Бухгалтерия сырлары: Маалымдуу үйрөнүү окуу куралы

БУХГАЛТЕРИЯ СЫРЛАРЫ Маалымдуу үйрөнүү окуу куралы

БИШКЕК «ШАМ» БАСМАСЫ 1997

ББК 65.052 Ч—16

Рецензенттер: Бишкектеги коммерциялык колледж, Э. И. К., доцент Камчыбеков Т. К.

Бишкектеги финансылык-экономнкалык техникуму, Боронбаева Т. К.

Бишкек шаарынын №1 гимназия-интернаты.

Доцент Тантабаев Ы. Т.

Чалова К. Ч., Биримкулова К. Д.

Ч—16 Бухгалтерия сырлары: Маалымдуу үйрөнүү окуу куралы. Бишкек 1997. 300 бет. ISBN 5-7499-0067-3

Китепте бухгалтердик эсептин турмуштук бухгалтериясы, бухгалтердик эсептин теориялык негизи, чакан ишканада бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү ыкмалары жазылган. Китептин баптарына угумдуу жана кызыктыруу атоо коюлуп, жалпыга түшүнүктүү тилде түшүндүрүлөт.

Китепте берилген материалдар мектеп, ПТО, техникум окуучуларына жана бухгалтерияны өз алдынча үйрөнүүчү жалпы атуулдарга арналган.

Чалова К. Бухгалтерия сырлары: Маалымдуу үйрөнүү окуу куралы. Бишкек 1997. 300 б. ISBN 5-7499-0067-3


Алгы сөз

түзөтүү

Эсеп-кысап өзү жеткиликтүү эле татаалдыгы бар жана аны билбеген адамга көп анча кызыктуулугу болбогон илим. Ал өзү окуган же анда иштеген адамдардан күн сайын тырышчаактык жана абдан аракеттүү, ары көлөмдүү эмгекти, анан дагы өтө өзгөчөлөнгөн ишкердүүлүктү талап кылат. Бухгалтердик кызматты мындан ары өнүктүрүүдө, анын сабагын окутуу боюнча жетиштүү адабияттардын кыргыз тилинде жок болушу да кедерги болууда. Ошол себептен бухгалтердик кадрларды даярдоо үчүн, эсеп-кысап кызматкерлеринин катмарынын калыптануусуна жана анын ыкмаларын үйрөнүүсүнө көмөгү тийген, жупуну тилде жазылган, атайын окуу куралына муктаждык жаралып олтурат.

Сиздерге сунушталган ушул окуу курал бухгалтердик эсептин сырларын жана айкын эрежелерин турмуштан жана чарбачылыктан алынган мисалдарды колдонуу менен толук жана жөнөкөй тилде жазууга аракеттенген жалпы журтчулукту биринчи өз алдынча үйрөткүч-окуткуч китеп катары ойлонулган.

Бул окуу курал бухгалтердик эсенти үйрөнүү ыкмаларын, ишкананын бухгалтердик документтерин окууну жана ага ой жүгүртүүнү калктын кеңири катмарына жайылтууга көмөктөш болуу.

Китептин биринчи бөлүмүндө мектеп же ПТО окуучуларынын жана бухгалтердик эсепти жаңыдан үйрөнө баштаган ар бир адамдардын өздөштүрүүсү жеңил болушу үчүн окуу куралы жөнөкөй, көрүмдүү жана жалпыга түшүнүктүү турмуш-тиричилик бухгалтериясынан башталат.

Бул үчүн азык-түлүктөрдү же үй эмеректерин ж. б. керектерди сатып алуу, бирөөлөрдөн карыз акча алуу д. у. с. алыш-бериш аpaкеттерди ж. б. бухгалтердик операция катары эсеп-кысапка стандартсыз санаттар (счеттор) киргизилет жана күндөлүк көнүмдүү иштер талдалат.

Китептин экинчи бөлүмүндө кыска, кеңири, нуска түрдө жалпы бухгалтердик эсептин эрежелери биринчи бөлүмдөгү тиричилик бухгалтериясында окулган материалдарга теориялык негиз чагылдыруу каралган. Бул мурда алынган баштапкы бухгалтердик билимди жана адепки эсеп-кысап атоолорун табыгый өздөштүрүү үчүн керек.

Окуу куралдын үчүнчү бөлүмү татаал процесс болуп эсептелген өндүрүштүк бухгалтерияга арналган. Бул үчүн бөлүмдө счеттор планынын стандарттуу санаттары колдонулуп, жаңыдан бухгалтер болуп иштей баштаган атуулдарга түшүнүүгө жеңил болушу үчүн өзгөчө маанилүү жана көп кезигүүчү чарбалык операциялардын бухгалтердик жазуулары берилет.

Окурмандардын өздөштүрүүсүнө окуу куралында ар кырдуу көп сандаган көнүгүүлөр жана мисалдар бар. Ал бухгалтердик ыкмаларына жана усулдарына машыгууга багытталып, окурмандардын шыгын өркүндөтөт. Буга карата, окуучулар жана студенттер, эреже катары, чыныгы өндүрүштүн түзүлүшүнө жана экономиканын жөнөкөй негизи менен жетишерлик деңгээлде тааныштыгы жоктугу эсепке алынып, китепте келтирилген жагдайлар бухгалтердик гана көз карашта жазылбастан, ага экономикалык жана юридикалык негизде да түшүнүк берилген.

Бул окуу куралынын өзгөчө максатына эл чарбасынын рынок экономикасына өтүү мезгилинде окурмандарга өзүнүн билимин өз алдынча толуктоого, жүйөөлүү эсептөөгө жана эсеп-кысап маалыматтарынын шар агымынан керектүү багыт табууга үйрөтүү.

Сиздердин бухгалтердик эсептин бардык «сырларын» түшүнүүнү жеңилдетүүгө сунуш кылынган китептеги чыгарылган же өз алдынча эсептөөгө берилген көптөгөн мисалдар жана көнүгүүлөр — окурмандардын китептен алган билимин бекемдөө жана алардын өз күчүнө ишенүү үчүн өбөлгө. Мьшдай усулдун өтө маанилүүлүгү ар нерсени окуп үйрөнүүдө түйшүк тарттырбай кубануу алып келүү. Китепке чакан ишканада бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жетекчилик кылуу боюнча керектүү тиркемелер, рынок экономикасынын бухгалтердик терминдеринин орусча-кыргызча чакак сөздүгү кошулган.

Ошол гана себептен бул окуу куралы биздин оюбузча мектеп, ПТО, техникум окуу жайларынын окуучуларына гана керектүү болбостон, анан дагы бухгалтердик эсепти өз алдынча үйрөнүүчүлөргө да зор көмөгүн көрсөтүп, аларга кол китеп болооруна ишенүүгө болот.

Бухгалтердик эсептин бул багыттагы китеби кыргыз тилинде алгачкы жолу жарыяланып жаткандыктан, албетте анда кемчилдиктер жана каталыктардын болушу мумкун. Бул китептин мазмунун жакшыртууга багытталган сунуштарды жана пикирлерди авторлор Кыргыз мамтекеттик улуттук университетинин бухгалтердик эсеп, аудит жана талдоо кафедрасына жиберүүңүздөрдү өтүнөт жана алдын ала ыраазылык билдирет.

Биринчи БӨЛҮМ. ТИРИЧИЛИКТИН БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕБИ

түзөтүү

БИРИНЧИ ГЛАВА

АКЧА КАНТИП ЖАРАЛАТ, КИЙИН КАЙДА ТАРАЛАТ?

Турмуш-тиричиликте ар бир адамдардын дайыма акча менен иши болот. Акча — бул өзү эмне? Бул суроого «Акча — бул дүйнөдө баары эле эмес, бирок акчасыз жашоо өтө кыйын» — деп ар кимибиз дароо эле жооп бере албайбыз. Бирок, мындай жооп биздин жашообузда акчага кандай орун берилгенин толук ача албайт. Аларга көр-тирдикте керектүү буюмдар жана азык-түлүктөр камдалышы мүмкүн. Жылуулук, жарык, газ жана батир акыларын төлөйбүз же эгер сиздин үйүңүздө меш болсо ага көмүр-отунун сатып алабыз. Айыл жеринде көбүнчө мал сатып алынат. Адатта, акча бизге белгилүү кызматын көргөзүп, аны менен ар бирибизге өзүнчө жана жалпы коомго бүтүндөй пайдасын тийгизет. Акча — бул биздин жалпы алмашуу каражатыбыз болуп калды, экономисттер айткандай — ар кандай түрдөгү жана пайдалануудагы буюмдар өз ара алардын наркы боюнча гана салыштырылышы мүмкүн.

Акча — мындан үч миң жылдан мурда пайда болгон экен. Ал жаралганга чейин илгерки кишилер эмне кааласа ошону, ала алган, бирок, бир товарды экинчисине алмашуу жолу менен гана ала алган, (азыр аны чет тилдеги БАРТЕР деген сөз менен кадимки эле АЛМАШУУну атап жүрүшөт). Биздин ата-бабаларыбыз, маселен убагында 1 койду 2 чалгы, 1 казан, 3 чакага ж. б. алмашып алышчу. Мындай алмашуу товарлар аз болгон учурда эки тарапты тең канаттандырган эле, бирок бара-бара товарлар чөйрөсү да алмашуу үчүн кеңейе баштады. Ал кезде чечүүгө көп маселелер пайда болду. Биринчиден кантип бир койго чалгы, казан, чай, чака алууга болот (анткени чалгы, чака, казан, чайды ар башка адамдар сатат эмеспи, кой болсо бирөө-экөө эле да, бир үйгө бир эле казан, чалгы, чака керек да аны кантип бөлөбүз). Экинчиден бир жерде бир товарды (чалгыны), ал эми экинчи жерде экинчи товарды (казанды) сатып жатпайбы, кантип бир койду эки-үчкө бөлөбүз? Муну чечүү үчүн да, эл эмеспи, айла табышты. Элдер эң алды менен өзүн товарын элден мурун бардык товарды алмашуучуга айырбашташты (бул деген акча болгон), анткени ошол акчаны өзүнүн каалосу боюнча бөлөк товарга которуп алууга болоору маалимдүү.

Мындай катыштыктан абал дароо эле жеңилдей түштү, анткени соода-сатыкта жалпы ортомчулук милдетти АКЧА өзүнө алды да, бул баардык өлкөлөрдүн базарын жандандырды. Чынында ар бир өлкө өзүнүн акчасын чыгара баштады эле, буга да амал ойлоп чыгышты: бир акчаны экинчисине алмашуу да өз эрежесин аныктады.

Демек, акча өзүнүн наркы боюнча бөлөк товарлардан айырмаланып, коомдо макулдашууну жаратты. Ошентнп, турмуш-тиричиликте акча негизинен үч функцияны аткарат: жалпы алмашуу каражаты болуп саналат, нарк өлчөмүнүн жана эсептешүү бирдигинин милдетин аткарат жана акырында нарк топтолуучу каражат катары пайдаланыла баштады.

Акча таржымалынан көп эле кызыктуу окуяларды айтууга болор эле, бирок биз өзүбүздүн акчаны кайдан алуу жана кайсы жакка жумшоого кабылуу түйшүгүбүзгө эле токтолуп көрөлүк.

Акча дегенди ар кандай жолдор менен табууга болот эмеспи: аларды иштеп табуу мүмкүн (өзүңүздүн эмгек күчүңдү товар катары аныкталган баага сатуу менен); бирөөлөрдөн сыйлык же мурас катары, өзүнүн болгон мүлкүн кээ бирин сатуу менен, өз корооңордо же жер аянтында өндүрүлгөн продуктыларды сатуу менен, ж. у. с. жолдор менен акча табууга болот.

Бирок, ар кандай үй-бүлөдө жана ар бир адамда акча табуунун өз жолу калыптанат жана кеңири экономикалык туюнтмада айтканда ар бир үй-бүлө мүчөсү иш жүзүндө, каражат булактары болуп саналарын түшүнгөн чыгарсыз. Анткени ар бирөөсү өз тапкан каражатын бир КАЗЫНАГА — үйгө алып келет эмеспи.

Төмөндө шаарда жана айылда турган эки үй-бүлөнун тирдик-курамын карап көрөлүкчү:

Мына ошентип бул эки үй-бүлөдө ар бир үй-бүлө мүчөсү, өзүнүн тийиштүү үлүшүн ай сайын — айлык киреше деп аталган үй-бүлөлүк казынага аныкталган сумманы алып келишет. Эгер ушул эле ай ичинде бул үй-бүлөгө дагы башка акча каражаттар (атасына же апасына жумушунан сыйлык берип калса, чоң энеге бөлөк балдары акча которгон болсо же үй-бүлөлүк эмеректер менен буюмдардан керексизи сатылып кетсе, же дагы башкалардан) түшкөн болсо, анда аларды да, эсептешүүнү так жүргүзүү үчүн, жалпы үй-бүлөлүк кирешеге кошулушу керек. Маселен, айылдык үй-бүлөдө короо жайынан, жашылча жемиштердн сатуудан түшкөн акчалар.

Эгер, сиз, убактылуу башка бирөөнөн акча карыз же банктан насыя (ссуда) алсаңыз, бул сумма да ошол эле кирешеге кошулат, анткени аны да сиз керекке жумшайт эмессизби...

Мына биз үй-бүлөнүн турмуш-тиричилнгинде акча кайдан келип түшөөрүн, КИРЕШЕ кантип пайда болоорун түшүндүк. Ал эми бул табылган акчаларды эмнеге сарпталаарын өзүңүз деле түшүнөөрсүз. Алар:
— үй-бүлө үчүн азык-түлүктү жана керектүү буюмдарды сатып алууга;
— тиричиликтин бардык чыгымдарынын акысына (батирге, отунга, жарыкка, газга, телефонго жана бөлөк жыйноолорго);
— баардыгы үчүн, көбүнчө балдардын (анткени алар жыл сайын чоңоюда) кийимдерине;
— китептерге жана мектептик товарларына (аларсыз жакшылап окууга мүмкүн эмес);
— карым-катнаштыктарга (кыргыздарда бөтөнчө той-аштар көп болот эмеспи); жана белек-бечкектерге, буларга да акча чыгымдоо керек да.

Жогоркулар болсо, күндөлүк биз көнгөн чыгымдар, бирок биз ойлобогон бөлөк да керектөөлөр болушу мүмкүн, маселен:
— жакын тууганың же жолдошуң чон буюм сатып алуу үчүн карызга акча сурап келди эле (кантип бербей коесуң);
— балдар же башка үй-бүлө мүчөсү ооруп калды эле, ага тезинен кымбат баадагы даары сатып алууга туура келди;
— кокусунан келбеген сыйлуу коногуң үйгө келген маалда, алардын тамак-ашына, оюн-зоогуна жана белек-бечкегине да чыгашалоо керек;
— жакын жолдошуң, тууганың же куда-сөөгүң той берди (кайтыш болду), аларга да карым катыш керек да.

Ошентип мындан бөлөк да жумшоолорду же көбөйткөн же азайткан ар түрдүү жагдайлар ар үй-бүлөдө толтура болушу мүмкүн. Булар менен дээрлик кайсы үй-бүлө болбосун күнүгө кездешишет да экономиканын тили менен айтканда бизге такай колдонула турган ЧЫГАШАЛАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ же АЗАЙЫШЫ турмуш-тиричиликте өзгөрүлүп турат.

Мына азыр биз, ар үй-бүлөдө табылган акча алардын ар-бир мүчөсүнүн кирешесинин суммаларынан түзүлөөрүн, ал эми үй-бүлөнүн жалпы каражаттары алардын мүчөлөрүнүн чыгымдарына же кошумча керектөөлөрүнө сарп болоорун түшүндүк. Эгер биз кирешелер жана чыгашалар жадыбалын бир ай үчүн түзгөн болсок, андан ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АЙЛЫК БЮДЖЕТТИ алган болобуз.

Бул бюджеттик жадыбалдан август айы үчүн киреше-чыгашадан 3225—3205=20 сом же 3700—2630=1070 сом бул эки үй-бүлөдөн акча ашып калгандыгын көрүп жатабыз. Демек, үй-бүлөдө ай аягына «Эркин акча» болуп 20 жана 1070 сом калды.

Бул акчаны биз бир нерселерге жумшаган болсок, айда ЧЫГАШАЛАР жөөгүнө аны жазмакбыз да, кирешс менен чыгаша ортосундагы айырма нөлгө барабар болмок. Же болбосо кийинкн айга чейин бул акчаны сактайлы да — чыгашалар жөөгүнө керектелбеген калдык деп жазып коелук.

Эскертүү: Азык түлүктөрдөгү айыл жана шаар тургундарындагы чыгашалар айырмасы, аларды айылда өз короосунан, шаарда болсо базардан алынышы менен түшүндүрүлөт.

Мына азыр эле биз биринчи жолу бухгалтердик-экономикалык алгачкы «Август айына бир ҮЙ-БҮЛӨНҮН БЮДЖЕТИ» деген документти түзүп койдук. Бул өзү оңой эле түзүлөөрүнө өзүңүз күбө болдуңуз. Ошентип сиздин биринчи түзгөн бухгалтердик документиңиз менен куттуктасак болот. БИРОК КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: жөөктөргө сандардын суммасын жайгаштырып жазганда бири бирине алардын ар бирдиктери бирдиктин, ондуктары ондуктун, жүздүктүрү жүздүктүн ж. у. с. болуп биринин алдына экинчиси, экинчисинин алдына үчүнчүсү д. у. с. болуп тике жөөктөп жазылуусу эң маанилүү, анткени көп сандарды кийин эсептөө өтө кыйындайт, ошол себептен же шалаакы жазуудан арифметикалык каталар да кетип калышы мүмкүн.

Бухгалтердик документтерди түзүүдө ар дайым сандарды жазуу учурунда кылдаттык жана тактык керектиги ар дайым ойдо болушу зарыл — минтип көнүү счеттордо кокустук ката кетирүүдөн сизди алдын ала четтетет.

Демек, АКЧА — өзгөчө товар, ал бардык башка товарлардын эквиваленти болуп саналат жана анын түздөн-түз катышы аркылуу алмашуу жүргүзүлөт. Акча бул товардык өндүрүшкө мүнөздүү болгон эсептөө жана көзөмөлдөө каражаты, эл чарбасын пландаштыруунун экономикалык куралы, коомдо өндүрүштүн кеңири кайталанып енүктүрүүнү тездетүүнүн каражаты болуп саналат. Нарк ченеми катарында акча бүткүл мамлекеттин таламдарында бааларды белгилөө үчүн пайдаланылат. Жүгүтүү каражаты катарында акча товардык айланууну тездетүүгө жана калктын суроосун толугураак канааттандырууга көмөк көрсөтөт. Акча төлөө каражаты катарында мамлекет тарабынан ишканалардын иштерине көзөмөлдүк кылуу үчүн колдонулат. Ар бир мамлекетте алтындын белгилүү өлчөмүндөй өз акча бирдиги болот. Кыргыз Республикасында акча бирдиги болуп сом эсептелет.

Мына эми сизге биринчи ТАПШЫРМА берүүге мезгил жетти:
а) ар кимиңиз өзүңөрдүн үй-бүлөлүк бюджетти акыркы ай үчүн түзүп көрүңүз да, киреше же чыгашанын кайсынысы чоң экенин аныктаңыз.
б) сиздин бюджетиңиздин жыйынтыгындагы чыгашаларды азайтууну же кирешелерди көбөйтүүнү эмненин эсебинен жакшыртууга мүмкүн экенин түшүнүүгө аракеттенип көрүңүз.


ЭКИНЧИ ГЛАВА

КИРЕШЕ МЕНЕН ЧЫГАША, ӨЗҮ ТЕҢДЕШ — ТАРАЗА! (баланс)

Жогорудагы бизге белгилүү Атасы, Апасы, балдары жана пенсионер — чоң-энеси бар эки үй-бүлөгө кайрадан кайрылалык. Булардын мисалында кадимки биздин арабыздагы бир үй-бүлөнүн мүлкү, кирешелери жана чыгашалары кантип эсепке алынарына жана бааланарына токтолуп көрөлүк.

Биринчи кезекте бул шаардык жана айылдык бүгүнкү күндөгү тиричилик ахвалы кандай экенине таанышалык:


Үй-бүлөнүн көр-тирдиктерин карап көрсөк көп жылдардан бери өзүнүн түзүмү өзгөрүлбөгөн тиричилик буюмдары: үйү (батири), эмеректер, телевизор, муздаткыч машина, гүл-бактагы үйү, тигүү, кир жуугуч машиналары, эмгек куралдары ж. б. бар. Булардан бөлөк да мүлктөрүнүн курамында, өзүнүн түзүмү жана наркы ар-дайым өзгөрүлгөндөрү (акчалар, азык-түлүктөр жана башка майда-бараттары) да үйлөрүндө турат.

Үй-бүлөлүк мүлктөрдүн баарын туруктуу жана туруксуз белгилери боюнча топторго бөлуштүрсөк, бизге көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Биринчи топ: КОЗГОЛГУС МҮЛК, БААЛУУ ТИРИЧИЛИК БУЮМДАРЫ ЖАНА ӨНДҮРҮШ КАРАЖАТТАРЫ:

Өндүрүш каражаттарына, алардын жардамы менен акча табууга багышталган жабдуулар кирет. Биздин жогорку жадыбалдагы мисалда биринчи топко:
а) Турак-үй, батир;
б) автомашина, араба, жылкы, уй ж. 6.
в) гүлбак үйү, малкана, мончо ж. б.
г) эмеректер, муздаткыч.
д) телевизор жана радиокөрүм аппаратуралары, эгер алар болсо;
е) тигүү жана кир жуугуч машиналары.

Экинчи топ: КАМДАМАЛАР (запастар).
а) азык-түлүктөр;
б) жүн, көйнөк тигүүгө кездемелер;
в) бензин;
г) койлор, канаттуулар ж. б.
д) тоют материалдары.

Экинчи топтогу материалдык байлыктар болсо өзүнүн курамын жана наркын ар дайым алмашып өзгөртүп турат. Анткени азык-түлүк, тоют материалдары жана бензин дайыма сарпталат. Көйнөк тигүүгө кездемелер болсо, андан көйнөк тигилип, өзү жөнөкөй эле материалдан даяр продукцияга — көйнөктөргө өтөт. Жүндөн - байпак, тор кийимдер токулат.

Үчүнчү топ: АКЧА КАРАЖАТТАРЫ.
а) күндөлүк жумшоолорго керек акча каражаттары;
б) аманат банкындагы сактык китепчесиндеги (ага байпактан) чогултулган акчалар;
в) карызга берилген өзүбүздүн акчалар, азырынча колдо жок акчалар.

Төртүнчү топ: ӨЗДҮК КАРАЖАТТАР БУЛАКТАРЫ.
Бул болсо, бир үй-бүлөнүн бюджети үчүн күндөлүк тиричилик кылууга арналган, каражаттар кирет:
а) үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеп тапкан айлык акылары;
б) чоң-эненин пенсиясы;
в) балдардын пособиясы;
г) тигилген көйнөктөрдөн түшкөн пайда (акча);
д) өстүрүлгөн малдарды, канаттууларды, жашылча-жемиштерди сатуудан түшкөн акчалар;
е) үй-бүлөлүк башка кирешелер.
Бул үй-бүлөлүк кирешелердин курамына кийин өзүнчө токтолобуз, анткени мындай кошулуулар күтүлбөгөн үй-бүлөлүк каражаттарга кирерин биз түшүнүшүбүз керек.

Бешинчи топ: УЗАК MӨӨHӨTTҮҮ КРЕДИТТЕР (НАСЫЯЛАР).
Бул өтө маанилүү угулган экономикалык атоодон, банктан же тааныштардан узак (бир жылдан ашык) мөөнөткө карызга алган акчалар суммасын түшүнөбүз. Чынында азыркы турмушта баарыбыз эле карыз алууга мажбурбуз. Мүмкүн үй курулушуна жумшоо үчүн, кийин карыз алынган каражаттарды баарын дароо же бөлүп-бөлүп берүү менен:
а) банктын узак мөөнөттүү кредиттеринен;
б) тааныш тараптан насыяга алынган акчалардан — кутулуу аракетин жазаарбыз деп алынат эмеспи.

Ушул эле топко КЫСКА MӨӨHӨTTYY КРЕДИТТЕРди да киргизебиз. Буларды, банктан же адамдардан кыска, бир жылдан кем, мөөнөткө алышат. Эмнеге эле мындай мөөнөттүн, карыздарды өзгөчө топко бөлүнуп жаткандыгын төмөнтөн кийин түшүнөсүз. Мурда бул кыска мөөнөттүү кредиттерди өзүнчө алтынчы топко бөлчү эле.

Жогоруда белгиленген топтордун курамын ынта коюп талдап көрсөк, андан I, II жана III топтордун түзүмү, аларды товарларга айланылган биздин каражаттар жумшалган байлыктардын камтылганын байкайбыз, (мисалы, диван сатып алуу менен биз «накта акчаны» үйдөгү керектүү буюмга айлантып жатпайбызбы).

Ал эми IV жана V топтордон биз тетирисинче товарларды сатып алууга жумшоого мүмкүн болгон каражаттар эсепке алынаарын б. а. бул каражаттар кайдан келгенин бизге тизмектеп берип жатат.

Ошентип, бизге экономикадагы жана бухгалтердик эсептеги өтө маанилүү түшүнүктү билүүгө мезгил жетти: Биздин бардык чыгымдарды (товарга айланылган акчаларды) биз АКТИВДЕР деп атайбыз. Демек, I, II жана III топтор биздин активдерди камтыйт. Биздин каражаттар алынуучу бардык булактарын, алардын кандайы гана болбосун, биз ПАССИВДЕР деп атайбыз. Буларга IV жана V топтор кирет.

Мына эми, биздин мисалдагы үй-бүлөнүн эмнеси бардыгын дааналабай жана килограммдабай акчалай туюнтмада санакка алсак болот. Бирок, санакта кайсы бир кездерде төлөнүлгөн баалар алынбай, учурдагы мезгилде аракеттеги нагызгы баалар алынышы абзел. Анткени, биз баарыбыз эле азыр баалар тез-тез эле өзгөрүлүп турарын билебиз, эгер өз буюмубузду сатаар болсок, биз анда аны жаңы баада сатабыз да, ошондуктан буларга учурдагы эле баа коюлат.

Үй-бүлөнүн белгиленген мезгилге, маселен 1995-жылдын 1-сентябрына каржылык (финансылык) жагдайы жөнүндө жадыбал түзүп көрөлүк. Жадыбалды тең бөлүп, 1 майдагы баада анын сол бөлүгүн — АКТИВ деп атап, бардык болгон каражаттарды жазабыз да, оң бөлүгүн болсо— ПАССИВ деп атап, ошол каражаттардын булактарын тизмелейбиз.

Түзүлгөн жадыбалдагы сандарды бирдиги, ондугу, жүздүгү ж. б. менен кошуп алардан жалпы жыйынтыкты алабыз да, активдер суммасы пассивдер суммасы менен барабар экендигин көрөбүз. Ушундай болушу менен:

ЖАЛПЫ БАР БОЛГОНДОН АШЫК ЖУМШООГО ЭЧ MYMKYH ЭМЕС

— мыйзамченемдүүлүгүн түшүнөбүз. Дал ушул, жогоруда көргөзүлгөн, жадыбалды (таблицаны) активдер жана пассивдер бөлүктөрүн БАЛАНС деп аташат. Баланс деген атоо биринчи жолу 1427 жылы Флоренцияда колдонулуп, ал эми 1495 жылы гана Италиялык банкир Медичинин отчетунда кездешкен.

Бул «баланс» деген сөз бухгалтерияга француз тилинен келип кирген да, «тараза» же «тең салмактоо» дегенди түшүндүрөт. Чынында эле, туура жана так түзүлгөн баланс, АКТИВДЕР жана ПАССИВДЕР жөөктөрүнүн дайыма бири-бирине барабар экендигин билгизет.

Эгер эле баланстын теңдүүлүгү болбосо, бухгалтердин тынчы кетет жана катасын издей баштайт. Ката, арифметикалык эсептөөлөрдө же жалпы баланстын тизимине тийиштуу киреше же чыгашанын кай бир жазуусу унутулуп калганында болуу керек. Ошол себептен эле, баланс бир жагына «кыйшаят».

Эми сиздер азыр АКТИВ, ПАССИВ жана БАЛАНС деген туюнтмаларга толук түшүнүк алдыңыздар деп ойлойбуз. Бирок жогорку жадыбалдын дагы «Үй-бүлөлүк мүлк» деген көп миңдеген өтө эле чоң сан кайдан келди деген бүдөмүк ой туулушу мүмкүн. Биздин үй-бүлөбүз кайдан байыды, жөнөкөй эле кедей эмес беле? — деген суроолор жаралышы да мүмкүн. Чынында эле, биздин үй-бүлө анча деле кедей эмес, анткени биздин карамагыбыздагы байлыктардын баары экономисттердин тили менен «козголгус мүлк» деген — батир, машина, гүлбак үйү, эмеректер, жана башка байлыктар, азыркы кезде өтө эле жогору бааланат жана сиздердин өзүңүздөргө тийиштүү. Бизге жөн эле алар көрүнбөй, күндөлүк көнүмүш болуп калган, аларды биз сата албайбыз, анткени алар — күндө бизге керек. Ошол себептен алардын наркы үй-бүлөнүн каржылык (финансылык) абалында жабык, же жашыруун байлыктары катарында эсепке алынат.

Бул козголгус дөөлөттөр биздин турмушубузда кандай пайда болду эле? Ошону ойлонолучу? Алардын кай бирин бизден мурунку муундар топтогон, кээсин биз өзүбүз таптык, айрым байлыктар, маселен, менчиктештирилген батирди сатып алууга биздин мамлекетибиз мүмкүнчүлүк берди. Мына ушинтип үй-бүлөлүк мүлк (фонд) калыптанды.


YЧYHЧY ГЛАВА
АКТИВКЕ ЖЕ ПАССИВКЕ — ТУУРА ЖАЗУУ ТАРТИПТЕ!

Биз бат жана оңой эле балансты түзүп алдык эле, бирок атабыз балдарга көптөн бери эңсеген «Видеомагнитофон» деген электрондук буюмду көтөрүп келди, ал өзү кымбат турат экен. Атабыз аны кантип алды? АКЧАСЫ ашык эмес эле да! Биз болсо бир сомго чейин үй-бүлөлүк каражатты эсепке алган элек. Аң-таң болдук. Көрсө, атабыз ала жайы менен иштеген гүлбактагы жашылча-жемиштерди соодалап жүргөн экен. Экинчиден, бул акчага кошумчалап атабыздын бир жолдошу эски, унутулуп калган карызын, кокусунан эле жолугуп бере салыптыр. Ал акча өндүрүлбөгөндүктөн баарыбыздын эсибизден чыгып кеткен эле. Ошентип, үй-бүлөдө жаңы бир буюм пайда болду, демек балансыбыз кайра түзүлдү, аны да эсепке алышыбыз азыр керек эмеспи...

Ошондуктан, баланс деген бир гана аныкталган мөөнөткө түзүлөт же ошол учурга эле аракетте болот. Балдардын «Жыдымай» оюнуна окшоп учур өтөөр менен баланс өзгөрүлөт.

Ар бир финансылык (каржылык) операция балансты өзгөртөт, бирок жок нерсени сарптоого мүмкүн эмес болгондуктан, ар бир нерсени сатып алууга каражат керек эмеспи, мына ошондо гана баланстын жыйынтыгы бузулбай, бөлөк сумма болсо дагы актив менен пассив барабар болот.

Mынa ушул гана себептен, ар түрдүү каржылык (финансылык) операцияларда (акчалуу — сатып алуу) дайыма бизге болгон кыймыл аракетти баланстын активине же пассивине туура жазылуусу керек экендигин чечүү талап кылынат. Бизге, ылайыктуу ыкманы колдонуп дайыма тийиштүү чечимди табуу да мыйзамдуу.

Мындай ыкма жалпы ой-жүгүртүүдөн жалкы (жеке) учурду боолголоого, демек эгер биз активдер жана пассивдер боюнча операциялардын жалпы бөлүштүрүлүш мыйзамын билсек, анда ар бир өзүбүз жүргүзгөн операцияны кыйналбай эле катасыз баланстын активине же пассивине табыштап жазып коер элек.

Бул маселелерди чечүү үчүн, андай мыйзамдар да бар жана ал бизге эч жолтоосуз эле кызматын кыла алат. Ошондуктан болочок чарбалык операциялардын баарын (сатып алуу, акчаларды кабыл алуу, жана берүү ж. б.) төрт топко бөлүштүрүп, алардын иш-аракеттерин жазып көрөлүк. Кадимки эле формуланы (эрежени) алуу үчүн, активди А тамгасында, пассивди П, ал эми чарбалык операциялар суммасын Ч тамгасында белгилеп алалык.

I. Чарбалык операциялардын биринчи тобу:

Активдин бир статьясынан экинчисине каражаттарды которуу (б. а. операция активдин ич-арасында жүргүзүлүп жатат)— бул бир чөнтөгүбүздөн экинчисине каражаттарды которуу деген болот.

Мисалы: сактык китепчесинен акчаларды алып капчыгыбызга салып алалык дейли. Сактык китепчедеги (бейнакта акча) жана капчыктагы (бул нагыз акча) акчалар баланстын активинин графаларында (жөөктөрүндө) эсепте турат. Баланстын активинин 3 (үчүнчү) бөлүгүн карасак: чын экенин билебиз! Демек, бул чарбалык операцияларынын 1 тобунун формуласы:

А + Ча — Чп = П болот

Баланстын активинде бир жана ошол эле суммага каражаттардын (накталай акчанын көбөйүүсү жана азайуусу) сактык китепчеде жүрдү. Математиканы жакшы билбеген деле кишиге жогорку формуладан актив жана пассив барабар экендиги бештен белгилүү, анткени баланс сакталып жатат.

II. Чарбалык сперациялардын экинчи тобу:

Пассивдин бир статьясынан экинчисине каражаттарды которуу (б. а. операция пассивдин статьясында жүргүзүлүп жатат) — маселен, биз жаңы телевизор алууга акча чогулта баштадык, же ал үчүн үй-бүлөлүк фондко (топтомго) иштеп табылган акчадан калтыра баштадык. Бул учурда да жалпы баланс сакталат, анын формуласы:

А = П + Чп - Ча

Эскертүү: Ч — бул жүргүзүлгөн чарбалык операциялардын суммасы.

Баланстын пассивинин I бөлүгүндө кызмат акы жана үй-бүлөлүк фонд эсепке алынат. Ушул себептен, биз айлык акыдан бул фондго жаңы телевизор алууга керектүү сумманы топтой баштадык.

III. Чарбалык операциялардын үчүнчү тобу:

АКТИВ да жана ПАССИВ да бул учурда бир эле суммага KӨБӨЙҮҮCҮ кирет. Эгер мындай болбогондо баланс бузулат эмеспи.

Маселен: биз банктан кредит алдык (бул баланстын пассивинин экинчи бөлүгү) жана ал акчага бөлүнгөн жер аянтына материалдарын сатып алдык, бул учурда биздин камдар (запастар) б. а. активдин I бөлүгү көбөйдү. Анын формуласы:

А + Ча = П + Чп

Бул жолу да баланс толугу менен сакталды.

IV. Чарбалык операциялардын төртүнчү тобу:

Бир эле мезгилде чарбалык операциялар суммасына АКТИВ да жана ПАССИВ да азайды.

Мисалы: биз сактык китепчебизден акча алдык (б. а. өзүбүздүн сакталган топтомубуздун суммасын азайттык) жана жолдошторго карызды бердик (б. а. өзүбүздүн аларга болгон карызыбызды азайттык) ал баланстын пассивинде 3 бөлүгүндө эсепте турган эле. Топтогон каражат активдин 3 бөлүгүндө белгиленген, демек Ч суммасы активден да жана пассивден да өтөт, анын формуласы

А — Ча = П — Чп

Жогоруда биз сөз кылган операциялардын төрт тобу мына ушулар. (китептин 2 бөлүмү § 3.2 кара). Демек, чарбалык операцияларды талдоо учурунда, биринчи кезекте алардын кайсы топто экенин аныктообуз абзел, андан кийин гана баланстын тийиштүү бөлүгү — активке же пассивке туура жазылып, табышталышы керек. Аларды жазуу алдында сандарда ката жоктугу, актив менен пассивднн барабардыгынын бар-жогун текшерилиши керек. Ушундай гана болгондо туура болот. Эгер тең болбой калса, мындай учурда эсептешүү сандары текшерилиши тийиш, эгер андай болбосо, операциялардын тобун аныктоодо ката кетирилбегендигин карап көргүлө.

Сиздердин ой-жүгүртүүңөрдү көнүгүү иретинде төмөнкү анча чоң эмес үч чарбалык операциялардын мисалдарына токтолуп көргүлө.

1 маселе. Биз гүлбак (дача) үйүнө 1350 сомго курулуш материалдарын алып келип тез арада алдына чакан айванча (террасса) тургуздук. Эскертүү: айванча (террасса) камылга эмес, үйдүн курамы болуп эсептелет.
2 маселе. Чоң энебиз пенсиясын алды да өзүнүн бир тууган сиңдисине 250 сомду эмерек сатып алуусу үчүн жөнөттү. Сиңдиси бул карызды эки айдан кийин кайтарып берүүгө убада берди.
3 маселе. Апабыз базарга барып 100 сомго келерки жумага азык-түлүк сатып келди.

Мына ушул жупуну тиричилик-турмуштук чарбалык операциялар деп аталган окуялар жөнүндө жакшылап ойлонуп көргүлөчү жана бул суммаларды баланска тийиштүү тобунун катары боюнча жазып көргүлө. Бул учурда активдеги жана пассивдеги суммалары өзгөрүлсө дагы, баланстын теңдүүлүгү сакталып калат.


TӨPTYHЧY ГЛАВА
АЛАСА — БЕРЕСЕ МЕНЕН ЖАБЫЛАТ, АКЧА КАЙДАН ТАБЫЛАТ?

Бул тамашалуу элге кеңири таралган сөздөрдү көп эле жолу угуп билип жүргөнсүздөр, бирок бухгалтердик эсеп-кысаптын негизин билбеген адам үчүн, бул аласа менен бересени аягына чейин түшүнүш кыйын. ДЕБЕТ жана КРЕДИТ деген эмне? Анын акча менен кандай байланышы бар? Мына ушулар жөнүндө толук түшүнүүгө мезгил азыр жетти.

Эң алды менен жогоруда кеп болгон биздин чарбалык операциялардын ар бирин биз кантип жазаарыбызды талдап көрөлүк.

Эгер баланстын активиндеги же нассивиндеги сандарын ар бир жолу чийгилеп улам-улам жаңысын коюп алмаштыра берсек, анда мындай даярдалган баланстан эч ким, эч нерсе түшүнбөйт — анткени жалаң эле чиймеленген сандар болуп калат! Эгер ал дайым эле чарбалык операцияларды жүргүзгөндөн кийин балансты кайрадан көчүрсөк, анда да көп убакыт талап кылынат, анткени нагызгы баланс өтө эле татаал жана узун болуп калат. Ошол себептен натурасы так жана тыкан келген бухгалтерлер, чарбалык операцияларга катышкан ар бир статьялар үчүн айрым өзүнчө кичине жадыбалды (таблицаны) түзүүнү чечишип, ага ошол статьяга тийиштүү, бардык болгон операцияларды жазып, ай аягында жадыбалда эмне калгандыгын эсептеп жана жыйынтыгын гана баланска киргизүүнү туура деп табышкан.

Мындай табылгыс идея — операцияларды жүргүзүү учурунда кирешенин же чыгашанын ар бир статьялары кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткандыгын көрүп жана сезип турууга мүмкүндүк берди. Анткени андан, ар дайым эсептешүүнү текшерүүгө, ай ичинде кайсы суммалар өткөндүгүн эсептөөгө мүмкүн жана болгон эсептешүүлөрдү катаал ревизорго текшерүүгө берсе да болот!

Мындай жадыбалды СЧЕТ (САНАТ) деп аташты. Демек, кирешенин жана чыгашанын бардык түрлөрүнүн статьяларына ушундай жадыбал ачышып жана аларды ошол статьялардын аты боюнча аталуусу керек. Маселен, биз дүкөнгө бардык жана 70 сомго көйнөк тигүү үчүн материал (кездеме) сатып келдик. Бул мисалда эки санат (счет) катышаары көрүнүп турат: МАТЕРИАЛДАР (КЕЗДЕМЕЛЕР) (үйдө кездеме болсо, ага бул кошумчаланып көбөйдү) жана НАКТА АКЧАЛАР (мында ал азайды, анткени 70 сомду биз чыгымдадык).

«Материалдар» жана «Накта акчалар» санатын (счетун) ачалык. Бирок, биз операция алдында (сатып алуу үчүн бара жатканда) бизде канча накта акча болгондугун тактап алышыбыз керек, анткени биз бардык акчабызды сарптаган жокбуз да. Бизге бир гана нерсе түшүнүктүү — биздин калчыкта 70 сомдон кем эмес акча бар болгондугу, анткени ал болбосо биз мындай суммага материал ала албайт элек да. Биздин капчыкта 150 сом бар эле дейли. Мына ушул сумма «Накта акчалар» счетунун (санатынын) АДЕПКИ эсептешүүсү болот.

Бухгалтердик иштердеги баштапкы санааттагы сумма италиялык САЛЬДО (калдык) сөзү менен аталып аныктоо катары БАШТАПКЫ сөзү сальдо сөзүнө кошулат, ай аягындагы санаттагы калдыкты акыркы сальдо деп белгилейбиз. Счеттун (санаттын) жадыбалын биз эки бөлүккө бөлөбүз да, сол тарабын ДЕБЕТ (аласа) ал эми оң тарабын КРЕДИТ (бересе) деп атайбыз. Мына ушинтип биздин сөздүк байлыгыбызга табышмактуу эки — дебет жана кредит деген сөздөр кошулду. Анын эмнени түшүндүрөөрү төмөндө талдалат.

Жогортон, эң алды менен сол тарабында сатып алууга чейинки калдык сумманы (баштапкы сальдону) жазганыбызды сиз түшүнгөндүрсүз, андан кийин өзүнчө сап кылып жумшалган сумманы өзүнчө бөлүп жаздык жана андан кийин ЖҮГҮРТҮҮСҮН эсептедик (ЖҮГҮРТҮҮ деп эсептешүү мезгили үчүн, бардык чыгымдалган сумманы айтабыз). Бул жерде биздин жүгүртүү көйнөк тигүү үчүн материалды сатып алган суммага барабар, бирок биз мындан бөлөк да дагы бир нерсеге жумшаган болсок, айталык, китептер сатып алдык дейли, анда кредит жөөгүндө дагы бир сап пайда болмок, ал эми кредит боюнча жүгүртүү эки сандын кошундусун (кездеме үчүн жана китептер үчүн) түзмөк. Дебет боюнча жүгүртүү нөлгө барабар, анткени биз эч кандай киреше алган жокпуз, ошол себептен «баштапкы сальдо» сөзүнөн кийинки сапта эч жазуу жүргүзүлгөн жок. Анын артынан материал сатып алгандан кийин канча накта акча калганын эсептесек келип чыгат. Же бул:

Сб + Жд - Жк = Са

формуласы боюнча туюнтулат.

Жана бул баштапкы сальдо+дебет жүгүртүүсү — кредит жүгүртүүсү = акыркы сальдо деп окулат.

Такшалган бухгалтерлер, дал мына ушундай колдойгон узун, бирок ар бир санатта акыркы сумманы катасыз эсептөө үчүн керек эрежени ойлоп чыгарышкан. Бул болсо турмуш-тиричиликтин жышаанына толук туура келет жана жүргүзүлгөн операциялардан кийин акчанын акыркы калдыгын алуу үчүн бардык болгон жумшоолорду баштапкы суммадан кемитүү зарыл. Эгер операция жүргүзүү учурунда дагы акчалар пайда болсо аларды мурдагы накта акчаларга кошулушу керек. Бул биздин бардык болгон ой- жүгүртүүлөргө төп келген туруктуу формула болуп саналат.

Жогоркулардан кийин «Материалдар» санатын (счетун) талдоо бизге эч кыйынчылык түзбөйт. Биздин үйдөгү текчеде же (сандыкта) 140 сомдук кездеме бар дейли, ал санаттын (счеттун) баштапкы сальдону (калдыгын) түзөт.

Бул санаттан 210 сом кайдан келди? Жогордогу эрежени эстейликчи: Баштапкы сальдо (140 сом) + Дебет жүгүртүүсү (70 сом) — кредит жүгүртүүсү (0 сом) = Аяккы сальдо (210 сом). Эмне үчүн кредит боюнча жүгүртүү нөлгө барабар? Анткени биз али материалды чыгымга жумшай элекпиз (көйнөк тигиле элек).

Бир эле мезгилде (маселен, айда) биз сатып алганда жана жумшаган учурдагы жагдайды эсепке алып көрөлүк. Ай башындагы баштапкы калдык 140 сомду түзгөндө, 70 сомго материал сатып алдык жана 90 сомго көйнөк тиктик дейли, анда «Материалдар» санатынын жадыбалы төмөнкүдөй түргө келет:

Эсептөөнү текшерсек: 140 + 70 — 90 = 120 сом келип чыгат.

Албетте, сиздерден минтип эмне кереги бар деген суроо сөзсүз туулат эмеспи? Анткени мындай эсептөөнү жөн эле чыгарып алууга болот да. Чынында ар үй-бүлөдө татаал эсептөөлөр чанда эле кездешет, ал эми ишканаларда, дүкөндөрдө жана базаларда бир айдын ичинде ар бир счет боюнча ондогон операциялар өтөт, ошол себептен бул ишканалардын кызматкерлери эсеп-кысапты жүргүзүүнүн мындай ыктуу жана көрүмдүү эсебинин усулусунда тактап алып жүрбөсө биринчи эле айда чаташып калаары шексиз.

Жогорку счеттордун (санаттардын) жадыбалынан кандай тактык жана кылдаттык көрүнүп тургандыгына көңүл бургула. Сиздерге ар бир чарбалык операцияларды жүргүзгөн учурда счеттун дебетине же кредитине керектүү сумманы убагында эле жазуу өтө маанилүү. Ошол кезде гана ай аягында калдык кандай жана бир ай үчүн каражат канча «айланганы» айкын болот.

Дагы бир маанилүү маселени чечип алышыбыз керек — бул баштапкы калдыкты (сальдону биз дайыма эле дебет боюнча жазабызбы же ал кай бир кезде кредитте да болушу мүмкүнбү? Бул суроону кийинки главада карайлык да; азырынча, «Азык-түлүктөр» жана «Карызга берилген акчалар» санаттарына (счетторуна) бир-эки маселе чечүүгө көнүгөлүк.

1 маселе. Үй-бүлөнүн муздаткычында жана үкөктөрүндө 200 сомдук азык-түлүктөр (01.05. не) сакталууда. Бир айдын ичинде 122,5 сомдук азыктар ичип-желди, 15-майда 63,58 сомго, 25-майда 72,84 сомго кошумча сатып алынды. Айдын аягында коноктор келип калып 78,35 сомдук азык-түлүктөрдү жумшадык. Айдын 1 июнуна карата үйдө канча суммага азык-түлүк калды?
2 маселе. Үйдө убактылуу бош жаткан акчалар бар, ага автомашинага чиркегич сатып алалык дедик, бирок болгон акча 500 эле сом болуп чыкты, албетте чиркегичке ал жетпейт. Атабыз жолдошуна 115 сом карызга берди, ал эми калган акчаны апабыз инисине убактылуу пайдаланууга жиберди. Апабыздын иниси он күндөн кийин акчаны кайтарды, ал эми атабыздын жолдошу жыйырма күндөн кийин карыздын 50 гана сомун алып келди. Үйгө канча акча келди?

Эскертүү: баштапкы сальдо мында счеттордун дебети боюнча жазылат.

Жогорку маселелерди чыгарганда жөн эле эсептөө жолу менен эмес, атайын счеттордун жадыбалын түзүп, ага маселе шартында бардык жүргүзүлгөн операцияларлы алардын мааниси боюнча: дебети жана кредитине жазып, чарбалык операция жүргүзүүнүн түрлөрү боюнча текшерилиши керек.

Мына ушул маселелер чыгарылгандан кийин бул главаны биз кантип атаганыбызды эстеп көргүлөчү, ошондо дебет жана кредит тепе-тең болорун түшүнөбүз, ал эми туура жазуу жана так эсептөөдө бош, б. а. счеттон (санаттан) сыртта калган акчалар болушу мүмкүн эмес. Ошол гана себептеп «аласа бересе менен жабылат, ал эми акча кайдан табылат» дейбиз.


БЕШИНЧИ ГЛАВА
«СЧЕТТОР» ДЕГЕН — АТОО АЛГАН
ЧӨHTӨKTY ТИКТИК — КАТАРДАН
Өткөн главада биз «счет» («санат») деген түшүнүк менен таанышкан элек жана ал счет (санат) менен байланышкан бардык жүргүзүлгөн операциялар суммаларын счеттун жадыбалына жазабыз деп макулдашканбыз.

Чынында, счет деген кадимки эле чөнтөккө окшош келип, ага керектүү акчаларды же акчада бааланган материалдык байлыктарды салууга жана убагында алып турууга мүмкүн.

Бирок бардык эле счетторго мурдагы маселелерде биз жазгандай дебет боюнча баштапкы калдыкты жаза бербейбиз, эмнеге? Биздин жогорку мисалдарда көргөзүлгөн бардык счеттор мурда биз түзгөн баланстын АКТИВДЕГИ жөөккө жайгаштырылганын ошол балансты карап дагы бир жолу ишенебиз. Аларга азык-түлүктөр, накталай акчалар жана карызга берилген акчалар кирет.

Баланстын активине таандык бул счетторду АКТИВДҮҮ счеттор деп атайбыз. Мындай счеттордо баштапкы сальдо ДЕБЕТКЕ жазылат, жана аяккы сальдону (калдыкты) эсептөө учурунда бизге белгилүү төмөнкү эсептөө формуласы: Са=Сб+Жд—Жк; колдонулат, жана АКТИВДҮҮ СЧЕТТУН акыркы сальдосу (Са) = баштапкы сальдо (Сб)+дебет боюнча жүгүртүү (Жд) — кредит боюнча жүгүртүү (Жк) деп окулат.

Калдык ар дайым каражаттардын КИРИШИНЕ тийиштүү жөөккө жазылат. Активдүү счетто кириш дебет боюнча жүрөт. Мындай эрежени дайыма эсте тутуу өтө маанилүү, анткени кийинки жүргүзүлүүчү бардык операцияларды өткөрүү жеңилдейт.

Баланстын ПАССИВ деп аталган жөөктөрүнөн алынган счетторду, албетте, ПАССИВДҮҮ СЧЕТТОР деп аталып, андагы калдык — баштапкы жана акыркы сальдо, пассивдүү счеттордун кредитине жазылышы зарыл. Бул учурда акыркы сальдонун эсептөө формуласы бир аз өзгөрөт: Са=Сб+Жк-Жд.

ПАССИВДҮҮ счеттун акыркы сальдосу (Са) = баштапкы сальдо (Сб) + кредит боюнча жүгүртүү (Жк) — дебет боюнча жүгүртүү (Жд).

Биз жогоркудан счетун (чөнтөктүн) счету бар дегендей, активдүү чөнтөктө кошулуу дебет боюнча, ал эми пассивдүүсүндө — кредит боюнча жүрөрүн түшүндүк. Мындан, пассивдүү счет анын чөнтөгүнөн каражаттын алынганына сүйүнгөндөй сыяктуу, ошол кезде активдүүсү кредит боюнча анын азаюусу журуп — берилгенине анча көп жактырбайт.

Счеттордун жалпы Закону төмөнкүдей калыптанат:
I. АКТИВДҮҮ СЧЕТТО KӨБӨЙYYCY ЖАНА БАРДЫК КАЛДЫК (САЛЬДО) ДЕБЕТ БОЮНЧА, АЛ ЭМИ KEMYYCY КРЕДИТ БОЮНЧА ЖАЗЫЛАТ.
II. ПАССИВДҮҮ СЧЕТТО KӨБӨЙYYCY ЖАНА БАРДЫК КАЛДЫК (САЛЬДО) КРЕДИТ БОЮНЧА, АЛ ЭМИ KEMYYCY ДЕБЕТ БОЮНЧА ЖАЗЫЛАТ.

Бул учурда счеттордун мааниси (активдүү же пассивдүү