Информатиканын башталыштарын окутуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
/* Информацияны ченөө бирдиктери
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
56-сап:
Ошондой эле, информациянын саны тууралуу (көп, аз, жок) кеп кылышка болот. Информация биологиялык жана семантикалык болуп бөлүнөт. Биологиялык информация дүйнөдө дайыма эле бар болсо, семантикалык информация - адам информацияны жазуу үчүн ар кандай белгилерди ойлоп тапкандан кийин пайда болгон. Информация толук, жетиштүү, туура, даана ж.у.с. болушу мүмкүн. Информация түшүнүгү - абстракциялуу түшүнүк. Аны ченөөгө болот.
 
==[[Информацияны ченөө]]== бирдиктери
 
Эгер бирөөнү издеп үйүнө барсаңыз, ал үйүндө бар же жок. Ушунун өзү анын бардыгы же жоктуту тууралуу сиз ээ болгон информация. Аны математикалык жактан 1 жана 0 аркылуу жазуута болот. Математикалык жактан 0 же 1 түрүндө жазуута боло турган информацияны 1 бит информация дейбиз. «Бит» сөзү - англисче «binary digit» («экилик цифра») фразасынын кыскартып алынышы. [[1 бит]] -информацияны ченөөнүн эң кичине бирдиги. Информацияны ченөөнүн кийинки бирдиктери - байт, килобайт, мегабайт жана гигабайт. 1 байт – 8 битке барабар. Ал эми информацияны ченөөнүн калган бирдиктеринин улам кийинкиси мурдагысынан 1024 эсе чоң (1 кбайт=1024 байт, 1 мбайт=1024 кбайт, 1гбайт=1024 мбайт). Материалды ушундай баяндоо - түшүнүктүү жана көрсөтмөлүү болмокчу.