Акча, насыя, банктар

түзөтүү
 

Акча, насыя, банктар

Акча, насыя, банктар боюнча окуу куралынын кыскача курсу К.И Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги «Насыя жана каржы» кафедрасынын окутуучулары э.и.к., доцент Кожогулова B.C., э.и.к., доцент Чынгышев К.Ч. жана ага окутуучу Шамбетова С.Т. тарабынан даярдалды.

УДК 336. 74.

Рецензенттер:

Рыскулбеков М.Р. атындагы кыргыз экономика университети

Балбаков М.Б. экономика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти

Сарыбаев А.С. экономика илимдеринин доктору, профессор.

Сунушталган «Акча, насыя, банктар» боюнча кыскача окуу куралы Кыргыз Республикасынын жогорку профессионалдык билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык даярдалып, окуу куралы "Финансы жана кредит", "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит", "Экономика жана ишкердуулук" кесиптеринин "Экономика" квалификациясын алуучу студенттер учун, ошондой эле бардык башка жогорку окуу жайлардагы экономика жана башкаруу кесиптиктериндеги окурмандарга арналат.

Финансы илиминин ири звенолорунун бири болгон акча, насыя, банк системасынын мааниси, маңызы жана аткарган функциялары боюнча бир канча талаштуу маселелердин чечилишине далалат кылбастан, бул финансылык категориялар жөнүндө студенттерге туура багыт берүү максатында окуу куралда сабактын негизги маселелери тандалып сунушталды.

Мазмуну

түзөтүү

1. Акчанын зарылдыгы, анын пайда болушу жана маңызы
2. Акча системасы жана анын элементтери
3. Акча жүгүртүүнүн формалары жана аны уюштуруу
4. Инфляция
5. Экономикадагы каржы жана насыялык мамилелер
6. Ссудалык пайыз
7. Банк системасы жана анын элементтери
8. Борбордук банктар жана алардын операциялары
9. Банк системасындагы коммерциялык банктар
10. Эл аралык каржылык - валюта жана насыялык мамилелер
Адабияттар

Тема 1: Акчанын зарылдыгы, анын пайда болушу жана маңызы

түзөтүү

Теманын суроолору:
1. Акчанын пайда болушу жана рынок экономикасындагы алардын зарылдыгы.
2. Акчанын маңызы жана функциялары.
3. Акчанын түрлөрү. Насыя акча. Электрондук акча.
4. Акча жүгүртүүнүн мыйзамы.
5. Акча агымы, акча агрегаттары.

Биринчи суроо:
Акча - бул активдер, объекттер, заттар, алардын жардамы менен бардык товарлар билдирилет, жүгүртүүнүн каражаты, эсептөөнүн бирдиги жана байлык топтоонун каражаты кызматын аткарышат.

Акча - бардык калган байлыктардын баалуулугун ченөөнүн каражаты катары функцияларды аткаруучу байлык (жалпы эквивалент) же алмашууда эсептешүүнү жүзөгө ашыруучу каражат (алмашуунун каражаттары).

Акча - бул тез өтүүчүлүк касиетке ээ болушкан байлык. Акча - бул экономикалык категория, анын жардамы менен адамдардын ортосундагы мамиледер түзүлөт жана байлыктардын баалуулугун ченөөдөгү чыгымдардын зор үнөмдөлүшүнө жетишилет. Ал жалпы эквивалент маселеси боюнча макулдукка жетишилген экономикада индивиддер алмашуу пропорцияларын оңой эле түзүп алышат.

Акча миңдеген жылдар мурда эле өзүнчө адамдардын эрки менен каалоолоруна карабастан пайда болушкан. Адамдар узак убакыт бою акчанын маңыз - маанисин ача алышпай, анын зор бийлигинин себебин, алардын жаратуучу жана бир эле учурда талкалоочу күчүн түшүнүшпөй келишкен. Бул жагынан алганда буржуазиялык классиктери А.Смит менен Д.Рикордонун жана башка экономисттердин көз караштары, андан кийин К.Маркс тарабынан жалпыланган жана өнүктүрүлгөн акчанын товардык маңызы жана коомдук эмгекти бөлүштүрүүнүн натыйжасында алмашуу процессинен алардын пайда болушу жөнүндөгү жыйынтыктары чыныгы ачылыштардан болгон.

Адамдар топторунун ортосунда эмгектин азыктары (продуктылары) менен алмашуу коомдук эмгекти биринчи, андан кийин экинчи бөлүштүрүүнүн, транспортту өнүктүрүүнүн, аймактарды каратып алуулардын жана эл аралык алмашуунун пайда болушунун натыйжасында коомдук зарылдык болуп, нарктын формасы жөнөкөйдөн жайылтылганга, жайылтылгандан жалпыга жана жалпыдан акча формаларына карай өнүккөн.

Андан ары акча эквивалентинин өзү жана анын жашоо, иштөө формалары өнүгө баштаган, бул товардык ендүрүштүн дүркүрөп өнүгүшү, анын адам затынын экономикалык, андан ары саясий жашоосуна айлануусуна байланыштуу болгон.

Товардык өндүрүштүн өсүшүнө, коомдук эмгекти бөлүштүрүүнүн жана алмашуунун кеңейишинин өсүшүнө жараша адамдар бартердик алмашуунун чектерин жоюу үчүн өзүнүн товарын тезирээк өтүп кетүүчү товарга алмашууга аракеттенишкен, анткени аны каалаган жерде, каалаган мезгилде өзүнө керектүү товар менен алмашып алууга мүмкүн эле. Мына ошентип, товарлардын бардык массасынан пайдалана башталган, андан кийин алмашуунун каражаты катары өндүрүлө баштаган айрым товарлар бөлүнүп чыккан.

Өзгөчөлөнгөн товарлар жалаң гана ошол товар ээсинин товары учун эквивалент эмес, жалпы нарктык эквиваленттин ролун ойношот. Жалпы эквивалент катары мал, кымбат баалуу аң терилер, дан, туз, пилдин сөөгү, үлүл кабыктары ж.б. пайдаланган. Андан кийин алар металлдар менен алмаштырылган, анткени алар өзүнүн бир тектүүлүк, бөлүнбөстүк, бышыктык касиеттери менен жалпы эквиваленттин ролун аткаруу учун бирден бир жарактуу болушкан.

Адегенде акчалай товар катары темир, жез, калай, коргошун, күмүш жана алтын пайдаланылган. Акырындап жалпы эквиваленттин ролу асыл металлдарга бекиген, себеби алар бир тектүү, ажырагыс, көпкө сакталуучу, портативдүү болгон. Ошол мезгилден тартып бүтүндөй товар дүйнөсү кадимки товарларга жана жалпы нарктык эквиваленттин ролун ойноочу акча сыяктуу өзгөчө товарга бөлүнгөн.

Рынок экономикасынын шартында акча коомдук эмгектин чыгымдарын эсепке алуусун стимулдаштыруу жана коомдук өндүрүштүн пропорцияларын калыптандыруу тармагында түрткү берүүчү каражат катары колдонулат. Акча экономикада өзгөчө орунду ээлейт, рыноктун зарыл, маанилүү элементи болуп эсептелет, аны туура уюштуруу жана коом менен мамлекет тарабынан аны акчасыз жөнгө салып туруу мүмкүн эмес.

Алмашуунун эквиваленттүүлүгүнүн талаптарын сактоо товардын наркын ченөөну талап кылат, демек акчанын пайда болушун туудурат.

Экономикалык адабиятга акчанын пайда болуу маселесине эки көз караш бар:
1. рационалисттик (субъективдүү);
2. эволюциялык (объективдүү).

Рационалисттик (субъективдүү) көз караш (мамиле) акчанын пайда болушун адамдардын ортосунда акчаны алмашуунун куралы катары пайдалануу жөнүндө макулдашуунун натыйжасы деп түшүндүрөт. Акчаны коомдук келишимдин куралы сыяктуу идеяны коомдо 18 - кылымга чейин коддошкон. Азыркы замандын мектептеринде бул идеянын колдоочулары, маселен, П.Самуэльсон болгон, ал акчаны "социалдык жасалма шарттуулук" деп атаган жана Дж.К.Гелбрейт болгон, анын пикири боюнча асыл металлдарга акчанын функцияларын бекитүү - адамдардын ортосундагы макулдашуунун үзүрү.

Акчанын пайда болушуна эволюциялык (объективдүү) көз караш объективдүү себептерге байланыштуу: экономикалык өсүшү; эмгектин коомдук бөлүштүрулүшү; өзгөчө товарды бөлүп чыгаруу; нарктык кыймылы; алмашуунун эквиваленттүүлүгүн сактоо зарылдыгы (1.1. сүрөт).



Экинчи cypoo:
Акча беш функцияны аткарат: нарктын ченеми; жүгүртүүнүн каражаты; төлөм каражаты; топтоо жана үнөмдөө каражаттары; дүйнөлүк акчалар.

1. Нарктын ченеми катары акчанын функциясы. Акча жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын ченейт. Бирок акча товарды өлчөмдөш кылбайт, товарды өндүрүүгө чыгымдалган коомдук зарыл эмгек аларды теңдештирүүгө шарттарды түзөт. Бардык товарлар коомдук зарыл эмгектин үзүрү (продуктусу) катары эсептелет, ошондуктан чыныгы акчалар (күмүш менен алтын) наркка ээ болушкандыктан алардын наркынын ченеми боло алышат. Бул учурда товарлардын наркын акча менен ченөө идеалдуу болбойт, анткени товардын ээсинде дайыма эле накталай акча жанында болушу милдеттүү эмес.

Акчанын функциясын нарктын ченеми катары ишенимдүүлүк менен мындай деп белгилөөгө болот:
- өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндө болуп жаткан олуттуу өзгөрүштөргө, коомдук түзүлүштүн, экономикалык өнүгүүнүн моделдеринин алмашуусуна, акчалардын формалары менен түрлөрүнүн модификациясына карабастан, акчалардын функциясы нарктын ченеми катары албетте сакталып калат жана акчалар менен башка функцияларды аткаруу үчүн да, ошондой эле жалпысынан экономикалык системасынын иштеесу үчүн да биринчи даражадагы мааниге ээ болот;
- акчанын функциясы нарктын ченеми катары формалар менен түрлөрдүн эволюциясы менен бир эле мезгилде эволюцияланып турат да, бүгүнкү күндө акчанын эсептик функциясы, баалардын масштабы катары кызмат аткарат;
- акчалардын формалары менен түрлөрүнүн эволюциясына байланыштуу акчанын функциясы нарк ченеми катары өзүнүн баштапкы түрүндө көбүрөөк даражада акчалардын товардык тегин чагылдырат да, акчанын экономикалык категория катары өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүүгө жардам берет;
- нарктын ченеми функциясындагы акчалардын ролу эң алды менен алардын товарга бааны коюу процессине катышуусундагы натыйжаларынан көрүнөт. Акчаны колдонуу продукцияны сатуудан түшкөн сумманы товарды өндүрүүгө сарпталган чыгымдар менен салыштырууга, продукциянын ар бир түрүн чыгаруунун пайдалуулугун салыштырууга жардам берет.

2. Акчанын жүгүртүүнүн каражаты катары функциясы. Товардын жүгүртүлүшүнө (айлануусуна) булар кирет: товарды сатуу, б.а. акчаны товарга айландыруу (Т-А-Т). Алмашуунун бул процессинде акча ортомчунун ролун ойнойт. Акчанын жүгүртүүнүн каражаты катары иштөөсү товарды өндүрүүчүгө жеке, убактылуу жана мейкиндик чектерден өтүү үчүн шарттарды түзөт, бул товарды товарга түздөн-түз алмашууга мүнөздүү.

3. Акчанын топтоо жана үнөмдөө каражаты катары функциясы. Акча, жалпы эквивалент болуп, анын ээсине каалаган товарды сатып алууга мүмкүндүк бергендиктен, коомдук байлыктын жалпы мааниси болуп калат. Ошондуктан адамдарда акчаны топтоого жана үнөмдөөгө умтулуу пайда болот.

Акча топтоо менен унөмдөөнүн каражаты катары наркты белгилүү бир мөөнөткө сактоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга жана сөзсүз түрдө реалдуу болууга тийиш.

Акчаны топтоосуз жана үнөмдөөсүз кайрадан өндүрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес. Ишканада акчалай резервдерди түзүү айрым чарбакер субъектте пайда болуучу кемчиликтерди, ал эми өлкөнүн масштабындагы резервдер эл чарбасындагы диспропорцияны жылмалоону камсыз кылат.

Акчанын топтоонун каражаты катары функциясы алтын тыйындык жүгүртүүнүн шартында кенчти түзүүнүн каражаты катары жүзөгө ашырылат. Бирок азыркы кезде бир да өлкөдө акча жүгүртүүнүн "алтындык жөнгө салуучусу" жок. Азыр алтынга алмаштырылбаган нарктын белгилерин топтоо жүрүп жатат. Бул акча белгилери топтоо жана наркты (үнөмдөөнү) сактоо милдеттерин аткарышууда.

Наркты сактоонун каражаттары (топтоо каражаттары) - бул акчанын тийиштуу наркты бүгүн сатылганды келерки сатып алуу үчүн пайдалануу жөндөмдүүлүгү. Акчанын бул функциясы анын абсолюттуу өтүмдүүлүгүнүн натыйжасы болуп эсептелет. Акчанын абсолюттуу өтүмдүүлүгү деген муну билдирет: акчанын жардамы менен анын ээси каалаган убакта кандай гана болбосун милдеттенмени аткара алат, акчаны товарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тез жана чыгымсыз айырбаштайт, анткени ал дайыма жүгүртүү менен төлөөнүн каражаты катары пайдаланылышы мүмкүн жана белгиленген номиналдуу наркка ээ болот.

Наркты сактоонун каражаттары (үнөмдөө каражатгары) - бул акчанын сатып алуучу жөндөмдүүлүгү келечекте бери болгондо бүгүнкү күндөгүдөн кем болбойт дегенди билдирет.

Калктын үнөмдөөлөрүнүн өсүшүнүн объективдүү себептери бар жана ошого жараша акчаны наркты сактоонун каражаты катары пайдаланууга болот:
- акчалай кирешелердин өсүшү;
- керектөөчү суроо-талаптын структурасынын узакка пайдаланылуучу товарларды керектөөнүн пайдасына көбөйүү жагына өзгөрүшү;
- пенсияга чыккандан кийин, же эмгекке жарамдуулукту жоготкон учурда жашоонун демейдеги деңгээлин сактап калууну гарантиялоого умтулуу;
- жаштардын керектөөсү менен кирешесинин деңгээлинин ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу зарылдыгы.

Топтоо каражаттары деген акчанын сатып алуучу жөндөмдүүлүгү келечекте бүгүнкүдөн жогору болуп калат дегенди билдирет.

Экономикалык субъекттер булар үчүн акчаны топтошот:
- инвестицияларды жүзөгө ашыруу үчүн;
- тийиштүү кирешени алуу үчүн;
- белгиленген мөөнөттөрдө сезондук жана башка сатып алууларды жүргүзүү үчүн.

4. Акчанын төлөм каражаты катары функциясы. Белгилүү кырдаалдарга байланыштуу товарлар дайыма эле накталай акчага сатылбайт.

Себептери: өндүрүш мезгили менен ар кандай товарлардын жүгүртүлүү мезгилдеринин узактыгынын бирдей эместиги, бул чарбакер субъектте кошумча каражаттардын жетишсиздигин түзөт. Ошонун натыйжасында товарларды сатып алуу-сатуу убактысын узартуу менен жүзөгө ашыруу зарылдыгы туулат, башкача айтканда насыяга сатуу керек болот.

Өнүккөн товардык чарбанын шартында акча төлөм каражаты катары көптөгөн товар ээлеринин ортосун бириктирет, алардын ар бири товарларды насыя (кредит) сатып алат.

5. Дүйнөлүк акчалардын функциясы. Тышкы соода байланыштары, эларалык займдар, тышкы шерикке кызматтарды көрсөтүү дүйнөлүк акчалардын пайда болушун туудурду. Алар эларалык баланстар боюнча эсептешүүдө жалпы төлөм каражаты катары функция аткарышат: эгерде бир өлкөнүн төлөмдөрү бир белгилүү мезгилде башка өлкөлөрдөн түшкөн акчадан ашып кетсе, анда акча төлөм каражаты болуп калат.

Эларалык сатып алуучу каражат болуп дүйнөлүк акчалар өлкөлөрдүн ортосунда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен алмашууда тең салмактуулук бузулганда кызмат кылат, ошондо аларды төлөө нак акчалар менен жүргүзүлөт.

Акча чарбалардын, өндүрүштүн тармактарынын жана өлкөнүн региондорунун ортосунда акчалай агымдар системасы аркылуу өндүрүштү жана коомдук капиталды ишке ашырууну тейлейт. Бул акчалай агымдардын уюштуруучулары мамлекет, чарбакер субъекттер жана кээде айрым адамдар болуп эсептелишет.

Үчүнчү суроо:

Акча өзүнүн өнүгүшүндө эки түрдө көрүнгөн: чыныгы акчалар жана нарктын белгилери (чыныгы акчалардын орун басуучулары).

Чыныгы акчалар - бул номиналдык нарктын (анда белгиленген нарк) реалдуу (чыныгы) наркка туура (шайкеш) келиши, башкача айтканда алар даярдалган металлдын наркы. Металл акчаларды (жез, күмүш, алтын) ар кандай формада болушкан: адегенде дааналык, андан кийин салмактык.

Чыныгы акчаларга туруктуулук мүнөздүү, бул нарк белгилерин алтын тыйындарга эркин алмашуу, акча бирдигинин алтын куну белгилуу жана өзгөрбөс болгондо алтын тыйындарды эркин чыгаруу, алтындын өлкөлөр арасында эркин орун которуулары менен камсыз болгон.

Алтын менен жүгүртүүдө нарк белгилеринин пайда болушу томондогудой объективдүү зарылчылыктан болгон:
- алтын өндүрүү товар өндүрүүгө үлгүргөн эмес жана акчага болгон толук муктаждыкты камсыз кылбаган;
- жогорку портативдиктеги алтын акчалар наркы боюнча майда жүгүртүүнү тейлей алган эмес;
алтындын жүгүртүлүшү объективдүү экономикалык ийкемдүүлүккө ээ болгон эмес, башкача айтканда тез кеңейген жана кысылган эмес;
- алтын стандарт жалпысынан өндүрүшкө жана товар жүгүртүүгө түрткү берген эмес.

Алтын жүгүртүү дүйнөдө салыштырмалуу аз эле убакыт өкүм сүргөн, башкача айтканда биринчи дүйнөлүк согушка чейин гана колдонулган, анткени согушуп жатышкан өлкөлөр өзүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн нарк белгилеринин эмиссиясын ишке ашырышкан. Акырындап жүрүп алтын жүгүртүүдөн жоголуп кеткен.

Чыныгы акчалардын орун басуучулары - бул номиналдык наркы реалдуудан жогору болгон акча, б. а. аны өндүрүүгө сарпталган коомдук эмгектин наркы жогору болгон акча. Буга кирет:
- металл нарк белгилери - жышылган алтын тыйын, биллондук тыйын, б.а. арзан металлдардан, маселен, жезден, алюминийден жасалган майда тыйындар;
- кагаздан жасалган нарк белгилери. Мында кагаз акчалары жана насыя акчалар (вексель, банкноттор, чек, электрондук акча, насыялык карточкалар ж.б.).

Кагаз акчалар - чыныгы акчалардын өкүлдөрү. Биринчи жолу кагаз акчалар (ассигнациялар) Россияда 1769-жылы пайда болгон. Алтын акчага салыштырганда мындай акчалар товар ээлерине айрым артыкчылыктарды берген.

Чыгарылган акчалардын номиналдык наркы менен аларды чыгаруунун наркынын ортосундагы айырма казнанын эмиссиялык кирешесин түзөт да, мамлекеттик түшүүлөрдүн олуттуу элементи болуп эсептелет.

Кагаз акчалар эки функцияиы аткарышат: жүгүртүү каражаты жана төлөм каражаты. Кагаз акчаларынын экономикалык табияты кагаздык - акчалык жүгүртүүнүн туруктуулук мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, анткени аларды чыгаруу товар жүгүртүүнүн муктаждыктары менен жөнгө салынбайт жана артыкбаш кагаз акчаларын жүгүртүүдөн автоматтык түрдө алып таштоо механизми жок.

Насыя (кредиттик) акчалар. Чарбада коммерциялык жана банктын насыяларынын кеңейиши товардык мамилелер улам өркүндөгөн мүнөзгө ээ болгон шарттарда контракттардын жалпы товары насыя акчалары болуусуна алып келди, алар коомдук - экономикалык процесстин жогорку чөйрөсүнө таандык жана таптакыр башка мыйзамдар менен башкарылат.

Насыя акчалар качан капитал өндүрүштүн өзүнө ээ болгондо пайда болот да, ага мурдагыга караганда өзгөртүлгөн жана өзгөчө формасын берет. Алар товар-акча жүгүртүүсүнөн эмес, өндүрүштөн, капиталдын айланышынан өсүп чыгышат. Насыя акчалар төмөндөгүдөй эволюциядан отушту: вексель, акцепттелген вексель, банкнота, банктык депозиттер, чек, электрондук акчалар, насыялык карточкалар.

Вексель — карыздардын белгилүү суммасын мурда сүйлөшүлгөн мөөнөттө жана тийиштуу жерде төлөп берүү жөнүндөгү кат түрүндө жазылган сөзсүз милдеттенмеси. Анын жөнөкөй вексель түрүн карыз алган адам тарабанан берилет жана которулуучу вексель түрүн кредитор жазып берет. Которулуучу вексель (тратта) документтин тышкы бетине которуу жазуусу менен (индоссаментке) кайрылууга мүмкүндүк берет.

Жүгүртүүдө ошондой эле төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- казыналык векселдер, анын бюджеттик дефицитти жана кассалык айырманы жабуу үчүн мамлекет чыгарат;
- жолдоштук векселдер, аны бир адам экинчи бир адамга банктагы алардын эсебин алуу максатында жазып берет;
- коло векселдер, анын товардык куну жок.

Векселдин циркулярдык күчү которуу жазуулардын саны көбөйүшүнө жараша жогорулайт. Бирок мындай векселдердин жүгүртүлүшү чектелген, анткени жиранттардын төлөм жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Векселдин чектелгендиги векселдердин банктык акцептеринин жардамы менен жөнгө салынган, алар ири банктар тарабынан төлөмдүк кепилдикти алышкан.

Векселдерди пайдалануунун өзүнүн чектери бар: биринчиден, вексель жалаң эле дүң сооданы тейлейт; экинчиден, дүң соодада дагы өз ара талаптардын сальдосу накталай акча менен жабылат; үчүнчүдөн, векселдик жүгүртүүгө вексель берүүчүнүн жана индосанттардын (жиранттардын) төлөм жөндөмдүүлүгүнө ишенишкен гана чектуу чөйрөдөгү адамдар тартылган.

Банкнота - бул өлкөнүн борбордук банкы тарабынан чыгарылуучу насыялык (эмиссиялык) акча. Адегенде банкнота кош камсыздоого ээ болгон: коммерциялык кепилдик, анткени ал коммерциялык векселдердин негизинде чыгарылган да товар жүгүртүүгө байланыштуу болгон жана алтындык кепилдик, ал алтынга алмашууну камсыз кылат. Мындай банкноттор классикалык деп аталып, абдан туруктуу жана ишенимдүү болушкан.

Банкнота - бул карыздык милдеттенме же банктын вексели. Азыркы кезде банкнотаны борбордук банк чыгарат, бирок ал векселден жана кагаз акчаларынан айырмаланат.

Банкнота векселден булар менен айырмаланат:
- мөөнөтү боюнча - вексель мөөнөттүү карыздык милдеттенме (3-6 айлык), банкнота - мөөнөтсүз карыздык милдеттенме болуп эсептелет;
- кепилдиги боюнча - вексель жүгүртүлүүгө айрым ишкер тарабынан чыгарылат да, жекече кепилдикке ээ болот; банкнотаны борбордук банк чыгарат да, азыркы кезде мамлекеттин кепилдигине ээ болгон.

Классикалык банкнота (б.а. металлга алмаштырылуучу) кагаз акчаларынан булар менен айырмаланат:
- теги боюнча - кагаз акчалар жүгүртүүнүн каражаты катары функциясынан, банкнота төлөм каражаты катары акчанын функциясынан пайда болушкан;
- эмиссия ыкмасы боюнча — кагаз акчаларды жүгүртүүгө каржы министирлиги (казыначылык), банкнотторду - борбордук банк чыгарат;
- кайтарымдуулугу боюнча - классикалык банкноттор векселдердин мөөнөтү бүткөндөн кийин борбордук банкка кайтарылат; кагаз акчалары кайтарылбай жүгүртүлүүдө "кармалып" калат;
- айырбаштоо боюнча - классикалык банкнота банкка кайтарылып келгенден кийин алтынга же күмүшкө айырбашталат, кагаз акчалары болсо дайыма айырбашталбайт.

Заманбап банкноттордун өзгөчөлүгү алардын оомалык мүнөздө болгондугунда: ал бир жагынан товардык табиятын сактайт, анткени коммерциялык векселдин бир кыйла бөлүгүн кайрадан эсепке алуу жолу менен борбордук банк тарабынан эмиссияланат; экинчи жагынан, ал алтынга айырбашталбайт, б.а. өзүнүн табиятында кагаз акчаларга жакындайт да, кагаз акчалык жүгүртүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө туш келет.

Заманбап банкноттордун эмиссиясынын эки каналын бөлүп көрсөтүү зарыл:
- мамлекеттин банктык насыясы, анда банкноталар мамлекеттик карыздык милдеттенменин ордуна эмиссияланат;
- төлөм балансы активдуу болгон өлкөлөрдөгү расмий валюталык резервдердин өсүшү.

Чек - белгиленген формадагы акча документи, анда конкреттүү мекемеде счеттун ээсинин чектин кармоочусуна көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүү жөнүндөгүү милдеттүү буйрук камтылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү