Корунттуктарга биринчи каты

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Состенден

2 Кудайдын Корунттагы Жыйынына салам! Машайак Ыйса аркылуу ыйыкталган жана ыйык болууга чакырылган силерге, ошондой эле бардык жерде баарыбыздын Теңирибиз болгон Ыйса Машайактын ысымын чакыруучулардын баарына

3 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

4 Силер үчүн жана Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдирем.

5 Себеби силер Ыйса Машайак аркылуу бардыгына: сөзгө жана билимге байыдыңар.

6 Анткени Машайактын күбөлөндүрүүсү силерде бекем орун алды.

7 Теңирибиз Ыйса Машайактын келишин күтүп жаткан силер рухий жөндөмдүүлүктөрдүн эч биринен кем эмессиңер.

8 Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт.

9 Силерди Өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машайак менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү.

Жыйындагы бөлүнүүлөр

10 Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан өтүнөм, баарыңардын сөзүңөр бир болсун. Өз ара бөлүнбөгүлө, тескерисинче, бир ой, бир пикирге келгиле.

11 Бир туугандарым, өз ара талашып-тартышып жатканыңар Хлоянын үйүндөгүлөрү аркылуу мага маалым болду.

12 Муну айтып жатканымдын себеби: бириңер: «Мен Пабылдыкымын», бириңер: «Мен Аполостукумун», дагы бириңер: «Мен Кейфаныкымын», дагы бириңер: «Мен болсо Машайактыкымын», – деп жатыптырсыңар.

13 Эмне, Машайак бөлүндү беле? Пабыл силер үчүн айкаш жыгачка кадалды беле? Же силер Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлдүңөр беле?

14 Криспос менен Гайдан башкаңарды сууга чөмүлдүрбөгөнүм үчүн, Кудайга ыраазымын,

15 «Мен Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгөм», – деп, эч ким айта албайт.

16 Степандын үйүндөгүлөрдү да сууга чөмүлдүргөм, алардан башка дагы кимди сууга чөмүлдүргөнүм эсимде жок.

17 Машайак мени сууга чөмүлдүрүү үчүн жиберген эмес, Жакшы Кабар таратуу үчүн жиберген. Бирок аны чечендик менен таратуу үчүн жиберген эмес, болбосо Машайактын айкаш жыгачы өз күчүн жоготуп коёт.

Машайак – Кудайдын күчү жана акылмандыгы

18 Себеби айкаш жыгач жөнүндөгү сөз – өлүмгө бара жаткандар үчүн акылсыздык, ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын күчү.

19 Анткени Ыйык Жазууда: «Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам, акылмандардын акылын четке кагам», – деп жазылган.

20 Даанышман кайда? Мыйзамды окутуучу кайда? Бул дүйнөнүн акылдуусу кайда? Бул дүйнөнүн акылмандуулугун Кудай акылсыздыкка айландырган жокпу?

21 Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты.

22 Анткени жүйүттөр керемет-жышаанды талап кылышат, эллиндер акылмандыкты издешет,

23 биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык.

24 Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машайак – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы.

25 Анткени Кудайдын «акылсызы» адамдардан акылдуу, Кудайдын «алсызы» адамдардан күчтүү.

26 Кудай тарабынан чакырылып алынган бир туугандар, өзүңөрдүн ким экениңерди карап көргүлөчү: бир азыңар эле акылдуусуңар, бир азыңар эле күчтүүсүңөр, бир азыңар эле тектүү жерден чыккансыңар.

27 Акылдууларды уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды. Күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алды.

28 Бул дүйнөнүн барктууларынын баркын түшүрүү үчүн, Кудай бул дүйнөнүн тексиздерин, басынтылгандарын жана барксыздарын тандап алды.

29 Кудай алдында эч бир адам мактанбашы үчүн ушундай кылды.

30 Ал аркылуу силер Машайак Ыйсанын ичиндесиңер. Машайак биз үчүн Кудайдан келген акылмандуулук, адилеттик, ыйыктык жана куткарылуу болуп калды.

31 Ошондуктан Ыйык Жазууда жазылгандай, «Мактанган адам Теңир менен мактансын».

2-БӨЛҮМ

Айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө сөз

1 Бир туугандар, мен силерге барганымда, Кудайдын күбөлөндүрүүсүн чечендик же адамдык акылмандык менен жарыялаганы барган эмесмин.

2 Анткени силерге барганда, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайактан башка эч нерсе айтпай эле коёюн деп чечкем.

3 Мен силердин араңарда алсыз болуп, калтырап коркуп жүрдүм.

4 Силердин ишенимиңер адамдык акылмандыкка эмес, Кудайдын күчүнө негизделиши үчүн,

5 мен сөз сүйлөгөндө жана насаат айтканда, адамдык акылмандык менен айтылган ишендирерлик сөздөргө эмес, Кудайдын Рухуна жана күчүнө таяндым.

6 Акылмандуулук жөнүндө биз жеткилең адамдардын арасында сүйлөйбүз. Бирок бул акылмандуулук бул дүйнөнүн жана бул дүйнөнүн жок боло турган бийлик башындагыларынын акылмандуулугу эмес.

7 Биз Кудайдын жашыруун сыр катары сакталып келген акылмандуулугу жөнүндө сүйлөйбүз. Биздин даңкталышыбыз үчүн, Кудай аны дүйнө жаратыла электен мурун эле белгилеп койгон.

8 Ал акылмандыкты бул дүйнөнүн бийликтегилеринин бири да түшүнгөн жок. Түшүнүшсө, даңктуу Теңирди айкаш жыгачка кадашмак эмес.

9 Ыйык Жазууда жазылгандай, «Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон».

10 Бизге муну Кудай Өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет.

11 Адамдын оюнда эмне бар экенин ким билет? Адамдын ичиндеги рухтан башка эч ким билбейт. Ошол сыяктуу эле Кудайдыкын да Кудайдын Рухунан башка эч ким билбейт.

12 Кудайдын бизге эмне бергенин билишибиз үчүн, биз бул дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдын Рухун кабыл алдык.

13 Биз аны адамдык акылмандык аркылуу үйрөнгөн сөздөр менен жарыялап жаткан жокпуз, Ыйык Рух аркылуу үйрөнгөн сөздөр менен рухий адамдарга рухий тилде жарыялап жатабыз.

14 Табигый адам Кудайдын Руху ачып берген чындыктарды кабыл албайт, анткени ал муну акылсыздык деп эсептейт. Ал муну түшүнө албайт, анткени бул жөнүндө рухий ой жүгүртүү керек.

15 Рухий адам бардыгы жөнүндө ой жүгүртө алат, бирок ал адамга эч ким баа бере албайт.

16 Кудайды үйрөткүдөй, Анын акыл-оюн ким билиптир? Ал эми бизде Машайактын акылы бар.

3-БӨЛҮМ

Жыйынды бөлүүчүлөрдү ашкерелөө

1 Бир туугандар, мен силер менен рухий адамдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө алган жокмун. Дененин каалоосун аткарып жашаган адамдар менен, Машайак жолундагы жаш балдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөштүм.

2 Мен силерге күчтүү тамак эмес, сүт бергем. Анткени силер күчтүү тамакты аш кыла алмак эмессиңер, аны азыр да аш кыла албайсыңар.

3 Анткени силер азыр деле дененин каалоосун аткарып жашап жатасыңар. Ортоңордо көрө албастык, уруш-талаш, келишпестик бар болсо, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер? Силер адамдык кылып жаткан жоксуңарбы?

4 Бириңер: «Мен Пабылдыкымын», – десеңер, бириңер: «Мен Аполостукумун», – дейсиңер, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер?

5 Аполос ким? Пабыл ким? Алар – жөн гана кызматчылар, силер Теңирге ошолор аркылуу ишенип калдыңар. Теңирдин бергенине жараша алардын ар биринин жөндөмдүүлүгү бар.

6 Мен урук септим, Аполос сугарды, бирок Кудай өстүрдү.

7 Ошондуктан себүүчүнүн да, сугаруучунун да иши маанилүү эмес, себилгенди өстүрүүчү Кудайдын иши маанилүү.

8 Себүүчү менен сугаруучунун эмгеги бирдей. Бирок ар бири өз эмгегине жараша акысын алат.

9 Биз Кудайдын кызматташтарыбыз, силер болсо Кудайдын эгин талаасы жана Кудайдын имаратысыңар.

10 Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы менен мен акылдуу куруучу катары пайдубал салдым. Башка бирөө ошол пайдубалдын үстүнө куруп жатат. Бирок ар бириң өзүңдүн кандай куруп жатканыңа көңүл бур!

11 Себеби эч ким салынган пайдубалдан бөлөк пайдубал сала албайт, ал пайдубал – Ыйса Машайак Өзү.

12 Ал пайдубалдын үстүнө бирөө алтындан, бирөө күмүштөн, бирөө кымбат баалуу таштардан, бирөө чөптөн, бирөө жыгачтан, бирөө самандан курат.

13 Ар бир адамдын кылган иши сот күнү ачыкка чыгат, себеби от аркылуу ачылат, кимдин иши кандай экенин от сынайт.

14 Кимдин кылган иши отко туруштук берсе, ал сыйлыгын алат.

15 Ал эми кимдин иши күйүп кетсе, ал зыян тартат. Өзү куткарылат, бирок оттон чыккандай куткарылат.

16 Кудайдын ийбадатканасы экендигиңерди, ичиңерде Кудайдын Руху жашарын билбейсиңерби?

17 Ким Кудайдын ийбадатканасын талкаласа, аны Кудай талкалайт. Анткени Кудайдын ийбадатканасы ыйык, ал эми ал ийбадаткана силерсиңер.

18 Эч ким өзүн өзү алдабасын. Араңардан ким бул дүйнөдө акылдуу болгусу келсе, акылдуу болуш үчүн, акылсыз болсун.

19 Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы – Кудай алдында акылсыздык. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен кармайт».

20 Ошондой эле: «Кудай акылмандардын ою куру ой экендигин билет», – деп жазылган.

21 Ошондуктан эч кимиңер адам менен мактанбагыла, анткени баары силердики.

22 Пабыл да, Аполос да, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы учур да, келечек да – баары силердики.

23 Силер болсо Машайактыкысыңар, Машайак Кудайдыкы.

4-БӨЛҮМ

Элчилердин кызматы

1 Ошентип, адамдар бизди Машайактын кызматчылары жана Кудайдын жашыруун сырларын билген үй башкаруучулары катары эсептей алгандай болушсун.

2 Үй башкаруучулардан болсо ишенимдүүлүк талап кылынат.

3 Мен жөнүндө силер кандай ойдосуңар, башкалар кандай ойдо, мен үчүн бул маанилүү эмес. Өзүм да өзүмө баа бербейм.

4 Абийирим таза, бирок муну менен актанбайм, анткени мага Кудай Өзү Сот.

5 Ошондуктан Теңир келгенче, алдын ала эч соттобогула. Теңир келгенде, караңгыга жашырылганды жарыкка чыгарат, жүрөктөгү ниеттерди ачыкка чыгарат. Ошондо Кудай ар бир адамга ишине жараша мактоо айтат.

6 Ыйык Жазуудан четтеп, ашыкча акылдуусунбаганды бизден үйрөнүшүңөр үчүн, бир адамды экинчи бир адамдан жогору эсептебешиңер үчүн, бир туугандар, мен бул сөздөрдү силер үчүн, өзүмө жана Аполоско тиешелүү кылып айттым.

7 Ким сени башкалардан жогору эсептеп жатат? Бардыгын Кудайдан алган жок белең? Эгерде бардыгын Андан алган болсоң, анда эмне үчүн албагансып мактанып жатасың?

8 Силер тоюп калдыңар, силер байып калдыңар, силер бизсиз эле падышачылык кыла баштадыңар. Силер чыны менен эле падышачылык кылып жатсаңар кана, анда биз да силер менен бирге падышачылык кылмакпыз!

9 Кудай бизди, элчилерди, өлүмгө өкүм кылынган акыркы адамдардай кылып койсо керек деп ойлойм. Анткени биз бул дүйнөдө периштелер менен адамдар үчүн тамашага айландык.

10 Биз Машайак үчүн акылсызбыз, силер болсо Машайактын ичинде акылдуусуңар! Биз алсызбыз, силер болсо күчтүүсүңөр! Силер кадыр-барктуу, биз болсо кадыр-барксыз адамдарбыз.

11 Ушул кезге чейин ач-жылаңач болуп, суусап жүрөбүз, бизди таякташат, жер кезип жүрөбүз.

12 Өз колубуз менен эмгектенип жатабыз. Бизди жамандашат, биз батабызды беребиз. Бизди кубалашат, биз чыдайбыз.

13 Бизди тилдегендерге жылуу жооп беребиз. Бул дүйнө үчүн биз ушул кезге чейин шыпырынды жана таштанды болдук.

14 Мен муну силерди уяткарыш үчүн жазган жокмун. Силерге сүйүктүү балдарым катары акыл-насаат айтып жатам.

15 Машайак жолунда насаатчыларыңар көп болгону менен, силерде аталар аз. Жакшы Кабар таратуу аркылуу Машайак Ыйса жолунда мен силердин атаңар болуп калдым.

16 Ошондуктан силерден суранарым, мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла.

17 Мен силерге Теңирге ишенимдүү, сүйүктүү уулум Тиметейди жибердим. Ал менин Машайак жолундагы жашоомду, бардык жерде, ар бир Жыйында кандай окутуп жүргөнүмдү силердин эсиңерге салат.

18 Мен силерге барбачудай болуп, кээ бирөөлөр көөдөнүн көтөрүп жатыптыр.

19 Бирок Кудай буюрса, мен силерге жакында барам. Ошондо мен көөдөнүн көтөргөндөрдүн сөзүн эмес, күчүн сынап көрөм.

20 Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөз аркылуу эмес, күч аркылуу көрүнөт.

21 Кайсынысын каалайсыңар, таяк менен барганымдыбы, же сүйүү жана момундук менен барганымдыбы?

5-БӨЛҮМ

Күнөө кетирген адамга чара көрүү

1 Силердин араңарда бузуктук кылган адам бар экенин уктум. Ал өзүнүн өгөй энесин алып алыптыр. Мындай нерсе бутпарастар арасында да кездешпейт.

2 «Мындай иш кылган адам арабыздан чыгарылса экен», – деп ыйлагандын ордуна кекирейесиңер да!

3 Араңарда болбосом да, рухум силер менен, ошондуктан өзүмдү араңарда жүргөндөй эле сезип, мындай иш кылган адамга карата чечим чыгарып койдум.

4 Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына чогулганыңарда, рухум силердин араңарда.

5 Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү менен ал адамдын жаны куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла.

6 Мактанар жөнүңөр жок! Бир аз эле ачыткы бүт камырды ачытарын билбейсиңерби?

7 Жаңы камыр болушуңар үчүн, эски ачыткыдан арылгыла. Силер ачыткысыз камырсыңар, анткени Пасах Козусу – Машайак биз үчүн курмандыкка чалынган.

8 Ошондуктан эски ачыткы – бузуктук жана куулук-шумдук менен эмес, ачыткысыз нан – таза жүрөк жана чындык менен майрамдайлы.

9 Мен силерге: «Бузуктук кылуучулар менен мамилелешпегиле», – деп, кат жазып жибергем.

10 Бул дүйнөнүн бузуктук кылуучулары, дүнүйөкорлору, талап-тоноочулары жана бутка табынуучулары менен мамилелешпегиле дебейм. Болбосо бул дүйнөдөн таптакыр эле чыгып кетүүгө туура келмек.

11 Мен силерге: «“Бир тууганыңармын”, – деп коюп, бузуктук кылганын, дүнүйөкорлугун, бутка табынганын, ушак сүйлөгөнүн, ичкилик ичкенин, уурулук кылганын таштабаган адам менен мамилелешпегиле. Атүгүл, аны менен бирге отуруп тамак да ичпегиле», – деп жазгам.

12 Сырттагыларды соттоп эмне кылам? Жыйындагыларды силер соттошуңар керек эмес беле?

13 Сырттагыларды Кудай соттойт. Ошондуктан бузулган адамды араңардан чыгарып салгыла.

6-БӨЛҮМ

Соттошуу жөнүндө

1 Араңардан бирөөнүн кимдир бирөөгө доосу болсо, ыйыктардын алдында эле чечишип албайбы, кудайсыздардын сотуна кайрылууга кантип батынды?

2 Же эмне, ыйыктардын дүйнөнү сотторун билбейсиңерби? Өзүңөр дүйнөнү соттой турган адамдар болуп туруп, майда-барат иштерди чече албайсыңарбы?

3 Келечекте периштелерди соттой турган адамдар экенибизди билбейсиңерби? Турмуш-тиричиликке байланыштуу көйгөйлөрдү чече албаганыңар кандай?

4 Турмуш-тиричиликке байланыштуу суроолоруңарды чечүү үчүн, Жыйынга тиешеси жок адамдарга кайрыласыңар.

5 Уялсаңар боло, араңарда бир туугандардын ортосундагы көйгөйдү чече ала турган бир да акыл-эстүү адам жокпу?

6 Бир тууган бир тууган менен кудайсыздардын алдында соттошот деген эмне?

7 Бир туугандардын ортосунда араздашуу бар дегендин өзү эле силер үчүн уят. Андан көрө бириңер бириңерден жеңилип калбайсыңарбы! Андан көрө колуңардагыны тарттырып жибербейсиңерби!

8 Силер болсо бир тууганыңарды таарынтып да, колундагысын тартып алып да жатасыңар.

9 Же эмне, адилетсиздердин Кудайдын Падышачылыгын мурастабай тургандыгын билбейсиңерби? Алданбагыла! Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да,

10 уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.

11 Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер. Бирок Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына Кудайыбыздын Руху аркылуу жуулдуңар, ыйыкталдыңар жана акталдыңар.

12 Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок эч нерсе менин үстүмөн бийлик жүргүзбөшү керек.

13 Тамак кардың үчүн, кардың тамак үчүн. Бирок Кудай тигини да, муну да жок кылат. Дене ойноштук кылуу үчүн эмес, Теңир үчүн, Теңир болсо дене үчүн.

14 Теңирди тирилткен Кудай Өз кудурети менен бизди да тирилтет.

15 Же эмне, денеңер Машайактын дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби? Машайактын дене мүчөсүн сойку аялдын мүчөсү кылмак белем? Албетте, жок!

16 Же эмне, сойку аял менен кошулган адам аны менен биригип, бир дене болорун билбейсиңерби? Анткени Ыйык Жазууда: «Экөө бир дене болот», – деп жазылган.

17 Ал эми Теңир менен бириккен адам Аны менен бир рух болот.

18 Ойноштук кылуудан качкыла. Адам кылган бардык күнөөлөр денеден тышкары болот, ал эми ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат.

19 Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби?

20 Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да, рухуңар менен да даңктагыла, анткени анын баары Теңирдики.

7-БӨЛҮМ

Үй-бүлө куруу жана так өтүү жөнүндө

1 Ал эми силердин мага жазып жибергениңер жөнүндө айтарым бул: эркектин аялга жакындабай эле койгону жакшы.

2 Бирок ойноштук кылбаш үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун.

3 Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын.

4 Аялдын денеси өзүнө эмес, күйөөсүнө таандык. Ошондой эле эркектин денеси өзүнө эмес, аялына таандык.

5 Өз ара макулдашкандан кийин, орозо кармоо жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула, өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпесин.

6 Мен муну буйрук катары эмес, кеңеш катары айтып жатам.

7 Анткени бардык адамдардын мендей болушун каалар элем. Бирок ар бир адамдын Кудайдан алган рухий жөндөмдүүлүгү бар, бири мындай болсо, экинчиси тигиндей.

8 Үйлөнө электерге жана жесирлерге айтарым: алардын мен сыяктуу жалгыз болгону жакшы.

9 Эгерде өздөрүн кармай алышпаса, үйлөнүшсүн. Кумарлангандан көрө, үйлөнгөн жакшы.

10 Ал эми үй-бүлө кургандарга мен эмес, Теңир мындай буйрук кылат: «Аял күйөөсү менен ажырашпасын.

11 Эгерде ажыраша турган болсо, кайра күйөөгө тийбесин, же күйөөсү менен жарашсын. Ал эми эркек аялын кетирбесин».

12 Дагы бирөөлөргө Теңир эмес, мен мындай демекчимин: Эгерде кайсы бир бир туугандын аялы Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган аялы менен ажырашпасын.

13 Кайсы бир бир туугандын күйөөсү Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган күйөөсү менен ажырашпасын.

14 Анткени Теңирге ишенбеген күйөөсү Теңирге ишенген аялы аркылуу, Теңирге ишенбеген аялы Теңирге ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Болбосо балдарыңар ыйык болмок эмес, азыр алар ыйык.

15 Эгерде Теңирге ишенбеген тарап ажырашууну кааласа, ажырашсын. Мындай учурда бир туугандын башы бош, Кудай бизди тынчтыкка чакырган.

16 Аял, балким, күйөөң сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң? Эркек, балким, аялың сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң?

17 Кудай кимге эмнени белгилесе жана кимди кандай абалында чакырып алса, ошол боюнча жашасын. Мен бардык Жыйындарга ушундай буйрук берем.

18 Сүннөткө отургузулган абалыңда чакырылсаң, жашырынба. Сүннөткө отургузулбаган абалыңда чакырылсаң, сүннөткө отургузулбай эле кой.

19 Сүннөткө отургузулуу же отургузулбоо маанилүү эмес, маанилүүсү – Кудайдын осуяттарын аткаруу.

20 Ким кандай абалында чакырылса, ошол абалында калсын.

21 Кул абалыңда чакырылган болсоң, уялба. Эгерде эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгүң бар болсо, жакшысын пайдаланып кал!

22 Кул абалында чакырылган адам – Теңир алдында эркин адам. Ошол сыяктуу эле эркин абалында чакырылган адам – Машайактын кулу.

23 Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, адамга кул болбогула.

24 Бир туугандар, ким кандай абалында чакырылса, Кудай алдында ошол абалында калсын.

25 Турмушка чыга элек кыздар жөнүндө Кудайдан буйрук алган эмесмин. Бирок Теңирдин ырайымын көрүп, ишенимдүү болгон адам катары кеңеш берем.

26 Азыркы кыйынчылыктарды эске алганда, үй-бүлө курбай эле койгон жакшы деп ойлойм.

27 Аялың бар болсо, ажырашам дебе. Аялсыз калсаң, аял издебе.

28 Эгерде үйлөнсөң, күнөө эмес. Эгерде кыз турмушка чыкса, күнөө эмес. Бирок үй-бүлө кургандар дене жагынан азап тартышат. Мен болсо силерди аяйм.

29 Силерге айтарым, бир туугандар, аз убакыт калды. Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун.

30 Ыйлагандар ыйлабагандардай, кубангандар кубанбагандардай, сатып алгандар сатып албагандардай,

31 бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көрүп жаткандар жыргалчылык көрбөгөндөрдөй болушсун. Анткени бул дүйнө – жок боло турган дүйнө.

32 Мен силердин түйшүк тартышыңарды каалабайм. Үйлөнбөгөн адам Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт.

33 Ал эми үйлөнгөн адам аялына жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт. Турмушка чыккан кыз менен турмушка чыкпаган кыздын да айырмасы бар.

34 Турмушка чыкпаган кыз денеси, руху ыйык болуп, Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт. Ал эми турмушка чыккан кыз күйөөсүнө жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт.

35 Муну силердин эркиндигиңерди чектеш үчүн эмес, силерге жакшы болуш үчүн айтып жатам. Эч нерсеге алаксыбай, Теңирге ар дайым жакшы кызмат кылышыңарды каалайм.

36 Ким өзүнүн жашы өтүп бара жаткан кызынын жалгыз өтүшүн туура көрбөсө, кызын күйөөгө берсин, күнөө эмес. Кызы турмушка чыксын.

37 Ал эми ким кызын күйөөгө бербөөнү чечсе, ошол чечиминин туура экенине көзү жетсе, өз эрки менен ушундай кылса, ал жакшы кылат.

38 Кызын күйөөгө берген адам жакшы кылат. Ал эми кызын күйөөгө бербеген адам андан да жакшы кылат.

39 Күйөөсү тирүү турганда, аялдын башы бош эмес. Күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, аялдын башы бош. Каалаган адамына турмушка чыкса болот, бирок Теңирге ишенген адамга гана.

40 Менин оюмча, жесир бойдон калган аял бактылуу. Менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

8-БӨЛҮМ

Буркандарга багышталган курмандыктар жөнүндө

1 Буркандарга багышталган тамак-аш жөнүндө баарыбыз эле билебиз, анткени баарыбызда эле билим бар. Бирок билим адамды текебер кылат, ал эми сүйүү адамдын акылына акыл кошот.

2 «Бир нерсе билем», – деп ойлогон адам эмнени билүү керек экендигин али биле элек.

3 Бирок Кудай Өзүн сүйгөн адамга билим берген.

4 Буркандарга багышталган тамак-ашты жегенге болор-болбосу жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз буркандын бул дүйнөдө эч нерсеге арзыбаган нерсе экенин, жалгыз Кудайдан башка Кудай жок экендигин билебиз.

5 Жер үстүндө болобу, асманда болобу, «кудай» деп аталгандар бар болгону менен (анткени көптөгөн кудайлар жана үстөмдүк кылуучулар бар),

6 бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан, биз да Ал үчүн жаратылганбыз. Ошондой эле бир гана Теңир – Ыйса Машайак бар, баары Ал аркылуу жаратылган, биз да Ал аркылуу жаратылганбыз.

7 Бирок баарында эле мындай билим жок. Кээ бирөөлөр азыркыга чейин өздөрүнүн бутпарастык эски адаты боюнча бул тамакты буркандарга багышталган тамак катары жешет. Алардын абийири алсыз болгондуктан булганат.

8 Тамак бизди Кудайга жакындатпайт: жесек, бир нерсеге ээ болбойбуз; жебей койсок, эч нерсе жоготпойбуз.

9 Бирок сак болгула, силердин ушул эркиндигиңер алсыздар үчүн азгырык болбосун.

10 Эгерде алсыз бир тууганың билимдүүмүн деген сенин бутканада тамак жеп отурганыңды көрүп калса, буркандарга багышталган тамак-аштан анын да жегиси келбес бекен?

11 Машайак сенин ушул алсыз бир тууганың үчүн да өлгөн, сен болсо өз билимиң менен аны өлүмгө дуушар кылып жатасың.

12 Алсыз бир туугандарыңардын абийирин жаралап, аларга каршы күнөө кылууңар менен силер Машайакка каршы күнөө кылып жатасыңар.

13 Эгерде мен жеп жаткан тамак бир тууганымдын азгырылышына түрткү болсо, бир тууганым азгырылбашы үчүн, мен этти эч качан оозума албайм.

9-БӨЛҮМ

Элчинин укуктары

1 Мен эркин адам эмесминби? Мен элчи эмесминби? Мен Теңирибиз Ыйса Машайакты көргөн эмес белем? Теңир үчүн кылган эмгегимдин жемиши силер эмессиңерби?

2 Башкалар үчүн элчи болбосом да, силер үчүн элчимин! Анткени менин Теңирдин элчиси экендигимди ырастаган мөөр силерсиңер.

3 Мени айыптагандардын алдында мен ушуну айта алам!

4 Биздин жеп-ичкенге укугубуз жокпу?

5 Башка элчилер сыяктуу, ошондой эле Теңирибиздин бир туугандары жана Кейфа сыяктуу биз да үйлөнүп алып, аялыбызды жаныбызга алып жүрүүгө укугубуз жокпу?

6 Барнаба экөөбүздүн эле иштебей коюуга укугубуз жокпу?

7 Өз эсебинен кызмат өтөгөн аскер барбы? Жүзүм тиккен адам анын жемишинен жебей коймок беле? Мал баккан адам анын сүтүнөн ичпей коймок беле?

8 Мен муну адамдык көз караш менен эле айтып жатамбы? Мыйзамда да ушундай айтылган жок беле?

9 Мусанын мыйзамында: «Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба!» – деп жазылган. Кудай өгүздөр үчүн кам көрүп жатабы же биз үчүн кам көрүп жатабы?

10 Албетте, биз үчүн. Жер иштеткен адам үмүт менен иштетет, эгин бастырган адам да «Өз үлүшүмдү алам» деген үмүт менен бастырат.

11 Биз силерге рухий нерсени септик. Эгерде силерден денеге керектүү нерсени жыйнап алсак, көптүк кылабы?

12 Эгерде силердин араңарда кээ бирөөлөр ушундай укукка ээ болуп жатышса, биздин укугубуз жокпу? Бирок биз бул укукту пайдаланган жокпуз, Машайактын Жакшы Кабарынын таратылышына кедерги болбош үчүн, баарына чыдап жатабыз.

13 Ыйык жайда кызмат кылгандар ыйык жайдан тамактанарын, курмандык чалынуучу жайда кызмат кылгандар өз үлүшүн курмандыктардан аларын билбейсиңерби?

14 Теңир да Жакшы Кабар тараткандар Жакшы Кабар таратуунун эсебинен жашашсын деп буйруган.

15 Бирок мен бул укуктардын бирин да пайдаланган жокмун. Азыр мен муну силерден бир нерсе алайын деп жазып жаткан жокмун. Кимдир бирөө мени ушул мактанычымдан ажыраткыча, өлгөнүм артык.

16 Жакшы Кабар таратып жаткандыгым менен мактана албайм, анткени бул менин милдетим. Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!

17 Эгерде мен муну өз ыктыярым менен кылып жатсам, сыйлыгымды алам. Өзүмө тиешелүү милдет катары кылып жаткан болсом, анда мен өзүмө тапшырылган ишти гана аткарып жатам.

18 Анда мен эмне үчүн сыйлык алам? Мен Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды өз укугумдан пайдаланбай, кызмат акысыз тараткандыгым үчүн сыйлык алам.

19 Мен эч кимдин кулу болбосом да, көптөрдүн Машайакка ишенип калышы үчүн, өзүмдү баарына кул кылдым.

20 Машайакка ишенип калышы үчүн, жүйүттөр үчүн жүйүт сыяктуу болдум. Мыйзам астында болбосом да, мыйзам астындагылардын Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзам астындагы адам сыяктуу болдум.

21 Мыйзамды билсем да, мыйзамды билбегендердин Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзамды билбеген адам сыяктуу болдум. Бирок өзүм Машайактын мыйзамынын астындамын.

22 Алсыздардын Машайакка ишенип калышы үчүн, алсыз адам сыяктуу болдум. Жок дегенде, кээ бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болдум.

23 Жакшы Кабарда үлүшүм болсун деп, ушунун баарын Жакшы Кабар үчүн кылып жатам.

24 Жарышта баары чуркаганы менен бирөө гана байге аларын билесиңер. Ошондуктан байге алгыдай болуп чуркагыла.

25 Жарышка катышуучулардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат: бирөөлөр жок боло турган таажы алуу үчүн ошентишет, ал эми биз соолубас таажы алуу үчүн ошентебиз.

26 Ошондуктан мен максатсыз чуркап бара жаткан жокмун, муштумум менен абаны ургулап жаткан жокмун.

27 Бирок башкаларга насаат айтып жүрүп, өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн, денемди зордоп кулга айландырып жатам.

10-БӨЛҮМ

Ысрайыл элинин жашоосунан сабак алуу

1 Бир туугандар, мен силердин билишиңерди каалайм: ата-бабаларыбыздын баары булут астында жол жүрүшкөн, алардын баары деңизден өтүшкөн.

2 Алардын баары булутка жана деңизге, Мусанын урматына чөмүлдүрүлүшкөн.

3 Бардыгы бир эле рухий тамак жешкен.

4 Бардыгы бир эле рухий суусундук ичишкен: өздөрүнүн артынан келе жаткан рухий аскадан суу ичишкен. Ал аска Ыйса Машайак болчу.

5 Кудай алардын көпчүлүгүнө нааразы болду. Ошондуктан алар чөлдө өлүп жок болушту.

6 Алар сыяктуу жамандыкка жакын болбошубуз үчүн, бул бизге сабак болуп калды.

7 Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп бурканга табынуучу болбогула. Алар жөнүндө Ыйык Жазууда: «... эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду», – деп жазылган.

8 Кээ бирөөлөрүнө окшоп ойноштук кылбайлы, алардын жыйырма үч миңи бир күндө кырылган.

9 Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп Машайакты сынабайлы. Сынагандарды жылан чагып өлтүргөн.

10 Алардын кээ бирөөлөрүнө окшоп күңкүлдөбөгүлө. Күңкүлдөгөндөрдү Кыруучу өлтүргөн.

11 Алардын башынан өткөн нерселердин баары бизге сабак болуш үчүн болгон. Кылымдын акырында жашап жаткан бизге эскертүү болуш үчүн, кагазга түшүрүлгөн.

12 Ошондуктан туруп турам деп ойлогон адам жыгылып калуудан сак болсун.

13 Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет.

14 Ошондуктан, сүйүктүүлөрүм, буркандарга кызмат кылуудан качкыла.

15 Силерди акыл-эстүү адамдар катары көрүп айтып жатам, айткандарым жөнүндө өзүңөр ойлонуп көргүлө.

16 Теңирге ыраазычылык билдирүү менен ыраазычылык чөйчөгүнөн ичкенде, биз Машайактын канына үлүштөш болуп жаткан жокпузбу? Нан сындырып жегенде, биз Машайактын денесине үлүштөш болуп жаткан жокпузбу?

17 Нан бирөө, бардыгыбыз биригип бир денебиз, анткени бардыгыбыз бир нандан жеп жатабыз.

18 Ысрайыл элин алып көрөлү: курмандыктан жегендер курмандык чалынуучу жайга үлүштөш болуп жатышкан жокпу?

19 Муну менен эмнени айткым келет? Буркан маанилүү нерсе демекчиминби? Же ага багышталган курмандыкты маанилүү нерсе демекчиминби?

20 Албетте, жок. Айтайын дегеним бул: бутпарастар курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге багышташат. Силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм.

21 Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар. Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин да дасторконунан тамактана албайсыңар.

22 Теңирдин кызганычын ойготкубуз келеби? Же биз Андан күчтүүбүзбү?

Бардыгын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла

23 Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле ишенимди бекемдебейт.

24 Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун.

25 Базарда сатылгандын бардыгын текшербестен, тынчсызданбастан эле алып жегиле.

26 Анткени жер жана жердегинин бардыгы Теңирдики.

27 Эгерде Теңирге ишенбегендердин бири силерди үйүнө чакырып калса, аныкына барганыңарда, алдыңарга коюлган тамак-ашты текшербестен, тынчсызданбастан эле жегиле.

28 Эгерде кимдир бирөө силерге: «Бул – бурканга багышталган тамак», – десе, анда муну айткан ошол адам үчүн жана анын абийири үчүн жебей эле койгула.

29 Өзүмдүн эмес, анын абийирин айтып жатам. Башка бирөөнүн абийирине өз эркиндигимди соттотуп эмне кылам?

30 Эгерде мен тамакты Кудайга ыраазычылык билдирүү менен жеп жатсам, анда мени ыраазычылык билдирип жеген тамак үчүн айыптоонун эмне кереги бар?

31 Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла.

32 Жүйүткө да, эллинге да, Кудайдын Жыйынына да азгырык болбогула.

33 Мен да өз пайдамды эмес, көптөрдүн пайдасын көздөп, куткарылып калышы үчүн, аларга бардык жагынан жагууга аракеттенип жатам.

11-БӨЛҮМ

1 Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла.

Башты жабуу жөнүндө

2 Бир туугандар, силердин мен берген көрсөтмөлөрдү эсиңерден чыгарбай, мен үйрөткөндөй аткарып жүргөнүңөр мактоого арзырлык.

3 Бирок муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы – Машайак, аялдын башчысы – эркек, Машайактын башчысы – Кудай.

4 Баш кийимчен сыйынган же баш кийимчен пайгамбарчылык кылган эркек өз башын өзү уятка калтырат.

5 Жылаңбаш сыйынган же жылаңбаш пайгамбарчылык кылган аял өз башын өзү уятка калтырат, себеби бул чачын кырдырып салууга барабар.

6 Эгерде аял башын жапкысы келбесе, чачын кырктырып салсын. Кырктырып салгандан же кырдырып салгандан уялса, башын жапсын.

7 Эркек башын жаппашы керек, анткени эркек – Кудайдын бейнеси жана даңкы, аял болсо – күйөөсүнүн даңкы.

8 Анткени эркек аял аркылуу эмес, аял эркек аркылуу жаратылган.

9 Эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган.

10 Ошондуктан аял периштелерге өзүнүн бийлик астында экендигин көрсөтүш үчүн, башын жаап жүрүшү керек.

11 Бирок Теңирдин алдында аял эркекке, эркек аялга көз каранды.

12 Анткени аял эркек аркылуу жаратылгандай эле, эркек аялдан төрөлөт, бирок баары Кудайдан.

13 Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү: аялдын Кудайга жылаңбаш сыйынганы адептүүлүккө жатабы?

14 Табият өзү эле айтып жатпайбы: чач өстүрүү эркек үчүн уятсыздык,

15 аял үчүн сыймык, анткени чач аялга жабуу ордуна берилген.

16 Ким бул тууралуу талашып-тартышкысы келсе, билип койсун, бизде да, Кудайдын Жыйындарында да андай адат жок.

Теңирдин Кечки Тамагы жөнүндө

17 Чогулганыңардын пайдасынан зыяны көп болгондуктан, төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берем. Мен силерди мактай албайм.

18 Биринчиден, Жыйын катары чогулганыңарда, өз ара бөлүнөрүңөрдү уктум. Кандайдыр бир деңгээлде мен буга ишенем.

19 Бирок араңарда ар кандай көз караштар да болушу керек, ошол аркылуу кимдердин ишенимдүү экендиги белгилүү болот.

20 Чогулганыңар менен, Теңирдин Кечки Тамагын жеп-ичүү расмисин туура өткөргөн жоксуңар.

21 Анткени ар ким башканы күтпөй, өз тамагын жей баштайт. Ошентип, бири ачка калса, бири мас болуп калат.

22 Үйүңөрдөн ичип-жесеңер болбойбу? Же Кудайдын Жыйынын барк албай, колунда жокторду басынткыңар барбы? Эмне дейин, силерди ушул үчүн мактайынбы? Жок, мактабайм.

23 Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Теңирден алгам. Адамдардын колуна салынып берилер түнү Теңир Ыйса нанды алып,

24 Кудайга ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, нанды сындырып, мындай деген: «Алгыла, жегиле. Бул Менин силер үчүн сындырылган Денем. Бул нанды Мени эскериш үчүн жегиле».

25 Тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деген: «Бул чөйчөк – Менин Каным менен бекитиле турган жаңы келишим. Бул шараптан ичкен сайын, Мени эскергиле».

26 Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын, Теңир келгенге чейин, силер Анын өлүмү жөнүндө жарыялайсыңар.

27 Ошондуктан ким татыксыз түрдө бул нандан жесе жана Теңирдин чөйчөгүнөн ичсе, ал Теңирдин Денесине жана Канына каршы күнөө кылган болот.

28 Адам адегенде өзүн өзү текшерсин, ошондон кийин гана бул нандан жеп, чөйчөктөгү шараптан ичсин.

29 Ким Теңирдин Денеси жөнүндө ойлонбой, татыксыз түрдө ичип-жесе, ал өзүн өзү айыптуу кылат.

30 Ошондуктан көпчүлүгүңөр алсызсыңар жана оорулуусуңар, араңарда өлгөндөр да аз эмес.

31 Өзүбүздү өзүбүз текшерсек, сотко кабылмак эмеспиз.

32 Бул дүйнө менен бирге соттолбошубуз үчүн, Теңир бизди соттоп, жазалап жатат.

33 Ошондуктан, бир туугандарым, Кечки Тамакка чогулганыңарда, бири-бириңерди күткүлө.

34 Ачка адам үйүнөн тамактансын. Кечки Тамак расмисин өткөрүүңөр сотко кабылууңарга себеп болбогондой болсун. Калганын өзүм барганда чечем.

12-БӨЛҮМ

Рухий жөндөмдүүлүктөр жөнүндө

1 Бирок, бир туугандар, мен силердин рухий жөндөмдүүлүктөр тууралуу да билишиңерди каалайм.

2 Өзүңөр билесиңер, бутпарас кезиңерде тилсиз буркандарга бирөө жетелеп баргансып барчусуңар.

3 Ошондуктан силерге айтарым: Кудайдын Руху аркылуу сүйлөгөн адам Ыйсага каршы анафема айтпайт жана ал Кудайдын Руху аркылуу гана Ыйсаны «Теңир» дей алат.

4 Рухий жөндөмдүүлүктөр ар түрдүү, бирок Рух бирөө.

5 Кызматтар ар түрдүү, бирок Теңир бирөө.

6 Иштер ар түрдүү, бирок Кудай бирөө, бардыгын кыймылга келтирген – Ал.

7 Бирок Рухтун жөндөмдүүлүгү жалпынын пайдасы үчүн ар бирине берилет.

8 Рух аркылуу бирине акылмандык берилсе, ошол эле Рух аркылуу башка бирине билим берилет.

9 Ошол эле Рух аркылуу бирине ишеним, дагы бирине айыктыруу жөндөмдүүлүгү,

10 бирине ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгү, бирине пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү, бирине рухтарды айырмалоо жөндөмдүүлүгү, бирине ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү, башка бирине ошол тилдерди которуп түшүндүрүп берүү жөндөмдүүлүгү берилет.

11 Мунун баары – ошол эле Рухтун иши. Ал ар бирине Өзү каалагандай жөндөмдүүлүк берет.

Мүчөлөр көп, дене бирөө

12 Дене бирөө болгону менен, анын мүчөлөрү көп, баары – бир дененин мүчөлөрү, алар көп болсо да, бир эле денени түзөт. Машайактын Денеси болуп эсептелген Жыйын да көп мүчөлөрдөн турат.

13 Жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да – баарыбыз бир Рухка, бир денеге чөмүлүп, бир Рухтан ичкенбиз.

14 Дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат.

15 Бут: «Мен денеге таандык эмесмин, анткени кол эмесмин», – десе эле, денеге таандык болбой калабы?

16 Кулак: «Мен денеге таандык эмесмин, анткени көз эмесмин», – десе эле, денеге таандык болбой калабы?

17 Дененин баары эле көз болсо, ал кантип угат? Дененин баары эле кулак болсо, ал кантип жыт сезет?

18 Кудай ар бир мүчөнү денеге Өзү каалаганындай кылып жайгаштырган.

19 Эгерде баары бир эле мүчө болсо, дене кантип дене болот?

20 Көп мүчө биригип, бир денени түзөт.

21 Көз колго: «Сенин мага керегиң жок!», баш бутка: «Сенин мага керегиң жок!» – дей албайт.

22 Дененин алсыз көрүнгөн мүчөлөрү көбүрөөк керек.

23 Денебиздеги көрксүз болуп көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө кам көрөбүз.

24 Денебиздеги анча маанилүү эмес болуп көрүнгөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө кам көрөбүз, көрксүз мүчөлөрүбүз көрктүү кийим кийишет, ал эми көрктүү мүчөлөрүбүз буга муктаж эмес.

25 Бирок дене мүчөлөрү өз ара бөлүнбөш үчүн, мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн, Кудай дененин көрксүз мүчөсүн өзгөчө кам көрүлгүдөй кылып жайгаштырган.

26 Ошондуктан бир мүчө азап тартса, аны менен кошо бардык мүчөлөр азап тартышат. Бир мүчө даңкталса, аны менен кошо бардык мүчөлөр кубанышат.

27 Силер Машайактын денесисиңер, өз-өзүнчө алганда, ар бириңер бул дененин мүчөлөрүсүңөр.

28 Кудай Жыйынга, биринчиден, элчилерди; экинчиден, пайгамбарларды; үчүнчүдөн, окутуучуларды дайындады. Калгандарына ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн, айыктыруу жөндөмдүүлүгүн, жардам берүү жөндөмдүүлүгүн, башкаруу жөндөмдүүлүгүн, ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн берди.

29 Баары эле элчиби? Баары эле пайгамбарбы? Баары эле окутуучубу? Баарында эле ажайып көрсөтүү жөндөмдүүлүгү барбы?

30 Баарында эле айыктыруу жөндөмдүүлүгү барбы? Баары эле ар кандай тилдерде сүйлөй алышабы? Баары эле ал тилдерди которо алышабы?

31 Эң жакшы жөндөмдүүлүктөргө умтулгула, ошондо мен силерге мындан да жакшы жолду көрсөтөм.

13-БӨЛҮМ

Сүйүү

1 Эгерде мен адамдын жана периштенин тили менен сүйлөй алсам, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен зың эткен жезмин же шыңгыраган коңгуроомун.

2 Эгерде мен пайгамбарчылык кылсам, бардык сырларды билсем, толук билимге ээ болсом, тоону ордунан жылдыра ала тургандай ишенимим бар болсо, бирок менде сүйүү жок болсо, анда мен эч ким эмесмин.

3 Эгерде мен мал-мүлкүмдүн баарын таратып берсем, денемди отко таштоого даяр болсом, бирок менде сүйүү жок болсо, мунун баары пайдасыз.

4 Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт,

5 адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт,

6 адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат,

7 баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт.

8 Сүйүү эч качан токтобойт. Пайгамбарчылык айтылбай калат, тилдер сүйлөнбөй калат, билимдин кереги жок болуп калат.

9 Анткени биздин билимибиз чектелүү, пайгамбарчылыгыбыз да чектелүү.

10 Жеткилеңдүүлүктүн убагы келгенде, чектелүү нерселер жок болот.

11 Бала кезимде жаш балача сүйлөп, жаш балача ойлонуп, жаш балача ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде балалык көз караштарымды калтырдым.

12 Азыр биз күңүрт күзгүдөн көргөнсүп, даана көрө албай жатабыз, кийин болсо даана көрөбүз. Азыр менин билимим чектелүү, Теңир мени кандай билсе, кийин мен баарын ошондой билип алам.

13 Ал эми азыр үчөө бар: ишеним, үмүт, сүйүү. Бирок сүйүү баарынан жогору. <a name="14"> </a>

14-БӨЛҮМ

Ар кандай тилдерде сүйлөө жана пайгамбарчылык кылуу

1 Сүйүүгө жетүүгө аракеттенгиле, рухий жөндөмдүүлүктөргө, айрыкча пайгамбарчылык кылууга, умтулгула.

2 Ар кандай тилдерде сүйлөгөн адам адамдарга эмес, Кудайга сүйлөп жатат. Анткени аны эч ким түшүнгөн жок, ал сырларды руху менен айтып жатат.

3 Ал эми пайгамбарчылык кылган адам бекемдейт, акыл-насаат айтат, сооротот.

4 Ар кандай тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдейт, ал эми пайгамбарчылык кылган адам Жыйынды бекемдейт.

5 Ар кандай тилдерде баарыңардын эле сүйлөшүңөрдү каалайм, бирок ага караганда пайгамбарчылык кылганыңар жакшы. Ар кандай тилдерде сүйлөгөнгө караганда, пайгамбарчылык кылган жакшы. Сүйлөгөнүн которуп түшүндүрүп бербесе, Жыйындын бекемделиши үчүн, пайгамбарчылык кылганы жакшы.

6 Бир туугандар, мен силерге барып алып, ар кандай тилдерде сүйлөсөм, бирок менин айткандарымдан же ачылыш албасаңар, же бир нерсени таанып билбесеңер, же пайгамбарчылык укпасаңар, же насаат албасаңар, мен силерге кандай пайда келтирген болом?

7 Үн чыгарган чоор же гусли сыяктуу жансыз буюмдардын ар бири ар башка үн чыгарбаса, алардын үнүн кантип ажыратмак элек?

8 Сурнай белгисиз эле бир үн чыгарып жатса, согушка ким даярданмак эле?

9 Ошол сыяктуу эле, эгерде силер түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөп жатсаңар, эмнени айтып жатканыңарды кантип билишет? Сүйлөгөнүңөр ооздун жели эле болуп калат.

10 Дүйнөдө ар кандай сөздөр бар, ар бир сөздүн мааниси бар.

11 Эгерде мен сүйлөп жаткан адамдын сөзүнүн маанисин түшүнбөсөм, мен ал адам үчүн чет өлкөлүкмүн, ал адам мен үчүн чет өлкөлүк.

12 Бул рухий жөндөмдүүлүктөргө умтулуп жаткан силерге да тиешелүү. Жыйындын бекемделиши үчүн, жөндөмдүүлүктөргө бай болууга аракет кылгыла.

13 Ошондуктан ар кандай тилдерде сыйынган адам которуп берүү жөндөмдүүлүгүн да сурап сыйынсын.

14 Анткени ар кандай тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, акылым жемишсиз калат.

15 Анда эмне кылыш керек? Рухум менен да сыйынам, акылым менен да сыйынам. Рухум менен да ырдайм, акылым менен да ырдайм.

16 Эгерде сен рухуң менен Кудайга ыраазычылык билдирип жатсаң, эмнени айтып жатканыңды түшүнбөгөн адам сен ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, кантип «Оомийин» демек эле? Анткени ал сенин эмнени айтканыңды түшүнгөн жок.

17 Сен Кудайга канчалык жакшы ыраазычылык билдирсең да, бул аркылуу башка бирөөнүн ишеними бекемделбейт.

18 Кудайга ыраазымын, ар кандай тилдерде мен баарыңардан көбүрөөк сүйлөйм.

19 Бирок Жыйында ар кандай тилдерде көп сөз айткыча, башкалар насаат алышы үчүн, акылым менен беш сөз айтканым жакшы.

20 Бир туугандар, акылыңар жаш баланыкындай болбосун. Жамандыкка карата жаш баладай болгула, бирок акылыңар жетик болсун.

21 Мыйзамда мындай деп жазылган: «“Бул элге башка тилдер менен башкалардын оозу аркылуу сүйлөсөм да, булар Мени угушпайт”, – дейт Теңир».

22 Ошентип, ар кандай тилдерде сүйлөө – Теңирге ишенгендер үчүн эмес, Теңирге ишенбегендер үчүн жышаан. Пайгамбарчылык кылуу – Теңирге ишенбегендер үчүн эмес, Теңирге ишенгендер үчүн жышаан.

23 Жыйындагылардын баары чогулуп алып, ар кандай тилдерде сүйлөп жатышканда, муну билбеген же Теңирге ишенбеген адам келип калса, «Буларга жин тийгенби» дебес бекен?

24 Баарыңар пайгамбарчылык кылып жатканыңарда, араңарга Теңирге ишенбеген же муну билбеген адам келсе, ал силер аркылуу ашкереленет, соттолот.

25 Анын жүрөгүндөгү жашыруун ойлору ачыкка чыгат. Ошондо ал жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, чын эле, силер менен экен», – деп, Кудайга таазим кылат.

26 Бир туугандар, чогулганыңарда рухий ырлардан ырдайсыңар, насаат айтасыңар, алган ачылышыңар менен бөлүшөсүңөр, ар кандай тилдерде сүйлөйсүңөр, аны которуп түшүндүрүп бересиңер, бирок мунун баары Жыйындын бекемделиши үчүн болсун.

27 Кимдер ар кандай тилдерде сүйлөсө, алардын экөөсү, ашып кетсе үчөөсү кезектешип, биринин артынан бири сүйлөсүн, бири аны которуп түшүндүрүп берсин.

28 Эгерде которуп түшүндүрүп берүүчү адам жок болсо, ал Жыйында унчукпай эле койсун, өзү үчүн сүйлөсүн, Кудайга сүйлөсүн.

29 Ошондой эле эки же үч пайгамбар сүйлөсүн, угуп отургандар алардын айткандары жөнүндө ойлонушсун.

30 Эгерде угуп отургандардын бири ошол убакта ачылыш алса, сүйлөп жаткан адам ачылыш алган адамга сөз берсин.

31 Баарыңар үйрөнүп, баарыңар соороно алышыңар үчүн, кезек менен пайгамбарчылык кылсаңар болот.

32 Пайгамбарчылык руху пайгамбарларды угат.

33 Анткени Кудай тартипсиздикти эмес, тынчтыкты каалайт.

34 Ыйыктардын бардык Жыйындарындагыдай эле Жыйында аялдарыңар унчугушпасын, анткени аларга сүйлөөгө уруксат берилген эмес. Алар мыйзамда айтылгандай баш ийишсин.

35 Эгерде алар бир нерсени үйрөнгүсү келсе, үйүнө барганда, күйөөсүнөн сурап алсын. Аял кишинин Жыйында сүйлөгөнү уят.

36 Кудай Сөзү силерден чыкты беле? Кудай Сөзү жалгыз силерге жетти беле?

37 Ким өзүн пайгамбармын же рухий адаммын деп эсептесе, силерге жазгандарым Теңирдин осуяты экендигин билип койсун.

38 Билгиси келбеген адам билбей эле койсун.

39 Ошентип, бир туугандарым, пайгамбарчылык кылууга умтулгула, бирок ар кандай тилдерде сүйлөөгө тыюу салбагыла.

40 Бирок баары өз орду, өз тартиби менен болсун.

15-БӨЛҮМ

Машайактын тирилүүсү

1 Бир туугандар, мен силерге тараткан Жакшы Кабарды эсиңерге салайын. Силер аны кабыл алып, ага бекем ишенип калдыңар.

2 Эгерде ага мен айткандай ишенсеңер, ал аркылуу куткарыласыңар, болбосо ишенгениңердин пайдасы жок.

3 Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү,

4 көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди.

5 Ал Кейфага, кийин он эки шакиртине көрүндү.

6 Андан кийин бир эле убакта беш жүздөн ашуун бир тууганыбызга көрүндү. Алардын көпчүлүгү азыркы күнгө чейин тирүү, айрымдарынын көзү өтүп кетти.

7 Андан кийин Жакыпка жана башка элчилерге көрүндү.

8 Акырында ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балага окшогон мага да көрүндү.

9 Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл, элчи деп аталууга да татыксызмын. Анткени мен Теңирдин Жыйынын куугунтуктачумун.

10 Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага кылган ырайымы текке кеткен жок, мен баарынан көп кызмат кылдым. Дегинкиси, мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кызмат кылды.

11 Ошентип, мен да, алар да тараткан, силер ишенген Жакшы Кабар ушул.

Өлгөндөрдүн тирилүүсү

12 Машайактын өлгөндөрдүн арасынан тирилгендиги жарыяланып жатса, кээ бирөөлөрүңөрдүн: «Өлгөндөр тирилишпейт», – дегени кандай?

13 Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок.

14 Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда биздин Жакшы Кабар таратканыбыздын да, силердин ишенимиңердин да пайдасы жок.

15 Эгерде өлгөндөр чын эле тирилишпесе, ал эми биз Машайакты Кудай тирилтти деп жатсак, анда Кудайга каршы жалган күбөлүк кылган болор элек.

16 Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок.

17 Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда.

18 Анда Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар да тирилишпейт.

19 Эгерде Ыйсага ушул жашоодо гана үмүттөнүп жатсак, анда биз эң бактысыз адамдарбыз.

20 Бирок Машайак өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилди.

21 Өлүм бир адам аркылуу келген сыяктуу эле, өлгөндөр бир Адам аркылуу тирилишет.

22 Адам атанын айынан баары өлүштү, ал эми Машайак аркылуу баары тирилишет.

23 Ар бири өз кезеги менен тирилет: адегенде Машайак, Машайак келгенде, машайакчылар тирилишет.

24 Машайак бардык бийликти, үстөмдүк кылуучулукту жана күчтү жоюп, Падышачылыкты Кудай Атага өткөрүп бергенден кийин, баарынын акыры келет.

25 Анткени Ал бардык душмандарын Өзүнүн бут алдына жыкканга чейин бийлик жүргүзүүгө тийиш.

26 Өлүм акыркы душман катары жок болот.

27 Себеби Кудай бардыгын Машайактын бут алдына жыкты. Албетте, бардыгынын ичине бардыгын Ага багындырып берген Кудай кирбейт.

28 Бардыгы Уулга багындырылып берилгенден кийин, Уул Өзү да бардыгын багындырып берген Кудайга баш иет. Ошентип, Кудай бардык бийликти Өз колуна алат.

29 Өлгөндөр үчүн чөмүлдүрүлүп жаткандар эмне кылып жатышат? Эгерде өлгөн адамдар эч качан тирилишпесе, анда эмнеге өлгөндөр үчүн да чөмүлдүрүлүп жатышат?

30 Биз да эмнеге саат сайын өзүбүздү кыйынчылыктарга туш кылып жатабыз?

31 Мен күн сайын өлүмгө баш байлап жатам. Бир туугандар, Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу мен ээ болгон силердин мактооңор буга күбө.

32 Адамдык көз караш менен айтайын, өлгөндөр тирилишпесе, Эфестеги жырткычтар менен күрөшүп, өз өмүрүмдү тобокелге салып эмне кылам? «Анда ичип-жейли, баары бир өлөбүз да».

33 Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.

34 Эсиңерге келгиле, күнөө кылганды токтоткула. Уяткарыш үчүн айтайын, айрымдарыңар Кудайды али тааный элексиңер.

Тирилгенден кийинки жаңы дене

35 Бирок кимдир бирөө: «Өлгөндөр кантип тирилишет? Алардын тирилгенден кийинки денеси кандай болот?» – дейт чыгар.

36 Акылсыз! Сепкен уругуң өлбөсө, өнүп чыкпайт.

37 Буудай себесиңби, башканы себесиңби, сен өсүмдүктүн өзүн эмес, уругун эле себесиң.

38 Кудай ар бир өсүмдүккө Өзү каалагандай түр берет, ар бир уруктун денеси ар башка болот.

39 Денелердин баары бирдей эмес: адамдын, малдын, канаттуунун, балыктын денеси бири-биринен айырмалуу.

40 Асмандагылардын денелери бар, жердегилердин денелери бар. Асмандагылардын денелеринин даңкы башка, жердегилердин денелеринин даңкы башка.

41 Күндүн көркү башка, ай-жылдыздардын көркү башка. Көркү жагынан жылдыздар бири-биринен айырмаланышат.

42 Өлгөндөрдүн тирилүүсү да ушундай болот: топуракка көмүлгөн дене чирийт, тирилген дене эч качан чирибейт.

43 Себилген нерсе барксыз, тирилген нерсе барктуу. Себилген нерсе алсыз, тирилген нерсе күчтүү.

44 Себилгени – табигый дене, тирилгени – рухий дене. Табигый дене бар, рухий дене бар.

45 Тооратта мындай деп жазылган: «Ошентип, биринчи адам – Адам ата тирүү жан болуп калды». Ал эми акыркы Адам – өмүр берүүчү рух.

46 Адегенде табигый адам, андан кийин рухий Адам келди.

47 Топурактан жаратылган биринчи адам жерден, экинчи Адам асмандан келди.

48 Жердеги адам кандай болсо, жердегилер да ошондой. Асмандан келген Адам кандай болсо, асмандагылар да ошондой.

49 Азыр жердеги адамдын бейнесин алып жүрөбүз, кийин асмандан келген Адамдын бейнесин алабыз.

50 Бир туугандарым, айтайын дегеним бул: бул дене Кудайдын Падышачылыгын мурастай албайт. Чирип калчу нерсе чирибес нерсени мурастай албайт.

51 Силерге бир жашыруун сыр айтайын: баарыбыз эле өлбөйбүз, бирок баарыбыз өзгөрүлөбүз.

52 Акыркы сурнай тартылганда, көз ачып-жумгуча өзгөрүлөбүз. Сурнай тартылганда, өлгөндөр чирибес болуп тирилишет, биз болсо өзгөрүлөбүз.

53 Анткени чирип калчу бул дене чирибес болот, өлүп калчу бул дене өлбөс болот.

54 Чирип калчу бул денебиз чирибес болгондо, өлүп калчу бул денебиз өлбөс болгондо, «Өлүм жеңилди, жок болду» деген сөз аткарылат.

55 «Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда?»

56 Өлүмдүн уу тиши – күнөө, ал эми күнөөнүн күчү – мыйзам.

57 Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бизге жеңиш берген Кудайга ыраазыбыз!

58 Ошондуктан, сүйүктүү бир туугандарым, бекем болгула, туруктуу болгула. Теңирдин ишин ар дайым жан-дилиңер менен кылгыла, анткени Теңир үчүн кылган эмгегиңер текке кетпестигин билесиңер.

16-БӨЛҮМ

Иерусалимдеги Жыйынга көрсөтүлгөн жардам

1 Ыйыктар үчүн чогултулчу жардам жөнүндө айтарым: Галатиядагы Жыйындарга берген көрсөтмөмдү колдонгула.

2 Мен барганда чогултуп жүрбөшүңөр үчүн, ар жуманын биринчи күнү ар бириңер шартыңарга жараша колуңардан келгенин чогултуп коюп жүргүлө.

3 Барганымда, өзүңөр тандаган адамдарды кат менен Иерусалимге жөнөтөм. Алар чогулткандарыңарды Иерусалимге жеткирип барышат.

4 Эгерде менин да барышым керек болсо, алар мени менен барышат.

5 Адегенде Македонияга барып, андан ары силерге барам.

6 Араңарда бир аз убакыт туруп калат окшойм, атүгүл, кыштап калышым да ыктымал. Кийин силер мени бара турган жагыма узатып коёрсуңар.

7 Мен силерге тийип эле кетким келген жок. Кудай буюрса, силер менен көп убакыт бирге болоюн деген оюм бар.

8 Элүүнчү күн майрамына чейин Эфесте болом.

9 Анткени мен үчүн эшик кенен ачылды, бирок каршылашкандар да көп.

10 Эгерде силерге Тиметей барса, өмүрүнө коркунуч туулбагыдай болсун. Анткени ал да мага окшоп, Теңирдин ишин кылып жатат.

11 Аны тоотпой койбогула. Силер аны тынчтык менен узатып койгула, биз аны бир туугандар болуп күтүп жатабыз.

12 Аполос бир тууганыбыздан бир туугандар менен бирге силерге баруусун абдан өтүндүм. Бирок ал азыр барууну каалаган жок, ыңгайы келгенде барат.

13 Сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула, бекем болгула, кайраттуу болгула.

14 Бардык ишти сүйүү менен кылгыла.

15 Ахая жеринде Теңирге биринчилерден болуп ишенген, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнаган Степандын үй-бүлөсүн билесиңер.

16 Бир туугандарым, силерден өтүнөрүм, мындай адамдарды сыйлагыла. Силерге жардам көрсөтүп, силер менен чогуу эмгектенген адамдардын баарын сыйлагыла.

17 Степандын, Портунаттын жана Ахайиктин келгенине аябай кубандым, анткени алар силерди жоктотушкан жок.

18 Алар мени да, силерди да тынчтандырып коюшту, мындай адамдарды сыйлагыла.

19 Асиядагы Жыйындар силерге салам айтып жатышат. Теңир жолунда жүргөн Акила менен Прискила да өздөрүнүн үйүндө чогулган Жыйын менен бирге силерге ысык салам айтып жатышат.

20 Бардык бир туугандар силерге салам айтып жатышат. Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла.

21 Мен, Пабыл, саламымды өз колум менен жаздым.

22 Теңирибиз Ыйса Машайакты сүйбөгөн адамга анафема! Маранафа!1

23 Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин!

24 Мен баарыңарды Машайак Ыйсанын сүйүүсү менен сүйөм. Оомийин.