1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы Жыйынына жана Ахаядагы бардык ыйыктарга салам!

2 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.

Кудай – сооронуунун булагы

3 Эгебиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы, боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон Кудай Ата макталсын!

4 Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат.

5 Машайак жолунда биз азапты канчалык көп тарткан сайын, Машайак аркылуу ошончолук сооронуп жатабыз.

6 Эгерде кайгырып жатсак, силердин сооронушуңар үчүн жана куткарылышыңар үчүн кайгырып жатабыз. Эгерде сооронуп жатсак, силердин сооронушуңар үчүн сооронуп жатабыз. Анткени бул сооронуу биз сыяктуу эле кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан силерге да кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен көтөрүүгө жардам берет.

7 Биздин силерден үмүтүбүз чоң, анткени биз сыяктуу эле силер да кыйынчылыктарды башыңардан өткөрүп жатканыңарды, биз сыяктуу эле сооронуп жатканыңарды билебиз.

8 Бир туугандар, Азия жеринде башыбызга түшкөн кыйынчылык жөнүндө билишиңерди каалайм. Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз.

9 Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезген элек. Бул кыйынчылык өзүбүзгө таянбай, өлгөндөрдү тирилткен Кудайга таянышыбыз үчүн болду.

10 Ал бизди өлүм коркунучунан куткарып алды, куткарып жатат, дагы да куткарат деп, биз Андан үмүттөнөбүз.

11 Силердин да биз үчүн сыйынганыңар боюнча, көптөрдүн арачылык кылып сыйынганы боюнча Кудай бизге ырайым кылгандыгы үчүн, көптөр Кудайга ыраазычылык билдиришет.

Пабылдын пландарынын өзгөрүшү

12 Дүйнөдө, айрыкча, силердин араңарда биз адамдык акылмандуулук менен эмес, Кудайдын ырайымы, Кудайдан келген ыйыктык, тазалык менен жашаганыбызга абийирибиз күбө. Бул биздин мактанычыбыз.

13 Биздин силерге жазганыбыз силер окуп түшүнө албагыдай нерсе эмес, бизди толук түшүнөсүңөр деп үмүттөнөм.

14 Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү биз силердин мактанычыңар болорубузду, силер биздин мактанычыбыз болоруңарды силер азыр кандайдыр бир деңгээлде түшүнүп калдыңар.

15 Буга мен бекем ишенгендиктен, эки ирет батага ээ болушуңар үчүн,

16 Македонияга бара жатып да, ал жактан келе жатып да силерге тие кетейин деп ойлогом. Силер мени Жүйүт аймагына узатып коймоксуңар.

17 Ушундай максатты алдыма койгонум жеңил ойлуулукпу? Же эмне, мен адамдык акыл менен чечим чыгарып, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деп жатыптырмынбы?

18 Кудай ишенимдүү, биз силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дечү эмеспиз.

19 Мен, Сылас жана Тиметей аркылуу араңарда жарыяланган Кудай Уулу Ыйса Машайак бир туруп «ооба», бир туруп «жок» болгон эмес, Анда «ооба» гана болгон.

20 Кудайдын бардык убадалары Машайак аркылуу «ооба». Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машайак аркылуу Кудайга «Оомийин» дейбиз.

21 Машайак аркылуу силерди да, бизди да бекемдеген жана бизди майлаган – Кудай.

22 Мөөрүн басып, жүрөгүбүзгө Рухту аманат кылып салып берген да – Ал.

23 Кудайды күбөгө тартам, Корунтка кайра келбегенимдин себеби: силерди аядым.

24 Биз силердин ишенимиңердин үстүнөн бийлик кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз, анткени силердин ишенимиңер бекем.

2-БӨЛҮМ

1 Ошондуктан мен дагы барып силерди капалантпаш үчүн, келбей эле коёюн деп чечтим.

2 Эгерде мен силерди капа кылган болсом, капа болуп калган силерден башка мени ким кубантат?

3 Барганымда, мени кубантчу адамдар мени капалантышпагандай болсун деп, буларды жаздым. Менин кубанычым жалпыңардын кубанычыңар болот деп, бекем ишенем.

4 Силерди капа кылыш үчүн эмес, менин силерге болгон терең сүйүүмдү сезишиңер үчүн, кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жаздым.

Күнөөсү үчүн кечирим сураган адамды кечирүү

5 Эгерде кимдир бирөө мени капа кылса, мени эмес, кандайдыр бир деңгээлде (ашыра айтпайын) баарыңарды капа кылды.

6 Мындай адамга көпчүлүктүн бул жазасы жетиштүү.

7 Кайгыга чөгүп мүңкүрөп калбашы үчүн, ал адамды кечирип, сооротконуңар жакшы.

8 Ошондуктан ага сүйүү менен мамиле кылууңарды суранам.

9 Мен муну силерге бардык учурда эле тил алар-албасыңарды иш жүзүндө көрүш үчүн жаздым.

10 Кимди кечирсеңер, мен да аны кечирем. Эгерде мен бирөөнү кечирсем, силер үчүн Машайактын атынан кечирдим.

11 Шайтан бизге зыян келтирбеши үчүн кечирдим. Анткени анын арам ойлору бизге белгилүү.

12 Машайактын Жакшы Кабарын таратыш үчүн, Троаска келгенимде, Теңир аркылуу бул жерде Жакшы Кабар таратуу үчүн, эшик ачык болгонуна карабастан, рухум тынчтана албады.

13 Анткени мен бир тууганым Титти ал жерден таппай койдум. Алар менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.

Машайак жолундагы жеңиш

14 Машайак аркылуу бизге ар дайым жеңиш берген жана Өзүн таанып билүүнүн жагымдуу жытын ар кайсы жерде биз аркылуу таратып жаткан Кудайга ыраазыбыз!

15 Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын арасында да, өлүмгө бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз.

16 Бирөөлөр үчүн өлүм алып келген өлүм жыты болсок, башка бирөөлөр үчүн өмүр алып келген өмүр жытыбыз. Андай болсо бул ишке ким жөндөмдүү?

17 Биз көптөргө окшоп Кудайдын Сөзүн бурмалабайбыз. Кудай Сөзүн Кудайдан келген Сөз катары, Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп, чын жүрөктөн айтабыз.

3-БӨЛҮМ

Элчилер – Жаңы Келишимдин кызматчылары

1 Чыны менен эле, биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырышыбыз керекпи? Чыны менен эле, биз кээ бирөөлөр сыяктуу силерге мактоо катын жазганга же силерден ошондой кат алганга муктажбызбы?

2 Жүрөгүбүзгө жазылган, бардык адамдар таанышып да, окуп да жаткан биздин катыбыз силерсиңер.

3 Силер биздин кызматыбыз аркылуу сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, жүрөктүн эт лоокторуна жазылган Машайактын каты экендигиңерди өзүңөр эле көрсөтүп жатасыңар.

4 Биз Кудайдын алдында Машайак аркылуу ушундай ишенимге ээ болдук.

5 Биз өзүбүз бир нерсе жөнүндө ойлонууга жөндөмдүү эмеспиз, биздин жөндөмдүүлүгүбүз Кудайдан.

6 Ал бизге Жаңы Келишимдин кызматчылары болууга жөндөмдүүлүк берди. Бул кызмат болсо – мыйзам тамгасына эмес, Рухка негизделген кызмат. Анткени мыйзам тамгасы өлтүрөт, ал эми Рух өмүр берет.

7 Мусанын жүзүнөн өчө турган нур чачырап тургандыктан, Ысрайыл уулдары анын жүзүн карай алышкан эмес. Ташка чегилип жазылган, өлүм алып келүүчү мыйзам тамгасынын кызматы ушундай даңктуу болсо,

8 Рухтун кызматы андан бетер даңктуу.

9 Адамды айыптоо кызматы даңктуу болсо, адамды актоо кызматы андан бетер даңктуу.

10 Азыр даңкталып жаткан кызмат менен салыштырганда, мурун даңкталган кызмат даңктуу болбой калат.

11 Анткени өтүп кетчү кызмат даңктуу болгон болсо, азыркы кызмат андан бетер даңктуу.

12 Ушундай үмүтүбүз бар болгондуктан, кайраттуулук менен кызмат кылып жатабыз.

13 Жүзүндөгү нурдун өчүп бара жатканын Ысрайыл уулдары көрбөсүн деп, жүзүнө жабуу жаап алган Мусадай эмеспиз.

14 Бирок Ысрайыл уулдарынын акылы караңгыланып калган. Анткени Байыркы Келишимди окуп жаткан алардан ошол жабуу ушул күнгө чейин алынбай турат. Ал жабууну Машайак гана алып сала алат.

15 Муса пайгамбардын китептерин окуп жатышкан алардын жүрөктөрүндө ушул күнгө чейин жабуу бар.

16 Бирок Теңирге кайрылышканда, ал жабуу алынат.

17 Теңир – Рух, Теңирдин Руху болгон жерде – эркиндик.

18 Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз. Бул Теңирдин Руху аркылуу болуп жатат.

4-БӨЛҮМ

Чопо идиштердеги кенч

1 Бул кызмат бизге Теңирдин ырайымы менен берилгендиктен, көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз.

2 Жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сөзүн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү ар бир адамдын абийирине коёбуз.

3 Биз жарыялаган Жакшы Кабар жабык болсо, ал өлүмгө бара жаткандар үчүн жабык.

4 Кудайдын бейнеси болгон Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсү үчүн, бул дүйнөнүн төрөсү ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон.

5 Биз өзүбүздү жарыялап жаткан жокпуз. Машайак Ыйсаны Теңир деп, өзүбүздү болсо Ыйса үчүн силердин кулдарыңарбыз деп жарыялап жатабыз.

6 Караңгылыкта жарык жаркырасын деп буйруган Кудай Өзүнүн даңкын Ыйса Машайак аркылуу бизге көрсөтүш үчүн, жүрөгүбүздү жарык кылды.

7 Бирок кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз.

8 Биз бардык тараптан кысымга алынып жатабыз, бирок өзүбүздү кысымга алынгандай сезбейбиз. Биз үмүтсүз абалдабыз, бирок үмүтүбүздү үзбөйбүз.

9 Бизди кубалап жатышат, бирок кароосуз калган жокпуз. Бизди кыйнап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.

10 Ыйсанын өмүрү денебизде көрүнүшү үчүн, Теңир Ыйсанын өлүмүн ар дайым денебизде алып жүрөбүз.

11 Анткени биз, тирүүлөр, өлө турган денебизде Ыйсанын өмүрү көрүнүшү үчүн, Ыйса үчүн ар дайым өлүмгө баш коюп жатабыз.

12 Ошентип, биз өлүмгө баш коюп жатабыз, силер болсо өмүргө ээ болуп жатасыңар.

13 Забурда: «Мен ишенгем, ошондуктан сүйлөдүм», – деп жазылган. Ошол эле ишеним рухуна ээ болгон биз да ишенебиз, ошондуктан сүйлөп жатабыз.

14 Анткени биз Ыйса Теңирди тирилткен Кудай Ыйса менен бирге бизди да тирилтерин, Өзүнүн алдына силер менен кошо бизди да алып келерин билебиз.

15 Мунун баары силер үчүн, артыгы менен көрсөтүлгөн ырайым көптөрдүн ыраазычылык билдирүүсүн арттыруу үчүн жана Кудай даңкталышы үчүн болуп жатат.

16 Ошондуктан биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам күндөн-күнгө жаңыланууда.

17 Башыбыздан өткөрүп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз түбөлүктүү даңкты эбегейсиз көп жаратат.

18 Анткени биз көрүнгөн нерсеге эмес, көрүнбөгөн нерсеге назар салабыз. Көрүнгөн нерсе убактылуу, көрүнбөгөн нерсе болсо түбөлүктүү.

5-БӨЛҮМ

Бардык адамдар Машайактын сотуна тартылышат

1 Жердеги үйүбүз, бул чатырыбыз, кыйрагандан кийин, Кудай бизге асмандан адамдын колу менен жасалбаган имаратты, түбөлүк үйдү, берерин билебиз.

2 Ошон үчүн асмандагы үйүбүздү кийүүнү каалап, улутунуп жатабыз.

3 Кийимчен туруп, жылаңач деп табылып калбасак эле болду.

4 Бул чатырыбызда турганыбызда кыйналып, үшкүрүнүп жатабыз. Анткени өлө турган нерсенин бардыгынын үстүнөн өмүр жеңишке жетиши үчүн, биз жылаңач болууну эмес, кийимчен болууну каалайбыз.

5 Кудай бизди ошого даярдаган жана бизге Рухту аманат кылып берген.

6 Ошондуктан ар дайым кайраттуубуз, бул денебизде жашап жатканыбызда, Теңирден алыс экенибизди билебиз.

7 Анткени биз көргөнүбүз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз.

8 Ошондуктан биз кайраттуубуз, денеден чыгып, Теңирдин жанына барууну артык көрөбүз.

9 Денебизде жашап жатсак да, денебизден чыгып кете турган болсок да, Теңирге жагууга аракеттенип жатабыз.

10 Анткени денеде жашап жүргөндө кылган жаман же жакшы иштерибизге жараша тиешебизди алуу үчүн, баарыбыз Машайактын сот тактысынын алдына келишибиз керек.

11 Ошентип, Кудайдан коркуу деген эмне экенин билгендиктен, адамдарды ынандырууга аракеттенип жатабыз. Кудай алдында ачыкпыз, силердин абийириңердин алдында да ачыкпыз деп ойлойм.

12 Биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырып жаткан жокпуз. Жүрөгү менен эмес, сырткы көрүнүшү менен мактангандарга жооп бере алгыдай болушуңар үчүн, биз менен мактана алгыдай мүмкүнчүлүк берип жатабыз.

13 Эгерде өзүбүздү кармай албай калып жатсак, анда Кудай үчүн ошентип жатабыз. Эгерде өзүбүздү токтоо алып жүрсөк, анда силер үчүн ошентип жатабыз.

14 Анткени Машайактын сүйүүсү: «Бирөө бардыгы үчүн өлдү, демек, бардыгы өлүштү», – деп ойлогон бизди ошентүүгө милдеттендирет.

15 Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, өздөрү үчүн өлгөн жана кайра тирилген Машайак үчүн жашашы үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн.

16 Ошондуктан биз мындан ары эч кимди сырткы көрүнүшү боюнча баалабайбыз. Биз мурун Машайакты сырткы көрүнүшү боюнча адам катары бааласак да, азыр андай баалабайбыз.

17 Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жаңы адам. Мурункунун баары өтүп кетти, азыр баары жаңы болду.

18 Мунун баары Кудайдан, Кудай Машайак аркылуу бизди Өзү менен элдештирди жана бизге элдештирүү кызматын берди.

19 Анткени Кудай Машайактын ичинде дүйнөнү Өзү менен элдештирди, адамдардын күнөөлөрүн эске алган жок. Бизге болсо Кудай менен элдешүү жөнүндөгү сөздү жарыялоону тапшырды.

20 Ошентип, биз Машайактын атынан келген элчилербиз, Кудай Өзү биз аркылуу адамдарга кайрылып жатат. Машайактын атынан суранабыз: Кудай менен элдешкиле.

21 Машайак аркылуу Өзүнүн алдында бизди адилеттүү кылыш үчүн, күнөөнү билбеген Машайакты биз үчүн күнөө кылды.

6-БӨЛҮМ

Жакшы Кабар таратууда Пабылдын тарткан азаптары

1 Кудайдын кызматташтары катары силерге эскертебиз: Кудайдын ырайымын кабыл алганыңар пайдасыз болуп калбасын.

2 Себеби Ал мындай деген: «Жакшы убакта Мен сени уктум, куткарылуу күнү сага жардам бердим». Мына азыр – жакшы убакыт, мына бүгүн – куткарылуу күнү.

3 Кызматыбыз сөзгө калбаш үчүн, эч кимге эч нерседе кедерги болбойбуз.

4 Тескерисинче, кыйынчылык келгенде, муктаж болгондо, кысымчылык болгон учурларда,

5 таяк жегенде, түрмөлөргө түшкөндө, куугунтуктар болгондо, эмгектенгенде, уйкусуз түндөрдө, орозо кармаганда,

6 тазалыкты, кеменгерликти, кең пейилдикти, чыдамдуулукту, жакшылыкты, Ыйык Рухтун күчүн жана таза сүйүүнү көрсөтүүдө,

7 чындык сөзүн жарыялоодо, Кудайдын күчүн көрсөтүүдө адилдиктин куралын оң колубузга да, сол колубузга да кармап,

8 бизди сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да – бардык учурда бардык нерсеге чыдап, өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтүп жатабыз. Бизди жалганчы деп эсептешет, бирок биз ишенимдүүбүз.

9 Таанымал болбосок да, бизди таанышат. Бизди өлгөн адамдар катары көрүшөт, бирок биз тирүүбүз. Бизди жазалап жатышат, бирок өлгөн жокпуз.

10 Бизди капа кылып жатышат, бирок биз ар дайым кубанабыз. Жардыбыз, бирок биз көптөрдү байытабыз. Эч нерсебиз жок, бирок биз баарына ээбиз.

11 Корунттуктар, силер менен ачык сүйлөштүк, силерге жүрөгүбүздү кенен ачтык.

12 Биз силерди жүрөгүбүзгө батырдык, бирок силер бизди батыра албадыңар.

13 Силерге балдарым катары кайрылып жатам, биз сыяктуу эле силер да бизге жүрөгүңөрдү кенен ачкыла.

Тирүү Кудайдын ийбадатканасы

14 Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?

15 Машайак менен Белиардын ортосунда кандай макулдашуу бар? Ишенген адам менен ишенбеген адамдын ортосунда кандай жалпылык бар?

16 Кудайдын ийбадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар? Анткени силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Кудай мындай деген: «Алардын арасына жайгашып, алардын арасында жүрөм, алардын Кудайы болом, алар Менин элим болушат».

17 «Ошон үчүн алардын арасынан чыккыла, алардан бөлүнгүлө, – дейт Теңир, – арам нерселерге жолобогула, ошондо Мен силерди кабыл алам».

18 «Мен силерге Ата болом, силер болсо Менин уулдарым, кыздарым болосуңар», – дейт кудуреттүү Теңир.

7-БӨЛҮМ

1 Сүйүктүү бир туугандарым, Кудай бизге ушундай убадаларды бергендиктен, денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка умтулалы.

Пабылдын корунттуктар үчүн кубанышы

2 Бизге жүрөгүңөрдөн орун бергиле: биз эч кимди таарынткан жокпуз, эч кимге зыян келтирген жокпуз, эч кимди пайдаланган жокпуз.

3 Муну силерди айыпташ үчүн айтып жаткан жокмун. Мурун айтып кеткенимдей, силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр, өлсөк да, жашасак да силер менен биргебиз.

4 Силерге болгон ишенимим чоң, силер менен өзгөчө сыймыктанам. Бардык кайгы-капабызга карабай, толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам.

5 Себеби Македонияга келгенибизде, жаныбыз тынчтык тапкан жок, ар тарабыбыздан кысымга алындык: сырттан – кол салуу, ичтен – коркунуч.

6 Бирок көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай бизди Титтин келиши менен сооротту.

7 Титтин келиши гана эмес, анын силер аркылуу сооронгондугу да бизди сооротту. Мага болгон камкордугуңар, сагынычыңар, мен үчүн төккөн көз жашыңар жөнүндө Титтен укканымда, ого бетер кубандым.

8 Ошондуктан жазган катым менен силерди капалантканыма өкүнбөйм. Катымдын силерди капалантканын көрүп, өкүнгөн элем, бирок силер убактылуу эле капаландыңар.

9 Азыр болсо кубанып турам. Албетте, кайгырганыңар үчүн эмес, күнөөңөрдү сезип өкүнүп, кайгырганыңар үчүн кубанып жатам. Анткени силер Кудайга жаккандай кайгырдыңар, демек, биз силерге эч кандай зыян келтирген жокпуз.

10 Себеби Кудайга жаккан кайгы тобо кылып куткарылууга алып келет, ал эми бул дүйнөнүкүндөй кайгы өлүмгө дуушар кылат.

11 Себеби Кудайга жаккан кайгы силерде кандай тырышчаактыкты, кечирим суроону, күнөө кылган адамга нааразыланууну, коркунучту, каалоону, кызганчаактыкты, жазаны жаратканын карагылачы. Бул иште таза экениңерди бардык жагынан көрсөттүңөр.

12 Мен бул катты таарынткан адам үчүн да, таарынган адам үчүн да жазган жокмун. Болгону, биз жөнүндө кандай кам көрөрүңөр Кудай алдында өзүңөргө белгилүү болушун гана кааладым.

13 Анткени биз силердин сооронууңар аркылуу сооронуп калдык. Буга кошумча Титтин кубанычы бизди ого бетер кубантты, баарың анын рухун тынчтандырыптырсыңар.

14 Мен силерди ага мактап, уятка калган жокмун. Силерге айткандарыбыздын баары чындык болгондой эле, Титке силерди мактаганыбыз да туура болуп чыкты.

15 Баарыңардын тил алчаактыгыңарды, өзүн коркунуч менен кандай ызааттап кабыл алганыңарды эстеген сайын, анын жүрөгү жылыйт.

16 Ошентип, бардык нерседе силерге таяна ала тургандыгыма кубанам.

8-БӨЛҮМ

Иерусалим Жыйыны үчүн жардам чогултуу

1 Бир туугандар, силерди Кудайдын Македониядагы Жыйындарга көрсөткөн ырайымы жөнүндө кабардар кылабыз.

2 Баштарына оор сыноолор келгенине карабастан, алардын кубанычы чоң; өтө жакырдыгына карабастан, алар өтө берешен.

3 Анткени мен алардын чын көңүлдөн, колдорунан келишинче, атүгүл, ашыра беришкенине күбөмүн.

4 Ыйыктарга кызмат кылууга кошкон салымдарын кабыл алышыбызды алар бизден көптөн-көп өтүнүштү.

5 Алар биз күткөндөн да артык кылышты. Алгач өздөрүн Кудайга арнашты, андан кийин Кудайдын эрки менен өздөрүн бизге арнашты.

6 Ошондуктан биз Титтен силердин араңарда баштаган ушул жакшы ишин да аягына чыгарышын өтүндүк.

7 Силерде бардыгы мол: ишенимге, сөзгө, билимге байсыңар, бардык жагынан тырышчааксыңар, бизди чын дилиңер менен сүйөсүңөр, эми ушул кайрымдуулук ишинде да ынталуулук көрсөткүлө.

8 Муну мен силерге буйрук иретинде айткан жокмун. Башкалардын ынталуулугуна салыштыруу аркылуу силердин сүйүүңөрдү да сынап жатам.

9 Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силерге белгилүү, Ал Өзү бай болуп туруп, силер үчүн жардыланды. Силер Анын жардылыгы аркылуу бай болушуңар үчүн ошентти.

10 Бул нерсеге карата мен өз оюмду айтайын: бул ишти жаңы эле баштабастан, өткөн жылы эле өз каалоосу менен баштаган силер үчүн бул пайдалуу.

11 Эми бул ишти аягына чыгаргыла. Өзүңөр каалап баштаган ишти өз мүмкүнчүлүгүңөргө жараша аягына чыгаргыла.

12 Бергенге каалоосу болсо, колунда жок нерсеге жараша эмес, колунда болгон нерсеге жараша кабыл алынат.

13 Башкаларга жеңилдик болуп, силерге оордук түшпөсүн, тескерисинче, теңдик болсун.

14 Теңдик болуш үчүн, азыр силердин ашык нерсеңер тигилердин кем-карчын толуктоого жумшалсын, кийин тигилердин ашык нерсеси силердин кем-карчыңарды толуктоого жумшалсын.

15 Ыйык Жазууда: «Көп жыйнаган адамдыкы ашып калган жок, аз жыйнаган адамдыкы жетпей калган жок», – деп жазылган.

16 Титтин жүрөгүндө силерге карата ушундай камкордукту пайда кылган Кудайга ыраазымын.

17 Анткени мен да андан өтүнгөм, бирок анын өзүндө эле ушунчалык каалоо бар болгондуктан, ал силерге өз ыктыяры менен кетти.

18 Тит менен кошо дагы бир бир тууганды жибердик. Ал Жакшы Кабар тараткандыгы үчүн бардык Жыйындар тарабынан макталып жүрөт.

19 Анын үстүнө, бул бир тууган ушул кайрымдуулук ишин аткарууда биз менен чогуу жүрүш үчүн, Жыйындар тарабынан дайындалган. Биз бул ишти Теңирди даңкташ үчүн жана жардам берүүгө даяр экенибизди көрсөтүш үчүн кылып жатабыз.

20 Биз аны өзүбүз жыйнаган бул мол жардам тууралуу кимдир бирөөдөн жеме угуудан сактануу үчүн жибердик.

21 Анткени биз Теңирдин алдында эле эмес, адамдардын алдында да таза болууга аракеттенебиз.

22 Аны менен кошо дагы бир бир тууганыбызды жиберип жатабыз. Анын ынтасы көп жолу көп жагынан сыналган. Азыр анын ынтасы мурдагыдан да артты, анткени ал силерге бекем ишенет.

23 Тит жөнүндө айтсам: ал менин жолдошум, силердин араңарда кызмат кылган кызматташым. Берки бир туугандар болсо – Жыйындар тарабынан жиберилген өкүлдөр, алар – Машайактын даңкы.

24 Ошентип, Жыйындардын алдында аларга өзүңөрдө сүйүү бар экендигин жана силер менен мактанганыбыздын жөнү бар экендигин көрсөткүлө.

9-БӨЛҮМ

Корунт Жыйынынын жардам чогултуусу

1 Ыйыктарга жардам берүү тууралуу силерге жазганым ашыкча эле болот деп ойлойм.

2 Анткени мен силердин жардам берүүгө даяр экениңерди билем. «Ахаядагылар өткөн жылдан бери эле даяр», – деп, македониялыктарга ошон үчүн мактанып жүргөм. Силердин аракетиңер көптөргө дем берди.

3 Силерди мактап жүргөнүм куру сөз болуп калбаш үчүн, мен айткандай даяр турушуңар үчүн, бир туугандарды жибердим.

4 Мени менен бирге барган македониялыктар силердин даяр эмес экениңерди көрсө, силер эмес, силерди бекем ишеним менен мактап жүргөн биз уятка калабыз.

5 Ошондуктан мен бир туугандардан силерге бизден мурун барууларын суранууну туура таптым. Алар өзүңөр убадалаган тартууларыңарды оор салык катары эмес, тартуу катары алдын ала даярдоонун камын көрүшөт.

6 Айтарым бул: «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт».

7 Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт.

8 Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет.

9 Ыйык Жазууда: «Жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги түбөлүк болот», – деп жазылган.

10 Үрөн себүүчүгө үрөн, жегенге нан берген Кудай сепкен үрөнүңөрдүн түшүмүн да мол кылып, адилеттигиңердин жемишин арттырат.

11 Бардык нерсеге бай, жоомарт болушуңар үчүн ошондой кылат. Ошентип, силердин жоомарттыгыңар бизде Кудайга болгон ыраазычылыкты жаратат.

12 Анткени бул кызмат ыйыктардын кем-карчын толуктоо менен гана чектелбестен, көп адамдарда Кудайга болгон чексиз ыраазычылыкты жаратат.

13 Анткени бул кызматтын натыйжасын көргөндө, өзүңөр кабыл алган Машайактын Жакшы Кабарына моюн сунуп, алар менен жана башкалар менен чын ниеттен мамилелешип жаткандыгыңар үчүн, алар Кудайды даңктап жатышат.

14 Силерде Кудайдын ырайымы мол болгондуктан, силерди жакын санап, силер үчүн сыйынып жатышат.

15 Сөз менен айтып жеткире алгыс улуу белеги үчүн Кудайга даңк!

10-БӨЛҮМ

Пабылдын өз кызматын коргоосу

1 Араңарда жүргөндө момун, алыста жүргөнүмдө кайраттуу деп эсептелинген мен, Пабыл, Машайактын момундугу жана ырайымдуулугу менен силерден өтүнөм.

2 Силерге эскерте кетейин: мен келгенде, бизди адамдык кылып жатат деп эсептеген адамдарга каршы көрсөтөйүн деп жүргөн кайраттуулугумду силерге каршы көрсөтпөгүдөй болоюн.

3 Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, адамдык кылып күрөшпөйбүз.

4 Анткени күрөшө турган куралдарыбыз адамдык куралдар эмес, алар – чептерди талкалаган Кудайдын күчүнө ээ куралдар.

5 Алар менен биз Кудайды таанып билүүгө каршы турган ар кандай ойлорду, менменсинүүчүлүктү талкалайбыз жана ар кандай ой жүгүртүүлөрдү Машайакка тил алдыруу үчүн туткундайбыз.

6 Силер тил алгандан кийин, биз тил албагандарды жазалоого даярбыз.

7 Көз алдыңардагыны карагылачы! Ким өзүнүн Машайакка таандык экенине бекем ишенсе, ал ойлонуп көрсүн. Анткени ал Машайакка таандык болгондой эле, биз да Машайакка таандыкпыз.

8 Теңирдин бизге силерди зыянга учуратуу үчүн эмес, бекемдөө үчүн берген бийлиги менен ашыра мактанып койсом, уят болбойм деп ойлойм.

9 Бирок мен силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн.

10 Анткени кээ бирөөлөр мени: «Каттарында курч жана кайраттуу болгону менен, бетме-бет келгенде, алсыз, сөзү өтүмсүз», – дешет экен.

11 Ушинтип айтып жүргөндөр билип коюшсун: көзүбүз жокто, катыбызда кандай болсок, бетме-бет келгенде деле ошондойбуз.

12 Өзүн өзү мактагандарга теңелүүгө, өзүбүздү аларга салыштырууга батынбайбыз. Өздөрүнө өздөрү баа берип, өздөрүн өздөрүнө салыштырышканы – акылсыздык.

13 Биз ашыкча мактанбайбыз, Кудай белгилеген чекте мактанабыз. Бул чек силерди да камтыйт.

14 Силерге жете элек болгонсуп күч жумшабайбыз. Анткени биз Машайактын Жакшы Кабары менен силерге да жеткенбиз.

15 Биз ашыкча мактанбайбыз, башка бирөөлөрдүн эмгеги менен да мактанбайбыз. Тескерисинче, ишенимиңер өскөн сайын, силердин араңардагы иш-аракетибиз да көбөйөт деп үмүттөнөбүз.

16 Жакшы Кабарды силерден нары жашагандарга да таратабыз, биз башка бирөөнүн даяр эмгеги менен мактанбайбыз.

17 Мактанган адам Теңир менен мактансын.

18 Мактоого өзүн өзү мактаган адам эмес, Теңир мактаган адам татыктуу.

11-БӨЛҮМ

Пабыл жана жалган элчилер

1 Менин акылсыздыгыма бир аз чыдап койсоңор боло! Бирок силер мага чыдап жатасыңар.

2 Мен силерди Кудайдын кызганычы менен кызганып жатам, анткени силерди бир Күйөөгө – Машайакка никелеп койгом. Анын алдына таза бойдон барышыңарды каалагандыктан кызганып жатам.

3 Обо энени жылан өзүнүн куулугу менен алдап кеткендей эле, силерди да кимдир бирөө Машайак жолундагы жөнөкөйлүктөн жана тазалыктан четтетип, акылыңарды адаштырбаса экен деп корком.

4 Анткени бирөө келип, силерге биз жарыялагандан башка Ыйсаны, силер алгандан башка рухту, силер кабыл алгандан башка Жакшы Кабарды жарыяласа, силер ага чыдайсыңар.

5 «Мыкты элчилерден» менин эч жерим кем эмес деп ойлойм.

6 Сөзгө чечен болбосом да, билимим бар. Дегинкиси, биз силерге бардык жагынан белгилүүбүз.

7 Силерди жогорулатуу үчүн, өзүмдү басынтып, Кудайдын Жакшы Кабарын силерге акысыз тараткандыгым үчүн күнөөлүүмүнбү?

8 Силерге кызмат кылыш үчүн, башка Жыйындарды чыгымга учураттым, алар мени каржылап турушту. Араңарда жүргөндө муктаж болгонума карабастан, бирөөңөргө да оорчулук келтирген жокмун.

9 Анткени менин кем-карчымды Македониядан келген бир туугандар толукташты. Силерге эч бир нерседе оорчулук келтирбегенге аракеттендим, дагы да аракеттенем.

10 Машайактын мендеги чындыгы менен айтайын, Ахая жеринде бул мактоону менден эч ким тартып ала албайт.

11 Эмне үчүн минтип жатам? Силерди сүйбөгөндүгүм үчүнбү? Силерди сүйөрүм Кудайга белгилүү!

12 Бирок мактанган нерселери менен бизге окшошуш үчүн шылтоо издеп жүргөндөргө түрткү бербөө үчүн, мен кандай кылып жатсам, ошондой кыла берем.

13 Анткени алар – жалган элчилер, алдамчы кызматчылар, өздөрүн Машайактын элчилери кылып көрсөтүшөт.

14 Бул таң каларлык нерсе эмес, анткени шайтан да өзүн Жарыктын Периштеси кылып көрсөтөт.

15 Ошондуктан шайтандын кызматчылары да өздөрүн чындыктын кызматчылары кылып көрсөтүшсө, бул таң каларлык эмес. Бирок алар акырында иштерине жараша тиешесин алышат.

Пабылдын өз кыйынчылыктары менен мактанышы

16 Дагы да кайталайм: эч ким мени акылсыз деп эсептебесин. Эгерде ошондой эсептеп жатсаңар, анда мени акылсыз катары кабыл алгыла, мен да бир аз мактангыдай болоюн.

17 Айтып жатканым Теңирден эмес, «акылсыз» болгондугумдан улам мактоого татыктуумун деген бекем ишеним менен айтып жатам.

18 Көптөр адамдык кылып мактанып жатышат, ошондуктан мен да мактанып коёюн.

19 Анткени, силер, акылдуулар, акылсыздарга жан-дилиңер менен чыдайт эмессиңерби.

20 Силерди кул кылып жаткандарга да, силердикин жеп түгөтүп жаткандарга да, силердикин тартып алып жаткандарга да, силерге менменсинип жаткандарга да, силерди жаакка чаап жаткандарга да чыдайсыңар.

21 Уялсам да, айтышым керек, мындай иштерге биздин күчүбүз жеткен жок. Эгерде кимдир бирөө бир нерсе менен мактанууга батынса, акылсыз адамдай айтайын, анда мен да мактанууга батынам.

22 Алар эврейби? Мен да эвреймин. Алар ысрайылдыктарбы? Мен да ысрайылдыкмын. Алар Ыбрайымдын урпактарыбы? Мен да урпагымын.

23 Алар Машайактын кызматчыларыбы? Акылсыз адамдай айтайын, мен кызматчыдан да жогорумун. Мен аларга караганда көп эмгектендим, көп жолу жарадар болдум, түрмөгө көп түштүм, көп жолу өлүмдөн калдым.

24 Жүйүттөрдөн беш жолу отуз тогуздан камчы жедим.

25 Үч жолу таяк менен сабашты, бир жолу таш бараңга алышты, үч жолу кеме кырсыгына учурадым, бир күн, бир түн деңизде калдым.

26 Көп жолу сапарга чыгып, дарыялардын үстүндө, шаарда, чөлдө, деңиз үстүндө коркунучка дуушар болдум; каракчылар, уруулаштарым, бутпарастар, жалган бир туугандар коркунуч туудурушту.

27 Эмгектендим, кыйналдым, көп жолу уйкудан калдым, ачка калдым, суусадым, көп жолу орозо кармадым, суукка калдым, кийимсиз калдым.

28 Мындан тышкары мага адамдар күн сайын агылып келип турушат, бардык Жыйындар үчүн кам көрөм.

29 Бирөө алсыз болсо, мен да өзүмдү алсыз сезбейминби? Бирөө азгырылса, ал үчүн күйүп-бышпаймынбы?

30 Эгерде мактанышым керек болсо, мен алсыздыгым менен мактанам.

31 Теңирибиз Ыйса Машайактын түбөлүккө даңктуу Кудайы жана Атасы менин жалган айтып жатпаганымды билет.

32 Падыша Аретанын кол астындагы дубан башчысы мени колго түшүрүш үчүн, Дамаск шаарын кароолго алган эле. Бирок мени чабырага салып, шаар дубалынын терезесинен түшүрүп коюшту. Ошентип, мен анын колунан качып кутулдум.

12-БӨЛҮМ

Пабылдын көргөн көрүнүштөрү жана алган аяндары

1 Пайдасыз болгонуна карабастан, мактанууга туура келет. Теңирдин көрүнүштөрү жана аяндары жөнүндө сөз кылууга өтөйүн.

2 Машайакка таандык бир адамды билем, мындан он төрт жыл мурун ал үчүнчү асманга көтөрүлгөн эле. Ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, Кудай билет.

3 Мен ушундай адам жөнүндө билем, бирок ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, муну Кудай билет.

4 Ал адамдын бейишке көтөрүлгөндүгүн билем. Ал жерден ал адам сөз менен айтып жеткиргис, адам айтып бере алгыс сөздөрдү уккан.

5 Мындай адам менен мактана алам. Өзүм болсо алсыздыктарымдан башка эч нерсе менен мактана албайм.

6 Деген менен мактангым келсе, акылсыз болбойм, анткени мен чындыкты айтам. Кимдир бирөө мен жөнүндө уккан-көргөнүнөн да жогору ойлоп албашы үчүн, өзүмдү токтотуп жатам.

7 Өзгөчө аяндарды алгандыгымдан улам менменсинип кетпешим үчүн, менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим үчүн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди.

8 Менден аны четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге үч ирет сыйындым.

9 Бирок Ал мага мындай деди: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот». Ошондуктан Машайактын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам.

10 Ошондуктан Машайак үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн.

Пабылдын Корунт Жыйыны үчүн кам көрүүсү

11 Мактанып акылсыз болдум, бирок ошондой болууга мени силер аргасыз кылдыңар. Мени силер макташыңар керек эле, анткени мен эч ким эмес болсом да, «мыкты элчилерден» эч жерим кем эмес.

12 Элчиликтин белгилери силердин араңарда улуу чыдамдуулук, жышаандар, кереметтер жана кудурет-күч менен көрсөтүлдү.

13 Башка Жыйындар менен салыштырганда, силер эмнеден кем болдуңар? Силерге жүк болбогонум менен элеби? Бул айыбымды кечирип койгула.

14 Мына, мен силерге үчүнчү ирет барууга даярмын, бирок силерге оордук келтирбейм. Анткени каалаганым силердеги эмес, силерсиңер. Балдары ата-энеси үчүн эмес, ата-энеси балдары үчүн мал-мүлк жыйнашы керек.

15 Силер мени мен силерди сүйгөнчөлүк сүйбөсөңөр да, силердин жаныңар үчүн мен чын көңүлүм менен колумда болгондун баарын сарптаймын, өзүмдү да аябаймын.

16 Мындай деп коёлу, мен өзүм силерге оорчулук келтирген жокмун, бирок куулук кылып, силерден айла-амал менен алып турдум.

17 Жиберген адамдарым аркылуу силерден пайда көрдүмбү?

18 Титтен силерге баруусун өтүнүп, аны менен кошо бир туугандардын бирин жибердим эле: Тит силердин бир нерсеңерди пайдаландыбы? Экөөбүз тең бир рух менен кызмат кылып жаткан жокпузбу? Экөөбүз тең бир жол менен бара жаткан жокпузбу?

19 Алиге чейин силер бизди өзүңөрдүн алдыңарда актанып жатат деп ойлойсуңарбы? Машайакка таандык болгон биз Кудай алдында айтып жатабыз. Сүйүктүү бир туугандар, мунун баары силердин ишенимиңердин бекемделиши үчүн болуп жатат.

20 Анткени силерге барганымда, силер мен каалабагандай абалда болбосоңор экен деп, мен өзүм да силер каалабагандай абалда болбосом экен деп корком: силердин араңарда өз ара талаш-тартыш, көрө албастык, ачуулануу, чыр-чатак, жалаа жабуу, ушак, текебердик, тартипсиздик бар болбосо экен деп,

21 кайра барганымда, Кудайым мени силердин алдыңарда басынтпаса экен деп, буга чейин күнөө кетирип, өздөрү кылган ыпылас иштерин, ойноштук кылгандарын, адепсиздиктерин мойнуна алып өкүнбөгөн көптөр үчүн ыйлабасам экен деп корком.

13-БӨЛҮМ

Пабылдын акыркы эскертүүсү жана саламы

1 Ушуну менен силерге үчүнчү ирет бара жатам. Ар бир сөз эки же үч күбө аркылуу бекемделет.

2 Экинчи жолу барганымда эскерткендей эле, араңарда жок болгонума карабастан, азыр да эскертип жатам: эми барганымда, буга чейин күнөө кылгандарды да, башкасын да аябайм.

3 Мен аркылуу Машайак сүйлөп жатканына далил издеп жатасыңар. Араңарда Өзүнүн кудуретин көрсөтүп жаткан Машайак силер үчүн күчсүз эмес.

4 Алсыз болуп айкаш жыгачка кадалган эле, бирок Кудайдын күчү менен азыр Ал тирүү. Ошол сыяктуу эле биз да Анын ичинде алсызбыз, бирок силердеги Кудайдын күчү аркылуу тирүү болобуз.

5 Өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы? Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлөчү. Же силер өзүңөрдү, Ыйса Машайак ичиңерде экенин билбейсиңерби? Андай болсо силер ким болушуңар керек болсо, ошол эмессиңер.

6 Биз жөнүндө болсо, биз ким болушубуз керек болсо, ошол экенибизди билип аласыңар деп үмүттөнөм.

7 Силер эч кандай жамандык кылбашыңар үчүн, Кудайга сыйынып жатабыз. Өзүбүздүн ким болушубуз керек экендигин көрсөтүш үчүн эмес, тескерисинче, ким болушубуз керек болсо, ошол эмес болуп көрүнсөк да, жакшылык кылышыңар үчүн сыйынабыз.

8 Себеби биз чындыкка каршы күчтүү эмеспиз, тескерисинче, чындык үчүн күчтүүбүз.

9 Биз алсыз, силер күчтүү болгондо, биз кубанабыз, жеткилең болушуңар үчүн сыйынып жатабыз.

10 Теңирдин мага бузуу үчүн эмес, куруу үчүн берген бийлигин силердин араңарда жүргөнүмдө катаалдык менен колдонуп койбошум үчүн, буларды мен силердин араңарда жок кезимде жазып жатам.

11 Ошондой болсо да, бир туугандарым, кубангыла. Жеткилең болууга умтулгула. Кайраттуу болгула, бир ойдо болгула, тынчтыкты сактагыла! Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.

12 Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Бардык ыйыктар силерге салам айтып жатышат.

13 Силерде Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы, Кудай Атанын сүйүүсү жана Ыйык Рухтун баарлашуусу болсун! Оомийин.