Салкын чарпаяда үч адам отурду. Үчөө тең өз алдынча ойго чөмүлүп, ар биринин өз алдынча чече албаган маселеси бардай. Жайдын бейпил түндөрүндө чымчык өз тилинде сүйлөп, чырт-чырт эткен үндөр чыгып, бак-шактуу короого көрк берген жарыктар өз алдынча кубангандай. Бирок түндүн кереметин, кооздугун сезбегендей үч адам тунжурайт. Алардын бири 50 жаштарга келип калган ак чач төрдө отурган адам эле. Бүркөө кабагы анын бир мүнөз экенинен, катаал, кээде таш боор болуп чыга келеринен кабар бергенсийт. – Кечке тиктешип отура беребизби эми, уктайбызбы?- деди ал кашын серпе ылдыйда отурган келинге кайрылып. Келин оор уйкудан ойгоно түшкөндөй селт этип алды да, бир нерсе айтканга оозун таптап барып кайра токтоду. Ыргылжың боло столдогу нерселерди жыйнаганга аракет кылды да: – Уктоочу бөлмө үп экен, мен бир аздан кийин уктайын дедим эле,- деди ал уруксат сурагандай. – Өзүң бил,- деп чорт сүйлөп ордунан туруп жөнөдү. – Жакшы жатыңыз, таяке,- деди үчүнчү отурган жигит. Жооп ордуна бир нерсе дегендей болду, бирок угулган жок. Келин кайрадан өз оюна чөмүлгөндөй. Келиндин үлбүрөгөн назик сулуулугу, бажырайган карегиндеги муңайым кайгысы турган турпатынан билинип жатты. Кимдир бирөө канатын сындырып коюп, жапан уяга туш келип калган чымчыктай эле. – Адел,- деди жигит бир калыптагы үн менен. – И-и?.. Кылчайып караган карегинен төгүлүп-төгүлбөй турган жашты көрдү. Бирок эч нерсе болбогондой токтоо үн катты. – Чарчадың, барып укта, таякемдин ачуусу келип тургандай. Ишинде бир нерсе болгон окшойт. – Айкөл байке...- Адел бир нерсе айта тургандай тамагына тыгылган жашты жутуп токтоп калды. – Эмне болду? – Мага барган сайын оор болуп бара жатат. Эмне кыларымды билбейм, мүнөзү күндөн күнгө татаалданып, жакшы сөзү жок. Мени... – Башка күнү сүйлөшөлү. – Сиз да мени түшүнгүңүз келбейт,- деди оор үшкүрүп. Кимдир бирөө зордогондой чарасыз ордунан туруп, уктоочу бөлмөсүнө бет алды. Жигит атайын унчуккан жок. Анткени бир аз эле башынан сылап же жоошута турган сөз айтса, көкүрөгүнө жыгылып ыйлап жибергенге даяр экенин сезип, кайдигер гана чөнтөгүнөн тамекисин издей баштады. Жигит түндү теше тиктеп ошол калыбында кала берди. Кирсең чыккыс бул кооз үйдүн ичинде жашаган үчөөнүн өз кайгысы, эч кимге айта албаган сыры, бири-бирине кол шилтеп басып кете албаган чечилгис түйүнү бар эле. Ал түйүн мындан көп жыл мурун чечилгис болуп түйүлүп, бул үч адамды бир жипке, бир тагдырга байлаган болчу...

ххх

Адел анда мектепти бүтүрүп жаткан. Ата-энеси жол кырсыгынан каза болуп, чоң энесинин колунда калган болчу. Турсун апа көзүнүн агы менен тең айланып чоңойткон небереси үчүн жаныңды азыр бер десе, бергенге даяр эле. Кыздын жибек чачынан сылап акырын үн катты: – Адел, турагой, жаным, сабагыңа кечигесиң. – Азыр, апа...- деген кызы көзүн ача албай уйкусурап апасынын көкүрөгүнө башын жөлөй эркелеп калды. – Бүгүн сабактан кийин Караколго барып таежеме жолугуп келсем болобу. Кечке телефон чалып жатат. – Ага эмне болуптур? – Билбейм, чакырды. – Баргың келсе барагой. Бирок кечинде кайра келип калганга жетиш. Кичине балдары менен үйдө отурган неме буулугуп сени чакырып жатса керек. – Болуптур, кечке чейин келип калам. Эгерде апасынын жүрөгү ошол күнү эмне болуп кетерин билсе, жанынан чыгарбай койбойт беле. Балапанын саамайынан өөп, узап бара жаткан караанын тиктеп туруп бир топто үйгө кирди. Эшигин чырылдаткан ким болду экен деп тиктей калган Жыпара Аделди көрүп сүйүнүп кетти. – Келдиңби? Апаң жакшы турабы? – Жакшы, сизге салам айтты. Сууктан апакай бети тамылжып турган кыздын көркүнө суктана карап, бир боорун көрүп тургандай кучактады. Адел маркум эжесинин көчүрмөсү эле. – Жүрү, өйдө өт. Баса, Зарема да үйдө... Зарема Аделден бир жашка эле улуу экенине карабай көптү көрүп койгон кыздардай болчу. Эрте чоңдордун жашоосуна аралашып, эрте жигит күтүп, эрте боёнуп баштаган. Чай ичип отурган соң ал акырын жыландын башын кылтыйтып баштады. – Адел, бүгүн Сүйүү күнү экенин билесиң да, ээ? – Ооба. – Бүгүн мени менен бир жерге барып майрамдап келбейсиңби? – Жок, кечке маал кайта кетишим керек. Апам урушат... – Ой, эч нерсе болбойт, бааланбачы эми. Чоңоюп калбадыңбы, качанкыга чейин апаңдын этегин кармап жүрө бересиң? Жаштык алып учуп турганда кичине гана учкун керек эмеспи. Аделдин жүрөгү түрсүлдөй согуп, тим эле укмуш жомок дүйнөгө кабылчудай апкаарып калды. – Апама чалып суранайын. – Койчу, апаң барып кел демек беле. Андан көрө айтпай эле кой. Тез эле барып келебиз. – Жок, апам укса капа болот, жок дегенде таежеме айталы. – Жеңеме айталы. Зарема тез эле Аделдин чачын жайып, бетине упа, боёк жаап жасантып жиберди. Адел күзгүдөн өзүн тааныбай элейип калды. – Кызык, такыр башкача болуп калдым го... – Боёнгонду билбейсиң да, карачы, супсулуу болуп калдың.Кыздардын баарынын жигитин тартып алып жүрбө,- деди кыт-кыт күлгөн Зарема бир аз Аделге ичи тарып. Ошентип жөнөп кетишти, оюнда эч нерсе жок биринчи жолу балга барчу Күлчү кыздай апкаарып бара жатты. Бейтааныш кызды жетелеп кирип келген Зареманы көргөн жигит-кыздар жандана түштү. – Келдиңби? – Оо, жаныңдагы периште ким? – Менин тууганым болот. Аты Адел. Адел, а булар менин досторум. Өз ара учурашып алышкан соң салтанат башталды. 1-курс болуп дуулдап турган немелер ичимдик ичип, айрымдары бирден кызды белден тартып бийге чакырып, үчүнчүсү ар кайсы бурчка барып өз ара бир нерселерди кызуу талкуулап жатышты. Мындайды көрбөгөн Адел тез эле жүдөй түштү. Жанына келген жигиттер менен суз гана сүйлөшүп, эптеп бул жерден кетип калгысы келди. Бир убакта эле Зареманын курткасын кийип сыртка чыгып баратканын көрдү. Коркуп кетип ордунан тура калды да: – Зарема, сен кайда? – Азыр келет бул...- деп Зареманы чыканактан алган жигит шаша үн катты. – Сен жок болсоң бул жерде отурбайм, чогуу кетели. – Кандай жапайы тууганың бар, биз өзүбүзчө сүйлөшө турган сөзүбүз бар. Сен тиги жигиттер менен сүйлөшүп, көңүл ачып турсаң,- деди тиги Зареманы жетелеп бара жаткан жигит. – Зарема!- деди корко Адел. – Ой, тез эле келем, сыртка чыгып сүйлөшүп келели деп жатат го,- деп жактырбай кагып салган Зарема сыртка жөнөдү. Жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү өзүнө угулуп, Адел шалдырай туруп калды. «Ка-ап, кайдан да муну угуп келе калдым эле. Апам да кабатырланып жаткандыр» деп ойлонуп жатты. Сыртка чыгып кетейин десе жети түндө кайда барарын билбейт. Аргасыз отуруп калды. Көп өтпөй эле кимдир бирөөлөр чырдаша кетти. Аделдин түшүнгөнү боюнча, чыр кыз талашуудан улам келип чыкты окшойт. – Ал сеники эмес, меники! – Энеңди, кандайча сеники, азыр көзүңө көрсөтөм ким экенимди... Адел коркконунан көзүн жумуп жиберди.

Кыз талаш болуп, болбогон жерден уруш чыгып эки жигит кармаша кетти. Көздөрү топтоголок болгон Адел дал ошол бурчта кептелип туруп калган эле. Бир маалда кайдан-жайдан жалаңдаган бычак пайда болду да, олбурлуу жигит тигинисине матырып алды. – А-аа!.. Ач айкырыкты салган жигит кулап түштү. Чурулдаган жигит-кыздар тапырап сыртты көздөй чуркап жөнөштү. Дирилдеп тиги баланын ичинен агып жаткан канды көрүп нес болуп туруп калган Адел гана кача албады. Бычакты кармап турган жигиттин көзүнө Адел уруна берди. Дароо колундагы канга боёлгон бычакты кыздын колуна кармата салып, ачык турган терезеден секирип түшүп, түн коюнуна сиңип кетти. Кыз бычакты ыргыта албай туруп калган учурда милиция кызматкерлери кирип келди. Бөлмөдө андан башка эч ким калбаганын кыз ошондо гана байкады. – Мына сага тамаша!- деди ал колунда кан куюлган бычакты кармап дирилдеп турган жапжаш кызды таң кала карап. – Байке, мен эмес... тиги... ал качып кетти... Тээтиги жакка качып...- деди мукактанган кыз эмне болуп кеткенине башы жетпей. – Карасаң, эне сүтү оозунан кете элек немелердин кылганын,- деди милиция кызматкери сүйлөнүп. – Мен эмес, мен жөн эле келгем...- деп жалооруган кыздын сөзүнө эч ким көңүл бурган жок. Жүзтөмөндөп жаткан жигит эбак эле үзүлүп кеткен экен. Билектерине кишен салынганда гана Адел эмне болгонун түшүндү. – Апа-а!- деп бакырып алды. Анын каршылыгына, көз жашына, жалынып жалбарганына карабай машинага салып узап кетишти.

ххх

Турсун апа кечке сарсанаа болуп Аделди күтүп жаткан. Телефонуна чалса өчүк. “Аа, чунагым, улактай секирип жүрүп менин сарсанаа болорумду унутуп калса керек” деп өзүн жооткоткону менен, жүрөгү дүпөйүл болуп турду. Таптакыр кечигип жатканынан таежесине чалса, ал дагы албай койду. Тиричиликке алаксып жүргөнчө тез эле күн кеч кирип кетти. Улам жолду акмалай берип чарчаган апа эмне кыларын билбей улам үйгө кирет, кайра чыгат. Бир маалда отурган боюнча көзү илинип кеткен экен. “Апа-а!” деп бакырган жапан үндөн жүрөгү кептеле түшүп ойгонуп кетти. Саатты караса түнкү 3 болгон экен. Адел! Оюна келгени ушул болду, чала-була кийинип сыртка чуркап чыкты. “Эми эмне кылам, катыгүн, кимге барам бул учурда? Ким мага машина айдап Караколго барып бермек эле?” деди карбаластаган ойлору. Оюна кошунасы Эсен келди да, дароо анын үйүнө келип дарбазасын кагып жиберди. – Тургулачы, кагылайындар, Эсен, Айша, Айкөл, барсыңарбы? Аңгыча эшик ачылып, кошунасынын эр жетип калган уулу Айкөл чыга келди. – Эмне болду, Турсун апа? – Адел шаарга кетти эле, ушуга чейин жок, телефону өчүк. Жанымды коёрго жер таппай калдым, балам, эптеп мени Караколго жеткир. – Азырбы? – Ооба, азыр, кызым бир нерсе болду окшойт, дегеле суранбай бир жакка чыкчу эмес эле. Жүрөгүм тынч эмес. Бир жакшылык кыл, балам. Суранып турган Турсун апаны аяп кеттиби, жигит тез кийинип короодо турган машинени от алдырды. Ушу учурда атасы чыгып кыйкырып калды. – Ой, жети түндө машинаны эмне кыласың? – Турсун апа Аделди издеп жатыптыр, шаарга барып келели дейт. – Эч кайда барбайсың, бирөөнүн кызын түн ортосунда издеп бензинди коротуп жүрөт белек. Жүргөндүр бир жерде... Корс чыккан эркектин үнү Турсун апанын жүрөгүн тешип өткөндөй болду. – Эсен, кагылайын... – Жок, эже, мындай караңгы түндө бере албайм машинемди. – Ата? – Алып кел ачкычты... Уулунун колунан машиненин ачкычын жулуп алып, шарт үйүнө кирип кетти. Томсоргон апаны карай албай жигит терс бурула берди. Эртеси Айкөл кечке акмалап жатып Турсун апа аялдамадан түшкөндө жетип барды. – Турсун апа, Адел кайда экен? Эмне болуптур? Эриндери кургап, кареги нурсуз караган апаны көрүп таң кала түштү. Адам бир күндүн ичинде ушундай карып кетеби? – Сизге эмне болду? – Эч нерсе, балам, эч нерсе болгон жок. Шалдырай басып бараткан Турсун апанын акыбалы чын эле оор эле. Таң атпай шаарга жетип барган ал каргашалуу кабарды угуп эсин жоготту. Бетине суу чачып араң эсине келтиришти. Чырылдап жүрүп кызына да жолуга алган жок. Керсары тарткан жүзү кумсарып араң үйгө жетип сулк жыгылды. Айкөл бул тууралуу бир аз убакыттан кийин укту. Жамандык жерге жатпайт деген чын белем, бул кабар чакан айылды чагылгандай каптап өттү. – Ий, жаман болгон тура, жибектей созулган эле кыз эле, кайдан минтип калды экен? – Турсун көзүн көп карап койду да, жалгыздан калган жалгыз деп. – Деги азыр жаштар башкача чыкты... Айкөл бул кабарды уккандан бери дендароо. Такыр ишенгиси келбейт. Адел, өз колу менен чоңойткон, ыйласа тургузуп, күлсө кошо күлгөн, карындашынан артык көргөн кыз мындай болот деп күткөн эмес эле. Жүрөгү ачышып чыкты. Азыр Адел менен орун алмаш десе, ойлонбой туруп орун алмашат болчу. Айкөл өз ойлорунан коркуп кетти.

ххх

Адел ачык турган күн бүркөлүп, башына каран күн түшкөндөй, коркунучтуу түштөн ойгоно албай жаткандай болду. Орой түртүп камерага киргизген милиция кызматкеринин эркинде гана болуп сенделип жүрө берди. Камера аталган бөлмөдөн төрт керебет, тамтыгы чыгып калган төшөк-жууркандар көзүнө урунду. Алы кетип бир керебетке отура кетти. – Канчадасың?- деген эркектей коркурап сүйлөгөн өйдөкү керебеттеги аялды көрүп коркуп тиктеп калды. – 18ге эми чыгам. – Канчанчы “ходкаң”? – Кандай дейсиз? – Канчанчы жолу отурушуң? – Мен биринчи жолу... Ыйламсыраган кыз айланасын коркуп карап алды. Тиги суроосу бүттүбү же кызыгуусу тарадыбы көпкө тиктеп турду да, ары карап жатып алды. Адел чыйрыгып чыкты, эки тизесин бооруна кыса бүрүшүп отуруп калды. Кечке маал тергөөчү чакыртты. Кирип келген кыздын сулуу жүзүнөн көзүн албай тиктеп калды. “Периште го” деди ойлору бузула. – Атың ким? – Адел. – Анда башынан баштайлы, качан, саат канчада бул кечеге келдиң? Баарын жашырбай кандай болсо, ошондой айтсаң өзүңө жакшы. Кыз баарын айтып берди. Ишенип коюшун өтүнүп жалдырады. – Билесиңби, сен өлтүргөн жигит кимдин баласы экенин? – Жок, мен аны тааныбайм. – Акимдин жалгыз уулу болчу. – Мен аны таанычу эмесмин. – Эми ал жомокту унут. Андан көрө “ооба, мен кылдым эле” деп өзүң эле моюнуңа алганың туура. Башка айлаң жок. – Жок! Мен күнөөлүү эмесмин, мен...- деп чаңырып жиберди. – Бас оозуңду! Тергөөчү жаактан ары берип калды. Сокку катуу тийди көрүнөт, Аделдин ууртунан кан сызыла берди. Мындайды күтпөгөн кыз алгач коркуп кетти, бирок оюнан кайткан жок. – Мен эмес, менин бул жерде күнөөм жок! Мен баары бир чындыкты айтам! Зордоп моюнума алдыра албайсыңар! – Делегой муну. Бешиктен белиң чыкпай жатып ал жакка эмнеге бардың анан? Аделдин көзүнөн жаш агып кетти. Камерасына келген кыз жаны ачып, ооруган оорудан да үрөй учурган абалга туш болгонуна башы жетпей, өңү же түшү экенин билбей жатты.«Түшүм болуп калса гана, эртең менен турсам үйдө, апамдын жанында болсом гана». Аттиң, бирок бул түш эмес эле, Адел ойгоно албады. Эртеси апасы менен жолукту. Көздөрү киртийип, жүдөп калган кызын көргөндө Турсун апанын дене бою дүркүрөп кетти. – Алда шорум, ай, сени ушундай абалда көрөт белем? Алдыңа кетейин көз мончогум, кандай абалга туш болдуң? – Апаке... Кыз кишен салынган колдору менен апасын кучактай албай, тек моюнунан гана жыттап, кичинесинен бери тааныш жыттын илебин искеп алды. – Апа, мен күнөөлүү эмесмин, мага жалаа жаап жатышат. – Каралдым, билем, сен күнөөлүү эмессиң. Сенин колуң андай нерсеге барбайт. Менин күнөөсүз балапаным. Кантейин эми, каратып туруп колумдан алдырып жибербедимби, садагам. Жанагы Зарема болбогондо сен ал жерде болбойт элең. Кантейин, эчен жолу ата-энеси менен туздаш, даамдаш болдум эле. Издеп барсам кызын бекитип алып таптакыр чыгарбай коюшту. Борборго кетип калган имиш. Жок дегенде «бул күнөөсүз, мен ээрчитип баргам» деп акыйкат сөзүн айтсын дегем. Жер сыйпалап таппай калдым. – Апа, бул жердегилер «күчтүү адвокат жалдаш керек» деп жатышат. Ансыз иш бүтпөйт экен. – Издеп жатам, кагылайын. – Апа, ага көп акча керек экен. – Табам, үйдөгү койду, уйду, керек болсо тамды да сатам, балам. Аман болсок, кийин таап алабыз. – Апам, апакем менин! Адел капканга түшкөн чаарчыктай көздөрү балбылдап, турушу аянычтуу эле. Турсун апа тегеренип чыдабай кетти. Ошол күндөн тарта безилдеп адвокат издегени издеген. Бирок иштин чоо-жайын түшүндүрө келгенде эле көбү адам колу жетпеген акча сурап, айрымдары каза болгон жигит чоңдун баласы экенин билгенден кийин баш тартып жатышты. Чарасыз эне, эч кимиси жок кыз... Тагдырдын буйругу менен бул окуяга Карыпбек Абышевич катышып калды.

ххх

Айкөл тээ алыстан илең-салаң бут шилтеп келе жаткан Турсун апаны көрүп, чекедеги терин аарчып ишин токтото утурлай басты. – Кандайсыз, апа, Аделди бүгүн көрө алдыңызбы? Чарчаңкы көзүн өйдө көтөргөн эне алдында турган жигитке ичи жылый карады. «Капырай, ушу корсулдаган Эсенден ушундай жибектей бала жаралат экен, ээ, тобо?» деп алды атасы менен уулун салыштырып. – Ооба, балам, жолуктум. – Эмне деди? – Эмне десин, күнөөсүз экенин, жанагы акмак Зарема азгырып барып таштап чыга бергенин айтты. Тиги шуркуяны такыр таппай жатпаймынбы, болбосо... Байкушумдун жаштыгынан пайдаланып таптакыр жүрөгүн түшүрүп салышыптыр. Тергөөчү акмак... Эне эриндерин титирете токтоп калды. Айкөл эмне кыларын билбей турду. Үн катпай Турсун апаны ээрчип келе берди. «Кимден жардам суроо керек? Ким куткара алат?» Юридикалык окуу жайда окуп жаткан жигит бул иштин баары бир Аделдин пайдасына чечиле калбашын сезип турду. – Турсун апа, «адвокат издеп жатам» дедиңиз эле, эмне болду? – Ылайыгы келбей жатат, балам. – Менин таякемди билесиз го, Бишкекте кыйын жактоочулардын бири. Мүмкүн, аны менен кабарлашып көрөбүз. Турсун апа ыргылжың боло баш чайкады. «Караколдун адвокаттарынын алкымын тойгуза алчудай эмесмин, анан борбордогусун кантип жалдамакмын?» деп ойлоп турду. Дили таза баланын көңүлүн калтырбаш үчүн акырын жылмайып алды. – Кандай мыкты жигит болдуң, Айкөл. Адамдын адамдыгы ушундай убакта билинет. Рахмат, балам, сен Адел экөөбүзгө күйсөң, сага да ошондой күйгөн адамдар табылсын. Ичинен алкаган аял үйүнө кирип кетти. Айкөл ошону менен тынч алып калбады. Эртеси Аделге жолугуу үчүн жөнөп кетти. Адел Айкөл менен кичинесинен бирге өскөн, моюнуна асыла эркелеп өзүнүн агасындай көрчү. – Айкөл байке-е...- деп ыйламсырап жиберди. Чачынан сылап, бооруна кыскан Айкөлдүн денеси титиреп кетти. – Ыйлаба, ыйлабачы... Баары жакшы болот,- деди үнү титирей. Жаагынан ылдый түшүп турган чачтарын кармалай берди. Жибектей жумшак, капкара чачтарын кичинесинен жакшы көрө турган, кээде Турсун апа жокто өрүп да берчү. Кыздын чачтарын сылап, эмне деп жоошутарын билбей жатты. Аз гана убакыт бөлүнөт экен, алып келгендерин берип, бир аз сүйлөшүп кайра артка кайтты. «Кандай кылсам да, эмне кылсам да Аделди түрмөдөн куткарып алуум керек» деди чечкиндүү.

ххх

Кабинетте ак аралай баштаган чачтарын суулап тараган, кабак алдында сүрдүү тиктеген адам отурду. Кабыл алуу бөлмөсүндө өзүн бир аял күтүп отурганын катчысы кабарлаган эле. Эми гана эстей коюп чакырып калды. – Мени бирөө күтүп жатат дедиң беле, кире берсин. Эшиктен кирген карапайым кийинген айылдык апаны көргөндө таң кала ордунан тура калды. – Келиңиз, кандайсыз? – Жакшы, кагылайын. Мен тиги Айша эжеңдин кошунасы болом. Сага алыстан атайлап келдим. – Угуп жатам. – Жээниң Айкөл сага барышымды, сен жардам берериңди айтып туруп алды. Өзү да ээрчип келди, азыр бир жакка чыгып... – Эмне болду эле?- деди аялдын узун сүйлөгөнүн жактырбагандай кабагын бүркөп. Турсун апанын жүрөгү сууй түштү. – Менин неберем, Аделим кырсыкка кабылып калды. Анын эч кандай күнөөсү жок. Эгерде колуңдан келсе жардам бересиңби деп суранып... Ушу жерге келгенде мукактанган эненин көз жашы төгүлүп кетти. Мындай жорук тиги кишинин кыжырын келтирип жиберди. Табиятынан аялдын ыйлаганын көтөрө алчу эмес. «Уф, ушу аялдардын көз жашы. Ишиң чачтан көп болуп жатканда муну сооротуп отур эми». Иштин чоо-жайын уккусу да келген жок. Катчысына чалып суу сурайын деп баратып эненин колундагы сүрөттү көрүп токтой калды. Турсун апа Аделдин сүрөтүн калтыраган колдору менен суна берди. – Мына, көрчү, ушу кенедей кантип бирөөнү өлтүрдү деп айта аласың? Кызым күнөөсүз жерден кабылып калды. Колуңдан келсе жардам бер, адамгерчилик кыл. Тиги дүйнөдө да, бул дүйнөдө сага карыздар болоюн, өмүр бою сага дуба кылып жүрөйүн. Жардам кыл. Кызым байкуштун ата-энеси, бир туугандары да жок. Жалгыз таянары менмин. Сүрөттө периштедей сулуу, жаш кыз жылмайып өзүн тиктеп турганын көрүп, жүрөк эркинен тыш болк этип алды... Карыпбек кимдир бирөөнүн элесин көргөндөй дирт дей түштү. "Тобо, ушунчалык да окшоштук болобу? Айгүлдүн өзү го" деди дирилдеген жүрөгү. Жазы маӊдайы, ак саргыл жүзү, уяӊ, мээрим менен караган бакыраӊ көздөрү да өзү болчу. Айгүл экөө үйлөнүп, тун баласын күтүп жатканда дал ушул куракта болчу. Андан бери эчен жыл өттү. Карыпбек Турсун апанын колунан сүрөттү алып, көпкө тиктеп турду. Өӊү кубарып, эчак өлгөн жубайы тирилип келип маӊдайында тургандай апкаарып кетти. Бир аздан соӊ өзүнө келди да, Турсун апага отуруӊуз дегендей жаӊсап койду. – Мен ишти түшүнбөй турам, мага окуянын кандай болгонун башынан айтып бериӊизчи. – Адел – жалгыз уулумдан калган жалгыз кыз. Ал кичине кезинде эле уулум келинчеги экөө жол кырсыгына учурап каза болушкан. Неберемди жалгыз чоӊойттум. Бир аз күн мурун «Караколдогу таежемдикине барып келейин» деп суранганынан көӊүлчөөк жаным макул деп койгон элем, анын кайын сиӊдиси азгырып бир кечеге алып барган экен. Ошол жерден кыз талаш болуп уруша кетишип, белгисиз бирөө бир жигитти сайып салыптыр. Окуя болгон учурда баары жабыла качып кетишип, жаштык кылып менин кызым эле калыптыр. Адел «бир жигит колума канга малынган бычакты кармата салып, терезеден ыргып түшүп качып кетти» дейт. Милиция кызматкерлери чыныгы күнөөкөрдү издебей, чымчыктай алсыз менин кызымды кармап калып кууратып жатышат. Соту деле адилет болоруна ишенбейм, мага «күчтүү адвокат гана алып чыга алат» деп айтышты. Ошентип сага келдим, балам. Колуӊдан келген жардамыӊды аяба. – Эже, мен азыр сизге ушул ишти колго алам деп айта албайм. Жакын арада Караколго барам, ошол жерден жолугуп сүйлөшөлү. Так жообун ошондо берейин. Турсун апа жолдо катар үмүт кылып келген эле. Башы шылкыя түштү. «Аа, кокуй, бул деле эптеп мени узатып жибергени жатат окшойт. Эми эмне кылам?» деп санаасы сапырыла түштү. Апа эшиктен чыгып кетери менен Карыпбек Караколдогу тааныштарына чалып, бул иштин чоо-жайын сурады. Кыраакы жан көп жылдык иш тажрыйбасынан улам кыз чын эле ак жерден караланып жатканын түшүндү. – Мен жакынкы үч күндө шаарда болбойм. Бардык жолугушууларды кийинки убакка жылдыр,- деди катчы кызга чыгып бара жатып.

ххх

Адел уйку көрбөй, киртийген көздөрүн балбылдата отурду, бир маалда бурчта отурган аял акырын жанына басып келип: – Кызым, курсагыӊ ачкандыр, жанатан бери кыймылдабай отурасыӊ. Минте берсеӊ өзүӊө эле жаман. Кел, андан көрө чай кой, тамак ичели,- деди. – Макул. Бул жакка келгени биринчи жолу мээримдүү үндү уккан Адел ордунан туруп чай койгону жөнөдү. Бул камерада төрт аял жатчу. Бири уурулук менен түшкөн корулдаган жоон үндүү аял, экинчиси азыркы мээрим көздүү аял, үчүнчүсү 28 жаштардагы Наргиз аттуу кыз болчу. Адел менен тиги аял биринчи жолу бул жайга туш келишсе, тигилер бул жайдын эшигин тытып бүткөндөр эле. Адел апасы алып келген нерселерден алып чыгып чай даярдай баштады эле, Наргиз ордунан тура калып колундагы баштыкты жулуп алды. – Эй, араӊ жан неме, алып кел алдагыларды! Силер жөн эле чай ичсеӊер деле болот. – Бериӊиз, аны апам алып келген. – Мага демектен чоӊ атаӊ алып келсин! Диӊкилдеген чоӊ неме Аделдин чырылдаганын чымын чаккандай көргөн жок. Сөзгө корулдаган семиз аял да аралашып калды. – Бул жер атаӊдын төрү эмес, улууларды угуп акырын жүрбөсөӊ, балээге каласыӊ. Наргиздин жинине тийсеӊ башканы кой, апаӊ сени тааныбай калат. Кыӊк десеӊ керектүү кишилерге салып берет, алдагы сулуу жүзүӊдөн эч нерсе калбайт. Адел буга чейин дүйнөнү өз дүйнөсүндөй таза, аруу көрүп жүргөн. Өзү билбеген жапайы, караӊгы, алдуусу алсызын кордогон аалам бар экенинен күмөн санабаптыр. Айласы куруп, көзүнө жаш тегеренди. Жаш жүрөгү майтарылып эзилип турду. – Кел, кызым, ал акмактарга теӊелбе. Нан менен деле чай ичебиз,- деди тиги аял саамайынан сылап. Жеӊи менен көз жашын аарчыган Адел столго жакындай берди. Карандай чай ичип отурушуп экөө сүйлөшө башташты. – Сиз эмнеге отурасыз?- деди кыз. – Тагдыр экен, кызым. Менин сени менен теӊ кызым бар. Андан кийинкилери уулдар. Байкуштарым эмне кылып жатышты экен? – Атасы кайда? Тиги аял ойго чөгө түштү. – Алардын атасын мен өлтүрдүм,- деди акырын гана. Адел чочуп кетти. Эми эле ушу аялга ыктап турган жаны алдынан өлүм чыккандай сестенди. – Коркпо, мен деле ушуга барам деп ойлогон эмесмин. Каргашалуу түнү жаным ачып кеткенде бычак менен сайып салдым. «Мени ушунчалыкка жеткирбе» деп эчен жолу айткам. Жок, такыр болбоду. Же мага, же балдарга тынчтык бербей, ичип алган күнү баарыбызды сыртка кууп чыкчу. Андан да жаманы – кийинки күндөрү кызыма да кол көтөрө баштады. Мен анын таягын өмүр бою көтөрүп жашап келдим, эми кызым калыптырбы? Бир күнү жумуштан чарчап келсем үй бек, балдарым чырылдап сарай тарапты көрсөтүшөт. Чуркап барсам кызымды сарайга камап алып кызылдай союп жатыптыр. Кызымдын болгон күнөөсү – көчөдө бир жигит менен келе жаткан экен. Мындай жырткыч атанын кимге кереги бар? Күлтүйгөн немеге алым жетпейт, чуркап барып ашканадан бычак алып келдим да, сайып салдым. Кызым ооруканага жатып чыкты, кабыргасын сындырып койгон экен зөөкүр. Мына ушундай, кызым, 18 жыл чыдап келген жаным сабырым түгөндү. Сөздөрү түгөнүп отуруп калды. Аделдин жүрөгү тыбырчылай согуп жатты.

ххх

Карыпбек машинесинен түшүп мейманканага кирди. Узак жолдон чарчаган жаны эртеӊки жумушун ичинен бир сыйра чууртуп алды. Кабагы өмүрү ачылбаган түнт адам чындыгында Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири эле. Болгону жеке жашоосунан жолу болбоду. Биринчи аялы бир жыл гана жашап, төрөттөн каза болгон. Ошол боюнча төшөк жаӊырткан жок. Бир-эки аял менен мамиле куруп жашап деле көрдү, бирок үйлөнгөнгө чейин жетпеди. Жалгыздык жанга баткан күндөрү машинесин айдап тоого чыгып, ошол жактан бир топ убакыт өткөрүп анан келчү. Ошончо жылдан бери көӊүлүнө бир да аялзаты жакпады. Колдон ала «турмуштун даамын бирге таталы» дегендерге сылык-сыпаа гана жооп берип койчу. Анын бул жоругуна жакындары, достору гана эмес, кээде өзү да таӊ калар эле. Ушинтип жай турмушту баштан өткөрүп жатканда аны таптакыр башка тагдыр күтүп турганын билбеди. Көрсө, Жараткандын ар бир адам үчүн өзүнчө сценарийи болот тура. Карыпбек Караколдун СИЗОсуна жакындап келип машинесин токтотту. Расмий документтер бүткөндөн кийин Адел менен жолугууга бет алды. Жаш кыздын көздөрү тынчсыздана тигилип, дагы бир жаман нерсе күткөндөй элейет. – Адел, апаӊ мен тууралуу айтты беле? – Жок, мага эч ким эч нерсе айта элек. – Анда алгач таанышып алалы. Мен Карыпбек Абышевичмин. Сенин ишиӊди мен алып барайын деп жатам. Бишкектен келдим. Апаӊ мага атайын барган болчу. Бирок өзүм ишти билип, анан жообун айтайын дегем. Иш менен бир аз таанышып чыктым. Сен мага ишенесиӊби, ишиӊди мага ишенип тапшырасыӊбы?..

Кыз алдында турган адамга ишенерин же ишенбесин билбей тиктеп турду. Ички туюму каршысында турган адамдан жалтактагандай. Кабагы бүркөө сүрдүү кишиден бирде коркуп, бирде ишенбей, же баш ийкей албай, же чайкай албай жатты. Мындай кырдаалда биринчи жардамга кол сунган адам ушул эле. – Биз сизге көп акча деле сунуштай албайбыз. Апам акчасы тууралуу сүйлөштүбү? – Алгач ишти жеӊип чыга аларыбызга, анан бири-бирибизге ишенели. Акчасы качпайт, ал жөнүндө апаӊ менен өзүм чечишем. Кана, мага болгон окуяны айтып берчи. Адел ошол күнү болгон окуяны ийне-жибине чейин айтып берди. Карыпбек Аделден чыккандан кийин жеӊил дем ала алдындагы иши тууралуу ойлоно баштады. «Демек, иштин учугу Заремада, аны тапсам, ошол жерде отурган балдарды табам. Милиция кызматкерлери эмнеге балдарды тапканга аракет кылышкан жок? Аларга жаш кызды отургузуп коюу менен ишти жаап салуу пайдалуу эмеспи. Азыркы заманда эч ким жамбашын көтөрүп иштегиси келбейт. Кандай жашоодо жашап жатабыз?» деди жаны ачый. Ага Зареманы табуу кыйын деле болгон жок. Болгону ал мушташкан балдарды таптакыр билбесин айтып, какшанып туруп алды. – Сенин айыӊдан күнөөсүз кыз түрмөдө жатат. Айтпасаӊ, демек, сенин да катыштыгыӊ бар болуп чыгат. – Байке, мен чын эле билбейм. – Анда ошол жерге барган балдар-кыздардын дарегин бер. Бир жерге жабышса чыкпай туруп алган мүнөзү бар эле, ошентип жатып бир нече балдардын дарегин алды. Акыры жиптин учугу да табылып, ошол күнү бычакты Аделдин колуна кармата салып терезеден качып чыгып кеткен жигиттин да изине түштү. Сүрдүү, адамдын ичи-коюнун аӊтара тиктеген неменин алдында тиги байкуш апкаарып отуруп берди. – Атыӊ ким? – Рустам. – Бир ай мурун 14-Февраль күнү кайда болгонсуӊ? – Үйдө. – Жаныӊды жебе! – Чын, байке, балдар отурушка чакырышкан, бирок мен үйдө эле болгом. – Жакшылап эстеп көрчү. Көзүн албай тиктеп турган немеден ого бетер коркуп, тердеп кетти. Карыпбек күнөөкөр жигит ушул экенин сезип турду. Айтор, айландырып жатып торго чалды. Айласы кеткен жигит акыры күнөөсүн моюнуна алганга аргасыз болду. Бир канча убакыттан кийин Аделдин күнөөсү жок экени аныкталып, акталып чыкты. Бирок аны тагдырдын темир тору күтүп турган эле.

ххх

Жанды кейиткен күндөр артта калып, Аделдин боштондукка чыга турган күнү да келди. – Кел эми, жолуӊ ачылсын, эч качан бул жактын босогосун аттатпасын,- деди камерасындагы жакшы санаалаш болуп калган аял. – Айтканыӊыз келсин, эже. Боштондуктун даамы ай, Адел көк асманды, бак-даракты, чаӊ баскан көчөнү биринчи жолу көрүп жаткансып таӊ кала тиктеп турду. Анан апасынын көкүрөгүнө башын жөлөй берди. – Кагылып кетейин, чүрпөм, буюрса, аман-эсен чыктыӊ, Жаратканга шүгүр. – Апа, бул жерден тезирээк кетеличи,- деди Адел. – Макул, балам, экинчи бул жерди көзүбүз көрбөсүн, тез жөнөйлү. Карыпбек байкеӊ да күтүп турат. Адел Карыпбекти көргөндө бир аз кысыла түштү. Ал билинер-билинбес жылмайып койду да, жакын келип колун кыса кармады. – Куттуктайм, Адел! Жакын арада дагы көрүшүп калабыз деп ойлойм. Эми эч нерсени ойлобо, баары жакшы болот. – Рахмат, байке!- дирилдеген кыз колун тартып алганга шашты. Тиги киши да муну сездиби, колун бошото Турсун апа менен баш ийкеше коштошуп жүрүп кетти.

ххх

– Апа, Карыпбек байке канча акча сурады? Үйгө келип түлөө өткөрүп, кызын жуунтуп, чачын өрүп отурган Турсун апа селт дей түштү. Негедир үн каткан жок, алда кандай ойлорго батып тургандай. – «Бардык малды сатам» деп жаттыӊыз эле го, баары эле үйдө турат. – Кызым, ал тууралуу ойлонбо. Төшөгүӊдү салып койдум, чырагым, уктайгой. – Апа, сизди сагындым, бүгүн сиз менен жатам. – Эркем десе, өзүӊ бил. Убараланып кайра төшөк салып жаткан кызын карап алып апа тымызын үшкүрө берди. Адел тез эле уйкуга кетти. Анын чачын сылай үшкүрүп жаткан Турсун апа кирпик көзүн ирмебей таӊ атырды. Кайра-кайра Карыпбектин сөзүн эстейт: – Эже, ачыгын айтайын, мага акчанын кереги жок. Негизи ачык сүйлөгөн жанмын, мындан бир канча жыл мурун жарымды жоготуп алгам. Ошончо жылдан бери аял алганды ойлонмок турсун, элестеткен да эмесмин. Бирок сиздин кызыӊызды көрүп... Ал менин жан дүйнөмдү аӊтарып салды. Адел башкача кыз. Көп жылдан бери аны гана күтүп жашап жүргөндөймүн. Кыскасы, сөздүн ток этер жерин айтсам, эгерде мен кызыӊызды бул капкандан кутултсам, Аделди мага кыйыӊыз. Мен аны алаканыма салып багып алам. – Айланайын, менин кызым сенин балаӊдай эле болуп турбайбы, убалдан корк, кагылайын!- деп безилдеп жибергенин эстеди. Бирок Карыпбек үнсүз гана тура берди. Турсун апа акыры кызын бергенге макул болгон эле. Ошондон бери чырактай кызын маӊдайында турган улгайган адамга ыраа көрбөй, жашоонун адилетсиздигине капа болуп чыркырайт. Ошол көкүрөгүндө калган үнсүз кыйкырык азыр кыйнап жатты. Алгач эптеп эле ушул капкандан кутулсак, калганын көрөбүз деген. Ал күнгө да жетти. Адел боштондукка чыккандан кийин чөйрөсүнө кошула албай катуу чүнчүдү. Жакшы окуп, мектептин алдыӊкы бүтүрүүчүлөрүнөн болчу, азыр болсо сабакка да баргысы келбейт. Көчөгө чыкса эле баары сөөмөйүн көрсөтүп мазактачудай сезиле берет. Анын үстүнө СИЗОдо жатып көп убакыт сабагын калтырып койгондуктан, кыздын абалын түшүнгөн мугалимдер «келбесе деле аттестатын жазып беребиз, биз деле түшүнөбүз» дешкен экен. Ошентип керели-кечке үйдө отурат, мындан ары кандай кыларын, эмне кыларын билбей башы маӊ. – Апа, мен Бишкекке кетейин, балким, иштээрмин, же окууга өткөнгө аракет кылам,- деди бир күнү. – Балам, коё турчу,- деди ары жагын айта албай күйпөлөктөгөн апа. – Апа, мага көптөн бери бир нерсени айта албай кыйналып жүрөсүз, балким, айтарсыз. – Эмнени айтмак элем? Азырынча жөн гана эс алып турчу, анан көрөбүз. Турсун апа башка жооп айта албай сыртка чыга качты. Дайыма кайратын жыйып айтканга камданат да, кызынын жаштыгын аяп тим болот. Бир күнү Карыпбек Аделге чалды. – Кандайсыӊ, Адел, ден соолугуӊ жакшыбы? – Жакшы, байке, рахмат. – Апаӊ сага мен тууралуу айттыбы? Мен жакында силер жакка барам. Ошол тууралуу сүйлөшөйүн дедим эле. – Апам мага эмнени айтмак эле? Телефондун артындагы үн бир паска үндөбөй турду да, трубканы коюп койду. Адел сырттан кирип келген Турсун апаны карап акырын үн катты. – Карыпбек байке чалды, «апаӊ сага бир нерсени айтмак эле» дейт. Апа, менден эмнени жашырып жатасыз? Мен чоӊоюп калбадымбы, баарын түшүнөм. Айта бериӊиз... Турсун апа көзүн ала качты. Маркум уулу көз алдына тартылып «апа, ушул кичине кызымды сактай албадыӊ, бул эмнеӊ?» деп таарынып жаткандай туюлду. – Адел, Карыпбек сени ажалдын оозунан сууруп чыгып, мага кайра кайтарып бергендей болду. Кандай болгон күндө да тамды, колдо бар малды сатып, анын карызынан кутулам деген элем. Бирок ал акча тууралуу такыр оозанган жок. Көрсө, карт бөрүнүн көздөгөнү башкада тура... – Көздөгөнү мен бекем?- деди Адел акырын гана. – Кагылайыным ай,- эне башка сөз айта албай отуруп калды. Кыз үн каткан жок. Ыйлап апасын беймаза да кылбады. Тек гана шырдактын оймолорун санагансып ойлуу отура берди. Карыпбектин көз карашы башкача экенин ал бир көргөндө эле туйган эле. Ошол ойдон качып, андай болбой калса экен деп боюна жууткусу келбей жүргөн. Бирок канчалык качса да, тагдыр аны кууп жетип алат тура. Бир топто гана ойлорунан ойгонуп, телмирип отурган апасын карап аяп кетти. – Апа, мен аны менен өзүм сүйлөшөм. Тагдырым ушундай экен. Капа болбочу, дагы кан басымыӊ көтөрүлүп кетет. – Карышкырга кой кайтарткан экем, балам, бирок түрмөдө отургандан көрө бул адамга турмушка чыкканыӊ деле жакшы. Билем, теӊиӊ эмес, көӊүлүӊө туура келбейт. Мен сени өз теӊиӊе жаркыратып узатам деп кыялданчу элем. Кантейин, болбоду. Эне-баланын ортосундагы бул сүйлөшүүдөн соӊ бир жумадан кийин Карыпбек Турсун апанын үйүнө келди. Аделдин жашоосундагы эӊ оор жолугушуу да, сүйлөшүү да ушул болду көрүнөт. – Карыпбек байке, мен сизге ыраазымын. Эч ким алып чыга албаган ордон алып чыктыӊыз. Апамдан менин колумду сураган экенсиз, мен сизге өзүм жооп берейин... – Адел, алгач менин тарыхымды угуп көрчү. Мен сен ойлогондой жаш кызды көрө калып шилекейин чууруткан адам эмесмин. Көп жыл жалгыз жашадым, жалгыздык жанымды кыйнаганына быйыл 20 жыл болот. Аялым туӊгуч наристебизди жарык дүйнөгө алып келип жатып каза болгон. Анын жүрөк оорусу бар экенин, бала төрөө анын өлүмү болорун билип туруп токтоткон жокмун. Ал дагы мени балалуу кылгысы келди. Ушунча жылдан бери экөөнүн өлүмү үчүн өзүмдү жазалап келдим. Мындан аркы өмүрүмдү деле жалгыз элестетчүмүн. Бирок апаӊ сенин сүрөтүӊдү алып келген күндөн баштап жан дүйнөмө бүлүк түштү. Өмүрүмдүн көктөмү менен биротоло коштоштум деген элем. Бирок тагдыр кайра мага жаз тартуулады. Мен сени көрбөй туруп сүйдүм, кандай адам экениӊди билбей туруп махабатка мас болдум. Кандай болсо да эми сени колдон чыгарбайм. – Мен... – Адел, азыр мага көнө элексиӊ, сага чоочун болуп жатышым мүмкүн. Бирок колумдан келет. Сен мени, мен сени бактылуу кылабыз. Азыр эч нерсе дебе, бир гана мени билгенге аракет кылып көр. Карыпбек андан аркы сөздү уккусу келбей, сөз бүттү дегенсип ордунан туруп кетти. Аделде тагдырына баш ийгенден башка айла калбады. Кээ бир адамдар болот, кандай болсо да абалдан амалкөйлүк менен кутулуп кете турган, айрымдары болсо башына кандай тагдыр туш келсе да каршылык кылбай баш ийип жашап калышат. Адел да табиятынан назик, өтө жумшак, эч кимдин көӊүлүн оорутууну каалабаган кыз эле. Өзүнөн улуу, таптакыр көӊүлү келбеген адамга турмушка чыгарын ойлогондо турган ордунан безе качып, эч ким таппаган жайга жашынып калгысы келип жатты. Бирок сыртынан анын бирин билгизбеди. Сыягы, көзүнүн жашын көл кылып жүргөн апасын аяды окшойт. Ортодон аз убакыт өтпөй Адел Карыпбектин аялы катары анын үйүнүн босогосун аттады. Бул учурда Айкөл чет өлкөгө билимин тереӊдетүү үчүн окууга кеткен эле. Ортодо мындай иш болуп кеткенин таптакыр билген эмес. Карыпбек таякесинин үйүнөн жоолук салынып жүргөн Аделди көрүп, ордуна тура албай калды. – Сен бул жакка кандайча келип калдыӊ? Ушунча убакыттан бери ички бугун эч кимге айта албай жүргөн Адел Айкөлдү көргөндө чыдабай кетти. Буркурай моюнуна асылып ыйлап жиберди. – Адел, мени карачы, сен өз эркиӊ менен келдиӊби? – Айкөл байке, менден эч нерсе сурабаӊыз. – Кандайча, кантип? Айкөл ушул сөздөрдү күбүрөп бакчадагы көк чөпкө отура калды. Бул иш үч уктаса түшүнө кирген эмес. Адел менен таякеси... Таптакыр коошпогон, бири-бирине төп келбеген эки башка дүйнө. «Бул эмне деген адилетсиздик?!» деп жатты жан дүйнөсү куйкалана. Бирок бул тагдырды Айкөл эмес, андан зор касиеттүү күч да өзгөртө албай калган. Карындашындай көргөн Адел таажеӊеси болуп калганына такыр көнө албай койду. Жеӊе деп да айта албайт, жоолук салынып алып улуу-кичүүгө жүгүнүп жаткан Аделди тиктеп калат. Көп деле шаан-шөкөт менен коштолбогон той тез эле бүттү, келин заӊгыраган үч кабат үйдүн кожойкеси болуп отуруп калды. Тагдырына баш ийип «көнүп кетем» дегени менен, таптакыр көнө албай койду. Карыпбектин жашоосундагы нерсенин баары жат эле. Ал тургай алтын-күмүшкө бөлөп койгонуна да кайдигер. Башка кыз болсо жалтырак-жултуракка кызыгып кетет беле, Аделдин жан дүйнөсү ал нерсени да кабыл албады. Чүнчүп, арыктап, ооруп, кабагы ачылбай жүргөн жаш аялынын абалын Карыпбек да сезип жүрдү. Анын бир ойлогону – аялынын боюнда болуп калса, бала менен алаксып көнүп кетер беле деген эле... Бир күнү ушул оюн ортого салды. – Адел, доктурга барып көрүнүп келбейлиби? – Эмнеге? – Эми, балалуу болсок жакшы эмеспи? Аделдин көздөрү чоӊоё түштү. Ал азыр абалдын мындан ары өзгөрүп кетишине таптакыр даяр эмес эле. – Жок, мен барбайм, ден соолугум жайында эле,- деп жиберди шашыла. – Эмнеге көӊүлүӊ ачылбайт? Асмандагы айды алып бер десеӊ да алып берет элем, чет өлкөгө барып эс алып келели десем да жок деп койдуӊ. Айтчы, деги сенин жадырап жүрүшүӊ үчүн эмне кылышым керек? Адел оор улутунуп койду. Эмне дейт? Бул дил азабы экенин, көӊүлү жок экенин кантип түшүндүрөт? Бир чети көзүнүн агы менен теӊ айланып жатканы үчүн Карыпбекке да боору ооруп кетет. Кантсин, бечара, «эмне жейсиӊ, эмне ичесиӊ?» деп эле турат. Башын көтөрүп эмне дээрин билбей, Карыпбекти тиктеп туруп калды. Карыпбек келиндин көзүнөн өөп койду. – Антип карабай жүрчү. – Эмнеге? – Өзүмдү акмак сезип кетем ушул көз карашыӊдан. Ушул сөз менен дилиндеги нерсени айтып алды. Жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Аделге эми биринчи күндөрдөгүдөй оор болбой калды. Күйөөсүн берилип сүйбөсө да, боору ооручу. «Сүйбөсөм да, жок дегенде аялдык милдетимди толук аткарайын» деп үйдө үй кызматчысы болгонуна карабай күйөөсү менен Айкөлгө өзү тамак жасап берчү. Кичинесинен жумушка бышкан ал тынч отура алчу эмес. Бакчаны да өз колуна алып, ага чанда жолукчу гүлдөрдү эгип, өзүнө-өзү иш таап алса кубанар эле. Тилегени эле Айкөл байкесинин бул үйдөн кетип калбашы. Кичинесинен чогуу өскөнү үчүнбү, кадимкидей аны дем кылып, ага-карындаш катары эркелеп алар эле. Бир күнү оор улутунуп алды. – Айкөл байке, кайсы бир күнү бул үйдөн кетесиз да, ээ? Жигит бул суроону күтпөсө керек, шашып кетти. – Эмне болду? – Сиз жок мен эмне кылар экем? Мага аябай оор, жок дегенде сиз менен сүйлөшүп алаксып калам. Кайсы бир күнү кетип калышыӊызды ойлогондо аябай коркуп кетем. Жашоо ушундай эмеспи, баары биз каалагандай болбойт тура. – Ой, биздин кичинекей Адел чоӊ адамдай сүйлөп калган го,- деди Айкөл тамашага бурмакка. – Эми чоӊойбогондо эмне кылам? Турмуш мени тез чоӊойтуп койду. – Эк, сени десе... Эч нерсеге капа болбо, мен сени эч качан таштап кетпейм. – Кантип эле, эртеӊ үйлөнөсүз, өз уяӊызды курганга аракет кыласыз. Билесизби, бир жылы биздин үйгө чабалекейлер уялаган болчу. Эки балапан чыгарышкан. Сиз экөөбүз аларды тиктеп отура берчүбүз. – Эсимде... – Мына ошол чабалекейлердей өз уябыз болот экен. Мен өз уямды тапканым менен, баары бир бул жерде чоочунмун. Таякеӊиз балалуу болсок эле баары ордуна келет деп ойлойт, бирок мен... – Болду эми, тентек кыз. Мен сага айтпадымбы, сени жалгыз таштап эч кайда кетпейм. Жок, сенде баары жакшы болмоюнча, Адел мурункудай бактылуу жадырап-жайнамайынча эч жакка кетпейм. – Сөз бересизби? – Сөз берем! Мурдунан чымчып эркелетип койгон Айкөл артынан Карыпбектин жөтөлгөнүн угуп селт чочуду. – Кандайсыӊар, сен эрте келдиӊби, Айкөл? – Ооба, таяке, бүгүн кеӊседе көп деле иш болбоду. – Иш аз десеӊ мен сага чоӊ тапшырма берет элем. Карыпбек кызганып кеткенин билдирбегенге аракет кыла калп күлүмүш болуп калды. Башынан эле Аделге чымын конушун каалабаган неме ушул окуядан кийин экөөнүн сүйлөшүп калганын көргөндө кызганычтан ордун таппай кетчү болду. Канчалык жашыргысы келип, бул ойду өзүнө жууткусу келбегени менен, ичтен жеген кызганыч аны ар кандай ойлорго түрткүлөчү. Бирок канчалык экөөнүн мамилесин аӊдып, кыраакылык менен байкаса да, экөөндө ага-карындаштан башка жылуу сезимди көрө албады. Ансайын өзүнө-өзү жини келип кетет. «Карыганда мени Кудай урду го. Өзүмдүн жээнимден кызганып» деп күбүрөнүп калчу. Экөөнүн мамилесинде эч кандай ыпылас нерсе жок экенине көзү жеткенден кийин аларды жайына койду. Ал тургай Аделди Айкөлгө ишенип тапшырып кете турган. Айкөл болсо канчалык аракет кылса да, бул үйдөн чыгып кете албады. Окурман, ушул жерден бир чоӊ сырды ачып койбосок, сизге да түшүнүксүз болуп калчудай. Айкөл кичине кезинен баштап эле Аделди балалык махабаты менен сүйчү. Күнөөсүз достуктан, таза балалык сезимден жаралган нерсе чоӊ сүйүүгө айланып кетерин ал кезде эч ким билбесе керек. Өз сезимин жеткире түшүнө албай, ал тургай аны жан адамга айткандан коркуп жүргөн маалда колунан жулдуруп ийгендей болду. Аделге болгон сезимин эрте айтпаганына, өз колу менен картаӊ таякесине түрткөнү үчүн кандай гана азап тартпады. Кир кол менен кармагыс асыл адамына башка адам ээлик кылып алганына жаны катуу сыздап жүрдү. Бирок көкүрөктө бугуп жаткан махабатын акылдын, эрктин күчү менен басып, өзүнөн башка эч бир жанга шек алдырбады. Атүгүл Адел дагы анын сезими тууралуу билчү эмес. Болгону бир гана адам бул жөнүндө шектенип калган. Аделдин таякесинин аялы болгонун укканда өӊдөн кеткен Айкөл чарбакты көздөй баскан. Ичи эӊшерилип, биринчи жолу эркек башы менен ыйлаган эле. Ошол учурда аны Турсун апа көрүп калган. Мурунтан эле кызын көргөндө Айкөлдүн кабагы жарк эте түшкөнүн байкаган ал жигитте тымызын сезим бар экенин билген. «Аттиӊ, Аделимдин кадырына жете турган жашташ, кадырлаш жар болмок экен» деп ичинен сызып калганы бар. Бирок болор иш болгондуктан ал дагы бул сырды көкүрөккө катканга аргасыз болгон эле. Ортодон жылдар өтүп жатты. Башында секелек кыздай болгон Адел эми баралына келип, керилген келин болду. Дене-мүчөсү да келишип, бою өсүп, көздүн сугу түшө турган жан болду. Көздөрү сырдуу балбылдап, ак саргыл өӊүнө капкара чачтары куп жарашып, көчөдө басканда көптөрдү карата турган көркөм жан эле. Айкөл окуусун бүтүп жеке юридикалык компания ачып, башы менен карьерасына киришкендей. Бирок дагы деле таякесинин үйүнөн кетип кала албай, Аделди кыя албай жүрдү. Үмүт деле кылбайт, болгону күндө ушул жандын үнүн угуп, жүзүн көрүп турганына ыраазы. Андан аркысын таптакыр ойлогусу келчү эмес. Карыпбек анын кете албай жүргөнүн өзүнө байланыштырып, менин беделим, кадыр-баркым менен дагы да болсо ишин илгерилетип алмакка, чогуу иштеп тажрыйба топтогонго аракет кылып жатат деген ой менен жүрдү. Айтор, үч адам теӊ өзүн-өзү алдоо менен жашап жүрүштү. Карыпбектин бирден-бир кыялы – балалуу болуу эле. Эчен жолу Аделди доктурга текшертсе да, баары жайында экенин айтышкан. Андыктан өзү текшериле баштады. – Карыпбек Абышевич, сиз менен ачык сүйлөшүү керек деп ойлойм. Бүгүн бардык сурооӊузга жооп аласыз,- деди дарыгер. – Айта бергиле, мен баарын укканга даярмын. – Биздин клиника эӊ мыкты жана тажрыйбалуу экенин билесиз да. Сиздин ден соолугуӊузду кылдат текшерип чыктык. Ачык айтууга аргасызбыз, сиз балалуу боло албайсыз. – Кандайча? – Муну бир нерсенин таасиринен деп айта албайм, балким, жашыӊыз өйдөлөп калгандыктанбы же башка себеби барбы, билбейбиз. Күйөө катары милдетиӊизди аткарганыӊыз менен, сизде балалуу болуу мүмкүнчүлүгү аз же дээрлик жок десек болот. Эгерде башка жерден текшерилип көрөм десеӊиз өз эркиӊиз. Карыпбек бул сөздөрдөн денеси ичиркене түшүп, кабинеттен шарт чыгып кеткенге аргасыз болду...

«Үмүтүм ушунда эмес беле, эми эмне кылам? Аделге эмне дейм?» Эчен жылдан бери мынчалык кыйналган эмес эле, санаадан саргара түштү. Эч нерсеге көӊүлү келбей, кечке шаарда каӊгып басып жүрдү да, кечке маал үйгө келди. Ушул короо жай, чарбактагы гүлдөрдүн баары анын сырын билип алгансып кыжырданып жатты. Айкөл жаӊы чыккан бүлдүркөндү ала келип чарпаяда Адел экөө жеп отурушкан эле. Каары көзүнө төгүлүп кирип келген Карыпбекти көргөндө экөө теӊ ордунан тура калышты. – Кандайсыз, тынччылыкпы, таяке? – Жакшы, силер эмне кылып жатасыӊар? – Бүлдүркөн жаӊы чыгыптыр, ошону... – Эмне, андан башка эрмегиӊер жокпу?!- кекерлеген Карыпбектин сөзүн түшүнбөй, экөө теӊ бири-бирин карап туруп калышты. – Чарчадыӊызбы?- деди Адел акырын гана. Жини келип өпкөсү көөп, бирдин ичинен чыга тургандай болуп жаткан Карыпбекти эсине келтирген ушул назик үн болду. Өзү да байкабай жоошуй калды. – Чарчадым,- деди ал күӊк эте. Тигилерди күнөөсүз урушканына өзү уялгандай терс бурула басып кетти. «Кечиргиле мени» деди ичинен. Өз бөлмөсүнө кирип галстугун чечип бир жакка, костюмун чечип бир жакка ыргытып жиберди. «Эмне кылуу керек? Өзү жаш, сулуу болсо, же ортобузда кармап турган балабыз болбосо канчага кармалат? Эмне менен кармап калам? Байлыкка кармала турган жан эмес». Көкүрөгүндө Адел аны таптакыр сүйбөсүн, жөн гана ыраазычылык үчүн жашап жүргөнүн билчү. Коркунуч жүрөгүн каптап алды.

ххх

Кереметтүү жаздын күндөрүнүн биринде Тимур таӊ ата көзүн ачты. Жумушка бара турган убактысы болуп калган экен, сергек туруп кетти да, душка түшүп, сакал-мурутун алып, тизилип турган көйнөктөрүн тандап, ага карата галстук карап жатты. Жигит өзүнө-өзү ыраазы. Өзү да жаш, келбеттүү, сулуу эле. Ишенген беделдүү жерде иштеген ата-энеси, өзүнүн иши, далай кыздын жүрөгүн күйгүзгөн келбети, айтор, жаш жигитке эмне керек болсо, ошонун баары Тимурда бар эле. Эшиктен кирип келген апасы анын даярданып жатканын көрүп ичи элжирей түштү. – Тима, бүгүн эрте келе аласыӊбы? Атаӊ экөөбүз бир кызыктуу адамды конокко чакырганбыз. Сен да аны менен таанышып алсаӊ зыяны тийбейт. – Ким экен ал? – Карыпбек Абышевич. – Болуптур, апакеси, сиз айткандай болот,- деди Тимур кайдигер гана. Өз оюнда болсо бүгүн түндү кайсы кыз менен өткөрсөм деп турду. Тимур үчүн аялдардын сулуулугу өзгөчө мааниге ээ эле. Ал эч качан алардын ички дүйнөсүнө маани берчү эмес, жылтырак өӊ болсо эле артынан ээрчип кетчү. Анан да өзүн ээрчип көз жаш төккөн кыздарга кайдигер эле. Өзү тереӊ сүйө албаган жеӊил жан башкалардын да сезимин жеӊил кабыл алчу. Ушундай жеӊил жашоо, ийгилик аны өмүр бою кошточудай жашар эле. Атасынын аркасы менен Ак үйдө иштеп, жаш саясатчы аталып жүргөн бул жигитте дымак да, өзүнө өтө ишенимдүүлүк, текеберлик да бар эле. Тагдыр, кокустук деген кызык тура. Ошол күнү Тимур апасынын сөзүн эстен чыгарып, адатынча түнкү клубга достору менен жолугууга бара жаткан эле. Телефонун караса апасы бир нече жолу чалган экен. Адатта көӊүл деле бурбай койчу жаны бул жолу эмнегедир үйүн көздөй жөнөдү. Машинесин токтотуп үйгө бет ала турган болгондо короодо жалгыз турган аялзатынын караанын көрүп калды. Тимурга далысын салып турган келин өзүн бирөө карап турганын байкабады. Үстүндө жөнөкөй көйнөк, узун чачын жарашыктуу өрүп койгон, тал чыбыктай сымбаттуу Адел Тимурдун көзүнө асмандан түшкөн периштедей көрүндү. Келиндин турган турушунда сөз менен айтып бере алгыс сулуулук, назиктик бар эле. – Сен кайдан чыга калдыӊ, периштем?- деди ал Аделдин желкесине келип акырын шыбырай. Адел коркуп кетип жалт бурула берди. Келинден өзгөчө жыпар жыт уруп, Тимурду ого бетер мас кылып жиберди. – Ай!- деп чочуп кеткен Адел боюн жыйганга үлгүрбөй кеӊ далылуу жигиттин кучагына кулай берди. Көз ирмемдик гана убакыт... Экөө теӊ ток ургандай селт эте биринен бири алыстай берип тиктешип калышты. Адел алдында турган келишимдүү, жайдары жылмайган жигитке тигилди. «Бир дагы боёк жок табигый сулуулук» деп суктанып алды Тимур. – Атыӊ ким, сулуу кыз? Адел апкаарып кетти, үн ката албай үйдү көздөй тез-тез басып жөнөдү. Жүрөгү атып кетчүдөй түрсүлдөп жатты. Кирип келгенде эле: – Сага эмне болду? Коркуп кеттиӊби?- деген күйөөсүнүн суроосуна да жооп бере албады. Башын чайкай өз ордуна отурду. Тимур бир топтон кийин коноктордун үстүнө кирди. Өздөрү да байкабай, Адел экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. – Кел, балам, мынча эмне кеч?- деди Тимурдун атасы. – Таанышып ал, бул Карыпбек Абышевич. Юристтердин дөө-шаасы деп койсок болот,- деди тамашалай. – Бул болсо менин жалгыз уулум Тимур. Кесиби боюнча юрист, бирок саясатка кызыгып алып, анын казанында кайнайм деп жүрөт. Эптеп ушул иниӊе көз кырыӊды салып, тажрыйбаӊдан бөлүшүп жөлөп-таяп жүрсөӊ, Каке... – Саламатсыздар?- Тимур күлүмсүрөй Карыпбек менен кол алышты. Карыпбек да аны жылуу тиктеп турду. «Мына, мени менен теӊдердин балдары минтип бой жетип, ата энесине жөлөк-тирек болуп калды. А меникичи, мен эми чындап эле баласыз өтөмбү?» деп эски жараты тызылдап кетти. – Сиздин ишиӊизге элдин баары суктанып жүрөт. Сиз киришкен иш акыры жакшы болбой койбойт дешет. Сиз менен көптөн бери таанышсамбы деп жүргөм, Карыпбек байке. А бул сулуу сиздин кызыӊыз болсо керек?- деди Тимур Карыпбекке кайрылып жатканы менен, дагы деле Аделден карегин тарта албай. Дасторкондо отургандардын баары оӊтойсуз боло түшүштү. – Жок, Тимур, жаӊылышасыӊ, бул менин өмүрлүк жарым,- деди Карыпбек салмактуу. Тимур кызарып кетти. – Кечиресиздер, мен билген эмесмин. – Балам, колуӊду жууп келип биз менен отур,- деп жиберди апасы абалды оӊдомокко. Тимур шарт сыртка чыгып кетти. Тамекиден дембе-дем тартып, колдорун майда калтырак басып кеткенин байкады. Көз алдына дагы деле гүл бурак келин тартыла берди.

ххх

Карыпбек үйүнө келгенде өӊү керсары тартып турган Аделди байкап, үстүнө үйрүлө калды. – Эмне болду, суук өтүп калдыбы? – Жок, баары жайында. Бир аз сыртка чыгып дем алып келейин,- деген келин күйөөсүнүн кучагынан чыкканча шашты. Сыртка чыгып көкүрөгүн кере дем алып эс ала түшкөндөй болду. Белгисиз бир оору көкүрөгүн мыжыгып үч бүктөлө түштү. Жана кеӊ далылуу жигиттин кучагына жыгылганына бушайман. Андан да жаманы – ал Карыпбектин кызы деп ойлоп алганына эки эсе ыза болуп жатты. – Мен анын аялымын!- деди өзүнө-өзү эскертип жаткандай. Бирок жүрөгү бул чечимге таптакыр макул эместей азоо тайдай туйлап жатты. Адел Тимурду көргөндөн бери кызыктай абалда. Карыпбек болсо жаш аялынын бул өзгөрүүсүн байкаган жок...