүрүм-турум жана адеп-ахлак жөнүндө мыйзамдар

16 Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын.

17 Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн.

18 Балчы-сыйкырчыларды тирүү калтырба.

19 Мал менен жанашкан адам өлүм жазасына тартылсын.

20 Теңирден башка кудайларга курмандык чалгандар жок кылынсын.

21 Келгинди кысымга алба, кордобо, анткени силер өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

22 Жесирди да, жетимди да кысымга алба.

23 Эгерде аларды кысымга алып кордосоң, алар Мага боздоп кайрылышат. Ошондо Мен алардын ыйын угам.

24 Мен каарданып, силерди кылычтап кырам, аялыңар жесир, балдарыңар жетим калат.

25 Эгерде сен Менин элимдин жардыларына карызга акча берсең, анда аны кысымга алып, үстөк кошуп алба.

26 Эгерде жакыныңдын кийимин күрөөгө алсаң, күн батканча кайрып бер.

27 Анткени ал кийим – анын жалгыз жамынчысы, ал – анын денесин жаба турган кийими. Ал эмнени кийип жатат? Ал Мага ыйлап кайрылганда, Мен угам, анткени Мен боорукермин.

28 Кудайга акарат келтирбе, өз элиңдин башчыларына тил тийгизбе.

29 Эгиниңдин биринчи түшүмүн, жүзүмүңдүн биринчи ширесин Мага кечиктирбей алып кел, уулдарыңдын ичинен тунун Мага бер.

30 Бодо малыңдын да, коюңдун да биринчи төлүн Мага бер. Жети күн алар өз энелеринин жанында болсун, сегизинчи күнү аларды Мага бер.

31 Ошондо силер Менин ыйык элим болосуңар. Талаадан жырткыч жара тартып кеткен малдын этин жебегиле. Аны иттерге ыргытып жибергиле.

23-БӨЛҮМ

Акыйкаттык жөнүндө

1 Ушак таратпа, жалган күбө болбош үчүн, кудайсызга кол сунба.

2 Көпчүлүктү ээрчип жамандыкка барба, талаш-тартышты көпчүлүккө карап чечпе, чындыктан четтебе.

3 Жардынын ишин жардылыгына карап коргобо.

4 Эгерде душманыңдын адашкан өгүзүн же эшегин тапсаң, аны ээсине алып барып бер.

5 Эгерде душманыңдын эшеги жыгылып, көтөргөн жүгүнүн астында калганын көрсөң, талаага таштабай, анын жүгүн чечиш.

6 Жакырдын ишин туура эмес соттобо.

7 Калптан кач, айыпсызды, адилеттүүнү өлтүрбө, анткени Мен мыйзамсыздык кылган адамды актабайм.

8 Пара алба, анткени пара көздүүнү сокур кылып, актын ишин бурмалайт.

9 Келгинди таарынтпа, анткени силер келгин болгон кандай экенин билесиңер, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

Жетинчи күн жана жетинчи жыл жөнүндө мыйзам

10 Жериңди алты жыл иштетип, түшүмүн ал.

11 Ал эми жетинчи жылы жериң эс алсын, элиңдин жакырлары жанын баксын, алардан калганын талаадагы жаныбарлар жесин. Жүзүмзарың менен зайтун дарагыңды да ошондой кыл.

12 Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Ошондо өгүзүң да, эшегиң да, күңүңдүн баласы да, келгин да эс алат.

13 Силерге айтканымдын баарын аткаргыла. Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттарын оозуңарга албагыла.

Үч чоң майрам жөнүндө мыйзам

14 Мага арнап, бир жылда үч жолу майрам өткөр.

15 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, Абыт айынын белгиленген убагында жети күн ачыткысыз нан же, анткени ошол убакта Мисирден чыккансың. Эч ким Менин алдыма куру кол келбесин.

16 Талаага эккен эгиниңдин биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Эгин жыйноо майрамын өткөр; жыл аягында түшүм жыйнаганыңда, Түшүм майрамын өткөр.

17 Бардык эркек аттууларың Эгедер Теңирдин алдына жылына үч жолу келишсин.

18 Мага арнап чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Мага арнап чалган майрамдык курмандыктын майы эртең мененкиге калбасын.

19 Жериңден алган биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба.

Убадалар жана акыл-насааттар

20 Мен даярдап койгон жерге сени жолдо сактап жеткириш үчүн, алдыңа бир периштени жиберип жатам.

21 Анын алдында абайлап жүр, анын үнүнө кулак сал, ага каршы чыкпа. Эгерде каршы чыксаңар, ал силердин күнөөңөрдү кечирбейт, анткени Менин ысымым анда.

22 Эгерде анын үнүнө кулак салып, Мен айткандын баарын аткарсаң, анда сенин душмандарыңа душман, кастарыңа кас болом.

23 Менин периштем алдыңа түшүп, сени аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, канаандыктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, Мен аларды жок кылганда,

24 алардын кудайларына табынба, аларга кызмат кылба, алардын иштерин туураба, тескерисинче, аларды талкала, мамыларын кыйрат.

25 Өз Кудай-Теңириңе кызмат кыл, ошондо Ал жеген наныңа, ичкен сууңа батасын берет. Мен сага оору-сыркоо жолотпойм.

26 Сенин жериңде ара төрөгөндөр жана төрөбөгөндөр болбойт. Өмүрүңдү узун кылам.

27 Сенин алдыңан Өзүмдүн коркунучумду жиберем, сен арасына барган элдердин баарын дүрбөлөңгө түшүрөм, бардык душмандарыңды сенден качырам.

28 Сенин алдыңан чоң аарыларды жиберем, алар сенден хибиликтерди, канаандыктарды жана хеттиктерди кууп чыгат.

29 Жер ээн калып, жырткыч айбандар көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, Мен аларды сенден бир эле жылдын ичинде кууп чыгарбайм.

30 Сен тукумдап көбөйүп, ал жерди ээлемейинче, ал элдерди сенден аз-аздан кууп чыгып турам.

31 Сенин чек араңды Кызыл деңизден Пелишти деңизине чейин жана чөлдөн дарыяга чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын сенин колуңа берем, сен аларды кууп чыгасың.

32 Алар менен да, алардын кудайлары менен да байланыш түзбө.

33 Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот».

24-БӨЛҮМ

Элдин курмандык чалынуучу жайдын алдында берген убадасы

1 Анан Теңир Мусага мындай деди: «Арунду, Надапты, Абыйутту жана Ысрайылдын жетимиш аксакалын алып, тоого чыгып, Мага алыс туруп таазим кылгыла.

2 Теңирге Муса гана жакындасын. Ал эми тигилер жакындабасын, эл аларга кошулуп келбесин».

3 Муса келип, Теңирдин сөздөрү менен мыйзамдарынын баарын элге айтып берди. Ошондо бүт эл бир ооздон: «Теңир эмнени айтса, ошону аткарабыз», – деди.

4 Муса Теңирдин бардык сөздөрүн жазып алды. Эртеси эртең менен эрте туруп, тоонун түбүнө курмандык чалынуучу жай куруп, Ысрайылдын он эки уруусу үчүн он эки таш тизди.

5 Анан ал Ысрайыл уулдарынан уландарды жөнөттү. Алар Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты жана тынчтык курмандыгына букачарларды союшту.

6 Муса кандын жарымын чараларга куюп, жарымын курмандык чалынуучу жайга чачты.

7 Анан келишим жазылган китепти алып, элге угуза окуп берди. Ошондо эл: «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз, тил алабыз», – деди.

8 Муса элге кан чачып, мындай деди: «Бул кан – ушул сөздөрдүн негизинде Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан».

9 Андан кийин Муса менен Арун, Надап менен Абыйут жана Ысрайылдын жетимиш аксакалы тоонун башына чыгышты.

10 Ошондо алар Ысрайылдын Кудайын көрүштү. Анын бутунун астында таза сапфирден жасалгандай болгон, ачык асман түстүү нерсе жаткан эле.

11 Ал Ысрайылдын тандалган уулдарын өлтүргөн жок. Алар Кудайды көрүштү, ичип-жешти.

Муса Синай тоосунда

12 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тоого чыгып, Мага кел да, ошол жерде бол. Аларды үйрөтүш үчүн, Мен сага таш лоокторду жана Өзүм жазган мыйзам менен осуяттарды берем».

13 Муса жана анын кызматчысы Жашыя ордунан турушту. Муса Кудайдын тоосуна жөнөдү.

14 Аксакалдарга: «Биз кайрылып келгиче, ушул жерде болгула. Арун менен Хур силер менен болот. Кимдин жумушу болсо, ошолорго келсин», – деди.

15 Муса тоого чыгары менен тоону булут каптады.

16 Теңирдин даңкы Синай тоосун чулгады. Булут тоону алты күн каптап турду, ал эми жетинчи күнү Теңир булуттун арасынан Мусаны чакырды.

17 Тоонун башындагы Теңирдин даңкы Ысрайыл уулдарынын көзүнө бардыгын жалмап салуучу оттой болуп көрүндү.

18 Муса булуттун ичине кирип, тоонун башына чыкты. Муса ал тоодо кырк күн, кырк түн болду.

25-БӨЛҮМ

Жыйын чатыры үчүн алып келине турган тартуулар жөнүндө

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына айт, алар Мага курмандыктарын алып келишсин. Ар бир адамдын чын жүрөктөн берген курмандыгын Мага алып келгиле.

3 Силер алардан ала турган тартуулар булар: алтын, күмүш жана жез,

4 ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөр, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты,

5 кызылга боёлгон кой терилери, деңиз жаныбарынын терилери, акация жыгачы,

6 чырактан үчүн зайтун майы, майлоочу май үчүн жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттар,

7 ыйык кызмат кылуучунун эфодуна, төш чөнтөгүнө салынуучу оникс ташы жана башка асыл таштар.

8 Мага арнап ыйык жай курушсун, Мен алардын арасында жашайм.

9 Жыйын чатырын, анын бардык идиштерин Мен сага көрсөтүп жаткан үлгү боюнча жасагыла.

Келишим сандыгы жөнүндө

10 Акация жыгачынан таш лооктор салынуучу келишим сандыгын жасагыла. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болсун.

11 Анын ичи-тышын таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.

12 Ал сандык үчүн алтындан төрт шакекче куюп, аларды ылдыйкы төрт бурчуна бекит: эки шакекти бир жагына, эки шакекти экинчи жагына бекит.

13 Акация жыгачынан эки шыргый жасап, аларды алтын менен капта.

14 Ал шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакекчелерге киргизип кой, сандыкты ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.

15 Сандыктын шакекчелерине шыргыйлар киргизилип турсун жана андан чыгарылбасын.

16 Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.

17 Капкагын да таза алтындан жаса. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.

18 Алтындан эки керуп чегип жасап, аларды сандыктын капкагынын эки четине орнот.

19 Бир керупту бир четине, экинчи керупту экинчи четине орнот, алар капкактын эки четинен чыгып турсун.

20 Ал керуптардын канаттары капкакты жаап тургудай болуп, жогору жайылып турсун. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турсун.

21 Капкакты келишим сандыгынын үстүнө кой. Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.

22 Ошол жерде Мен сага ачылып берип турам, мыйзам салынган сандыктын капкагынын үстүндө турган эки керуптун ортосунан Мен Ысрайыл уулдарына сен аркылуу эмнени осуяттай турган болсом, ошолордун баарын сага айтып, сени менен сүйлөшүп турам.

Нан тартуусу коюла турган үстөл жөнүндө

23 Анан акация жыгачынан үстөл жаса, анын узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, ал эми бийиктиги бир жарым чыканак болсун.

24 Аны таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.

25 Анын капталдарына алакандын эниндей жээк чыгарып, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.

26 Ал үстөл үчүн алтындан төрт шакекче жасап, аларды үстөлдүн төрт бурчундагы төрт бутуна бекит.

27 Үстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, анын капталдарында шыргый кийгизиле турган шакекчелер болсун.

28 Ал шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен капта, үстөлдү ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.

29 Ал үстөл үчүн табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, кумгандарды жана чөйчөктөрдү жаса. Алардын баарын таза алтындан жаса.

30 Дайыма Менин алдымда болушу үчүн, ал үстөлгө нан тартууларын коюп тур.

Чырактан жөнүндө

31 Анан таза алтындан чырактан жаса. Ал чырактан чегилип жасалсын. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыксын.

32 Анын эки капталынан алты бутак чыгып турсун: бир капталынан үч бутак, экинчи капталынан үч бутак.

33 Бир бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен, экинчи бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен болсун. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары ошондой болсун.

34 Ал эми чырактандын өзөгүндө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө мөмөчөлөрү жана гүлдөрү менен болсун.

35 Өзөктөн чыгып турган алты бутактын экөөнүн астында да, экинчи экөөнүн астында да, үчүнчү эки бутактын астында да мөмөчө болсун.

36 Мөмөчөлөрү менен бутактары анын өзүнөн чыгып турсун. Ал бүт бойдон таза алтындан чегилип жасалсын.

37 Ага жети чырак жаса, алды жагына жарык бере тургандай кылып, аларды чырактандын үстүнө орнот.

38 Анын кычкачтары менен чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жаса.

39 Чырактанды жана ага тиешелүү нерселердин баарын бир талант таза алтындан жаса.

40 Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса.

26-БӨЛҮМ

Жыйын чатыры жөнүндө

1 Жыйын чатырын болсо чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөрдөн токулган он жабуу менен жап. Жабууларга чеберчилик менен керуптарды түшүр.

2 Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы төрт чыканак болсун. Бардык жабуулардын өлчөмү бирдей болсун.

3 Беш жабуу бири-бирине, калган беш жабуу бири-бирине бириктирилсин.

4 Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жаса. Ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жаса.

5 Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жана экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жабуусунун четине элүү илмек жаса. Илмектер бири-бирине дал келиши керек.

6 Алтындан элүү илгич жасап, жабууларды илгичтер менен бири-бирине бириктир, ошондо бир бүтүн чатыр болуп калат.

7 Эчкинин тыбытынан жыйын чатырынын үстүн жаба турган жабууларды току. Ошондой жабуудан он бирди жаса.

8 Бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болсун. Он бир жабуунун өлчөмү бирдей болсун.

9 Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктир. Алтынчы жабууну жыйын чатырынын алды жагынан каттап бүктөп кой.

10 Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине жана алты жабуунун акыркы жабуусунун четине бири-бирине бириктирүү үчүн элүү илмек жаса.

11 Анан жезден элүү илгич жасап, аларды илмектерге киргизип, бир жабуу болгудай кылып, бардык жабууларды бириктир.

12 Ал эми жыйын чатырынын акыркы жабуусунун жартысы жыйын чатырынын арт жагынан ашып турсун.

13 Ал эми жабуулар жыйын чатырынын эки капталын жаап, астынкы жабуулардын бир жагынан бир чыканак, экинчи жагынан бир чыканак ашып турсун.

14 Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жаса, анын үстүнөн жабуу үчүн, деңиз жаныбарынын терисинен жабуу жаса.

15 Жыйын чатырын тургузуу үчүн, акация жыгачынан төрт кырдуу устундарды жаса.

16 Устундардын узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.

17 Ар бир устундун бири-бирине тушташ экиден шакекчеси болсун. Жыйын чатырынын бүт устундарында ошондой болсун.

18 Жыйын чатырынын устундарын ушундай жаса: түштүк жагына жыйырма устун жаса.

19 Ал жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жаса. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч болсун.

20 Жыйын чатырынын түндүк жагына да жыйырма устун жаса.

21 Алар үчүн да кырк күмүш таканыч жаса. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч болсун.

22 Жыйын чатырынын арт жагына, батыш жакка алты устун орнот.

23 Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчуна эки устун орнот.

24 Алар ылдый жагынан бекитилип, өйдө жагынан бир шакекке бекитилсин: экөө тең ушундай болсун. Алар жыйын чатырынын эки бурчу үчүн бекитилсин.

25 Ошондо сегиз устун болот, алар үчүн он алты күмүш таканыч болот. Ар бир устундун астында экиден таканыч болот.

26 Акация жыгачынан шыргый сомдо: жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,

27 жыйын чатырынын экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы, батыш жагындагы устундар үчүн беш шыргый.

28 Ички шыргый болсо бир башынан экинчи башына чейин устундардын ортосунан өтөт.

29 Устундарды алтын менен капта, шыргый кийгизиле турган шакектерин да алтындан жаса, шыргыйларды да алтын менен капта.

30 Ошентип, жыйын чатырын Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча тургуз.

31 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөрдөн, чыйратылган зыгыр буласынан көшөгө жаса. Ага чеберчилик менен керуптар түшүрүлсүн.

32 Ал көшөгөнү күмүштөн жасалган төрт таканычтын үстүндө турган, акация жыгачынан жасалган, алтын менен капталган, алтын илгичтүү төрт мамыга илип кой.

33 Көшөгөнү илгичтерге илип, ичине келишим сандыгын алып кир. Ал көшөгө ыйык жайды ыйыктын ыйыгынан бөлүп турат.

34 Ыйыктын ыйыгындагы келишим сандыгына капкак жап.

35 Көшөгөнүн сыртына үстөл кой, чырактанды үстөлдүн каршысына, жыйын чатырынын түштүк жагына кой. Yстөлдү болсо түндүк жагына кой.

36 Анан жыйын чатырынын эшигине ачык көк, кочкул кызыл жана ачык кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймалуу көшөгө жаса.

37 Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан беш мамы орнотуп, аларды алтын менен капта. Көшөгөнүн илгичтери алтындан болсун, беш мамынын беш таканычын жезден куй.

27-БӨЛҮМ

Курмандык чалынуучу жай жөнүндө

1 Акация жыгачынан узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги үч чыканак болгон төрт бурчтуу курмандык чалынуучу жай жаса.

2 Анын төрт бурчундагы төрт мүйүздү да өзүнөн чыгар, аны жез менен капта.

3 Күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды жана чок салгычтарды жаса. Ага тиешелүү нерселердин бардыгын жезден жаса.

4 Жезден арчындап тор жаса, анын төрт бурчуна жезден төрт шакек жаса.

5 Ал тор курмандык чалынуучу жайдын ичиндеги тегерете чыгып турган кырдын астына коюлуп, курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп турсун.

6 Курмандык чалынуучу жайга акация жыгачынан шыргыйларды жаса. Аларды да жез менен капта.

7 Шыргыйларды шакектерге киргизип кой, курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, алар анын эки жагында болсун.

8 Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жаса. Аны Мен сага тоодо көрсөткөндөй кылып жасашсын.

Жыйын чатырынын короосу

9 Жыйын чатырынын короосун мындай жаса: короонун түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан жабууларды жаса, узундугу жүз чыканак болсун.

10 Ал жабуулар үчүн жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар күмүштөн жасалсын.

11 Короонун түндүк тарабындагы жабуулардын узундугу жүз чыканак болсун. Алар үчүн да жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар күмүштөн жасалсын.

12 Короонун батыш тарабындагы, туурасындагы жабуулары элүү чыканак болсун. Алар үчүн он мамы, алардын астына он таканыч жаса.

13 Короонун чыгыш тарабындагы, туурасындагы алдыңкы жабуулары элүү чыканак болсун.

14 Короонун бир тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.

15 Короонун экинчи тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.

16 Ал эми короонун эшиги үчүн жасала турган көшөгө жыйырма чыканак болсун. Ал ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү ийрилген жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалсын. Ал үчүн төрт мамы, анын астына төрт таканыч жаса.

17 Короону айланта курчаган бардык мамылар күмүш шырыктар менен бириктирилсин. Алардын илгичтери күмүштөн, ал эми таканычтары жезден жасалсын.

18 Короонун узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги беш чыканак болсун. Жабуулары чыйратылган зыгыр буласынан, ал эми мамылардын таканычтары жезден болсун.

19 Жыйын чатырынын ар кандай жумуштарында колдонула турган нерселердин баары жана жыйын чатырынын, короонун бардык казыктары жезден жасалсын.

Чырактан жөнүндө мыйзам

20 Анан Ысрайыл уулдарына буйрук бер, чырактан дайыма күйүп турушу үчүн, алар сага таза зайтун майынан алып келип турушсун.

21 Арун жана анын уулдары жыйын чатырындагы келишим сандыгы турган көшөгөнүн сыртында, Теңирдин алдында кеч киргенден таң атканга чейин ал май менен чырактанды күйгүзүп турушат. Бул мыйзам Ысрайыл уулдарынан алардын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.

28-БӨЛҮМ

Башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун кийими жөнүндө

1 Ысрайыл уулдарынын ичинен Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, бир тууганың Арунду жаныңа ал. Арунду жана анын уулдары: Надапты, Абыйутту, Элазарды жана Итамарды ал.

2 Бир тууганың Арунга ызат көрсөтүлүшү үчүн жана ага жарашыктуу болушу үчүн, ыйык кийим даярда.

3 Мен акылмандык рухуна толтурган даанышман адамдардын бардыгына айт. Арун Мага ыйык кызмат кылганда кие турган кийимди алар даярдап беришсин.

4 Алар даярдай турган кийимдер булар: төш чөнтөк, эфод, сырткы чапан, узун көйнөк, кидар жана бел курчоо. Алар бир тууганың Арунга жана анын уулдарына Мага ыйык кызмат кылганда кие турган ыйык кийим даярдап беришсин.

5 Алар алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан алып,

6 алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен эфод токушсун.

7 Ийининде эфоддун эки учун бириктире турган чени болсун.

8 Эфоддун сыртынан байлана турган бел курчоо эфод токулгандай эле, алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан токулсун.

9 Оникс ташынан экини алып, алардын бетине Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жаз.

10 Алардын жашына жараша, алтоонун атын бир ташка, калган алтоонун атын экинчи ташка чегип жаз.

11 Таш чеккичтер ташты чеккендей, мөөрдү чегип жасагандай, Ысрайыл уулдарынын аттарын эки ташка чегип жаз, аларды алтын оюктарга сал.

12 Ошол эки ташты эфоддун чендерине сал, ал таштар Ысрайыл уулдарын Теңир эсине алышы үчүн салынсын. Алардын аттарын Теңир эсине алышы үчүн, аларды Арун эки ийининде алып жүрсүн.

13 Алтындан оюк жаса.

14 Таза алтындан эки чынжырча жаса, аларды өрүп жаса, өрүлгөн чынжырчаларды оюктарга бекит.

Төш чөнтөк жөнүндө

15 Кудайдын өкүмүн билдирип турган төш чөнтөктү чеберчилик менен току. Эфодду токугандай эле, аны алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан току.

16 Ал төрт бурчтуу, эки кат, узуну бир карыш, туурасы бир карыш болсун.

17 Ага оюкка жаткырылган асыл таштарды төрт катар кылып сал, алар катары менен жатсын. Биринчи катарында лаал, топаз, зымырыт,

18 экинчи катарында карбункул, сапфир, алмаз,

19 үчүнчү катарында жакут, агат жана аметист,

20 төртүнчү катарында хризолит, оникс, яспис жатсын. Алар алтын оюктарга салынсын.

21 Ал таштардын саны Ысрайыл уулдарынын санына жараша, аттарына жараша он эки болсун. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылсын.

22 Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жаса.

23 Алтындан эки шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн эки учуна бекит.

24 Өрүлгөн алтын чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөз.

25 Ал эми эки чынжырчанын экинчи учтарын эки оюкка, эфоддун ченинин сырткы бетине байла.

26 Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн башка эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекит.

27 Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекит.

28 Төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байла, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнө байла.

29 Ысрайыл уулдарынын аттарын Теңир дайыма эсине алышы үчүн, Арун ыйык жайга киргенде, Ысрайыл уулдарынын аттары жазылган төш чөнтөктү өз жүрөгүнүн тушунда алып жүрсүн.

30 Кудайдын өкүмүн билдирип турган төш чөнтөккө урим менен тумимди салып кой. Арун Теңирдин алдына барганда, алар анын жүрөк тушунда болот. Ысрайыл уулдарына чыгарылган өкүмдү Арун ар дайым өз жүрөгүнүн тушунда Теңирдин алдында алып жүрөт.

Ыйык кызмат кылууда кийилүүчү кийим жөнүндө

31 Эфоддун ичинен кие турган сырткы чапан ачык көк жүндөн токулсун.

32 Чапанга туюк жака чыгарылсын, ал айрылбашы үчүн, сооттуку сыяктуу кездеме менен кыюулансын.

33 Ачык көк, жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жиптерден анын этегине тегерете чок жасап, чоктордун араларына алтын жылаажындарды тагып кой.

34 Алтын жылаажындар менен чоктор чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагылсын.

35 Арун ал чапанды Теңирге ийбадат кылып жатканда кийсин. Ал Теңирдин алдына, ыйык жайга кирип-чыкканда өлүп калбаш үчүн, жылаажындардын шыңгыраганы угулуп турсун.

36 Таза алтынды жылмалап, тактайча жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине “Теңирге арналган” деп чегип жаз.

37 Аны ачык көк жип менен кидарга байла, ал кидардын алды жагында болсун.

38 Ал Арундун чекесинде дайыма байланып турсун. Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап алып келген курмандыктарынын жана тартууларынын кемчиликтерин ал өз мойнуна көтөрөт. Теңир алардын курмандыктарын кабыл алышы үчүн, ал ар дайым анын чекесинде болсун.

39 Зыгыр буласынан узун көйнөк току, ошондой эле зыгыр буласынан кидар жана саймалуу бел курчоо жаса.

40 Ызат көрсөтүлүшү үчүн жана аларга жарашыктуу болушу үчүн, Арундун уулдарына да узун көйнөк, бел курчоо, ыйык баш кийим даярда.

41 Аларды бир тууганың Арунга жана анын уулдарына кийгизип, аларды майлап, аларга укук берип, ыйык кызмат кылуучулукка арна, ошондо алар Мага ыйык кызмат кылышат.

42 Аларга зыгыр буласынан белинен тизесине чейин жеткен, жылаңач этин жаба турган ич кийим току.

43 Ал кийимдерди Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирерде же ыйык жайда ийбадат кылуу үчүн, курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, күнөөлүү болуп өлүп калбаш үчүн кийип жүрүшсүн. Бул мыйзам ага жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.

29-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучулардын кызматка дайындалышы

1 Менин ыйык кызмат кылуучуларым болушу үчүн, аларды ыйыктоодо мындай кылышың керек: бир букачар, кемчилиги жок эки кочкор,

2 ошондой эле буудай унунан жасалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулган ачыткысыз нан, үстүнө зайтун майы сыйпалган ачыткысыз токоч алып,

3 аларды бир себетке салып, себети менен алып кел, алар менен кошо букачарды, эки кочкорду ала кел.

4 Арунду уулдары менен жыйын чатырынын эшигинин алдына алып келип, сууга жуунт.

5 Кийимдерди алып, Арунга узун көйнөктү, сырткы чапанды, эфодду кийгизип, төш чөнтөктү тагып, эфоддун сыртынан бел курчоо менен курча.

6 Башына кидарды кийгизип, ага ыйык таажыны так.

7 Майлоочу майды алып, башына куюп, аны майла.

8 Анын уулдарын да алып келип, аларга узун көйнөк кийгиз.

9 Арунга, анын уулдарына бел курчоо курчап, баштарына баш кийим кийгиз, ошондо ыйык кызмат мыйзам боюнча түбөлүккө аларга таандык болот. Арунга жана анын уулдарына ыйык кызмат кылуучунун укугун бер.

10 Анан жыйын чатырынын алдына букачарды алып кел. Арун менен анын уулдары букачардын башына колдорун коюшсун.

11 Букачарды Теңирдин алдында, жыйын чатырынын эшигинин алдында сой.

12 Букачардын канынан алып, сөөмөйүң менен курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпа, калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төк.

13 Букачардын бүт ич майын, боор майын, эки бөйрөгүн жана бөйрөк майын алып, курмандык чалынуучу жайда өрттө.

14 Ал эми этин, терисин жана кан-жинин стандын сыртында өрттө. Бул – күнөө үчүн чалынган курмандык.

15 Анан бир кочкорду жетелеп кел. Арун менен анын уулдары анын башына колдорун коюшсун.

16 Ал кочкорду мууздап, канынан алып, курмандык чалынуучу жайга тегерете чач.

17 Кочкордун этин жиликтеп бөлүп, ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, аларды жиликтердин жана баштын үстүнө кой.

18 Анан кочкорду бүт бойдон курмандык чалынуучу жайда өрттө. Бул – Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, жыты Теңирге жаккан курмандык.

19 Экинчи кочкорду да жетелеп кел, анын башына да Арун менен уулдары колдорун коюшсун.

20 Анан кочкорду союп, канынан алып, Арундун оң кулагынын көнчөгүнө жана уулдарынын оң кулактарынын көнчөгүнө, алардын оң колдорунун бармагына жана оң буттарынын бармагына сыйпа, кандан алып, курмандык чалынуучу жайга тегерете чач.

21 Курмандык чалынуучу жайдагы кандан жана майлоочу майдан алып, Арунга, анын кийимдерине, уулдарына, алардын кийимдерине чач. Ошондо анын өзү да, кийимдери да, анын уулдары да, алардын кийимдери да ыйыкталат.

22 Кочкордун майы менен куйрук майын, ич майын, боор майын, эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, оң санын ал.

23 Теңирдин алдындагы себеттен бир тоголок нан, зайтун майы кошулган бир токоч, ачыткысыз бир нан ал.

24 Алардын баарын Арун менен уулдарынын колуна бер, алар аны Теңирдин алдында силкилдетишсин.

25 Анан аны алардын колдорунан алып, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда өрттө. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

26 Арунду ыйык кызматка дайындоо расмисине арналган кочкордун төш этин Теңирдин алдында силкилдет. Бул сенин энчиң болот.

27 Ошол кочкордун Арунга жана анын уулдарына тиешелүү бөлүгүн: силкилдетилген төшү менен өйдө көтөрүлгөн сан этин ыйыкта.

28 Булар – Арун менен анын уулдарына ар дайым Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардан бериле турган бөлүк, анткени бул – алардын Теңирдин алдында өйдө көтөргөн курмандыгы. Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктары Теңирге арналуучу курмандыктар болуп эсептелет.

29 Ал эми Арундун ыйык кийимдери, көзү өткөндөн кийин, уулдарына өтөт. Ошондо алар ыйык кызмат кылуучулукка майланып, кызматка дайындала алат.

30 Анын ордун баса турган, ыйык жайда кызмат кылуу үчүн жыйын чатырына кире турган, анын уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучу ал кийимдерди жети күн кийип жүрүшү керек.

31 Арналган кочкорду алып, этин ыйык жерде бышыр.

32 Ошол кочкордун этин Арун жана анын уулдары себеттеги нандар менен кошо жыйын чатырынын эшигинин алдында жешсин.

33 Анткени бул курмандыктар – ыйык кызматка дайындап жатканда, аларды ыйыктоого арналган курмандыктар. Аларды башка адам жебеши керек, анткени алар ыйык.

34 Эгерде ыйык кызматка дайындоого арналган эт менен нандан эртең мененкиге калып калса, анда аларды өрттөп жибер. Аларды жегенге болбойт, анткени алар ыйык.

35 Арунга жана анын уулдарына Мен сага буйругандай кыл. Аларды ыйык кызматка дайындоо расмисин жети күн өткөр.

36 Күнөөдөн тазалоо үчүн, күн сайын бирден букачар алып келип, курмандык чалынуучу жайда чал, аны ыйыктоо үчүн, майлоочу май менен майла.

37 Жети күн курмандык чалынуучу жайды тазала, аны ыйыкта, ошондо курмандык чалынуучу жай эң ыйык жай болот. Ага тийгендин баары ыйык болуп калат.

Күн сайын чалынуучу курмандыктар жөнүндө

38 Курмандык чалынуучу жайда сен күн сайын бир жылдык эки козуну курмандыкка чаласың.

39 Бир козуну эртең менен, бир козуну кечинде чал.

40 Бир козу менен кошо гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк сыгылган зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун, ал эми үстүнө куюу үчүн, гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

41 Экинчи козуну курмандыкка кечинде алып кел. Эртең мененкидей эле уну менен болсун, жагымдуу жыт болушу үчүн, куюлуучу курмандыгы менен болсун.

42 Бул – Теңирдин алдында, жыйын чатырынын эшигинин алдында силердин укум-тукумуңар дайыма өрттөй турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык. Сени менен сүйлөшүү үчүн, Мен силерге ошол жерде ачылам.

43 Ошол жерде Мен Ысрайыл уулдарына ачылам, ошол жер Менин даңкым менен ыйыкталат.

44 Жыйын чатырын жана курмандык чалынуучу жайды ыйыктайм. Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунду жана анын уулдарын ыйыктайм.

45 Ысрайыл уулдарынын арасында жашап, алардын Кудайы болом.

46 Ошондо алар Менин өздөрүнүн Кудай-Теңири экенимди билишет. Алардын арасында болуу үчүн, Мен аларды Мисир жеринен алып чыккам. Мен алардын Кудай-Теңиримин.

30-БӨЛҮМ

Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай жөнүндө

1 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай жаса, ал акация жыгачынан жасалсын.

2 Ал төрт бурчтуу болсун: узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылсын.

3 Анын үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жаса.

4 Алтын ачакейдин астына, эки бурчуна алтындан эки шакек жаса. Алар анын эки тарабында болсун. Көтөрүп жүрүү үчүн, алар шыргыйлар киргизиле турган шакектер болот.

5 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, алтын менен капта.

6 Аны Мен сага ачылып бере турган келишим сандыгынын алдындагы көшөгөнүн жанына, сандыктын үстүндөгү капкактын тушуна кой.

7 Арун анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Күн сайын эртең менен чырактандарды даярдаганда, ал жыпар жыттуу заттарды түтөтөт.

8 Арун кечинде чырактарды күйгүзгөндө да, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Теңирдин алдындагы бул жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.

9 Анын үстүндө башка нерсе түтөтпөгүлө. Анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, нан курмандыгын да өрттөбөгүлө, ага куюлуучу курмандыкты куйбагыла.

10 Арун жылына бир жолу анын мүйүздөрүнүн үстүндө тазалоо расмисин кылат. Ал аны күнөөдөн тазалоочу курмандыктын каны менен жылына бир жолу тазалап турат. Бул – Теңир үчүн ыйык нерсе. Тазалоо расмиси силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын».

Жыйын чатырына арналган тартуулар жөнүндө

11 Теңир Мусага мындай деди:

12 «Ысрайыл уулдарынын санын билиш үчүн санап жатканыңда, алардын ар бири өз жанын куткарып алуу үчүн, Теңирге кун төлөсүн, ошондо алар кыргынга учурашпайт.

13 Эсепке кирген ар бир адам ыйык делип эсептелген шекелдин жарымын берсин, бир шекел жыйырма герге барабар. Жарым шекел – Теңирге арналган курмандык.

14 Эсепке кире турган жыйырма жана андан жогорку жаштагы ар бир адам Теңирге курмандык берүүгө милдеттүү.

15 Өз жанын куткарып калуу үчүн Теңирге берген курмандык жарым шекел болуш керек. Байдыкы ашып кетпесин, жардыныкы кем болбосун.

16 Ысрайыл уулдарынан өздөрүнүн жаны үчүн берген күмүшүн алып, аны жыйын чатырынын керегине жумша. Бул Ысрайыл уулдары үчүн, Теңир эсине алышы үчүн, силердин жаныңарды куткарып калуу үчүн болсун».

Жуунуу жөнүндө

17 Теңир Мусага дагы мындай деди:

18 «Жуунуу үчүн жезден жуунгуч жаса, анын түбү да жез болсун. Аны жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.

19 Арун жана анын уулдары ал жуунгучтан суу алып, колу-бутун жуушсун.

20 Алар жыйын чатырына кирер алдында, же болбосо кызмат кылыш үчүн курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, Теңирге курмандык чаларда, өлүп калбаш үчүн, сууга жуунушсун.

21 Өлүп калбаш үчүн, алар колдорун, буттарын жуушсун. Бул мыйзам Арунга жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын».

Майлоочу майлар жөнүндө

22 Теңир Мусага дагы мындай деди:

23 «Ыйык шекел менен эсептеп, эң жакшы жыттуу заттардан: суюк миррадан беш жүз, жыпар жыттуу жыгачтын кабыгынан эки жүз элүү, жыпар жыттуу камыштан эки жүз элүү,

24 касийден беш жүз шекел ал, зайтун майынан бир гин ал.

25 Ыйыктап майлоо үчүн, ушуларды чеберчилик менен аралаштырып, майлоочу май жаса. Бул – ыйыктап майлаш үчүн колдонулуучу май.

26 Анан аны менен жыйын чатырын, келишим сандыгын,

27 үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,

28 курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн майлап чык.

29 Аларды ыйыкта, ошондо алар эң ыйык болуп калат. Аларга тийгендердин баары ыйык болуп калышат.

30 Ал май менен Арунду да, анын уулдарын да майлап, Мага ыйык кызмат кылуучу кылып дайында.

31 Ал эми Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ыйык майлоо үчүн колдонулган бул май Мага таандык. Бул силердин укум-тукумуңарга калсын.

32 Аны менен башка адамдардын денесин майлабагыла, ага окшош май жасабагыла. Ал – ыйык май. Ал силер үчүн ыйык болсун.

33 Ким ошондой май жасаса же аны менен башка бирөөнү майласа, ал өз элинин арасынан жок кылынат”».

Фимиам жөнүндө

34 Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Төмөндөгү жыпар жыттуу заттардан: стиракс, оних, халван жана таза ладандан бирдей өлчөмдө ал.

35 Чеберчилик менен алардан түтөтүлө турган ыйык аралашма жаса. Ал туз менен аралаштырылган, таза жана ыйык болсун.

36 Аны жанчып майдалап, Мен сага ачылып бере турган жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына кой. Ал силер үчүн эң ыйык нерсе болот.

37 Өзүңөргө ушундай заттардан турган түтөтүлүүчү аралашма жасабагыла, ал сенин Теңирге арнаган ыйык нерсең болсун.

38 Түтөтүү үчүн ким ушундай аралашма жасаса, ал өз элинин арасынан жок кылынат».

31-БӨЛҮМ

Усталар жөнүндө

1 Теңир Мусага дагы мындай деди:

2 «Билип ал, Мен Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындадым.

3 Мен аны Кудайдын Рухуна толтурдум, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик жана ар кандай өнөр бердим.

4 Мен ага алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,

5 оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду, бардык ишти жасай билүүнү үйрөттүм.

6 Мен ага Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйапты жардамчы кылып дайындадым. Ар бир акылдуу адамдын жүрөгүнө акылмандык салам, ошондо алар Мен сага буйругандын бардыгын жасашат.

7 Алар жыйын чатырын, келишим сандыгын жана анын капкагын, жыйын чатырына тиешелүү болгон бардык нерселерди,

8 үстөлдү жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, таза алтындан чырактан жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, ошондой эле жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,

9 курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,

10 кызматчылардын ыйык кызмат кыларда кие турган кийимдерин, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, анын уулдарынын ыйык кийимдерин даярдап,

11 ыйык жай үчүн майлоочу май жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу аралашма жасашсын. Алар мына ушулардын бардыгын Мен сага буйругандай жасашсын».

Ишембини ыйык тутуу жөнүндө

12 Теңир Мусага дагы мындай деди:

13 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Менин ишемби күнүмдү ыйык туткула, анткени ал күн – силерди ыйык эл кылган Теңириңер Мен экенимди билип жүрүүңөр үчүн, Мени менен силердин жана укум-тукумуңардын ортосунда белги болгон күн.

14 Ишемби күндү ыйык туткула, анткени ал силер үчүн ыйык. Ким аны ыйык тутпаса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ким ошол күнү жумуш кылса, ал өз элинин арасынан жок кылынсын”.

15 Алты күн иш кылышсын, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган эс алуучу ишемби күн. Ким ишемби күнү иш кылса, ал өлүм жазасына тартылсын.

16 Ысрайыл уулдары ишемби күндү ыйык тутсун, түбөлүк келишим катары алардын укум-тукуму ишемби күндү майрамдасын.

17 Бул – Мени менен Ысрайыл уулдарынын ортосундагы түбөлүк белги, анткени Теңир алты күндө асман менен жерди жараткан, ал эми жетинчи күнү тынч алып, эс алган».

18 Кудай Муса менен Синай тоосунда сүйлөшүп бүткөндөн кийин, ага мыйзам жазылган эки лоокту – Өз колу менен жазган таш лоокторду берди.

32-БӨЛҮМ

Алтын музоо

1 Ысрайыл эли Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканын көрүп, чогулуп келип, Арунга мындай деди: «Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер».

2 Ошондо Арун аларга: «Аялыңардын, уул-кыздарыңардын кулактарындагы алтын сыргаларды чыгарып, мага алып келгиле», – деди.

3 Бүт эл кулактарынан алтын сыргаларын чыгарып, Арунга алып келди.

4 Арун алардын колунан сыргаларды алып, алтындан музоо куюп, аны кескич менен иштеп чыкты. Ошондо алар: «Мына сенин кудайың, Ысрайыл! Сени Мисир жеринен алып чыккан кудайың ушул!» – дешти.

5 Арун муну көрүп, алтындан куюлган музоонун алдына курмандык чалынуучу жай жасап: «Эртең теңирге арналган майрам болот», – деп жарыялады.

6 Алар эртеси эртең менен эрте туруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалышты. Анан эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду.

7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тезирээк тоодон түш, анткени Мисир жеринен алып чыккан элиң бузулду.

8 Алар тез эле Мен осуят кылган жолдон чыгып кетишти. Өздөрүнө алтындан музоо куюп алып, ага сыйынып, курмандык чалып: “Ысрайыл эли, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайың мына ушул!” – деп жатат».

9 Анан Теңир Мусага: «Мен бул элди көрүп турам, бул эл – тоң моюн эл.

10 Ошондуктан Мени Өз жайыма кой, алар Менин каарыма калышсын. Аларды жок кылып, сенден көп сандаган эл чыгарам», – деди.

Мусанын арачылык кылышы

11 Бирок Муса өз Кудай-Теңирине мындай деп жалына баштады: «О Теңирим, Мисир жеринен кудуреттүү күчүң, кубаттуу колуң менен Өзүң алып чыккан Өз элиңдин үстүнө каарың от болуп жаабаса экен.

12 Мисирликтер: “Кудай аларды өлтүрүү үчүн тоого алып кеткен тура, аларды жер үстүнөн жок кылгысы келген тура”, – деп айтышпасын. Теңир, жалындаган каарыңды баса көр! Чечимиңди өзгөрт, Өз элиңди өлтүрө көрбө!

13 Өз кулдарың Ыбрайымга, Ыскакка жана Ысрайылга Өз ысымың менен берген антыңды эстей көр. Сен аларга: “Силердин тукумуңарды көктөгү жылдыздардай көбөйтөм, Өзүм убада кылган жерди силердин укум-тукумуңарга берем, алар аны түбөлүккө ээлешет”, – деп айтпадың беле».

14 Ошондо Теңир Өз элине төгө турган каарын кайт кылды.

15 Муса артка кайрылып, тоодон түшүп келди. Анын колунда эки бетинде тең мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле.

16 Ал таш лоокторду Кудай Өзү жасаган эле, таш лоокторго жазылган жазууларды Кудай Өзү жазган эле.

17 Жашыя чуулдаган элдин үнүн угуп, Мусага: «Эмне, станда согуш болуп жатабы?» – деди.

18 Муса болсо: «Бул жеңгендердин кыйкырыгы эмес, жеңилгендердин боздогону да эмес. Мен ырдагандардын үнүн угуп жатам», – деди.

19 Муса станга жакындаганда, музоону жана бийлеп жаткандарды көрүп, каары кайнап, колундагы таш лоокторду ыргытып жиберди. Таш лоокторду ал тоонун этегинде талкалады.

20 Анан Муса алар жасаган музоону алып, отко өрттөп, күлдөй кылып майдалап, сууга чачып жиберди да, ал суудан Ысрайыл уулдарына ичирди.

21 Муса Арунга: «Бул элди ушундай чоң күнөөгө батыргыдай, бул эл сага эмне кылды?» – деди.

22 Арун мындай деп жооп берди: «Мырзамдын ачуусу келбесе экен, бул элдин моюн сунбас эл экенин өзүң билесиң.

23 Булар мага: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер”, – дешти.

24 Ошондо мен аларга: “Кимдин алтыны бар болсо, чыгарып бергиле”, – дедим. Алар чыгарып беришти. Мен аны отко салсам, ушул алтын музоо чыкты».

25 Муса бул элдин баш бербес эл экенин, Арундун алардын бузулушуна, душмандарына шылдың болушуна жол бергенин көрдү.

26 Муса стандын дарбазасынын жанына туруп: «Ким Теңирди ээрчигиси келсе, мага келсин!» – деди. Ошондо анын алдына Лебинин бүт уулдары чогулушту.

27 Муса аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, станды аралап, чатырдан чатырга өтүп, бир туугандарыңарды, досторуңарды, жакындарыңарды өлтүргүлө”».

28 Леби уулдары Мусанын айтканындай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен үч миңге жакын адам кырылды.

29 Ошондо Муса Леби уулдарына: «Бүгүн Теңирге колуңарды арнагыла, анткени ар бириңер өз уулдарыңарга, бир туугандарыңарга кол көтөрдүңөр. Ал бүгүн силерге батасын берсин», – деди.

30 Эртеси күнү Муса элге кайрылып: «Силер өтө чоң күнөө кылдыңар, ошондуктан мен тоого чыгып, Теңирге барам, балким, силердин күнөөңөр үчүн кечирим алып келермин», – деди.

31 Муса Теңирге кайра барып, мындай деди: «Бул эл өзүнө алтын кудай жасап, өтө чоң күнөө кылды.

32 Булардын күнөөсүн кечир. Эгерде кечирбей турган болсоң, анда мени да Өзүң жазган китебиңден чийип сал».

33 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону Өзүмдүн китебимден чийип салам.

34 Эми бара бер, бул элди Мен айткан жерге алып жөнө. Менин периштем сенин алдыңда барат. Күнөө үчүн жазалай турган күнүм келгенде, Мен аларды жазалайм».

35 Ошентип, Теңир элди Арун жасаган музоо үчүн кыргынга учуратты.

33-БӨЛҮМ

Синайдан кетүү жөнүндө буйрук

1 Теңир Мусага мындай деди: «Сен бул жерден Мисир жеринен алып чыккан элиң менен кошо Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Сенин тукумуңа берем” деп убада кылган жерге жөнө.

2 Алдыңа периштемди жиберип, ал жерден канаандыктарды, аморлуктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кууп чыгам.

3 Ал силерди сүт менен бал аккан жерге алып барат. Силерди жолдо кырып салбашым үчүн, Өзүм силер менен барбайм, анткени силер тоң моюн элсиңер».

4 Эл бул каардуу сөздү укканда, боздоп ыйлады, эч ким жасалгасын тагынган жок.

5 Анткени Теңир Мусага мындай деген эле: «Ысрайыл уулдарына айт: “Силер тоң моюн элсиңер. Эгерде Мен силер менен барсам, анда силерди бир заматта жок кылам, ошондуктан жасалгаларыңарды чечкиле. Силерге эмне кылышты байкап көрөм”».

6 Ошентип, Ысрайыл уулдары Хореп тоосунун жанында жасалгаларын чечишти.

Стандын сыртындагы жыйын чатыры

7 Муса болсо стандын сыртына, стандан обочо жерге чатыр тигип, аны «жыйын чатыры» деп атады. Теңирди издеген адамдардын баары стандын сыртындагы жыйын чатырына келишчү.

8 Муса жыйын чатырына бара жатканда, элдин баары ордунан туруп, өз-өз чатырынын кире беришинде Муса жыйын чатырына киргенче карап турушчу.

9 Муса жыйын чатырына киргенде, асмандан булут мамы түшүп, жыйын чатырынын кире беришине келип турчу, ошондо Теңир Муса менен сүйлөшчү.

10 Эл жыйын чатырынын кире беришинде турган булут мамыны көрүп, ордунан туруп, өз чатырларынын кире беришинде таазим кылчу.

11 Ошондо Теңир Муса менен досу менен сүйлөшкөндөй, бетме-бет сүйлөшчү. Ошондон кийин Муса станга кайрылып келчү, ал эми анын кызматчысы Нундун уулу Жашыя жыйын чатырынан карыш жылчу эмес.

Мусанын сыйынуусу

12 Муса Теңирге мындай деди: «Сен мага: “Бул элди баштап бар, Мен сени атыңдан билем, сен Менин алдымда ырайым таптың”, – десең да, мени менен кимди жиберериңди ачып бербедиң.

13 Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм: Сени таанып билишим үчүн, Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага Өз жолуңду ач. Бул эл Өз элиң экенин унутпа».

14 Ошондо Теңир ага: «Мен Өзүм барам, сени бейпил жерге жеткирем», – деди.

15 Муса Теңирге: «Эгерде биз менен Сен Өзүң барбасаң, анда бизди бул жерден алып чыкпа.

16 Мен да, Сенин элиң да Сенин алдыңда ырайым тапканыбызды кантип билебиз? Сенин биз менен барганыңдан эмеспи? Ошондо мен да, Сенин элиң да жер жүзүндөгү бардык элдерден атактуу болобуз», – деди.

17 Ошондо Теңир Мусага: «Сенин азыркы айтканыңды аткарам, анткени сен Менин алдымда ырайым таптың, Мен сени атыңдан билем», – деди.

18 Муса Ага: «Мага Өз даңкыңды көрсөтчү», – деди.

19 Ошондо Теңир ага мындай деди: «Мен сенин алдыңдан бардык жакшылыктарымды өткөрүп, Теңирдин ысымын сенин алдыңда жарыя кылам. Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам; кимди аягым келсе, аны аяйм».

20 Анан Ал дагы мындай деди: «Сага Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт».

21 Теңир дагы мындай деди: «Менин жанымда аска бар, ошол асканын үстүндө тур.

22 Менин даңкым өтүп бара жатканда, сени асканын жаракасына коём, өтүп кеткенге чейин, сени колум менен калкалап турам.

23 Мен колумду тартып алгандан кийин, Мени артыман көрөсүң, Менин жүзүмдү көрбөйсүң».

34-БӨЛҮМ

Экинчи жолу берилген таш лооктор

1 Теңир Мусага мындай деди: «Ташты жылмалап, мурункуга окшош эки лоок жаса. Мен ал лоокторго сен талкалаган мурунку таш лооктордогу сөздөрдү жазып берем.

2 Эртең мененкиге чейин даяр бол. Синай тоосунун башына чыгып, Менин алдыма келип тур.

3 Бирок сени менен тоого эч ким чыкпасын, бул тоодо эч ким көрүнбөсүн. Бул тоонун жанында майда мал да, бодо мал да жайылып жүрбөсүн».

4 Муса таш жылмалап, мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасады. Эртең менен эрте туруп, Теңир буйругандай, Синай тоосуна чыкты. Колуна эки таш лоокту алып алды.

5 Теңир булут ичинде төмөн түшүп, Мусанын жанына келип токтоп, Өзүнүн ысымын «Жахаба» деп жарыялады.

6 Анан Теңир Мусанын бет алдынан өтүп, мындай деп сүйлөдү: «Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү,

7 миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган, ата-бабаларынын айыбы үчүн үчүнчү жана төртүнчү тукумуна чейинки балдарын жана балдарынын балдарын жазалай турган Кудай-Теңир».

8 Муса ошол замат жерге жыгылып, Кудайга таазим кылды.

9 Анан мындай деди: «О Эгедерим! Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда Эгедерим биз менен барсын, анткени бул эл – тоң моюн эл. Биздин мыйзамсыз иштерибиз менен күнөөлөрүбүздү кечир. Бизди Өз элиң кылып ал!»

Келишимдин калыбына келтирилиши

10 Ошондо Теңир мындай деди: «Мен мындай келишим түзөм: сенин бүткүл элиңдин алдында бүт жер жүзүндө болбогон жана эч бир элде жок кереметтерди көрсөтөм. Сен арасында жүргөн бүт эл Теңирдин иштерин көрөт, анткени Мен сен үчүн өтө коркунучтуу иш көрсөтөм.

11 Азыр Мен сага берип жаткан буйруктарымды сакта. Мына, Мен аморлуктарды, канаандыктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңдан кууп жатам.

12 Сак бол, өзүң ээлей турган жердин тургундары менен байланыш түзбө, алар силер түшө турган тор болуп калбасын.

13 Алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кыйраткыла, мазар теректерин кыйгыла.

14 Анткени сен Теңирден башка кудайга сыйынбашың керек, Анын ысымы – “Кызганчаак”. Ал – кызганчаак Кудай.

15 Өз кудайларына табынып жатышканда жана кудайларына курмандык чалып жатышканда, сени да чакырбашы үчүн, сен да алардын курмандыктарынан жебешиң үчүн, ал жердин тургундары менен келишим түзбө.

16 Алардын кыздары өз кудайларына табынып, сенин уулдарыңды да өз кудайларына табынууга азгырбашы үчүн, уулдарыңа алардын кыздарынан аял алып бербе.

17 Өзүңө куйма кудайларды жасаба.

18 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, белгиленген Абыт айында жети күн ачыткысыз нан же, анткени сен Мисирден Абыт айында чыккансың.

19 Тун балдарыңдын баары Меники, ошондой эле бодо малыңдан тартып койлоруңа чейин, биринчи туулган эркек малыңдын баары Меники.

20 Эшектердин биринчи төлүн козуга алмаштыр. Эгерде алмаштырбасаң, анда кунун төлө. Бардык тун уулдарыңдын кунун төлө. Эч ким Менин алдыма куру кол келбесин.

21 Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Себүү, оруу-жыюу убагында да жетинчи күнү эс ал.

22 Буудайыңдын биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Жумалар майрамын, жыл аягында Түшүм жыйноо майрамын майрамда.

23 Элиңдеги эркек аттуулардын баары жылына үч жолу Ысрайылдын Кудай-Теңиринин, Эгедердин, алдына келишсин.

24 Анткени Мен сенин алдыңдан бул жердеги элди кууп чыгып, сенин чек араңды кеңейтем. Эгерде сен жылына үч жолу Кудай-Теңириңдин алдына келсең, эч ким сенин жериңди тартып албайт.

25 Мага чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Пасах майрамына карата чалынган курмандык эртең мененкиге калбасын.

26 Жериңден алган эң биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба».

27 Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Бул сөздөрдү жазып ал, анткени бул сөздөрдүн негизинде Мен сени менен жана Ысрайыл эли менен келишим түзүп жатам».

28 Ошентип, Муса Теңирдин жанында нан да жебей, суу да ичпей, кырк күн, кырк түн болду. Ошондо Кудай таш лоокторго келишим сөздөрүн – он осуятты жазды.

Мусанын Синай тоосунан түшүшү

29 Муса Синай тоосунан түшүп келе жатканда, анын колунда мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле. Муса Кудай менен сүйлөшкөндүктөн, тоодон түшүп келе жатканда, жүзүнөн нур чачырап турганын өзү билген жок.

30 Арун менен Ысрайылдын бардык уулдары Мусанын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүп, жакын баруудан коркушту.

31 Муса аларды өзүнө чакырды. Ошондо Арун менен жамааттын бардык башчылары келишти. Муса алар менен сүйлөштү.

32 Андан кийин Ысрайылдын бүт уулдары келишти. Муса аларга Теңирдин Синай тоосунда айткан осуяттарынын баарын айтып берди.

33 Муса алар менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бетине жабуу жаап алды.

34 Ал Теңир менен сүйлөшүү үчүн, Анын алдына барганда, бетиндеги жабуусун алып салчу, кайра чыкканда жаап алчу. Чыккандан кийин Теңир берген осуяттын баарын Ысрайыл уулдарына айтып берчү.

35 Ысрайыл уулдары анын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүшчү. Теңир менен сүйлөшкөнү барганга чейин, ал кайрадан жүзүн жаап алчу.

35-БӨЛҮМ

Ишемби күн жөнүндө берилген буйруктар

1 Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын чогултуп, аларга мындай деди: «Теңир силерге мындай осуят берди:

2 “Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн силер үчүн ыйык күн болсун. Ал күн – Теңирге арналган эс алуу күнү. Ким ал күнү жумуш кылса, өлүм жазасына тартылат.

3 Ишемби күнү эч кимиңер үйүңөргө от жакпагыла”».

Жыйын чатырына арналган тартуулар

4 Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына дагы мындай деди: «Теңир силерге мындай осуят берди:

5 Ар ким өз атынан, өз ыктыяры менен Теңирге алтын, күмүш, жез,

6 ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүн, зыгыр буласын, эчкинин тыбытын,

7 кызылга боёлгон кой терилерин, деңиз жаныбарынын терилерин, акация жыгачтарын,

8 чырактан үчүн зайтун майын, майлоочу май үчүн, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды,

9 эфод менен төш чөнтөккө салынуучу оникс ташын жана башка асыл таштарды тартуу кылсын.

Жыйын чатырына тиешелүү нерселер

10 Араңардагы акылмандардын баары келип, Теңирдин буйругандарын аткарышсын:

11 жыйын чатырын, анын жабуусун, эң үстүнкү жабуусун, илгичтери менен устундарын, шыргыйлары менен мамыларын жана таканычтарын,

12 келишим сандыгын, анын шыргыйларын, капкагын жана бөлүп турган көшөгөнү,

13 үстөлдү, анын шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,

14 жарык берүүчү чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, анын чырактарын, күйгүзө турган зайтун майын,

15 жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, анын шыргыйларын, майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды, жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,

16 курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,

17 короонун жабууларын, анын мамыларын жана таканычтарын, короонун эшигиндеги көшөгөнү,

18 жыйын чатырынын казыктары менен короонун казыктарын жана алардын аркандарын,

19 ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун жана анын уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин даярдашсын».

Элдин тартуулары

20 Анан Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Мусанын жанынан кетишти.

21 Бул ишке жүрөгү тарткандардын бардыгы, өз каалоосу менен бергиси келгендердин бардыгы жыйын чатырын орнотуш үчүн, анын бардык керектөөлөрү үчүн жана ыйык кийимдер үчүн Теңирге арнаган тартууларын алып келишти.

22 Күйөөлөрү аялдары менен келишти, бардыгы өз каалоолору менен шакектерин, сыргаларын, асыл таштуу шакектерин, чынжырларын жана ким алтын буюмдарын арнагысы келсе, аларды Теңирге арнап алып келишти.

23 Кимдин ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүнү, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты, кызылга боёлгон кой териси, деңиз жаныбарынын териси бар болсо, ошолорду алып келип жатышты.

24 Ким күмүш же жез бергиси келсе, аны Теңирге арнап алып келди. Кимдин акация жыгачы болсо, аны да жыйын чатырынын ар кандай керектөөсү үчүн берди.

25 Акылман аялдар ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан өз колдору менен ийирген түрмөк жиптерин алып келишти.

26 Бул ишке жүрөгү тарткан, жип ийиргенди билген аялдар эчкинин тыбытынан жип ийиришти.

27 Төрөлөр болсо эфод менен төш чөнтөккө салынуучу оникс ташын жана башка асыл таштарды,

28 ошондой эле жыпар жыттуу заттарды, чырактанды күйгүзүүчү майды, майлоочу май үчүн, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды алып келип жатышты.

29 Ошентип, Ысрайыл уулдарынын эркектери менен аялдары Теңирдин Муса аркылуу жасоого тапшырган бардык иштеринин кайсынысына жүрөгү тартса, ошол иш үчүн, Теңирге өз ыктыярлары менен тартуу алып келип жатышты.

Бетселел менен Алыйаптын иштери

30 Муса Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Билип алгыла, Теңир Жүйүт уруусунан Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындады.

31 Аны Кудайдын Рухуна толтурду, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик, ар кандай өнөр берди,

32 алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,

33 оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду жана ар кандай көркөмдөө иштерин кылганды үйрөттү.

34 Теңир Бетселелдин жана Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйаптын жүрөгүнө башкаларды да үйрөтүү жөндөмдүүлүгүн салды.

35 Теңир аларга акылмандык берип, таш чеккичтин бардык иштерин, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан кездеме токуган токуучунун жана чебер саймачынын ишин үйрөттү. Ошондой эле чеберчилик менен кездеме токуганды билген токуучунун бардык иштерин үйрөттү».

36-БӨЛҮМ

1 Бетселел менен Алыйап жана Теңир акылмандык берген акылман адамдардын баары Теңир буйругандай иштей башташты. Теңир аларга ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон акылмандыкты жана түшүнүктү берди.

2 Анан Муса Теңир акылмандык берген Бетселел менен Алыйапты, бардык акылман адамдарды, жүрөгү бул жумушка тартылгандарды чакырды.

3 Алар ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон, Ысрайыл уулдары алып келген тартуулардын баарын Мусанын колунан алышты. Ошол эле учурда күн сайын эртең менен тартуулар үзүлбөй келип жатты.

4 Ошондо ыйык жайда иштеп жаткан акылман адамдардын бардыгы өз иштерин токтотуп,

5 Мусага келип: «Теңир буйруган жумуштар үчүн керек болгон нерселерди эл ашыкча алып келип жатышат», – дешти.

6 Ошондо Муса буйрук берди. Анын мындай буйругу станда жарыяланды: «Эркектер да, аялдар да ыйык жайга эми эч кандай тартуу алып келишпесин». Ошондон кийин эл тартуу алып келүүнү токтотту.

7 Жумушка керектүү нерселердин баары жетип, атүгүл, артып да калды.

Жыйын чатырын тургузуу

8 Жыйын чатырында иштеген акылман адамдар чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн он жабуу жасап, аларга чеберчилик менен керуптарды түшүрүштү.

9 Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы төрт чыканак. Бардык жабуулар бирдей өлчөмдө эле.

10 Бетселел биринчи беш жабууну бири-бирине бириктирди, экинчи беш жабууну да бири-бирине бириктирди.

11 Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган жерине ачык көк жиптен илмек, ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жасады.

12 Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады, экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жерине да элүү илмек жасады. Илмектер бири-бирине дал келди.

13 Анан элүү алтын илгич жасап, илгичтер менен жабууларды бири-бирине бириктирди. Ошондо жыйын чатыры бир бүтүн чатыр болуп калды.

14 Анан жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, эчкинин тыбытынан жабуу жасады. Андай жабуудан он бирди жасады.

15 Ар бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болду. Бул он бир жабуунун өлчөмү бирдей болду.

16 Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктирди.

17 Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек, алты жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады.

18 Бир бүтүн жабуу болушу үчүн, жабууларды бири-бирине бириктиргенге элүү жез илгич жасады.

19 Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жасады, анын үстүнөн жабуу үчүн, деңиз жаныбарынын терисинен жабуу жасады.

20 Жыйын чатырын тургузуу үчүн, акация жыгачынан тикесинен коюла турган төрт кырдуу устундарды жасады.

21 Ар бир устундун узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.

22 Ар бир устунга экиден, бири-бирине тушташ шакектерди жасады. Бардык устундарды ушундай жасады.

23 Жыйын чатырынын түштүк тарабына ушундай устундан жыйырманы жасашты.

24 Жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жасашты. Ар бир устундун астына экиден таканыч.

25 Жыйын чатырынын түндүк тарабына жыйырма устун жасады.

26 Бардыгы болуп кырк күмүш таканыч жасады. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч,

27 ал эми жыйын чатырынын арт жагына, батыш жагына алты устун жасады.

28 Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчу үчүн эки устун жасады.

29 Ал эки устунду ылдый жагынан бекитип, өйдө жагынан бир шакекке бекитти. Эки бурчуна эки устунду ушундай кылып орнотту.

30 Ушул сегиз устун үчүн он алты күмүш таканыч жасады, ар бир устундун астына экиден таканыч болду.

31 Акация жыгачынан шыргый жасады. Жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,

32 экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы устундар үчүн беш шыргый жасады.

33 Устундардын дал ортосунан өтө турган шыргыйды бир башынан экинчи башына жете тургандай кылып жасады.

34 Устундарды алтын менен каптады, шыргыйлар киргизилүүчү шакектерди да алтындан жасады, шыргыйларды да алтын менен каптады.

35 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан көшөгө жасап, ага чеберчилик менен керуптарды түшүрүдү.

36 Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан төрт мамы жасап, аларды алтын менен каптап, алтын илгичтерди такты. Мамылардын астына күмүштөн төрт таканыч куйду.

37 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан жыйын чатырынын кире беришине саймалуу көшөгө жасады.

38 Ал көшөгө үчүн илгичтери бар беш мамы жасап, алардын үстүн жана аларды бириктирген шырыктарды алтын менен каптады. Мамылардын астына жезден беш таканыч куйду.

37-БӨЛҮМ

Келишим сандыгы

1 Бетселел сандыкты акация жыгачынан жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болду.

2 Анын ичин да, сыртын да таза алтын менен каптады, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра курчады.

3 Анын төмөн жагындагы төрт бурчуна төрт алтын шакек куйду. Бир жагына эки шакек, экинчи жагына эки шакек.

4 Акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.

5 Сандыкты көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакектерге киргизди.

6 Анан таза алтындан капкак жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.

7 Алтындан эки керуп жасап, аларды чегип чыкты, аларды капкактын эки четине орнотту.

8 Капкактын бир четинен бир керупту, экинчи четинен экинчи керупту чыгарды, керуптар капкактын эки четинен чыгып турду.

9 Керуптардын канаттары асманга жайылып, капкакты жаап турду. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турду.

Нан тартуусу коюлуучу үстөл

10 Анан акация жыгачынан узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак үстөл жасады.

11 Аны таза алтын менен каптап, үстүнө таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.

12 Анан алакандын эниндей жээк чыгарып, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.

13 Ал үстөл үчүн төрт алтын шакек куюп, шакектерди анын төрт бурчундагы төрт бутуна орнотту.

14 Yстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, жээктердин астына шыргыйларды сала турган шакектерди жасады.

15 Yстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.

16 Андан кийин үстөлгө керектүү идиштерди: табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, чөйчөктөрдү жана кумгандарды таза алтындан жасады.

Чырактан

17 Таза алтындан чырактан жасап, чегип чыкты. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыгарылып жасалды.

18 Анын эки капталынан алты бутак чыгарылды: үч бутагы бир капталынан, үч бутагы экинчи капталынан чыгарылды.

19 Бир бутагынан бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр, экинчи бутактан да бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары так ушундай эле.

20 Ал эми чырактандын өзөгүнөн да бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды.

21 Өзүнөн чыгып турган алты бутактын астынан мөмөчөлөр чыгарылды. Биринчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, экинчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, үчүнчү эки бутактын астынан бир мөмөчө чыгарылды.

22 Мөмөчөлөрү менен бутактары өзөктүн өзүнөн чыгарылып, бардыгы таза алтындан бир бүтүн болуп жасалып, чегилди.

23 Чырактандын жети чырагын, кычкачын, чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жасады.

24 Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди бир талант таза алтындан жасады.

Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай

25 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып жасады. Анын узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак болду. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылды.

26 Анын өзүн, үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасады.

27 Ачакейдин астындагы эки бурчуна эки алтын шакек жасады. Шыргый салып көтөрүп жүрүү үчүн, аларды эки жагына жасады.

28 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен каптады.

29 Майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу таза заттарды, аралашма жасаган адамдай, чеберчилик менен жасады.

38-БӨЛҮМ

Курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жай

1 Курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып, узундугун беш чыканак, туурасын беш чыканак, бийиктигин үч чыканак кылып жасады.

2 Анын төрт бурчунан мүйүз чыгарып, аны жез менен каптады.

3 Курмандык чалынуучу жайга тиешелүү бардык нерселерди: күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды, чок салгычтарды, ага тиешелүү нерсенин баарын жезден жасады.

4 Курмандык чалынуучу жай үчүн жезден арчындап тор жасады. Анан курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп тургудай кылып, аны тегерете чыгып турган кырдын астына орнотту.

5 Шыргыйларды киргизүү үчүн, тордун төрт бурчуна төрт шакек жасады.

6 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды жез менен каптады.

7 Курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды капталдарындагы шакектерге киргизди. Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жасады.

Жуунгуч

8 Жуунгучту жана анын түбүн жезден жасады, аларды жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдардын күзгүлөрү менен кооздоду.

Короо

9 Короону мындай жасады: түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады.

10 Ал үчүн жыйырма мамы жана мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыкты күмүштөн жасады.

11 Түндүк жагына да узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн жыйырма мамы, мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасалды. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.

12 Батыш жагына да узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн он мамы, мамылардын астына он таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.

13 Короонун чыгыш жакты караган алдыңкы бетине узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады.

14 Короонун эшигинин бир тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.

15 Эшиктин экинчи тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.

16 Короону айланта тартылган бардык жабуулар чыйратылган зыгыр буласынан жасалды.

17 Ал эми мамылардын таканычтары жезден, илгичтери менен шырыктары күмүштөн жасалды. Мамылардын үстү күмүш менен капталды. Короонун бардык мамылары күмүш шырыктар менен бириктирилди.

18 Короонун кире беришиндеги көшөгө ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалды. Анын узундугу жыйырма чыканак, бийиктиги беш чыканак болуп, короонун жабуулары сыяктуу эле узатасынан тартылды.

19 Ал үчүн төрт мамы орнотулуп, мамылардын астына жезден төрт таканыч куюлду. Мамылардын үстү күмүш менен капталды, алардын илгичтери жана аларды бириктирген шырыктар да күмүштөн жасалды.

20 Жыйын чатырынын жана короонун тегерегиндеги казыктардын баары жезден куюлду.

Жыйын чатырына керектелген алтын, күмүш, жез

21 Мусанын буйругу боюнча, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын жетекчилиги астында лебилер жыйын чатырына жумшалган нерселерди эсептешти.

22 Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жасады.

23 Аны менен бирге Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйап иштеди. Ал таш чеккич, чебер токуучу, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдөн жана зыгыр буласынан жасалган кездемелерге сайма сайган саймачы эле.

24 Ыйык жайдын бардык керектөөлөрүнө жумшалган, тартууга алып келинген алтын жыйырма тогуз талант болду. Ыйык шекелден жети жүз отуз шекел болду.

25 Эсепке кирген элден жыйналган күмүш жүз талант жана бир миң жети жүз жетимиш беш ыйык шекел болду.

26 Эсепке кирген, жыйырма жана андан жогорку жаштагы алты жүз үч миң беш жүз элүү кишинин ар бири ыйык шекелден жарым шекел берди.

27 Жүз талант күмүш ыйык жайдын жана көшөгөлөрдүн таканычтарын куюуга жумшалды. Жүз таканычка жүз талант күмүш, бир таканычка бир талант күмүш жумшалды.

28 Мамылардын илгичтерин, мамыларды бириктирген шырыктарды жасаганга жана мамылардын үстүн күмүш менен каптаганга бир миң жети жүз жетимиш беш шекел жумшалды.

29 Тартууга алып келинген жез жетимиш талант, эки миң төрт жүз шекел болду.

30 Ал жезден жыйын чатырынын кире беришиндеги мамылардын таканычтарын, курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун жана курмандык чалынуучу жайдын бардык буюмдарын,

31 короонун мамыларынын таканычтарын, эшиктин мамыларынын таканычтарын, жыйын чатырынын казыктарын, короонун тегерегиндеги бардык казыктарды жасады.

39-БӨЛҮМ

Башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун кийими

1 Алар ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган ыйык кийимдерди да токушту. Теңир Мусага буйругандай, Арунга ыйык кийимдерди токушту.

2 Эфодду алтындан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан токушту.

3 Алар алтынды жука жайып, андан жип жасап, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдүн, зыгыр буласынан чыйратылган жиптердин арасына кошуп, чеберчилик менен кездеме токушту.

4 Эфоддун эки ийинине алды-артын бириктире турган чен жасашты, чендин эки учу эфоддун алды-артына бириктирилди.

5 Эфоддун бел курчоосун эфоддукундай кылып алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан Теңир Мусага буйругандай кылып токушту.

6 Оникс таштарына, мөөрдүн бетине чеккендей, Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жазып, аларды алтын оюктарга салышты.

7 Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, аны эфоддун чендерине бекитишти.

Төш чөнтөктүн токулушу

8 Эфодду токугандай эле, төш чөнтөктү да алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен токушту.

9 Ал төрт чарчы эле. Төш чөнтөктү алар эки кат кылып токушту, анын узундугу бир карыш, туурасы бир карыш.

10 Ага асыл таштарды төрт катар кылып салышты. Биринчи катарына лаал, топаз, зымырыт,

11 экинчи катарына карбункул, сапфир, алмаз,

12 үчүнчү катарына жакут, агат, аметист,

13 төртүнчү катарына хризолит, оникс жана яспис салышты. Алар алтын оюктарга жаткырылды.

14 Таштар Ысрайыл уулдарынын санына жараша болду. Алардын аттарынын саны он эки эле. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылды.

15 Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жасашты.

16 Алтындан эки оюк, эки шакекче жасап, эки шакекчени төш чөнтөктүн эки учуна бекитишти.

17 Алтындан өрүлгөн чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөрүштү.

18 Ал эми эки чынжырчанын эки учун эфоддун ченинин сырткы бетине бекитишти.

19 Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн экинчи эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекитишти.

20 Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекитишти.

21 Теңир Мусага буйругандай, төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байлашты, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнөн байлашты.

22 Анан эфоддун ичинен кие турган чапанды ачык көк жүндөн токушту.

23 Чапанга сооттукундай туюк жака чыгарып, айрылбашы үчүн жээгин кыюулап коюшту.

24 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн чапандын этегине тегерете чокторду жасашты.

25 Таза алтындан жылаажындарды жасап, аларды чоктордун араларына, чапандын этегине кыдырата тагышты.

26 Теңир Мусага буйругандай, жылаажындар менен чокторду ыйык кызмат кылганда кийиле турган чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагышты.

Калган кийимдердин токулушу

27 Арунга жана анын уулдарына зыгыр буласынан узун көйнөктөрдү токушту.

28 Зыгыр буласынан кидарларды, баш кийимдерди, ич кийимдерди токушту.

29 Теңир Мусага буйругандай, чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн кооздоп бел курчоо токушту.

30 Таза алтынды жылмалап, ыйык таажы жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине «Бул Теңирге арналган» деп чегип жазышты.

31 Теңир Мусага буйругандай, аны кидарга байлаш үчүн, ага ачык көк жүндөн боо бекитишти.

Жумуштун аякташы

32 Ошентип, жыйын чатырынын бардык жумуштары бүттү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары баарын так ошондой аткарышты.

33 Анан алар Мусага жыйын чатырын, анын жабууларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, анын илгичтерин, устундарын, шыргыйларын, мамыларын жана таканычтарын алып келишти.

34 Кызылга боёлгон кой терисинен жасалган жабууну, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана далдалай турган көшөгөнү,

35 мыйзам салынган сандыкты, анын шыргыйларын, капкагын,

36 үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,

37 таза алтындан жасалган чырактанды, анын үстүнө коюлуучу чырактарды жана ага тиешелүү нерселердин баарын, чырактанды күйгүзүүчү зайтун майын,

38 алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, майлоочу майды, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу заттарды жана жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,

39 жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,

40 короонун жабууларын, мамыларын, алардын таканычтарын, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, аркандарын, казыктарын жана жыйын чатырында кызмат кылганда керектелүүчү буюмдарды,

41 ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, Арундун уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин алып келишти.

42 Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары бардык жумушту так ошондой аткарышты.

43 Муса алар аткарган жумуштун бардыгын карап чыгып, бардыгы Теңир буйругандай аткарылганын көрдү. Ошондо Муса аларга батасын берди.

40-БӨЛҮМ

Жыйын чатырынын ыйыкталышы

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Биринчи айдын биринчи күнү жыйын чатырын тик.

3 Анын ичине келишим сандыгын алып кирип, сандыктын алдына көшөгөнү ил.

4 Yстөлдү алып кирип, анын үстүнө идиштерин кой, анан чырактанды алып кирип, анын үстүнө чырактарын кой.

5 Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды алып кирип, келишим сандыгынын тушуна кой, жыйын чатырынын кире беришине көшөгөнү ил.

6 Курмандык чалынуучу жайды жыйын чатырынын алдына кой.

7 Жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.

8 Короону жабуу менен курча, короонун кире беришинин көшөгөсүн ил.

9 Майлоочу майды алып, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерсени ыйыкташ үчүн майлап чык, ошондо алар ыйык болот.

10 Курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап чык. Курмандык чалынуучу жайды ыйыкта, ошондо ал эң ыйык жай болот.

11 Жуунгучту жана анын түбүн майлап ыйыкта.

12 Арунду жана анын уулдарын жыйын чатырынын алдына алып келип, сууга жуунт.

13 Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунга ыйык кийимдерди кийгизип, аны майлап, ыйык кызматка дайында.

14 Анын уулдарын алып келип, аларга узун көйнөктөрдү кийгиз.

15 Алар Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, аларды да атасын майлагандай майла. Бул майлоо аларды түбөлүккө, укумдан-тукумга ыйык кызматка дайындаган майлоо болот».

16 Муса бардыгын Теңир буйругандай аткарды.

17 Жыйын чатыры экинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү тургузулду.

18 Муса жыйын чатырын тикти: анын таканычтарын орнотту, устундарын бекитти, шыргыйларын койду, мамыларын тургузду,

19 анан жыйын чатырынын үстүнө жабуу жапты, Теңир буйругандай кылып, алардын үстүнө дагы бир жабуу жапты.

20 Мыйзамды алып, сандыкка салды, шыргыйларды сандыктын шакектерине киргизди, сандыктын үстүнө капкакты жапты.

21 Сандыкты жыйын чатырынын ичине алып кирип, көшөгөнү илип, Теңир буйругандай, келишим сандыгын далдалап койду.

22 Жыйын чатырынын ичине, анын түндүк жагына, көшөгөнүн сыртына үстөлдү койду.

23 Теңир буйругандай, анын үстүнө Теңирдин алдына эки катар нан тизип койду.

24 Жыйын чатырынын ичине, үстөлдүн маңдайына, жыйын чатырынын түштүк жагына чырактанды койду.

25 Теңир буйругандай кылып, Теңирдин алдына чырактанды, анын үстүнө чырактарды койду.

26 Жыйын чатырынын ичине, көшөгөнүн жанына алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды койду.

27 Теңир буйругандай, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөттү.

28 Анан жыйын чатырынын кире беришине көшөгө илди.

29 Жыйын чатырынын алдына курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды койду, Теңир буйругандай, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып, нан курмандыктарын өрттөдү.

30 Анан жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын ортосуна коюп, суу куюп койду.

31 Андан суу алып, Муса, Арун жана Арундун уулдары колдорун, буттарын жуушту.

32 Теңир Мусага буйругандай, алар жыйын чатырына кирерде жана курмандык чалынуучу жайга жакындарда жуунушчу.

33 Жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегин жабуу менен курчап, короонун кире беришине көшөгө илди. Ошентип, Муса бардык ишти бүттү.

Жыйын чатырынын үстүндөгү булут

34 Ошондо жыйын чатырын булут каптап, жыйын чатыры Теңирдин даңкына толду.

35 Муса жыйын чатырына кире алган жок, анткени чатырды булут каптап, Теңирдин даңкына толуп турган эле.

36 Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолун улантышчу.

37 Эгерде булут көтөрүлбөсө, анда алар да, ал көтөрүлмөйүнчө, жолго чыгышчу эмес.

38 Анткени Теңирдин булуту Ысрайыл уулдарынын көз алдында жыйын чатырынын үстүндө күндүз булут болуп, түн ичинде от болуп, аларды жер кезип жүргөн учурунда коштоп жүрчү.