Информатиканын башталыштарын окутуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
12-сап:
Батыш өлкөлөрүндө билимдердин бул областын компьютер тууралуу илим ([[соmрutеr sсiепсе]]) деп коюшат. Кээде “информациялык технологиялар” дештин ордуна «[[компъютердик технологиялар]]» же «прикладдык (колдонмо) информатика» деп да жүрүшөт. «[[Компьютер]]» - кыргызча «эсепчи» дегенди эле билдирет. Мурда СССРде анын ордуна «[[электрондук эсептөөчү машина]]» деген термин колдонулуп келгени белгилүү.
Информатиканын илим катары пайда болушуна 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында дүйнөнү каптап өткөн [[илимий-техникалык революция]] (ИТР) себепкер болду. Так ушул ИТРдын натыйжасында «информациялык жарылыш» же “информациялык ташкын” деп аталган кубулуш пайда болду. Натыйжада, адам ишмердигинин тигил же бул багытында, алсак, тигил же бул илимдер жаатында, информациянын эбегейсиз зор массасынын агымы пайда болду. Ошентип, жаңы илим пайда болушуна өбөлгө түзүлдү. Информатика илими, 20-кылымдын орто ченинде, көп фундаменттик жана прикладдык (колдонмо) илимдердин чек арасында пайда болгон жаш илим болуп эсептелет. Ал өнүтүп-өсүп, калыптанып жатат.
 
==Информатиканын байланыштары==
Информатика фундаменттик илим катары кайсы илимдер менен кандайча байланышканына айрым мисалдарды келтирели: