1-БӨЛҮМ

Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык

1 Теңир Мусаны чакырып, жыйын чатырынын ичинен ага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Силердин араңардан кимдир бирөө Теңирге арнап малдан курмандык чалгысы келсе, анда бодо малдан же майда малдан чалсын.

3 Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан чала турган болсо, кемчилиги жок эркек мал чалсын. Теңирден ырайым табыш үчүн, ал аны жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келсин.

4 Анан колун бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын башына койсун, ошондо ал ырайым таап, күнөөлөрүнөн тазаланат.

5 Анан букачарды Теңирдин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын алып келип, жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

6 Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын терисин сыйрып алып, этин жиликтеп бөлсүн.

7 Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, курмандык чалынуучу жайга от алып келип, үстүнө отун салышсын.

8 Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, курмандыктын жиликтенген этин, башын, майын курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен коюшсун.

9 Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу анын бардыгын курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

10 Эгерде анын курмандыгы майда мал: кой же эчки болсо, анда кемчилиги жок эркек мал болсун.

11 Аны Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайдын түндүк тарабына сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

12 Анан аны жиликтеп бөлүп, башын кесип, майын ажыратышсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен койсун.

13 Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу баарын алып келип, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

14 Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка Теңирге арнап канаттуулардан алып келгиси келсе, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин.

15 Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайга алып келип, башын бурап, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, канын болсо курмандык чалынуучу жайдын капталына сыксын.

16 Анын жемсөөсү менен жүнүн курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабындагы күл жаткан жерге таштасын.

17 Анын канаттарын сындырып койсун, бирок жулуп албасын. Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

2-БӨЛҮМ

Нан курмандыгы жөнүндө

1 Ким Теңирге арнап нан курмандыгын алып келе турган болсо, буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куюп, үстүнө ладан салсын.

2 Анан аны Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган ундан бир ууч алып, Теңир эсине алышы үчүн, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

3 Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арналган курмандыктардын эң ыйыгы болот.

4 Эгерде нан курмандыгына тандырга жабылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жуурулган нан болсун жана зайтун майы сыйпалган, ачыткы кошулбаган токоч болсун.

5 Эгерде нан курмандыгына көмөч казанга бышырылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.

6 Аны сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куй. Бул нан курмандыгы болот.

7 Эгерде нан курмандыгына карапага бышырылган нан алып келсең, анда ал зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.

8 Теңирге ушундай жасалган нан курмандыктарын алып кел. Аларды ыйык кызмат кылуучуга бер, ал болсо аны курмандык чалынуучу жайга алып келип коёт.

9 Ыйык кызмат кылуучу ал курмандыктардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

10 Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арнап өрттөлүүчү курмандыктардын эң ыйыгы.

11 Теңирге арнап алып келген нан курмандыгыңардын эч бирине ачыткы кошпогула, анткени ачыткы кошулган курмандыкты, балды Теңирге арнап өрттөгөнгө болбойт.

12 Аларды биринчи түшүм курмандыгы катары Теңирге алып келсеңер болот, бирок аларды жагымдуу жыт катары курмандык чалынуучу жайда өрттөгөнгө болбойт.

13 Нан курмандыктарыңдын ар бирине туз сал. Курмандыктарыңа Кудайыңдын келишим тузун кошпой койбо. Ар бир курмандыгыңды алып келгенде, туз ала кел.

14 Эгерде биринчи түшүмүңдөн Теңирге арнап нан курмандыгын алып келсең, анда алгачкы буудай баштарынан отко кууруп, жанчып майдалап алып кел.

15 Аларга зайтун майынан куюп, үстүнө ладан салып кой. Бул нан курмандыгы болот.

16 Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган дандардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн өрттөсүн. Бул Теңирге арналган курмандык болот.

3-БӨЛҮМ

Тынчтык курмандыгы жөнүндө

1 Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы бодо малдан алып келсе, анда кемчилиги жогунан алып келсин.

2 Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

3 Анан ал Теңирге арнап тынчтык курмандыгынын карын майын жана ичиндеги бүт майын,

4 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөк менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

5 Арундун уулдары буларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо өрттөшсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

6 Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы майда малдан алып келе турган болсо, кемчилиги жогунан алып келсин.

7 Эгерде ал курмандыкка кой алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.

8 Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары болсо анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

9 Анан ал Теңирге арнап өрттөө үчүн, тынчтык курмандыгынын майын, кыр арканын учунан кесилген куйрук майын, карын майын, ичиндеги бүт майын,

10 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

11 Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Отко өрттөлгөн бул курмандык Теңирге арналган курмандык болот.

12 Эгерде ал курмандыкка эчки алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.

13 Анан колун анын башына коюп, жыйын чатырынын алдында сойсун. Арундун уулдары анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

14 Анан Теңирге арнап анын карын майын жана ичиндеги бүт майын,

15 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

16 Анан ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Отко өрттөлгөн бул курмандык – жыты Теңирге жаккан курмандык, анын бардык майы Теңирге арналсын.

17 Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга алардын жашаган жерине карабастан түбөлүккө калсын. Эч кандай май, эч кандай кан жебегиле».

4-БӨЛҮМ

Күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына айт: “Ким Теңирдин осуяттарынын бирин жаңылыштык менен бузуп күнөө кылса жана кылууга болбой турган иштерди кылса,

3 же майланган ыйык кызмат кылуучу күнөө кылып, элди күнөөкөр кылса, анда кылган күнөөсү үчүн бодо малдан кемчилиги жок букачарды Теңирдин алдына күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка алып келсин.

4 Анан ал букачарды жыйын чатырынын эшигинин алдына, Теңирдин алдына алып келип, колдорун букачардын башына коюп, Теңирдин алдында сойсун.

5 Майланган ыйык кызмат кылуучу букачардын канынан алып, жыйын чатырына алып кирсин.

6 Анан ыйык кызмат кылуучу сөөмөйүн канга малып, Теңирдин алдында, ыйык жайдын көшөгөсүнүн алдында жети жолу чачсын.

7 Ыйык кызмат кылуучу букачардын канын жыйын чатырында, Теңирдин алдында турган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын. Ал эми букачардын калган канын жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.

8 Анан күнөө үчүн чалынган букачардын майынын баарын: карын майын, ичиндеги бүт майын,

9 карчыганын астындагы эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алсын.

10 Буларды тынчтык курмандыгына чалынган букачардыкындай кылып бөлүп алсын. Буларды ыйык кызмат кылуучу курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн.

11 Ал эми букачардын терисин, бүт этин, башын, шыйрактарын, ичеги-карынын кан-жини менен,

12 букачарды бүт бойдон стандын сыртындагы күл төгүлүүчү таза жерге алып чыгып, отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Ал күл төгүлүүчү жерде өрттөлсүн.

13 Эгерде Ысрайыл жамааты жаңылыштык менен күнөө кылса, ал жамааттын алдында ачыкка чыкпаса же Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо,

14 анда алар күнөө кылганын билишкенден кийин, бүткүл жамааттын күнөөсү үчүн курмандыкка бодо малдан бир букачар чыгарып, аны жыйын чатырынын алдына алып келишсин.

15 Анан жамааттын аксакалдары Теңирдин алдында колдорун букачардын башына коюп, аны Теңирдин алдында союшсун.

16 Анан майланган ыйык кызмат кылуучу букачардын канын жыйын чатырынын ичине алып кирсин.

17 Ыйык кызмат кылуучу сөөмөйүн канга малып, Теңирдин алдына, ыйык жайдын көшөгөсүнүн алдына жети жолу чачсын.

18 Анан канды жыйын чатырынын ичинде Теңирдин алдында турган курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми калган канды жыйын чатырынын кире беришинде турган курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын түбүнө төгүп салсын.

19 Анан анын майынын баарын чыгарып алып, курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберсин.

20 Кылган күнөө үчүн алып келген букачарды кандай кылса, бул букачарды да дал ошондой кылсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды ушинтип тазалайт, ошондо алардын кылган күнөөсү кечирилет.

21 Мурунку букачарды өрттөгөндөй эле, бул букачарды да стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберсин. Бул жамааттын күнөөсү үчүн чалынган курмандык болот.

22 Ал эми башчы күнөө кылса жана Кудай-Теңиринин осуяттарынын бирин жаңылыштык менен бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо,

23 анда ал күнөө кылганын билгенден кийин, кемчилиги жок текени курмандыкка алып келсин.

24 Анан колун текенин башына коюп, Теңирдин алдындагы бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союлуучу жерде сойсун. Бул курмандык күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

25 Анан ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынган курмандыктын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын. Ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.

26 Анын бүт майын тынчтык курмандыгынын майын өрттөгөндөй кылып өрттөсүн. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

27 Элдин ичинен бир адам жаңылыштык менен күнөө кылса жана Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо,

28 анда ал күнөө кылганын билгенден кийин, күнөөсү үчүн кемчилиги жок эчкини курмандыкка алып келсин.

29 Анан күнөөсү үчүн алып келген курмандыктын башына колун коюп, күнөөсү үчүн чалынуучу эчкини бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союлуучу жерде сойсун.

30 Анан ыйык кызмат кылуучу анын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.

31 Анын майынын баарын тынчтык курмандыгынын майын бөлүп алгандай кылып бөлүп алсын. Анан ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык. Ыйык кызмат кылуучу аны ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

32 Эгерде ал кылган күнөөсү үчүн кой алып келгиси келсе, анда кемчилиги жок ургаачы кой алып келсин.

33 Анан ал колун күнөөсү үчүн чалынуучу курмандыктын башына коюп, аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союлуучу жерде сойсун.

34 Анан ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.

35 Анан анын бүт майын тынчтык курмандыгына чалынган койдун майындай кылып бөлүп алсын. Анан бул майды ыйык кызмат кылуучу Теңирге арнап курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

5-БӨЛҮМ

Айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө

1 Ким бирөөнүн каргыш айтканын угуп, ошого күбө болуп туруп же көрүп-билип туруп айтпай койсо, анда ал күнөөлүү болот.

2 Ким таза эмес бир нерсеге, адал эмес жаныбардын, же адал эмес малдын, же адал эмес сойлоочу жаныбардын өлүгүнө билбей тийип алса, ал билбегенине карабастан таза эмес жана айыптуу болуп калат.

3 Ким адамдын булгай турган кандайдыр бир таза эмес нерсесине билбей тийип алса, бирок аны кийин билсе, ал кийин билгенине карабастан айыптуу болуп калат.

4 Адамдар ойлонбостон ант берип алгандай, ким жаманбы-жакшыбы, кандайдыр бир ишти кылам деп, ойлонбой туруп ант берип, анысын унутуп калса, бирок кийин эстесе, ал кийин эстегенине карабастан айыптуу болуп калат.

5 Ким ушулардын бирин кылып айыптуу болсо, анда ал кылган күнөөсүн мойнуна алып ачык айтсын.

6 Ал кылган күнөөсү үчүн Теңирге арнап курмандыкка майда жандыктан кой же эчки алып келсин, ошондо ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн тазалайт.

7 Эгерде кой алып келе албаса, анда күнөөсүнүн айыбы үчүн Теңирге арнап курмандыкка эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин. Бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка алып келсин.

8 Аларды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн алып келинген биринчи канаттуунун мойнун сындырып койсун, бирок жулуп албасын.

9 Күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канын курмандык чалынуучу жайдын капталына чачсын, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө сыгып салсын. Бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

10 Ал эми экинчисин эрежеси боюнча бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалсын. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

11 Эгерде ал эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келе албаса, анда күнөөсү үчүн курмандыкка эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куйбасын, ладан да салбасын, анткени бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

12 Ал аны ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Теңир эсине алышы үчүн, ыйык кызмат кылуучу андан бир ууч толтура алып, курмандык чалынуучу жайда Теңирге арнап өрттөсүн. Бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

13 Жогоруда айтылгандардын бирин кылып күнөөгө баткан адамды ыйык кызмат кылуучу күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет. Ал эми артып калганы нан курмандыгы сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү”».

14 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

15 «Ким кылмыш кылса жана Теңирге арналган нерселерге каршы жаңылыштык менен күнөө кылса, анда ал айыбы үчүн Теңирге арнап майда малдан кемчилиги жок кочкор алып келсин. Сен ал кочкорду ыйык шекел болгон күмүш шекел менен баала. Бул айып үчүн чалынган курмандык болот.

16 Ал Теңирдин кайсы ыйык нерсесине каршы күнөө кылса, ошону төлөп берсин. Анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ыйык кызмат кылуучуга берсин. Аны ыйык кызмат кылуучу кылган күнөөсүнөн айып үчүн чалынуучу курмандыкка кочкорду чалуу менен тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

17 Ким күнөө кылса жана Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылса, билбестиктен күнөөлүү болуп, мойнунда күнөөсү болсо,

18 анда ал айып үчүн чалынуучу курмандыкка ыйык кызмат кылуучу баалаган кемчилиги жок кочкорду алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу аны билбей кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

19 Бул курмандык Теңирдин алдындагы айып үчүн чалынган курмандык болот».

6-БӨЛҮМ

1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2 «Ким Теңирдин алдында күнөө кетирсе, кылмыш кылса, өз жакынынын сактап турууга берген нерсесин бербей танып кетсе, же бирөөнүн буюмун менчиктеп алса, же уурдап алса, же жакынын алдап кетсе,

3 же бирөөнүн жоголгон буюмун таап алып унчукпай койсо, адамдар калп айтып карганып күнөөгө баткандай, калп айтып карганса,

4 анда ал күнөө кылып айыптуу болгондуктан, уурдап алганын, же менчиктеп алганын, же сактап турууга берилген нерсени, же таап алган нерсесин кайтарып берсин.

5 Эгерде ал бирөөнүн бир нерсеси жөнүндө калп айтып карганса, аны толугу менен кайтарып берсин. Айып үчүн чалынуучу курмандыгын алып келген күнү анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ээсине кайтарып берсин.

6 Ал сенин баалаганың боюнча, айып үчүн чалынуучу курмандыкка койлордун ичинен кемчилиги жок кочкорду Теңирге арнап ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

7 Ыйык кызмат кылуучу аны Теңирдин алдында күнөөдөн тазалайт, ошондо ал кандай гана күнөө кылып айыптуу болбосун, бардыгы кечирилет».

Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө мыйзам

8 Анан Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

9 «Арун менен анын уулдарына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө төмөнкүдөй мыйзамды бер: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык курмандык өрттөлүүчү жайда түнү бою калсын, курмандык чалынуучу жайдагы от түнү бою күйүп турсун.

10 Ыйык кызмат кылуучу зыгыр буласынан токулган сырт кийими менен зыгыр буласынан токулган ич кийимин кийип, курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлгөн курмандыктан калган күлдү чыгарып алып, курмандык чалынуучу жайдын жанына койсун.

11 Анан үстүндөгү кийимдерин чечип, башка кийимдерди кийип, күлдү стандын сыртындагы таза жерге алып чыксын.

12 Курмандык чалынуучу жайдагы от болсо өчпөстөн күйүп турсун. Ыйык кызмат кылуучу ага ар күнү эртең менен отун жагып, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты коюп, анын үстүнө тынчтык курмандыгынын майын коюп өрттөп турсун.

13 Курмандык чалынуучу жайда от дайыма күйүп турсун, өчпөсүн.

Нан курмандыгы жөнүндө мыйзам

14 Нан курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай: Арундун уулдары аларды Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайга алып келишсин.

15 Анан ыйык кызмат кылуучу нан курмандыктарынын ичинен зайтун майы кошулган, үстүнө ладан салынган буудай унунан бир ууч алып, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда өрттөсүн. Бул курмандык – Теңир эсине алышы үчүн өрттөлгөн, жыты Теңирге жаккан курмандык.

16 Нан курмандыгынын калганын Арун менен анын уулдары жесин. Алар ачыткысыз нанды ыйык жайда, жыйын чатырынын короосунда жешсин.

17 Ал ачыткы кошулбай бышырылсын. Мен муну Мага арналган курмандыктардын ичинен аларга үлүш кылып бердим. Бул – күнөө үчүн жана айып үчүн чалынган курмандык сыяктуу эле эң ыйык курмандык.

18 Аны Арун тукумунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Теңирдин курмандыктарынын ичинен бул силердин тукумуңардын түбөлүк үлүшү болсун. Ага тийгендин баары ыйык болуп калат”».

19 Анан Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

20 «Арундун жана анын уулдарынын ыйык кызматка майланган күнү Теңирге алып келе турган курмандыгы бул: дайыма алып келинүүчү эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай уну. Анын жарымын эртең менен, жарымын кечинде алып келишсин.

21 Ал зайтун майы кошулуп көмөч казанга бышырылсын. Сындырып-сындырып алып келген нан курмандыгындай кылып, аны да сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куюп алып кел. Аны жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып кел.

22 Аны Арундун уулдарынын ичинен атасынын ордуна дайындалган ыйык кызмат кылуучу чалсын. Бул – Теңирдин түбөлүк мыйзамы. Ал бүт бойдон өрттөлсүн.

23 Ыйык кызмат кылуучу алып келген бардык нан курмандыктары желбестен, бүт бойдон өрттөлсүн».

Күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө мыйзам

24 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

25 «Арун менен анын уулдарына күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндөгү мыйзам мындай деп айт: “Күнөө үчүн чалынуучу курмандык Теңирдин алдында, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союла турган жерде союлсун. Бул – эң ыйык нерсе.

26 Аны күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалып жаткан ыйык кызмат кылуучу жесин. Ал ыйык жерде, жыйын чатырынын короосунда желсин.

27 Анын этине тийгендин баары ыйык болуп калат. Эгерде анын каны кийимге чачыраса, анда кан чачыраган кийимди ыйык жерде жуу.

28 Ал бышырылган чопо идишти талкалап сал. Эгерде ал жез идиште бышырылса, анда аны тазалап, суу менен жуу.

29 Аны ыйык кызмат кылуучулар тукумунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Бул – эң ыйык нерсе.

30 Күнөө үчүн чалынуучу курмандыктын каны ыйык жайды ыйыкташ үчүн, жыйын чатырына киргизилсе, анда ал курмандык желбесин. Ал отко өрттөлсүн.

7-БӨЛҮМ

Айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө мыйзам

1 Айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндөгү мыйзам мындай: бул – эң ыйык нерсе.

2 Айып үчүн чалынуучу курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союлуучу жерде союлсун, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгыш керек.

3 Курмандыкты алып келген адам анын майынын баарын: куйрук майын, карын майын,

4 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

5 Мунун баарын ыйык кызмат кылуучу Теңирге арнап курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул айып үчүн чалынган курмандык болот.

6 Аны ыйык кызмат кылуучулар уруусунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Ал ыйык жерде желсин. Бул – эң ыйык нерсе.

7 Күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен айып үчүн чалынуучу курмандыктын мыйзамы бир. Бул курмандык күнөөдөн тазалаган ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.

8 Ыйык кызмат кылуучу бирөөнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын өрттөсө, ал өрттөгөн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын териси ага тиешелүү.

9 Тандырга, карапага же көмөч казанга бышырылган нан курмандыктарынын баары аларды Теңирдин алдына алып келген ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.

10 Нан курмандыктарынын зайтун майы кошулганы да, кошулбаганы да Арундун уулдарынын баарына тиешелүү.

Тынчтык курмандыгы жөнүндө мыйзам

11 Теңирге арнап алып келген тынчтык курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай:

12 Ким курмандыкты ыраазычылык билдирүү үчүн алып келсе, анда ал ыраазычылык билдирүү курмандыгына зайтун майы кошулган ачыткысыз нандарды, ачыткы кошулбай бышырылган, үстүнө зайтун майы сыйпалган токочторду, зайтун майы сиңирилген буудай унун, зайтун майы кошулган нандарды алып келсин.

13 Ал ыраазычылык билдирүү үчүн алып келген тынчтык курмандыгын алып келгенде, токочтордон сырткары ачыткы кошулган нан алып келсин.

14 Бардык курмандыктардын ичинен бирөөнү ал Теңирдин алдында өйдө көтөрсүн. Бул курмандык тынчтык курмандыгынын канын чачкан ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.

15 Ыраазычылык билдирип алып келген тынчтык курмандыгынын эти ошол эле күнү желсин. Андан эртең мененкиге калбасын.

16 Ким Теңирге арнап убада боюнча же өз каалоосу боюнча курмандык алып келсе, анда ал курмандык алып келген күнү желсин, артып калганын эртеси күнү жесе болот.

17 Ал эми курмандыктын үчүнчү күнгө калган эти өрттөлсүн.

18 Эгерде тынчтык курмандыгынын эти үчүнчү күнү желе турган болсо, бул Кудай үчүн жагымсыз. Анын алып келгени эсепке алынбайт. Ал таза эмес болуп эсептелет, ким аны жесе, ал күнөөлүү болот.

19 Эгерде бул эт таза эмес бир нерсеге тийип кетсе, анда ал желбестен, өрттөлсүн. Ал эми таза этти ар бир таза адам жесе болот.

20 Ким таза эмес болуп турганда Теңирге арналган тынчтык курмандыгынын этин жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын.

21 Ким таза эмес нерселерге: адамдын таза эмес нерсесине, же таза эмес малга, же таза эмес сойлоочу жаныбарга тийип, анан Теңирге арналган тынчтык курмандыгынын этинен жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын”».

22 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

23 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Өгүздүн да, койдун да, эчкинин да майын жебегиле.

24 Өлгөн малдын же жырткыч жара тарткан малдын майын ар кандай нерсеге пайдаланса болот, бирок жегенге болбойт.

25 Ким Теңирге курмандыкка алып келинген малдын майын жесе, ал өз элинин арасынан жок кылынсын.

26 Кайсы жерде жашасаңар да, эч кандай канаттуунун, эч кандай малдын канын жебегиле.

27 Ким кайсы бир жандыктын канын жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын”».

28 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

29 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким Теңирге тынчтык курмандыгын алып келсе, анда ал тынчтык курмандыгынын тиешелүү бөлүгүн Теңирге өзү алып келсин.

30 Ал курмандыкты Теңирге өз колу менен алып келүүгө тийиш. Ал курмандыктын майы менен төшүн Теңирдин алдында силкилдетсин.

31 Майын ыйык кызмат кылуучу курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, ал эми төшү Арун менен анын уулдарына тиешелүү.

32 Тынчтык курмандыгыңардын ичинен курмандыктын оң санын силкилдетиле турган курмандык катары ыйык кызмат кылуучуга бергиле.

33 Арундун уулдарынын ичинен тынчтык курмандыгынын канын курмандык чалынуучу жайга чачкан, майын өрттөгөн уулуна курмандыктын оң саны тиешелүү.

34 Анткени Мен Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен силкилдетиле турган төш менен өйдө көтөрүлө турган оң санды Ысрайыл уулдарынан түбөлүк үлүш катары ыйык кызмат кылуучу Арунга жана анын уулдарына бердим”».

35 Арун менен анын уулдарынын Теңирдин алдында ыйык кызматка чакырылган күндөн баштап, Теңирге арналган курмандыктардын ичинен алган үлүшү ушул.

36 Теңир аларды ыйык кызматка майлаган күндөн баштап, аларга Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардан ушул үлүштү берип турууга буйрук кылган. Бул – алардын укум-тукумуна түбөлүккө калган көрсөтмө.

37 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө, нан курмандыгы жөнүндө, күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө, айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө, ыйык кызматка арноо курмандыгы жөнүндө жана тынчтык курмандыгы жөнүндө берилген мыйзамдар ушулар.

38 Теңир Мусага Синай тоосунда берген мыйзамдар ушулар. Ал бул мыйзамдарды Синай чөлүндө Ысрайыл уулдарына Теңирге арнап курмандыктарды алып келүүнү буйруган күнү берген.

8-БӨЛҮМ

Арунду жана анын уулдарын ыйык кызматка дайындоо

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Арунду, аны менен бирге анын уулдарын, алардын кийимдерин, майлоочу майды, күнөө үчүн курмандыкка чалына турган букачарды, эки кочкорду, бир себет ачыткысыз нанды алып кел.

3 Бүт жамаатты да жыйын чатырынын эшигинин алдына чогулт».

4 Теңир Мусага кандай буйруса, ал ошондой кылды. Бүт жамаат жыйын чатырынын эшигинин алдына чогулду.

5 Ошондо Муса жамаатка кайрылып, мындай деди: «Теңир мындай кылууну буйруду…»

6 Муса Арунду жана анын уулдарын чакырып, сууга жуунтту.

7 Арунга узун көйнөк кийгизип, белине бел курчоо курчап, анын үстүнөн чапан кийгизди. Анан эфод кийгизип, бел курчоо курчап, эфоддун үстүнөн байлады.

8 Анын үстүнөн төш чөнтөк тагып, анын ичине урим менен тумимди салды.

9 Теңир Мусага буйругандай, анын башына кидар кийгизип, кидардын алды жагына жылмаланган алтын тактайчаны, ыйык таажыны такты.

10 Анан Муса майлоочу майды алып, жыйын чатырын, анын ичинде болгон нерсенин баарын ыйыктады.

11 Анан майлоочу майдан алып, курмандык чалынуучу жайга жети жолу чачып, курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту, анын түбүн ыйыкташ үчүн майлады.

12 Анан майлоочу майдан Арундун башына куйду, аны ыйыкташ үчүн майлады.

13 Теңир буйругандай, Муса Арундун уулдарын да чакырып, аларга да узун көйнөк кийгизип, белдерине бел курчоо курчап, баштарына кидар кийгизди.

14 Анан ал күнөө үчүн курмандыкка чалынуучу букачарды алып келди. Арун менен анын уулдары букачардын башына колдорун коюшту.

15 Муса аны союп, канына сөөмөйүн малып, курмандык чалынуучу жайдын төрт тарабындагы мүйүздөргө сыйпап, курмандык чалынуучу жайды ыйыктады. Ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төктү. Аны таза кылыш үчүн, ошентип ыйыктады.

16 Анан Муса курмандыктын ичиндеги майынын баарын: боор майын, эки бөйрөгүн, алардын майын алып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

17 Букачарды, терисин, этин жана кан-жинин, Теңир Мусага буйругандай, стандын сыртына алып чыгып, отко өрттөп жиберди.

18 Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу кочкорду жетелеп келди. Арун менен анын уулдары колдорун кочкордун башына коюшту.

19 Анан Муса аны союп, анын канынан алып, курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

20 Анан кочкорду жиликтеп бөлүп, башын, майын, жиликтенген эттерин өрттөдү.

21 Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, кочкорду бүт бойдон курмандык чалынуучу жайда өрттөдү. Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү бул курмандык – Теңир Мусага буйругандай, Теңирге арналган курмандык.

22 Анан ал ыйык кызматка дайындоодо чалынуучу экинчи кочкорду алып келди. Арун жана анын уулдары колдорун кочкордун башына коюшту.

23 Муса аны союп, канынан алып, Арундун оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына жана оң бутунун бармагына сыйпады.

24 Ал Арундун уулдарын да чакырып алып, алардын оң кулактарынын көнчөгүнө, оң колдорунун бармактарына, оң буттарынын бармактарына сыйпады. Анан канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

25 Анан анын майын, куйрук майын, бүт ич майын, боор майын, эки бөйрөгүн, алардын майын, оң санын алды.

26 Анан Теңирдин алдында турган себеттеги ачыткысыз нандан бирди, зайтун майы кошулган нандан бирди жана токочтон бирди алып, аларды май менен оң сандын үстүнө койду.

27 Муса мунун баарын Арундун жана анын уулдарынын колдоруна берди. Алар аны Теңирдин алдында силкилдетишти.

28 Анан Муса буларды алардын колдорунан алып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайда өрттөдү. Бул курмандык – ыйык кызматка дайындоого арналган, жыты Теңирге жаккан курмандык.

29 Муса төштү алып, Теңирдин алдында силкилдетти. Теңир Мусага буйругандай, ыйык кызматка дайындоодо курмандыкка чалынган кочкордон Мусага тийген үлүш ушул.

30 Анан Муса майлоочу майдан жана курмандык чалынуучу жайдагы кандан алып, Арунга жана анын кийимдерине, анын уулдарына жана алардын кийимдерине чачты. Арунду жана анын кийимдерин, анын уулдарын жана алардын кийимдерин ушинтип ыйыктады.

31 Анан Муса Арунга жана анын уулдарына мындай деди: «Этин жыйын чатырынын эшигинин алдына бышыргыла, ыйык кызматка дайындоого арналган себеттеги нан менен кошо аны ошол жерде жегиле. Мага “Аны Арун жана анын уулдары жесин” деген буйрук берилген.

32 Ал эми эт менен нандын артып калганын өрттөгүлө.

33 Силерди ыйык кызматка дайындоо күндөрү бүткөнгө чейин, жети күн жыйын чатырынын эшигинин алдынан кетпегиле, анткени силерди ыйык кызматка дайындоо мөөнөтү жети күнгө созулат.

34 Силердин тазаланууңар бүгүнкүдөй болушу керек, Теңир ошондой буйруган.

35 Жыйын чатырынын эшигинин алдында жети күн бою күнү-түнү тургула, өлүп калбашыңар үчүн, Теңирдин алдында сак тургула, анткени мага Кудай-Теңирден ушундай буйрук болгон».

36 Теңир Муса аркылуу эмне буйруса, Арун жана анын уулдары ошонун баарын аткарышты.

9-БӨЛҮМ

Арундун курмандыктарды чалуусу

1 Сегизинчи күнү Муса Арунду, анын уулдарын жана Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып,

2 Арунга мындай деди: «Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бодо малдын ичинен бир букачар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алып келип, Теңирдин алдына кой, экөө тең кемчилиги жок болсун.

3 Анан Ысрайыл уулдарына мындай де: “Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок букачар жана бир жылдык козу алып келгиле.

4 Теңирдин алдында курмандык чалуу үчүн, тынчтык курмандыгына бир өгүз, бир кочкор, нан курмандыгына зайтун майы кошулган нандарды алып келгиле, анткени бүгүн силерге Теңир келет”».

5 Ошондо алар Муса буйругандын баарын жыйын чатырынын алдына алып келишти. Бүт жамаат келип, Теңирдин алдында турду.

6 Ошондо Муса аларга: «Теңир буйругандай кылсаңар, силерге Теңирдин даңкы келет», – деди.

7 Анан Муса Арунга мындай деди: «Теңир буйругандай, курмандык чалынуучу жайга чыгып, күнөө үчүн чалынуучу жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чалып, өзүңдү да, элиңди да күнөөдөн тазала, элдин алып келген курмандыктарын да чалып, бардыгын күнөөдөн тазала».

8 Ошондо Арун курмандык чалынуучу жайга келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка өзү үчүн букачар сойду.

9 Арундун уулдары ага анын канын алып келишти. Ал сөөмөйүн канга малып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпады, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төктү.

10 Ал эми күнөө үчүн чалынган курмандыктын майын, бөйрөктөрүн жана боор майын, Теңир Мусага буйругандай кылып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

11 Эти менен терисин стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберди.

12 Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты мууздады. Арундун уулдары ага курмандыктын канын алып келишти. Ал канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

13 Анан ага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын жиликтеп бөлүнгөн эттерин, башын алып келишти. Ал аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

14 Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын сууга жууп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

15 Анан эл алып келген курмандыкты – күнөө үчүн алып келген текени сойду. Аны мурунку курмандыктай кылып, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалды.

16 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да өзүнүн эрежеси боюнча курмандыкка чалды.

17 Анан нан курмандыктарынан колдоруна толтуруп алып келип, эртең менен өрттөлүүчү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө кошуп өрттөдү.

18 Анан тынчтык курмандыгына эл алып келген өгүз менен кочкорду чалды. Арундун уулдары алардын канын алып келишти. Арун канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.

19 Өгүздүн майын, кочкордун куйрук майын, карын майын, бөйрөктөрүн, боор майын алып келип,

20 төштүн үстүнө коюшту. Анан Арун ал майларды курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.

21 Теңир Мусага буйругандай кылып, Арун төш менен оң санды Теңирдин алдында силкилдетти.

22 Анан Арун колун жайып, элге кайрылып, аларга батасын берди. Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыгын чалып, курмандык чалынуучу жайдан түштү.

23 Муса менен Арун жыйын чатырына киришти. Анан сыртка чыгып, элге бата беришти. Ошондо бүт элге Теңирдин даңкы көрүндү.

24 Теңирден от түшүп, курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен майды өрттөп кетти. Муну бардык эл көргөндө, кубанганынан кыйкырып, жүзтөмөндөп жыгылды.

10-БӨЛҮМ

Надап менен Абыйуттун күнөөсү

1 Арундун уулдары Надап менен Абыйут жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин алып, аларга от салып, түтөтүлүүчү зат салып, Теңирдин алдына Ал буйрубаган башка от алып келишти.

2 Ошондо Теңирден от түшүп, аларды өрттөп жиберди. Алар Теңирдин алдында өлүштү.

3 Муса Арунга: «Теңир: “Мен Өзүмө жакындагандардын арасында Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, бардык элдин алдында даңкталам”, – деп айткан», – деди. Арун унчуккан жок.

4 Анан Муса Арундун агасы Узиелдин уулдары Мишаел менен Элсапанды чакырып, аларга: «Барып, бир туугандарыңарды ыйык жайдан стандын сыртына алып чыккыла», – деди.

5 Алар барып, узун көйнөк кийген Надап менен Абыйутту, Муса буйругандай, стандын сыртына алып чыгышты.

6 Муса Арунга жана анын уулдары Элазар менен Итамарга мындай деди: «Өлүп калбайын десеңер, Теңирдин каары жамаатка төгүлбөсүн десеңер, баш кийимиңерди чечпегиле, кийимиңерди айрыбагыла, бирок бир туугандарыңар, бүткүл Ысрайыл эли, Теңир өрттөп жибергендерди жоктоп ыйласа болот.

7 Өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырынын эшигинин алдынан кетпегиле, анткени силер Теңирдин майлоочу майы менен майлангансыңар». Алар Мусанын айтканын кылышты.

Ыйык кызмат кылуучуларга берилген көрсөтмөлөр

8 Теңир Арунга дагы мындай деп айтты:

9 «Өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырына киргенде, өзүң да, уулдарың да шарап менен күчтүү ичимдикти ичпегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

10 Силер ыйыкты ыйык эместен, тазаны таза эместен айырмалай билишиңер керек.

11 Теңир Муса аркылуу айткан мыйзамдардын баарын Ысрайыл уулдарына үйрөтүшүңөр керек».

12 Анан Муса Арунга жана анын тирүү калган уулдары Элазар менен Итамарга мындай деди: «Теңирге алып келинген нан курмандыктардын калганын алып, ачыткысыз нанды курмандык чалынуучу жайдын жанында жегиле, анткени бул – эң ыйык курмандык.

13 Аларды ыйык жайда жегиле, анткени ал – Теңирге арналган курмандыктардын ичинен сага жана уулдарыңа тийген үлүш. Теңир мага ушундай буйруган.

14 Силкилдетилген төш менен өйдө көтөрүлгөн санды таза жерде уулдарың, кыздарың болуп чогуу жегиле, анткени бул – Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен сага жана уулдарыңа тийген үлүш.

15 Өйдө көтөрүлө турган сан менен силкилдетиле турган төштү курмандыктардын майы менен кошо Теңирдин алдында силкилдеткиле. Теңир буйругандай, бул сенин жана сенин уулдарыңдын түбөлүк үлүшү болсун».

16 Анан Муса күнөө үчүн чалынуучу текени издесе, ал өрттөлүп кетиптир. Ошондо ал Арундун тирүү калган уулдары Элазар менен Итамарга ачууланып, мындай деди:

17 «Эмне үчүн силер күнөө үчүн чалынган курмандыкты ыйык жерде жеген жоксуңар? Ал эң ыйык курмандык болчу, Теңир аны силерге жамаатты күнөөдөн арылтуу үчүн жана аларды Теңирдин алдында тазалоо үчүн берген.

18 Курмандыктын каны да ыйык жайга киргизилбептир. Силер курмандыкты мен буйругандай, ыйык жайда жешиңер керек эле».

19 Арун Мусага: «Алар бүгүн күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты Теңирдин алдына алып келишти, менин башыма болсо ушундай кайгы түштү. Анан күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты бүгүн жегеним Теңирге жакмак беле?» – деп жооп берди.

20 Ошондо Муса анын айткандарына макул болду.

11-БӨЛҮМ

Арам жана адал жаныбарлар жөнүндө

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: “Жер үстүндөгү жаныбарлардын ичинен силер мына бул жаныбарларды жесеңер болот:

3 ача туяктуу, ачасы терең, кепшеген жаныбарды жесеңер болот.

4 Бирок ача туяктуу, кепшеген жаныбарлардын ичинен мына бул жаныбарларды жебегиле: төө, анткени ал кепшейт, бирок ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.

5 Кош аяк, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.

6 Коён, анткени ал кепшейт, бирок ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.

7 Чочко, анткени ал ача туяктуу, туягынын ачасы терең, бирок кепшебейт. Ал силер үчүн арам.

8 Алардын этин жебегиле, алардын өлүгүнө тийбегиле. Алар силер үчүн арам.

9 Суудагы жаныбарлардын ичинен мына бул жаныбарларды жесеңер болот: деңиздерде жана дарыяларда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты бар, кабырчыгы бар жаныбарларды жесеңер болот.

10 Ал эми деңиздерде жана дарыяларда жашаган жаныбарлардын ичинен, сууда сүзгөн жана сууда жашаган сойлоочу жаныбарлардын ичинен, жерде-сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты, кабырчыгы жоктору силер үчүн арам.

11 Алар силер үчүн арам болуп эсептелсин. Алардын этин жебегиле, алардын өлүгүнөн жийиркенгиле.

12 Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты, кабырчыгы жокторунун баары силер үчүн арам.

13 Канаттуулардын ичинен мына бул канаттууларды жебегиле: бүркүт, жору, суу бүркүт,

14 кулаалы, шумкар жана анын түрлөрү,

15 карга жана анын түрлөрү,

16 төө куш, жапалак үкү, чардак, туйгун жана анын түрлөрү,

17 үкү, балыкчы куш жана ибис,

18 ак куу, биргазан жана ак кажыр,

19 ак кытан, илегилек жана анын түрлөрү, сасык үпүп жана жарганат.

20 Учуучу, төрт аяктуу курт-кумурскалар силер үчүн арам.

21 Учуучу, төрт аяктуу курт-кумурскалардын ичинен жерде секирип жүрө турган узун шыйрактууларды гана жесеңер болот.

22 Алардын ичинен: келгин чегирткесинин, талаа чегирткесинин, дарак чегирткесинин жана кармооч чегирткесинин бардык түрлөрүн жесеңер болот.

23 Булардан башка төрт аяктуу, учуучу курт-кумурскалар силер үчүн арам.

24 Алар аркылуу силер таза эмес болуп каласыңар, ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.

25 Ким алардын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

26 Ача туяктуу, бирок ачасы терең болбогон жана кепшебеген мал силер үчүн арам. Ким ага тийсе, ал таза эмес болот.

27 Төрт аяктуу айбанаттардын ичинен таманы менен баскандары силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.

28 Ким алардын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Алар силер үчүн арам.

29 Жерде жашаган майда жаныбарлардын ичинен силер үчүн арам болуп эсептелгендери мына булар: момолой чычкан, чычкан, кескелдирик жана анын түрлөрү,

30 кирпи, чүткөр, таш бака, үлүл жана хамелеон.

31 Жерде жашаган майда жаныбарлардын ичинен мына ушулар силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.

32 Алардын кайсы биринин өлүгү бир нерсеге: жыгач идишке болобу, кийимге болобу, териге, же капка, же ишке колдонулуучу ар кандай буюмга болобу, түшүп кетсе, ал таза эмес болуп калат. Аларды сууга салып коюш керек, кечке чейин таза эмес болот, андан кийин таза болот.

33 Эгерде алардын кайсы биринин өлүгү чопо идишке түшүп кетсе, анда ал идиштин ичиндеги нерсе таза эмес болуп калат, идиштин өзүн талкалап салгыла.

34 Андай идиштеги суу силер жей турган тамакка кошулуп кетсе, ал тамак таза эмес болуп калат, ал идишке куюлган суусундуктун баары таза эмес болуп калат.

35 Алардын өлүгүнөн бир нерсенин үстүнө түшүп калса, алардын баары таза эмес болуп калат. Меш болобу, очок болобу, аларды бузуп салыш керек, алар таза эмес. Алар силер үчүн да таза эмес болуп эсептелсин.

36 Бирок суусу бар булак менен кудук гана таза бойдон калат. Ал эми ким алардын өлүгүнө тийсе, ал таза эмес болот.

37 Эгерде алардын өлүгүнөн бир нерсе себиле турган үрөнгө түшүп калса, ал таза бойдон калат.

38 Эгерде себиле турган үрөнгө суу куюлуп калгандан кийин, алардын өлүгүнөн бир нерсе түшүп калса, анда ал силер үчүн таза эмес болуп калат.

39 Эгерде силер жей турган кайсы бир мал өлүп калып, ким анын өлүгүнө тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

40 Ким анын өлүгүн жесе, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Ким анын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

41 Сойлоочу жаныбарлардын баары силер үчүн арам, аларды жебегиле.

42 Жер бетинде сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын ичинен боору менен жылуучу, төрт аяктуу, көп аяктуу жаныбарларды жебегиле, анткени алар арам.

43 Өзүңөрдү жер бетинде сойлоп жүрүүчү эч бир арам жаныбар менен булгабагыла. Алар аркылуу таза эмес болуп калбашыңар үчүн, өзүңөрдү алар менен булгабагыла.

44 Анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин, ыйыкталып, ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын. Өзүңөрдү кандайдыр бир сойлоочу жаныбар менен булгабагыла.

45 Анткени силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Теңириңер Менмин. Ошондуктан ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын.

46 Малдар, жаныбарлар, канаттуулар, сууда жашоочулар, жерде сойлоочулар жөнүндөгү мыйзам ушул.

47 Тазаны таза эместен, жегенге болгон жаныбарларды жегенге болбогон жаныбарлардан ажыратыш үчүн берилген мыйзам ушул”».

12-БӨЛҮМ

Бала төрөгөн аял жөнүндө мыйзам

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Эгерде аялдын боюна бүтүп, эркек бала төрөсө, анда ал жети күн таза эмес болот. Ал айызы келип жаткан убагындагыдай эле таза эмес болуп эсептелет.

3 Сегизинчи күнү бала сүннөткө отургузулсун.

4 Ал аял канынан тазаланыш үчүн, отуз үч күн үйүндө отурсун. Эч бир ыйык нерсеге колун тийгизбесин, тазалануу күндөрү бүтмөйүнчө, аял ыйык жайга келбесин.

5 Эгерде аял кыз төрөсө, анда ал эки жума таза эмес болот, канынан тазаланып бүтмөйүнчө, алтымыш алты күн үйүндө отурсун.

6 Эркек же кыз төрөгөн аял тазаланып бүткөндөн кийин, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жылдык козуну, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка жаш көгүчкөндү же бир бактекти жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

7 Ыйык кызмат кылуучу аны Теңирдин алдына алып келип, аялды күнөөдөн тазалайт, ошондо аял аккан канынан тазаланат. Эркек же кыз төрөгөн аял жөнүндөгү мыйзам ушул.

8 Эгерде аялдын козуга алы келбесе, анда эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин. Бирин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, экинчисин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка алып келсин. Анан ыйык кызмат кылуучу аялды күнөөдөн тазалайт, ошондо аял таза болот”».

13-БӨЛҮМ

Пес оорулуулар жөнүндө мыйзам

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

2 «Эгерде кимдир бирөөнүн денесине шишик, же темирөткү, же так пайда болуп, ал пес оорусунун жарасына окшошо баштаса, анда аны ыйык кызмат кылуучу Арунга же анын ыйык кызмат кылуучу уулдарынын бирине алып келишсин.

3 Ыйык кызмат кылуучу анын денесиндеги жараны карап көрөт. Эгерде жаранын түгү агарып кетсе, жара денеге тереңдеп баратса, анда ал – пес оорусунун жарасы. Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрүп, таза эмес деп жарыялайт.

4 Ал эми анын денесине ак так түшүп, бирок тагы денеге тереңдеп кетпеген болсо, тактын түгү агарып кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу тагы бар адамды жети күн обочо камайт.

5 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде жара эч өзгөрүлбөсө, денеге тарап кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны дагы жети күн обочо камайт.

6 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны дагы карап көрөт. Эгерде жара анча билинбесе, денеге жайылып кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт. Бул – темирөткү, ал өз кийимин жууп алсын, ошондо таза болуп калат.

7 Эгерде ал ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, таза деп эсептелсе, бирок темирөткү денеге жайыла баштаса, анда ал экинчи жолу ыйык кызмат кылуучуга келсин.

8 Ыйык кызмат кылуучу темирөткүнүн денеге жайылып баратканын көрүп, аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – пес оорусу.

9 Кимде пес оорусунун жарасы болсо, ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.

10 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде денедеги шишик ак болсо, түгү агарып кетсе, шишик кызыл эт болуп турса,

11 анда бул анын денесиндеги эски пес оору экенин билдирет. Ошондо ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялап, каматып коёт, анткени ал таза эмес.

12 Эгерде пес оору бүт денеге жайылып, оорулууну башынан бутуна чейин каптап кетсе, ыйык кызмат кылуучу караган жердин баары агарып турса,

13 ыйык кызмат кылуучу пес оорусу анын бүт денесин каптап калганын көрсө, анда ал оорулууну таза деп жарыялайт, анткени баары агарып кеткен, ал таза.

14 Ал эми анын денеси кызыл эт болуп турса, анда ал таза эмес.

15 Ыйык кызмат кылуучу кызыл этти көрүп, аны таза эмес деп жарыялайт. Кызыл эт таза эмес болуп эсептелет. Бул – пес оорусу.

16 Эгерде кызыл эт өзгөрүп, агарып кетсе, анда ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.

17 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде жара агарып кетсе, ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт, ал таза.

18 Кимдин денесине жара чыгып, анан айыгып калса,

19 анан жаранын ордуна ак шишик, же ак, же кызыл так пайда болсо, анда ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.

20 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде так денеге тереңдеп кетсе, тактын түгү агарып кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – жарадан ырбап кеткен пес оорусунун жарасы.

21 Эгерде ыйык кызмат кылуучу тактын түгү ак эмес экенин жана жара тереңдеп кетпегенин көрсө, жара анча билинбесе, анда ал аны жети күн камап коёт.

22 Эгерде жара бүт денеге жайылып кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – жара.

23 Эгерде жара жайылбай, өз ордунда турса, анда ал – ириңдеп кеткен жара, ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт.

24 Эгерде бирөө денесин күйгүзүп алса, күйүктөн айыккан жеринде кызыл же ак так пайда болсо,

25 ыйык кызмат кылуучу тактын түгү агарып калганын, тактын тереңдеп кеткенин көрсө, анда ал – пес оорусу, ал күйүктөн ырбап кеткен. Ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт, бул – пес оорусунун жарасы.

26 Эгерде ыйык кызмат кылуучу тактын түгү ак эмес экенин, так денеге тереңдеп кетпегенин көрсө, анча билинбесе, анда ыйык кызмат кылуучу аны жети күн камап коёт.

27 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде ал денеге аябай жайылып кеткен болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – пес оорусунун жарасы.

28 Эгерде так денеге жайылбай, өз ордунда турса жана анча билинбесе, анда ал – күйүктөн болгон шишик. Ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт, анткени бул – күйүктөн болгон жара.

29 Эгерде эркектин же аялдын башына же ээгине жара чыкса,

30 ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрөт. Эгерде жара денеге тереңдеп кетсе, жаранын түгү саргарып, ичкерип кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аларды таза эмес деп жарыялайт. Бул – таз, бул – башка же ээкке чыккан пес оорусу.

31 Ыйык кызмат кылуучу таздын жарасын карап көрөт. Эгерде жара денеге тереңдеп кетпесе, анын кара түгү калбай калса, анда ыйык кызмат кылуучу таз болгон адамды жети күн камап коёт.

32 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрөт. Эгерде таз жайылып кетпесе, түгү саргарып кетпесе, таз денеге тереңдеп кетпесе,

33 анда оорулуунун түгүн кырыш керек, бирок таз болгон жеринин түгүнө тийбеш керек, ыйык кызмат кылуучу таз болгон адамды кайрадан жети күн камап коюшу керек.

34 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу таз болгон жерди карайт, тазы жайылып кетпесе жана денесине тереңдеп кетпесе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт. Ал кийимдерин жуусун, ошондо таза болот.

35 Эгерде тазалангандан кийин тазы денесине тарай баштаса,

36 ыйык кызмат кылуучу таздын денеге тарап бара жатканын көрсө, анда ыйык кызмат кылуучу саргарган түктү издебесин, ал таза эмес.

37 Эгерде таз өзгөрүлбөй кала берсе, анын үстүнөн кара түктөр көрүнсө, анда тазы айыккан, ал таза. Ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт.

38 Эгерде эркектин же аялдын денесинде ак тактар пайда болсо,

39 ыйык кызмат кылуучу алардын денесиндеги тактардын ак экенин көрсө, анда ал – теридеги эле темирөткү, ал таза.

40 Эгерде кимдир бирөөнүн чачтары түшүп калса, анда ал такыр баш, ал таза.

41 Эгерде маңдайындагы чачтары түшүп калса, анда ал кашка баш, ал таза.

42 Эгерде адамдын башынын такыр же кашка жеринде агарган же кызарган тактар пайда болсо, анда анын башынын ошол жерлеринде пес оорусунун жарасы бар.

43 Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде анын такыр башындагы же кашка башындагы тактар агарып же кызарып турганын көрсө, ал теринин пес оорусуна окшош болсо,

44 анда ал пес оорулуу, ал таза эмес. Ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыяласын, анткени анын башында жара бар.

45 Мындай жарасы бар пес оорулуу кийимдерин айрып, башына эч нерсе жаппай, оозун калкалап: “Таза эмесмин! Таза эмесмин!” – деп кыйкырсын.

46 Жара чыгып ооруп жаткан күндөрүндө ал таза эмес болуп эсептелсин, ал таза эмес, ал стандын сыртында өзүнчө жашасын.

47 Эгерде пес оорусунун жарасы кийимде, жүндөн же зыгыр буласынан токулган кийимде,

48 же болбосо зыгыр буласынан же жүндөн токулган кездеменин эришинде же аркагында, же булгаарыда, же булгаарыдан жасалган кандайдыр бир буюмда пайда болсо,

49 кийимдеги же булгаарыдагы, кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган нерселердеги тактар жашыл же кызгылтым болсо, анда ал – пес оорусунун жарасы. Ал ыйык кызмат кылуучуга көрсөтүлсүн.

50 Ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрүп, жара жуккан нерсени жети күн өзүнчө бөлүп коёт.

51 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу жара жуккан нерсени карап көрөт. Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара жайылып кетсе, анда ал – оюп кете турган пес оорусу, ал – таза эмес жара.

52 Ал жара жуккан кийимди, жүндөн же зыгыр буласынан токулган кездеменин эришин же аркагын, же булгаарыдан жасалган кандай нерсе болбосун, өрттөп жибериши керек, анткени ал – оюп кете турган пес оорусу. Аны отко өрттөп жибериши керек.

53 Эгерде ыйык кызмат кылуучу кийимдеги, кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жаранын жайылбаганын көрсө,

54 анда ыйык кызмат кылуучу жара жуккан нерсени жууганга буйрук берет да, экинчи жолу жети күн өзүнчө бөлүп коёт.

55 Жара жуккан буюмду жуугандан кийин, ыйык кызмат кылуучу жаранын өзгөрүлбөгөнүн жана жайылбаганын көрсө, анда ал нерсе таза эмес, аны өрттөп жибер. Ал – буюмдун аркагын же эришин оюп кеткен жара.

56 Жуулгандан кийин, ыйык кызмат кылуучу жаранын азайып калганын көрсө, анда ал кийимдин, же булгаарынын, же кездеменин эришинин же аркагынын ошол жерин жулуп салсын.

57 Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара кайрадан пайда болсо, анда ал – ырбап бара жаткан пес оорусу. Жара жуккан нерсени өрттөп жибер.

58 Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара жуугандан кийин жоголуп кетсе, анда аларды экинчи жолу жууш керек, ошондо алар таза болот.

59 Жүндөн же зыгыр буласынан токулган кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы пес оорусунун жарасы жөнүндөгү, аларды кандайча таза же таза эмес деп жарыялоо жөнүндөгү мыйзам ушул».

14-БӨЛҮМ

Пес оорусунан тазалануу жөнүндө

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Пес оорулуу жөнүндөгү, аны тазалоо убактысы жөнүндөгү мыйзам мындай: аны ыйык кызмат кылуучуга алып келиш керек.

3 Ыйык кызмат кылуучу стандын сыртына чыгат. Эгерде ыйык кызмат кылуучу пес оорулуунун пес оорусунан айыкканын көрсө,

4 анда ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамга эки тирүү адал канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып келүүнү буйруйт.

5 Анан ыйык кызмат кылуучу бир канаттууну алып, чопо идиштеги агын суунун үстүнө мууздоону буйрук кылат.

6 Ал эми өзү тирүү канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып, аларды жана тирүү канаттууну агын суунун үстүнө мууздалган канаттуунун канына малат.

7 Анан пес оорусунан тазалана турган адамга жети жолу кан чачып, аны таза деп жарыялайт да, тирүү канаттууну талаага коё берет.

8 Тазалана турган адам өз кийимдерин жууп, бүт түгүн кырдырып, сууга жуунат, ошондо таза болот. Андан кийин станга келип, жети күн өз чатырынын сыртында турсун.

9 Жетинчи күнү денесиндеги бүт түгүн: чачын, сакал-мурутун, кашын, денесинде болгон бүт түгүн кырдырат, анан кийимдерин жууйт, денесин сууга жууйт, ошондо ал таза болот.

10 Сегизинчи күнү ал кемчилиги жок эки кочкор, кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.

11 Тазалай турган ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды курмандыктары менен бирге Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына коёт.

12 Анан ыйык кызмат кылуучу бир эркек козу алып, айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалат. Ошондой эле бир лог зайтун майын алып, аларды Теңирдин алдында силкилдетет.

13 Ал козуну күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союла турган жерде, ыйык жерде соёт, анткени айып үчүн чалынуучу бул курмандык күнөө үчүн чалынуучу курмандык сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү. Бул – эң ыйык курмандык.

14 Анан ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына жана оң бутунун бармагына сыйпайт.

15 Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майынан бир лог алып, өзүнүн сол алаканына куят.

16 Анан ыйык кызмат кылуучу оң колунун сөөмөйүн сол алаканындагы зайтун майына малып, Теңирдин алдында жети жолу чачат.

17 Ал эми алаканында калган зайтун майын ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына, айып үчүн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.

18 Ыйык кызмат кылуучу алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпап, аны Теңирдин алдында тазалайт.

19 Андан кийин ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалып, тазалана турган адамды таза эместигинен тазалайт. Ошондон кийин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты соёт.

20 Анан ыйык кызмат кылуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын курмандык чалынуучу жайга коёт. Ыйык кызмат кылуучу аны ошентип тазалайт, ошондо ал таза болот.

21 Эгерде ал жарды болсо, колунда жок болсо, анда өзүн тазалаш үчүн, Теңирге арнап айып үчүн чалынуучу курмандыкка силкилдетип алып келүү үчүн, бир эркек козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.

22 Колунан келген эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып келсин. Канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка алып келсин.

23 Буларды тазалануунун сегизинчи күнү Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

24 Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынуучу курмандык козуну жана бир лог зайтун майын Теңирдин алдында силкилдетсин.

25 Анан эркек козуну айып үчүн чалынуучу курмандыкка соёт. Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына сыйпайт.

26 Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майын өзүнүн сол алаканына куят.

27 Анан сол колундагы зайтун майына оң колунун сөөмөйүн малып, Теңир алдында жети жолу чачат.

28 Ыйык кызмат кылуучу алаканындагы зайтун майын тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына, айып үчүн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.

29 Ал эми алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпайт, аны Теңирдин алдында тазалоо үчүн сыйпайт.

30 Анан тазалана турган адам алып келген бактектердин бирин же жаш көгүчкөндөрдүн бирин алып келет.

31 Анын алып келген канаттууларынын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин нан курмандыгы менен бирге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды Теңирдин алдында ошентип тазалайт».

32 Тазаланып жаткан пес оорулуу кедей жөнүндөгү мыйзам ушул.

Үйлөрдөгү пес оорусу жөнүндө

33 Теңир Муса менен Арунга дагы мындай деп айтты:

34 «Мен силерге берген Канаан жерине киргениңерде, силер ээлеген жердеги үйлөргө пес оорусун каптатам.

35 Ошондо кимдин үйүн пес оорусу каптаса, ал ыйык кызмат кылуучуга барып: “Менин үйүмдө жара сыяктуу бир нерсе пайда болуп жатат”, – деп айтсын.

36 Ыйык кызмат кылуучу үйгө кирип жараны карап көрөрдөн мурун, үйдөгү нерселердин баары таза эмес болуп калбашы үчүн, үйдү бошотууну буйруйт, ошондон кийин гана ыйык кызмат кылуучу үйдү көрүүгө келет.

37 Ал жараны карап көрөт. Эгерде жара үйдүн дубалдарына жашыл же кызыл оюкчаларды пайда кылып, дубалга тереңдеп баратса,

38 анда ал үйдөн чыгып, үйдү жети күнгө бекитет.

39 Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу кайра келип карап көрөт. Эгерде жара үйдүн дубалдарына жайылып баратса,

40 анда ыйык кызмат кылуучу жарасы бар таштарды чыгарып алып, шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып таштоону буйрук кылат.

41 Ал эми үйдүн ички шыбагын бүт кырып чыгып, кырындыларды шаардын сыртындагы таза эмес жерге ташташат.

42 Анан алынган таштардын ордуна башка таштарды коюп, башка ылай жасап, үйдү кайрадан шыбап чыгышат.

43 Эгерде таштарды чыгарып алып, үйдүн шыбагын кырып, таза эмес жерге таштагандан кийин да, жара үйдө кайрадан пайда болуп, жайыла баштаса,

44 анда ыйык кызмат кылуучу келип карап көрөт. Эгерде жара жайылып кетсе, анда ал – үйдү оюп кете турган пес оорусу, ал үй таза эмес.

45 Ал үйдү бузуп, таштарын, жыгачтарын, шыбактарын шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып ташташ керек.

46 Ким үй жабык турганда кирсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

47 Ким ал үйдө түнөсө, кийимдерин жуусун. Ким ал үйдө тамак жесе, кийимдерин жуусун.

48 Анан ыйык кызмат кылуучу келип карап көрөт. Эгерде ыйык кызмат кылуучу келип, үй шыбалгандан кийин, үйгө жара жайылбаганын көрсө, анда үйдү таза деп жарыялайт, анткени жара өтүп кеткен.

49 Ал үйдү жарадан тазалаш үчүн, эки канаттуу, кедр жыгачын, кочкул кызыл жип жана иссоп алып,

50 бир канаттууну агын суу куюлган чопо идиштин үстүнө мууздайт.

51 Анан ал кедр жыгачын, иссопту, кочкул кызыл жипти, тирүү канаттууну алып, агын суунун үстүнө мууздалган канаттуунун канына малып, үйгө жети жолу чачып чыгат.

52 Ал үйдү канаттуунун каны менен, агын суу менен, тирүү канаттуу менен, кедр жыгачы менен, иссоп менен, кочкул кызыл жип менен тазалайт.

53 Анан тирүү канаттууну шаардын сыртындагы талаага коё берет. Yйдү ал ошентип тазалайт, ошондо үй таза болот.

54 Пес оорусунун жарасы жөнүндөгү, таз жөнүндөгү,

55 кийимдин, үйдүн пес оорусу жөнүндөгү, шишик, темирөткү жана тактар жөнүндөгү,

56 алардын качан таза, качан таза эмес болору жөнүндөгү мыйзам ушул. Пес оорусу жөнүндөгү мыйзам ушул».

15-БӨЛҮМ

Дененин тазалыгы жөнүндөгү мыйзам

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: “Кимдин жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса, ал таза эмес болуп эсептелет.

3 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып таза эмес болуп калган адам жөнүндөгү мыйзам мындай: жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса да, акпай кармалса да, ал таза эмес болуп эсептелет.

4 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши жаткан төшөк таза эмес, ал отурган нерсенин баары таза эмес.

5 Ким анын төшөгүнө тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

6 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши отурган жерге ким отурса, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

7 Ким жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган кишиге колун тийгизсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

8 Эгерде жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши таза кишиге түкүрсө, анда ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

9 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши отурган унаадагы орундук кечке чейин таза эмес болот.

10 Ким анын астына салынган кандайдыр бир нерсеге тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот. Ал нерсени ким көтөрсө, кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

11 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши колун жуубай туруп бирөөгө тийгизсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

12 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши колун тийгизген чопо идишти талкалап салыш керек, жыгач идиш болсо, сууга жууш керек.

13 Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши ириңинен арылгандан кийин, тазаланыш үчүн, өзүнө жети күн эсептеп алып, кийимдерин жууп, денесин агын сууга жуусун, ошондо ал таза болот.

14 Ал эми сегизинчи күнү ал эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып, Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына келип, аларды ыйык кызмат кылуучуга берет.

15 Ыйык кызмат кылуучу ал канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны жыныстык мүчөсүнөн агып турган ириңинен ошентип тазалайт.

16 Кимдин эрендиги агып кетсе, анда ал бүт денесин сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

17 Эрендик түшүп калган кийимди да, булгаарыны да сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

18 Эгерде эркек аял менен жатып, эрендиги куюлса, анда экөө тең суу менен жуунсун, алар кечке чейин таза эмес болушат.

19 Эгерде аялдын айызы келсе, анда ал тазаланыш үчүн, жети күн үйдө отурсун. Ким ал аялга тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

20 Ал тазаланып жаткан убакта жаткан нерсенин баары таза эмес болуп эсептелет. Ал отурган нерсенин баары таза эмес болуп эсептелет.

21 Ким анын төшөгүнө тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

22 Ким ал аял отурган кандайдыр бир буюмга тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

23 Ким ал аялдын төшөгүндөгү бир нерсеге же ал отурган нерсеге тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

24 Эгерде күйөөсү ал аял менен жатса, анда анын таза эместиги күйөөсүнө өтөт. Күйөөсү жети күн таза эмес болот, ал жаткан төшөк да таза эмес.

25 Эгерде аялдан айызы келип жатканда эмес, башка убакта көп күнгө чейин кан акса, же ал кан демейдеги айызынан да көп акса, анда ал аял каны агып жатканда, айызы келген убагындагыдай эле, таза эмес болот.

26 Айызы келип жаткан убагындагы төшөк сыяктуу эле, кан агып жаткан убагында аял жаткан төшөк да таза эмес. Айызы келип жаткан убагындагы нерсе сыяктуу эле, кан агып жаткан убагында аял отурган нерсе да таза эмес.

27 Ким аларга тийсе, ал таза эмес, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

28 Аял канынан арылгандан кийин, өзүнө жети күн эсептеп алсын, ошондон кийин ал таза болот.

29 Сегизинчи күнү аял жыйын чатырынын кире беришине, ыйык кызмат кылуучуга эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келет.

30 Ыйык кызмат кылуучу канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны денесинен аккан канынан ошентип тазалайт.

31 Алардын арасындагы Менин турагымды булгап, өздөрүнүн таза эместигинен өлбөшү үчүн, Ысрайыл уулдарын таза эместигинен ушинтип арылткыла».

32 Денесинен ириң агып турган, эрендиги агып кетип таза эмес болуп калгандар жөнүндөгү,

33 айызы келген аял жөнүндөгү, таза эмес нерсеси аккан эркек же аял жөнүндөгү, таза эмес аялы менен жаткан эркек жөнүндөгү мыйзам ушул”».

16-БӨЛҮМ

Күнөөдөн арылуу күнү жөнүндө

1 Арундун эки уулу Теңирдин алдына башка от алып келип өлгөндөн кийин, Теңир Муса менен сүйлөштү.

2 Теңир Мусага мындай деди: «Бир тууганың Арунга мындай де: Ал өлүп калбашы үчүн, ыйык жайдын көшөгөсүнүн ары жагында турган келишим сандыгынын капкагынын алдына каалаган убагында эле келе бербесин, анткени Мен капкактын үстүнө булут ичинде келип турам.

3 Арун ыйык жайга мына булар менен кирсин: күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир букачар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор.

4 Ал зыгыр буласынан токулган узун көйнөк, зыгыр буласынан токулган ич кийим кийип, зыгыр буласынан токулган бел курчоо менен курчансын, башына зыгыр буласынан токулган кидар кийсин. Булар – ыйык кийимдер. Аларды денесин сууга жууп туруп кийсин.

5 Ысрайыл уулдарынын жамаатынан күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка эки теке, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алсын.

6 Арун күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир букачар чалып, өзүн да, үйүндөгүлөрүн да күнөөдөн тазаласын.

7 Анан эки текени алып, аларды жыйын чатырынын эшигинин алдына, Теңирдин алдына койсун.

8 Анан Арун эки теке үчүн өкчөмө таш ыргытсын: бирин Теңир үчүн, экинчисин чөлгө коё берүү үчүн.

9 Теңир үчүн түшкөн текени Арун жетелеп келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалат.

10 Ал эми чөлгө коё берүү үчүн түшкөн текени элди күнөөлөрүнөн тазалаш үчүн, чөлгө коё берүү үчүн, Теңирдин алдына тирүү алып келет.

11 Анан Арун күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка букачар алып келип, өзүн да, үйүндөгүлөрүн да күнөөдөн тазалайт, букачарды күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка өзү үчүн соёт.

12 Теңирдин алдындагы курмандык чалынуучу жайдагы чоктон жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишке толтура салып, майда жанчылган түтөтүлүүчү жыпар жыттуу заттан бир кочуш алып, көшөгөнүн ары жагына кирет.

13 Түтөтүлүүчү жыпар жыттуу затты Теңирдин алдында отко салат, түтөтүлгөн заттардын түтүнү келишим сандыгынын капкагын каптайт. Ал өлүп калбашы үчүн ошондой болот.

14 Анан ал букачардын канына сөөмөйүн малып, капкактын үстүнө чачат, алды жагына жети жолу чачат.

15 Анан элдин күнөөсү үчүн чалынуучу текени союп, анын канын көшөгөнүн ары жагына алып кирип, букачардын канын кандай кылса, ал канды да ошондой кылып, капкактын үстүнө да, алды жагына да чачат.

16 Ал ыйык жайды Ысрайыл уулдарынын таза эмес нерселеринен, кылмыштарынан, бүт күнөөлөрүнөн ошентип тазалайт. Алардын таза эмес нерселеринин арасында турган жыйын чатырын да ошентип тазаласын.

17 Ал ыйык жайды ыйыктоо үчүн кирип, кайра чыкканга чейин жыйын чатырында эч ким болбосун. Ал өзүн да, үйүндөгүлөрүн да, бүт Ысрайыл жамаатын да күнөөдөн ошентип тазалайт.

18 Анан ал Теңирдин алдында турган курмандык чалынуучу жайга чыгып, аны да ошентип тазалайт. Букачардын каны менен текенин канынан алып, курмандык чалынуучу жайдын бардык мүйүздөрүнө сыйпайт.

19 Анан анын канына сөөмөйүн малып, ага жети жолу чачып, аны Ысрайыл уулдарынын таза эмес нерселеринен тазалап ыйыктайт.

20 Ыйык жайды, жыйын чатырын, курмандык чалынуучу жайды тазалап бүткөндөн кийин, тирүү текени алып келет.

21 Арун эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысрайыл уулдарынын бардык мыйзамсыздыктарын, кылмыштарын, күнөөлөрүн ачык айтып, аларды текенин башына жүктөп, дайындалган бир адам менен чөлгө кетирет.

22 Теке алардын бардык мыйзамсыздыктарын өзүнө жүктөп, адам бара алгыс жерге алып кетет. Ал текени ошентип чөлгө коё берет.

23 Анан Арун жыйын чатырына кирип, ыйык жайга кирерде кийген зыгыр буласынан токулган кийимдерин чечип, ошол жерге калтырат.

24 Анан денесин ыйык жерде сууга жууп, өз кийимдерин кийип, сыртка чыгып, өзү үчүн да, эл үчүн да бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып, өзүн да, элин да күнөөдөн тазалайт.

25 Ал эми күнөө үчүн чалынуучу курмандыктын майын курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберет.

26 Текени чөлгө коё берген адам кийимдерин жуусун, денесин да сууга жуусун. Станга ошондон кийин гана кирсе болот.

27 Ал эми каны ыйык жайды тазалаш үчүн ыйык жайга киргизилген, күнөө үчүн чалынган букачар менен текенин терисин, этин, кан-жинин стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберишсин.

28 Аларды өрттөгөн адам кийимдерин жуусун, денесин да сууга жуусун. Станга ошондон кийин гана кирсе болот.

29 Бул силерге түбөлүккө калган көрсөтмө болсун: жетинчи айдын онунчу күнү өзүңөрдү орозо кармап жоошуткула, эч кандай жумуш кылбагыла, жергиликтүү тургун да, араңардагы келгин да ошентсин.

30 Анткени ушул күнү ыйык кызмат кылуучу силерди бардык күнөөлөрдөн тазалаш үчүн, Теңир алдында таза болушуңар үчүн бүт күнөөңөрдөн тазалайт.

31 Бул – силер үчүн эс алуучу ишемби күн, орозо кармап, өзүңөрдү жоошуткула, бул – түбөлүк көрсөтмө.

32 Күнөөдөн тазартуу ишин өз атасынын ордуна ыйык кызматты аткаруу үчүн майланып дайындалган ыйык кызмат кылуучу гана аткарууга тийиш. Ал ыйык кызмат кылуучу зыгыр буласынан токулган ыйык кийимдерди кийип,

33 ыйыктын ыйыгын, жыйын чатырын, курмандык чалынуучу жайды ыйыктайт, ошондой эле ыйык кызмат кылуучуларды, бүткүл жамаатты күнөөдөн тазалайт.

34 Ысрайыл уулдарын жылына бир жолу бүт күнөөлөрүнөн тазалап туруу үчүн, бул көрсөтмө силерге түбөлүккө калсын». Теңир кандай буйруса, Муса ошондой кылды.

17-БӨЛҮМ

Кан жөнүндө мыйзам

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Арун менен анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Теңир мындай буйрук кылат:

3 Ысрайыл элинин ичинен ким стандын ичинде же сыртында букачар, кой же эчки союп,

4 Теңирге арнап курмандыкка чалуу үчүн Теңирдин турагынын алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына алып келбесе, анда ал кишинин мойнунда кан калат. Ал кан төктү, ал өз элинин ичинен жок кылынсын.

5 Ошон үчүн Ысрайыл уулдары талаада соё турган өздөрүнүн курмандыктарын Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин жана аларды Теңирге арнап тынчтык курмандыгына чалышсын.

6 Ыйык кызмат кылуучу анын канын жыйын чатырынын эшигинин алдында турган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына чачсын, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттөсүн.

7 Өздөрү адашып ээрчип жүргөн жасалма кудайларына мындан ары курмандык чалбашы үчүн, бул алардын укум-тукумуна түбөлүккө калган көрсөтмө болсун”.

8 Аларга дагы мындай де: “Ысрайыл элинин ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык же башка курмандык чалып,

9 аларды жыйын чатырынын алдына Теңирге арнап алып келбесе, анда ал өз элинин ичинен жок кылынсын.

10 Ысрайыл элинин ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким кандайдыр бир кан жесе, анда Мен кан жеген кишиге каарымды төгүп, аны элинин ичинен жок кылам.

11 Анткени дененин жаны – каны. Силердин жаныңарды күнөөдөн тазартуу үчүн, Мен ал канды курмандык чалынуучу жайга дайындагам, анткени ал кан жанды тазартат.

12 Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Силердин ичиңерден эч ким кан жебесин, араңарда жашаган келгин да кан жебесин.

13 Эгерде Ысрайыл уулдарынын ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким тузак тартып, жегенге жараган жаныбарды же канаттууну кармап алса, анда ал анын канын агызып, жерге көмүп салсын.

14 Анткени ар бир дененин жаны – каны. Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Эч бир дененин канын жебегиле, анткени кан – ар бир дененин жаны. Ким кан жесе, ал жок кылынсын.

15 Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, ким болбосун, өлүктү же жырткыч жара тартып кеткен жаныбарды жесе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, кечке чейин таза эмес болуп, андан кийин гана таза болот.

16 Эгерде ал кийимин жана денесин жуубаса, анда өз мыйзамсыздыгы өз мойнунда болот”».

18-БӨЛҮМ

Кандаш тууганы менен никелешүүгө тыюу салуу

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

3 Силер жашап келген Мисир жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, Мен силерди алып бараткан Канаан жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, алардын мыйзамдары боюнча жашабагыла.

4 Менин мыйзамдарым менен көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, ошолордун негизинде жашагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

5 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, аларды аткарган адам тирүү болот. Мен Теңирмин.

6 Эч ким жакын тууганы болгон аялдын жылаңач этин ачып жакындабасын. Мен Теңирмин.

7 Атаң менен энеңдин жылаңач этин ачпа: ал сенин энең, энеңдин жылаңач этин ачпа.

8 Атаңдын аялынын жылаңач этин ачпа, ал өз атаңдын жылаңач эти болот.

9 Эже-карындашыңдын, атаңдын же энеңдин үйдө же сыртта туулган кызынын жылаңач этин ачпа.

10 Уулуңдун кызынын же кызыңдын кызынын жылаңач этин ачпа, анткени ал өзүңдүн жылаңач этиң.

11 Атаңдан төрөлгөн атаңдын аялынын кызынын жылаңач этин ачпа, ал сенин аталаш эжең же карындашың, ошондуктан анын жылаңач этин ачпа.

12 Атаңдын эжесинин же карындашынын жылаңач этин ачпа, анткени сенин атаң менен анын каны бир.

13 Энеңдин эжесинин же сиңдисинин жылаңач этин ачпа, анткени сенин энең менен анын каны бир.

14 Атаңдын бир тууганынын жылаңач этин ачпа, анын аялына жакындаба, анткени ал сенин жеңең.

15 Келиниңдин жылаңач этин ачпа, анткени ал сенин уулуңдун аялы, анын жылаңач этин ачпа.

16 Бир тууганыңдын аялынын жылаңач этин ачпа, анткени ал бир тууганыңдын жылаңач эти болот.

17 Энеси менен кошо кызынын жылаңач этин ачпа. Ал аялдын уулунун кызын же кызынын кызын аялдыкка алба, жылаңач этин ачпа, анткени алардын каны бир. Бул мыйзамсыздык болот.

18 Эжеси менен сиңдисин күндөш кылып аялдыкка алба, аялыңдын көзү тирүүсүндө, аялыңдын көз алдында анын жылаңач этин ачпа.

19 Аялыңдын айызы келип жатканда, жылаңач этин ачпа.

20 Жакыныңдын аялы менен жатпа, эрендигиңди агызып булганба.

21 Балдарыңды Молохко курмандыкка чалып Кудайыңдын атын булгаба. Мен Теңирмин.

22 Аял менен жаткандай, эркек менен жатпа, бул жийиркеничтүү.

23 Мал менен жанашып эрендигиңди агызып булганба. Аял да мал менен жанашпасын. Бул жийиркеничтүү.

24 Мындай нерселер менен булганбагыла, анткени Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдер ушунун баары менен булганган.

25 Жер булганды, Мен анын мыйзамсыздыктарына жүзүмдү бурдум, жер өзүнүн үстүндө жашагандарды силкип салды.

26 Силер болсо Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Жергиликтүү тургун да, араңарда жашаган келгин да мындай жийиркеничтүү иштерди кылбасын.

27 Анткени силерге чейин жашаган эл бул жерди ушундай жийиркеничтүү иштерди кылып булгаган.

28 Эгерде силер да бул жерди булгасаңар, анда жер мурда жашаган элди силкип салгандай, силерди да силкип салат.

29 Анткени ушундай жийиркеничтүү ишти кылгандардын баары өз элинин ичинен жок кылынат.

30 Силерден мурункулар кылган жийиркеничтүү иштерди кылып булганбашыңар үчүн, Менин буйруктарымды сактагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».

19-БӨЛҮМ

Он осуят

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарынын жамаатына мындай деп жарыяла: “Ыйык болгула, анткени Мен, Кудай-Теңириңер, ыйыкмын.

3 Ар бир адам өз ата-энесинен ыйбаа кылсын. Менин ишембилеримди сактагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

4 Жасалма кудайларга кайрылбагыла, өзүңөргө кудайларды куюп албагыла. Анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

5 Теңирге тынчтык курмандыгын чалганыңарда, аны өзүңөргө ырайым табыш үчүн чалгыла.

6 Ал курмандыкты чалган күнү жана кийинки күнү жегиле, ал эми үчүнчү күнгө калганын өрттөп жибергиле.

7 Ким аны үчүнчү күнү жесе, бул жийиркеничтүү, бул Кудайга жакпайт.

8 Аны жеген адам күнөөлүү болот, анткени ал Теңирдин ыйык нерсесин булгады. Ал адам өз элинин ичинен жок кылынат.

9 Жериңерден түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, талааңардын четин жыйнабай калтырып койгула, түшүм жыйнаганда түшүп калганын терип албагыла.

10 Жүзүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, түшүмүнөн калтырып койгула, жүзүмүңөрдүн түшүп калганын терип албагыла. Аларды жарды менен келгинге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

11 Уурдабагыла, калп айтпагыла, бири-бириңерди алдабагыла.

12 Менин атым менен жалган убада бербегиле, Кудайыңардын атын ушинтип булгабагыла. Мен Теңирмин.

13 Өз жакыныңды таарынтпа, тонобо. Жалданган адамдын кызмат акысы таң атканга чейин берилбей калбасын.

14 Кулагы кереңге жаман сөз айтпа, чалынып жыгылсын деп, сокурдун алдына эч нерсе таштаба. Кудайыңдан корк, Мен Теңириңмин.

15 Сотто жалган сүйлөбө. Жакырды кемсинтпе. Улуу адамга жагынба. Жакыныңа калыс бол.

16 Өз элиңдин арасында сөз ташыба, жакыныңдын өмүрүнө балта чаппа. Мен Теңирмин.

17 Бир тууганыңды ичиңден жек көрө бербе; жакыныңдын жаңылыштыгын көрсөт, ошондо ал үчүн күнөөкөр болбойсуң.

18 Өз элиңдин уулдарына жамандык ойлобо, кек сактаба, тескерисинче, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй. Мен Теңирмин.

19 Менин мыйзамдарымды аткаргыла. Эки түрдөгү жаныбарды бири-бири менен аргындаштырба. Талааңа эки түрдүү урукту аралаштырып сеппе. Жүн менен зыгыр буласынан аралаш токулган кийим кийбе.

20 Ким никелешкен күйөөсү бар күң аял менен жатса, бирок анын куну төлөнө элек болсо же эркиндик бериле элек болсо, анда алар жазаланышсын. Бирок алар өлүм жазасына тартылбасын, анткени аял эркин эмес.

21 Ошол эркек киши жыйын чатырынын эшигинин алдына айып үчүн чалынуучу курмандыкка Теңирге арнап бир кочкор алып келсин.

22 Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган кочкор менен Теңирдин алдында аны кылган күнөөсүнөн арылтат, ошондо анын кылган күнөөсү кечирилет.

23 Кудай-Теңириңер силерге берген жерге келгениңерде, мөмө бере турган кандайдыр бир дарак тиккениңерде, анын мөмөлөрүн сүннөтсүз деп эсептегиле. Аларды үч жылга чейин сүннөтсүз деп эсептегиле, аларды жебегиле.

24 Ал эми төртүнчү жылы анын бардык жемиштери Теңирди даңктоо майрамдарына арналсын.

25 Бешинчи жылы анын мөмөлөрүн жесеңер болот, анын мөмөлөрүн жыйнап алсаңар болот. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

26 Эч нерсени каны менен жебегиле. Сыйкырчылык кылбагыла, төлгө салбагыла.

27 Чачыңарды тегерете алдырбагыла, сакалыңардын учун кыркпагыла.

28 Өлгөн адамды эстеп жүрүш үчүн, өз денеңерге так салбагыла, денеңерге ийне менен чегип жазбагыла. Мен Теңирмин.

29 Жер бузулуп, бузуктукка толуп кетпеши үчүн, өз кызыңдын бузулуп кетүүсүнө жол бербе.

30 Менин ишемби күндөрүмдү сактагыла, Менин ыйык жайымды сыйлагыла. Мен Теңирмин.

31 Өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылбагыла, сыйкырчыларга барбагыла, өзүңөрдү алар менен булгабагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

32 Аксакалдын алдында ордуңдан тур, карыя кишини сыйла, Кудайыңдан корк. Мен Теңирмин.

33 Жериңерге көчүп келген келгинди кысымга албагыла.

34 Көчүп келген келгин адам силер үчүн жергиликтүү адамдай болсун. Аны өзүңдү сүйгөндөй сүй, анткени силер да Мисир жеринде келгин болгонсуңар. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

35 Сот ишинде, бир нерсенин узун-туурасын, салмагын, суюктуктун көлөмүн өлчөөдө адилет болгула.

36 Силердин таразаңар, тараза таштарыңар, эйфаңар жана гиниңер туура болсун. Силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

37 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Мен Теңирмин”».

20-БӨЛҮМ

Күнөөлөр үчүн тарта турган жазалар

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ысрайыл уулдарынын ичинен жана Ысрайыл уулдарынын арасында жашаган келгиндердин ичинен ким өз баласын Молохко курмандыкка берсе, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал жердин эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн.

3 Мен ал адамга каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам, анткени ал өз баласын Молохко курмандыкка берип, Менин ыйык жайымды булгап, Менин ыйык ысымымды жаманатты кылды.

4 Ал өз баласын Молохко берип жатканда, ал жердин эли ошол адамга көңүл бурбай, аны өлтүрбөй койсо,

5 анда Мен ал адамга каршы жана анын тукумуна каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам, аны менен кошо Молохтун артынан ээрчип адашып жүргөндөрдү да жок кылам.

6 Ким өлгөндөрдү чакыргандарга жана сыйкырчыларга кайрылып, аларды ээрчип адашып жүрсө, анда Мен ал адамга каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам.

7 Өзүңөрдү ыйыктагыла, ыйык болгула, анткени Мен, силердин Кудай-Теңириңер, ыйыкмын.

8 Менин көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, анткени силерди ыйык кыла турган Теңириңер Менмин.

9 Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал атасына же энесине жаман айткандыктан, өз каны өз мойнунда.

10 Ким күйөөсү бар аял менен ойноштук кылса, ким өз жакынынын аялы менен ойноштук кылса, анда ойноштук кылган эркек да, аял да өлүм жазасына тартылсын.

11 Ким атасынын аялы менен жатса, ал атасынын жылаңач этин ачкан болот. Экөө тең өлүм жазасына тартылсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

12 Ким өз келини менен жатса, анда экөө тең өлүм жазасына тартылсын. Алар жийиркеничтүү иш кылышты, ошондуктан өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

13 Ким аял менен жаткандай, эркек менен жатса, анда экөө тең жийиркеничтүү иш кылышты. Алар өлүм жазасына тартылышсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

14 Ким аялынын үстүнө анын энесин кошо аялдыкка алса, бул – мыйзамсыздык. Араңарда мыйзамсыздык болбошу үчүн, ал эркек менен эки аялды өрттөп салгыла.

15 Ким жаныбар менен жанашса, ал өлүм жазасына тартылсын, ал жаныбарды да өлтүргүлө.

16 Эгерде аял жаныбар менен жанашуу үчүн барса, анда аялды да, жаныбарды да өлтүргүлө, алар өлүм жазасына тартылышсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.

17 Ким өзүнүн эжесин же карындашын, атасынын кызын же энесинин кызын алса, анын жылаңач этин көрсө, кыз да анын жылаңач этин көрсө, бул – маскарачылык. Алар өз элинин көз алдында өлтүрүлсүн. Ал өз карындашынын жылаңач этин ачты, өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

18 Ким аялынын айызы келип жатканда жылаңач этин ачса, анда ал каны агып жатканын көрдү, аял өзүнүн аккан канын көргөздү. Экөө тең өз элинин арасынан жок кылынсын.

19 Ким энесинин эже-сиңдисинин же атасынын эже-карындашынын жылаңач этин ачса, өзүнүн жылаңач этин ачкан болот. Өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

20 Ким өз жеңеси менен жатса, ал агасынын жылаңач этин ачкан болот. Алардын күнөөлөрү өздөрүнүн мойнунда, алар бала көрбөй өтүшөт.

21 Ким өз бир тууганынын аялын алса, бул жийиркеничтүү. Ал өз бир тууганынын жылаңач этин ачкан болот, алар бала көрбөй өтүшөт.

22 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо Мен силерди жашасын деп берип жаткан жер силерди силкип салбайт.

23 Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдин кылганын кылбагыла, анткени алар ушулардын баарын кылышкан, ошондуктан Мен аларга каарымды төктүм.

24 Мен силерге мындай деп айтпадым беле: Алардын жерин ээлейсиңер, анткени сүт менен бал аккан ошол жерди силерге мураска Мен берип жатам. Силерди башка элдерден бөлүп алган Кудай-Теңириңер Менмин.

25 Адал малды арам малдан, таза канаттууну таза эмес канаттуудан ажырата билгиле. Мен арам деп бөлүп койгон жаныбар менен, канаттуу менен, боору менен сойлоп жүрүүчү жаныбарлар менен булганбагыла.

26 Менин алдымда ыйык болгула, анткени Мен, Теңириңер, ыйыкмын, силерди Меники болсун деп, башка элдерден бөлүп алдым.

27 Эркек болобу, аял болобу, ким өлгөндөрдү чакырса же сыйкырчылык кылса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал таш бараңга алынсын, өз каны өз мойнунда”».

21-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучуларга берилген буйруктар

1 Теңир Мусага мындай деп айтты: «Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, мындай деп айт: “Алардын эч кимиси өз элинин ичинен өлгөндөргө тийип булганбасын.

2 Бирок алардын каны бир болгон жакыны: энеси, же атасы, же уулу, же кызы, же бир тууганы,

3 же жакыны болгон күйөөгө чыга элек карындашы өлүп, аларга колун тийгизсе, булганбайт.

4 Таза эмес болуп калбашы үчүн, өз элинин ичинен кимге болбосун, колун тийгизип булганбашы керек.

5 Алар чачтарын алдырышпасын, сакалдарынын учтарын кырктырышпасын, денелерине так салдырышпасын.

6 Алар өз Кудайынын алдында ыйык болушсун жана өз Кудайынын ысымын булгашпасын. Алар Теңирге курмандык чалышат, өз Кудайына нан тартуулашат, ошондуктан алар ыйык болушсун.

7 Алар бузулган аялды, жаманатты болгон аялды, күйөөсү таштап кеткен аялды алышпасын, анткени алар – Кудайга арналган ыйык адамдар.

8 Аларды ыйык тут, анткени алар Кудайыңа нан тартуулашат. Алар сен үчүн ыйык болушсун, анткени силерди ыйык кылган Теңириңер Мен ыйыкмын.

9 Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы ойноштук кылып өзүн булгаса, ал атасынын атын булгаган болот. Аны отко өрттөп жибергиле.

10 Бир туугандарынын ичинен башына майлоочу май куюлуп майланган, ыйык кийим кийген башкы ыйык кызмат кылуучу баш кийимин чечпесин жана кийимдерин айрыбасын.

11 Өлгөн адамга жакындабасын. Ал турсун, өлгөн атасы менен энесине колун тийгизип өзүн булгабасын.

12 Ыйык жайдан алыстабасын, Кудайынын ыйык жайын булгабасын, анткени ал – башы майлоочу май менен майланган, Кудайга арналган адам. Мен Теңирмин.

13 Ал кызга үйлөнсүн.

14 Ал жесир аялды, же күйөөсү таштап кеткен аялды, же жаманатты болгон аялды, же бузулган аялды албасын. Ал өз элинин гана кызын аялдыкка алсын.

15 Ал өз тукумун өз элинин арасында булгабасын, анткени аны ыйык кылган Теңир Менмин”».

16 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

17 «Арунга мындай деп айт: “Сенин укум-тукумуңдун ичинен денесинде кемчилиги бар адам Кудайына нан тартуулабасын.

18 Денесинде кемчилиги бар адам ыйык кызмат кылуучу болбосун. Сокур, төкөр, кебетеси бузук,

19 буту сынган, колу сынган,

20 бүкүр, кургак учук менен ооруган, көзүн чел баскан, котур, таз, энеги майып адам курмандык чалбасын.

21 Ыйык кызмат кылуучу Арундун тукумунан денесинде кемчилиги бар адам Теңирге курмандык чалбасын. Анын денесинде кемчилиги болгондуктан, Кудайына нан тартуулабасын.

22 Ал адам Кудайынын эң ыйык курмандыктарынан жана ыйык курмандыктарынан жесе болот.

23 Бирок ал ыйык жайдын көшөгөсүнө келбесин, курмандык чалынуучу жайга жакындабасын, анткени анын денесинде кемчилиги бар. Ал Менин ыйык жайымды булгабасын, анткени аларды ыйык кыла турган Теңир Менмин”».

24 Муса ушулардын баарын Арунга, анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына айтты.

22-БӨЛҮМ

Курмандык чалуу тартиби

1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2 «Арунга жана анын уулдарына мындай де: Менин ысымымды булгабаш үчүн, алар Ысрайыл уулдарынын Мага тартуулаган ыйык нерселерине этият мамиле кылышсын. Мен Теңирмин.

3 Аларга мындай де: “Силердин укум-тукумуңардан ким таза эмес болуп туруп, Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнаган ыйык нерселерине жакындаса, анда ал Менин алдымдан жок кылынат. Мен Теңирмин”.

4 Арундун тукумунан ким пес оорусу менен ооруса же жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса, анда ал тазаланмайынча, ыйык тамактан жебесин; ким өлүккө тийип таза эмес болуп калган нерсеге тийсе, же кимдин эрендиги агып кетсе,

5 же адамды таза эмес кыла турган кандайдыр бир сойлоочу жаныбарга же кандай гана таза эместиги менен болбосун, таза эмес кыла турган адамга тийсе,

6 ушулардын бирине тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот, ал денесин жуумайынча, ыйык тамактан жебесин.

7 Ал күн баткандан кийин гана таза болот, ошондо ыйык тамактан жесе болот, анткени бул – анын азыгы.

8 Ал булганбаш үчүн, өлүктү, жырткыч жара тарткан жаныбарды жебесин. Мен Теңирмин.

9 Алар Менин ушул буйруктарымды бузуп күнөөгө батып, ошол күнөөсүнүн айынан өлүп калбашы үчүн, Менин буйруктарымды сакташсын. Аларды ыйык кылган Теңир Менмин.

10 Ыйык тамакты бөлөк бирөө жебесин. Аны ыйык кызмат кылуучунун үйүндө жашаган адам да, жалданма адам да жебесин.

11 Ыйык тамакты ыйык кызмат кылуучу күмүшкө сатып алган адам жесе болот. Ошондой эле анын үйүндө төрөлгөн кулдар да жесе болот.

12 Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы жат кишиге күйөөгө чыкса, анда ал тартууга келген ыйык тамактарды жебесин.

13 Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы жесир калса, же күйөөсү менен ажырашып кетсе, бирок балдары жок болсо, кыз кезинде жашаган атасынын үйүнө кайтып келген болсо, анда ал атасынын тамагынан жесе болот. Анын үй-бүлөсүнөн башка эч ким аны жебесин.

14 Ким ыйык тамактан билбей жеп алса, ал тамактын баасына анын баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ыйык кызмат кылуучуга төлөп берсин.

15 Ыйык кызмат кылуучулар өздөрү Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ыйык тамактарын булгашпасын.

16 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык тамакты жеп жатканда, кылмыш кылып айыпка жыгылышпасын, анткени аларды ыйык кылган Теңир Менмин».

17 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

18 «Арунга, анын уулдарына жана Ысрайылдын бардык уулдарына мындай деп жарыяла: “Ысрайыл уулдарынын ичинен же Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан келгиндердин ичинен ким убада боюнча же өз каалоосу боюнча Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык алып келсе,

19 анда ал Кудайдын алдында ырайым табыш үчүн, алып келген курмандыгы эч кандай кемчилиги жок эркек бодо, же кой, же эчки болсун.

20 Кемчилиги бар эч бир малды курмандыкка чалбагыла, анткени мындай курмандык менен силер ырайым таппайсыңар.

21 Ким убада боюнча же өз каалоосу боюнча Теңирге арнап бодо же майда малдан тынчтык курмандыгын алып келсе, анда ал Кудайдан ырайым табышы үчүн, алып келген курмандыгы эч кандай кемчилиги жок болсун. Курмандыктын эч кандай кемчилиги болбосун.

22 Малдын сокурун, майыбын, чабырын, оорулуусун, котурун, түлөгөнүн Теңирге курмандыкка чалбагыла. Андай малды Теңирдин курмандык чалынуучу жайына алып келбегиле.

23 Мүчөлөрү өтө узун же өтө кыска букачарды же козуну өз каалоосу боюнча чалынуучу курмандыкка чалса болот, бирок убада боюнча чалынуучу курмандыкка чалганга болбойт.

24 Энеги майып болгон, жанчылган, үзүлгөн же кесилип алынган малды Теңирге курмандыкка чалбагыла, өз жериңерде андай кылбагыла.

25 Ушундай малдарды башка жердик адамдардын колунан алып Кудайыңарга тартуу кылбагыла, анткени алар майып, алардын кемчилиги бар, ошондуктан ырайым таппайсыңар”».

26 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

27 «Музоо, же козу, же улак туулгандан кийин энесинин жанында жети күн болсун, ал эми сегизинчи күндөн баштап Теңирге курмандыкка чалса болот.

28 Бирок уйду да, койду да баласы менен сойбогула.

29 Эгерде Теңирге ыраазычылык билдирүү курмандыгын чалгыңар келсе, анда ырайым таба тургандай кылып чалгыла.

30 Ал курмандык ошол эле күнү желсин. Андан эртең мененкиге калтырбагыла. Мен Теңирмин.

31 Менин осуяттарымды сактагыла жана аткаргыла. Мен Теңирмин.

32 Мени Ысрайыл уулдары ыйык тутуш үчүн, Менин ыйык ысымымды булгабагыла. Силерди ыйык кылган Теңириңер Менмин.

33 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Теңириңер Менмин».

23-БӨЛҮМ

Теңирдин майрамдары

1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2 «Теңирдин мына бул майрамдарын “ыйык жыйын” деп атоо керек экенин Ысрайыл уулдарына жарыяла, аларга мындай деп айт: Менин майрамдарым булар:

3 Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн – ишемби, дем алуу күнү, ыйык жыйын күнү. Ал күнү эч кандай жумуш кылбагыла. Кайсы жерде жашасаңар да, бул күн – Теңирдин ишемби күнү.

4 Белгиленген убагында майрамдала турган Теңирдин ыйык жыйындары булар:

Пасах жана Ачыткысыз нан майрамдары

5 Биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Теңирдин Пасах майрамы.

6 Ошол эле айдын он бешинчи күнү Теңирдин Ачыткысыз нан майрамы. Жети күн ачыткысыз нан жегиле.

7 Бул майрамдын биринчи күнү силерде ыйык жыйын болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла.

8 Жети күн катары менен Теңирге курмандык чалгыла. Жетинчи күнү дагы ыйык жыйын болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла».

9 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

10 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: Мен силерге берген жерге келип, эгин оро баштаганыңарда, эгиниңердин биринчи боосун ыйык кызмат кылуучуга алып келгиле.

11 Силер ырайым табышыңар үчүн, ыйык кызмат кылуучу боону Теңирдин алдына алып барат. Ал аны майрамдын экинчи күнү көтөрүп барат.

12 Боону көтөрүп барган күнү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козу чалгыла.

13 Аны менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун, анын үстүнө куюла турган гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

14 Кудайыңарга ушул курмандыктарды алып келмейинче, эч кандай нан, куурулган буудай жана жаңы бышкан буудай жебегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

Түшүм майрамы

15 Боону силкилдетип алып келген майрамдын биринчи күнүнөн баштап толук жети жума эсептегиле.

16 Жети жума, бир күн болгондо (эсептегенде элүү күн болот), Теңирге арнап биринчи түшүмдөн нан курмандыгын алып келгиле.

17 Yйүңөрдөн биринчи түшүм катары Теңирге арнап нан курмандыгына эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унунан ачыткы кошулуп бышырылган эки нан алып келгиле.

18 Нан менен кошо эч кемчилиги жок бир жылдык жети козу, бодо малдан бир букачар жана эки кочкор алып келгиле. Булар Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык болсун. Нан курмандыгын жана үстүнө куюлуучу шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

19 Ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир текени, тынчтык курмандыгына бир жылдык эки козуну даярдап койгула.

20 Буларды ыйык кызмат кылуучу силкилдетиле турган биринчи түшүмдүн наны жана эки козу менен бирге Теңирдин алдында силкилдетсин. Теңирге арналган ушул ыйык нерселер ыйык кызмат кылуучуга таандык.

21 Ошол күнү элди чакырып, ыйык жыйын өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

22 Эгиниңерди оруп жатканыңарда, талааңардын четин орбой калтырып койгула, жерге түшүп калганын албагыла. Аны жарды менен келгиндерге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

Сурнай тартуу майрамы

23 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

24 «Ысрайыл уулдарына айт: “Жетинчи айдын биринчи күнү – силер эс ала турган күн, сурнай майрамы. Ошол күнү ыйык жыйын өткөргүлө.

25 Эч кандай жумуш кылбагыла, Теңирге курмандык чалгыла”».

Күнөөдөн тазалануу күнү

26 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

27 «Ошондой эле ошол жетинчи айдын онунчу күнү – күнөөдөн арылуу күнү силерде ыйык жыйын болсун. Өзүңөрдү орозо кармап жоошутуп, Теңирге курмандык чалгыла.

28 Ал күнү эч кандай жумуш кылбагыла. Ал – тазалануу күнү, силердин Кудайыңар болгон Теңириңердин алдында тазалана турган күн.

29 Бул күнү өзүн орозо кармап жоошутпаган адам өз элинин арасынан жок кылынат.

30 Ким ал күнү жумуш кылса, Мен ал адамды өз элинин арасынан жок кылам.

31 Эч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

32 Ал күн – силер эс алуучу ишемби күн, ошол күнү орозо кармап өзүңөрдү жоошуткула. Айдын тогузунчу күнүнүн кечинен баштап кийинки күндүн кечине чейин ишемби күндү майрамдагыла».

Алачыктар майрамы

33 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

34 «Ысрайыл уулдарына мындай де: “Ошол эле жетинчи айдын он бешинчи күнү – Алачыктар майрамы. Бул майрам жети күнгө созулат.

35 Ал майрамдын биринчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө. Эч кандай жумуш кылбагыла.

36 Жети күн бою Теңирге курмандык чалгыла. Сегизинчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө, Теңирге курмандык чалгыла. Бул майрамдын акыркы күнү эч кандай жумуш кылбагыла.

37 Мына ушулар – Теңирдин майрамдары. Бул күндөрү ыйык жыйындар өткөрүлсүн. Бул күндөрү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыктарын, союлуучу курмандыктарды, куюлуучу курмандыктарды өздөрүнүн белгиленген убагында чалгыла.

38 Теңирге арнап алып келген тартууларыңардан, Теңирдин ишемби күндөрүндө алып келген курмандыктарыңардан, убада боюнча же өз каалооңор боюнча алып келген курмандыктарыңардан сырткары алып келе турган курмандыктарыңар ушулар.

39 Ал эми жетинчи айдын он бешинчи күнү, түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла. Майрамдын биринчи жана сегизинчи күнү – эс алуу күнү.

40 Майрамдын биринчи күнү кооз дарактардын бутактарын, курма пальмасынын бутактарын, жазы жалбырактуу жыгачтын бутактарын жана дарыя жээгиндеги кызыл талдын бутактарын алып, Кудай-Теңириңердин алдында жети күн көңүл ачкыла.

41 Теңирдин бул майрамын бир жылда жети күн майрамдагыла. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө. Аны жетинчи айда майрамдагыла.

42 Алачыктарда жети күн жашагыла. Ысрайылдын ар бир жергиликтүү тургуну алачыкта жашасын.

43 Мен Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыкканда, аларды алачыктарда жашатканымды силердин урпактарыңар биле жүрүшсүн. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».

44 Муса Теңирдин мына ушул майрамдары жөнүндө Ысрайыл уулдарына жарыя кылды.

24-БӨЛҮМ

Чырактан жөнүндө мыйзам

1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук кыл: Чырактан үзгүлтүксүз күйүп, жарык берип турушу үчүн, алар сага чырактанды күйгүзүү үчүн тазаланган, жанчылган зайтун майын алып келишсин.

3 Арун аны жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдында тартылып турган көшөгөнүн сыртында кеч киргенден таң атканга чейин Теңир алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө.

4 Ал таза алтындан жасалган чырактандын үстүндөгү чырактарды Теңирдин алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын.

Нан тартуусу жөнүндө мыйзам

5 Буудай унунан он эки нан бышыр. Ар бир нанга эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк ун кетсин.

6 Аларды Теңирдин алдындагы таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө алты-алтыдан эки катар кылып кой.

7 Ар бир катар нандын үстүнө ладан кой, ал Теңир эсине алышы үчүн коюлган курмандык болсун.

8 Ишемби сайын аларды Ысрайыл уулдарынан алып, Теңирдин алдына дайыма коюп турсун. Бул – түбөлүккө калган мыйзам.

9 Алар Арун менен анын уулдарына таандык, аларды ыйык жайда жешсин, анткени алар Теңирге арналган курмандыктардын ичинен эң ыйыгы. Бул – түбөлүккө калган көрсөтмө».

Жазалар жөнүндө мыйзам

10 Ысрайылдык бир аялдын мисирлик адамдан төрөлгөн уулу Ысрайыл уулдарына келип, ысрайылдык бир адам менен стандын ичинде чатакташа кетти.

11 Ысрайылдык аялдын уулу Теңирдин ысымына тил тийгизип, жаман сөздөрдү айтты. Ошондо аны Мусага алып келишти.

12 Теңирдин буйругу жарыялангыча, аны камап коюшту.

13 Ошондо Теңир Мусага мындай деп айтты:

14 «Жаман сүйлөгөн адамды стандын сыртына алып чык, анын жаман сөздөрүн уккандардын бардыгы колдорун анын башына коюшсун, анан бүт жамаат аны таш бараңга алып өлтүрсүн.

15 Ысрайыл уулдарына болсо мындай де: Ким Кудайга жаман сөз айтса, ал өз күнөөсүн өзү көтөрөт.

16 Теңирдин ысымына тил тийгизген адам өлүшү керек, бүткүл жамаат аны таш бараңга алсын. Теңирдин ысымына тил тийгизген келгин да, жергиликтүү тургун да өлүм жазасына тартылсын.

17 Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.

18 Ким мал өлтүрсө, ал малдын ордуна мал төлөп берсин.

19 Ким өз жакынын жарадар кылса, аны да жарадар кылышсын.

20 Сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш. Ким бир адамды кандай жарадар кылса, аны да так ошондой жарадар кылышсын.

21 Ким мал өлтүрсө, ал аны төлөп берсин. Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.

22 Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бир мыйзам болсун, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

23 Муса Ысрайыл уулдарына ушуларды айтты. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып, Теңирдин ысымына тил тийгизген адамды стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алышты.

25-БӨЛҮМ

Жер жөнүндө мыйзам. Жерди эс алдыруу

1 Синай тоосунда Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силерге берген жерге келгениңерде, ал жер Кудай белгилеген жетинчи жылы эс алсын.

3 Алты жыл катары менен талааңа эгин эк, алты жыл катары менен жүзүмүңдү бута, алардын түшүмдөрүн жыйна.

4 Ал эми жетинчи жыл жердин эс алуу жылы болсун, ал жыл – Теңирдин ишемби жылы. Ал жылы талааңа эгин экпе, жүзүмүңдү бутаба.

5 Өзү өсүп чыккан эгинди орбо, буталбаган жүзүмдүн түшүмүн жыйнаба. Ал жыл жердин эс алуу жылы болсун.

6 Жердин эс алуу жылында өзү өсүп чыккан түшүм өзүңө да, кулуңа да, күңүңө да, жалданган жумушчуңа да, араңарда жашаган келгинге да,

7 малыңа да, жаныбарларга да тамак болсун.

Юбилей жылы

8 Өзүң үчүн эс алуу жылынан жети жолу жети жылды эсептеп ал, ошондо кырк тогуз жыл болот.

9 Жетинчи айдын онунчу күнү сурнай тарт, күнөөдөн арылуучу ошол күнү бүт жериңерде сурнай тарткыла.

10 Элүүнчү жылды ыйык туткула, ошол жылы жериңердеги бардык элдерге эркиндик жарыялагыла. Ал жыл силер үчүн юбилей жылы болсун. Ар ким өз менчигине кайтып келсин, ар ким өз үй-бүлөсүнө келсин.

11 Элүүнчү жыл юбилей жылыңар болсун. Yрөн сеппегиле, өзү өсүп чыккандарды орбогула, буталбаган жүзүмдүн мөмөсүн үзбөгүлө.

12 Анткени бул жыл – юбилей жылы. Бул жыл силер үчүн ыйык жыл болсун. Ушул жылы талаада эмне өссө, ошону жегиле.

13 Ушул юбилей жылы ар бириңер өз менчигиңерге кайтып келгиле.

14 Жакыныңарга бир нерсе сатканда же жакыныңардан бир нерсе сатып алганда, бири-бириңерди таарынтпагыла.

15 Жерди жакыныңдан юбилей жылынан кийинки жылдары сатып алсаң болот, анткени ал сага жерди киреше бере турган маалында сатат.

16 Эгерде юбилей жылына чейин көп жыл бар болсо, баасы кымбат болот. Эгерде юбилей жылына аз жыл калса, баасы арзан болот, анткени ал жерди түшүм бере турган жылдардын санына жараша сатат.

17 Бири-бириңерди таарынтпагыла. Кудайыңардан корккула, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

18 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо жер бетинде тынч жашайсыңар.

19 Жер да өз түшүмүн берет, тойгончо жеп, жер үстүндө тынч жашайсыңар.

20 Эгерде жетинчи жылы: «Же үрөн сеппесек, же түшүм жыйнабасак, эмне жейбиз?» – дей турган болсоңор,

21 Мен алтынчы жылы силерге батамды беремин, ошондо жер үч жылдын түшүмүн берет.

22 Сегизинчи жылы үрөн себесиңер, бирок тогузунчу жылга чейин, анын түшүмүн жыйнаганга чейин, мурунку жылдын түшүмүнөн жейсиңер.

Жеке менчик жөнүндө мыйзам

23 Жер биротоло сатылбасын, анткени жер Меники. Силер Менин келгиндеримсиңер жана убактылуу тургундарымсыңар.

24 Өзүңөрдүн ээлеп турган жериңерди кунун төлөп кайрып алсаңар болот.

25 Эгерде бир тууганың жакырланып кетип, ээлеген жерин сатып жиберсе, анда анын жакын тууганы ал жерди кун төлөп кайра кайрып алсын.

26 Эгерде анын кун төлөп кайрып ала турган жакын тууганы жок болсо, бирок кийин өзү кунун төлөгөнгө каражат тапса,

27 анда ал саткан жылдардан баштап эсептеп, саткан кишисине калган жылдарга жараша төлөп берсин, ошентип өз жерине кайрадан ээ болот.

28 Эгерде кайра алууга каражат таппаса, анда сатылган жер алган кишинин колунда юбилей жылына чейин калат, ал эми юбилей жылы жер кайрадан ээсине тиет.

29 Ким дубал менен курчалган шаардагы үйүн сатса, анда аны саткан күндөн баштап бир жыл өткөнчө кун төлөп кайрып алса болот. Бир жылдын ичинде кун төлөп кайра кайрып алса болот.

30 Эгерде дубал менен курчалган шаардагы үй бир жылдын ичинде кун төлөнүп кайрылып алынбаса, анда ал үй сатып алган адамга жана анын тукумуна түбөлүккө калат, ээсине юбилей жылы да кайтарылбайт.

31 Ал эми дубал менен курчалбаган айылдагы үйлөрдү, жерди кун төлөп кайтарып алгандай кайтарып алыш керек. Ал үйлөрдү кун төлөп кайра кайтарып алууга болот, ээсине юбилей жылы кайра берилет.

32 Ал эми лебилер шаардагы үйлөрүн каалаган убагында кун төлөп кайра кайтарып алышса болот.

33 Лебилердин ичинен ким үйүн кун төлөп кайтарып албаса, анда ал үй юбилей жылы лебиге кайрадан өтөт, анткени шаарлардагы лебилердин үйлөрү Ысрайыл уулдарынын ичинен лебилерге гана таандык.

34 Шаарларынын тегерегиндеги жерлери да сатылбайт, анткени бул – алардын түбөлүк ээлиги.

Жакырлар жана кулдар жөнүндө

35 Келгин болобу, бөтөн жерлик болобу, жакының жакырланып, турмушу начарлап баратса, ага жардам бер, ал сенин жаныңда жашасын.

36 Ага бергениңдин үстүнө үстөк кошуп алба, бергениңден түшкөн кирешени да алба, Кудайыңдан корк. Жакының сенин жаныңда жашасын.

37 Күмүшүңдү үстөк алыш үчүн бербе, тамагыңды пайда табыш үчүн бербе.

38 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерге Канаан жерин бериш үчүн, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

39 Сенин жаныңда жашаган бир тууганың жакырланып кетип, сага кулчулукка сатылса, сен аны кулдай иштетпе.

40 Ал сен үчүн жалданган кызматчы, келгин катары болсун. Юбилей жылына чейин сеникинде иштеп турсун.

41 Ошондон кийин гана ал сенден бөлүнүп кетсин, өзү да, балдары да өз үй-бүлөсүнө кайтсын, кайрадан өз ата-бабаларынын ээлигин ээлесин.

42 Анткени алар – Менин кулдарым, аларды Мен Мисир жеринен алып чыккам. Аларды кулдарды саткандай сатпагыла.

43 Аларга катаал бийлик кылба, Кудайыңдан корк.

44 Өз кулуң, өз күңүң болсун десең, тегеректеги элдерден сатып ал.

45 Араңарда жашаган келгиндердин балдарынан да сатып алсаңар болот, алардын силердин жериңерде төрөлгөн балдарынан да сатып алсаңар болот, ошондо алар силердин менчигиңер болуп калат.

46 Аларды өзүңөрдөн кийин балдарыңарга мураска калтырсаңар болот. Алар силерге түбөлүккө кул болсун. Бирок өз бир тууганыңарга, Ысрайыл уулдарына, бири-бириңерге катаал бийлик кылбагыла.

47 Эгерде сенин жаныңда жашаган келгин же бөтөн жерлик жетиштүү жашап калса, ал эми бир тууганың анын алдында жакырланып кетип, келгинге же келгиндин уругунан бирөөнө өзүн кулчулукка сатса,

48 анда ал сатылгандан кийин, аны кунун төлөп кайра кайтарып алса болот. Бир туугандарынын ичинен бирөө аны кунун төлөп кайрып алсын.

49 Же анын атасынын бир тууганы, же анын баласы, же анын жакын туугандарынан бирөө, же уруусунан бирөө анын кунун төлөсүн. Эгерде каражат тапса, өзүн өзү бошотуп алат.

50 Ал өзүн саткан жылдан юбилей жылына чейинки жылдарды эсептеп, ошол жылдардын санына жараша күмүш төлөсүн. Ал ага убактылуу жалданган адамдай болуп эсептелсин.

51 Эгерде юбилей жылына чейин дагы көп жыл бар болсо, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.

52 Эгерде юбилей жылына аз эле жыл калса, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.

53 Кулчулукка сатылган жылдарда ал ага жалданган адамдай болсун. Ал сенин көзүңчө ага катаал бийлик кылбасын.

54 Эгерде ага ушундай жол менен кун төлөнбөсө, анда юбилей жылы өзү да, балдары да бошотулат.

55 Анткени Ысрайыл уулдары – Менин кулдарым. Алар – Мен Мисир жеринен алып чыккан Менин кулдарым. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

26-БӨЛҮМ

Теңирдин бата убада кылуусу

1 Табыныш үчүн жасалма кудайларды, балбалдарды, мамыларды, сүрөт чегилген таштарды жашаган жериңерге орнотпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин.

2 Менин ишембилеримди сактагыла, Менин ыйык жайымды ыйык туткула. Мен Теңирмин.

3 Эгерде силер Менин көрсөтмөлөрүм боюнча жашасаңар, Менин осуяттарымды сактасаңар жана аткарсаңар,

4 анда Мен жамгырды өз убагында жаадырам, жер да өз түшүмүн берет, талаадагы дарактар да жемиш берет.

5 Бастырган даныңар жүзүм үзгөнгө чейин жетет, жыйнаган жүзүмүңөр үрөн сепкенге чейин жетет, наныңарды тойгончо жеп, өз жериңерде бейкут жашайсыңар.

6 Жериңерге бейпилдик берем. Уктап жатканыңарда эч ким тынчыңарды албайт. Силер жашаган жерден жырткыч айбандарды кууп чыгарам, кылыч көтөргөндөрдү жолотпойм.

7 Кастарыңарды качырасыңар, алар силердин кылычыңардан өлүшөт.

8 Бешөөң жүздү качырасың, жүзүң түмөндү качырасың, душманыңар силердин кылычыңардан кыйрайт.

9 Мен Өзүм силерге назарымды салып, укум-тукумуңарды көбөйтөм, силер менен түзгөн келишимиме бек турам.

10 Өткөн жылдыкын жейсиңер, жаңы түшүмдүн молдугунан эскини таштап коёсуңар.

11 Өзүмдүн турагымды силердин араңарга тургузам, Мен силерден баш тартпайм.

12 Силердин араңарда жүрүп, силердин Кудайыңар болом, силер Менин элим болосуңар.

13 Силер Мисир жеринде кул болбошуңар үчүн, кулчулуктун кишендерин талкалап, башыңарды бийик көтөртүп, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

Тил албастык үчүн жаза

14 Эгерде Мага тил албасаңар, ушул осуяттардын баарын аткарбасаңар,

15 Менин көрсөтмөлөрүмдү жек көрсөңөр, Менин мыйзамдарымдан баш тартсаңар, Менин осуяттарымды аткарбасаңар, Менин келишимимди бузсаңар,

16 анда Мен да мындай кылам: үрөй учурган коркунуч, кургак учук, безгек каптатам, ошондо айлаңар кетип, жаныңар кыйналат. Сепкен үрөнүңөр текке кетет, аны кас душмандарыңар жейт.

17 Мен силерге каршы чыгам, ошондо душмандарыңардын алдында кыйрайсыңар, душмандарыңар силерге үстөмдүк кылат, аркаңардан эч ким куубаса деле качып жөнөйсүңөр.

18 Ошондон кийин да Менин тилимди албасаңар, анда күнөөлөрүңөр үчүн жазаны жети эсе көбөйтөм.

19 Кекирейген текебердигиңерди сындырып, асманыңарды темирдей, жериңерди жездей кылам.

20 Силердин күчүңөр текке кетет, жериңер түшүм бербейт, дарактарыңар жемиш бербейт.

21 Эгерде ушундан кийин да Мага каршы чыксаңар жана Мени уккуңар келбесе, анда күнөөлөрүңөр үчүн соккуну дагы жети эсе көбөйтөм.

22 Силерге жырткыч айбандарды каптатам, алар балдарыңарды жейт, малдарыңарды кырат, өзүңөрдү да кырат, ошондо көчөлөрүңөр ээн калат.

23 Эгерде ошондон кийин да оңолбой, Мага каршы чыга турган болсоңор,

24 анда Мен да силерге каршы чыгам, күнөөлөрүңөр үчүн силерди жети эсе жазалайм.

25 Менин келишимимди бузганыңар үчүн, кылыч менен өч алам. Эгерде шаарыңарга жашырынып алсаңар, анда жугуштуу оору каптатып, душманыңардын колуна салып берем.

26 Адамга кубат берүүчү нандан өксүтөм. Он аял биригип, бир очокко нан бышырып, нанды өлчөп беришет. Жейсиңер, бирок тойбойсуңар.

27 Эгерде ошондон кийин да Менин тилимди албай, Мага каршы чыксаңар,

28 анда Мен да каарымды төгүп, силерге каршы чыгам, күнөөлөрүңөр үчүн силерди жети эсе жазалайм.

29 Балдарыңар менен кыздарыңардын этин жейсиңер.

30 Бутканаларыңарды кыйратам, мамыларыңарды талкалайм, өлүгүңөр кыйраган жасалма кудайларыңардын астында калат. Мен силерден жийиркенем.

31 Шаарларыңарды чөлгө айлантам, ыйык жайыңарды ээн калтырам, курмандыгыңардын жагымдуу жытын жыттабайм.

32 Жериңерге отурукташкан душмандарыңар айран-таң калгыдай кылып, жериңерди кыйратам.

33 Ал эми өзүңөрдү ар кыл элдин арасына таратам, аркаңардан кылычымды сунам, жериңер ээн калат, шаарларыңарды талкалайм.

34 Ошондо ээн калган жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Силер душман жеринде жашап жатканыңарда гана жер эс алып, ишемби жылдары үчүн эс алат.

35 Силер жашап жатканда, ишемби жылдары эс албаган жер ээн калган күндөрдө эс алат.

36 Душман жеринде тирүү калгандарыңарды суу жүрөк кылам, алар жалбырактын дирилдегенинен качып жөнөй турган болушат, артынан эч ким куубаса да, кылычтан качкансып качышат.

37 Эч ким куубаса да, кылычтан жыгылгансып, бири-бирине чалынып жыгылышат, душмандарыңарга каршы турганга алыңар келбей калат.

38 Ар кыл элдин арасында кырыласыңар, душмандарыңардын жеринде жок болосуңар.

39 Ал эми тирүү калгандарыңар өзүңөрдүн мыйзамсыздыктарыңар үчүн, ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыктары үчүн душмандарыңардын жеринде чирийсиңер.

40 Ошондо гана алар өздөрүнүн мыйзамсыздыктарын, ата-бабаларынын мыйзамсыздыктарын, Мага каршы чыгышканын, Мага каршы кылган кылмыштарын мойнуна алышат.

41 Мына ошол үчүн Мен да аларга каршы чыгып, аларды өздөрүнүн душмандарынын жерине алып келгенде, алардын сүннөтсүз жүрөктөрү моюн сунуп, өздөрүнүн мыйзамсыз иштеринин азабын тартышат.

42 Ошондо Мен Жакып менен, Ыскак менен, Ыбрайым менен түзгөн келишимимди жана ал жерди эстейм.

43 Ошондо алар калтырып кеткен жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Алар Менин мыйзамдарымды жек көргөндүгү үчүн, Менин мыйзамдарымдан баш тарткандыгы үчүн, өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн жазасын алышат.

44 Бирок алар душмандарынын жеринде жашап жатканда да, Мен аларды четке какпайм, алардан жийиркенбейм, алар менен түзгөн келишимимди бузбайм, аларды таптакыр жок кылбайм, анткени Мен алардын Кудай-Теңиримин.

45 Мен алар үчүн алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди эстейм. Мен алардын ата-бабаларынын Кудайы болуш үчүн, аларды башка элдердин көз алдында Мисир жеринен алып чыккам. Мен Теңирмин”».

46 Теңирдин Муса аркылуу Синай тоосунда Өзү менен Ысрайыл уулдарынын ортосуна койгон көрсөтмөлөрү, чечимдери, мыйзамдары ушулар.

27-БӨЛҮМ

Кудайга адамдарды жана буюмдарды арноо жөнүндө

1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Ким Теңирге кайсы бир нерсесин арноого убада берсе, сенин баалаганың боюнча

3 ал адам ыйык шекел менен баалансын. Эгерде ал жыйырма жаштан алтымыш жашка чейинки эркек болсо, элүү ыйык күмүш шекелге баалансын.

4 Эгерде аял болсо, анда отуз күмүш шекелге баалансын.

5 Беш жаштан жыйырма жашка чейинки эркек жыйырма күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.

6 Бир айдан беш жашка чейинки эркек бала беш күмүш шекелге, ал эми кыз үч күмүш шекелге баалансын.

7 Алтымыш жаштан жогорку эркек он беш күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.

8 Эгерде ал адам өтө эле жарды болсо, айтылган бааны бере албаса, анда аны ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин, ыйык кызмат кылуучу аны жашоо шартына жараша бааласын.

9 Ким Теңирге арнап мал алып келсе, анда ал мал курмандыкка чалынсын. Теңирге арнала тургандын баары ыйык болсун.

10 Ал мал башка нерсеге айырбашталбасын, жакшысы жаманга же жаманы жакшыга алмаштырылбасын. Ким малды малга алмаштырса, анда экөө тең ыйык болуп эсептелсин.

11 Эгерде Теңирге арнап курмандыкка чалганга жарабаган таза эмес мал алып келсе, анда ал малды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

12 Ал мал жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу баалайт. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.

13 Ким ал малдын кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда ал малдын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп сатып алсын.

14 Ким Теңирдин ыйык жайы үчүн үйүн арнаса, ал үй жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу бааласын. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.

15 Эгерде арнаган киши үйүнүн кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда сен койгон баа боюнча үйдүн баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо үй аныкы болот.

16 Ким өз үлүшүнөн Теңирге жер арнаса, анда анын баасы себилген үрөнгө жараша болсун. Себилген бир хомер арпа үчүн элүү күмүш шекел.

17 Ким өзүнүн жерин юбилей жылы арнаса, анда ал ыйык кызмат кылуучу койгон баада болсун.

18 Ким өзүнүн жерин юбилей жылынан кийин арнаса, анда ыйык кызмат кылуучу аны кийинки юбилей жылына чейинки, калган жылдардын санына жараша бааласын, ошондо баасы азаят.

19 Эгерде жерин арнаган киши аны кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда анын баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо жер өзүндө калат.

20 Эгерде ал жерин кунун төлөп кайрып албаса, жер башка кишиге сатылып кетсе, анда аны кунун төлөп кайтарып алууга болбойт.

21 Ал жерди эч ким сатып албаса, юбилей жылы Теңирге арналган ыйык жер болуп калат. Ал жер түбөлүккө ыйык кызмат кылуучунуку болот.

22 Ким Теңирге өзүнүн жерин эмес, сатып алган жерин арнаса,

23 анда ыйык кызмат кылуучу аны юбилей жылына чейинки жылдардын санына жараша баалап, ошол эле күнү Теңирге арнасын.

24 Ал жер юбилей жылы жердин биринчи ээсине өтөт.

25 Ар бир нерсенин баасы ыйык шекел менен баалансын, бир шекелде жыйырма гер бар.

26 Малдын биринчи төлүн эч ким Теңирге арнабасын, анткени биринчи төл Теңирге тиешелүү. Өгүз болобу, майда жандык болобу, алар Теңирдики.

27 Эгерде мал таза эмес болсо, анда аны сен койгон баанын үстүнө баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп кайра кайрып алсын. Эгерде ал кунун төлөбөсө, анда ал сен койгон баада сатылышы керек.

28 Ким Теңирге өз менчигинен адам, мал, жер арнаса, анда алар сатылбайт жана кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Теңирге арналгандын баары Теңир алдында ыйык.

29 Теңирге арналган адам кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Ал өлтүрүлсүн.

30 Бардык түшүмдүн: жердин түшүмүнүн, дарактардын жемишинин ондон бир бөлүгү Теңирге таандык. Бул Теңирдин алдында ыйык.

31 Ким өзү берген түшүмдүн ондон бир бөлүгүнүн кунун төлөп кайра алгысы келсе, анда анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп берсин.

32 Бодо мал менен майда малдын ондон бир бөлүгү, таяк астынан өткөн малдын онунчусу Теңирге арналсын.

33 Ал жакшы же жаман деп тандалбасын, алмаштырылбасын. Эгерде аны алмаштырса, анда экөө тең Теңирге таандык болуп калат да, куну төлөнүп кайра кайтарылбайт”».

34 Мына ушул осуяттарды Теңир Синай тоосунда Ысрайыл уулдарына Муса аркылуу берген.