Галатиялыктарга жазган каты

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Адамдар тарабынан да эмес, адам аркылуу да эмес, Ыйса Машайак аркылуу жана Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай Ата аркылуу элчи болуп дайындалган мен – Пабылдан,

2 ошондой эле менин жанымдагы бардык бир туугандардан Галатиядагы Жыйындарга салам!

3 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

4 Машайак бизди бул жаман дүйнөдөн куткарыш үчүн, Кудайыбыздын жана Атабыздын каалоосу боюнча биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өзүн курмандык кылган.

5 Ал түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

Жалган «Жакшы Кабар»

6 Силерди Машайактын ырайымы менен чакырып алган Кудайдан жүз буруп, тез эле башка «Жакшы Кабарга» өтүп кетип жатканыңарга таң калып жатам.

7 Чындыгында, башка Жакшы Кабар жок, бирок силердин тынчыңарды алган жана Машайактын Жакшы Кабарын бурмалоону каалаган адамдар бар.

8 Бирок бизби же асмандан келген периштеби, башында силерге өзүбүз тараткан Жакшы Кабарга каршы келген «Жакшы Кабарды» таратса, ага анафема.

9 Мурун айтканыбызды мен азыр да кайталаймын: эгерде кимдир бирөө силерге өзүңөр мурун кабыл алгандан башка «Жакшы Кабар» таратса, ага анафема.

10 Азыр мен адамдарга жагууну ойлоп жатамбы же Кудайга жагууну ойлоп жатамбы? Же силер мени адамдарга жагууга аракеттенип жатат деп ойлоп жатасыңарбы? Эгерде мен дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм, анда Машайактын кулу болмок эмесмин.

Пабыл элчилик кызматка Кудай тарабынан чакырылган

11 Бир туугандар, муну билишиңерди каалайм: мен таратып жаткан Жакшы Кабар адамдын оюнан чыгарылган эмес.

12 Анткени мен аны адамдан кабыл алган эмесмин, адамдан үйрөнгөн эмесмин. Аны мен Ыйса Машайактын аяны аркылуу кабыл алгам.

13 Силер менин жүйүт динин туткан кезимдеги мурунку жашоом жөнүндө: Кудайдын Жыйынын ырайымсыздык менен куугунтуктап, аны жок кылууга аракеттенгенимди,

14 ата-бабаларымдын салттарын өзгөчө кызганчаактык менен сактаганымдан улам, жүйүт динин тутууда өзүм менен тең чамалаш болгон уруулаштарымдын бир тобуна караганда көбүрөөк ийгиликке жетишкенимди уккансыңар.

15 Бирок мени энемдин курсагында жатканда эле тандап алып, Өзүнүн ырайымы менен чакырып алган Кудай

16 бутпарастарга Уулу жөнүндө жар салышым үчүн, мага Өзүнүн Уулун ачып берүүнү ылайык тапты, ошондо мен эч кимден кеңеш сураган жокмун.

17 Иерусалимге, менден мурун чакырылган элчилерге барбастан, Аравияга кеттим, андан кийин кайра Дамаскка кайтып келдим.

18 Үч жылдан кийин Петир менен таанышуу үчүн Иерусалимге барып, аныкында он беш күн болдум.

19 Теңир Ыйсанын бир тууганы Жакыптан башка элчилерди көргөн жокмун.

20 Силерге жазып жаткандарым – чындык, буга Кудай күбө.

21 Андан кийин Сирия, Киликия өлкөлөрүнө бардым.

22 Машайактын Жүйүт аймагындагы Жыйындары мени таанышчу эмес.

23 Бирок алар «Бир учурда бизди куугунтуктаган адам мурун өзү жок кылууга аракеттенген ишеним жөнүндө азыр жар салып жүрөт» деген сөздү гана угушуп,

24 мен үчүн Кудайды даңкташты.

2-БӨЛҮМ

Пабылдын элчилер тарабынан кабыл алынышы

1 Он төрт жылдан кийин Титти жаныма алып, Барнаба менен чогуу кайрадан Иерусалимге бардым.

2 Мен ал жакка Кудай ачып бергендиктен бардым. Бекер эле эмгектенбегенимди жана бекер эле эмгектенип жатпаганымды билиш үчүн, бутпарастардын арасында таратып жаткан Жакшы Кабар жөнүндө өзгөчө кадырлуу адамдарга айтып бердим.

3 Бирок алар мени менен жүргөн Титти да, эллин болгонуна карабастан, сүннөткө отурууга мажбурлашкан жок,

4 ал эми биздин Машайак Ыйса аркылуу ээ болгон эркиндигибиз жөнүндө астыртан билип алып, бизди кулга айландырыш үчүн,

5 Жыйынга жашыруун түрдө кирген жалган «бир туугандарга» бир азга да макул болгон жокпуз, көнгөн жокпуз. Жакшы Кабардагы чындык силерде сакталыш үчүн ошенттик.

6 Кээ бирөөлөр тарабынан кадырлуу деп эсептелгендер (алардын качан, кантип кадырлуу болушкандыгы мен үчүн мааниге ээ эмес, анткени Кудайда бет карамалык жок) мага эч кандай кошумча нерсе жүктөшкөн жок.

7 Бирок Петирге сүннөткө отургузулгандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылгандай эле, мага сүннөткө отургузулбагандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганын билишти.

8 Анткени Петирдин сүннөткө отургузулгандардын арасындагы элчилик кызматын колдоп жаткан Кудай менин да бутпарастардын арасындагы элчилик кызматымды колдоп жатат.

9 Жыйындын кадыр-барктуу тиректери деп эсептелген Жакып, Кейфа жана Жакан Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы жөнүндө билишип, мага жана Барнабага биргелешип иштөө үчүн кол сунушту. Ошентип, биз бутпарастарга бара турган болдук, алар болсо сүннөткө отургузулгандарга бара турган болушту.

10 Бирок алар бизден жакырларды эстен чыгарбообузду өтүнүштү, мен бул ишти бүт күчүм менен аткарууга аракеттендим.

Пабылдын Петирге каршы чыгышы

11 Петир Антийохеяга келгенде, мен ага ачык эле каршы чыктым, анткени анын кылганы туура эмес эле.

12 Жакып жиберген кишилер келгенге чейин, Петир бутпарастар менен чогуу тамактанып жүргөн. Бирок ошол сүннөткө отургузулгандар келгенде, Петир коркуп, сүннөткө отургузулбагандардан четтеп, алыстай баштаган.

13 Кээ бир жүйүттөр да ага окшоп эки жүздүүлүк кылышкан, атүгүл, Барнаба да аларга азгырылып, эки жүздүүлүк кылган.

14 Бирок мен алардын Жакшы Кабардагы чындыкка ылайык жашашпагандыгын көргөнүмдө, бардыгынын көзүнчө Петирге: «Эгерде сен жүйүт болуп туруп, жүйүттөрдөй эмес, бутпарастардай жашап жатсаң, анда эмнеге бутпарастарды жүйүттөрдөй жашоого мажбурлап жатасың?» – деп айттым.

Ишеним аркылуу акталуу

15 Биз жүйүт болуп төрөлгөнбүз, күнөөкөр бутпарастар эмеспиз.

16 Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенүү аркылуу акталыш үчүн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен эч бир адам акталбайт.

17 Эгерде Машайак аркылуу акталууга умтулуп жүргөн биз өзүбүз да күнөөкөр болуп чыксак, анда Машайак күнөөнүн кызматчысы болуп калабы? Албетте, жок!

18 Эгерде мен өзүм талкалаганды кайра куруп жатсам, анда өзүмдү өзүм кылмышкер кылып жатам.

19 Себеби мен Кудай үчүн жашайын деп, мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм. Мен Машайак менен кошо айкаш жыгачка кадалгам.

20 Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам.

21 Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. Эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле өлдү.

3-БӨЛҮМ

Мыйзам же ишеним

1 Акылсыз галатиялыктар, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайак силердин көз алдыңарга тартылгыдай сүрөттөлүп берилбеди беле, ким силерди чындыкка баш ийбөөгө азгырды?

2 Силерден бул нерсени гана билгим келет: силер Рухту мыйзамды аткаруу аркылуу алдыңар беле же айтылган сөзгө ишенүү аркылуу алдыңар беле?

3 Силер ушунчалык акылсызсыңарбы? Рух менен баштап, эми адамдык аракеттер менен бүтүрүп жатасыңарбы?

4 Башыңардан өткөргөнүңөрдүн баары пайдасыз болуп калдыбы? Чын эле, пайдасыз болдубу?

5 Мыйзамды аткаргандыгыңар үчүн Кудай силерге Ыйык Рухту берип, араңарда кереметтерди көрсөтүп жатабы? Же айтылган сөзгө ишенгендигиңер үчүн ошентип жатабы?

6 Бизге белгилүү: «Ыбрайым Кудайга ишенди, ишеними ага адилдик катары эсептелинди».

7 Ошентип, ишенгендер гана Ыбрайымдын балдары экенин билип койгула.

8 Ыйык Жазуу да Кудайдын бутпарастарды ишеними аркылуу актай тургандыгы жөнүндө алдын ала билгендиктен, Ыбрайымга: «Бүт элдер сен аркылуу бата алышат», – деп, алдын ала жарыялаган.

9 Ошентип, ишенгендер ишенимдүү Ыбрайым менен бирге бата алышат.

10 Ал эми мыйзамга таянгандардын бардыгы каргыш астында. Анткени Ыйык Жазууда: «Тооратта жазылган мыйзамдын бардыгын дайыма аткарбаган адамга каргыш!» – деп жазылган.

11 Мыйзам аркылуу Кудай алдында эч кимдин акталбастыгы белгилүү. Анткени «Адил адам ишеними аркылуу тирүү болот».

12 Мыйзам болсо ишенимге негизделген эмес, тескерисинче, «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот».

13 Ыбрайымга берилген бата Ыйса Машайак аркылуу бутпарастарга да берилиши үчүн жана биз ишеним аркылуу убадаланган Рухту алышыбыз үчүн,

14 Машайак биздин ордубузга каргышка калып, бизди мыйзамдын каргышынан кун төлөп куткарып алды. Анткени Ыйык Жазууда: «Жыгачка асылган ар бир адам каргышка калган», – деп жазылган.

Ыбрайымга берилген убада жана Мусанын мыйзамы

15 Бир туугандар, жашоодон бир мисал келтирейин: адам тарабынан бекитилген мурас кагазын эч ким жокко чыгара да, ага эч нерсе кошумчалай да албайт.

16 Бирок убадалар Ыбрайымга жана анын урпагына берилген. Кудай Ыбрайымга көптүк түрдө: «Сенин урпактарыңа», – деп айткан эмес, «Сенин урпагыңа», – деп, бирөө жөнүндө, башкача айтканда, Машайак жөнүндө айткан.

17 Мен бул нерсени айткым келет: төрт жүз отуз жылдан кийин келген мыйзам Кудай тарабынан алдын ала бекитилген келишимди жокко чыгарбайт, демек, убада өз күчүн жоготпойт.

18 Анткени мураска мыйзамдын негизинде ээ болууга болсо, анда убаданын зарылчылыгы жок болмок. Бирок Кудай аны Ыбрайымга убаданын негизинде белек кылган.

19 Андай болсо мыйзам эмне үчүн берилген? Ал кийинчерээк, кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилген. Кудайдын убадасы ошол Урпакка байланыштуу. Мыйзам периштелер аркылуу бир арачынын колу менен берилген.

20 Бирок жалгыз бирөөгө арачынын кереги жок, Кудай болсо бирөө.

21 Демек, мыйзам Кудайдын убадаларына каршыбы? Албетте, жок! Эгерде өмүр бере турган мыйзам берилген болсо, анда мыйзам аркылуу акталууга болор эле.

22 Бирок Ыйык Жазуу бүткүл адамзат күнөөнүн туткунунда экендигин жарыялайт. Демек, убадаланган нерсе ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишенимдери аркылуу берилет.

23 Ишеним келгенге чейин, ишеним айкын болгонго чейин, биз мыйзамдын сакчылыгы астында туткундалган болчубуз.

24 Ошентип, ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн, мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү болду.

25 Ал эми ишеним келгенде, жетелөөчүнүн көзөмөлүнөн бошондук.

26 Анткени силер, бардыгыңар, Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын балдарысыңар.

27 Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер.

28 Мындан ары силердин араңарда жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да, эркек да, аял да жок, анткени бардыгыңар Машайак Ыйсанын ичинде бирсиңер.

29 Эгерде силер Машайактыкы болсоңор, анда силер Ыбрайымдын урпактарысыңар, убада боюнча мурасчыларсыңар.

4-БӨЛҮМ

Машайак мыйзамдын бийлигинен бошотот

1 Бирок бул нерсени айткым келет: мурасчы бардык нерсенин кожоюну болсо да, бала кезинде кулдан эч айырмаланбайт,

2 атасы белгилеген убакытка чейин кам көрүүчүлөрдүн жана үй башкаруучулардын көзөмөлү астында болот.

3 Ошондой эле биз да «бала кезибизде» дүйнөдөгү алгачкы негиздерге кул болчубуз.

4 Бирок өз убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Ал аялдан төрөлдү, мыйзамга баш ийди.

5 Ал мыйзамдын бийлиги астындагыларды кун төлөп куткарды. Ал мыйзамдын бийлиги астындагылар Кудайдын балдары болушу үчүн ошондой кылды.

6 Силер Кудайдын балдары болуп калгандыктан, Кудай силердин жүрөгүңөргө Өз Уулунун «“Абба!”, Ата!» деп чакырган Рухун жиберди.

7 Демек, эми сен кул эмессиң, сен Анын баласысың. Эгерде баласы болсоң, анда Кудай сени Ыйса Машайак аркылуу мурасчы да кылды.

Пабылдын галатиялыктар үчүн кам көрүүсү

8 Бирок ошол убакта силер Кудайды тааныбагандыктан, чыныгы Кудай эмес кудайлардын кулдары элеңер.

9 Азыр болсо Кудайды таанып билгениңерден кийин, тагыраак айтканда, Кудай тарабынан таанылганыңардан кийин, кантип кайрадан алсыз жана жакыр алгачкы негиздерге кайрылып жатасыңар? Кайрадан аларга кул болгуңар келеби?

10 Кээ бир күндөрдү, айларды, мезгилдерди, жылдарды ыйык тутуп жатасыңар!

11 Мен силердин араңарда куру бекер эле эмгектендимби деп коркуп жатам.

12 Бир туугандар, силерден өтүнөмүн: мендей болгула, анткени мен да силердей болчумун. Силер мени эч таарынткан эмессиңер.

13 Өзүңөр билесиңер, мен биринчи жолу Жакшы Кабарды силерге алсыз абалымда тараткам,

14 алсыз абалым силер үчүн азгырык болсо да, кемсинткен эмессиңер, жийиркенген эмессиңер, тескерисинче, мени Кудайдын периштеси катары, Машайак Ыйса катары кабыл алгансыңар.

15 Силердин ошол убактагы кубанычыңар кайда? Мен өзүм күбөлөндүрө алам, мүмкүн болсо, ошондо силер мага көзүңөрдү оюп берүүгө да даяр элеңер.

16 Эми мен чындыкты айтуу менен, силерге душман болуп калдымбы?

17 Тигилер силерди таза ниет менен кызганып жатышкан жок, тескерисинче, силер аларды кызганышыңар үчүн, силерди бизден бөлүп кетүүнү каалап жатышат.

18 Дайыма таза ниет менен кызганган жакшы, бирок мен араңарда болгондо эле эмес.

19 Балдарым, силерден Машайак көрүнгөнгө чейин, мен силер үчүн кайрадан толгоо азабын тартамын.

20 Азыр жаныңарга барып, үнүмдү өзгөртүп сүйлөгүм келип жатат, анткени мен силерге айран-таң калып жатам.

Ыбрайымдын эки уулу – эки келишим

21 Силер, мыйзамдын бийлиги астында болууну каалагандар, айткылачы мага, мыйзамда эмне айтылганын уккан жок белеңер?

22 Анткени Ыйык Жазууда: «Ыбрайымдын эки уулу бар эле, бири күң аялынан, бири эркин аялынан», – деп жазылган.

23 Бирок күң аялынан төрөлгөн уул кадимки балдардай, ал эми эркин аялынан төрөлгөн уул убада боюнча төрөлгөн.

24 Мында каймана маани бар. Бул эки келишимди билдирет. Бири Синай тоосунда түзүлгөн, ал – балдарын кулчулук үчүн төрөгөн Ажар.

25 Ажар Аравиядагы Синай тоосун билдирет. Ал азыркы күндөгү Иерусалимге туура келет, анткени Иерусалим өзүнүн балдары менен кулчулукта.

26 Жогорку Иерусалим болсо эркин, ал баарыбыздын энебиз,

27 анткени Ыйык Жазууда: «Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу үн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп», – деп жазылган.

28 Бир туугандар, силер да Ыскакка окшоп, убада боюнча төрөлгөн балдарсыңар.

29 Бирок ошол убакта кадимки балдардай төрөлгөн бала Рух боюнча төрөлгөн баланы кубалаган, азыр да ошондой.

30 Бирок Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Күң аялды баласы менен кууп чык, анткени күң аялдын баласы эркин аялдын баласы менен бирге мураскор болбойт».

31 Ошондуктан, бир туугандар, биз «күң» аялдын балдары эмеспиз, «эркин» аялдын балдарыбыз.

5-БӨЛҮМ

Машайак тартуулаган эркиндик

1 Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле.

2 Мен, Пабыл, силерге муну айтамын: эгерде силер сүннөткө отургузула турган болсоңор, анда Машайактан силерге эч кандай пайда жок.

3 Сүннөткө отургузулган ар бир адамга дагы муну билдиремин: ал бүт мыйзамды аткарууга милдеттүү.

4 Мыйзам аркылуу акталууну каалагандар, силер Машайактан четтеп, ырайымдан ажырап калдыңар.

5 Ал эми биз өзүбүз үмүттөнгөн, ишенимдин негизинде келе турган адилдикти рухубуз менен күтүп жатабыз.

6 Себеби Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу да, сүннөткө отургузулбоо да маанилүү эмес, өзүн сүйүү аркылуу көрсөткөн ишеним маанилүү.

7 Силер жакшы эле чуркап бара жаттыңар эле, силердин чындыкка баш ийүүңөргө ким тоскоолдук кылды?

8 Бул ынандыруу силерди Чакырып алгандан эмес.

9 Бир аз ачыткы бүт камырды ачытат.

10 Силер башкача ойлобойсуңар деп, мен толук ишенемин, бул ишенимим Теңирден. Ал эми силерди адаштырган адам, ал ким болбосун, жазага тартылат.

11 Бир туугандар, эгерде мен дагы деле сүннөт жөнүндө жар салып жатсам, эмне үчүн мени куугунтуктап жатышат? Андай болсо айкаш жыгачтын азгырыгы токтойт эле да!

12 Силерди адаштыргандар өздөрүн бычып салышса кана!

13 Бир туугандар, силер эркиндикке чакырылгансыңар, бирок эркиндигиңер күнөөкөр табиятыңарды канааттандырууга негиз болуп бербесин, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла.

14 Анткени бүт мыйзам «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген бир сөз менен жыйынтыкталат.

15 Бирок бири-бириңер менен тиштешип, бири-бириңерди жеп жатсаңар, абайлагыла, бири-бириңерди жеп-жутуп койбогула!

Рухтун жемиши жана күнөөкөр табияттын иштери

16 Мен болсо муну айтамын: Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар.

17 Анткени күнөөкөр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо күнөөкөр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер өзүңөр каалаганды жасабайсыңар.

18 Эгерде силер Рухтун жетеги менен жашап жатсаңар, анда мыйзамдын бийлиги астында эмессиңер.

19 Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик,

20 бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу,

21 жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.

22 Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк,

23 момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок.

24 Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан.

25 Эгерде биз Рух аркылуу өмүргө ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы.

26 Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы.

6-БӨЛҮМ

Бири-биринин кыйынчылыктарын көтөрүү

1 Бир туугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла, бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн, сак болгула.

2 Бири-бириңердин кыйынчылыгыңарды көтөргүлө, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарасыңар.

3 Анткени, эгерде кимдир бирөө чынында эч ким эмес болуп туруп, өзүн жогору бааласа, ал өзүн өзү алдайт.

4 Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот,

5 анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт.

6 Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин өзүнүн насаатчысы менен бөлүшсүн.

7 Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот.

8 Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат.

9 Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз.

10 Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы.

Элчинин мактанычы – Машайактын айкаш жыгачы

11 Карагылачы, мен өз колум менен, чоң тамгалар менен жазып жатам.

12 Адамдык табияты боюнча беделдүү болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоолору үчүн гана силерди сүннөткө отурууга мажбур кылып жатышат.

13 Анткени сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат.

14 Мен болсо Теңирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дүйнө үчүн, бул дүйнө мен үчүн айкаш жыгачка кадалган.

15 Анткени Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу же сүннөткө отургузулбоо маанилүү эмес, жаңы адам маанилүү.

16 Ушул эреже боюнча жашагандардын бардыгына жана Кудайдын Ысрайыл элине Кудай тынчтыгын берип, ырайымын төгө берсин!

17 Мындан ары эч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Теңир Ыйсанын жараатын өзүмдүн денемде алып жүрөм.

18 Бир туугандар, биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуңар менен бирге болсун! Оомийин!