1-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы, анын Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүшү

1 Кудайдын Уулу Ыйса Машайактын Жакшы Кабарынын башталышы.

2 Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына, Мен Сенден мурун Өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт»;

3 «Теңирге жол даярдагыла. Ал үчүн жолдорду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», – деп жазылгандай,

4 чөмүлдүрүүчү Жакан келип, ээн талаада сууга чөмүлдүрүп, мындай деп жар салды: «Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, сууга чөмүлдүрүлгүлө».

5 Бүт Жүйүт эли жана бардык иерусалимдиктер ага келип, күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясына чөмүлдүрүп жатты.

6 Жакан төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Ал чегиртке менен жапайы бал жечү.

7 Жакан элге мындай деп жар салды: «Менин артымдан менден Күчтүү келе жатат. Мен эңкейип, Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын.

8 Мен силерди сууга чөмүлдүрдүм, Ал болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрөт».

Ыйсанын сууга чөмүлдүрүлүшү

9 Ошол күндөрдө Галилеянын Назарет шаарынан Ыйса келип, Жакан тарабынан Иордан суусуна чөмүлдүрүлдү.

10 Ал суудан чыкканда, (Жакан) ачылган асманды жана Рухтун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын көрдү.

11 Ошондо асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын» деген үн угулду.

Ыйсанын сыналуусу

12 Ошол замат Рух Аны чөлгө алып барды.

13 Ыйса чөлдө кырк күн болуп, шайтан тарабынан сыналды. Ал жырткычтар менен бирге болду. Периштелер Ага кызмат кылышты.

14 Жакан камакка алынгандан кийин, Ыйса Галилеяга келип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө жар салып:

15 «Убакыт келди, Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла, Жакшы Кабарга ишенгиле», – деди.

Петир менен Андрейдин чакырылышы

16 Ыйса Галилея көлүнүн жээги менен бара жатып, көлгө тор салып жаткан Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Алар балыкчылар эле.

17 Ошондо Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, Мен силерди адам кармоочу кылам», – деди.

18 Алар ошол замат торлорун таштап, Анын артынан ээрчип жөнөштү.

19 Бир аз нары баскандан кийин, Ал Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар кайыктын ичинде тор оңдоп отурушкан эле.

20 Ошол замат Ыйса аларды чакырды. Ошондо алар атасы Зебедейди жумушчулары менен кайыкка калтырып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.

Ыйсанын жиндерди кууп чыгаруусу

21 Алар Капернаумга келишти. Ыйса ишемби күнү синагогага кирип, элди окутту.

22 Эл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ыйса аларды мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.

23 Алардын синагогасында жин оорулуу бир адам бар эле. Ал ошол замат:

24 «Эй, назареттик Ыйса! Бизде эмне ишиң бар? Сен бизди жок кылганы келдиңби? Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың!» – деп кыйкырды.

25 Бирок Ыйса жинге: «Үнүңдү бас да, анын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды.

26 Ошондо жин ал адамды калтыратып жана катуу кыйкыртып, анын ичинен чыгып кетти.

27 Бардыгынын үрөйлөрү учуп, бири-бирине: «Бул эмнеси? Бул эмне деген жаңы окутуу?! Ал жиндерге бийлик менен буйрук берип жатат, алар болсо Ага баш ийип жатышат», – дешти.

28 Ал жөнүндөгү кабар Галилеянын туш тарабына тез эле тарап кетти.

Шымондун кайын энесинин айыгышы

29 Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, түз эле Шымон менен Андрейдин үйүнө келди.

30 Шымондун кайненеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан. Ыйсага дароо ал жөнүндө айтышты.

31 Ошондо Ыйса оорулуунун жанына келип, колунан кармап тургузду. Аял ысытма оорусунан ошол замат айыгып, аларга кызмат кыла баштады.

Жиндерди кууп чыгаруу жана көптөгөн оорулууларды айыктыруу

32 Күн батып, кеч киргенде, Ага бардык оорулууларды жана жин оорулууларды алып келишти.

33 Шаардын бардык эли эшиктин алдына чогулду.

34 Ыйса ар кандай оорудан азап чеккен көптөгөн адамдарды айыктырды, көптөгөн адамдардын ичинен жиндерди кууп чыгарды, алардын сүйлөшүнө жол берген жок. Анткени жиндер Анын Машайак экендигин билишчү.

Ыйсанын Галилеяда насаат айтышы

35 Эртеси Ыйса таң ата электе туруп, үйдөн чыгып, ээн жерге барып сыйынды.

36 Шымон жана анын жанындагылар Ыйсаны издеп жөнөштү.

37 Аны табышканда: «Бардыгы Сени издеп жатышат!» – дешти.

38 Ыйса аларга: «Жакын жердеги башка кыштактарга, шаарларга баралы. Мен ошол жерлерде да Жакшы Кабар айтышым керек. Анткени Мен ошон үчүн келгем», – деди.

39 Ошентип, Ал бүткүл Галилеяны аралап, алардын синагогаларында элди окутуп, жин оорулуу адамдардан жиндерди кууп чыгарып жүрдү.

Пес оорулуунун айыгышы

40 Ыйсага пес оорулуу бир адам келип, тизелеп жыгылды да: «Эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.

41 Ыйса боор ооруп, ага колун тийгизди да: «Каалайм, таза бол!» – деди.

42 Ошол замат ал пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

43 Ыйса болсо ага: «Эч кимге эч нерсе айтпагын!» – деп, катуу эскертти да:

44 «Барып, ыйык кызмат кылуучуга көрүн, тазаланууң үчүн, Муса буйруган курмандыкты чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп, кетирип жиберди.

45 Ал болсо ал жерден кетти да, болгон окуяны элге жая баштады. Ошондуктан Ыйса шаарга ачык кире албай, шаардын сыртындагы ээн жерлерде болду. Ошондо да Ага бардык жерден эл келип жатты.

2-БӨЛҮМ

Шал оорулуунун айыгышы

1 Бир нече күндөн кийин Ыйса кайрадан Капернаумга келди. Анын үйдө экендиги маалым болор замат,

2 көп эл чогулуп калды, ал эмес, эшиктин алдында да орун калбай калды. Ыйса болсо элге Кудайдын сөзүн айтып жатты.

3 Ошондо төрт киши Ага бир шал оорулууну көтөрүп келди.

4 Алар элдин көптүгүнөн Ыйсага жакын бара алышпай, үйдүн чатырын ачышты да, Ал турган үйдүн төбөсүн тешип, шал оорулууну төшөгү менен түшүрүштү.

5 Алардын ишенимин көргөн Ыйса шал оорулууга: «Балам, күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

6 Бул жерде бир нече мыйзам окутуучулар отурушкан эле.

7 Алар: «Эмне үчүн Ал ушинтип айтып жатат? Ал Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – деп ойлошту.

8 Ошол замат Ыйса руху менен алардын оюн билип: «Эмне үчүн ушинтип ойлоп жатасыңар?

9 Шал оорулууга кайсынысын айткан оңой: “Күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, баргын” дегенби?

10 Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн, – деди да, анан шал оорулууга –

11 Сага айтамын: Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

12 Ал ошол замат ордунан турду да, төшөгүн көтөрүп алып, бардыгынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Ошондо бардыгы таң калып: «Биз эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек!» – деп, Кудайды даңкташты.

Лебинин (Матайдын) чакырылышы

13 Ыйса кайрадан көлдүн жээгине келди. Ошондо элдин баары Анын жанына келди. Ал элди окутту.

14 Ал кетип бара жатып, бажыканада отурган Алпей уулу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди. Леби ордунан туруп, Анын артынан ээрчип жөнөдү.

15 Ыйса Лебинин үйүндө шакирттер, салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондо отурду. Анткени Анын артынан ээрчигендер көп болчу.

16 Фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсанын күнөөкөрлөр жана салык жыйноочулар менен тамактанып отурганын көрүшүп, Анын шакирттеринен: «Эмне үчүн Ал салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен чогуу тамактанып жатат?» – деп сурашты.

17 Муну уккан Ыйса аларга: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек. Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим», – деди.

Орозо жөнүндө суроо

18 Жакандын шакирттери менен фарисейлер орозо кармашчу. Алар Ыйсага келип: «Жакандын жана фарисейлердин шакирттери орозо кармашат, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?» – деп сурашты.

19 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Күйөө үйлөнүү тоюндагылардын жанында болгондо, алар орозо кармашмак беле? Алар орозо кармашпайт, азырынча Күйөө алардын жанында!

20 Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган да күндөр келет, алар ошол күндөрү орозо кармашат.

Кийим жана чанач жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

21 Эч ким эски кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт. Анткени жаңы кездемеден салынган жамаачы эски кийимден чычылып калат да, жыртык ого бетер чоңоюп кетет.

22 Эч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. Анткени чанач айрылып, шарап төгүлөт, чанач жараксыз болуп калат. Тескерисинче, жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек».

Ыйса – ишемби күндүн да Кожоюну

23 Ишемби күндөрүнүн биринде Ыйса эгин талаасынан өтүп бара жатты. Анын шакирттери жолдо бара жатканда, буудайдын баштарын үзүп ала башташты.

24 Ошондо фарисейлер Ыйсага: «Карачы, эмне үчүн алар ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатышат?» – дешти.

25 Ыйса аларга: «Дөөт муктаж болуп, өзү да, жанындагылар да ачка болушканда, эмне кылганын силер таптакыр окуган жок белеңер?

26 Ыйык кызмат кылуучу Абыйатардын убагында ал Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыгынан жеп, жанындагы кишилерге да бербеди беле», – деди.

27 Анан аларга: «Адам ишемби күн үчүн эмес, ишемби күн – адам үчүн!

28 Ошондуктан Адам Уулу – ишембинин да кожоюну», – деди.

3-БӨЛҮМ

Ыйсанын ишемби күнү бир колу шал болуп калган адамды айыктырышы

1 Ыйса кайрадан синагогага келди. Ал жерде бир колу шал болуп калган адам бар эле.

2 Ыйсаны айыпташ үчүн, «Ал бул адамды да ишемби күнү айыктырар бекен», – деп, карап турушту.

3 Ыйса болсо бир колу шал болуп калган адамга: «Ортого чык!» – деди да,

4 тигилерден: «Ишемби күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же өлтүрүү керекпи?» – деп сурады. Алар унчугушкан жок.

5 Ошондо Ыйса аларга ачуулана карап, жүрөктөрүнүн катуулугуна кайгырып, жанагы кишиге: «Колуңду сун», – деди. Ал колун сунду. Ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

6 Фарисейлер сыртка чыгары менен, Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө Иродду жактоочулар менен кеңешишти.

Ыйса Галилеяда

7 Ыйса шакирттери менен көл тарапка кетти. Ошондо Галилея, Жүйүт, Эдом аймагындагы,

8 Иерусалим шаарындагы, Иордандын наркы өйүзүндөгү көп эл Анын артынан барды. Анын кылган иштери жөнүндө уккан Тир жана Сидон аймактарындагы эл Ага агылып келип жатты.

9 Ошондо Ыйса көпчүлүктүн арасында кысылып калбаш үчүн, Өзүнө бир кайыкты даярдап коюуну шакирттерине дайындады.

10 Анткени Ыйса көп кишилерди айыктыргандыктан, оорулуулардын бардыгы Ага колдорун тийгизүү үчүн, жүткүнүп жатышкан эле.

11 Жиндер Ыйсаны көргөндө, Анын алдына жыгылып: «Сен Кудайдын Уулусуң!» – деп кыйкырып жатышты.

12 Бирок Ыйса алардын Өзү жөнүндө жарыялоосуна катуу тыюу салды.

Он эки шакирттин тандалышы

13 Андан кийин Ал тоого чыкты да, Өзү кимдерди кааласа, ошолорду Өзүнө чакырды. Алар Ыйсага келишти.

14 Өзүнүн жанына алып жүрүш үчүн жана насаат айтууга жөнөтүш үчүн, Ал он эки кишини тандады да,

15 аларга оорулууларды айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди.

16 Ыйса тандаган он эки киши мына булар: «Петир» деген да ысым коюлган Шымон,

17 Бойанергес, башкача айтканда, «Чагылгандай чартылдагандар» деген да ысым коюлган Зебедей уулдары Жакып менен Жакан;

18 Андрей, Филип, Барталамей, Матай, Томас, Алпей уулу Жакып, Тадай, кааналык Шымон,

19 Ага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.

Бир туугандарынын Ыйса үчүн тынчсызданышы

20 Алар үйгө келишкенде, кайрадан көп эл чогулуп калды. Ошондуктан алар тамактана да албай калышты.

21 «Ал акылынан айнып калыптыр», – деп айтып жатышканын уккан жакындары Аны алып кеткени келишти.

Мыйзам окутуучулардын Ыйсаны жамандашы

22 Иерусалимден келген мыйзам окутуучулар болсо: «Анын ичинде Белзебул бар. Жиндерди Ал жиндердин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

23 Ошондо Ыйса мыйзам окутуучуларды жанына чакырып, аларга үлгү-насаат аңгеме менен мындай деп сүйлөдү: «Шайтан шайтанды кантип кууп чыгарсын?

24 Эгерде падышачылык ич ара бөлүнсө, анда ал падышачылык кулайт.

25 Эгерде үй-бүлө ич ара бөлүнсө, анда ал үй-бүлө бузулат.

26 Эгерде шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып бөлүнсө, анда ал тура албайт, анын күнү бүтөт.

27 Күчтүү адамды байлап салмайынча, анын үйүнө кирип, мал-мүлкүн уурдоо мүмкүн эмес. Аны байлап салгандан кийин гана үйүн тоноп кетсе болот.

28 Силерге чындыкты айтып коёюн, адам баласынын бардык күнөөлөрү жана акарат келтирип айткан сөздөрү кечирилет,

29 бирок ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, ал түбөлүккө кечирилбейт, түбөлүккө күнөөлүү болот».

30 Ыйса бул сөздөрдү «Анын ичинде жин бар» деп айтышкандыгы үчүн айтты.

Машайактын чыныгы туугандары

31 Энеси менен бир туугандары келип, сырттан Ыйсаны чакыртышты.

32 Анын тегерегинде эл отурган эле. Ошондо Ага: «Энең, инилериң, карындаштарың сыртта Сени чакырып жатышат», – дешти.

33 Ыйса аларга: «Менин энем жана бир туугандарым ким?» – деди да,

34 айланасында отургандарды тегерете карап: «Мына, менин энем, мына, Менин бир туугандарым.

35 Анткени ким Кудайдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым жана энем!» – деп жооп берди.

4-БӨЛҮМ

Асман Падышачылыгы жөнүндө үлгү-насаат аңгемелер. Үрөн себүүчү жөнүндө

1 Ыйса кайрадан көл боюнда элди окута баштады. Жанына аябай көп эл чогулгандыктан, Ал көлдөгү бир кайыкка отурду. Эл болсо көлдүн жээгинде, кургак жерде турду.

2 Ошондо Ыйса аларга үлгү-насаат аңгемелер менен көп нерселерди окутту. Ал мындай деди:

3 «Кулак салгыла! Себүүчү үрөн себүү үчүн чыкты.

4 Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түштү. Ошондо канаттуулар учуп келип, аларды терип жеп кетишти.

5 Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты.

6 Бирок күн чыгары менен соолуп, терең тамырлай албай куурап калды.

7 Кээ бир үрөндөр тикенектердин арасына түштү. Тикенектер өсүп, аларды басып салды, ошондуктан алар түшүм берген жок.

8 Кээ бир үрөндөр болсо жакшы топуракка түштү. Өнүп чыгып, өсүп, түшүм берди. Кээ бири отуз эсе, кээ бири алтымыш эсе, кээ бири жүз эсе түшүм берди».

9 Анан Ыйса аларга: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.

10 Эл тарап, Ыйса жалгыз калганда, Аны менен жүргөндөр жана он эки шакирти үлгү-насаат аңгеме жөнүндө сурашты.

11 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силерге Асман Падышачылыгынын жашыруун сырын билүү мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми сырттагыларга бардык нерсе үлгү-насаат аңгемелер менен айтылат.

12 Анткени алар карап турушса да көрүшпөйт, угуп турушса да түшүнүшпөйт, кайрылышпайт, кечирим алышпайт».

Үрөн себүүчү жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин чечмелениши

13 Анан Ыйса аларга: «Силер бул үлгү-насаат аңгемени түшүнгөн жоксуңарбы? Анда башка үлгү-насаат аңгемелерди кантип түшүнөсүңөр? – деди да, мындай деп түшүндүрдү:

14 Себүүчү сөз себет.

15 Кээ бир адамдар жол боюна түшкөн үрөнгө окшош: алардын жүрөгүнө сөз себилет, бирок алар угар замат шайтан келип, алардын жүрөгүнө себилген сөздү уурдап кетет.

16 Кээ бир адамдар таштак жерге түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угар замат кубанып кабыл алышат.

17 Бирок терең тамырлай албагандыктан, туруксуз болушат. Сөз үчүн кысымга алып, куугунтукташканда, дароо баш тартып кетишет.

18 Сөздү уккан адамдар тикенектин арасына түшкөн үрөнгө окшош.

19 Бирок бул дүйнөнүн түйшүгү, байлыкка азгырылуу жана башка каалоолор алардын жүрөктөрүн ээлеп алып, сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат.

20 Кээ бир адамдар жакшы топуракка түшкөн үрөнгө окшош: алар сөздү угуп, кабыл алышат, кээ бири отуз эсе, кээ бири алтымыш эсе, кээ бири жүз эсе түшүм берет».

Чырак жөнүндө

21 Анан аларга: «Эмне, чыракты көмкөрүлгөн идиштин же керебеттин астына коюш үчүн алып келеби? Чыракты чыракпаяга коюш үчүн алып келет эмеспи.

22 Ачылбай калчу жашыруун сыр болбойт, ачыкка чыкпай турган жашыруун нерсе болбойт.

23 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.

24 Ыйса аларга: «Эмнени угуп жатканыңарга көңүл бургула! Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да так ошондой өлчөнөт, силерге, угуп жаткандарга, атүгүл, кошулат.

25 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан бар нерсеси да тартылып алынат», – деди.

Үрөн жөнүндө

26 Ыйса дагы мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгы бул нерсеге окшош: бир адам жерге үрөн себет.

27 Түнкүсүн уктайт, күндүзү турат, үрөндүн кантип өнүп-өскөнүн билбейт.

28 Анткени жер өзү түшүм берет: адегенде сабакты, андан кийин машакты өстүрүп чыгарып, акырында машакты данга толтурат.

29 Эгин бышып, оруу-жыюу маалы келгенде, ал токтоосуз орок салат».

Сары кычы даны жөнүндө

30 Анан Ыйса аларга мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсак болот? Же аны кандай үлгү-насаат аңгеме менен сүрөттөсөк болот?

31 Кудайдын Падышачылыгы сары кычы данына окшош. Ал жерге себилгенде, жер бетиндеги уруктардын эң кичинекейи болсо да,

32 өсүп чыкканда, бардык дан өсүмдүктөрүнөн чоң болуп, бутактарын кенен жаят. Анын көлөкөсүнө канаттуу куштар корголой алышат».

33 Ыйса элдин уга алуусуна жараша мына ушундай көптөгөн үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөдү.

34 Элге Ал үлгү-насаат аңгемесиз сүйлөгөн жок, бирок өзүнчө калганда, шакирттерине бардыгын түшүндүрүп берди.

Ыйсанын катуу шамалды токтотуусу

35 Ошол күнү кечинде Ал шакирттерине: «Наркы өйүзгө сүзүп өтөлү», – деди.

36 Шакирттери элди таратып жиберишти да, кайыкта отурган Ыйса менен бирге сүзүп кетишти. Ал жерде башка кайыктар да бар эле.

37 Ошондо аябагандай катуу шамал башталды. Кайыкты толкун уруп жаткандыктан, анын ичине суу толо баштады.

38 Ыйса болсо кайыктын арткы бөлүгүндө башына жаздык жазданып уктап жаткан эле. Шакирттери Ыйсаны ойготушуп, Ага: «Устат! Биз чөгүп кетсек деле, Сага баары бирби?» – дешти.

39 Ошондо Ыйса ордунан туруп, шамалга тыюу салды да, көлгө: «Тынчтан, токто!» – деди. Шамал басылып, улуу тынчтык өкүм сүрдү.

40 Анан аларга: «Эмне мынча коркоксуңар? Эмнеге ишенимиңер жок?» – деди.

41 Аябай коркуп кетишкен алар бири-бирине: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген деги бул ким?» – дешти.

5-БӨЛҮМ

Жин оорулуу адамдын айыгышы

1 Алар көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келишти.

2 Ыйса кайыктан түшөрү менен, Аны мүрзөлүк үңкүрлөр тараптан жин оорулуу бир адам тосуп чыкты.

3 Ал мүрзөлүк үңкүрлөрдө жашачу, аны эч ким чынжыр менен да байлап коё алчу эмес.

4 Анткени аны көп жолу кишендеп, чынжыр менен байлашкан, бирок ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап салчу. Аны тыюуга эч кимдин күчү жетчү эмес.

5 Ал дайыма, күндүр-түндүр тоолордо, үңкүрлөрдө кыйкырып жүрчү, өзүн өзү таш менен ургулачу.

6 Ал Ыйсаны алыстан көрүп чуркап келди да, Ага таазим кылып:

7 «Эй, Ыйса, бардыгынан жогору турган Кудайдын Уулу! Менде эмнең бар? Кудай үчүн суранам, мени кыйнай көрбө», – деп, катуу кыйкырды.

8 Анткени Ыйса ага: «Жин, бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп айткан эле.

9 Анан Ыйса андан: «Сенин атың ким?» – деп сурады. Ал: «Менин атым “Түмөн”, анткени биз көппүз», – деп жооп берди.

10 «Бизди ушул өлкөдөн кууп чыгара көрбө», – деп, жиндер Ыйсадан аябай өтүнүштү.

11 Ошол жерде, тоонун боорунда чочколор жайылып жүргөн эле.

12 Жиндердин баары Ыйсадан: «Бизди ушул чочколорго жибер, ошолордун ичине кирели», – деп өтүнүштү.

13 Ыйса ошол замат аларга уруксат берди. Жиндер адамдын ичинен чыгып, чочколордун ичине кирди. Ошондо эки миңге жакын чочко көлдү карай бет алып, тик жардан кулап, сууга чөгүп өлдү.

14 Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарларга, айылдарга барып, бул окуя тууралуу жарыялашты. Эмне болгондугун көргөнү чыккан эл

15 Ыйсанын жанына келип, баягы жин оорулуунун, ичинде түмөн жини бар адамдын, кийим кийип, акыл-эсине келип отурганын көрүп, үрөйлөрү учту.

16 Бул окуяны көргөндөр жин оорулуу адамга эмне болгондугу жөнүндө, чочколор жөнүндө элге айтып беришти.

17 Ошондо эл Ыйсадан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн сурана баштады.

18 Ыйса кайыкка түшкөндө, жин оорусунан айыккан адам Андан: «Сенин жаныңда жүрөйүнчү», – деп суранды.

19 Бирок Ыйса ага уруксат берген жок. Ага: «Үйүңө, жакындарыңа бар, Теңир сага эмне кылганын, сага кандай ырайым көрсөткөнүн аларга айтып бер», – деди.

20 Ошондо ал барып, Ыйсанын эмне кылганын Декапол дубанында жарыялай баштады. Бардыгы таң калып жатты.

Ыйсанын оорулуу аялды айыктырышы, Жайырдын кызын тирилтиши

21 Ыйса кайрадан берки өйүзгө сүзүп келгенде, Анын жанына көп эл чогулуп калды. Ал көлдүн жээгинде турганда,

22 синагога башчыларынын бири, Жайыр деген киши келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып:

23 «Кызым өлүм алдында жатат. Барып, ага колуңду тийгиз, ал оорусунан айыгып, тирүү калсын», – деп жалынып-жалбарды.

24 Ыйса аны менен жөнөдү. Анын артынан ээрчип алган көп эл Аны туш тарабынан кысып бара жатты.

25 Элдин арасында он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип жүргөн бир аял бар эле.

26 Ал көп дарыгерлерге көрүнүп, колунда болгонун бүт түгөткөн, бирок оорусунан айыкпай, абалы начарлай берген.

27 Ыйса жөнүндө уккан бул аял көпчүлүктү аралап өтүп, Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди.

28 Анткени ал: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгам», – деген эле.

29 Ошол замат анын кан агуусу токтоду. Аял өзүнүн оорудан айыкканын сезди.

30 Ошол эле учурда Ыйса Өзүнөн күч чыкканын сезип: «Менин кийимиме ким колун тийгизди?» – деп, элге кайрылды.

31 Шакирттери Ага: «Топ эл Сени кысып турганын көрүп турасың да, анан “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң!» – дешти.

32 Бирок Ыйса муну ким кылганын көрүш үчүн, тегерегин карады.

33 Өзүнүн айыкканын билген ал аял коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына келип жыгылды да, Ага болгон чындыкты айтып берди.

34 Ошондо Ыйса ага: «Кызым, сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер. Ооруңдан айык!» – деди.

35 Ыйса ушуну айтып жатканда, синагога башчысынын үйүнөн адамдар келишип: «Кызың өлүп калды. Эми Устатты убара кылбай эле кой», – дешти.

36 Ыйса бул сөздөрдү укканда, ошол замат синагога башчысына: «Коркпо, бирок ишен!» – деди.

37 Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды гана ээрчитип алып,

38 синагога башчысынын үйүнө барды. Ал жерден Ал ызы-чуу түшүп, буркурап-боздоп ыйлап жаткандарды көрдү.

39 Ичкери кирип, аларга: «Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлбөй эле уктап жатат», – деди.

40 Алар болсо Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса баарын тышка чыгарып жиберди да, кыздын ата-энесин жана Өзү менен келгендерди ээрчитип, кыз жаткан бөлмөгө кирди.

41 Ыйса кызды колунан алып, ага: «Талита куми!» – деди. Бул сөз «Кыз, сага айтып жатамын, тур!» деп которулат.

42 Кыз ошол замат ордунан туруп, баса баштады. Ал он эки жашта эле. Муну көргөндөр аябай таң калышты.

43 «Муну эч ким билбесин», – деп, Ыйса аларга катуу эскертти да, кызга тамак берүүнү буйруду.

6-БӨЛҮМ

Ыйсанын кайрадан Назаретке келиши

1 Ыйса ал жерден чыгып, Өз жерине келди. Шакирттери да Аны менен келишти.

2 Ишемби күнү Ыйса синагогада элди окута баштады. Ошондо Аны угуп жаткандардын көпчүлүгү таң калып: «Мунун баарын Ал кайдан билет? Ага мындай акылмандыкты ким берген? Мындай кереметтерди Ал кантип жасап жатат?

3 Бул жыгач уста Ыйса эмеспи? Бул Мариямдын уулу, Жакыптын, Жусуптун, Жүйүттүн жана Шымондун бир тууганы эмеспи? Анын карындаштары бул жерде, биздин арабызда эле жүрүшөт го», – дешти. Ошентип, алар Ыйсаны кабыл алгылары келген жок.

4 Ыйса болсо аларга: «Пайгамбарды өз жеринде, өзүнүн туугандарынын арасында, өз үйүндө гана сыйлабайт», – деди.

5 Ыйса бул жерде кээ бир эле оорулуулардын үстүнө колун коюп, аларды айыктыргандан башка эч кандай керемет көрсөткөн жок.

6 Элдин ишенбестигине таң калды. Анан тегеректеги айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутту.

Ыйсанын он эки шакиртти кызматка жөнөтүшү

7 Анан Ал он эки шакиртин чакырып алып, аларга жиндердин үстүнөн бийлик берди да, эки-экиден кылып жөнөтө баштады.

8 Аларга мындай деп осуят кылды: «Жолго таяктан башка эч нерсе албагыла. Баштык да, тамак да, белиңерге жез тыйын да түйүп албагыла».

9 Бутуңарга сандал кийгиле, эки сыйра кийим албагыла.

10 Анан дагы мындай деди: «Бир жерге барганыңарда, кайсы үйгө кирсеңер да, ал жерден кеткиче, ошол үйдө калгыла.

11 Эгерде кайсы бир жерде силерди кабыл алышпаса, силерди угушпаса, ал жерден чыгып бара жатканда, аларга каршы күбөлөндүрүү болушу үчүн, бутуңардын чаңын күүп койгула. Силерге чындыкты айтып коёюн, сот күнүндө ошол шаарга караганда, Содом менен Аморго жеңилирээк болот».

12 Ошентип, шакирттер жолго чыгышты да, адамдарды тобо кылууга чакыра башташты.

13 Көптөгөн жин оорулуулардын ичинен жиндерди кууп чыгарып, көптөгөн оорулууларга май сыйпап, аларды айыктырып жатышты.

Чөмүлдүрүүчү Жакандын өлтүрүлүшү

14 Ыйсанын ысымы белгилүү болуп калгандыктан, падыша Ирод да Ал жөнүндө угуп: «Бул – чөмүлдүрүүчү Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди көрсөтүп жатат», – деди.

15 Кээ бирөөлөр: «Бул – Илияс пайгамбар», – дешсе, дагы бирөөлөр: «Бул деле пайгамбарлардын бири», – дешти.

16 Ирод болсо бул сөздөрдү угуп: «Бул – мен башын алдырган Жакан, ал тирилиптир», – деди.

17 Ирод өзүнүн бир тууганы Филиптин аялы Иродияны алып алганда, Жакан:

18 «Бир тууганыңдын аялын албашың керек болчу», – деп айткан. Ошондуктан Ирод киши жиберип, Жаканды карматып, түрмөгө отургузуп койгон эле.

19 Иродия болсо Жаканга ачууланып, аны өлтүргүсү келген, бирок өлтүрө алган эмес.

20 Анткени Жакандын адил, ыйык адам экенин билген Ирод андан коркчу, ошондуктан аны коргоп жүрчү. Көп иштерди анын кеңеши боюнча кылып, анын сөзүн кунт коюп угар эле.

21 Ирод өзүнүн туулган күнүн белгилөө үчүн, өзүнүн төрөлөрү, миң башылары, Галилея аксакалдары үчүн той өткөрдү. Ошол күнү Иродия үчүн ыңгайлуу учур келди.

22 Тойдо Иродиянын кызы бийлеп берди. Бул Иродго жана анын конокторуна жагып калды. Ошондо падыша кызга: «Каалаганыңды сура, сураганыңды берем», – деди.

23 Анан ага: «Сураганыңды беремин, ал гана эмес, падышачылыгымдын жарымын берем», – деп ант берди.

24 Кыз барып, энесинен: «Эмнени сурайын?» – деп сурады. «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын сура», – деди энеси.

25 Кыз ошол замат шашылыш түрдө падышага келип: «Мага азыр чөмүлдүрүүчү Жакандын башын идишке салдырып келип бер», – деди.

26 Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу үчүн, кыздын сураганын орундатпай коё алган жок.

27 Падыша ошол замат өзүнүн жасоолун жиберип, Жакандын башын алып келүүнү буйруду.

28 Жасоол түрмөгө барып, Жакандын башын алды да, идишке салып, кызга алып келип берди. Кыз аны энесине алып барып берди.

29 Муну уккан Жакандын шакирттери келишти да, анын сөөгүн алып, мүрзөгө коюшту.

Он эки элчинин кайтып келиши

30 Элчилер Ыйсанын жанына чогулуп, Ага баарын: эмне кылышканын, элди эмнеге үйрөтүшкөнүн айтып беришти.

31 Ыйса аларга: «Өзүңөрчө бөлүнүп, ээн жерге баргыла да, бир аз эс алып алгыла», – деди. Анткени келген-кеткендер көп болгондуктан, алардын тамактанууга да убактысы жок эле.

Беш миң адамды тойгузуу

32 Ошондо алар өздөрүнчө бөлүнүп, кайык менен ээн жерге кетишти.

33 Бирок эл алардын кетип бара жатканын көрүп калды, бул жөнүндө көптөр билишти. Шаарлардан жөө чыккан элдин баары алар бара турган жакты көздөй чуркап, алардан мурда барып калышты.

34 Ыйса кайыктан түшкөндө, көп элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштады.

35 Бир топ убакыт өткөндөн кийин, Анын шакирттери жанына келип: «Бул ээн талаа экен, кеч да кирип кетти.

36 Элди тарат, алар тегеректеги айыл-кыштактарга барып, өздөрүнө нан сатып алышсын, алардын жей турган эч нерсеси жок», – дешти.

37 Ыйса болсо: «Аларга тамакты силер бергиле», – деп жооп берди. Шакирттери Ыйсага: «Биз, эмне, аларды тамактандыруу үчүн, эки жүз динарийге нан сатып келелиби?» – дешти.

38 Ыйса аларга: «Силерде канча нан бар? Барып, карагылачы», – деди. Алар билип келип: «Беш нан, эки балык бар экен», – дешти.

39 Ошондо Ыйса аларга элди топ-топ кылып бөлүп, чөптүн үстүнө отургузууну буйруду.

40 Эл жүздөн, элүүдөн болуп, катар-катар отурду.

41 Ыйса беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Анан нанды сындырып, элге таратыш үчүн, шакирттерине берди. Эки балыкты да бардыгына бөлүп берди.

42 Бардыгы тоё жешти.

43 Артып калган нан менен балыкты чогултканда, он эки себет толду.

44 Тамактанган эркектердин саны беш миңге жакын эле.

Ыйсанын көл үстүндө басышы

45 Ошондон кийин Ыйса Өзүнүн шакирттерине: «Кайыкка түшүп, Менден мурун наркы өйүзгө, Бетсайида шаарына баргыла», – деп буйруду. Өзү болсо элди таратуу үчүн калып калды.

46 Элди таратып жибергенден кийин, сыйыныш үчүн тоого кетти.

47 Кеч киргенде, кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Ыйса болсо жээкте жалгыз турду.

48 Ошондо Ал шакирттеринин кыйынчылык менен сүзүп бара жатышканын көрдү. Анткени шамал аларга каршы согуп жаткан эле. Болжол менен түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, шакирттерине жакын келди да, алардын жанынан өтүп кетмекчи болду.

49 Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер Аны элес деп ойлоп, кыйкырып жиберишти.

50 Анткени бардыгы Аны көрүп, коркуп кетишкен эле. Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Коркпогула! Бул Менмин, үрөйүңөр учпасын!» – деди.

51 Ыйса алардын кайыгына түшөрү менен, шамал басылды. Шакирттер өздөрүнчө аябай таң калышты.

52 Анткени алар нан менен болгон кереметти түшүнүшкөн эмес. Себеби алардын жүрөгү таш болуп калган эле.

Ыйсанын Генисарет көлүнүн жээгинде оорулууларды айыктырышы

53 Алар көлдүн наркы өйүзүнө, Генисарет жерине сүзүп өтүп, жээкке токтошту.

54 Алар кайыктан түшкөндө, ал жердин тургундары Ыйсаны дароо таанып,

55 ошол аймакты аралап чуркап, кабарлап чыгышты. Ошондо Ыйсанын кайсы жерде экенин уккандар оорулууларды төшөгү менен көтөрүп келе башташты.

56 Ал кайсы гана жерге барбасын, айылда болобу, шаарда болобу, кыштакта болобу, оорулууларды ачык жерлерге жаткырып, Андан кийиминин бир четине эле кол тийгизүүгө уруксат сурап жатышты. Ага колун тийгизгендер айыгып жатты.

7-БӨЛҮМ

Кудайдын осуяттары адамдардын салттарынан жогору

1 Иерусалимден келген фарисейлер менен кээ бир мыйзам окутуучулар Ыйсанын жанына чогулушту.

2 Алар Ыйсанын кээ бир шакирттеринин таза эмес колдору менен, башкача айтканда, кол жуу салтын аткарбай тамактанып жатканын көрүп калышты.

3 Анткени фарисейлер жана бардык жүйүттөр ата-бабаларынан калган салт боюнча кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт.

4 Базардан келгенден кийин да, кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт. Алар ошондой эле чөйчөктөрдү, кумураларды, казандарды жана отургучтарды жуу сыяктуу көптөгөн салттарды кармашат.

5 Ошондуктан фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсадан: «Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардан калган салтты сакташпайт? Эмне үчүн алар кол жуу салтын аткарбай тамак жешет?» – деп сурашты.

6 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бул адамдар Мени тили менен урматташат, бирок алардын жүрөктөрү Менден алыс.

7 “Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын үйрөткөнү – адамдык эрежелер”, – деп Ышайа, эки жүздүүлөр, силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган.

8 Анткени силер Кудайдын осуятын таштап, адамдык салттарды: кумура менен чөйчөктөрдү жуу жана башка ушул сыяктуу салттарды кармайсыңар».

9 Аларга дагы мындай деди: «Өзүңөрдүн салтыңарды сактоо үчүн, Кудайдын осуятын четке кагып жатканыңар жакшыбы?

10 Анткени Муса: “Ата-энеңди сыйла”, “Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын”, – деп айткан.

11 Силер болсо: “Ким атасына же энесине: "Корван (Менин сага берер нерсемдин баары Кудайга багышталган)", – десе,

12 ал өзүнүн атасына же энесине эч нерсе кылбай эле койсун”, – дейсиңер.

13 Ошентип, өзүңөр кармаган салтыңар менен Кудайдын сөзүн четке кагып жатасыңар. Ушул сыяктуу көп нерселерди жасап жатасыңар».

Кудай алдында адамды эмне арам кылат?

14 Анан кайрадан элдин баарын жанына чакырып: «Баарыңар Мени угуп, түшүнүп алгыла.

15 Адамды сырттан кирген нерсе арам кыла албайт, тескерисинче, ичинен чыккан нерсе арам кылат.

16 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.

17 Ыйса элдин жанынан кетип, үйгө киргенде, шакирттери Андан үлгү-насаат аңгеме жөнүндө сурашты.

18 Ыйса аларга: «Силер дагы эле түшүнө элексиңерби? Адамды сырттан кирген нерсе арам кыла албастыгын кантип эле түшүнбөйсүңөр?

19 Анткени тамак анын жүрөгүнө эмес, ашказанына кирет, анан сыртка чыгат», – деди. Ыйса бул сөздөр менен тамактын баары таза экенин билдирди.

20 Анан Ыйса сөзүн улап: «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат.

21 Анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн: жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү,

22 уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат.

23 Мына ушул жамандыктын баары адамдын ичинен чыгып, аны арам кылат», – деди.

Ыйса жана сиропойникелик аял

24 Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келип, бир үйгө кирди. Ал Өзүнүн келгенин кимдир бирөөнүн билүүсүн каалаган жок, бирок эл билип калды.

25 Жин оорулуу кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен келип, Анын бутуна жыгылды.

26 Сиропойникелик бул аял бутпарас болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичинен жинди кууп чыгаруусун өтүндү.

27 Бирок Ыйса аялга: «Адегенде балдар тойсун. Анткени балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.

28 Аял болсо: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да балдар жеген нандын үстөлдүн астына түшкөн күкүмдөрүн жешет», – деп жооп берди.

29 Ошондо Ыйса ага: «Ушул сөзүң үчүн үйүңө бара бер. Сенин кызыңдын ичинен жин чыгып кетти», – деди.

30 Аял үйүнө келгенде, кызынын жин оорусунан айыгып, төшөктө жатканын көрдү.

Дүлөй жана кекеч адамдын айыгышы

31 Ыйса Тир, Сидон аймактарынан чыгып, Декапол дубаны аркылуу кайрадан Галилея көлүнө келди.

32 Ага дүлөй жана кекеч бир адамды алып келишип: «Мунун үстүнө колуңду коюп койчу», – деп өтүнүштү.

33 Ыйса аны элден бөлүп, четке чыгарды да, эки манжасын анын кулагына салып, түкүрүп, анын тилине тийгизди.

34 Асманды карап, терең үшкүрдү да, ага: «Еффафа (Ачыл)», – деди.

35 Ошол замат анын кулагы ачылып, тили чечилди. Ал кекечтенбей, так сүйлөп калды.

36 Ыйса аларга муну эч кимге айтпоону буйруду. Бирок Ал канчалык тыйса да, алар элге ошончолук жайышты.

37 Адамдар аябай таң калышып: «Анын кылган ишинин баары жакшы: дүлөйлөрдү угузуп, дудуктарды сүйлөтүп жатат», – дешти.

8-БӨЛҮМ

Төрт миң адамды тойгузуу

1 Ошол күндөрдө Ыйсанын жанына дагы көп эл чогулду. Бирок алардын жээрге тамагы жок болчу. Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып: «Элге боорум ооруп жатат.

2 Алар үч күндөн бери Менин жанымда жүрүшөт, жей турган эч нерселери жок.

3 Эгерде аларды үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, анткени алардын кээ бири алыстан келишкен», – деди.

4 Шакирттери Ага: «Бул ээн жерде алар тойгудай нанды кайдан тапмак элек?» – дешти.

5 Ыйса алардан: «Силерде канча нан бар?» – деп сурады. Алар: «Жети», – дешти.

6 Ошондо Ыйса элдин жерге отуруусун буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирип, нанды сындырды да, элге таратып бериш үчүн, шакирттерине берди. Шакирттер нанды элге таратып беришти.

7 Аларда бир аз майда балык да бар эле. Ыйса Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин, балыктарды да таратып берүүнү буйруду.

8 Бардыгы тоё жешти. Артып калган нанды чогултканда, жети себет болду.

9 Тамактангандардын саны төрт миңге жакын эле. Андан кийин Ыйса элди таратты.

Фарисейлердин жышаан талап кылышы

10 Ошол замат Ал шакирттери менен кайыкка түшүп, Далманут аймагына сүзүп келди.

11 Фарисейлер чыгып, Ыйса менен талаша башташты. Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.

12 Ошондо Ал оор күрсүнүп: «Бул муун эмне үчүн жышаан талап кылып жатат? Силерге чындыкты айтып коёюн, бул муунга жышаан көрсөтүлбөйт», – деди.

13 Анан Ыйса алардын жанынан кетти да, кайрадан кайыкка түшүп, наркы өйүзгө сүзүп кетти.

Фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болуу

14 Шакирттер нан алып алууну унутуп калышты. Кайыкта, алардын жанында бир эле нан бар болчу.

15 Ошондо Ыйса аларга: «Байкагыла, фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула», – деп эскертти.

16 Шакирттер болсо өз ара: «Наныбыз жок болгон үчүн ушинтип айтып жатат», – деп сүйлөшүштү.

17 Ыйса муну билип, аларга: «Силер эмне үчүн наныбыз жок деп жатасыңар? Дагы эле түшүнө элексиңерби? Дагы эле биле элексиңерби? Дагы эле жүрөгүңөр таш боюнчабы?

18 Көзүңөр бар туруп, көрбөй жатасыңарбы? Кулагыңар бар туруп, укпай жатасыңарбы? Эмне, эсиңерде жокпу?

19 Мен беш нанды беш миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?» – деди. Алар Ага: «Он эки», – дешти.

20 «Ал эми жети нанды төрт миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?» «Жети», – дешти.

21 Ошондо Ыйса аларга: «Кантип түшүнбөйсүңөр?» – деди.

Сокур адамдын айыгышы

22 Алар Бетсайидага келишкенде, Ыйсанын алдына бир сокур кишини алып келишип: «Буга колуңду тийгизип кой», – деп өтүнүштү.

23 Ыйса сокурду колунан жетелеп, кыштактын сыртына чыгарды да, анын көзүнө түкүрүп, үстүнө колдорун коюп: «Бир нерсе көрүп жатасыңбы?» – деп сурады.

24 Ал айланасын карап: «Дарактарга окшогон, ары-бери өткөн кишилерди көрүп жатам», – деди.

25 Ошондон кийин Ыйса анын көздөрүнө кайрадан колдорун тийгизип, ага айланасын кароону буйруду. Сокур адам айыгып, бардыгын ачык көрө баштады.

26 Анан Ыйса ага: «Кыштакка кирбе. Муну эч кимге айтпа», – деп, аны үйүнө жөнөттү.

Петирдин Ыйсаны Машайак катары таанышы

27 Ыйса шакирттери менен бирге Филиптин Кейсареясына тиешелүү айылдарга жөнөдү. Жолдо Ал шакирттеринен: «Эл Мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.

28 Алар мындай деп жооп беришти: «Бирөөлөр “чөмүлдүрүүчү Жакан” деп, бирөөлөр “Илияс пайгамбар” деп, дагы бирөөлөр “мурунку пайгамбарлардын бири” деп эсептешет».

29 Ошондо Ыйса алардан: «Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Сен Машайаксың», – деп жооп берди.

30 Ошондо Ыйса аларга Өзү жөнүндө эч кимге айтпоону эскертти.

Ыйсанын Өзүнүн азап чегери жөнүндө биринчи жолу айтышы

31 Анан Ыйса шакирттерине: «Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деп түшүндүрө баштады.

32 Ыйса бул жөнүндө аларга ачык эле айтты. Ошондо Петир Ыйсаны четке чакырып, Ага каршы болду.

33 Бирок Ыйса шакирттерине бурулуп, Петирге: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деп тыюу салды.

Чыныгы кызмат

34 Ошондон кийин Ыйса эл менен бирге шакирттерин да жанына чакырып, мындай деди: «Ким Менин артымдан жүргүсү келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.

35 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

36 Анткени адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага кандай пайда?

37 Же адам өз жанын куткарып алуу үчүн, кандай кун төлөй алат?

38 Бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында ким Менден жана Менин сөздөрүмдөн уялса, Өзүнүн Атасынын даңкы менен, ыйык периштелер менен келгенде, Адам Уулу да ошол адамдан уялат».

9-БӨЛҮМ

Теңирдин көрүнүшүнүн өзгөрүлүшү

1 Анан Ал: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү күч менен келген Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө өлүшпөйт», – деди.

2 Алты күн өткөндөн кийин Ыйса Петир, Жакып, Жакан үчөөнү гана ээрчитип, бийик тоого чыкты. Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү.

3 Анын кийимдери жаркырап, кардай аппак болуп калды. Жер бетиндеги эч бир кездеме агартуучу андай агарта албас эле.

4 Анан аларга Илияс менен Муса көрүндү, алар Ыйса менен сүйлөшүштү.

5 Ошондо Петир Ыйсага: «Устат, бул жерде болгонубуз жакшы экен. Yч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди», – деди.

6 Анткени ал эмне деп айтарын билбей калды, себеби аларды коркунуч баскан эле.

7 Ошондо булут пайда болуп, аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Аны уккула» деген үн чыкты.

8 Ошол замат шакирттер эки жагын карап, Ыйсадан башка эч кимди көрүшкөн жок.

9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көргөнүңөр жөнүндө эч кимге айтпагыла», – деп буйруду.

10 Алар бул сөздөрдү көкүрөктөрүнө түйүп алышты да, өз ара: «Өлүп, кайра тирилгени эмнеси?» – деп сүйлөшүштү.

11 Анан алар Ыйсадан: «Эмне үчүн мыйзам окутуучулар “Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек” деп айтышат?» – деп сурашты.

12 Ыйса аларга: «Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени өз ордуна коюшу керек. Ал эми Адам Уулу, Ыйык Жазууда жазылгандай, көп азап чегиши жана кемсинтилиши керек.

13 Бирок силерге айтып коёюн, Илияс келген. Ыйык Жазууда жазылгандай, ага ойлоруна келгендей мамиле кылышты», – деп жооп берди.

Жин оорулуу баланын айыгышы

14 Ал калган шакирттерине кайтып келгенде, алардын тегерегине чогулган көп элди жана алар менен талашып жаткан мыйзам окутуучуларды көрдү.

15 Бүт эл Аны көрүп таң калып, чуркап барып саламдашты.

16 Анан Ыйса мыйзам окутуучулардан: «Алар менен эмне жөнүндө талашып жатасыңар?» – деп сурады.

17 Ошондо Ага эл арасынан бирөө мындай деп жооп берди: «Устат, мен Сага ичинде тилсиз жини бар уулумду алып келдим.

18 Жин оорусу кармаганда, ал кайсы жерде болбосун, жин аны жерге көтөрүп чабат. Ошондо анын оозунан ак көбүк агып, тиштерин кычыратып, сенек болуп калат. Мен Сенин шакирттериңе: “Жинди кууп чыгаргыла”, – десем, кууп чыгара албай коюшту».

19 Ыйса ага: «Эй, ишеними жок муун! Качанкыга чейин силер менен болом? Качанкыга чейин силерге чыдайм? Аны Мага алып келгиле», – деди.

20 Ошондо аны Ыйсага алып келишти. Жин Ыйсаны көрөр замат, баланы катуу калтырата баштады. Ошондо бала жерге жыгылып калды. Оозунан ак көбүк агып, ал ооналактап жатты.

21 Ыйса анын атасынан: «Ал качантан бери ушундай?» – деп сурады. Атасы: «Бала чагынан бери;

22 жин аны өлтүрүү үчүн, далай жолу отко, сууга ыргытты. Колуңдан келсе, бизге боор ооруп, жардам бере көр», – деди.

23 Ыйса ага: «Эгерде сен бир аз ишенсең, ишенген адамга баары мүмкүн», – деди.

24 Ошол замат баланын атасы көзүнө жаш алып: «Ишенем, Теңир! Менин ишенимимди арттыра көр», – деп кыйкырып жиберди.

25 Ыйса чуркап келе жаткан элди көргөндө, жинге мындай деп тыюу салды: «Эй, дудук, дүлөй жин! Мен сага буйрук кыламын: баланын ичинен чыгып кет, анын ичине кайра кирбе!»

26 Ошондо жин кыйкырып, баланы катуу калтыратып жатып, анын ичинен чыгып кетти. Бала болсо өлүктөй болуп жатып калгандыктан, көптөр: «Ал өлүп калды», – дешти.

27 Бирок Ыйса баланы колунан тартып, өйдө тургузду. Бала ордунан турду.

28 Ыйса үйгө киргенден кийин, өздөрүнчө калышканда, шакирттери Андан: «Биз жинди эмне үчүн кууп чыгара алган жокпуз?» – деп сурашты.

29 Ыйса аларга: «Жиндер сыйынуусуз жана орозосуз чыкпайт», – деп жооп берди.

Ыйсанын Өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө экинчи жолу айтышы

30 Алар ал жерден чыгып, Галилея аркылуу өтүп бара жатышты. Ыйса муну кимдир бирөө билүүсүн каалаган жок.

31 Анткени Ал шакирттерине: «Адам Уулун адамдардын колуна салып беришет, Аны өлтүрүшөт. Аны өлтүрүшкөндөн кийин, Ал үчүнчү күнү тирилет», – деп насаат айтып жаткан эле.

32 Шакирттер болсо бул сөздөрдү түшүнүшкөн жок, бирок сурагандан коркушту.

Шакирттердин атак-даңкты сүйүүчүлүгү

33 Ыйса Капернаумга келди. Yйгө киргенден кийин, Ыйса шакирттеринен: «Жолдо эмне жөнүндө сүйлөшүп келдиңер?» – деп сурады.

34 Алар унчугушкан жок. Анткени алар жолдо: «Кимибиз чоңбуз?» – деп, өз ара талкуулап келишкен эле.

35 Анан Ал отурду да, он эки шакиртин чакырып алып, аларга: «Ким биринчи болууну кааласа, бардыгынын эң акыркысы болсун жана баарынын кызматчысы болсун», – деди.

36 Анан бир баланы алып, алардын ортосуна тургузду да, аны кучактай, аларга мындай деди:

37 «Ким Менин ысымым үчүн ушундай балдардын бирин кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми ким Мени кабыл алса, ал Мени эмес, Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».

Шакирттердин жалган кызганчаактыгы

38 Ошондо Жакан: «Устат, биз Сенин ысымың менен жиндерди кууп чыгарган адамды көрдүк. Ал биз менен чогуу жүрбөгөндүктөн, ага тыюу салдык», – деди.

39 Ыйса аларга: «Ага тыюу салбагыла. Анткени Менин ысымым менен керемет көрсөткөн адам Мага дароо эле тил тийгизе албайт.

40 Анткени силерге ким каршы болбосо, ал силер тарапта.

41 Машайакка таандык болгондугуңар үчүн, Менин ысымым үчүн, ким силерге бир чөйчөк суу ичирсе, силерге чындыкты айтып коёюн, ал сыйлыксыз калбайт.

Азгырыктардан сак болуу

42 Ал эми Мага ишенген ушул кичинекейлердин бирин күнөөгө түрткөн адамдын мойнуна тегирмен ташын илип, деңизге таштап жиберсе, ал үчүн жакшы болмок.

43 Эгерде колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чап. Эки колуң менен оттуу көлгө, өчпөгөн отко түшкөнүңдөн көрө, мунжу болуп өмүргө ээ болгонуң жакшы.

44 Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт.

45 Эгерде бутуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чап. Эки бутуң менен оттуу көлгө, өчпөгөн отко түшкөнүңдөн көрө, төкөр болуп өмүргө ээ болгонуң жакшы.

46 Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт.

47 Эгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп сал. Эки көзүң менен оттуу көлгө түшкөнүңдөн көрө, бир көзүң менен Кудайдын Падышачылыгына киргениң жакшы.

48 Ал жерде алардын курту өлбөйт, от да өчпөйт.

49 Анткени бардыгы от менен туздалат, ар бир курмандык туз менен туздалат.

50 Туз – жакшы нерсе, бирок ал өзүнүн даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресиңер? Ичиңерде туз болсун, бири-бириңер менен ынтымактуу болгула».

10-БӨЛҮМ

Ажырашуу жөнүндө

1 Ыйса ал жерден чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүндөгү Жүйүт аймагына келди. Анын жанына кайрадан көп эл чогулду. Ал адатынча аларды окута баштады.

2 Фарисейлер келип, Ыйсадан: «Эркекке аялын кетирүүгө болобу?» – деп сынап сурашты.

3 Ыйса аларга жооп бере: «Муса силерге кандай осуят берди эле?» – деп сурады.

4 Алар: «Муса эркектин талак кат жазып, аялын кетирүүсүнө уруксат берген», – дешти.

5 Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силердин таш боордугуңардан улам, Муса силерге ушул осуятты жазып калтырган.

6 Кудай дүйнөнү жарата баштаганда эле, адамдарды эркек, аял кылып жараткан.

7 Ошондуктан адам ата-энесин таштап,

8 аялы менен биригет. Экөө бир дене болот. Ошентип, алар экөө эмес, бир дене.

9 Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын».

10 Yйгө келишкенде, шакирттери Ыйсадан ушул жөнүндө дагы сурашты.

11 Ыйса аларга: «Аялын кетирип, башканы алган адам ойноштук кылган болот.

12 Күйөөсүн таштап, башкага тийген аял да ойноштук кылган болот», – деди.

Ыйсанын балдарга батасын бериши

13 Ыйса колун тийгизип койсун деп, кээ бирөөлөр Ага балдарын алып келишти. Бирок шакирттер аларга тоскоолдук кылышты.

14 Муну көргөн Ыйса ачууланып, аларга мындай деди: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле. Аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы.

15 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт».

16 Анан Ал балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берди.

Ыйса жана бай жигит

17 Ыйса жолго чыкканда, бирөө чуркап келип, Анын алдына тизелеп жыгылды да: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, эмне кылышым керек?» – деп сурады.

18 Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.

19 “Ойноштук кылба. Киши өлтүрбө. Бирөөгө жалаа жаппа. Уурдаба. Таарынтпа. Ата-энеңди сыйла” деген осуяттарды билесиң», – деди.

20 Ал Ыйсага: «Устат, мен мунун бардыгын жаш чагымдан бери аткарып жүрөм», – деп жооп берди.

21 Ыйса аны карап, жакшы көрө мындай деди: «Сага бир нерсе жетишпейт. Бар да, колуңда болгондун бардыгын сатып, жакырларга таратып бер, ошондо асманда казынаң болот. Анан кел да, айкаш жыгачыңды алып, Мени ээрчип жүр».

22 Ошондо ал бул сөзгө капа болуп, көңүлү чөккөн бойдон кетип калды, анткени анын мал-мүлкү көп эле.

23 Ыйса тегерегин карап, шакирттерине: «Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!» – деди.

24 Шакирттер Анын сөздөрүнө аябай таң калышты. Бирок Ыйса кайрадан аларга: «Балдар, байлыгына ишенгендердин Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!

25 Бай адамдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак», – деди.

26 Алар аябай таң калышып, өздөрүнчө: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

27 Ыйса аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, бирок Кудай кыла алат. Анткени Кудай бардыгын кыла алат», – деди.

Шакирттердин сыйлыгы

28 Петир Ага: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз», – деп айта баштады.

29 Ошондо Ыйса мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам

30 азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт.

31 Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот».

Ыйсанын Өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө үчүнчү жолу айтышы

32 Алар Иерусалимди көздөй бара жатышты. Ыйса алардын алдында бара жатты. Анын артынан ээрчип бара жаткан шакирттердин үрөйлөрү учуп, коркуп жүрүп отурушту. Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга Өзүн эмне күтүп тургандыгы жөнүндө кайрадан мындай деп айта баштады:

33 «Мына, биз Иерусалимге жакындап калдык. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет, Ага өлүм жазасын өкүм кылып, бутпарастардын колуна өткөрүп беришет.

34 Аны кордошот, сабашат, бетине түкүрүшөт, анан Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет».

Зебедей уулдарынын суранычы

35 Ошондо Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан Ыйсага жакын келип: «Устат! Биздин суранычыбызды орундатышыңды каалайбыз», – дешти.

36 Ыйса аларга: «Эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.

37 Алар Ыйсага: «Өзүңдүн даңкыңа ээ болгонуңда, бирибизге оң жагыңа, бирибизге сол жагыңа отурууга уруксат бер», – дешти.

38 Бирок Ыйса аларга: «Эмне сурап жатканыңарды билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» – деди.

39 Алар: «Ошенте алабыз», – деп жооп беришти. Ыйса болсо аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер, Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр.

40 Бирок Менин оң жагым менен сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Кимге даярдалган болсо, ошол отурат», – деди.

41 Муну уккан он шакирт Жакып менен Жаканга ачуулана башташты.

42 Ыйса болсо шакирттерин чакырып, аларга: «Элге башчылар үстөмдүк кыларын, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.

43 Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Тескерисинче, араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.

44 Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун.

45 Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.

Бартымейдин айыгышы

46 Алар Жерихо шаарына келишти. Ыйса Жерихо шаарынан шакирттери жана көп эл менен чыгып бара жаткан. Ошол учурда Тимей уулу Бартымей деген сокур адам жол боюнда кайыр сурап отурган.

47 Назареттик Ыйса өтүп бара жатканын уккан ал: «Ыйса, Дөөттүн Уулу! Мага ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра баштады.

48 Көптөр аны тыйып жатышты. Бирок ал: «Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр!» – деп, ого бетер катуу кыйкыра баштады.

49 Ыйса токтоп: «Аны чакыргыла», – деди. Ошондо сокур адамга: «Коркпо, ордуңдан тур, сени чакырып жатат», – дешти.

50 Ал сырткы кийимин чечип ыргытты да, ордунан туруп, Ыйсанын жанына келди.

51 Ыйса андан: «Менин эмне кылышымды каалайсың?» – деп сурады. Сокур адам Ага: «Устат! Көзүм көрсө экен», – деди.

52 Ошондо Ыйса ага: «Бара бер, сени ишенимиң куткарды», – деди. Ошол замат анын көздөрү көрүп калды. Анан ал Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү.

11-БӨЛҮМ

Ыйсанын Иерусалимге салтанат менен кириши

1 Алар Иерусалимге жакындаганда, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия жана Бетания кыштактарына жакындап калышканда, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

2 «Маңдайыңардагы кыштакка баргыла. Кыштакка кирериңер менен, эч бир адам мине элек, байланып турган кодикти көрөсүңөр. Аны чечип алып, бул жерге алып келгиле.

3 Эгерде кимдир бирөө силерден: “Муну эмне кыласыңар?” – деп сураса, “Бул Теңирге керек”, – деп жооп бергиле. Ошондо ал кодикти дароо эле берет».

4 Алар барып, көчөдө, дарбазанын жанында байланып турган кодикти таап, чечип алышты.

5 Ошондо ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү аларга: «Эмне кылып жатасыңар? Силер кодикти эмне үчүн чечип алып жатасыңар?» – дешти.

6 Шакирттер болсо Ыйса айткандай жооп беришти. Ошондо тигилер аларды коё беришти.

7 Кодикти Ыйсага алып келип, анын үстүнө өздөрүнүн кийимдерин салып беришти. Ыйса кодикке минди.

8 Ошондо элдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдар болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.

9 Ыйсанын алды-артында бара жаткандар: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш!

10 Атабыз Дөөттүн келе жаткан Падышачылыгы даңктуу болсун! Эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатышты.

11 Ыйса Иерусалимге келип, ийбадатканага кирип, бардыгын карап чыкты. Күн кечтеп калгандыктан, он эки шакирти менен бирге Бетанияга жөнөп кетти.

Жемишсиз анжыр дарагы

12 Эртеси күнү алар Бетаниядан чыгышканда, Ыйса ачка болду.

13 Ал алыстан жалбырактуу анжыр дарагын көрүп, бир нерсе табылар бекен деп, жакын басып барды. Бирок анжыр дарагынын жанына келип, жалбырактан башка эч нерсе таба алган жок. Анткени анжыр жыйнай турган убакыт келе элек эле.

14 Ошондо Ыйса анжыр дарагына: «Мындан ары түбөлүккө сенден эч ким мөмө жебесин!» – деди. Муну шакирттери угушту.

Ийбадаткананы тазалоо

15 Анан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадатканага кирип, ал жердеги сатуучулар менен сатып алуучуларды кууп чыгара баштады. Акча алмаштыруучулар менен көгүчкөн саткандардын үстөлүн көңтөрүп салды.

16 Ийбадаткана аркылуу бир нерсе алып өтүүгө эч кимге уруксат берген жок.

17 Анан элге мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм бүт элдердин сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган эмес беле? Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырдыңар».

18 Муну уккан мыйзам окутуучулар менен башкы ыйык кызмат кылуучулар Аны өлтүрүүнүн жолун издей башташты. Алар Андан коркушчу, анткени бүт эл Анын окутуусуна таң калар эле.

19 Кеч киргенде, Ал шаардан чыгып кетти.

20 Эртең менен алар баягы анжыр дарагынын жанынан өтүп бара жатышып, дарактын тамырына чейин куурап калганын көрүштү.

21 Ошондо Петир эстей калып, Ыйсага: «Устат, карачы! Сен каргаган анжыр жыгачы куурап калыптыр», – деди.

Ишеним менен сыйынуу

22 Ыйса аларга мындай деп жооп берди:

23 «Кудайга ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коёюн, ким бул тоого: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десе жана ичинен шектенбей, айткан сөзү аткарыларына ишенсе, айтканындай болот.

24 Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдан эмнени сурасаңар да, аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет.

25 Кимдир бирөөгө каршы бир нерсеңер бар болсо, сыйынып жатканыңарда, аны кечирип койгула. Ошондо асмандагы Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип коёт.

26 Эгерде кечирбесеңер, анда асмандагы Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт».

Ыйсанын бийлиги жөнүндө суроо

27 Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадатканада жүргөндө, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар келип:

28 «Сен муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Муну кылууга Сага ким бийлик берди?» – деп сурашты.

29 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен да силерден бир нерсени сурайын, Мага жооп бергилечи. Ошондо Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.

30 Жакандын чөмүлдүрүүсү Кудайдан беле же адамдардан беле? Мага жооп бергилечи».

31 Алар болсо өз ара мындай деп талкуулашты: «Эгерде “Кудайдан”, – десек, анда Ал: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт».

32 «Адамдардан» деп айтуудан коркушту, анткени бүт баары Жаканды чын эле пайгамбар деп эсептешчү.

33 Алар Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.

12-БӨЛҮМ

Кыянатчы жүзүмчүлөр жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Ыйса аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөй баштады: «Бир адам жүзүм багын отургузат. Анын тегерегине тосмо куруп, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат да, аны жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү убактылуу бир жакка кетет.

2 Жүзүм багынын жемишинен алуу үчүн, өз убагы келгенде, жүзүмчүлөргө өзүнүн кулун жөнөтөт.

3 Алар болсо кулду кармап алып сабашат да, куру кол кетирип жиберишет.

4 Ошондо ал башка кулун жиберет. Жүзүмчүлөр анын башын таш менен жарып, кордоп кетирип жиберишет.

5 Ошондо ал дагы бир кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аны өлтүрүп салышат. Ал дагы көптөгөн кулдарын жөнөтөт. Жүзүмчүлөр алардын кээ бирин сабап, кээ бирин өлтүрүп салышат.

6 Акыры жүзүмдүк ээси: “Уулумдан уялышар”, – деп, жүзүмчүлөргө өзүнүн сүйүктүү уулун жөнөтөт.

7 Бирок жүзүмчүлөр бири-бирине: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп салабыз, ошондо мурас биздики болот”, – дешет да,

8 аны кармап алып өлтүрүп, жүзүм багынын сыртына ыргытып жиберишет.

9 Эми жүзүмдүк ээси эмне кылат? Ал келет да, жүзүмчүлөрдү өлтүрүп, жүзүмдүктү башкаларга тапшырат.

10 Силер Кудайдын китебиндеги: “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.

11 Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү окуган жок белеңер?»

12 Ошондо алар Ыйсаны кармоого аракет кылышты. Анткени алар бул үлгү-насаат аңгемеде өздөрү жөнүндө айтылганын түшүнүшкөн эле. Бирок элден коркушкандыктан, ал жерден кетип калышты.

Салык жөнүндө суроо

13 Алар Ыйсаны сөзүнөн кармоо үчүн, бир нече фарисейди жана Ироддун бир нече кишисин жөнөтүштү.

14 Алар Ыйсага келип: «Устат, Сенин адилеттүү экениң бизге белгилүү. Эч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың, Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи? Беришибиз керекпи же бербей эле коюшубуз керекпи?» – дешти.

15 Бирок алардын эки жүздүүлүгүн билген Ыйса: «Мени эмне сынап жатасыңар? Мага динарий алып келип көрсөткүлөчү», – деди.

16 Алар алып келип беришти. Ошондо Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады. Алар Ага: «Падышаныкы», – деп жооп беришти.

17 Ыйса аларга: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деп жооп берди. Ошондо алар Ыйсага аябай таң калышты.

Тирилүү жөнүндө

18 Андан кийин «Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер Ыйсага келип:

19 «Устат! Муса бизге: “Эгерде бирөөнүн бир тууганы өлүп, аялы калса жана андан бала калбаса, анда бир тууганы анын аялын алып, тукумун уласын”, – деп жазып калтырган.

20 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, артына тукум калтырбай көз жумду.

21 Анан ал аялды экинчиси алды. Ал да дүйнөдөн баласыз өтүп кетти. Yчүнчүсү да ошондой болду.

22 Ал аялды жетөө тең алышты, бирок бала калтырышкан жок. Акырында аял да өлдү.

23 Тирилүү күнү келгенде, өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял булардын кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең аялдыкка алган», – деп сурашты.

24 Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.

25 Өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы периштелердей болуп калышат.

26 Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айта турган болсок, Мусанын китебиндеги жалындаган бадал жөнүндөгү аңгемеде Кудайдын Мусага: “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын”, – дегенин окуган жок белеңер?”

27 Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Демек, силер өлгөндөр тирилбейт деп, катуу жаңылып жатасыңар».

Улуу осуят

28 Алардын талашын жана Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин уккан бир мыйзам окутуучу Анын жанына келип: «Эң биринчи осуят кайсы?» – деп сурады.

29 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Эң биринчи осуят бул: “Кулак сал, Ысрайыл! Биздин Кудай-Теңирибиз – жалгыз Теңир.

30 Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!” Биринчи осуят ушул!

31 Экинчиси ушуга окшош: “Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй”. Булардан башка улуу осуят жок».

32 Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Туура айтасың, Устат! Кудай бирөө, Андан башка Кудай жок.

33 Аны чын жүрөгүң менен, бүт акылың менен, бүт жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүйүү жана өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүйүү бардык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардан жана башка курмандыктардан да артык», – деди.

34 Ыйса анын туура жооп бергенин көрүп, ага: «Сен Кудайдын Падышачылыгынан алыс эмессиң», – деди. Ушундан кийин эч ким Ага суроо берүүгө батынган жок.

Машайак – Дөөттүн Уулу жана Теңири

35 Ыйса ийбадатканада элди окутуп жатканда, мындай деди: «Мыйзам окутуучулар Машайакты Дөөттүн Уулу деп, эмненин негизинде айтып жүрүшөт?

36 Анткени Дөөт өзү Ыйык Рухтун жетеги менен: “Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”, – деген.

37 Демек, Дөөт өзү Машайакты “Теңирим” деп атаган болсо, анан кантип Ал Дөөттүн Уулу болсун?» Ошондо көп эл Аны берилүү менен укту.

Мыйзам окутуучулардын эки жүздүүлүгү

38 Анан Ыйса элди мындай деп окутту: «Узун кийим кийип жүрүүнү, элдик жыйындарда алик алууну,

39 синагогада алдыңкы орундарда, тойлордо болсо төрдө отурууну жакшы көргөн мыйзам окутуучулардан сак болгула.

40 Алар жесир аялдардын мал-мүлкүн талап-тоношот, элге көрүнүш үчүн, узакка сыйынышат. Алар оор жазага дуушар болушат».

Жесир аялдын лептасы

41 Ыйса курмандыктар салына турган кутунун маңдайында элдин акча салганын карап отурду. Көптөгөн бай адамдар көп акча салып жатышты.

42 Бир жесир аял да келип, эки лепта салды.

43 Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып, аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жарды жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды.

44 Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».

13-БӨЛҮМ

Ыйсанын келиши жөнүндө. Ийбадаткананын кыйрашы

1 Ыйса ийбадатканадан чыгып бара жатканда, шакирттеринин бири: «Устат, карачы! Кандай кооз таштар! Кандай кооз имараттар!» – деди.

2 Ошондо Ыйса ага: «Бул чоң имараттарды көрүп жатасыңбы? Мунун баары кыйратылат, бул жерде таш үстүндө таш калбайт», – деди.

3 Ыйса ийбадаткананын маңдайындагы Зайтун тоосунда отурганда, өздөрүнчө калышканда, Петир, Жакып, Жакан жана Андрей Андан:

4 «Бизге айтып берчи, бул качан болот? Мунун баарынын ишке ашарын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

5 Ыйса аларга мындай деп айта баштады: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула.

6 Анткени көптөр Менин ысымымды жамынып келип: “Машайак Менмин”, – деп, көптөрдү адаштырышат.

7 Согуштар жана согуш кабарлары жөнүндө укканыңарда, үрөйүңөрдү учурбагыла. Анткени булар болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес.

8 Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде жер титирөөлөр, ачкачылык жана козголоңдор болот. Булар – кыйынчылыктардын башталышы.

9 Бирок силер өзүңөргө сак болгула. Анткени силерди сотко беришет, синагогаларда уруп-сабашат. Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн, силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат.

10 Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек.

11 Силерди салып берүү үчүн алып бара жатышканда, эмнени айтабыз деп тынчсызданбагыла. Ошол саатта силерге эмне берилсе, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт.

12 Бир тууган бир тууганын, атасы балдарын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы көтөрүлүп, аларды өлтүрүшөт.

13 Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат.

Улуу кайгы

14 Окуган адам түшүнүп алсын: Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич турбашы керек болгон жерде турганын көргөнүңөрдө, Жүйүт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.

15 Ким үйдүн төбөсүндө болсо, ал бир нерсе алуу үчүн, үйүнө кирбесин.

16 Ким талаада болсо, ал кийимин алуу үчүн, артка кайрылып келбесин.

17 Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.

18 Качууңар кыш мезгилине туура келип калбас үчүн сыйынгыла.

19 Анткени ошол күндөрдө чоң алаамат болот, андай алаамат дүйнө жаратылгандан баштап, азыркыга чейин болгон эмес жана кийин да болбойт.

20 Эгерде Теңир ал күндөрдү кыскартпаса, анда эч бир адам куткарылмак эмес. Бирок Ал Өзү тандап алгандар үчүн гана ошол күндөрдү кыскартты.

21 Ошондо силерге кимдир бирөө: “Мына, Машайак бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.

22 Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштыруу үчүн, жышаандарды жана кереметтерди көрсөтүшөт.

23 Силер болсо сак болгула. Мына, Мен силерге бардыгын алдын ала айттым.

Адам Уулунун келиши

24 Бирок ошол күндөрдө ошол алааматтан кийин, күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат.

25 Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү кыймылдайт.

26 Ошондо Адам Уулунун булуттардын үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

27 Ошондо Ал Өзүнүн периштелерин жиберип, төгөрөктүн төрт бурчунан, бүт жер жүзүнөн Өзүнүн тандалгандарын чогултат.

Анжыр дарагына салыштыруу

28 Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер.

29 Ошол сыяктуу эле, силер да булардын боло баштаганын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билгиле.

30 Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

31 Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт.

32 Ал күндү же ал саатты эч ким билбейт: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, бир гана Ата билет.

33 Байкагыла, сергек болгула, сыйынгыла. Анткени ал убакыттын качан келерин билбейсиңер.

Теңирдин келишин күтүү

34 Бул жолго чыгарда үй-жайын калтырып, кулдарына бийлик берип, ар бирине өзүнчө иш тапшырган, дарбаза кайтаруучуга болсо сак болууну буйруган үй ээсине окшош.

35 Ошондуктан сергек болгула. Анткени үйдүн ээси качан келерин, кечиндеби, түн ортосундабы, короз кыйкырган маалдабы, таң аткандабы, билбейсиңер.

36 Ал күтүлбөгөн убакта, силер уктап жатканда келип калбасын!

37 Силерге айтып жатканым баарына тиешелүү: сергек болгула!»

14-БӨЛҮМ

Ыйсага каршы жашыруун сүйлөшүү

1 Пасах жана Ачыткысыз нан майрамына эки күн калган эле. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны куулук менен кармап алуунун, өлтүрүүнүн жолун издеп жатышты.

2 Бирок алар: «Майрам күндөрү болбойт, болбосо эл арасында козголоң чыгып кетет», – деп сүйлөшүштү.

Мариямдын Ыйсанын башына жыпар жыттуу май куюшу

3 Ыйса Бетанияда, пес оорулуу Шымондун үйүндө, дасторкондо отурганда, айнек идишке куюлган, кымбат баалуу, нарддан жасалган жыпар жыттуу, таза май алып, бир аял келди. Ал идиштин оозун сындырып, майды Ыйсанын башына куйду.

4 Ошондо кээ бирөөлөр ачууланышып, өз ара: «Жыпар жыттуу майды мынча ысырап кылуунун эмне кереги бар эле?

5 Аны үч жүздөн ашык динарийге сатып, жакырларга таратып берсе болмок да», – дешти. Ошентип, алар аялга нааразы болушту.

6 Бирок Ыйса аларга мындай деди: «Аны жайына койгула, эмнеге аны оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.

7 Анткени жакырлар ар дайым жаныңарда болот, аларга каалаган убагыңарда жакшылык кыла аласыңар. Мен болсо силер менен дайыма эле боло бербейм.

8 Бул аял колунан келгенин кылды. Мени көргө коюуга даярдаш үчүн, алдын ала денемди майлады.

9 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».

Чыккынчынын башкы ыйык кызмат кылуучулар менен макулдашуусу

10 Он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучуларга барды.

11 Алар болсо муну укканда кубанышып, ага акча берүүнү убада кылышты. Ошондо Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду издей баштады.

Пасах тамагы

12 Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнүндө, Пасах козусу союлганда, шакирттери Ыйсага: «Пасах тамагын кайсы жерде жегиң келет? Биз барып, даярдап берели», – дешти.

13 Ошондо Ыйса эки шакиртин мындай деп жиберди: «Шаарга барсаңар, кумура менен суу көтөрүп бара жаткан адамга жолугасыңар. Анын артынан ээрчип,

14 ал кайсы үйгө кирсе, ошол үйгө киргиле да, ошол үйдүн ээсине: “Устат сенден: "Шакирттерим менен Пасах тамагын жей турган бөлмө кайсы?" – деп сурап жатат” дегиле.

15 Ошондо ал силерге төшөнчүлөр төшөлүп даярдалган, үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт».

16 Анын шакирттери жолго чыгып, шаарга келишкенде, бардыгы Ыйса айткандай болуп чыкты. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.

Пасах майрамы

17 Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен келди.

18 Дасторкондо тамак жеп отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мени менен бирге тамак ичип отурган араңардагы бирөө Мага чыккынчылык кылат», – деди.

19 Алар бул сөзгө капа болушуп, биринин артынан бири: «Мен эмеспи?» – деп сурай башташты.

20 Ыйса аларга: «Ал – он экинин бири. Ал Мени менен бирге табактагы ашка нанын малып жатат.

21 Дегинкиси, Адам Уулу жөнүндө Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой аткарылып жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы! Ал адам төрөлбөй эле койсо жакшы болмок», – деп жооп берди.

Кечки Тамак

22 Алар тамак жеп жатканда, Ыйса нанды алды да, Кудайга ыраазычылык билдирип сындырды. Анан шакирттерине берип: «Алгыла, жегиле, бул нан Менин Денем», – деди.

23 Чөйчөктү да алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга берди. Бардыгы ошол чөйчөктөгүдөн ичишти.

24 Ошондо Ыйса аларга: «Бул – көптөр үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным.

25 Силерге чындыкты айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм», – деди.

Ыйсанын Петирдин баш тартарын алдын ала айтышы

26 Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.

27 Ошондо Ыйса аларга: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.

28 Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам», – деди.

29 Ошондо Петир Ыйсага: «Бардыгы шектенишсе да, мен шектенбейм», – деди.

30 Ыйса ага: «Сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн, ушул түнү, короз эки жолу кыйкырганга чейин, cен Менден үч жолу баш тартасың», – деди.

31 Бирок ал ого бетер күчөп: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.

Ыйсанын Гетсеманидеги сыйынуусу

32 Алар Гетсемани деген жерге келишти. Ошондо Ыйса шакирттерине: «Мен сыйынып келгенче, силер бул жерде отуруп тургула», – деди да,

33 Петирди, Жакыпты, Жаканды ала кетти. Анын тынчы кетип, жаны кыйнала баштады.

34 Анан аларга: «Жаным аябай кейип турат. Бул жерде калгыла да, сергек болгула», – деди.

Биринчи сыйынуу

35 Өзү четкерээк барып, жүзтөмөндөп жыгылды да, мындай деп сыйына баштады: «Эгерде мүмкүн болсо, ушул саат Менден кыя өтүп кетсинчи».

36 Анан мындай деп сыйынды: «Ата! Сенин колуңдан келбеген нерсе жок. Бул чөйчөктү Менден кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».

37 Ал шакирттерине кайтып келгенде, алардын уктап жатканын көрүп, Петирге: «Шымон, уктап жатасыңбы? Бир саат сергек боло алган жоксуңбу?

38 Азгырылып кетпес үчүн, сергек болгула, сыйынгыла. Рух сергек, дене алсыз», – деди.

Экинчи сыйынуу

39 Анан дагы четкерээк барып, ошол эле сөздөрдү айтып сыйынды.

40 Ал кайтып келгенде, алардын кайрадан уктап калганын көрдү. Анткени аларды уйку басып жаткан эле. Алар Ыйсага эмне деп жооп беришерин билишкен жок.

Yчүнчү сыйынуу

41 Yчүнчү жолу келгенде, Ыйса аларга: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Бүттү, убакыт-сааты келди. Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилет.

42 Тургула, кеттик. Мына, Мага чыккынчылык кылуучу жакындап калды», – деди.

Жүйүттүн чыккынчылыгы

43 Ыйса муну айтып бүтө электе эле, он экинин бири Жүйүт жана кылыч, союл көтөргөн бир топ адам келип калды. Аларды башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар жиберишкен эле.

44 Ыйсага чыккынчылык кылуучу аларга: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Аны кармап, сактык менен алып кеткиле», – деген эле.

45 Жүйүт келери менен, Ыйсанын жанына барып: «Устат! Устат!» – деп, Аны өптү.

46 Ошондо алар Аны кармап алышты.

Бардыгынын Ыйсаны таштап кетиши

47 Ыйсанын жанында тургандардын бири кылычын сууруп чыгып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун бир кулагын шылый чапты.

48 Ыйса аларга: «Мени кармаш үчүн, каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл алып чыктыңарбы?

49 Күн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен болгонумда, Мени кармаган жок элеңер. Бирок Кудай сөзү орундалууга тийиш», – деди.

50 Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.

51 Жылаңач денесине жабуу жамынган бир жаш жигит Ыйсанын артынан ээрчип бара жатты. Ал жигитти аскерлер кармап алышканда,

52 ал үстүндөгү жабуусун таштай салып, жылаңач бойдон качып кетти.

Ыйса аксакалдардын алдында

53 Ыйсаны башкы ыйык кызмат кылуучунун алдына алып келишти. Бардык ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар жана мыйзам окутуучулар Анын жанына чогулушту.

54 Петир Аны алыстан ээрчип, ыйык кызмат кылуучунун короосуна кирди. Ал жерде сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды.

55 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондогулардын баары Ыйсага өлүм жазасын өкүм кылуу үчүн, жалган күбөлөндүрүү издешти, бирок таба алышкан жок.

56 Анткени көп адамдар Ага каршы жалган күбөлөндүрүшсө да, ал күбөлөндүрүүлөр бири-бирине карама-каршы эле.

57 Кээ бирөөлөр орундарынан туруп, Ага каршы мындай деп жалган күбөлөндүрүштү:

58 «Биз Анын: “Кол менен салынган бул ийбадаткананы бузуп, үч күндүн ичинде кол менен салынбаган башка ийбадаткана тургузам”, – дегенин укканбыз».

59 Бирок алардын мындай күбөлөндүрүүлөрү да бири-бирине дал келген жок.

60 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ортого чыгып, Ыйсадан: «Сен эмне такыр жооп бербейсиң? Сага каршы булар эмне деп күбөлөндүрүп жатышат?» – деп сурады.

61 Бирок Ыйса унчуккан жок, эч кандай жооп да берген жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсага дагы мындай суроо берди: «Даңктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсиңби?»

62 «Менмин! Силер Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булуттар үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деп жооп берди Ыйса.

63 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип: «Бизге дагы кандай күбөлөр керек?

64 Кудайга акарат келтиргенин өзүңөр уктуңар. Силер буга эмне дейсиңер?» – деди. Алардын баары Ыйсаны өлүм жазасына татыктуу деп чечишти.

65 Кээ бирөөлөр Ага түкүрө башташты. Анын көзүн таңып коюп сабап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы!» – дешти. Сакчылар да Аны жаакка чапкылашты.

Петирдин Теңирден баш тартышы

66 Петир ылдыйкы короодо турганда, башкы ыйык кызмат кылуучунун күңдөрүнүн бири келди.

67 Ал отко жылынып отурган Петирди көрүп, тигиле карап: «Сен да назареттик Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.

68 Бирок ал: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм, түшүнгөн да жокмун», – деп, танып койду. Анан ал сыртка, сырткы короого чыкты. Ошондо короз кыйкырды.

69 Петирди кайрадан көргөн күң өзүнүн жанында тургандарга: «Бул да ошолордон», – деп айта баштады.

70 Ал болсо дагы танып койду. Ошол жерде тургандар бир аздан кийин Петирге кайрадан: «Сен, чын эле, ошолордонсуң. Анткени сен галилеялыксың да», – дешти.

71 Петир болсо аябай карганып: «Силер айтып жаткан Адамды мен тааныбайм», – деди.

72 Ошондо короз экинчи жолу кыйкырды. Петир Ыйсанын: «Короз эки жолу кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың», – деп айткан сөзүн эстеп, ыйлай баштады.

15-БӨЛҮМ

Ыйса Пилаттын алдында

1 Таң атары менен, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар, аксакалдар жана синедриондогулар кеңешме өткөрүштү да, Ыйсаны байлап, Пилатка алып барып тапшырышты.

2 Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса болсо ага: «Өзүң айтып жатасың», – деп жооп берди.

3 Башкы ыйык кызмат кылуучулар Ага каршы көп нерселерди айтып айыптап жатышты.

4 Ошондо Пилат Андан: «Сен такыр жооп бербейсиңби?» – деп, дагы сурады. Анан: «Сага каршы айтылган айыптоонун көптүгүн карачы», – деди.

5 Бирок Ыйса бул суроого да жооп берген жок. Пилат буга таң калды.

6 Ал майрам сайын эл сураган бир туткунду бошотуп берчү.

Ыйсаны эмес, Бараббаны...

7 Ошол учурда Барабба деген киши көтөрүлүшчүлөр менен бирге камакта болчу. Алар козголоң убагында киши өлтүрүшкөн эле.

8 Эл Пилаттан адаттагысындай эле бирөөнү бошотуп берүүсүн сурап, кыйкыра баштады.

9 Пилат болсо аларга: «Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүттөрдүн Падышасын бошотуп берейин?» – деди.

10 Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучулардын Ыйсаны көрө албастыктан улам кармап беришкендигин билчү.

11 Бирок башкы ыйык кызмат кылуучулар: «Андан көрө Бараббаны бошотуп берүүсүн сурагыла», – деп, элди тукуруп коюшту.

12 Пилат кайрадан аларга: «Жүйүттөрдүн Падышасы деп өзүңөр атаган Адамды эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.

13 Алар: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.

14 Пилат алардан: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – деп сурады. Алар болсо: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп, мурдагыдан да катуу кыйкырышты.

15 Ошондо Пилат элге жагууну каалап, аларга Бараббаны бошотуп берди. Ал эми Ыйсаны камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.

Ыйсанын кордолуп, шылдыңдалышы

16 Аскерлер болсо Ыйсаны ак сарайдын короосуна, башкача айтканда, преторияга алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн чогултушту.

17 Ыйсанын үстүнө кочкул кызыл чапан жаап, башына тикенектен таажы өрүп кийгизишти.

18 Анан: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп, Аны менен саламдаша башташты.

19 Алар Аны ичке чыбык менен башка чапкылашты, Ага түкүрүштү. Тизе бүгүп, Ага таазим кылышты.

20 Аны ушинтип шылдыңдашкандан кийин, Андан кочкул кызыл чапанды чечип алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.

21 Алар талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык бир кишиге Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту. Ал Искендер менен Руттун атасы эле.

22 Ошентип, алар Ыйсаны Голгофа (бул «Баш сөөгү» деп которулат) деген жерге алып келишти.

23 Ага смирна кошулган шарап беришти, бирок Ал ичкен жок.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы жана өлүшү

24 Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандар өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.

25 Үчүнчү саат чамасында Аны айкаш жыгачка кадашты.

26 Анын баш жагына «Жүйүттөрдүн Падышасы» деген айыптоо жазылган тактайчаны илип коюшту.

27 Ыйсанын жанына эки кылмышкерди: бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачка кадашты.

28 Ошентип, «Ал кылмышкер катары эсептелди» деген пайгамбарчылык орундалды.

29 Өтүп бара жаткандар баштарын чайкап, Ыйсаны мындай деп тилдеп жатышты: «Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу!

30 Айкаш жыгачтан түшүп, Өзүңдү куткарбайсыңбы!»

31 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар да шылдыңдашып, бири-бирине: «Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт!

32 Машайак, Ысрайылдын Падышасы, азыр айкаш жыгачтан түшсүн, биз көрүп, Ага ишенип калалы», – дешти. Анын жанындагы айкаш жыгачка кадалгандар да Аны тилдеп жатышты.

33 Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.

34 Тогузунчу саатта Ыйса үнүн катуу чыгарып: «Элои! Элои! Ламма савахфани?» – деп кыйкырды. Бул «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» деп которулат.

35 Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.

36 Ошондо бирөө жүгүрүп барып, соргучту ачуу ичимдикке малды да, аны ичке таякка илип, Ыйсага берди. Анан: «Токтогула, Илияс келип, Аны түшүрүп алар бекен, көрөлү», – деди.

37 Ыйса болсо катуу үн чыгарып, жан берди.

38 Ошондо ийбадатканадагы көшөгө жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды.

39 Ыйсанын маңдайында турган жүз башы Анын ушундай катуу үн чыгарып жан бергенин көргөндө: «Бул Адам, чын эле, Кудайдын Уулу болчу», – деди.

40 Ал жерде алыстан карап турган аялдар да бар болчу. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичинекей Жакып менен Жосенин энеси Мариям, Саломе бар эле.

41 Ыйса Галилеяда жүргөндө, алар Анын артынан ээрчип, Ага кызмат кылышчу. Ал жерде Аны менен Иерусалимге келген башка да көптөгөн аялдар бар эле.

Ыйсанын көргө коюлушу

42 Кеч кирип, жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калганда,

43 синедриондун бир кадырлуу мүчөсү, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн ариматаялык Жусуп келди. Ал Пилатка кирүүгө батынып, Ыйсанын сөөгүн сурады.

44 Пилат Анын өлүп калганына таң калды. Анан ал жүз башыны чакырып: «Өлгөнүнө көп болдубу?» – деп сурады.

45 Жүз башыдан билгенден кийин, Жусупка сөөктү бердиртти.

46 Жусуп ак болотнай сатып алды да, Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп, кепиндеди. Анан ал сөөктү асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюп, мүрзөнүн оозун таш тоголотуп келип жапты.

47 Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям болсо Анын кайсы жерге коюлганын карап турушту.

16-БӨЛҮМ

Ыйсанын тирилиши жана ошол күнкү окуялар

1 Ишемби күн өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломе Ыйсанын денесин майлоо үчүн, жыпар жыттуу майларды сатып алышты.

2 Жуманын биринчи күнү, эртең менен эрте, күн чыга электе, алар мүрзөгө келишти.

3 Алар өз ара: «Мүрзөнүн оозундагы ташты ким четке жылдырып берет?» – деп, сүйлөшүп келе жатышты.

4 Алар мүрзөгө жакын келишкенде, таштын четке жылдырылып калганын көрүштү. Таш болсо аябай чоң эле.

5 Алар мүрзөгө киргенде, оң тарапта отурган, ак кийимчен бир жигитти көрүп, коркуп кетишти.

6 Ал болсо аларга мындай деди: «Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жатасыңарбы? Ал тирилди, Ал бул жерде жок. Мына, Анын сөөгү коюлган жер.

7 Баргыла да, Анын шакирттери менен Петирге: “Ал силерди Галилеядан тосуп алат. Силерге Өзү айткандай, Аны ошол жактан көрөсүңөр”, – деп айткыла».

8 Алар мүрзөдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Корккондорунан титиреп, үрөйлөрү учуп калган алар эч кимге эч нерсе айтышкан жок.

Ыйсанын тапшырмасы

9 Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте тирилген Ыйса эң биринчи болуп, магдалалык Мариямга көрүндү. Ал анын ичинен жети жинди кууп чыгарган эле.

10 Мариям барып, мурда Ыйса менен чогуу жүрүп, азыр болсо кайгырып, ыйлап жаткандарга жарыялады.

11 Бирок алар Ыйсанын тирүү экендигин жана Мариямдын көргөндүгүн угушканда, ишенишкен жок.

12 Ошондон кийин Ыйса бир айылга жол тартып бара жаткан эки шакиртке башкача болуп көрүндү.

13 Алар кайтып келип, калган шакирттерге жарыялашты, бирок аларга да ишенишкен жок.

14 Ыйса ошондон кийин дасторкондо отурган он бир шакиртине көрүндү. Ал шакирттерин ишенбестиги үчүн жана жүрөктөрүнүн катуулугу үчүн жемеледи. Анткени алар Анын тирилгендигин көргөндөргө ишенбей коюшкан эле.

15 Анан аларга мындай деди: «Бүт дүйнөнү кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.

16 Ким ишенип, сууга чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.

17 Мага ишенгендерди бул белгилер коштоп жүрөт: Менин ысымым менен жиндерди кууп чыгарышат, жаңы тилдерде сүйлөшөт.

18 Эгерде колдору менен жыландарды кармап алышса, уулуу нерсе ичип алышса, алардан зыян тартышпайт. Колдорун оорулуулардын үстүнө коюшса, оорулуулар айыгышат».

Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетиши

19 Ошентип, Ыйса Теңир алар менен сүйлөшкөндөн кийин, асманга көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отурду.

20 Шакирттер болсо бардык жерди кыдырып, Жакшы Кабар таратып жүрүштү. Теңир аларга жардам берип, көрсөтүлгөн кереметтер аркылуу Өз сөзүн бекемдеп жатты. Оомийин.