Ли Куан Ю- ким болгон? Орозобек Түгөлбаев, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, окутуучу
Бул маселеге жооп алыш үчүн мен Ли Куан Юнун “Сингапурская история: из “третьего мира” - в “первый” (1965 - 2000)” (кыргызчасы: “Сингапурдун тарыхы: ‘үчүнчү дүйнөдөн’ ‘биринчи’ дүйнөгө’ (1965 - 2000)”) деген китебин окуп чыктым. Бул китеп кыргызча чыккан эмес, орусчасы да Кыргызстанда басылып чыкпаптыр.

Ли Куан Юнун ысмы СССРде белгилүү себептер боюнча айтылган эмес. Алсак, бул мамлекеттик ишмер толугу менен эркин базар идеясын колдогон жана аны ырааттуулук менен ишке ашырган. Өзүнүн саясий кредосу тууралуу Ли Куан Ю минтип жазат: “Биз Улуу Британия калтырган артыкчылыктарды - англис тилин, юридикалык системаны, партиялык кызыкчылыктардан жогору турган администрацияны - пайдаландык. Биз социалдык мамлекетке мүнөздүү болгон методдорду пайдалануудан качтык, анткени <социалисттик> теңдемечиликтин натыйжасында “британдык” улуу эл ортосаар эл болуп калганын көрдүк.”
Ли Куан Юнун жетекчилиги менен Сингапур республикасы “үчүнчү дүйнөнүн” кедей өлкөсүнөн эң бай мамлекетке айланган (кара. Ли Куан Юнун жетекчилиги астында Сингапурду модернизациялоо). Демек. Ли Куан Юнун китеби кыргыз саясатчылары жана мамлекеттик ишмерлери үчүн жаздыгына жазданып жатып окуган колдонмого айланып калыш керек эле. Мындай болбогондугун биздин 20 жылдык тарыхыбыз көргөзүп турат. Ошол себептүү, колго калем алып, макаланын чегинде ушул маселеге аз-маз сереп салууга аракет жасадык. Ли Куан Ю - сингапурлук саясатчы, Сингапур Республикасынын 1-премьер-министри, сингапур «экономикалык укмушунун» авторлорунун бири. Ал 1923-жылы 16-сентябрда Сингапурда, түбү кытай үй-бүлөдө төрөлгөн. Адегенде Сингапурдагы Телок Курау мектебинде жана Раффлз Институтунда («Раффлз-Колледж», азыр Сингапур Улуттук университети), кийин британдык Кембрижде (1945—1949) окуган.
1949-жылы мекенине кайтып келген. 1950-жылдан баштап Сингапурдагы Laycock and Ong компаниясында адвокаттык практика менен илешет, профсоюздук кыймылга аралашат. 1954-жылы 1959-жылда бийликке келген «Элдик аракет» партиясынын генералдык секретары болуп шайланат. 1959-жылдан 1990-жылга чейин премьер-министр постун ээлеп турган. 1990—2004-жылдары кийинки баш министр Го Чок Тонгдун өкмөтүндө ага министр болуп турган. 2004-жылдын августунда өз уулу Ли Сяньлундун өкмөтүндө министр-ментордун (устаттын) кызматын ээлеген. Ли Куан Ю 30 жыл баш министр кызматында, 7 жыл өкмөттүн устаты кызматында иштегенден кийин жаштарга орун бериш үчүн толук эс алууга чыгып кеткен.
Англиянын мурдагы баш министри, англиялык экономиканы көтөрүүдө кыйшаюусуз позицияны ээлегендиги үчүн “темир леди” атанган Маргарет Тэтчер өз кезегинде, «бир кезде Сингапур Улуу Британиядан үйрөнгөн болсо, азыр биз Сингапурдан сабак алуудабыз» деп айткан. Тэтчер Ли Куан Юнун инсандыгы тууралуу минтип айтканы да белгилүү: «Мен премьер-министр кезимде Ли Куан Юнун ар бир сөзүн окуп жана талдап турдум. Ал пропагандисттик туманды таратып, учурдун проблемалары жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу өз көз карашын укмуштай ачык айтуучу. Ал бир да жаңылган жок». Коррупцияны кандай методдор менен жеңгендиги тууралуу суроого Ли Куан Юнун берген жообу жалпыга кеңири белгилүү: “Ишти кыйышпас үч досуңузду түрмөгө отургузуудан баштаңыз. Эмнеге отурганын Сиз билесиз, эмнеге отурганын алар да билишет.” Бул жерде көрүнүп тургандай, коррупцияны жеңүү үчүн баарыдан мурда, темирдей бекем эрк керек.
Эгемендикти алгандан (1959-жылдан) баштап Сингапур мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарын жаңыдан түзүү кыйынчылыгына дуушар болот. Мамлекетте экономикасынын бардык тармактарын, мамлекетти башкаруу системасын, элге билим берүү системасын, саламаттык сактоону, каржылоо жана банк системасын, тартип сактоо системасын жана куралдуу күчтөрдү жаңыдан түзүү иштерин, эл аралык мамилерди жолго коюу маселесин, койчу, айтор эгемен Кыргызстан дуушар болгондой проблемаларды тез арада токтоосуз чечүү зарылдыгы келип чыгат. Сингапур 1950-жылдарда көп улуттуу 1 миллиондой калкы бар (азыр 3 млндон ашык) шаар болгон, мунун 75.4% ын кытайлар, 13.6% ын – малайялыктар жана 8.6% ын индилер түзгөн. Ал түштүгүндө 100 млндон ашык калкы бар Индонезия менен, түндүгүндө – 6 млндон ашуун эли бар Малайзия менен чектешип турган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң кичине мамлекет болгондуктан, Сингапур кубаттуу коңшуларынын көлөкөсүндө гана болуп, же эгемендигин таптакыр жогото тургандай абалда эле. Бул жагынан дагы Сингапур Кыргыстанга окшош болгон. Ли Куан Ю болсо башкача ойлогон, жана ошондой аракеттенген. Ал жатса-турса да – Сингапур эптеп эле мамлекет аты бар бир шоркелдей эмес, башкалардан жогору турган, экономикасы өнүккөн бай мамлекет болсо деп кыялдануучу. Ли Куан Ю өз жергесинде ресурстун жоктугун сингапурлуктардын билими, билгилиги, тартиби жана тапкычтыгы жаап турушу керек деп эсептеген. Ал өз мекендештерин мурда аларга эч качан мүнөздүү болбогон нерселерди жасоого чакырган жана ошондой болушуна талыкпас мээнети менен жетишкен: адегенде өз шаарын тазалоо жана андан ары дайыма таза кармоо; өз кошуналары, мекендештери менен чырдашпай, өз ара түшүнүшүп дайыма ынтымакта жашоо; ар ким өз милдетин, өз жумушун так жана өз убагында аткаруусу д.у.с. Бүгүнкү Сингапур – Ли Куан Юнун кыялынын 30 жыл ичинде толук ишке ашканына талашсыз далил. Эгемендикти алган учурда ар бир жанга киреше 400 АКШ долларына жетпесе, азыр бул киреше – 57 миң доллардан ашат (салыштыргыла: бул цифра АКШда 47 миң $, ГФРда 36 миң $). Сингапур - жогорку технологиялар боюнча Түштүк-Чыгыш Азиянын көзүрү, бул аймактын коммерциялык дарбазасы жана илимий борбору. Сингапур бул аймактын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн саясатында, экономикасында чоң роль ойнойт.
Бул китеп - Ли Куан Юнун ашуудан берген отчету. Мында анын өзгөчө жетишкендиктери баяндалат. Көрсө Ли Куан Ю өз ишинде дайыма Сингапурдун гана кызыкчылыгын ойлобостон, коңшуларынын кызыкчылыгын да сактап келиптир. Тигил же бул оюн ишке ашыруунун алдында ал дайыма мындай жумуш кошуналарында, жана башка жактарда кантип турмушка ашырылгандыгына толук талдоо жасап, бардык варианттарды ойлонуштуруп чыкчу экен. Ли Куан Ю башкалардын тажрыйбасын өз мамлекети үчүн эч качан дароо эле жана түздөн-түз колдонбоптур. Ал каралып жаткан мамлекеттин, коомдун бардык өзгөчөлүктөрүнө, проблемаларына системалык талдоо жүргүзүү менен толук изилдеп, Сингапурдуку менен салыштырган. Элди артынан кантип ээрчитип алганынын бир себеби катары Ли Куан Ю өзүнүн дайыма кагаз карабай, адамдын көзүнө тике карап сүйлөгөнүн эсептейт.
Ли Куан Ю өз китебинде эч бир сыр жашырбастан, бардык маселелер боюнча ойлорун жана жүргүзгөн иштерин толук ортого салат. Батыштын жекечилдиги (индивидуализми) менен өз өлкөсүнүн жана Азиянын көп өлкөлөрүнүн социалдык баалуулуктарынын айырмасына көңүл бурат. Ал эч кимден өз көз карашын өзгөртүүнү талап кылбайт; жөн гана тарыхы жана керектөөлөрү ар башка коомдорго түшүнүп мамиле кылуу керектигин суранат. Ли Куандын өкмөтү билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурган. Бул жерде анын өз ишинде жетекчиликке алган 12 принцибинин айрым дары тууралуу айтпай кетишке болбойт:
• Коррупцияны пайда кылуучу факторлорду жоюу жана коррупция менен аёосуз күрөшүү;
• Адамдардын коопсуздугун жана нормалдуу жашоосун, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу;
• Калктын билим деңгээлин тынымсыз жогорулатууга мамлекеттик масштабда кам көрүү (билимдүү билимдүүгө баш кошсун, билимдүүлөрдү тарбияласын);
• Билимдүүлөрдү чет өлкөлүк мыкты окуу жайлардан өлкөгө алып келип иштетүү;
• Ар бир сингапурлуктун англис тилин мыкты билишине жана ошол тилде билим алышына, компьютердик технологияларды мыкты билишине жетишүү;
• Сингапурлуктардын моралдык сапаттары жогору болушуна жетишүү;
• Өкмөттө жана парламентте иштөөгө талапкерлер шайлоолорго каржылык жактан кыйналбай катыша алышына шарт түзүү;
• Ар бир өкмөт мүчөсүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге татыктуу эмгек акы төлөө, жеке ишкерлерге, банктарга, компанияларга ж.у.с. жагымдуу шарт түзүп берүү;
• Коомдун ар бир мүчөсү азыркы учурдун чыныгы билимдүү адамы болушуна жетишүү.
Кыргызстан бул жагынан кандай абалда экенин айтпайлы. Биздин да дурус мыйзамдарыбыз бар, кеп алардын ишке ашпай жаткандыгында. Ал эми Ли Куан Ю өз ойлогонун толук ишке ашырууга жетишкен. Ли Куан Юнун китеби кандайдыр бир даражада Жусуп Абдрахмановдун күндөлүктөрү менен үндөшүп кетерин бул чыгармаларды толук окуп чыккан адам байкайт. Бизде да өзүбүздүн Ли Куан Ю болгон экен, бирок аныбыз 1938-жылдагы репрессияга туш келип атылып кеткендиктен, улуттук лидерибизден эрте ажырап калганбыз.
Биз бул макаланы жазганда, бүгүн улут лидери болом деген инсан өзүнүн бүткүл ишмердигинде Ли Куан Юнун ойлоруна жана иштерине жакшылап сереп салса жана чыгармачылык менен жетекчиликке алса деп тилек кылдык.
Ли Куан Ю 2015-жылдын 23-мартында 91 жашында дүйнөдөн кайтты.
Пайдаланылган интернет-ресурстар:
• [http://lib.ru/MEMUARY/SINGAPUR/singapur.txt Сингапурская история: из «третьего мира»— в «первый» (1965—2000)
http://marsexxx.com/lit/lee-kuan-yew-hard-truths.htm Суровые истины во имя движения Сингапура вперед (2011)
http://islam-today.ru/article/1858/ ЛИ КУАН Ю: «ЕСЛИ НЕПРАВИЛЬНО УПРАВЛЯТЬ СТРАНОЙ, ВСЕ УМНЫЕ ЛЮДИ УЕДУТ»