1-БӨЛҮМ

Кириш сөз

1 Урматтуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза башташты.

2 Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айтышкан эле.

3 Ошондуктан бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым.

4 Бул аркылуу сен өзүң уккан сөздөрдүн чындык экендигин билип каласың.

Периште чөмүлдүрүүчү Жакандын төрөлөрүн кабарлайт

5 Жүйүт падышасы Ироддун убагында Абия тобунда Захария аттуу ыйык кызмат кылуучу болгон. Анын Арун уруусунан чыккан Элизабет деген аялы бар эле.

6 Экөө тең Теңирдин осуяттары менен көрсөтмөлөрүн так аткарып, Кудай алдында адил жашашчу.

7 Элизабет төрөбөс болгондуктан, алардын балдары жок болчу. Экөө тең карып калышкан эле.

8 Бир күнү Захария өз кезеги боюнча Кудай алдында кызмат кылып жатканда,

9 ыйык кызмат кылуучулардын салты боюнча өкчөмө таш ыргытылып, ага Теңирдин ийбадатканасына кирип жыпар жыттуу зат түтөтүү кызматы тийди.

10 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүп жаткан учурда, көп эл сыртта сыйынып турду.

11 Ошондо ага Теңирдин периштеси көрүндү. Периште жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын оң жагында турду.

12 Захария аны көргөндө, селт эте түштү. Аны коркунуч басты.

13 Периште болсо ага мындай деди: «Коркпо, Захария! Анткени сенин сыйынууң угулду. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, анын ысымын Жакан коёсуң.

14 Сен кубанычка, шаттыкка бөлөнөсүң, анын төрөлгөнүнө көптөр сүйүнүшөт.

15 Анткени ал Теңирдин алдында улуу адам болот. Шарап да, күчтүү ичкилик да ичпейт. Энесинин ичинде жатканда эле Ыйык Рухка толот.

16 Ысрайыл уулдарынын көпчүлүгүн өздөрүнүн Кудай-Теңирине бурат.

17 Аталарынын жүрөгүн балдарына, баш ийбегендерди адил адамдардын ойлонуу жолуна буруп, даярдалган элди Теңирге алып келүү үчүн, ал Илияс пайгамбардын руху жана күчү менен Анын алдында келет».

18 Ошондо Захария периштеге: «Мен муну эмнеден улам билем? Анткени мен карып калдым, аялым да карыды», – деди.

19 Периште ага мындай деп жооп берди: «Мен Кудай алдында туруучу Жебирейилмин, сени менен сүйлөшүү үчүн, сага ушул жакшы кабарды билдирүү үчүн жиберилгем.

20 Сен менин өз убагы келгенде орундала турган сөздөрүмө ишенбегендигиң үчүн, тилден калып, бул ишке ашкан күнгө чейин сүйлөбөйсүң».

21 Ошол учурда Захарияны күтүп турган эл анын ийбадатканада кармалып жатканына таң калды.

22 Ал сыртка чыкканда, элге сүйлөй албай койду. Ошондо алар анын ийбадатканада көрүнүш көргөнүн түшүнүштү. Захария аларга жаңсап түшүндүрдү, анткени ал дудук болуп, сүйлөй албай калган эле.

23 Кызмат кыла турган күндөрү бүткөндөн кийин, ал үйүнө кайтты.

24 Ошол күндөрдөн кийин анын аялы Элизабеттин боюна бүтүп, беш ай бою жашырынып жүрдү.

25 «Мени элдин шылдыңынан куткарыш үчүн, Теңир ушул күндөрдө мага назарын салып, ушундай кылды», – деди ал.

Жакшы Кабар

26 Алтынчы айда Кудай Галилеянын Назарет деген шаарына,

27 Дөөт тукумунан чыккан Жусуп деген адам менен убадалашып койгон кызга Жебирейил периштени жиберди. Кыздын ысымы Мариям эле.

28 Периште ага келип: «Салам, Кудайдан ырайым тапкан кыз! Теңир сени менен! Аялдардын ичинен сен баталуусуң!» – деди.

29 Периштенин сөзүнө апкаарый түшкөн Мариям бул саламдашуу эмнени билдирет деп, ойлонуп калды.

30 Ошондо периште ага мындай деди: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Кудайдан ырайым таптың.

31 Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коёсуң.

32 Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага атасы Дөөттүн тагын берет.

33 Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышачылык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт».

34 Мариям периштеден: «Эркек көрбөсөм, бул кандайча болот?» – деп сурады.

35 Периште ага мындай деп жооп берди: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сени Бардыгынан Жогору Тургандын күчү каптайт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет.

36 “Төрөбөс” деп аталган тууганың Элизабет да карыганда кош бойлуу болду. Ал уул төрөйт, анын боюна бүткөнүнө алты ай болду.

37 Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт».

38 Ошондо Мариям: «Мен мына, мен Теңирдин кулумун. Мага сен айткандай болсун», – деди. Ошондон кийин периште анын жанынан кетти.

Мариям Элизабетке келет

39 Ошол күндөрдүн биринде Мариям тоолуу Жүйүт өлкөсүнүн бир шаарына шашылыш түрдө жөнөдү.

40 Ал Захариянын үйүнө кирип, Элизабет менен саламдашты.

41 Мариямдын саламын укканда, Элизабеттин ичиндеги баласы туйлап жиберди. Ошондо Элизабет Ыйык Рухка толуп,

42 үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Аялдардын ичинен сен баталуусуң, ичиңдеги бала да баталуу!

43 Теңиримдин энеси мага келгидей, мен киммин?

44 Анткени сенин саламыңды укканымда, ичимдеги бала кубанычтан туйлап жиберди.

45 Ишенгениң үчүн бактылуусуң, анткени Теңирдин сага айткан сөзү аткарылат».

Мариямдын даңктоо ыры

46 Мариям мындай деди: «Менин жаным Теңирди даңктайт.

47 Куткаруучум Кудайды ойлоп, рухум кубанды.

48 Анткени Ал Өзүнүн кулунун момундугуна назарын салды. Анткени мындан ары бардык муундар мени “бактылуу” дешет.

49 Анткени Кудуреттүү мага улуу иш жасады. Анын ысымы ыйык.

50 Ал Өзүнөн корккондорго укумдан-тукумга ырайым кылат.

51 Ал Өзүнүн колунун күчүн көрсөттү. Жүрөгүндөгү ойлору текеберлерди чачыратып жиберди.

52 Күчтүүлөрдү тактыларынан түшүрүп, момундарды көтөрдү.

53 Ачкаларга ырыскыны мол берди, байларды болсо куру кол коё берди.

54-55 Биздин ата-бабаларыбызга, Ыбрайымга жана анын тукумуна түбөлүккө ырайым кылууну убада кылганын эстеп, Өзүнүн кулу Ысрайылга жардамга келди».

56 Мариям Элизабеттин жанында үч айга жакын болуп, үйүнө кайтты.

Чөмүлдүрүүчү Жакандын төрөлүшү

57 Элизабеттин төрөр маалы келип, уул төрөдү.

58 Теңирдин ага улуу ырайым көрсөткөнүн уккан анын коңшулары менен туугандары аны менен бирге кубанышты.

59 Сегизинчи күнү баланы сүннөткө отургузууга келишти. Ага атасы Захариянын ысымын коймокчу болушту.

60 Бирок баланын энеси: «Жок, анын ысымын Жакан коёбуз», – деди.

61 Ошондо алар ага: «Сенин урук-тукумуңда мындай аттуу эч ким жок да», – дешти.

62 Анан баланын атасынан кандай ат койгусу келерин жаңсап сурашты.

63 Ал тактайча талап кылып, «Анын ысымы – Жакан» деп жазды. Бардыгы таң калышты.

64 Ошол замат Захарияга тил кирип, Кудайды даңктай баштады.

65 Алардын тегерегинде жашагандардын бардыгын коркунуч басты. Бул жөнүндө тоолуу Жүйүт аймагынын бүт жерине сөз тарады.

66 Уккандардын бардыгы муну көкүрөгүнө түйүп: «Бул бала ким болор экен?» – дешти. Аны Кудай Өзү колдоп жүрдү.

Захариянын даңктоо ыры

67 Анын атасы Захария Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарчылык кылды:

68 «Ысрайылдын Кудай-Теңирине алкыш! Анткени Ал Өз элине келип, аны кун төлөп куткарып алды.

69 Байыртадан бери Өзүнүн ыйык пайгамбарлары аркылуу айтып келгендей,

70 Өз кулу Дөөттүн тукумунан биз үчүн куткаруу мүйүзүн көтөрдү.

71 Ал бизди душмандарыбыздан, бизди жек көргөндөрдүн колунан куткарды.

72 Биздин ата-бабаларыбызга ырайым кылып, Өзүнүн ыйык келишимин эстеди.

73 Өмүрүбүз өткөнчө Анын алдында, Ага ыйыктык жана адилеттүүлүк менен,

74-75 коркпостон кызмат кылышыбыз үчүн, Ал атабыз Ыбрайымга бизди душмандарыбыздын колунан куткарууну убада кылган.

76 Сен да, наристе, Бардыгынан Жогору Тургандын пайгамбары деп аталасың. Анткени сен Теңирге жол даярдаш үчүн,

77 Кудайдын улуу боорукердиги боюнча күнөөлөрү кечирилип, куткарыларын Анын элине түшүндүрүш үчүн, Анын алдында келесиң.

78 Ошол улуу боорукердик боюнча бизди тынчтыктын жолуна салуу үчүн,

79 караңгычылыкта жана өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык берүү үчүн, жогорудан бизге Жарык келди».

80 Бала болсо чоңоюп, күндөн күнгө руху бекемделип жатты. Ал өзүнүн Ысрайыл элине келгенге чейин ээн талаада жашады.

2-БӨЛҮМ

Ыйсанын төрөлүшү

1 Ошол күндөрдө Рим императору Август «Бүт өлкөдө эл каттоо болсун» деген буйрук чыгарды.

2 Бул Кибрений Сирияны башкарып турган убакта болгон биринчи эл каттоо эле.

3 Ошондо каттоодон өтүш үчүн, ар ким өз шаарына барды.

4 Жусуп да Галилеядагы Назарет шаарынан Жүйүт аймагына, Дөөттүн шаары Бейт-Лехемге жөнөдү. Анткени ал Дөөт падышанын тукумунан эле.

5 Ал өзү менен убадалашып койгон кош бойлуу аялы Мариям менен бирге каттоодон өтмөкчү болду.

6 Алар Бейт-Лехемге келишкенде, Мариямдын төрөр маалы келип,

7 тун Уулун төрөдү. Аны ороп, сарайдагы акырга жаткырды, анткени мейманканада аларга орун жок болчу.

Периштенин койчуларга кубанычтуу кабар жарыялашы

8 Ошол жерде түнкүсүн талаада түнөп малын кайтарган койчулар бар эле.

9 Күтүлбөгөн жерден аларга Теңирдин периштеси көрүнүп, Теңирдин даңкы жаркырады. Койчулар аябай коркуп кетишти.

10 Периште аларга: «Коркпогула! Мен силерге бардык адамдарды сүйүнтө турган чоң кубанычты жарыялайм.

11 Бүгүн Дөөттүн шаарында силер үчүн Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машайак Теңир.

12 Силер аны бул белги боюнча билесиңер: жалаякка оролуп, акырда жаткан Наристени көрөсүңөр», – деди.

13 Күтүлбөгөн жерден периште менен бирге асман аскерлеринин тобу көрүнүп:

14 «Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө, Кудайга жаккан адамдар арасында тынчтык болсун», – деп, Кудайды даңкташты.

Койчулардын табынуусу

15 Периштелер асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, Бейт-Лехемге баралы да, ал жерде эмне болгонун, Теңирдин бизге эмне жөнүндө жарыялаганын көрөлү», – дешти.

16 Алар шашылыш түрдө келишип, Мариям менен Жусупту, акырда жаткан Наристени көрүштү.

17 Аларды көрүшкөндөн кийин, бул Наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти.

18 Ошондо угуп тургандардын бардыгы койчулардын сөздөрүнө таң калышты.

19 Мариям болсо бул сөздөрдүн бардыгын көңүлүнө түйүп, эсине сактады.

20 Койчулар көргөндөрүнүн, уккандарынын баары периштенин айтканындай болгону үчүн Кудайды даңктап, мактап, кайра кайтышты.

Ыйсанын сүннөткө отургузулушу

21 Сегиз күн болгондо, Наристени сүннөткө отургузууга мезгил жеткенде, Анын ысымын Ыйса деп коюшту. Бул ысым Наристе бойго бүтө электе эле, периште тарабынан коюлган эле.

22 Мусанын мыйзамы боюнча алардын тазалануу убагы бүткөндөн кийин, алар Ыйсаны Теңирдин алдына алып баруу үчүн, Иерусалимге алып келишти.

23 Анткени Теңирдин мыйзамында: «Сүннөткө отургузулган ар бир тун эркек бала Теңирге арналсын», – деп жазылган.

24 Алар Теңирдин мыйзамы боюнча эки бактек же эки жаш көгүчкөндү курмандыкка чалуулары керек эле.

Шымыйондун пайгамбарчылыгы

25 Ошол убакта Иерусалимде Шымыйон деген адам жашачу. Ал Ысрайыл элинин сооронор мезгилин күтүп жүргөн, Кудайдан корккон, Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган адил адам эле.

26 Ага Ыйык Рух тарабынан: «Теңирдин Машайагын көрмөйүнчө, өлбөйсүң», – деп алдын ала айтылган эле.

27 Ал Ыйык Рухтун жетеги менен ийбадатканага келди. Мыйзамды аткаруу үчүн, ата-энеси Наристе Ыйсаны ийбадатканага алып келишкенде,

28 Шымыйон Аны колуна алып, Кудайды даңктап, мындай деди:

29 «Эгедер Теңирим, эми Өз сөзүң боюнча Өз кулуңду тынчтык менен коё бересиң.

30 Анткени мен Сенин бардык элдердин алдында даярдаган куткарууңду,

31 бутпарастардын көзүн ача турган жарыкты,

32 Ысрайыл элиңдин даңкын көрдүм».

33 Наристе жөнүндө айтылган сөздөргө Жусуп да, Мариям да таң калды.

34 Анан Шымыйон аларга батасын берип, Наристенин энеси Мариямга: «Бул Наристе Ысрайыл жеринде көптөрдүн жыгылуусунун жана көптөрдүн жогору көтөрүлүүсүнүн, талаш-тартыштын себепкери болот. Көптөрдүн жүрөктөгү ойлору ачылат.

35 Ал эми сенин жүрөгүң тилингендей болот», – деди.

Пайгамбар аял Анна

36 Ошол жерде Ашыр уруусунан чыккан Пануел кызы Анна деген карыган пайгамбар аял бар эле. Ал күйөөсү менен жети жыл гана жашаган.

37 Сексен төрт жаштагы бул жесир аял орозо кармап, сыйынып, Кудайга күнү-түнү кызмат кылып, ийбадатканадан кетчү эмес.

38 Ошол учурда ал да келип, Теңирди даңктап, Иерусалимдин эркиндикке чыгуусун күтүп жүргөндөрдүн бардыгына Ал жөнүндө айтып берди.

Назаретке кайтуу

39 Алар Теңирдин мыйзамында көрсөтүлгөндүн бардыгын аткарышкандан кийин, Галилеядагы өздөрүнүн Назарет шаарына кайтып келишти.

40 Бала акылга толуп, руху бекемделип, чоңоё берди. Кудай Ага батасын берип жатты.

Он эки жашар Ыйса ийбадатканада

41 Жыл сайын Ыйсанын ата-энеси Иерусалимге Пасах майрамына барышчу.

42 Ыйса он эки жашка чыкканда да, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамга барышты.

43 Майрам күндөрү аяктап, үйлөрүнө кайтышканда, өспүрүм Ыйса Иерусалимде калып калды. Муну Жусуп да, Анын энеси да байкаган жок.

44 Аны башкалар менен келе жатат деп ойлошту. Бир күн жол жүрүшкөндөн кийин, алар Аны туугандарынын жана тааныштарынын арасынан издей башташты.

45 Таппай коюшкандан кийин, Аны издеп, кайра Иерусалимге келишти.

46 Үч күндөн кийин Аны ийбадатканадан, устаттардын ортосунда сөз угуп, суроо берип отурган жеринен табышты.

47 Угуп отургандардын бардыгы Анын акылына жана берген жоопторуна таң калышты.

48 Ата-энеси Аны көрүп, таң калды. Энеси Ага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, Сени издеп жүрөбүз», – деди.

49 Ыйса аларга: «Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» – деди.

50 Бирок алар айтылган сөздөрдүн маанисин түшүнүшкөн жок.

51 Анан Ыйса ата-энеси менен Назаретке келди. Ал ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо бул сөздөрдүн баарын көкүрөгүнө түйүп жүрдү.

52 Ыйса жетилип, акыл-эске толду. Ал Кудайдын да, адамдардын да сүймөнчүгү болду.

3-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы

1 Рим падышасы Тиберийдин падышачылыгынын он бешинчи жылы эле. Жүйүт аймагында Понтий Пилат, Галилеяда Ирод Антипас, Итурея жана Трахонит аймактарына Ироддун бир тууганы Филип, Абиленеяда Лусаний акимчилик кылып,

2 Анас менен Кайапа башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турганда, ээн талаада Захариянын уулу Жаканга Кудайдан сөз айтылды.

3 Ошондон кийин Жакан Иордан дарыясынын боюндагы бүт аймактарды кыдырып, адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн, тобо кылуу чөмүлдүрүүсүн жар сала баштады.

4 Бул жөнүндө Ышайа пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган адамдын үнү угулат.

5 Ойдуңдун баары толтурулсун, тоолор менен дөңдөрдүн баары текшиленсин, ийри-буйру жерлер түздөлсүн, өңгүл-дөңгүл жолдор тегизделсин.

6 Ошондо ар бир адам Кудайдын куткаруусун көрөт».

7 Жакан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келген элге: «Жылан тукумдары! Келечек каардан качып кутулууну силерге ким үйрөттү?

8 Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө! “Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Анткени силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга ушул таштардан да балдарды жаратып бере алат.

9 Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат», – деди.

10 Ошондо эл Жакандан: «Анда эмне кылышыбыз керек?» – деп сурады.

11 Ал элге: «Кимдин эки кийими бар болсо, бирин кийими жокко берсин. Кимдин тамак-ашы болсо, ал да ушундай кылсын», – деп жооп берди.

12 Салык жыйноочулар да сууга чөмүлдүрүлүү үчүн келип, андан: «Устат, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

13 Жакан аларга: «Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла», – деп жооп берди.

14 Аскерлер да андан: «Бизчи, биз эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Ошондо Жакан аларга: «Эч кимге кысым көрсөтпөгүлө, бирөөгө жалаа жаппагыла, өзүңөрдүн маянаңарга ыраазы болгула», – деп жооп берди.

15 Куткаруучуну күтүп жүргөн эл Жакан жөнүндө: «Бул Машайак эмеспи?» – деп ойлошту.

16 Жакан элдин бардыгына мындай деп жооп берди: «Мен силерди сууга чөмүлдүрөм, бирок менден Күчтүү келет, мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

17 Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өзүнүн кырманын тазалап, буудайды кампасына жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».

18 Жакан элге дагы көп нерселер жөнүндө насаат айтып, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

Чөмүлдүрүүчүнүн камакка алынышы

19 Ал башкаруучу Иродду ашкере кылды. Анткени Ирод өзүнүн бир тууганынын аялы Иродияны алып, дагы көптөгөн жаман иштерди жасаган эле.

20 Анысы аз келгенсип, ал Жаканды түрмөгө каматып койду.

Ыйсанын сууга чөмүлдүрүлүшү

21 Бардык эл сууга чөмүлдүрүлүп жатканда, Ыйса да чөмүлдүрүлдү. Ал сыйынып жатканда, асман ачылып,

22 Ыйык Рух дене түрүндө, көгүчкөн сыяктуу Анын үстүнө түштү. Анан асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» деген үн угулду.

Ыйсанын санжырасы

23 Ыйса Өзүнүн кызматын баштаганда, отуз жаштын тегерегинде эле. Адамдардын ою боюнча Ал – Жусуптун, Эйлинин,

24 Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун,

25 Мататиянын, Амостун, Накумдун, Эслинин, Нагайдын,

26 Мааттын, Мататиянын, Шемейдин, Жусуптун, Жүйүттүн,

27 Жаханандын, Ресанын, Зоробабылдын, Шалтиелдин, Неринин,

28 Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин,

29 Жосенин, Элиезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин,

30 Шымыйондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элийакимдин,

31 Мелеянын, Менанын, Мататанын, Натандын, Дөөттүн,

32 Жышайдын, Обейттин, Бууздун, Салмондун, Нахшондун,

33 Аминадаптын, Рамдын, Хесрондун, Перестин, Жүйүттүн,

34 Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун,

35 Серуктун, Рейунун, Пелектин, Эйбердин, Шелахтын,

36 Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин,

37 Матушалдын, Энохтун, Жареттин, Маалалелдин, Кайнандын,

38 Эноштун, Шеттин, Адамдын, Кудайдын Уулу.

4-БӨЛҮМ

Ыйсанын сыналуусу

1 Ыйса Ыйык Рухка толуп, Иордандан кайтып келгенден кийин, Рух тарабынан чөлгө алынып барылды.

2 Ошол жерде Ал кырк күн шайтан тарабынан сыналды. Ошол күндөрү Ал эч нерсе жеген жок. Акырында, Ал ачка болду.

3 Ошондо шайтан Ага: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул ташка буйру, ал нанга айлансын», – деди.

4 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ыйык Жазууда: “Адам нан менен гана эмес, Кудайдын ар бир сөзү менен жашайт”, – деп жазылып турат».

5 Ошондо шайтан Аны бийик тоого чыгарып, көз ирмемде Ага дүйнөнүн бүт падышачылыктарын көрсөтүп:

6 «Сага ушул падышачылыктардын баарынын үстүнөн болгон бийликти жана алардын атак-даңкын берем. Анткени ал мага берилген, мен аны кимге кааласам, ошого берем.

7 Ошондуктан, эгерде Сен мага таазим кылсаң, баары Сеники болот», – деди.

8 Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңе табын, Ага гана кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.

9 Ошондо шайтан Аны Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда ушул жерден боюңду таштап жибер.

10 Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өз периштелерине Сени сактоону буйруйт.

11 Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».

12 Ыйса ага: «“Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп айтылган», – деп жооп берди.

13 Шайтан Ыйсаны сынап бүткөндөн кийин, убактылуу Анын жанынан кетип калды.

Ыйсанын Галилеядагы кызматы

14 Ыйса Ыйык Рухтун күчүнө толуп, Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө бардык аймактарга кабар тарап жатты.

15 Ал синагогаларда элди окута баштады. Аны бардыгы мактап жатышты.

Ыйса Назареттеги синагогада

16 Ыйса Өзү чоңойгон Назарет шаарына келип, адатынча ишемби күнү синагогага кирди. Ал Кудайдын китебинен окуп берүү үчүн ордунан турганда,

17 Ага Ышайа пайгамбардын китебин сунушту. Ал китепти ачып, мындай деп жазылган жерин таап окуду:

18 «Теңирдин Руху Менде, анткени Ал Мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады. Мени жүрөгү жаралууларды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурлардын көзүн ачууга, кыйналгандарды эркиндикке чыгарууга,

19 Теңирдин ырайым кылуу жылын жарыя кылууга жиберди».

20 Анан Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарып берип, ордуна отурду. Синагогадагылардын бардыгынын көздөрү Ага тигилди.

21 Ошондо Ыйса аларга: «Силер уккан ушул пайгамбарчылык бүгүн орундалды», – деди.

22 Бардыгы Аны кубатташты. Анын оозунан чыккан керемет сөздөрүнө таң калып: «Бул Жусуптун эле баласы эмеспи?» – дешти.

23 Ыйса аларга мындай деди: «Силер Мага “Дарыгер, өзүңдү айыктыр!” деген макалды айтарыңар анык. “Капернаумда кылгандарыңды уктук. Ошол кылгандарыңды бул жерде, Өз мекениңде да кылчы”, – дээрсиңер».

24 Анан Ыйса дагы мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эч бир пайгамбар өз жеринде кабыл алынбайт.

25 Силерге чындыкты айтып жатамын, Илияс пайгамбардын тушунда, үч жыл алты ай бою жамгыр жаабай, бардык жерде катуу ачарчылык болгон кезде, Ысрайылда жесир аялдар көп эле.

26 Ошондо Илияс алардын эч кимисине жиберилбестен, Сидон жеринин Сарепат шаарындагы бир жесирге гана жиберилген.

27 Ошондой эле Элиша пайгамбардын тушунда Ысрайылда пес оорулуулар көп болгон, бирок сириялык Наамандан башка эч ким айыккан эмес».

28 Муну укканда, синагогадагылардын баары ачууланышты.

29 Алар орундарынан тура калышып, Ыйсаны шаардан кууп чыгышты да, ылдый түртүп жибермекчи болуп, өздөрүнүн шаары жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты.

30 Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.

Ыйса Капернаумда

31 Ыйса Галилеядагы Капернаум шаарына келип, ишемби күндөрү элди окутуп жатты.

32 Эл Анын окутуусуна таң калды, анткени Ал бийлиги бар адамдай сүйлөчү.

33 Синагогада жин оорулуу бир адам бар эле. Ал:

34 «Эй, назареттик Ыйса, бизде эмнең бар? Сен бизди жок кылуу үчүн келдиң. Сенин ким экениңди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысың», – деп кыйкырды.

35 Ыйса ага: «Үнүңдү бас! Бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды. Ошондо жин ал адамды элдин алдына жыгып, ага эч кандай зыян келтирбестен, анын ичинен чыгып кетти.

36 Ошондо бардыгынын үрөйлөрү учуп, өз ара: «Бул эмне дегени? Ал жиндерге бийлик менен, күч менен буйрук берип жатат, алар чыгып кетип жатышат», – дешти.

37 Ошентип, Ыйса жөнүндө бардык аймактарга кабар тарады.

Ыйсанын Петирдин кайын энесин жана көптөрдү айыктыруусу

38 Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Шымондун үйүнө келди. Шымондун кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан эле. Ыйсадан ага жардам берүүсүн өтүнүштү.

39 Ыйса анын жанына келип, аны ысытма оорусунан айыктырды. Аял дароо ордунан туруп, аларга кызмат кыла баштады.

40 Күн батканда, Ага ар кандай оорулууларды алып келе башташты. Ал ар биринин үстүнө колдорун коюп, аларды айыктырып жатты.

41 Көптөрдүн ичинен жиндер: «Сен Кудайдын Уулу Машайаксың!» – деп кыйкырып чыгып жатышты. Бирок Ыйса аларга Өзүнүн Машайак экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машайак экенин билишчү.

Ыйсанын бүт Жүйүт аймагында насаат айтышы

42 Таң атканда Ыйса үйдөн чыгып, ээн жерге барды. Эл Аны издеп таап, кетирбей алып калгысы келди.

43 Бирок Ыйса аларга: «Мен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек. Анткени Мен ошол үчүн жиберилгем», – деди.

44 Ошентип, Ыйса Галилеядагы синагогаларда насаат айтып жатты.

5-БӨЛҮМ

Көп балык кармоо

1 Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудайдын сөзүн угуш үчүн, Анын жанына эл үйүлүп калды. Ал көлдө турган эки кайыкты көрдү.

2 Кайыктан түшкөн балыкчылар болсо торлорун жууп жатышкан.

3 Эки кайыктын бири Шымондуку эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, андан жээктен бир аз нарыраак сүзүп баруусун өтүндү. Анан Ал кайыкка отуруп алып, элди окута баштады.

4 Ал сөзүн бүткөндөн кийин, Шымонго: «Көлдүн терең жерине сүзүп барып, торлоруңарды салгыла», – деди.

5 Шымон Ага: «Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок Сен айтып жаткан соң, торду салайын», – деди.

6 Алар торду салып, абдан көп балык кармашты. Балыктын көптүгүнөн тор айрыла баштады.

7 Ошондо алар кол булгап, экинчи кайыктагы жолдошторун жардамга чакырышты. Алар келип, балыктарды салышканда, эки кайык тең толуп калды. Кайыктар чөгө баштады.

8 Муну көргөн Шымон Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: «Теңир, менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын», – деди.

9 Анткени ушунча көп балык кармагандарынан улам, аны жана анын жанындагылардын баарын коркунуч басты.

10 Шымондун достору болгон Зебедей уулдары Жакып менен Жакан да коркуп кетишкен эле. Ошондо Ыйса Шымонго: «Коркпо, мындан ары адамдарды кармайсың», – деди.

11 Алар эки кайыкты тең жээкке чыгарышты да, бүт баарын таштап, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.

Ыйсанын пес оорулууну айыктырышы

12 Ыйса бир шаарда жүргөндө, бүт денеси пес болгон бир адам келди. Ал Ыйсаны көргөндө, Анын бутуна жыгылып: «Теңир, эгерде Сен кааласаң, мени таза кыла аласың», – деп жалынды.

13 Ошондо Ыйса колун сунуп, ага тийгизди да: «Каалайм, таза бол», – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

14 Ыйса ага: «Эч кимге айтпа, бирок ыйык кызмат кылуучуга барып көрүнүп, өзүңдүн тазаланууң үчүн, Муса буйругандай, курмандык чал. Бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деп буйруду.

15 Бирок Ал жөнүндө барган сайын көп айтыла баштады. Анын сөзүн угуу үчүн жана ооруларынан айыгуу үчүн, эл агылып келип жатты.

16 Ыйса болсо Өзү жалгыз ээн талаага барып сыйынды.

Шал оорулууну айыктыруу

17 Бир күнү Ыйса элди окутуп жатканда, ал жерде Галилеянын бардык айыл-кыштактарынан, Жүйүт аймагынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, мыйзам окутуучулар отурушкан. Теңирдин күчү оорулуулардын айыгуусу аркылуу көрүнүп жатты.

18 Ошол учурда бир нече адам бир шал оорулууну төшөнчүсү менен алып келишти. Алар аны Ыйсанын алдына жаткыруу үчүн, үйгө киргизүүгө аракет кылышты.

19 Бирок элдин көптүгүнөн алар аны үйгө киргизе албай, үйдүн төбөсүнө чыгып, чатырды ачышты. Ошол жерден шал оорулуу адамды төшөнчүсү менен ортого, Ыйсанын алдына түшүрүштү.

20 Ыйса алардын ишенимин көрүп, ага: «Адам, сенин күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

21 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер өз ара: «Кудайга акарат келтирген бул ким? Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – дешти.

22 Ыйса болсо алардын оюн билип: «Эмне үчүн минтип ойлоп жатасыңар?

23 Кайсынысын айткан оңой: “Сенин күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, бас” дегенби?

24 Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экендигин билишиңер үчүн», – деди да, шал оорулуу адамга: «Сага айтамын, ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

25 Ал ошол замат көпчүлүктүн көз алдында ордунан турду да, төшөгүн алып, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү.

26 Ошондо баары айран-таң калып, Кудайды даңкташты. Үрөйлөрү учкан алар: «Бүгүн биз кереметтүү иштерди көрдүк», – дешти.

Матайдын чакырылышы

27 Ушундан кийин Ыйса сыртка чыгып, бажыканада отурган салык жыйноочу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди.

28 Ошондо ал бардыгын таштап, ордунан туруп, Аны ээрчип жөнөдү.

29 Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Ыйса менен көптөгөн салык жыйноочулар жана башка кишилер бир дасторкондо отурушту.

30 Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлер күңкүлдөп, Ыйсанын шакирттерине: «Эмне үчүн силер салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге ичип-жеп отурасыңар?» – дешти.

31 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек.

32 Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келгем».

Орозо жөнүндө суроо

33 Алар болсо Ыйсага: «Жакандын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери бат-бат орозо кармап сыйынышат. Сенин шакирттериң болсо ичип-жей беришет», – дешти.

34 Ыйса аларга: «Күйөө жанында болгондо, үйлөнүү тоюндагыларды орозо кармоого мажбурлай аласыңарбы?

35 Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошол күндөрү кармашат», – деди.

Кийим жана чанач жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

36 Анан Ыйса аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Эч ким жаңы кийимден айрып алып, эски кийимге жамаачы салбайт. Эгерде салса, жаңы кийим бузулат, жаңы кийимден алынган жамаачы эски кийимге жарашпай калат.

37 Эч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. Эгерде куйса, жаңы шарап чаначты айрып салат. Шарап да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат.

38 Жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек. Ошондо тигиниси да, мунусу да сакталат.

39 Эски шарапты ичкенден кийин, эч ким жаңы шарапты дароо сурабайт. Анткени ал: “Эскиси жакшы”, – дейт».

6-БӨЛҮМ

Ишемби күн жөнүндө

1 Ишемби күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен эгин талаасынан өтүп бара жатты. Шакирттери буудайдын баштарын үзүп алып, колдору менен ушалап жеп бара жатышты.

2 Кайсы бир фарисейлер: «Эмне үчүн силер ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатасыңар?» – деп сурашты.

3 Ыйса аларга: «Дөөт пайгамбар жана анын жанындагылар ачка болушканда, эмне кылгандарын окуган жок белеңер?

4 Ал Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыктарынан алып жеп, жанындагы кишилерге да бербеди беле», – деп жооп берди да,

5 «Адам Уулу – ишемби күндүн да Кожоюну!» – деди.

Бир колу шал болуп калган адамдын айыгышы

6 Ишемби күндөрүнүн дагы биринде Ыйса синагогага келип, элди окутту. Ал жерде оң колу шал болуп калган бир адам бар эле.

7 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсаны айыпташ үчүн шылтоо издеп: «Ал ишемби күнү айыктырар бекен», – деп карап турушту.

8 Алардын оюн билген Ыйса бир колу шал болуп калган адамга: «Ордуңан туруп, ортого кел», – деди. Ал ордунан туруп, ортого келди.

9 Ыйса аларга мындай деди: «Мен силерге суроо берейин, ишемби күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же өлтүрүү керекпи?» Алар унчугушкан жок.

10 Ыйса аларды бир карап алды да, жанагы кишиге: «Колуңду сунчу!» – деди. Ал колун сунду, ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

11 Алар аябай ачууланып, Ыйсаны эмне кылсак деп, өз ара акылдаша башташты.

Он эки элчи

12 Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого чыгып, түнү бою Кудайга сыйынды.

13 Таң атканда, Ал шакирттерин чакырып алып, алардын ичинен он экини тандады да, аларды «элчилер» деп атады.

14 Алар: Петир деген да ысым коюлган Шымон, анын бир тууганы Андрей, Жакып менен Жакан, Филип жана Барталамей,

15 Матай, Томас, Алпейдин уулу Жакып жана Зилот деген атка конгон Шымон,

16 Жакыптын уулу Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

Ыйсанын иштери

17 Ыйса алар менен бирге тоодон түшүп, бир түз жерге келди. Көптөгөн шакирттери жана бүткүл Жүйүт аймагынан, Иерусалимден, деңиз боюндагы Тир жана Сидон шаарларынан келген көп эл Анын жанына чогулду.

18 Алар Анын Сөзүн угуу үчүн, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Жин оорудан азап чеккендер да келип, айыгып жатышты.

19 Элдин баары Ыйсага колдорун тийгизүүгө аракет кылып жатышты, анткени Андан чыккан күч бардыгын айыктырып жатты.

Тоодогу насаат.
Кимдер бактылуу?

20 Ошондо Ыйса шакирттерин карап, мындай деди: «Руху жакырлар, бактылуусуңар, анткени Кудайдын Падышачылыгы силердики.

21 Азыр ачка жүргөндөр, бактылуусуңар, анткени тоёсуңар. Азыр ыйлап жүргөндөр, бактылуусуңар, анткени күлөсүңөр.

22 Адамдар силерди Адам Уулу үчүн жек көрүп, элден бөлүп, кордоп, жаманатты кылса, бактылуусуңар.

23 Ошол күнү сүйүнгүлө, кубангыла, анткени силердин асмандагы белегиңер чоң! Пайгамбарларга да алардын ата-бабалары ушундай мамиле кылышкан.

Кимдерге кайгы?

24 Ал эми, байлар, силерге кайгы! Анткени өзүңөрдүн көңүл соорото турган нерсеңерди алгансыңар.

25 Азыр курсагы ток жүргөндөр, силерге кайгы! Анткени ачка болосуңар. Азыр жыргап күлгөндөр, силерге кайгы! Анткени боздоп ыйлайсыңар.

26 Эгерде силерди элдин баары мактаса, силерге кайгы! Анткени алардын ата-бабалары жалган пайгамбарларга ушундай мамиле кылышкан.

Жамандыкты сүйүү менен жеңүү

27 Мени угуп тургандар, силерге айтамын: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла.

28 Силерди каргагандарга батаңарды бергиле, силерди кордогондор үчүн сыйынгыла.

29 Оң жаакка чапканга сол жаагыңды да тос. Сырт кийимиңди тартып алганга көйнөгүңдү да бер.

30 Сураган адамга бер, бергениңди кайра сураба.

31 Адамдардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла.

32 Эгерде өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Күнөөкөрлөр деле өздөрүн сүйгөндөрдү сүйүшөт.

33 Эгерде өзүңөргө жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, силерге кайдагы сыйлык? Күнөөкөрлөр деле ошентишет.

34 Эгерде кайтарып бере ала турган адамга гана карызга берсеңер, силерге кайдагы сыйлык? Анткени бергенин кайтарып алуу үчүн, күнөөкөрлөр да күнөөкөрлөргө карызга беришет.

35 Ал эми силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, эч нерсе күтпөстөн, карызга бергиле, ошондо чоң сыйлык аласыңар жана Бардыгынан Жогору Тургандын уулдары болосуңар! Анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да ырайым кылат.

36 Ошондуктан Атаңар кандай боорукер болсо, силер да ошондой боорукер болгула!

Айыптабоо жөнүндө

37 Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар. Соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар. Кечиргиле, ошондо силер да кечирилесиңер.

38 Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен ченеп, ыкшап, бастырып, ашыра толтуруп, этегиңерге төгүшөт, анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет».

39 Аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Сокур сокурду жетелеп жүрө алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби!

40 Шакирт өз устатынан жогору болбойт, бирок үйрөнгөндөн кийин, ар бир шакирт өз устатындай болот.

41 Сен эмне үчүн өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бирөөнүн көзүндөгү кыпынды көрөсүң?

42 Сен өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй туруп: “Кел, бир тууганым, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айта аласың? Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып сал, ошондон кийин гана бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салуу керектигин билесиң.

Кудайдын эркин аткаруу жөнүндө

43 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, жаман дарак жакшы жемиш бербейт.

44 Ар бир дарак жемишинен билинет, анткени тикенектен анжыр, бадалдан жүзүм теришпейт.

45 Жакшы адам жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерсе алып чыгат. Жаман адам болсо жүрөгүндөгү жаман казынасынан жаман нерсе алып чыгат. Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толуп-ташыса, оозу ошону сүйлөйт.

46 Эмнеге силер Мени: “Теңир! Теңир!” деп чакырасыңар да, айтканымды кылбайсыңар?

Таштын үстүнө курулган үй жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

47 Мага келип, сөздөрүмдү угуп аткарган адам кимге окшош экенин силерге айтып коёюн:

48 ал жерди терең казып, пайдубалын таштан коюп үй курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй козголгон жок, анткени анын пайдубалы таштан болчу.

49 Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбаган адам үйүн жердин эле үстүнө, пайдубалсыз курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй ошол замат кыйрады. Ал үй зор кыйроого учурады».

7-БӨЛҮМ

Жүз башынын кулун айыктыруу

1 Угуп турган элге Ыйса Өзүнүн сөздөрүн айтып бүткөндөн кийин, Капернаум шаарына келди.

2 Бир жүз башынын жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан эле.

3 Жүз башы Ыйса жөнүндө укканда, «Келип, кулумду айыктырып берсе экен» деген өтүнүч менен жүйүт аксакалдарын Ыйсага жөнөттү.

4 Алар Ыйсага келишип: «Ал Сенин жардамыңа татыктуу киши.

5 Анткени ал биздин элибизди жакшы көрөт, бизге синагога да курдуруп берген», – деп, Ага чоң өтүнүч менен кайрылышты.

6 Ыйса алар менен бирге жөнөдү. Ал үйгө жакындап калганда, жүз башы Ага досторун жиберип, мындай деп айттырды: «Теңир, убара болбо! Үйүмдүн босогосун аттооңо мен татыксызмын.

7 Ошондуктан Сага өзүм барууну да ылайык көрбөдүм. Сен бир гана сөз айтсаң, менин кулум айыгат.

8 Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок менин кол астымда да аскерлерим бар. Алардын бирине: “Бар”, – десем, барат; дагы бирине: “Кел”, – десем, келет; кулума: “Муну кыл!” – десем, кылат».

9 Ыйса муну укканда, жүз башыга таң калды. Анан Өзүнүн артынан ээрчип келе жаткан элге бурулуп: «Силерге айтып коёюн, Мен мындай ишенимди Ысрайыл жеринен да тапкан эмесмин», – деди.

10 Жиберилген кишилер үйгө кайтып келишип, ооруп жаткан кулдун айыгып калганын көрүштү.

Ыйсанын жесир аялдын уулун тирилтиши

11 Анан Ыйса Наин шаарына барды. Аны шакирттери жана топ эл ээрчип жүрдү.

12 Ал шаардын дарбазасына жакын калганда, бир жесир аялдын жалгыз баласынын сөөгүн көтөрүп чыгышты. Аялдын жанында бир топ киши бар эле.

13 Теңир аялды көргөндө, аны аяп: «Ыйлаба!» – деди да,

14 табытка жакын келип, колун тийгизди. Көтөрүп бара жаткандар токтоп калышты. Ошондо Ыйса: «Жигит, сага айтып жатам, ордуңдан тур!» – деди.

15 Өлүк өйдө болуп, отурду да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды.

16 Бардыгынын үрөйү учуп: «Арабыздан улуу Пайгамбар чыкты, Кудай Өз элине келди», – деп, Кудайды даңкташты.

17 Ал жөнүндөгү мындай көз караш бүткүл Жүйүт аймагына жана анын тегерек-четине тарап кетти.

18 Бул окуялар тууралуу Жакан өзүнүн шакирттеринен кабардар болду.

Чөмүлдүрүүчүнүн суроосу, Ыйсанын жообу

19 Ошондо ал эки шакиртин чакырып алып, «Келе турган Сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» – деп суратыш үчүн, Ыйсага жиберди.

20 Алар Ыйсага келишип: «Бизди чөмүлдүрүүчү Жакан жиберди. Ал Сенден: “Келе турган Сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?” – деп сурап жатат», – дешти.

21 Ал учурда Ыйса көптөрдү оору-кеселдеринен айыктырып, жиндерден бошотуп, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле.

22 Ыйса Жакандын шакирттерине: «Укканыңар менен көргөнүңөрдү Жаканга айтып баргыла: сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип жатышат, жакырларга Жакшы Кабар таратылып жатат.

23 Менин ким экендигимден шектенбеген адам бактылуу!» – деди.

Ыйсанын Жакан жөнүндө күбөлөндүрүүсү

24 Жакан жиберген адамдар кетишкенден кийин, Ыйса элге Жакан жөнүндө айта баштады: «Ээн талаага эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы?

25 Силер деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат баалуу кийим кийген адамдыбы? Кымбат баалуу кийим кийип, шаан-шөкөттүү жашагандар падыша сарайларында болушат да!

26 Силер деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коёюн, ал пайгамбардан да чоң!

27 Ыйык Жазуудагы “Мен Сенден мурун Өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт” деген сөз ошол жөнүндө жазылган.

28 Силерге айтып коёюн, аял затынан төрөлгөндөрдүн ичинен чөмүлдүрүүчү Жакандан чоң бир да пайгамбар жок, бирок Кудайдын Падышачылыгындагылардын эң кичинеси андан чоң!»

29 Ошондо Аны угуп турган бүт эл жана салык жыйноочулар Жакандын чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүлүп, Кудайды даңкташты.

30 Ал эми фарисейлер менен мыйзам окутуучулар сууга чөмүлдүрүлүшпөй, өздөрүнө карата Кудайдын эркин четке кагышты.

31 Ошондо Ыйса мындай деди: «Бул муундун адамдарын кимге салыштырсам экен? Алар кимге окшош?

32 Алар көчөдө отуруп алып, бири-бирине: “Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз силерге муңдуу ырларды ырдап бердик, бирок силер ыйлаган жоксуңар”, – деп кыйкырган балдарга окшош.

33 Анткени чөмүлдүрүүчү Жакан келди, нан да жебейт, шарап да ичпейт. Силер: “Анын ичинде жин бар” дейсиңер.

34 Адам Уулу келди, ичет, жейт. Силер Аны “жегенди, шарап ичкенди жакшы көргөн адам, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу” дейсиңер.

35 Акылмандуулук өзүнүн бардык иштери аркылуу акталды».

Ыйса жана күнөөсү кечирилген аял

36 Бир фарисей Ыйсаны тамакка чакырды. Ыйса анын үйүнө барып, дасторконго отурду.

37 Ошол шаардагы бир күнөөкөр аял Анын фарисейдин үйүндө экендигин билип, айнек идишке куюлган жыпар жыттуу май алып келди.

38 Ал Ыйсанын бут жагына келип, Анын буттарына көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Анын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, жыпар жыттуу май менен майлады.

39 Ыйсаны чакырган фарисей муну көргөндө: «Эгерде Ал пайгамбар болсо, анда Өзүнө кол тийгизип жаткан аялдын ким экенин, кандай аял экенин билмек, бул күнөөкөр аял да», – деп ойлоду.

40 Ошондо Ыйса ага кайрылып: «Шымон, сага айта турган сөзүм бар», – деди. Ал Ага: «Айт, Устат», – деди.

Карызы бар эки адам жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

41 Ыйса ага мындай деди: «Бир киши эки адамга карызга акча берет. Бирине беш жүз, экинчисине элүү динарий.

42 Алардын бере турган эч нерсеси болбогондуктан, ал экөөнүн тең карызын кечип коёт. Айтчы, алардын кимиси аны көбүрөөк жакшы көрөт?»

43 Шымон: «Көбүрөөк карызы кечирилгени деп ойлойм», – деди. Ыйса ага: «Туура айттың», – деди да,

44 аялды карап: «Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө келгенимде, сен Мага бутумду жууганга суу берген жоксуң. Бул аял болсо бутума көз жашын төгүп, чачы менен сүрттү.

45 Сен Мени өпкөн жоксуң. Ал болсо Мен келгенден бери бутумду өөп жатат.

46 Сен Менин башымды майлаган жоксуң. Ал болсо жыпар жыттуу май менен Менин буттарымды майлады.

47 Ошондуктан сага айтып коёюн, анын көп күнөөлөрү кечирилди, ошон үчүн анын сүйүүсү күчтүү. Ал эми аз кечирилгендин сүйүүсү күчтүү эмес», – деди.

48 Аялга болсо: «Сенин күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

49 Ошондо Аны менен бир дасторкондо отургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган бул ким Өзү?» – деп, өз ара сүйлөшүштү.

50 Ыйса аялга: «Сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер!» – деди.

8-БӨЛҮМ

Ыйсанын Галилеядагы иштери

1 Ушундан кийин Ыйса шаарларды, айыл-кыштактарды аралап, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып жүрдү. Аны он эки шакирти жана

2 көптөгөн аялдар ээрчип жүрүштү. Ыйса ал аялдарды жин оорусунан жана башка ооруларынан айыктырган эле. Алар: ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям,

3 Ироддун сарай башчысы Хузанын аялы Жахана, Сузана жана башкалар. Алар Ага өз мүлктөрү менен кызмат кылып жатышты.

Себүүчү жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

4 Бардык шаарлардын тургундары келип, көп эл чогулуп калганда, Ыйса үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөй баштады:

5 «Себүүчү өз үрөнүн себүү үчүн чыкты. Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түшүп, тапталып калды. Канаттуулар аларды терип жеп кетишти.

6 Кээ бир үрөндөр таштак жерге түштү. Үрөн өнүп чыккандан кийин, нымдуулук жетишпей, куурап калды.

7 Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Өсүп келе жатканда, аларды тикенек басып салды.

8 Кээ бир үрөндөр жакшы жерге түштү. Өсүп чыгып, жүз эсе түшүм берди». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.

9 Шакирттери Андан: «Бул үлгү-насаат аңгеменин мааниси кандай?» – деп сурашты.

10 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Кудайдын Падышачылыгынын жашыруун сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми башкаларга үлгү-насаат аңгеме менен айтылат, алар карап турса да көрүшпөйт, угуп турса да угушпайт.

11 Бул үлгү-насаат аңгеменин мааниси мындай: үрөн – Кудайдын Сөзү.

12 Жол боюна түшкөн үрөндөр сөздү уккан адамдарды билдирет, бирок кийин шайтан келет да, алар ишенбесин, куткарылбасын деп, жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет.

13 Таштак жерге түшкөн үрөндөр сөздү угуп, кубанып кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок алардын тамыры жок болгондуктан, убактылуу гана ишенип, сыноо убагында ишенимден четтеп кетишет.

14 Ал эми тикенектин арасына түшкөн үрөндөр сөздү угуп, бирок жемиш бербеген адамдарды билдирет. Алар нары басары менен түйшүккө батып, байлыкка азгырылып, жашоонун ыракатына берилип кетишет.

15 Жакшы жерге түшкөн үрөндөр болсо мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угуп, жакшы, таза жүрөктөрүндө сактап, чыдамдуулук менен жемиш беришет». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!

Күйгүзүлгөн чырак жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

16 Эч ким чыракты күйгүзүп, аны идиш менен жаппайт, же керебеттин астына койбойт, тескерисинче, үйгө киргендерге жарык берсин деп, чыракпаяга коёт.

17 Анткени ачыкка чыкпай турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей, ачылбай кала турган сыр болбойт.

18 Ошондуктан кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө! Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, бар деп ойлогону да тартылып алынат».

Ыйсанын чыныгы туугандары

19 Ыйсанын энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Анын жанына бара албай коюшту.

20 Ошондо Ага: «Энең менен бир туугандарың Сени көрүүнү каалап, сыртта турушат», – деп билдиришти.

21 Ыйса аларга: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар – Менин энем жана бир туугандарым», – деп жооп берди.

Ыйсанын толкунду токтотушу

22 Бир күнү Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп, аларга: «Көлдүн наркы өйүзүнө өтөлү», – деди. Ошентип, алар сүзүп кетишти.

23 Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Көлдө катуу шамал болуп, толкун уруп, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле.

24 Шакирттери Ыйсаны: «Устат! Устат! Кыйрап калмай болдук», – деп ойготушту. Ал ордунан туруп, шамалга жана толкундап жаткан сууга тыюу салды. Шамал да, толкун да басылып, тынчтык орноду.

25 Ошондо Ыйса шакирттерине: «Ишенимиңер кайда?» – деди. Алар коркуп, таң калып, бири-бирине: «Шамал менен сууну баш ийдирген деги бул ким?» – дешти.

Ыйса Гадара аймагында

26 Ошентип, алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гадара аймагына сүзүп келишти.

27 Ыйса жээкке чыкканда, шаардан Аны көптөн бери жин оорусу менен ооруган бир адам тосуп чыкты. Ал кийим кийчү эмес, үйдө жашабай, мүрзөлөрдө күн өткөрчү.

28 Ал Ыйсаны көргөндө, кыйкырып жиберди да, Анын алдына жыгылып, катуу үн менен: «Ыйса, Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу! Менде эмнең бар? Суранам, мени кыйнай көрбө!» – деди.

29 Анткени Ыйса жинге: «Бул кишиден чык!» – деп буйрук берген эле. Себеби ал бул кишини көптөн бери кыйнап жүргөн. Чынжыр менен байлап, кишендеп кайтарганга болбой, ал кишенди талкалап салчу. Жин аны ээн талаага айдап барчу.

30 Ыйса андан: «Атың ким?» – деп сурады. «Түмөн», – деди ал. Анткени анын ичине көп жин кирген эле.

31 Алар Ыйсадан: «Бизди түпсүздүккө түшүрө көрбө», – деп өтүнүштү.

32 Ошол жерде, тоонун боорунда чочколор жайылып жүргөн эле. Жиндер Ыйсадан алардын ичине кирүүгө уруксат берүүсүн өтүнүштү. Ыйса аларга уруксат берди.

33 Ошондо жиндер адамдын ичинен чыгып, чочколордун ичине киришти. Чочколор көлдү карай бет алып, тик жардан кулап, чөгүп өлүштү.

34 Муну көрүп турган чочко кайтаруучулар качып жөнөштү. Алар шаарларга жана айыл-кыштактарга барып, болгон окуяны айтып беришти.

35 Эмне болгонун көрүү үчүн, уккандар Ыйсага келишти. Алар ичинен жиндери чыккан кишинин акыл-эсине келип, кийим кийип, Ыйсанын алдында отурганын көрүп, коркуп кетишти.

36 Окуяны көргөндөр болсо аларга жин оорулуунун кантип айыкканын айтып беришти.

37 Ошондо Гадара аймагынан келген бүт эл Ыйсадан: «Бизден кет», – деп өтүндү. Анткени аларды чоң коркунуч баскан эле. Ыйса кайыкка түшүп кетип калды.

38 Жиндерден кутулган адам Ыйсадан: «Сени менен бирге жүрөйүн», – деп суранды. Бирок Ыйса ага:

39 «Үйүңө бар, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер», – деп, аны кетирип жиберди. Ал киши шаарларды кыдырып, Ыйсанын эмне кылганын айтып жүрдү.

Аялдын айыгышы. Жайырдын кызынын тирилиши

40 Ыйса көлдүн берки өйүзүнө кайтып келгенде, Аны эл тосуп чыкты, анткени алар Аны күтүп жатышкан эле.

41 Ошол учурда Жайыр деген киши келди. Ал синагоганын башчысы эле. Ыйсанын бутуна жыгылып, ал Андан өзүнүн үйүнө кирүүсүн өтүндү.

42 Анткени анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан. Ээрчиген элдин көптүгүнөн Ыйса кысылып бара жатты.

43 Топ элдин арасында он эки жылдан бери кан кетип, азап чегип жүргөн бир аял бар эле. Болгон мүлкүн дарыгерлерге жумшаган ал аялды эч бир дарыгер айыктыра алган эмес.

44 Аял арт жактан келип, Ыйсанын кийиминин четине колун тийгизди. Ошол замат андан кан кетпей калды.

45 Ошондо Ыйса: «Мага ким колун тийгизди?» – деди. Бардыгы: «Мен эмесмин», – дешкенден кийин, Петир жана Анын жанындагылар: «Устат! Эл Сени тегеректеп, кысып турса, “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң», – дешти.

46 Бирок Ыйса: «Кимдир бирөө Мага колун тийгизди. Анткени Мен Өзүмдөн күч чыкканын сездим», – деди.

47 Аял болсо жашырынып кала албасын билип, калтырай басып келип, Ыйсанын бутуна жыгылды. Анан бүт элдин алдында Ага эмне себептен колун тийгизгенин жана ошол замат айыгып калганын айтты.

48 Ыйса ага: «Коркпо, кызым. Сени ишенимиң куткарды, тынчтык менен бара бер!» – деди.

49 Ал ушинтип айтып жатканда, синагога башчысынын үйүнөн бирөө келип: «Кызың өлүп калды. Устатты убара кылбай эле кой», – деди.

50 Ыйса муну укканда, Жайырга: «Коркпо, бирок ишен. Ошондо кызың тирүү калат», – деди.

51 Ыйса үйгө келгенде, Петир, Жакан, Жакып менен кыздын ата-энесинен башка эч кимдин үйгө кирүүсүнө уруксат бербеди.

52 Бардыгы кызды жоктоп, боздоп ыйлап жатышты. Ыйса аларга: «Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат», – деди.

53 Кыздын өлгөнүн билген алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.

54 Ыйса бардыгын сыртка чыгарып жиберди да, кызды колунан кармап: «Кыз, ордуңан тур!» – деди.

55 Ошондо кыздын жаны өзүнө кайтып келди. Ал ошол замат ордунан турду. Ыйса кызга тамак берүүнү буйруду.

56 Кыздын ата-энеси таң калды. Ыйса болсо аларга болгон окуя тууралуу эч кимге айтпоону буйруду.

9-БӨЛҮМ

Ыйсанын он эки шакиртин Жакшы Кабар таратууга жөнөтүшү

1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга жиндерди кууп чыгууга жана оорулууларды айыктырууга күч жана бийлик берди.

2 Аларды Кудайдын Падышачылыгын жарыялоого жана оорулууларды айыктырууга жиберип жатып,

3 Ал мындай деди: «Жолго эч нерсе албагыла: таяк да, баштык да, нан да, күмүш да, эки кийим да албагыла.

4 Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калгыла жана ошол үйдөн жолго чыккыла.

5 Эгерде силерди кайсы бир шаардын эли кабыл албаса, анда ошол шаардан чыгып бара жатканда, аларга каршы күбөлөндүрүү болушу үчүн, бутуңардагы чаңды күүп койгула».

6 Алар жолго чыгып, айыл-кыштактарды аралап, бардык жерде Жакшы Кабар таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.

Ироддун тынчсыздануусу

7 Аймактын акими Ирод Ыйсанын кылган иштери жөнүндө угуп таң калды. Анткени бирөөлөр Аны: «Бул – өлүп, кайра тирилген Жакан», – десе,

8 бирөөлөр: «Илияс пайгамбар келиптир», – деп, дагы бирөөлөр: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир», – деп жатышкан эле.

9 Ирод болсо: «Жакандын башын алдырдым эле. А бул ким болду экен, Ал жөнүндө ушундай сөздөрдү угуп жатам?» – деп, Аны көрүүгө ашыкты.

Элчилердин кайтып келиши. Беш миң адамдын тоюшу

10 Элчилер кайтып келип, эмне кылгандарын Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бетсайида деген шаардын жанындагы бир обочо жерге кетти.

11 Бирок эл билип калып, Анын артынан жөнөдү. Ыйса аларды тосуп алып, алар менен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө аңгемелешти, айыктырууну сурангандарды айыктырды.

12 Күн кеч кире баштаганда, он эки шакирти Ыйсанын жанына келип: «Элди тарат, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, өздөрүнө түнөк жана тамак табышсын. Анткени бул ээн жер», – дешти.

13 Ошондо Ыйса шакирттерине: «Аларга тамакты силер бергиле», – деди. «Бизде беш нан менен эки балыктан башка эч нерсе жок. Ушунча элге тамак сатып келмек белек?» – дешти алар.

14 Ал жерде беш миңге жакын адам бар эле. Ыйса шакирттерине: «Аларды элүү-элүүдөн, катар-катар кылып отургузгула», – деди.

15 Алар ошондой кылып, бардыгын отургузушту.

16 Ыйса болсо беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларды сындырып, элге таратуу үчүн шакирттерине берди.

17 Бардыгы жеп тоюшту. Артып калгандарын чогултканда, он эки себет болду.

Ыйсаны ким деп эсептешет?

18 Бир жолу Ыйса сыйынуу үчүн, обочо жерге барды. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан: «Эл мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.

19 Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс пайгамбар”, – деп эсептешет, дагы бирөөлөр: “Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир”, – дешет», – деп жооп беришти.

20 Ошондо Ыйса алардан: «Силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Кудайдын Машайагы», – деп жооп берди.

21 Бирок Ыйса аларга: «Бул тууралуу эч кимге айтпагыла, – деп, катуу эскертти да, –

Ыйсанын Өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө айтышы

22 Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деди.

Ыйсанын артынан ээрчүү жөнүндө

23 Ыйса бардыгына кайрылып: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.

24 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

25 Анткени адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанын жоготсо же өзүнө зыян келтирсе, ага андан эмне пайда?

26 Ким Менден жана Менин сөздөрүмдөн уялса, Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин даңкы менен келгенде, ошол адамдан уялат.

Теңирдин көрүнүшүнүн өзгөрүлүшү

27 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Кудайдын Падышачылыгын көрмөйүнчө өлүшпөйт», – деди.

28 Бул сөздөрдү айткандан кийин сегиз күндөй өткөн соң, Ыйса Петирди, Жаканды, Жакыпты ээрчитип, сыйынуу үчүн, тоого чыкты.

29 Сыйынып жатканда, Анын жүзү өзгөрүп, кийими аппак болуп, жаркырап калды.

30 Ошол учурда Ыйса менен эки адам сүйлөшүп жатты. Алар Муса менен Илияс эле.

31 Асман даңкы менен келген алар Ыйсанын Иерусалимде аткара турган иши, өлүмү жөнүндө сүйлөшүштү.

32 Петирди жана анын жанындагыларды болсо катуу уйку басты. Бирок алар ойгонуп кетип, Анын даңкын жана Аны менен турган эки адамды көрүштү.

33 Эки адам Ыйсанын жанынан алыстап бара жатканда, Петир Ага: «Устат, бул жерде болуу жакшы экен. Үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди», – деди. Бирок өзүнүн эмне деп жатканын билген жок.

34 Петир сүйлөп жатканда, булут пайда болуп, аларды каптап калды. Булут чулгаганда, алар коркуп кетишти.

35 Ошондо булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум. Аны уккула!» деген үн чыкты.

36 Ушул үн угулгандан кийин, Ыйса жалгыз калды. Шакирттер болсо көргөндөрүн жашырып, ал күндөрү эч кимге эч нерсе айтышкан жок.

Жин оорулуу баланын айыгуусу

37 Эртеси күнү алар тоодон түшкөндө, Ыйсаны көп эл тосуп чыкты.

38 Бир маалда элдин арасынан бирөө мындай деп кыйкырды: «Устат! Суранам, менин уулума назар сала көр, ал менин жалгызым.

39 Жини кармаганда, ал күтүлбөгөн жерден эле кыйкыра баштайт. Жин кыйнаганда, анын оозунан ак көбүк агат. Ал аны аябай кыйнап, андан зорго кетет.

40 Мен Сенин шакирттериңден жинди кууп чыгууну өтүнсөм, кууп чыга албай коюшту».

41 Ошондо Ыйса: «Эй, ишенбес, бузулган муун! Качанга чейин силер менен болом? Качанга чейин силерге чыдайм? Уулуңду бул жерге алып кел», – деди.

42 Бала келе жатканда, жин аны жерге жыгып, калтырата баштады. Ыйса жинге тыюу салып, баланы айыктырды да, атасынын колуна тапшырды.

43 Бардыгы Кудайдын улуу күчүнө таң калып жатышты. Бүт эл Ыйсанын кылган иштерине таң калып турганда, Ал Өзүнүн шакирттерине мындай деди:

Ыйсанын Өзүнүн өлүмү жөнүндө экинчи жолу айтышы

44 «Менин бул сөздөрүмдү кунт коюп уккула: “Адам Уулу адамдардын колуна салынып берилет”».

45 Бирок алар бул сөздү түшүнүшкөн жок. Сөздүн мааниси алардан жашыруун болгондуктан, түшүнүшкөн жок. Ал эми бул жөнүндө Андан кайра суроодон коркушту.

Атак сүйүүчүлүк

46 Шакирттердин арасында «Биздин арабызда ким чоң?» деген ой пайда болду.

47 Алардын ойлорун билген Ыйса бир баланы Өзүнүн алдына тургузду да, аларга мындай деди:

48 «Ким бул баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми ким Мени кабыл алса, Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот. Араңарда ким баарыңардан кичине болсо, ошол эң чоң болот».

Шакирттердин жалган кызганчаактыгы

49 Ошондо Жакан: «Устат, биз Сенин ысымың менен жиндерди кууп чыгарган адамды көрдүк. Ал биз менен бирге жүрбөгөндүктөн, ага тыюу салдык», – деди.

50 Ыйса Жаканга: «Тыюу салбагыла. Ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта», – деди.

Сүйүү руху

51 Өзүнүн асманга алынып кете турган күндөрү жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барууну чечти.

52 Ал Өзүнөн мурун кабарчыларды жөнөттү. Алар барып, Ыйсага орун даярдоо үчүн, самариялыктардын бир айылына киришти.

53 Бирок самариялыктар Иерусалимге бара жаткан Ыйсаны кабыл албай коюшту.

54 Анын шакирттери Жакып менен Жакан муну көргөндө: «Теңир! Каалайсыңбы, асмандан от түшүп, аларды кырып жок кылсын деп айталы?» – дешти.

55 Бирок Ыйса аларга бурулуп, тыюу салды да: «Ичиңерде кайсы рух бар экенин билбейсиңер.

56 Анткени Адам Уулу адамдын жанын өлтүрүү үчүн эмес, куткаруу үчүн келген», – деди. Ошентип, алар башка айылга кетишти.

Ыйсанын артынан ээрчүү жөнүндө

57 Алар жолдо бара жатышканда, бирөө Ыйсага: «Теңир, Сен кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.

58 Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн ийини бар, канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жайы жок», – деди.

59 Ыйса башка бирөөгө: «Менин артымдан ээрчи!» – деди. Ал болсо: «Теңир, адегенде атамды көргө коюп келейин, уруксат бер», – деди.

60 Ыйса ага: «Өлгөн адамдарын көмүүнү өлүктөрдүн өзүнө кой. Сен болсо барып, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды тарат», – деди.

61 Дагы бирөө мындай деди: «Теңир, мен Сенин артыңдан ээрчийм, бирок адегенде үйдөгүлөрүм менен коштошуп келейин, уруксат бер», – деди.

62 Ыйса болсо ага: «Сокону кармап алып, артына кылчактаган адам Кудайдын Падышачылыгына жараксыз», – деди.

10-БӨЛҮМ

Ыйсанын жетимиш шакиртин Жакшы Кабар таратууга жөнөтүшү

1 Ошондон кийин Теңир башка жетимиш шакиртти тандап, аларды ар бир шаарга, Өзү бармакчы болгон ар бир жерге эки-экиден кылып, Өзүнөн мурун жөнөтүп жатып, мындай деди:

2 «Түшүм көп, бирок жумушчулар аз. Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнунан Өзүнүн түшүмүн жыйноого жумушчуларды жиберүүсүн өтүнгүлө.

3 Баргыла, мен силерди козуларды карышкырлардын арасына коё бергендей жиберип жатам.

4 Капчык да, баштык да, бут кийим да албагыла, жолдо эч ким менен саламдашпагыла.

5 Кайсы үйгө кирсеңер да, адегенде: “Бул үйгө тынчтык келсин!” – деп айткыла.

6 Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл ала турган адам болсо, анда силердин тынчтыгыңар ошол үйдө калат. Эгерде жок болсо, анда өзүңөргө кайтып келет.

7 Ошол үйдө калып, алардын берген тамагын ичип-жегиле. Анткени эмгектенген адам эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө көчпөгүлө.

8 Кайсы бир шаарга барганыңарда, силерди кабыл алышса, берген тамагын жегиле.

9 Ал жердеги оорулууларды айыктырып, аларга: “Кудайдын Падышачылыгы силерге жакындап калды”, – деп айткыла.

10 Эгерде кайсы бир шаарга барганыңарда, силерди кабыл алышпаса, анда көчөгө чыгып:

11 “Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды да силерге күүп таштайбыз. Бирок силерге Кудайдын Падышачылыгы жакындап калганын билип койгула”, – деп айткыла.

12 Силерге айтып коёюн, ошол күнү ал шаарга караганда Содомго жеңилирээк болот.

Ыйсанын шаарларды айыпташы

13 Хоразин, сага кайгы! Бетсайида, сага кайгы! Анткени силерге көрсөтүлгөн керемет иштер Тир менен Сидонго көрсөтүлсө, анда алар алда качан эле зумбал кийип, күлгө отуруп, тобо кылышмак.

14 Бирок сотто силерге караганда, Тир менен Сидонго жеңилирээк болот.

15 Сен, Капернаум, асманга чейин көтөрүлмөкчүсүңбү? Сен өлгөндөр жаткан жайга чейин төмөн түшөсүң.

16 Ким силерди укса, ал Мени уккан болот. Ким силерди кабыл албаса, ал Мени кабыл албаган болот. Мени кабыл албаган адам болсо, Мени жиберген Кудайды кабыл албаган болот».

Жетимиш шакирттин кайтып келиши

17 Ыйсанын жетимиш шакирти кубаныч менен кайтып келип: «Теңир, Сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да баш ийишти», – дешти.

18 Ыйса аларга: «Мен шайтандын чагылган түшкөн сыяктуу, асмандан кулап түшкөнүн көрдүм.

19 Мен силерге жыландарды, чаяндарды жана душмандын бардык күчүн тебелеп таштагыдай бийлик бергем. Эми эч нерсе силерге зыян келтире албайт.

20 Бирок жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла», – деди.

Атаны даңктоо

21 Ошол учурда руху кубанган Ыйса: «Ата, Сен асман-жердин Теңирисиң! Муну акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын. Ооба, Ата, анткени Сенин тилегиң ушундай болчу!» – деди.

22 Анан Ал: «Мага бардыгын Атам берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт. Ал эми Атасынын ким экенин Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт», – деди.

23 Анан шакирттерине бурулуп, аларга гана: «Силер көргөн нерселерди көрүп турган көздөр бактылуу!

24 Анткени силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар жана падышалар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок», – деди.

Мыйзам окутуучунун Ыйсаны сынашы

25 Ыйсаны сынамакчы болгон бир мыйзам окутуучу ордунан туруп, Андан: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.

26 Ыйса ага: «“Тоорат” китебинде эмне деп жазылган? Андан кандай сөздөрдү окуп жүрөсүң?» – деди.

27 «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй», – деп жооп берди ал.

28 Ыйса ага: «Сен туура жооп бердиң, ушундай кылгын, ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң», – деди.

29 Бирок ал өзүн актамакчы болуп, Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» – деп сурады.

Самариялык боорукер адам жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

30 Ошондо Ыйса ага муну айтып берди: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет.

31 Бир ыйык кызмат кылуучу ошол жол менен өтөт да, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.

32 Бир леби да ошол жерден өтүп бара жатып, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.

33 Самариялык бир киши да өтүп бара жатып, аны көрөт да, ага боору ачып,

34 жанына келип, анын жарааттарына май менен шарап сыйпап таңат. Анан аны өзүнүн эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ал үчүн кам көрөт.

35 Эртеси күнү жолго чыгарында, эки динарий алып чыгып, мейманкананын ээсине берип: “Бул кишини кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп берем”, – дейт.

36 Ушул үчөөнүн кимиси каракчылардын колуна түшкөн адамдын жакыны болот деп ойлойсуң?» – деп сурады.

37 Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Ага кайрымдуулук кылганы», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Бар, сен да ушундай кыл», – деди.

Марта менен Мариямдын кызматы

38 Ыйса шакирттери менен бара жатып, бир айылга кирди. Ал жерден Марта деген аял Аны үйүнө чакырып коноктоду.

39 Анын Мариям деген сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын бут жагында Анын сөзүн угуп отурду.

40 Марта болсо конок камын көрүп жүрдү. Бир маалда Ыйсага келип: «Теңир, сиңдимдин бардык жумушту мага таштап койгону Сен үчүн баары бирби? Айтчы, мага жардам берсин», – деди.

41 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Марта, Марта! Сен көп нерсе менен алектенип, убара болуп жатасың.

42 Бирок бир гана нерсе керек. Мариям жакшысын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт».

11-БӨЛҮМ

Ыйсанын шакирттерине сыйынууну үйрөтүшү

1 Ыйса бир жерде сыйынып жатты. Сыйынып бүткөндөн кийин, шакирттеринин бири Ага: «Теңир! Жакан өзүнүн шакирттерине үйрөткөндөй, бизге да сыйынууну үйрөтчү», – деди.

2 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер мындай сыйынгыла: “Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун, Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын!

3 Күндөлүк жашообузга керектүү ырыскыбызды күн сайын бере көр.

4 Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр. Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта!”»

Тажаткан дос жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

5 Анан Ыйса аларга мындай деди: «Силердин араңардан бирөөнүн досу бар деп коёлу. Ал түн ортосунда досуна барып: “Досум, мага карызга үч нан бере турчу.

6 Анткени алыстан досум келиптир, ага бере турган эч нерсем жок эле”, – десе,

7 ичкериден: “Менин тынчымды албачы, эшик бекитилүү, өзүм да, балдарым да жатып алдык. Тура да албайм, сага бир нерсе бере да албайм”, – деп жооп берет.

8 Силерге айтып коёюн, эгерде ал ага дос болгону үчүн ордунан туруп нан бербесе да, анын тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет.

9 Ошондуктан Менин силерге айтарым: Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле, ошондо табасыңар; тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.

10 Анткени сураган адам алат, издеген адам табат, тыкылдаткан адамга эшик ачылат.

Боорукер ата жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

11 Араңардагы кандай ата баласы нан сураса, таш берсин? Же балык сураса, жылан берсин?

12 Же жумуртка сураса, чаян берсин?

13 Демек, силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык».

Ыйсаны айыптоо

14 Бир күнү Ыйса бир адамдан дудук жинди кууп чыгарды. Жин чыккандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады. Эл буга таң калды.

15 Кээ бирөөлөр: «Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун күчү менен кууп чыгарат», – дешти.

16 Кээ бирөөлөр болсо Ыйсаны сынамакчы болуп, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.

17 Бирок Ыйса алардын ойлорун билип, аларга мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат.

18 Эгерде шайтан өзүнө өзү каршы чыкса, анда анын падышачылыгы кантип турат? Силер болсо Мени: “Жиндерди Ал Белзебулдун күчү менен кууп чыгарат”, – дейсиңер.

19 Эгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарсам, анда силердин кишилериңер аларды кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат? Ошондуктан силерди ошолор айыпташат.

20 Эгерде Мен жиндерди Кудайдын күчү менен кууп чыгарып жатсам, анда силерге Кудайдын Падышачылыгы келди.

21 Күчтүү адам өз үйүн курал-жарак менен кайтарып турса, анда анын мал-мүлкү коопсуз болот.

22 Эгерде андан күчтүүрөөк адам ага кол салып, аны жеңсе, анда ал анын таянган бүт курал-жарагын тартып алып, андан олжолоп алганын бөлүштүрөт.

23 Ким Мени менен болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен жыйнабаса, ал чачат.

Жыгылуудан сак болуу

24 Жин адамдын ичинен чыккандан кийин тынчтык издеп, кургак жерлерди кыдырат. Таппай койгондон кийин, ал: “Кайсы үйдөн чыксам, ошол үйүмө кайтып барайын”, – дейт.

25 Кайтып келгенде, үйдүн шыпырылып, жыйналганын көрөт.

26 Ошондо ал барып, өзүнөн да ашынган жети жинди ээрчитип келип, үйгө кирип жашай баштайт. Ошондо ал адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот».

27 Ыйса бул сөздөрдү айтып жатканда, эл арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып, Ага: «Сени курсагына көтөргөн, Сени эмизген эне бактылуу!» – деди.

28 Ыйса болсо ага: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» – деди.

Элдин жышаан талап кылышы

29 Эл чогула баштаганда, Ыйса сүйлөй баштады: «Ушул муун – жаман муун. Бул муун жышаан талап кылып жатат, бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт.

30 Анткени Нинеби эли үчүн Жунус пайгамбар жышаан болгондой, Адам Уулу да ушул муун үчүн жышаан болот.

31 Түштүктүк падыша аял сот күнүндө ушул муундун кишилери менен бирге тирилип, аларды айыптайт. Анткени ал Сулаймандын накыл сөздөрүн угуш үчүн, алыс жерден келген. Бирок бул жерде Сулаймандан чоң Бирөө бар.

32 Нинебиликтер да сот күнүндө ушул муун менен бирге тирилип, аны айыптайт. Анткени алар Жунустун насаат сөзүн угуп, тобо кылышкан. Бирок бул жерде Жунустан чоң Бирөө бар.

Күйүп турган чырак жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

33 Чыракты күйгүзүп туруп, көрүнбөс жерге, көмкөрүлгөн идиштин астына койбойт. Тескерисинче, үйгө киргендерге жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.

34 Дененин чырагы – көз. Эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот. Эгерде жаман болсо, анда денең караңгы болот.

35 Ошондуктан карагын: сенин ичиңдеги жарык караңгы эмеспи?

36 Эгерде денеңдин эч бир жеринде караңгылык болбой, бардык жери жарык болсо, анда чырактын жарыгы сага жарык берген сыяктуу, бүт денең жарык болот».

Ыйсанын фарисейлерди айыпташы

37 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, бир фарисей Аны үйүнө түшкү тамакка чакырды. Ал келип, дасторконго отурду.

38 Ыйсанын тамак алдында кол жуу салтын аткарбаганын көрүп, фарисей таң калды.

39 Бирок Теңир ага мындай деди: «Силер, фарисейлер, табак менен чөйчөктүн сыртын тазалайсыңар. Ал эми ичиңер талап-тоноочулук менен арамдыкка толгон.

40 Эй, акылсыздар, сыртын Ким жаратса, ичин да Ошол жараткан эмеспи?!

41 Андан көрө ичиңерде эмне болсо, ошону кайыр берген сыяктуу берип салгыла, ошондо силердин бардык нерсеңер таза болот.

42 Бирок силерге кайгы, фарисейлер! Анткени жалбыздан, адырашмандан жана ар кандай жемиштерден ондук бергениңер менен, Кудайдын соту менен сүйүүсүнө кош көңүлсүңөр. Муну аткарыш керек, бирок тигини да калтырбаш керек эле.

43 Фарисейлер, силерге кайгы! Анткени синагогалардын алдыңкы орундарында отурууну, эл жыйылган жерлерде алик алууну жакшы көрөсүңөр.

44 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер билинбей калган мүрзөлөргө окшошсуңар. Адамдар алардын мүрзө экенин билбей, үстүнөн басып жүрүшөт».

Ыйса мыйзам окутуучуларды айыптайт

45 Ошондо мыйзам окутуучулардын бири Ыйсага: «Устат, муну айтуу менен, Сен бизди да таарынтып жатасың», – деди.

46 Бирок Ал мындай деди: «Мыйзам окутуучулар, силерге да кайгы. Силер адамдарга көтөрө алгыс оор жүктөрдү жүктөйсүңөр, өзүңөр болсо колуңардын учун да тийгизип койбойсуңар.

47 Силерге кайгы, анткени ата-бабаларыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөз тургузуп жатасыңар!

48 Ушул аркылуу силер ата-бабаларыңардын иштерин колдогонуңарды күбөлөндүрүп, аларга кошулуп жатасыңар. Анткени алар пайгамбарларды өлтүрүштү, силер болсо аларга күмбөз тургузуп жатасыңар.

49 Ошондуктан Кудай Өзүнүн акылмандуулугу менен мындай деп айткан: “Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем, алардын айрымдарын өлтүрүшөт, айрымдарын кубалашат”.

50 Бардык пайгамбарлардын дүйнө жаратылгандан бери төгүлгөн каны,

51 Абылдын канынан баштап, курмандык чалынуучу жай менен ийбадаткананын ортосунда өлтүрүлгөн Захариянын канына чейин ушул муундан суралат. Ооба, силерге айтып коёюн, ушул муундан суралат.

52 Мыйзам окутуучулар, силерге кайгы! Анткени силер билимдин ачкычын алгансыңар, бирок ачып кирген жоксуңар, кире тургандарга да тоскоолдук кылдыңар».

53 Ыйса ушул сөздөрдү айтып, ошол жерден чыкканда, мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Аны кысымга алып, дагы көптөгөн суроолорго жооп берүүгө мажбурлашты.

54 Ыйсаны айыпташ үчүн, Анын сөздөрүнөн кынтык издешти.

12-БӨЛҮМ

Фарисейлердин эки жүздүүлүгүнөн сак болуу

1 Ушул арада миңдеген киши жыйналып, кысылыша турушту. Ыйса адегенде Өзүнүн шакирттерине сүйлөй баштады: «Фарисейлердин ачыткысынан, атап айтканда, эки жүздүүлүгүнөн сак болгула!

2 Ачылбай кала турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей кала турган сыр болбойт.

3 Ошондуктан караңгыда айтканыңар жарыкта угулат. Үйдүн ичинде кулакка шыбырап айтканыңар үйдүн төбөсүндө жарыяланат.

4 Досторум, силерге айтарым: денени өлтүрүп, андан кийин эч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула.

5 Бирок силерге кимден коркушуңар керектигин айтайын: өлтүргөндөн кийин оттуу көлгө түшүрө ала турган Кудайдан корккула! Ооба, силерге айтарым, Ошондон корккула.

6 Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт.

7 Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.

8 Силерге айтып коёюн, ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Адам Уулу да аны Кудайдын периштелеринин алдында ачык тааныйт.

9 Ал эми ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Кудайдын периштелеринин алдында Мен да андан баш тартам.

10 Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, анын бул күнөөсү кечирилбейт.

11 Силерди синагогаларга, башчыларга, бийликтегилерге алып барышканда, “Кантип жооп беребиз?”, “Эмне деп жооп беребиз?”, “Эмнени айтабыз?” – деп тынчсызданбагыла.

12 Анткени Ыйык Рух силерге эмнени айтуу керектигин ошол учурда үйрөтөт».

Ач көздүктөн сак болуу

13 Ошондо эл ичинен бирөө Ыйсадан: «Устат, агама айтчы, ал мурасты мени менен бөлүшсүн», – деп суранды.

14 Ыйса ага: «Эй, адам! Ким Мени силерге сот же мурас бөлүштүрүүчү кылып койду эле?» – деди.

15 Андан кийин аларга: «Байкагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес», – деди.

Акылсыз бай жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

16 Анан аларга үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат.

17 Ошондо ал минтип ойлонот: “Түшүмүмдү жыя турган жер жок. Эмне кылсам?

18 Мындай кылайын: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, бүт түшүмүмдү жана бардык байлыгымды ошол жерге жыйнайын.

19 Анан өзүмө: "Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Эс ал, ичипже, көңүл ач", – деп айтайын”, – дейт.

20 Бирок Кудай ага: “Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?” – деп айтат.

21 Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот».

Түйшүк жөнүндө

22 Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ошондуктан силерге айтып коёюн, “Эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүктөнбөгүлө.

23 Анткени тамакка караганда жан, кийимге караганда дене артык.

24 Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жери, кампасы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан канча эсе артыксыңар.

25 Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?

26 Демек, эгерде арзыбаган нерсени жасай албасаңар, анда башка нерселер жөнүндө эмнеге түйшүктөнөсүңөр?

27 Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп турганын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атак-даңктуу Сулайман падыша да булардын бириндей кийинген эмес.

28 Эгерде Кудай бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү ушундай кийиндирсе, анда силерди андан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!

29 Ошондуктан силер: “Эмне жейбиз же эмне ичебиз?” – деп ойлонуп, тынчсызданбагыла.

30 Бул дүйнөнүн адамдары ушунун баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин бул нерселерге муктаж экениңерди Атаңар билет.

31 Кудайдын Падышачылыгын бардыгынан көбүрөөк издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.

32 Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.

33 Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр сыяктуу таратып бергиле. Өзүңөргө эскирбес капчык жасагыла, кемибес кенчти ууру жолобос, күбө жебес жерде, асманда жыйнагыла.

34 Анткени байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.

Ыйсанын келишин күтүү

35 Силердин белиңер курчалуу, чырагыңар күйгүзүлүү болсун.

36 Өзүңөр да эшикти кагары менен ачып берүү үчүн, “Үйлөнүү тойдон качан келет?” – деп, кожоюнун күткөн адамдарга окшош болгула.

37 Кожоюну келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, ал белин курчап алып, кулдарын дасторконго отургузат да, жакын келип, аларга кызмат кылат.

38 Кожоюн экинчи күзөт убагында же үчүнчү күзөт убагында келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу.

39 Үй ээси уурунун кайсы убакта келерин билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.

40 Силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон убакта келет».

41 Ошондо Петир Андан: «Теңир, бул үлгү-насаат аңгемени бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы?» – деп сурады.

Кулдардын башчысы жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

42 Теңир мындай деди: «Кулдардын тамагын өз убагында, ченеми менен берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акыл-эстүү башчы ким?

43 Кожоюну келгенде, ошондой кылып жаткан кул бактылуу.

44 Силерге чындыкты айтып коёюн, ал ага өзүнүн бүт мал-мүлкүн башкартып коёт.

45 Эгерде жанагы кул өз ичинен: “Менин кожоюнум жакында келбейт”, – деп, кулдар менен күңдөрдү уруп, өзү ичип-жеп, мас боло баштаса,

46 анда ал күтпөгөн күнү, ойлобогон убакта кожоюну келет да, аны бөлө чаап, ишенимсиздерге тиешелүү жаза менен жазалайт.

47 Кожоюнунун каалоосун билип туруп, даяр болбогон жана анын каалоосу боюнча иштебеген кул көп таяк жейт.

48 Ал эми билбей туруп, жазага татыктуу иш кылган кул аз таяк жейт. Кимге көп берилсе, андан көп талап кылынат; кимге көп ишенип тапшырылса, андан көп суралат.

Ыйсанын бөлүнүү тууралуу алдын ала айтышы

49 Мен жер бетине от түшүрүү үчүн келдим. Оттун азыр эле тутанышын Мен ушунчалык каалар элем.

50 Мен бир чөмүлүү менен чөмүлдүрүлүшүм керек. Анын аткарылышын күтүп, Мен ушунчалык кыйналып жатам.

51 Силер Мени дүйнө жүзүнө тынчтык берүү үчүн келди деп ойлойсуңарбы? Жок, силерге айтып коёюн, бөлүү үчүн келгем.

52 Анткени мындан ары мындай болот: бир үйдө беш киши болсо, бөлүнүп, үчөө экөөнө, экөө үчөөнө каршы чыгат.

53 Атасы баласына, баласы атасына, энеси кызына, кызы энесине, кайненеси келинине, келини кайненесине каршы чыгат».

Акыркы күндүн белгилери жана куткарылуу

54 Ыйса элге да мындай деди: «Силер батыштан булут көтөрүлгөнүн көргөнүңөрдө, дароо: “Жамгыр жаайт”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.

55 Түштүктөн шамал соккондо: “Күн ысык болот”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.

56 Эй, эки жүздүүлөр! Жер менен асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, ошол убакыттын белгилерин эмнеге аныктай албайсыңар?

57 Эмне үчүн силер эмне туура экенин өзүңөр айырмалап биле албайсыңар?

58 Сен каршылашың менен башчыга бара жатканда, жолдо эле андан кутулууга аракет кыл. Болбосо каршылашың сени сотко алып барат, сот күзөтчүгө тапшырат, күзөтчү сени түрмөгө камап салат.

59 Сага айтып коёюн, акыркы тыйыныңды да төлөп бермейинче, ал жактан чыкпайсың».

13-БӨЛҮМ

Тобо кылуу жөнүндө

1 Ошол учурда Ыйсага бир нече адам келип, Пилат өлтүрткөн галилеялыктар тууралуу кабарлады. Алардын каны өздөрүнүн курмандыктарынын каны менен аралашып калган эле.

2 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер бул галилеялыктарды башка бардык галилеялыктарга караганда көбүрөөк күнөөлүү болушкандыктан, ушундай азап тартышты деп ойлоп жатасыңарбы?

3 Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр.

4 Силоомдогу мунара кулаганда, астында калган он сегиз киши Иерусалимдин башка бардык тургундарына караганда көбүрөөк айыптуу болушкан деп ойлойсуңарбы?

5 Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр».

Мөмөсүз анжыр дарагы жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

6 Анан Ыйса бул үлгү-насаат аңгемени айтты: «Бир кишинин жүзүм багында анжыр дарагы болот. Ал келип, андан мөмө издеп, таппай коёт.

7 Ошондо ал жүзүмчүгө: “Мен үч жылдан бери келип, ушул анжыр дарактан мөмө издеп, таба алган жокмун. Аны кыйып ташта, бекер эле жерди ээлеп турат”, – дейт.

8 Бирок жүзүмчү мындай деп жооп берет: “Кожоюн, быйылча аны коё тур. Мен анын тегерегин казып, кык төгөйүн.

9 Мүмкүн, ал кийинки жылы мөмө берер. Эгерде бербесе, кыйдырып саласың”».

Ыйсанын ишемби күнү айыктырышы

10 Ишемби күнү Ыйса синагогалардын биринде элди окутуп жаткан.

11 Ошол жерде он сегиз жылдан бери ичиндеги жиндин таасири менен ооруп жүргөн аял бар эле. Ал бүкүр болчу, боюн түзөй алчу эмес.

12 Ыйса аны көрүп, жанына чакырып: «Аял, сен ооруңдан кутулдуң!» – деди да, колун анын үстүнө койду.

13 Ал ошол замат түзөлүп, Кудайды даңктай баштады.

14 Синагога башчысы Ыйсанын ишемби күнү аялды айыктырганына кыжырданып, элге: «Иш кылууга алты күн бар го, айыгууга ишемби күнү эмес, ошол күндөрү келгиле», – деди.

15 Ошондо Теңир ага мындай деп жооп берди: «Эки жүздүүлөр, ишемби күнү эч кимиңер акырга байланып турган өгүзүңөрдү же эшегиңерди чечип, сугарууга жетелеп барбайсыңарбы?

16 Шайтан он сегиз жылдан бери байлап жүргөн Ыбрайымдын ушул кызын ишемби күнү байлоодон бошотууга болбойбу?!»

17 Ыйса ушинтип айтканда, Ага каршы болгондордун баары уялып калышты. Бүт эл Анын жасап жаткан бардык улуу иштерине кубанды.

Сары кычы даны жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

18 Анан Ыйса мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге окшоштурсам болот?

19 Ал сары кычы данына окшош. Бир адам аны өз бакчасына септи. Ал өсүп чыгып, чоң дарак болду, ошондо анын бутактарына канаттуу куштар уялашты».

Ачыткы жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

20 Ыйса дагы мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсам болот?

21 Ал камыр ачыткыга окшош. Бир аял камыр ачытыш үчүн, аны алып, үч ченем унга кошот».

«Куткарыла тургандар аз болобу?»

22 Ыйса шаарлар менен айыл-кыштактарды аралап, элди окутуп, Иерусалимди карай бара жатты.

23 Бирөө Андан: «Теңир, чын эле куткарыла тургандар аз болобу?» – деп сурады. Ошондо Ыйса аларга мындай деди:

24 «Тар эшиктен кирүүгө аракеттенгиле. Силерге айтып коёюн, көптөр кирүүгө аракеттенишет, бирок кире алышпайт.

25 Үй ээси туруп, эшикти бекиткенден кийин, силер сыртта туруп алып, эшикти каккылай баштайсыңар да: “Теңир! Теңир, эшикти ач”, – деп айтасыңар. Бирок Ал силерге: “Силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм”, – деп жооп берет.

26 Ошондо силер: “Биз Сени менен эле чогуу тамактанып жүрчүбүз, Сен биздин көчөлөрүбүздө окутчусуң”, – деп айта баштайсыңар.

27 Бирок Ал: “Силердин кайдан экениңерди билбейм. Эй, адилетсиздик кылуучулар, баарыңар Менин жанымдан кеткиле”, – деп айтат.

28 Силер Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты жана бардык пайгамбарларды Кудайдын Падышачылыгынан, ал эми өзүңөрдүн тышка куулуп чыкканыңарды көргөнүңөрдө, боздоп ыйлап, кыйналып тиш кычыратасыңар.

29 Ошондо чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн адамдар келип, Кудайдын Падышачылыгындагы дасторконго отурушат.

30 Ошентип, биринчилер акыркы, акыркылар биринчи болушат».

Ироддун Ыйсаны өлтүрүүгө ниеттениши

31 Ошол учурда кээ бир фарисейлер Ыйсанын алдына келип: «Бул жерден кет, анткени Ирод Сени өлтүргүсү келип жатат», – дешти.

32 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер ал түлкүгө барып айткыла: “Мен бүгүн, эртең жиндерди кууп, оорулууларды айыктырып, үчүнчү күнү аяктайм.

33 Бирок Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү жол жүрүшүм керек. Анткени пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлүшүнө жол берилбейт”.

Ыйсанын Иерусалим үчүн кайгыруусу

34 Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.

35 Мына, үйүң ээн калат. Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айта турган убакыт келгенге чейин, Мени көрбөйсүң”».

14-БӨЛҮМ

Ыйсанын ишемби күнү айыктырышы

1 Ишемби күндөрдүн биринде Ыйса фарисейлердин башчысынын үйүнө конокко барды. Фарисейлер Аны карап турушту.

2 Ошол учурда Анын алдына сары суу оорусунан кыйналган адам келди.

3 Ошондо Ыйса мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» – деп сурады.

4 Алар үн катышкан жок. Ошондо Ыйса оорулууга колун тийгизип, аны айыктырды да, жөнөтүп жиберди.

5 Анан Ыйса фарисейлерден: «Эгерде бирөөңөрдүн эшегиңер же өгүзүңөр кудукка түшүп кетсе, ишемби күн экенине карабастан, аны ошол замат чыгарып албайсыңарбы?» – деп сурады.

6 Алар Ыйсанын бул суроосуна жооп бере алышкан жок.

Биринчиликти сүйүүчүлөр жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

7 Конокко чакырылгандардын орун тандап, төргө өткөндөрүн байкаган Ыйса аларга мындай үлгү-насаат аңгеме айтты:

8 «Сени бирөө үйлөнүү тоюна чакырса, барып, төргө отуруп алба. Чакырылгандардын арасында сенден да сыйлуу конок болушу мүмкүн.

9 Сени да, аны да чакырган той ээси келип, сага: “Бул кишиге орун бошотуп берчи”, – деп калса, уялганыңдан босого жакка отурууга аргасыз болосуң.

10 Ошондуктан конокко барганыңда, босого жакка отур. Чакырган киши өзү келип, сага: “Досум, жогору өт!” – деп айтсын. Ошондо башка коноктордун алдында сенин беделиң көтөрүлөт.

11 Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».

Динчилдикти айыптоо

12 Ыйса Өзүн чакырган кишиге да мындай деди: «Түшкү же кечки тамакка досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-уругуңду, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат.

13 Тескерисинче, жардыларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр.

14 Алар сага кайтарып бере алышпагандыгы үчүн бактылуу болосуң. Анткени сенин тиешең адил адамдар тирилгенде берилет».

15 Муну укканда, Ыйса менен бир дасторкондо отургандардын бири Ага: «Кудайдын Падышачылыгынан даам тата турган адам бактылуу», – деди.

Тойго чакырылгандар жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

16 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бир адам кечкиге чоң дасторкон даярдап, көп конок чакырат.

17 Тамак ичер убакыт болгондо, ал чакырган адамдарына: “Келгиле, баары даяр болду”, – деп, кулунан айттырып жиберет.

18 Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай башташат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырып жиберет.

19 Экинчиси болсо: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү барам. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырат.

20 Үчүнчүсү: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – дейт.

21 Кул кайтып келип, муну кожоюнуна айтат. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: “Сен тезинен шаардын чоң-кичине көчөлөрүн аралап, жардыларды, мунжуларды, аксактарды жана сокурларды бул жерге алып кел”, – деп айтат.

22 Кул барып келип: “Кожоюн, буйругуң орундатылды, бирок дагы орун бар”, – дейт.

23 Ошондо кожоюн кулуна: “Жол боюндагыларды, шаар тосмосунун сыртындагыларды келүүгө аргасыз кыл, менин үйүм толсун.

24 Анткени силерге айтып коёюн, мурунку чакырылгандардын эч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз”, – деп айтат».

Ыйсанын артынан ээрчүү

25 Ыйса Өзүнүн артынан ээрчип келе жаткан элге бурулуп, мындай деди:

26 «Ким Мага келип, бирок ата-энесин, аялын, балдарын, ага-инилерин, эже-карындаштарын жана өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт.

27 Ким Менин артымдан өз айкаш жыгачын көтөрбөй ээрчисе, ал Менин шакиртим боло албайт.

Мунара куруучу жөнүндө

28 Силердин араңардан бирөө мунара курмакчы болсо, ал аны бүтүрүүгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, курулуш чыгымын эсептеп чыгат да.

29 Болбосо пайдубалын гана салып, мунараны бүтүрө албай калганын көргөн кишилердин баары:

30 “Бул киши кура баштады эле, бирок бүтүрө алган жок”, – деп, аны шылдың кылышат.

Согушка аттанган падыша жөнүндө

31 Же кайсы бир падыша башка бир падыша менен согуша турган болсо, жыйырма миң аскери менен келе жатканга өзүнүн он эки миң аскери менен каршы тура алар-албасын билиш үчүн, адегенде отуруп алып кеңешет да.

32 Күчү жетпесе, тиги падыша али алыста экенинде эле, элчилерин жиберип, тынчтык келишимин түзүүнү өтүнөт.

33 Ошол сыяктуу эле болгон нерсесинин баарынан баш тартпаган адам Менин шакиртим боло албайт.

Даамын жоготкон туз жөнүндө

34 Туз – жакшы нерсе. Бирок туз өзүнүн даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтирүүгө болот?

35 Топуракка да, кыкка да кошууга жарабагандыктан, аны төгүп ташташат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!»

15-БӨЛҮМ

Фарисейлер менен мыйзам окутуучулардын күңкүлдөөсү

1 Салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн баары Ыйсанын сөзүн угуш үчүн, Ага жакын келишти.

2 Фарисейлер менен мыйзам окутуучулар болсо: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бирге тамактанат», – деп күңкүлдөштү.

Жоголгон кой жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

3 Ошондо Ыйса аларга төмөнкү үлгү-насаат аңгемени айтып берди:

4 «Силердин араңардан жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун талаага калтырып коюп, жоголуп кеткен бир коюн издебейби?

5 Тапкандан кийин, кубанып, аны ийнине көтөрүп алып,

6 үйүнө келет да, досторун, коңшуларын чакырып, аларга: “Жоголуп кеткен коюмду таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула”, – дейт.

7 Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле “Тобо кылууга муктаж эмеспиз” деген токсон тогуз “адил” адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот.

Жоголгон драхма жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

8 Же он драхмасы бар бир аял бир драхмасын жоготуп алса, эмне, ал чырак күйгүзүп алып, үйүн шыпырып, аны тапмайынча тырышып издебейби?

9 Тапкандан кийин, курдаштары менен коңшуларын чакырып, аларга: “Мен жоготкон драхмамды таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула”, – дейт.

10 Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле бир күнөөкөрдүн тобо кылганы үчүн да Кудайдын периштелери кубанышат».

Адашкан уул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

11 Ыйса дагы мындай деди: «Бир кишинин эки уулу бар экен.

12 Алардын кенжеси атасына: “Ата, менин энчимди бер”, – дейт. Ошондо атасы балдарына мал-мүлкүн бөлүп берет.

13 Көп өтпөй, кенже уулу энчисинин баарын алып, алыскы бир өлкөгө жөнөп кетет. Ал жактан ал жаман жолго түшүп, өзүнүн мал-мүлкүн ыгы жок ысырап кылат.

14 Бардыгын түгөткөндөн кийин, ошол өлкөдө катуу ачарчылык болуп, ал муктаж боло баштайт.

15 Ошондо ал ошол өлкөнүн бир адамына барып жабышып жалданат. Ал киши аны өзүнүн талаасына жиберип, чочколорун кайтартып коёт.

16 Ал чочколор жеген жемиш менен курсагын тойгузганына ыраазы болмок, бирок ага аны да эч ким бербейт.

17 Ошондо ал акылына келип: “Атамдын жалчыларынын баары тамакты тоё жешет, мен болсо бул жерде ачкадан өлгөнү жүрөм.

18 Туруп, атама кайтып барайын да: "Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө баттым.

19 Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын. Мени жалчы кылып ал дейин"”, – дейт.

20 Ошентип, ал туруп, атасына жөнөйт. Атасы уулун алыстан эле көрүп, аяйт да, жүгүрүп барып, мойнунан кучактап өпкүлөйт.

21 Ошондо уулу атасына: “Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө баттым. Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын”, – дейт.

22 Атасы болсо кулдарына: “Тезинен эң жакшы кийим алып келип, ага кийгизгиле. Колуна шакек тагып, бутуна бут кийим бергиле.

23 Анан борго байланган торпокту алып келип сойгула, ичип-жеп көңүл ачалы.

24 Анткени менин бул уулум өлгөн эле – тирилди, жоголгон эле – табылды”, – дейт. Ошентип, алар тойлой башташат.

25 Ошол учурда анын тун уулу талаада болот. Ал кайтып келе жатып, үйүнө жакындаганда, ырдап-бийлегендердин үндөрүн угат.

26 Ошондо ал кулдардын бирин чакырып алып: “Эмне болуп жатат?” – деп сурайт.

27 Кул ага: “Сенин иниң келди, атаң баласын аман-эсен көргөнү үчүн, борго байланган торпокту сойдуртту”, – дейт.

28 Муну укканда, анын ачуусу келип, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, аны чакырат.

29 Ошондо ал атасына: “Мен сага ушунча жылдан бери кызмат кылып келе жатам, эч качан буйругуңду бузган жокмун. Бирок сен мага досторум менен көңүл ачканга бир улак да берген эмессиң.

30 Ал эми өзүнүн мал-мүлкүн бузулган аялдар менен ыгы жок ысырап кылган уулуң келсе, ага бордолгон торпок сойдуң”, – деп жооп берет.

31 Атасы болсо ага: “Балам, сен ар дайым менин жанымдасың, менин бардык мал-мүлкүм сеники.

32 Бул нерсеге болсо сүйүнүп, кубануу керек болчу. Анткени бул иниң өлүк эле – тирилди, жоголгон эле – табылды!” – дейт».

16-БӨЛҮМ

Үй башкаруучу жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Ыйса Өзүнүн шакирттерине да мындай деди: «Бир бай адамдын чарба иштерин башкаруучусу бар экен. Ага: “Сенин чарба иштериңди башкаруучу мал-мүлкүңдү ыксыз ысырап кылып жатат”, – деп айтып келишет.

2 Ошондо бай аны чакырып алып: “Сен жөнүндө ар кандай сөз угуп жатам. Өзүңдүн башкаруу ишиң боюнча эсеп бер, анткени сен мындан ары чарба иштерин башкара албайсың!” – дейт.

3 Башкаруучу ичинен: “Эми мен эмне кылам? Кожоюнум мени башкаруу ишинен бошотуп жатат. Жер каза албайм, кайыр сурагандан уялам.

4 Бирок мен эмне кылууну таптым, башкаруу ишинен бошотулгандан кийин адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн, мен мындай кылам”, – деп ойлонот да,

5 кожоюнуна карызы барлардын ар бирин өз-өзүнчө чакырып алып, алардын биринчисинен: “Сен кожоюнума канча карызсың?” – деп сурайт.

6 Ал: “жүз ченем май карызмын”, – дейт. “Тил катыңды ал да, отура калып, элүү ченем деп жаза сал”, – дейт башкаруучу.

7 Андан кийин ал башкасынан: “Сен канча карызсың?” – деп сурайт. Ал: “Жүз ченем буудай”, – деп жооп берет. Башкаруучу ага да: “Тил катыңды ал да, сексен деп жаз”, – дейт.

8 Ошондо кожоюн ишенимсиз башкаруучусун акылдуулук менен иш кылганы үчүн мактаптыр. Бул дүйнөнүн адамдары өзү өңдүүлөр менен мамилелешкенде, жарыктын уулдарына караганда акылдуураак.

9 Мен да силерге айтып коёюн, өтүп кете турган байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө! Байлык жок болуп кеткенден кийин, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышсын.

10 Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү. Аз нерседе ишенимсиз адам көп нерседе да ишенимсиз.

11 Эгерде силерге өтүп кете турган байлыкты ишенип тапшырууга болбосо, чыныгы байлыкты ким ишенип тапшырат?

12 Эгерде силерге башкалардыкын ишенип тапшырууга болбосо, анда өзүңөрдүкүн ким берет?

13 Эч бир кул эки мырзага кызмат кыла албайт: бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар!»

Фарисейлер жана мыйзам жөнүндө

14 Мунун бардыгын байлыкты сүйгөн фарисейлер да угуп, Ыйсаны мазактап күлүштү.

15 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер адамдардын алдында өзүңөрдү адил адам катары көрсөтөсүңөр, бирок Кудай силердин жүрөгүңөрдү билет, анткени адамдар жогору баалаган нерсе Кудайдын алдында жийиркеничтүү.

16 “Тоорат” жана “Пайгамбарлар” китептери Жаканга чейин болгон. Ошол убакыттан бери Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабар жарыяланып келе жатат, бул Падышачылыкка ар бир адам күч жумшап кирет.

17 Бирок мыйзамдын бир белгиси жоголгонго караганда, асман менен жер оңой жок болот.

Ажырашуу жөнүндө

18 Аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.

Бай адам жана Лазар

19 Бир бай адам болуптур. Ал кочкул кызыл кыл торкодон жана зыгыр буласынан кийим кийип, күн сайын укмуштуудай той өткөрчү экен.

20 Анын дарбазасынын алдында бүт денесин жара баскан Лазар деген кайырчы жатчу.

21 Ал бай жеген тамактын калдыгына зар болчу. Иттер келип, анын жараларын жалачу.

22 Бир күнү ошол кайырчы өлүп, периштелер аны Ыбрайымдын кучагына алып барышат. Бай да өлүп, аны көргө коюшат.

23 Өлгөндөр жаткан жайда кыйналып жаткан ошол бай адам башын көтөрүп, алыстан Ыбрайымды жана анын кучагындагы Лазарды көрөт.

24 Ошондо ал болгон күчү менен: “Ыбрайым ата, мага ырайым кылып, Лазарды жиберчи, ал бармагынын учун сууга малып, тилимди сууласын, анткени мен бул жалындаган отто азап тартып жатам”, – деп кыйкырат.

25 Бирок Ыбрайым ага: “Балам, сен өзүңдүн жакшы үлүшүңдү жашооңдо алганыңды, ал эми Лазар албаганын эстечи! Азыр болсо ал бул жерде сооронууда, ал эми сен азап чегүүдөсүң.

26 Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда түпсүздүк бар. Бул жактан силерге, силер жактан бизге өтө алышпайт”, – дейт.

27 Ошондо ал бай: “Ата, андай болсо, сенден суранам, Лазарды атамдын үйүнө жиберчи.

28 Анткени менин беш бир тууганым бар. Алар да бул азаптуу жайга келбеши үчүн, Лазар барып күбөлөндүрсүн”, – деп өтүнөт.

29 Ыбрайым ага: “Аларда Мусанын жана пайгамбарлардын китептери бар, ошолорду угушсун!” – десе, ал:

30 “Жок, Ыбрайым ата! Эгерде өлгөндөрдөн бирөө барса, алар тобо кылышат”, – дейт.

31 Ошондо Ыбрайым ага: “Эгерде Муса менен пайгамбарлардын айтканын угушпаса, анда алар өлгөндөрдөн бирөө тирилип барса да ишенишпейт”, – деп жооп берет».

17-БӨЛҮМ

Азгырыктар жөнүндө

1 Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай деди: «Азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адамга кайгы.

2 Ошондуктан ушул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамдын мойнуна тегирмен ташын илип, аны деңизге таштап жиберишсе, ал үчүн жакшы болмок.

3 Өзүңөргө сак болгула. Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, ага эскертүү бер. Эгерде кечирим сураса, аны кечир.

4 Эгерде ал бир күндүн ичинде сага каршы жети жолу күнөө кылып, сага жети жолу келип: “Күнөөмдү мойнума алам”, – десе, аны кечир».

5 Элчилер Теңирге: «Ишенимибизди арттыр», – дешти.

6 Теңир аларга: «Эгерде силердин сары кычы данындай ишенимиңер болсо, бул тыт дарагына: “Тамырың менен суурулуп, деңиздин ичине отургузул”, – десеңер, ал силерди укмак», – деди.

Кул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

7 «Бирөөңөрдүн жер айдаган же мал кайтарган кулуңар бар дейли. Ошол кул талаадан келери менен кожоюну ага: “Тез келип, дасторконго отур”, – деп айтабы?

8 Тескерисинче, ага: “Мага кечки тамакты даярда, мен тамактанып бүткөнчө, белиңди бууп, мага кызмат кыл, андан кийин өзүң тамактан”, – деп айтат да.

9 Буйругун аткарганы үчүн, ал кулуна, эмне, алкыш айтабы? Айтат деп ойлобойм.

10 Силер да ошолордой болуп, өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: “Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык”, – дегиле».

Он пес оорулуунун айыгышы

11 Ыйса Иерусалимге бара жатканда, Самария менен Галилеяны бөлгөн чек ара аркылуу өттү.

12 Ал бир айылга киргенде, Аны пес оорулуу он адам тосуп чыкты. Алар алысыраак токтоп:

13 «Ыйса Устат, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкырышты.

14 Ыйса аларды көргөндө: «Ыйык кызмат кылуучуларга барып, өзүңөрдү көрсөткүлө», – деди. Алар жолдо бара жатышканда, пес оорудан айыгып, таза болуп калышты.

15 Алардын бири өзүнүн айыкканын көрүп, катуу үн менен Кудайды даңктап, артына кайтып келди да,

16 Ыйсанын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Ага ыраазычылык билдирди. Ал адам самариялык эле.

17 Ошондо Ыйса мындай деди: «Он киши таза болуп калбады беле? Калган тогузу кана?

18 Кудайды даңктоо үчүн, бул башка уруунун адамынан бөлөк эч ким кайтып келген жокпу?»

19 Анан Ал ага: «Тур, бара бер. Сени ишенимиң куткарды», – деди.

Кудайдын Падышачылыгынын келиши жөнүндө

20 Фарисейлер Кудайдын Падышачылыгы качан келе тургандыгын сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди: «Кудайдын Падышачылыгы көзгө көрүнбөй келет.

21 “Мына, ал бул жерде” же “Тигине, ал тиги жерде”, – деп, эч ким айта албайт. Анткени Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде».

Ыйсанын Өзүнүн экинчи жолу келери жөнүндө айтышы

22 Анан шакирттерине мындай деди: «Адам Уулунун күндөрүнүн бирин болсо да көрсөк деп эңсей турган күндөр келет, бирок көрбөйсүңөр.

23 Силерге: “Мына, Ал бул жерде” же “Тигине, Ал тигил жерде”, – деп айтышат. Бирок барбагыла, аларды ээрчибегиле.

24 Анткени асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса, Адам Уулу да Өзү келген күнү ошондой болот.

25 Бирок алгач Ал көп азап чегип, бул муун аркылуу четке кагылууга тийиш.

26 Адам Уулу келген убакта да Нух пайгамбардын убагындагыдай болот.

27 Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты. Анан топон суу каптап, бардыгы кырылып калды.

28 Лоттун убагында да ошондой болду: адамдар ичип-жеп, соода-сатык жүргүзүп, жер иштетип, үй куруп өмүр сүрүп жатышты.

29 Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, бардыгы кырылып калды.

30 Адам Уулу келген күнү да ошондой болот.

31 Ошол күнү ким үйдүн үстүндө болсо, ал үйдүн ичиндеги буюмдарын алыш үчүн түшпөсүн. Ким талаада жүрсө, ал артка кайрылбасын.

32 Лоттун аялын эсиңерге түшүргүлө.

33 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ким өз жанынан ажыраса, ал тирилет.

34 Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.

35 Чогуу жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.

36 Талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат».

37 Ошондо алар Ыйсадан: «Теңир, мунун баары кайсы жерде болот?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгундар ошол жерге чогулат», – деп жооп берди.

18-БӨЛҮМ

Адилетсиз сот жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Ыйса шакирттерине дайыма сыйынуу жана чөкпөө жөнүндө мындай үлгү-насаат аңгеме айтып берди:

2 «Бир шаарда Кудайдан коркпогон, адамдардан уялбаган сот болуптур.

3 Ошол эле шаарда бир жесир аял бар экен. Аял сотко кайра-кайра келип: “Мени каршылашымдан корго”, – деп өтүнөт.

4 Бирок сот көпкө чейин анын өтүнүчүн аткаргысы келбейт. Акыры ал өз ичинен: “Кудайдан коркпосом да, элден уялбасам да,

5 бул жесир аял мага тынчтык бербегендиктен, аны коргоюн. Ал келе берип, мени тажатпасын”, – дейт».

6 Анан Теңир мындай деди: «Адилетсиз соттун эмне дегенин уктуңарбы?

7 Кудай Өзү тандап алган, Өзүнө күнү-түнү жалынган адамдарды коргобойбу? Создуктурса да, аларды коргойт.

8 Силерге айтып коёюн, аларды тез эле коргоого алат. Бирок Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним таба алар бекен?»

Фарисей жана салык жыйноочу жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

9 Өздөрүн адил адам эсептеп, башкаларды басынткан кээ бир адамдарга да Ыйса мындай үлгү-насаат аңгеме айтты:

10 «Эки адам сыйыныш үчүн, ийбадатканага кирет. Алардын бири фарисей, бири салык жыйноочу экен.

11 Фарисей туруп алып, ичинен мындай деп сыйынат: “Кудайым! Сага ыраазымын, анткени мен башка адамдарга окшоп талап-тонобойм, жамандык кылбайм, ойноштук кылбайм жана мына бул салык жыйноочудай эмесмин!

12 Мен жумасына эки жолу орозо кармайм, тапкан бардык кирешемдин ондон бир бөлүгүн берем”.

13 Салык жыйноочу болсо алыс туруп алып, асманды кароого да батынбастан, көкүрөгүн койгулап: “Кудайым! Мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!” – деп сыйынат.

14 Силерге айтып коёюн, фарисейге караганда бул адам Кудай алдында көбүрөөк акталып, үйүнө кетти. Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».

Ыйсанын балдарга батасын бериши

15 Колун тийгизип койсун деп, кээ бирөөлөр Ыйсага наристелерин алып келишти. Муну көргөн шакирттер аларга тыюу салышты.

16 Бирок Ыйса наристелерди жанына чакырып, шакирттерине мындай деди: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы.

17 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт».

Ыйса жана бай жигит

18 Башчылардын бири Ыйсадан: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.

19 Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.

20 “Ойноштук кылба”, “Киши өлтүрбө”, “Уурдаба”, “Бирөөгө жалаа жаппа”, “Ата-энеңди сыйла” деген мыйзамдарды билесиң да», – деди.

21 «Булардын баарын мен жаш чагымдан бери сактап келем», – деди ал.

22 Ыйса муну укканда, ага мындай деди: «Сага дагы бир нерсе жетишпейт: колуңда болгондун бардыгын сатып, жакырларга таратып бер, ошондо сенин асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи».

23 Муну укканда, башчынын көңүлү чөгө түштү, анткени ал өтө бай эле.

24 Ыйса анын көңүлү чөгө түшкөнүн көрүп: «Байлардын Кудайдын Падышачылыгына кирүүсү кандай кыйын!

25 Анткени бай адамдын Кудайдын Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүүсү оңоюраак», – деди.

26 Муну уккандар: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

27 Ошондо Ыйса: «Бул адамдын колунан келбейт, бирок Кудайдын колунан келет», – деди.

Шакирттердин сыйлыгы

28 «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз», – деди Петир.

29 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы үчүн үй-жайын, же ата-энесин, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же аялын, же балдарын таштаган адам

30 бул дүйнөдө алардан көп эсе алат жана келечекте түбөлүк өмүргө ээ болот».

Ыйсанын Өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө үчүнчү жолу айтышы

31 Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, аларга: «Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Ал жерде пайгамбарлар аркылуу Адам Уулу жөнүндө жазылгандардын баары орундалат.

32 Анткени Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, кордошот, бетине түкүрүшөт,

33 камчы менен сабашат, анан өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет», – деди.

34 Шакирттер болсо бул сөздөрдүн эч бирин түшүнүшкөн жок. Бул сөздөрдүн мааниси алар үчүн купуя болгондуктан, айтылгандарды түшүнүшкөн жок.

Сокур адамдын айыгуусу

35 Ыйса Жерихо шаарына келе жатты. Жол боюнда бир сокур адам кайыр сурап отурган эле.

36 Өзүнүн жанынан көп кишилердин өтүп бара жатканын уккан ал: «Эмне болуп жатат?» – деп сурады.

37 Ага: «Назареттик Ыйса өтүп бара жатат», – деп жооп беришти.

38 Ошондо сокур адам: «Ыйса, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр!» – деп кыйкырды.

39 Алдыда келе жаткандар анын унчукпай калуусун талап кылышты. Бирок ал: «Дөөттүн Уулу, мага ырайым кылчы!» – деп, мурункудан да катуу кыйкырды.

40 Ыйса токтоп, аны Өзүнө алып келүүнү буйруду. Сокур адам жакын келгенде, Ыйса андан:

41 «Менин эмне кылышымды каалайсың?» – деп сурады. Ал Ага: «Теңир, менин көзүм көрсө экен», – деди.

42 Ошондо Ыйса ага: «Көзүң көрсүн! Сени ишенимиң куткарды», – деди.

43 Ошол замат анын көздөрү көрө баштады. Ал Кудайды даңктап, Ыйсаны ээрчип жөнөдү. Муну көргөн бүт эл да Кудайды даңктады.

19-БӨЛҮМ

Закайдын Кудайга кайрылуусу

1 Ыйса Жерихо шаарына кирип, аны аралап бара жатты.

2 Ал жерде салык жыйноочулардын башчысы, Закай деген бай киши бар эле.

3 Ал Ыйсаны көргүсү келди. Бирок бою кыска болгондуктан, көпчүлүктүн арасынан Аны көрө албай койду.

4 Ошондо ал Ыйсаны көрүү үчүн чуркап барып, Ал өтө турган жолдун боюндагы анжыр дарагына чыгып алды.

5 Ыйса ошол жерге келгенде, жогору карап: «Закай, тезирээк түш! Мен бүгүн сенин үйүңдө болушум керек», – деди.

6 Закай дарактан шашып түшүп, Аны үйүнө кубаныч менен кабыл алды.

7 Муну көргөндөрдүн бардыгы: «Ал күнөөкөр адамдын үйүнө кирди», – деп күңкүлдөй башташты.

8 Закай болсо ордунан туруп, Ыйсага: «Теңир, мен мал-мүлкүмдүн жарымын жакырларга таратып берем. Эгерде кимдир бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, төрт эсе кайтарып берем», – деди.

9 Ошондо Ыйса: «Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди, анткени бул адам да Ыбрайымдын урпагы.

10 Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап куткаруу үчүн келген», – деди.

Он мина жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

11 Угуп отургандарга Ыйса үлгү-насаат аңгеме да айтты. Анткени Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, алар: «Жакында Кудайдын Падышачылыгы келет», – деп ойлоп жатышкан.

12 Ошондуктан Ал муну айтып берди: «Бир ак сөөк адам падышачылыкка дайындалып келүү үчүн, алыскы бир өлкөгө жөнөмөкчү болот.

13 Ал өзүнүн он кулун чакырып алып, аларга он мина берип: “Мен кайтып келгенче, бул акчаны айландыргыла”, – дейт.

14 Жердештери болсо аны жек көргөндүктөн, артынан элчилерди жиберип: “Анын бизге падыша болушун каалабайбыз”, – деп айттырышат.

15 Бирок ал падышачылыкка дайындалып, кайтып келет. Берип кеткен күмүшү менен ким канча пайда тапканын билүү үчүн, ал кулдарын чакыртат.

16 Ошондо биринчиси келип: “Кожоюн, сенин минаң менен он мина пайда таптым”, – дейт.

17 Падыша ага: “Жарайсың, жакшы кул! Аз нерсеге ишенимдүү болгондугуң үчүн, он шаарга башкаруучу болосуң”, – дейт.

18 Экинчиси келип: “Кожоюн, сенин минаң менен беш мина пайда таптым”, – дейт.

19 Падыша ага да: “Сен да беш шаарга башкаруучу болосуң”, – дейт.

20 Үчүнчүсү келип: “Кожоюн, сенин минаң мына! Мен аны жоолукка ороп катып жүрдүм.

21 Мен сенден корктум, анткени сен койбогонуңду алып, экпегениңди оргон катаал адамсың”, – дейт.

22 Падыша ага: “Эй, арамза кул, мен сени өзүңдүн оозуңдан чыккан сөзүң менен соттоймун. Сен менин койбогонумду алып, экпегенимди оргон катаал адам экенимди билип туруп,

23 эмне үчүн менин күмүшүмдү айландырган жоксуң? Мен кайтып келгенде, кирешеси менен албайт белем?” – дейт да,

24 жанында тургандарга: “Андан минаны алып, он минасы барга бергиле”, – дейт.

25 Алар болсо ага: “Кожоюн, анын он минасы бар да!” – дешет.

26 Ошондо падыша мындай дейт: “Силерге айтып коёюн, кимде бар болсо, ага дагы берилет. Ал эми кимде жок болсо, анын болгон нерсеси да тартылып алынат.

27 Менин падыша болуумду каалабаган душмандарымды болсо, бул жерге алып келип, менин көз алдымда өлтүргүлө”».

Ыйсанын Иерусалимге салтанаттуу түрдө кириши

28 Ушуну айткандан кийин, Ыйса Иерусалимди көздөй жолун улантты.

29 Ал Зайтун тоосунун боорундагы Бейтфагия менен Бетания айылдарына жакындаганда, Өзүнүн эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

30 «Маңдайыңардагы айылга баргыла. Айылга киргенде, эч бир адам мине элек, байлануу турган кодикти табасыңар. Аны чечип, Мага алып келгиле.

31 Эгерде бирөө силерден: “Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?” – деп сураса, “Бул Теңирге керек”, – дегиле».

32 Жөнөтүлгөндөр барышты, баары Ыйса айткандай болду.

33 Алар кодикти чечип жатышканда, анын ээси: «Кодикти эмнеге чечип жатасыңар?» – деп сурады.

34 Алар болсо: «Бул Теңирге керек», – деп жооп беришти.

35 Шакирттер кодикти Ыйсага алып келишти да, анын үстүнө өздөрүнүн кийимдерин салып, Ыйсаны мингизишти.

36 Ал кодик минип бара жатканда, адамдар өздөрүнүн кийимдерин жолго төшөп жатышты.

37 Ыйса Зайтун тоосунан түшө турган жерге жакындаганда, Анын бардык шакирттери өздөрү көргөн кереметтери үчүн кубанып, катуу үн менен Кудайды даңкташты:

38 «Теңирдин атынан келе жаткан Падышага даңк! Асманда тынчтык болсун! Эң бийик жердегиге даңк!»

39 Ошондо эл арасынан айрым фарисейлер Ага: «Устат, шакирттериңди тый», – дешти.

40 Ыйса болсо аларга: «Силерге айтып коёюн, эгерде булар унчукпаса, анда таштар кыйкырышат», – деп жооп берди.

Ыйсанын Иерусалим үчүн кайгырышы

41 Ыйса Иерусалим шаарына жакындаганда, шаарды карап алып, ал үчүн ыйлап, мындай деди:

42 «Сенде тынчтык болуш үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, бүгүн билсең кана! Бирок ал азыр сен үчүн жашыруун.

43 Сенин башыңа оор күндөр келет: душмандарың тегерегиңе аң казып, курчап алышат да, сени ар тараптан кысымга алышат.

44 Сени талкалашат, балдарыңды өлтүрүшөт, таш үстүнө таш калтырышпайт, анткени сен өзүңдүн куткарылуу убагың келгенин билген жоксуң».

Ыйсанын ийбадатканадагы сатуучуларды экинчи жолу кууп чыгышы

45 Анан Ыйса ийбадатканага кирип: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм – сыйынуу үйү”, – деп жазылган.

46 Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып алдыңар», – деп, андагы сатуучулар менен сатып алуучуларды кууп чыгара баштады.

47 Ал күн сайын ийбадатканада элди окутту. Башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана эл аксакалдары болсо Аны өлтүрүүнүн жолун издешти.

48 Бирок ыңгайын таба алышпады, анткени элдин баары Анын сөзүнө кулак салып, жанынан кетишчү эмес.

20-БӨЛҮМ

Ыйсанын бийлиги жөнүндө суроо

1 Бир күнү Ыйса ийбадатканада элди окутуп, Жакшы Кабар айтып жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар келишип:

2 «Сен муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Сага бул бийликти ким берди?» – деп сурашты.

3 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен да силерден бир нерсени сурайын. Мага айткылачы,

4 Жакандын чөмүлдүрүүсү Кудайдан болду беле же адамдарданбы?»

5 Алар өз ара: «Эгерде “Кудайдан” десек, анда Ал: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – деп айтат.

6 Эгерде “адамдардан” десек, анда эл бизди таш бараңга алат. Анткени алар Жакандын пайгамбар экенине ишенишет», – деп акылдашышты да,

7 «Кимден экенин билбейбиз», – деп жооп беришти.

8 Ошондо Ыйса аларга: «Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтпайм», – деди.

Жүзүмчүлөр жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

9 Ыйса бул үлгү-насаат аңгемени элге айта баштады: «Бир адам жүзүм багын отургузуп, аны жүзүмчүлөргө тапшырат да, өзү узак убакытка башка жакка кетет.

10 Жүзүм багынын жемишинен берсин деп, өз убагы келгенде, жүзүмчүлөргө бир кулун жиберет. Бирок жүзүмчүлөр аны сабап, куру кол кетирип жиберишет.

11 Ошондо ал башка кулун жиберет. Бирок аны да уруп, кордоп, куру кол кетирип жиберишет.

12 Жүзүм багынын ээси үчүнчү кулун жиберет. Бирок жүзүмчүлөр аны жарадар кылып, кууп жиберишет.

13 Ошондо жүзүм багынын ээси: “Эмне кылсам? Сүйүктүү уулумду жиберейин. Мүмкүн, аны көрүп уялышар”, – дейт.

14 Бирок жүзүмчүлөр аны көргөндө, өз ара: “Бул – мурасчы, жүргүлө, аны өлтүрүп салалы, ошондо анын мурасы биздики болот”, – дешет.

15 Ошентип, алар аны жүзүм багынын сыртына чыгарып, өлтүрүп салышат. Эми жүзүм багынын ээси аларды эмне кылат?

16 Ал келет да, жүзүмчүлөрдү өлтүрүп, жүзүм багын башка бирөөлөргө берет». Муну угуп тургандар болсо: «Кой, андай болбой эле койсун!» – деп жиберишти.

17 Ошондо Ыйса аларды карап: «Анда Ыйык Жазуудагы “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.

18 Ал ташка жыгылган адам өлөт. Ал эми ал таш кимдин үстүнө түшсө, аны басып өлтүрөт” деген сөздөр эмнени билдирет?» – деди.

Салык жөнүндө суроо

19 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсанын бул үлгү-насаат аңгемеде өздөрү жөнүндө айтканын түшүнүшкөндүктөн, ушул учурда Ага кол салууга ниеттеништи, бирок элден коркушту.

20 Алар Ыйсаны көзөмөлгө алып, адил адамдай көрүнгөн өз кишилерин жашыруун жөнөтүштү. Аны сөзүнөн кармап, башчылардын жана соттун колуна өткөрүп берүү үчүн, алар Андан:

21 «Устат, Сенин туура сүйлөп, туура окутарыңды билебиз. Бет карамалык кылбайсың, Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың.

22 Кандай дейсиң, биз Рим падышасына салык төлөшүбүз керекпи же жокпу?» – деп сурашты.

23 Ыйса алардын жаман оюн билип: «Мени эмнеге сынап жатасыңар?

24 Мага бир динарийди көрсөткүлөчү. Мунун бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики?» – деди. Алар: «Падышаныкы», – деп жооп беришти.

25 Ыйса аларга: «Андай болсо, падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деди.

26 Ошентип, алар Ыйсаны эл алдында сөзүнөн кармай албай, Анын жообуна таң калып, унчукпай калышты.

Садукейлердин тирилүү жөнүндөгү суроосу

27 Ошондон кийин «Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлердин кээ бири келип, Ага мындай суроо беришти:

28 «Устат! Муса пайгамбар бизге: “Эгерде кимдир бирөөнүн бир тууганы бала көрбөй көз жумса, анда башка бир тууганы анын аялын алып, тукумун уласын”, – деп жазып калтырган.

29 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, бала көрбөй көз жумду.

30 Ал аялды экинчиси да алып, баласыз өттү.

31 Аны үчүнчүсү да алды. Аны жети бир тууган тең алып, баласыз өтүп кетишти.

32 Баары өлгөндөн кийин, аял да көз жумду.

33 Өлгөндөр тирилгенден кийин, ал кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең аялдыкка алган болчу».

34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бул дүйнөдөгү адамдар аял алышат, күйөөгө тийишет.

35 Ал эми тиги дүйнөгө барууга ылайык деп табылгандар тирилгенден кийин үйлөнүшпөйт, турмушка да чыгышпайт.

36 Алар ал жакта өлүшпөйт, анткени периштелерге окшош болуп калышат. Алар – Кудайдын балдары, анткени алар өлгөндөрдүн арасынан тирилишкен.

37 Өлгөндөр тириле тургандыгын Муса да жалындаган бадал жөнүндөгү аңгемеде айткан. Ал жерде Теңирдин Мусага: “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын”, – дегендиги айтылат.

38 Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Анткени Ал үчүн бардыгы тирүү».

Ыйсанын мыйзам окутуучуларды ашкерелеши

39 Муну укканда, кээ бир мыйзам окутуучулар: «Устат, Сен жакшы айттың!» – дешти.

40 Ушундан кийин алар Андан бир нерсе суроого батына албай калышты. Анан Ыйса аларга мындай деди:

41 «Эмне үчүн Машайакты Дөөттүн Уулу деп айтышат?

42 Дөөт өзү Забурда мындай деп айтпады беле: “Теңир менин Теңириме мындай деди:

43 "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”.

44 Демек, Дөөт Аны Теңир деп атаган болсо, Ал кантип анын Уулу болсун?»

45 Бүт эл Анын сөзүн угуп жатканда, Ал Өзүнүн шакирттерине мындай деди:

46 «Узун кийим кийип жүрүүнү, эл жыйылган жерлерде алик алууну, синагогаларда алдыңкы орундарда, тойлордо төрдө отурганды жакшы көргөн мыйзам окутуучулардан сак болгула!

47 Алар жесир аялдардын үйлөрүн талап-тоношот, эки жүздүүлөнүп узакка сыйынышат. Алардын жазасы оор болот».

21-БӨЛҮМ

Жесирдин лептасы

1 Ыйса курмандыктар салына турган кутуга өздөрүнүн Кудайга деген тартууларын салып жаткан бай адамдарды көрдү.

2 Ага эки лепта салып жаткан жарды жесир аялды да көрүп, мындай деди:

3 «Силерге чындыкты айтып коёюн, мына бул жарды жесир аял бардыгынан көп салды.

4 Анткени башкалардын баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды».

Зайтун тоосунда

5 Бирөөлөр ийбадаткананын кымбат таштар менен, тартуулар менен кооздолгондугу жөнүндө сөз кылып жатышканда, Ыйса мындай деди:

6 «Силер бул жерде көрүп тургандын баары кыйрап, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет».

7 Ошондо алар Ыйсадан: «Устат, бул качан болот? Булардын ишке аша тургандыгын кандай белги аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

8 Ал мындай деди: «Силерди бирөө адаштырып кетпеши үчүн сак болгула. Анткени: “Машайак Менмин” жана “Аз убакыт калды”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келишет. Алардын артынан ээрчибегиле.

9 Согуштар жана дүрбөлөңдөр тууралуу укканыңарда, коркпогула. Анткени алгач ушундай болушу керек. Бирок бул дүйнөнүн акыры эмес».

10 Андан кийин аларга мындай деди: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт.

11 Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот.

12 Бирок адегенде силерге кол салышат. Силерди куугунтукташат, синагогадагылардын колуна салып беришет, түрмөлөргө камашат. Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат.

13 Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн ушундай болот.

14 Ошондуктан эмне деп жооп берүү жөнүндө алдын ала ойлонбоо керектигин көкүрөгүңөргө түйүп алгыла.

15 Анткени силерге каршы чыккандар каршы тура албагыдай, каршы сүйлөй албагыдай сөз менен акылмандыкты Мен берем.

16 Силерди ата-энеңер, бир туугандарыңар, тууган-уругуңар жана досторуңар кармап беришет жана кээ бирөөңөрдү өлтүрүшөт.

17 Менин ысымым үчүн бардыгына жек көрүндү болосуңар.

18 Бирок башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт.

19 Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар.

Иерусалимдин кыйратылышы жөнүндө

20 Иерусалимди аскерлер курчап алганын көрсөңөр, анда анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле.

21 Ошондо Жүйүт аймагында жашагандар тоого качып кетишсин. Шаардагылар шаардан чыгып кетишсин; шаардын сыртындагылар шаарга киришпесин.

22 Анткени ошол күндөр – Кудайдын элди жазалай турган күндөрү. Ыйык Жазууда жазылгандардын баары орундалат.

23 Ошол күндөрдө кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот. Анткени жер үстүндө чоң алаамат болуп, бул элдин башына Кудайдын каары түшөт.

24 Алар өткүр кылычтан кырылышат, бардык бутпарас элдердин арасына туткундалып кетишет. Бутпарастардын заманы бүткөнчө, Иерусалим алардын таман астында калат.

Теңирдин даңк менен келери жөнүндө

25 Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болот, жер үстүндө болсо адамдар деңиздин күүлдөгөнүнөн, толкуганынан дүрбөлөңгө түшүп, эмне кыларын билбей калышат.

26 Асман күчтөрү кыймылдап калгандыктан, ааламга келе жаткан алааматты күтүп, адамдар коркунучтан эстен танышат.

27 Ошондо Адам Уулунун булут ичинде улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

28 Бул окуялар боло баштаганда, өйдө туруп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт».

29 Анан аларга бул салыштырууну айтып берди: «Анжыр дарагын жана бардык бак-дарактарды карагыла.

30 Алардын жалбырагы чыгып калганын көргөнүңөрдө, жай мезгили келерине аз калганын билесиңер.

31 Ошол сыяктуу эле ушулар болуп жатканын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышачылыгы жакын калганын билгиле.

32 Силерге чындыкты айтып коёюн, ушунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

33 Асман менен жер жок болуп кетсе да, Менин сөздөрүм аткарылбай калбайт.

34 Өзүңөргө сак болгула, оюңардын баары эле ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр болуп калбасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын.

35 Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын тор сыяктуу басып калат.

36 Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!»

37 Ыйса күндүзгү убакытты ийбадатканада элди окутуп, ал эми түнкү убакытты шаардан чыгып, Зайтун тоосунда өткөрүп жүрдү.

38 Элдин баары Анын сөзүн угуу үчүн, ийбадатканага таң атары менен келишчү.

22-БӨЛҮМ

Жүйүттүн Ыйсага чыккынчылык кылышы

1 «Пасах» деп аталган Ачыткысыз нан майрамы жакындап калган эле.

2 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун издешти, бирок элден коркушту.

3 Ошондо он эки шакирттин бири – Искариот деген ысым коюлган Жүйүттүн ичине шайтан кирди.

4 Ал барып, Ыйсаны кантип кармап берери жөнүндө башкы ыйык кызмат кылуучулар жана ийбадаткананын күзөт башчылары менен сүйлөштү.

5 Алар кубанып, ага акча берүүгө макул болушту.

6 Ошентип, Жүйүт аларга убада берди да, Ыйсаны эл жок жерде кармап берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

Пасах майрамына даярдык көрүү

7 Пасах козусу союла турган Ачыткысыз нан майрамы келди.

8 Ошондо Ыйса: «Барып, бизге Пасах тамагын даярдагыла», – деп, Петир менен Жаканды жөнөттү.

9 Алар Ыйсадан: «Кайсы жерде даярдообузду каалайсың?» – деп сурашты.

10 Ыйса аларга: «Шаарга кирсеңер, кумура менен суу көтөрүп бара жаткан адамга жолугасыңар. Анын артынан ээрчип, ал кирген үйгө киргиле да, ошол үйдүн ээсине:

11 “"Шакирттерим менен Пасах тамагын жей турган бөлмө кайсы?" – деп, сенден Устатыбыз суратып жатат”, – дегиле.

12 Ошондо ал силерге төшөнчүлөр төшөлгөн, үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт, тамакты ошол жерге даярдагыла», – деди.

13 Алар барышты, баары Ыйса айткандай болду. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.

Пасах

14 Тамак жей турган убак болгондо, Ыйса он эки элчиси менен дасторконго отурду.

15 Ошондо Ыйса аларга: «Азап тартарымдын алдында Мен ушул Пасах тамагын силер менен бирге жегенди аябай каалаган элем.

16 Анткени силерге айтып коёюн, Пасах тамагын Кудайдын Падышачылыгында жей турган убакыт келгенге чейин, мындан ары Мен аны силер менен жебейм», – деди.

17 Анан Ал чөйчөктү колуна алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга: «Муну алып, өз ара бөлүшүп ичкиле.

18 Анткени Кудайдын Падышачылыгы келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесин ичпейм», – деди.

Теңирдин Кечки Тамагы

19 Анан нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Аны сындырып, шакирттерине берип жатып: «Бул нан – силер үчүн бериле турган Менин Денем. Муну Мени эскерүү үчүн жегиле», – деди.

20 Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деди: «Бул чөйчөк – силер үчүн төгүлө турган Менин каным менен бекитиле турган жаңы келишим.

Ыйсанын чыккынчы жөнүндө айтышы

21 Бирок мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам Мени менен бирге дасторконго кол узатып жатат.

22 Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен бара жатат. Бирок Ал ким аркылуу кармалып берилсе, ошол адамга кайгы».

23 Ошондо элчилер: «Биздин арабыздан ким чыккынчылык кылат болду экен?» – деп, бири-биринен сурай башташты.

Шакирттердин ортосундагы талаш

24 Шакирттер өз ара: «Кимибиз чоңбуз?» – деп да талаша кетишти.

25 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Элдерге падышалар үстөмдүк кылышат, элдердин үстүнөн бийлик жүргүзүүчүлөр “Жакшылык кылуучулар” деп аталышат.

26 Силер болсо андай болбогула. Тескерисинче, араңарда ким улуу болсо, ал кичүүдөй болсун; ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун.

27 Анткени кимиси чоң: дасторкондо отурган адамбы же кызмат кылган адамбы? Албетте, дасторкондо отурган адам чоң. Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун.

Элчилердин келечектеги падышачылыкта ала турган орду

28 Силер болсо башыма кыйынчылык келген учурларда Мени менен бирге болдуңар.

29 Атам Мага бийлик бергендей эле, Мен да силерге бийлик берем.

30 Менин Падышачылыгымда Менин дасторконумдан ичип-жейсиңер, тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар».

Ыйсанын Петирдин баш тартарын алдын ала айтышы

31 Анан Ыйса Теңир Петирге: «Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды.

32 Бирок ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде», – деди.

33 Петир болсо Ага: «Теңир, мен Сени менен түрмөгө отурууга да, өлүүгө да даярмын», – деди.

34 Бирок Ыйса ага: «Петир, сага айтып коёюн, ушул түнү короз кыйкырганга чейин, сен Мени билбейм деп, үч жолу танасың», – деди.

Ыйсанын Өзүнүн алдында турган сыноолор жөнүндө шакирттерине айтышы

35 Анан Ыйса аларга: «Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле?» – деди. Алар: «Жок, эч нерсеге муктаж болгон эмеспиз», – деп жооп беришти.

36 Ошондо Ыйса аларга: «Бирок азыр кимдин капчыгы болсо, ал аны да, баштыгын да алсын. Ал эми кимдин кылычы жок болсо, ал өзүнүн кийимин сатып, кылыч сатып алсын.

37 Силерге айтып коёюн, “Ал кылмышкер катары эсептелди” деген пайгамбарчылык Менин жашоомдо аткарылышы керек. Анткени Ыйык Жазууда Мен жөнүндө эмне жазылса, ошонун бардыгы аткарылып бүтүп калды», – деди.

38 Алар Ага: «Теңир, мына, бул жерде эки кылыч бар», – дешти. Ыйса аларга: «Жетет», – деди.

Ыйса Гетсемани багында

39 Ыйса тышка чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан ээрчишти.

40 Ошол жерге келгенден кийин, Ыйса аларга: «Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла», – деди.

41 Өзү нарыраак, таш ыргытса жетчүдөй жерге барып, чөгөлөп отуруп, мындай деп сыйынды:

42 «Ата, эгерде Сенин эркиңе туура келсе, ушул чөйчөктү Менин жанымдан кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун!»

43 Ошондо асмандан бир периште келип, Ага күч берди.

44 Кыйналып жатканында, Ал бүт күчү менен сыйынды. Анын тери кандын тамчысына окшоп жерге таамп жатты.

45 Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан тургандан кийин, шакирттеринин жанына келди. Кайгыга баткан алар уктап калышкан эле.

46 Ошондо аларга: «Эмне уктап жатасыңар? Азгырылып кетпеш үчүн сыйынгыла», – деди.

Ыйсанын туткундалышы

47 Ыйса сүйлөп жатканда, он эки элчинин бири Жүйүт баштаган топ адам келди. Жүйүт Ыйсанын бетинен өбүү үчүн, жакын келди. Анткени ал: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол», – деп, алар менен сүйлөшүп койгон эле.

48 Ыйса андан: «Жүйүт, сен Адам Уулун өөп туруп салып бересиңби?» – деп сурады.

49 Иштин жайын түшүнгөн Ыйсанын жанындагылар: «Теңир, кылыч менен чаап салалыбы?» – дешти.

50 Алардын бирөөсү башкы ыйык кызмат кылуучунун бир кулунун оң кулагын шылый чапты.

51 Ыйса болсо: «Токтоткула, жетишет!» – деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны айыктырып койду.

52 Анан Ыйса Өзүн кармаганы келген башкы ыйык кызмат кылуучуларга, ийбадаткананын күзөт башчыларына жана аксакалдарга: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн кылыч, союл алып чыктыңарбы?

53 Силер менен күн сайын ийбадатканада болгонумда, Мага каршы кол көтөргөн жок элеңер. Бирок азыр силердин убагыңар, караңгылык бийлик кылган убак», – деди.

Ыйса башкы ыйык кызмат кылуучулардын алдында. Петирдин тануусу

54 Алар Ыйсаны туткундап алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун үйүнө алып барышты. Петир болсо аларды алысыраак жерде ээрчип бара жатты.

55 Алар короонун ортосуна от жагып, отту тегеректеп отурушканда, Петир да алардын арасына барып отурду.

56 Бир күң оттун жанында отурган Петирди көрүп, тигиле карады да: «Бул да Аны менен жүрчү», – деди.

57 Бирок Петир: «Эй, аял, мен Аны тааныбайм», – деп танып койду.

58 Бир аздан кийин ошол жердегилердин дагы бири аны көрүп: «Сен да ошолордонсуң», – деди. Бирок Петир ага: «Жок, мен алардан эмесмин», – деди.

59 Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин, дагы бир адам: «Чын эле, бул да Аны менен жүрчү, анткени бул галилеялык», – деп, көшөрө далилдей баштады.

60 Бирок Петир: «Эй, сенин эмне деп жатканыңды түшүнбөй турам», – деди. Ошол замат, ал ушинтип сүйлөп жатканда, короз кыйкырды.

61 Ошондо Ыйса Теңир бурулуп, Петирди карады. Петир Теңирдин «Ушул түнү короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзүн эстеп,

62 сыртка чыгып, өксөп ыйлады.

Күнөөкөрлөрдүн Ыйсаны кордошу

63 Ыйсаны кармап келген адамдар Аны шылдыңдап сабашты.

64 Анын көзүн таңып коюшуп, жаакка чапкылап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы! Сени ким чапты?» – деп сурап жатышты.

65 Алар Аны дагы көптөгөн жаман сөздөр менен тилдешти.

Ыйса жогорку соттун алдында

66 Эртеси эртең менен эл аксакалдары, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар чогулуп, Аны өздөрүнүн жогорку сотуна алып барышты да, Андан:

67 «Кана, айтчы бизге, Сен Машайаксыңбы?» – деп сурашты. Ыйса болсо аларга: «Айтсам, баары бир ишенбейсиңер;

68 сурасам, баары бир жооп бербейсиңер.

69 Мындан кийин Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагына отурат», – деди.

70 Ошондо бардыгы Ага: «Демек, Сен Кудайдын Уулу экенсиң да?!» – дешти. Ыйса аларга: «Менин Ошол экенимди өзүңөр айтып жатасыңар», – деп жооп берди.

71 Ошондо алар: «Бизге дагы кандай далил керек? Анткени биз Анын Өз оозунан укпадыкпы!» – дешти.

23-БӨЛҮМ

Ыйса Пилаттын алдында

1 Чогулгандардын бардыгы орундарынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да,

2 мындай деп айыптай башташты: «Биз бул Адамдын элибизди бузуп жатканын көрдүк. Падышага салык төлөөгө тыюу салып, Өзүн “Машайак, Падышамын” деп жүрөт».

3 Ошондо Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың», – деп жооп берди.

4 Пилат башкы ыйык кызмат кылуучуларга, чогулган элге: «Мен бул Адамдан эч кандай күнөө тапкан жокмун», – деди.

5 Бирок алар айткандарынан кайтышпай: «Бул Галилеядан баштап ушул жерге чейин, бүт Жүйүт аймагында Өзүнүн окутуусун таратып, элге дүрбөлөң түшүрүп жүрөт», – дешти.

Ыйса Ироддун алдында

6 Пилат муну укканда: «Эмне, бул Адам галилеялыкпы?» – деп сурады.

7 Ыйсанын Ирод башкарган аймактан экенин билгенде, Пилат Аны Иродго жөнөттү. Анткени ошол күндөрү Ирод Иерусалимде жүргөн эле.

8 Ирод Ыйсаны көргөндө, аябай кубанып кетти, анткени Ал тууралуу көп уккандыктан, кандайдыр бир керемет көрүүгө үмүттөнүп, Аны көптөн бери көргүсү келип жүргөн.

9 Ал Ыйсага көп суроо берди. Бирок Ыйса ага эч кандай жооп берген жок.

10 Ал жерде турган башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Аны аябай айыпташты.

11 Ирод болсо өзүнүн аскерлери менен Аны кордоп, мазактады да, Ага жылтылдаган кийим кийгизип, кайра Пилатка жөнөтүп жиберди.

12 Буга чейин бири-бири менен касташып жүргөн Ирод менен Пилат ушул күнү дос болуп калышты.

Ыйса кайрадан Пилаттын алдында

13 Пилат болсо башкы ыйык кызмат кылуучуларды, башчыларды жана элди чакыртып алып, аларга мындай деди:

14 «Силер бул Адамды мага элди бузуучу катары алып келгенсиңер. Бирок мен силердин алдыңарда тергөө жүргүзүп, Андан силер койгон айыптардын эч бирин тапкан жокмун.

15 Мен Аны Иродго жибергем, бирок ал да Андан күнөө таппай, Аны кайра бизге жөнөтүп жибериптир. Демек, Ал өлүм жазасына татырлык эч бир күнөө жасаган эмес.

16 Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем».

17 Пилат майрамга карата бир туткунду бошотуп бериши керек эле.

18 Бирок чогулган элдин баары: «Ага өлүм! Бизге Бараббаны бошотуп бер!» – деп кыйкырышты.

19 Барабба болсо шаарда болгон бир козголоңго катышып киши өлтүргөндүктөн, түрмөгө камалган эле.

20 Пилат кайрадан элге кайрылып, Ыйсаны бошоткусу келгенин айтты.

21 Бирок алар: «Аны айкаш жыгачка када, айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.

22 Пилат үчүнчү жолу аларга: «Ал кандай жаман иш кылды? Мен Андан өлүм жазасына татырлык эч кандай күнөө тапкан жокмун. Ошондуктан Аны жазалап туруп, коё берем», – деди.

23 Бирок алар болгон үндөрү менен: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырып, талап кыла беришти. Алар улам күчөп кыйкыра беришкендиктен,

24 Пилат алардын талабын орундатууну чечти.

25 Ошентип, ал козголоңго катышып жана киши өлтүрүп түрмөдө жаткан кишини элдин суранычы боюнча бошотту, Ыйсаны болсо алардын эркине тапшырды.

26 Аскерлер Ыйсаны алып бара жатышканда, талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык кишини кармап алышты да, ага айкаш жыгачты көтөртүп, Ыйсанын артынан ээрчитип коюшту.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалуусу

27 Ыйсанын артынан өтө көп эл ээрчип бара жатты. Алардын арасында Ал үчүн боздоп ыйлаган аялдар бар эле.

28 Ыйса аларга бурулуп, мындай деди: «Иерусалимдик кыздар, Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла.

29 Анткени: “Тукумсуз, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу”, – деп айтыла турган күндөр келет.

30 Ошондо тоолорго: “Биздин үстүбүзгө кулагыла”, дөбөлөргө болсо: “Бизди басып калгыла”, – деп айта башташат.

31 Жашыл даракка ушундай кылышса, анда куураган дарак эмне болот?»

32 Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүргөнү алып бара жатышты.

33 Алар «Баш сөөгү» деген жерге келишкенде, Ыйсаны жана эки кылмышкерди айкаш жыгачка кадап коюшту. Бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына кадашты.

34 Ыйса болсо: «Ата, буларды кечире көр! Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт», – деди. Аскерлер өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.

35 Эл ошол жерде карап турду. Башкаруучулар болсо: «Ал башкаларды куткарды. Эгерде Ал Кудай тандаган Машайак болсо, анда Өзүн куткарсын», – деп шылдыңдашты.

36 Аскерлер Ыйсанын жанына келип, Ага ачуу ичимдик сунуп:

37 «Эгерде Сен жүйүттөрдүн Падышасы болсоң, анда Өзүңдү куткар», – деп шылдыңдашты.

38 Ыйсанын баш жагына грек, латын жана эврей тилдеринде «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы» деп жазылган тактайчаны илип коюшту.

Кылмышкердин Ыйсага кайрылуусу

39 Айкаш жыгачка кадалган эки кылмышкердин бири: «Эгерде Машайак болсоң, анда Өзүңдү да, бизди да куткар!» – деп, Ага тил тийгизди.

40 Экинчиси болсо аны тыйып: «Кудайдан коркпойсуңбу, өзүң деле ушул жазага тартылбадыңбы.

41 Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш жасаган жок да», – деди.

42 Анан ал Ыйсага: «Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр», – деди.

43 Ыйса ага: «Мен сага чындыкты айтып коёюн, бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң», – деди.

44 Болжол менен түшкү алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин күн көрүнбөй, бүт жерди караңгылык каптап турду.

45 Ийбадатканадагы көшөгө дал ортосунан айрылып калды.

Ыйсанын өлүмү

46 Ыйса үнүн катуу чыгарып: «Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырамын!» – деди. Ушинтип айткандан кийин, Ал жан берди.

47 Муну көргөн жүз башы: «Бул чын эле адил Адам болчу», – деп, Кудайды даңктады.

48 Муну көрүүгө чогулган эл болгон окуяны көргөндөн кийин, өкүнүү менен тарай баштады.

49 Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Аны Галилеядан ээрчип келген аялдар алыстан бул окуяны карап турушту.

Ыйсанын көргө коюлушу

50 Ал жерде жүйүттөрдүн Ариматая шаарынан ак ниет, адил, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн Жусуп деген адам бар эле. Ал кеңештин мүчөсү болчу.

51 Бирок ал кеңештин Ыйсаны өлтүрүү үчүн чыгарган чечимине жана кылган иштерине макул болгон эмес.

52 Ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурады.

53 Анан ал сөөктү түшүрүп алып, кепиндеди да, асканын бооруна оюлуп жасалган, али эч ким коюла элек мүрзөгө койду.

54 Жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калган эле.

55 Ыйса менен Галилеядан келген аялдар да Жусупту ээрчип келишип, мүрзөнү жана Анын сөөгү кандай коюлганын көрүштү.

56 Анан алар шаарга кайтып барышып, жыпар жыттуу заттарды жана майлоочу майларды даярдашты. Мыйзамдын талабына ылайык алар ишемби күнү эс алышты.

24-БӨЛҮМ

Ыйса Машайактын тирилиши

1 Жуманын биринчи күнү аялдар өздөрү даярдаган жыпар жыттуу майларды алып, таң заардан мүрзөгө келишти.

2 Алар мүрзөнүн оозундагы таштын четке жылдырылып калганын көрүштү,

3 ичине кирип, Теңир Ыйсанын сөөгүн таппай калышты.

4 Алар буга таң калып турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына жаркыраган кийимчен эки адам туруп калды.

5 Аялдар коркуп кетип, жер карап калышканда, алар: «Эмнеге өлүктөрдүн арасынан Тирүүнү издеп жүрөсүңөр?

6 Ал бул жерде жок, Ал тирилди! Анын Галилеяда жүргөндө силерге айткан сөздөрүн эстегилечи.

7 “Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилип, айкаш жыгачка кадалып, үчүнчү күнү тирилиши керек”, – деп айткан эмес беле», – дешти.

8 Ошондо аялдар Ыйсанын сөздөрүн эстешти.

9 Алар мүрзөдөн кайтып келишип, мунун баарын он бир шакиртке жана башкаларга кабарлашты.

10 Муну элчилерге айткандар магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана алардын жанында жүргөн башка аялдар эле.

11 Элчилер аялдарга ишенишкен жок, бул сөздөр аларга куру сөздөй сезилди.

12 Бирок Петир ордунан тура калып, мүрзөгө чуркап келди да, эңкейип карап, жерде жаткан кепинди гана көрдү. Ал болгон окуяга таң калып, артына кайтты.

Эмауска бара жаткан жолдо

13 Так ошол күнү эки шакирт Иерусалимден болжол менен алтымыш стадий алыстыкта жайгашкан Эмаус деген бир айылга жөнөдү.

14 Алар жолдо ушул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда,

15 Ыйса жакын келип, аларга кошулду.

16 Бирок алардын көздөрү жабылып калгандыктан, Аны таанышкан жок.

17 Ыйса алардан: «Силер эмне жөнүндө сүйлөшүп келе жатасыңар, эмнеге капалуусуңар?» – деп сурады.

18 Алардын бири Клеопа Ага: «Ушул күндөрү Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз эле сен билбейт окшойсуң», – деди.

19 Ыйса алардан: «Кайсы окуяны?» – деп сурады. Алар Ага мындай деп жооп беришти: «Назареттик Ыйсаны эмне кылышканын билбейсиңби? Ал Кудай алдында, эл алдында иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болчу.

20 Биздин башкы ыйык кызмат кылуучуларыбыз, башкаруучуларыбыз Аны өлүм жазасына тартыш үчүн кармап берип, айкаш жыгачка кадатып салышты.

21 Бул окуянын болгонуна үч күн болду. Биз болсо: “Ал Ысрайыл элин куткарат”, – деп үмүттөнүп жүргөнбүз.

22 Бирок арабызда жүргөн кээ бир аялдар бизди аябай таң калтырышты. Алар таң заардан мүрзөгө барып,

23 Анын сөөгүн таппай калышыптыр. Кайтып келишкенде, Анын тирүү экендигин айткан периштелерди көрүшкөндүгүн айтышты.

24 Биздин арабыздан кээ бирөөлөр мүрзөгө барышса, аялдардын айтканындай болуп чыгыптыр. Бирок алар Ыйсанын Өзүн көрүшпөптүр».

25 Ошондо Ыйса аларга: «Пайгамбарлардын айткандарына оңой менен ишенбеген акылсыздар!

26 Өзүнүн даңкына ээ болордон мурун, Машайак ушундай азаптарды башынан өткөрүшү керек эмес беле?» – деди.

27 Анан аларга «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Жазмалар» китептеринде Өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди.

28 Алар өздөрү бара жаткан айылга жакын келип калышканда, Ыйса аларга андан ары жолун улантчудай түр көрсөттү.

29 Бирок алар: «Биз менен кал, күн да батайын деп калды», – деп, Аны калууга аргасыз кылышты. Ыйса алар менен бирге айылга кирди.

30 Алар менен чогуу дасторконго отурганда, Ал колуна нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга сындырып берди.

31 Ошондо алардын көздөрү ачылып, Аны тааный коюшту. Бирок Ыйса аларга көрүнбөй калды.

32 Алар бири-бирине: «Ал жолдо бизге сүйлөп келе жатканда, бизге Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле?» – дешти да,

33 ошол замат орундарынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти. Ал жерден алар чогулган он бир элчиге жана алардын жанындагыларга жолугушту.

34 Алар: «Теңир чын эле тирилиптир, Ал Шымонго көрүнүптүр», – деп сүйлөшүп жатышкан эле.

35 Бул эки шакирт болсо аларга жолдо болгон окуяны, Аны нан сындырып жатканда гана таанышкандыгын айтып беришти.

Ыйсанын он бир шакиртке көрүнүшү

36 Алар ушул жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, Ыйса Өзү алардын ортосуна туруп калды да, аларга: «Силерге тынчтык!» – деди.

37 Катуу коркуп кеткен алар: «Элес көрүп жатабыз го», – деп ойлошту.

38 Бирок Ыйса аларга: «Эмне коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар?

39 Менин колдорумду, буттарымды карагылачы: Бул Мен, Өзүммүн. Мага колуңарды тийгизип көргүлө, элестин денеси да, сөөгү да болбойт, бирок өзүңөр көрүп тургандай, Менде бар», – деп,

40 аларга колу-бутун көрсөттү.

41 Алар бир чети кубанып, бир чети таң калып, көргөн көздөрүнө ишене албай турушканда, Ыйса алардан: «Бул жерде силердин жей турган бир нерсеңер барбы?» – деп сурады.

42 Ошондо алар Ага бир кесим куурулган балык беришти.

43 Ыйса аны алып, шакирттеринин көзүнчө жеди.

44 Андан кийин Ыйса аларга мындай деди: «Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге “Тоорат”, “Пайгамбарлар” жана “Забур” китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле».

45 Ошондон кийин Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачты.

Акыркы буйрук

46 Анан аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Машайак азап чегип өлүп, үчүнчү күнү тирилиши керек.

47 Иерусалимдин элинен баштап, бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн тобо кылуу Анын ысымынан жарыяланышы керек”, – деп жазылган.

48 Буга силер өзүңөр күбөсүңөр.

Ыйса Машайактын асманга көтөрүлүп кетиши

49 Мен силерге Атамдын убада кылганын жөнөтөмүн. Силер болсо жогорудан келе турган күчтү алганыңарча, Иерусалим шаарында калгыла».

50 Анан аларды шаардан чыгарып, Бетанияга жакын жерге ээрчитип келди да, колун жогору көтөрүп, аларга бата берди.

51 Бата бергенден кийин, алардан бөлүнүп, асманга көтөрүлүп кетти.

52 Ошондо алар Ага таазим кылышты да, зор кубаныч менен Иерусалимге кайтып келишти.

53 Дайыма ийбадатканада болуп, Кудайды даңктап жүрүштү.