Информатиканын башталыштарын окутуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
53-сап:
Информатиканын «информациялык технологиялар» бөлүмүндө «информацияны кабыл алуу», «информацияны топтоо», «информацияны иштетүү», «информацияны сактоо», «информацияны издөө», «информацияны таркатуу» тууралуу сөз болот. Буларды информация менен иштөөнүн негизги процедуралары деп айтсак да болот.
Ошондой эле, информациянын саны тууралуу (көп, аз, жок) кеп кылышка болот. Информация биологиялык жана семантикалык болуп бөлүнөт. Биологиялык информация дүйнөдө дайыма эле бар болсо, семантикалык информация - адам информацияны жазуу үчүн ар кандай белгилерди ойлоп тапкандан кийин пайда болгон. Информация толук, жетиштүү, туура, даана ж.у.с. болушу мүмкүн. Информация түшүнүгү - абстракциялуу түшүнүк. Аны ченөөгө болот.
 
==[[Информацияны ченөө]]==
Эгер бирөөнү издеп үйүнө барсаңыз, ал үйүндө бар же жок. Ушунун өзү анын бардыгы же жоктуту тууралуу сиз ээ болгон информация. Аны математикалык жактан 1 жана 0 аркылуу жазуута болот. Математикалык жактан 0 же 1 түрүндө жазуута боло турган информацияны 1 бит информация дейбиз. «Бит» сөзү - англисче «binary digit» («экилик цифра») фразасынын кыскартып алынышы. [[1 бит]] -информацияны ченөөнүн эң кичине бирдиги. Информацияны ченөөнүн кийинки бирдиктери - байт, килобайт, мегабайт жана гигабайт. 1 байт – 8 битке барабар. Ал эми информацияны ченөөнүн калган бирдиктеринин улам кийинкиси мурдагысынан 1024 эсе чоң (1 кбайт=1024 байт, 1 мбайт=1024 кбайт, 1гбайт=1024 мбайт). Материалды ушундай баяндоо - түшүнүктүү жана көрсөтмөлүү болмокчу.